Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

2011-2013-жылдары Кыргызстанда күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн

Кыргызстандагы Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун Кабар маалыматтык агенттигине берген маалыматы боюнча Кытайдын Сычуань провинциясында болуп жаткан жер титирөөлөрдүн эпкини географиялык алыстыктан улам Кыргызстанга жетпейт.Бирок 2002-жылы Афганистандын Гиндикуш тоосунда болгон жер титирөөнүн эпкини эки айдан кийин Кыргызстанда 5-6 баллдык силкинүү менен жеткен. Ал эми Тянь-Шань тоолорунда жылына үч миңге жакын күчү үч баллдык жер титирөөлөр болуп турат.Ошондой эле К.Абдрахматовдун пикиринде учурда Бишкек шаарында курулуп жаткан турак-жайлардын көпчүлүгү сейсмикалык талапка жооп бербейт. Өзгөчө Бишкектин тегерегиндеги жана айыл жерлериндеги каражаттын жоктугунан улам жер пайы жок саман ылай менен курулуп жаткан үйлөр картонго окшоп чачылып кетиши мүмкүн.Бирок эреже боюнча курулуш ишканасы өзү курган имараттын сапатына бир нече жыл жооп бериш керек болсо, учурда Бишкектеги 300дөн ашык имараттын сейсмикалык туруктуулугуна эч кандай кепилдик жок жана аларды эртең эч ким жоопко тарта албайт. Анткени чет өлкөлүк бул фирмалар жоопкерчиликтен качып, ЖЧК ( ОсОО) түзүп, имаратты саткан соң дайынын таптырбай кетүүдө.Мындан тышкары К.Абдрахматов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай табигый кырсыктын алдын алуу эмес, анын кесепетин жою менен гана алектенип калгандыгын туура эмес деп эсептейт. Айрыкча гуманитардык жардамды бөлүштүрүү алардын функциясына кирбейт. Бул иштерге алаксыбай, жер титирөө учурунда адамдар өзүн кандай алып жүрүш керектигин үйрөтсө, анда жарашмак, деп билдирет Кабар Маалымат агенттиги.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.