Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Коом

7 миң окуучу Түрк лицейин бүтүрүштү

Авторы Мирсулжан Намазалиев on Saturday, 26 December 2009
Коом
Пікір жоқ

Себат лицейинин Генералдык Директору Орхан Ынанды Учур газетасы менен маегин Нурланбек аттуу блогчу кабарлаган. Төмөндө негизги маалыматтар:

Быйыл “Себат” билим берүү мекемесинин ачылганына 17 жыл толуптур. 17 жылдын ичинде 7 миңден ашуун улан-кыздарыбызды уядан учурдук. Булардын 61%ы Кыргызстандын, 15%ы Европанын, 6%ы АКШнын, 14%ы КМШнын, 4%ы Индокитай өлкөлөрүнүн кадыр-барктуу жогорку окуу жайларын бүтүрүштү жана ошол өлкөлөрдө үзүрлүү иштеп жатышкандары дагы көп.

Учурда аты аталган мамлекеттерде билимин улантып жатышкан студенттерибиз көп. Окуучуларыбыз 1994-жылдан тартып дүйнөлүк олимпиадаларга катышып келишет. Ал олимпиадаларда 14 алтын, 34 күмүш, 51 коло медалдарга ээ болдук. Бул жеке эле “Себаттын” ийгилиги, жакшылыгы эмес, жалпы кыргыз элинин, Кыргызстандын билим берүү системасынын ийгилиги деп баса белгилегим келет.

Келечекте кыргыз балдарынын ичинен дүйнө коомчулугунун таңдандырган Эйнштейн, же Билл Гейтс сындуу генийлер чыкса мен таңгалбайм. Анткени, Кыргызстан балдары абдан таланттуу жана акылдуу. Бир нерсени тез өздөштүргөнгө шыгы бар.

Leave a comment!

Add your comment below, or trackback from your own site. You can also subscribe to these comments via RSS.

Be nice. Keep it clean. Stay on topic. No spam.

You can use these tags:
<a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>

This is a Gravatar-enabled weblog. To get your own globally-recognized-avatar, please register at Gravatar.