Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

Өлкө ичинде көрсөтүлө турган жаштар теледолбоорунун автору болуу менен бирге эле акчалай утушка ээ болгуң келеби?

Анда, сен үчүн гана, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар программасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын жаштар программасынын редакциясы «Өз теледолбооруңду сунушта!» сынагын жарыялайт.

1. Максаты жана милдеттери

Сынактын максаты – Кыргызстанда жаштар арасында оң багыттагы баалуулуктарды калыптандыруу

Милдеттери:
- Жаштардын чыгармачылык дараметтерин аныктоого шарттарды түзүү;
- Өлкөнүн өнүгүү процесстерине жаштардын катышуусуна өбөлгө түзүү

2. Катышуучулар

14 жаштан 28 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары.

3. Сынакка катышуунун жолдору

3.1 Сынакка катышууну каалагандар толтурулган сунушту 2010-ж. 4-апрелде саат 24:00дөн кечикпестен тапшыруусу зарыл.

3.2 Сунушту youthtvproject@gmail.com электрондук дарегине жиберүү керек.

4. Жыйынтык чыгаруу тартиптери

Кабыл алынган сунуштардын жыйынтыктары «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар программасынын эксперттик комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын өкүлдөрү тарабынан чыгарылат.

5. Сынактын жеңүүчүлөрү төмөндөгү критерийлер аныктоо боюнча аныкталат:

- Демилгенин сынактын максаты менен дал келүүсү;
- Теледолбоордун коомдук мааниси
- Теледолбоордун креативдүүлүгү, оригиналдуулугу, уникалдуулугу
- Кыргызстандын шартында демилгени теледолбоор катары алып чыгуунун чындыкка жакындыгы

6. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ыйгаруу

Сынактын алкагында 4 жеңүүчү аныкталат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат:
I орун – 600$
II орун – 500$
III орун – 400$
IV орун – 300$
Калган катышуучуларга кошумча сыйлыктарды берүү уюштуруучулардын чечими менен жүргүзүлөт.

7. Жеңүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери

7.1 Жеңип алган идеянын негизинде теледолбоорду түзүү жана көрсөтүү каралса, автордун аты-жөнү титрлерде жазылат.

7.2 Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарды алган убактан баштап теледолбоордун идеясын толук түрдө сынактын колдоочуларына өткөрүп берет.

Суроолор боюнча (312) 66 34 75 (кошумча) 104 телефонуна чалыңыздар же youthtvproject@gmail.com дарегине жазыңыздар.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.