200 автобус 2500 маршруткага каршы!
Коом1 пікір
Бишкек Мэриясынын көчөдөгү бардык маршруткаларды алып таштап, алардын ордуна муниципалдык автобустарды алып келет деген имиштер туура эмес болуусу дагы мүмкүн. Азыркы учурда Мэрияга тиешелүү 200 автобус гана бар, ал эми жеке колдо 2500 маршрутка. Эгерде, чындап эле Мэрия айтылган иштерге барчу болсо, анда кичинекей шаарда “чоң каша” болоору анык.
Мэриянын маалыматы боюнча, азыркы учурда төмөнкү линиялар иште:
- 70 троллейбус 7 маршрут боюнча (№ 4,8,10,11,14,16,17)
- 200 муниципалдык автобус 10 шаардык маршруттар менен (№7, 18, 35, 38, 33, 29, 42, 9, 46, 4)
- 2500 маршруткалар 136 микроавтобустук маршруттарда
- 40 жеке автобус 2 маршрут менен (№149, 199).
- Андан тышкары, шаар боюнча 7 миң жеңил такси унаалары жана миңдей оор жүк ташуучу жана атайын машиналар бар.



[...] был перевод статьи Мирсулжана с кыргызского на русский [...]