Эмнеге Кытайлыктар Манасты Сүрөштү?
Октябрь айынын башталышында Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Дабу шаарында ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин төртүнчү сессиясында Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталынган “Манас”, “Гесериада”, “Жангар” сыяктуу үч чоң эпос материалдык эмес, дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген экен. Эмне үчүн Кытай тарабынан десе, көрсө ал жактагы кыргыздардын демилгеси болуп чыккан тура. Төмөндө ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы мурдагы генсекретары Жыпар Жекшеевдин бул тууралуу пикири АРТ.кг гезитине басылып чыккан.
Чындыгында иштин негизги принцибин, баардык процедуралык нормаларды сактай турган болсок, анда Кытай Эл Республикасы сөзсүз түрдө Кыргызстанга кайрылыш керек болчу. Кыргызстан менен биргелешип ошол “Манастын” номинациясын өткөрүүгө аракет кылышкан. Бул баардык жолго туура жооп берет. Ал комитеттен каралып, жактырылып, өттү. Бирок акыркы чечим чыга элек. Ошону биз билип калып, абдан таң калдык.Анан биз бардык документтерди, маалыматтарды иликтеп чыктык. Көрсө, ал жерде Кытай Эл Республикасынын расмий структуралары, мисалы, Тышкы иштер министрлиги, же Маданият министрлигинин тиешеси жок болуп чыкты. Бул жерде Үрүмчүдө маданий борбор бар экен, ошолордун атынан кеткен.Албетте, кыргыздардын бир бөлүгү Кытайдын аймагында жашап, анын жарандары болуп тургандан кийин, ал дастан Кытайга гана таандык сыяктуу болуп калууда. Бизге ушул кичине ыңгайсыз жагдайды жаратты. Бирок Кыргызстан тарап Кытай Эл Республикасынын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүп, алар да Бишкектин жүйөсүнө каршы эместигин айтып жатышат.



[Reply]
Бул иш 2003 жылдары эле башталган.
[Reply]