Articles tagged with: Атамбаев
Коомчулуктун кароосуна өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору сунушталды. Жаңы долбоор өкмөттүн ишин оптималдаштырабы же кезектеги пайдасыз өзгөртүү катары кала береби?
Жаңы долбоордо министрлик статусундагы 5 мекеме алынып салынды:
- Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги
- Табигый ресурстар министрлиги
- Социалдык коргоо министрлиги
- Мамлекеттик мүлк министрлиги
- Суу чарбачылыгы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети
Алынып салынган министрликтердин милдеттери башка мекемелерге өткөрүлдү. Натыйжада 20 министрликтен 15 министрлик калат. Алынып салынган министрликтер эффективдүү иштебегендигин жана алардын министрлик статусу акталбаганын буга чейинки тажрыйбалар далилдеди.
Алынып салынган министрликтердин кызматкерлери жана бул министрликтерге тиешеси бар мекемеуюмдар бул долбоорго каршы чыгып жатышат. Белгилей кетсек, 5 министрликтин милдеттерин башка мекемелерге өткөрүп берүү жоюлган мекемелердин милдеттерин аткарууга таасирин тийгизбейт.
Эффективдүү эмес министрликтерди жоюп салуу жана өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу аракети колдоого алаарлык иш. Бирок эффективдүү эмес мекемелердин тизмеси дагы деле ачык, сунушталган өкмөттүн түзүмү көлөмдүү бойдон калып жатат. Бул оптималдаштыруу процессинин башталышы экенинен үмүт бар.
Маданият министрлигине туризм тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттерин өткөрүп берүү бир катар суроолорду пайда кылат. Экономика тармагын маданият менен алектенген мекемеге өткөрүп берүүнүн эмнеги кереги бар? Маданият министрлигин агенттикке которуш керек, анткени анын министрлик статусу өтө бийик жана өзүн актаган эмес. Жаңы түзүмдө Жаштар министрлиги калды. Ал эми анын түзүлүшү өз убагында популисттик кадам болгон.
Жаңы түзүм профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясын камсыз кылат деген божомол бар. 6 мекеменин инспекциялык жана көзөмөл милдеттери Мамлекеттик техникалык инспекциясында бириктирилген. Тамак-аш жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында башка мекемелердин инспекциялык милдеттери бириктирилет. Профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясы – жакшы тенденция, бирок бул мекемелерге милдеттерди өткөрүү менен коррупциялык агымдар көбөйүшү мүмкүн деген коркунучтар бар.
Экономиканын өнүгүшүнүн жоопкерчилигин персонификациялоо менен премьер-министр башында туруп, аны бүткүл өкмөткө өткөрүп бериши керек. Мүмкүн, 4 вице-премьер-министрдин болушу саясий максат менен керек болгондур.
Жакында эле Бишкекте, Ала-Арча резиденциясында «Кыргыз-Орус аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору» – деген форум болуп өттү. Бул форумга Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев жетектеген аткаруу бийликтин өкүлдөрү жана аймактардын жетекечилери катышышты. Орусия Федерациясы тарабынан аймактардын башчылары, ири чоң компаниялардын («Газпром», «Роснефть», «Интер РАО ЕС») өкүлдөрү жана Орусия президентинин администрациясынын кызматкерлери катышышты.
Айтып кетсек, мындай форум биринчи жолу өтүп жатат жана бул форумдагы үч негизги маселе талкууланды. Биринчиси – кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги, экинчиси – орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуу климатты түзүп берүүдө администрациянын ролу, үчүнчүсү – өлкөлөрүбүздүн ортосундагы айыл-чарба жана дыйканчылык боюнча кызматташуунун келечеги жөнүндө талкуу болду.
Кызматташпай коюу келечектеги кыйынчылыктарды жаратат
Бул форумдун негизинде ар тараптуу беш келишимге кол коюлду. Алар: Кыргызстандын Экономиканы жөнгө салуу министрлиги менен Орусиянын Омск облусунун өкмөтүнүн ортосунда, Омск менен Чүй администрациялары ортосунда, илимий техникалык, маданий кызматташуу меморандумуна Ош жана Алтай облустарынын жетекчилери кол коюшту. Мындан сырткары медицина тармагында бир, Орусиядан жаңы светофорлорду ташып келүү боюнча бир келишимге кол коюлду.
Айтып кетчү нерсе, соңку 10-15 жылдын аралыгында эки өлкө ортосунда бир канча келишимдерге кол коюлганын, бирок мурдагы бийликтин саясий оюндарынан улам ишке ашпай калган. Эми азыркы бийлик Орусияны стратегиялык өнөктөш деп атап жана Орусия менен кызматташпай коюу Кыргызстандын келечегине кыйынчылыктарды алып келерин айтышты. ООба, чынында эле мындай ачык фактыларды моюнга алыш керек. Маселен, Орусиянын былтыркы бензинге киргизген пошлиналары эле биз үчүн, жөнөкөй элге абдан кыйынчылыктарды алып келген.
1 миллион кыргызстандык – Орусиянын таасир берүү рычагы
Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар катнашы 2010-жылы 1,4 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2008-жылы 1,8 млрд доллар болгон. Биздин Орусияга кетүүчү экспорттун 50 пайыздан ашыгы жеңил өнөр жайынын продукциясы түзөт. Орусиядан келген товарлардын 60 пайызы күйүүчү материалдар. Жакында эле Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев Орусияга болгон иш сапарында көптөгөн маселелерди чечкен. Эң негизгиси, бензинге болгон экспорттук пошлиналарды алынып салуусу жана Орусияга болгон мамлекеттик карызды кыскартуунун ордуна “Дастан” компаниясынын 49 пайызын (193 млн долларга бааланды) берүү, Кыргызгаз компаниясынын 75 пайызын берүү жана Канттагы авиабазанын төлөмүн өзгөрүүсүз калтыруу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.
Азыркы убакта Орусияда болжолуу менен 500 миңден – 1 млн. чейин кыргыз жараандары иштеп жатат. Булар жылына 2 млрд доллардан ашык акча Кыргызстанга которушат. Ошондуктан, биз Орусияга экономика жактан көз карандыбыз.
Орусия Кыргыз Республикасына эскпорт кылган күйүүчү майлоо материалдарга (ГСМ) кайрадан экспорттук төлөмдөрдү киргизгенин, Орусиянын массалык маалымат кызматтары билдирди. Алардын айтымы боюнча Орусия экспорттук төлөмдөрдү болгону эки айга гана алып салганын жана биздин өлкөгө жардам катары бир нече көлөмдөгү гана күйүүчү майлоо материалдарына экспорттук төлөм жок болгонун билдиришти. Айтып кетсек бензиндин баасынан өлкөдөгү көптөгөн керектүү азык түлүктөрдүн баасы түздөн түз байланышы бар. Башкача айтканда бензиндин баасынын көтөрүлүшү менен өлкөдө баардык баалар көтөрүлөт. Азыр өлкөдө беензиндин баасы 1-2% жогорулады. Эксперттердин айтуусу боюнча сезондо бензиндин баасы болжол менен 40-50 сомго чейин чыгуусу мүмкүн. Анткени алдыда жазгы айыл-чарба иштери бар, ошондуктан жөнөкөй элге абдан кыйын абал туулуда.
Экспорттук төлөмдөр кайдан келген
Бул экспорттук төлөмдөрдүн Орусия тарабынан бизге киргизгенин эң негизги себеби болуп, ошол убактагы коррупциялашкан өкмөткө, тактап айтканда М.Бакиевге тиешелүү болгон фирмалар Америкалык авиабазага ортомчу болуп авиакеросинди сатышкан. Бул жөн эле ортомчу болуп берген үчүн жылына 60-70 млн доллар табышкан. Бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын эли кыйналган болчу. 2010-жылдын 1-апрелинен тартып, Кыргызстанга алынып келинүүчү бир тонна бензинге 208 доллар экспорттук төлөмдөр киргизилген. Башкача айтканда, бир литр бензиндин баасы 8-10 сомго чейин кымбаттаган. Азыр бул төлөмдөрдү алып салгандын кийин, бир литр бензиндин баасы 7-8 сомго арзандаган. Бул келишим Кыргызстандын премьер-министри А.Атамбаев 2010-жылдын декабрында Орусияга болгон сапарында ишке ашкан. Бул келишим боюнча эки айдын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы маселелерди чечүү жана түздөн түз Орусиялык авиакеросиндин реэкспорту боюнча маселени талкулоо жана энергетика тарабында биргелиштүү компанияны түзүү.
Орусия мамлекети тарабынан кыйналып турган кыргыз элине мындай көрсөткөн мамилеси көптөгөн суроолорду туудурат же бул политиканын башка мааниси барбы? 2011-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев Орусияга иш сапары менен барат жана бул иш сапардан кыргыз эли көптөгөн чечилбеген маселелердин чечилүүсүн чыдамчыздык менен күтөт жана албетте экспорттук төлөмдөрдүн алынып салынуусун дагы.
Бүгүнкү күндө ислам диний экстремизми Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн эң олуттуу коркунуч болуп саналат. 90-жылдардан баштап ар кандай исламдык кыймылдар жана уюмдар республиканын ичинде активдүү аракет жүргүзүүдө. Натыйжада алардын ишмердүүлүгүно кошулган адамдардын саны көбөйүүдө. Андан сырткары бул кыймылдарга жана уюмдарга каршы республиканын күч структурасынын адаттагыдай кысым көрсөтүү ыкмасынын колдонулушу алардын кыймылы андан да күчтүү экстремисттик мүнөз алды.
Ушуга байланыштуу ислам диний экстремизми менен күрөшүүдө салттуу эмес башка ыкмаларды колдонуу зарыл. Бул макалада исламдык диний экстремизми деп ислам уюмдарынын жана кыймылдарынын мүчөлөрүнүн өз иштеринде чектен чыккан көз караштары жана иш аракеттерине берилгендигин түшүнөлү. Ушул теманы кеңири талкууга алып чыгуу үчүн, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөнкү сунуштарды даярдап чыкты.
КӨЙГӨЙ:
Кыргызстандын өкмөтү ушуга чейин ислам кыймылдары жана уюмдары менен күч ыкмаларды колдонуп күрөшүп келүүдө. Бийлик аларга мамлекеттин коомдук жашоосуна эркин катышууга мүмкүнчүлүк бербөөдө. Акыркы он беш жылдын ичинде күч структурасынын негизги иши бул кыймылдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алууга багытталган. КР ИИМдин басма сөз кызматынын айтышынча, 1999-2003- жылдар аралыгында күч түзүмдөрү ислам кыймылдары менен уюмдарынын 358 өкүлүн камакка алган. Күч структуралары ушул багыттагы ишин кийинки жылдары да уланткан. Мисалы, жогоруда алынган 4 жылдын ичиндеги кармалгандардын санына салыштырсак, 2009-ж. 9 айында эле 100дөн ашуун өкүлү кармалган.
Бирок бул кыймылдар менен уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алуу республикадагы экстремизм менен күрөшүүдө натыйжасыз чечим болду. Аларды камака алуу менен өкмөт башка бир көйгөйгө кабылды. Камалгандар абакта отургандар менен активдүү иштеп башташты, анткени абактагылар эркин жүргөн адамдарга караганда күч колдонуу ыкмасына жакын келишет.
Күч структураларынын бул кыймылдар менен уюмдарга каршы күчөтүлгөн программасына карабай, аларды колдогондордун саны өсүп баштаганын белгилөө керек. Мамлекеттик телеканалдардын бирине берген интервьюсунда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку директору Каныбек Осмоналиев мындай диний кыймылдарды жактоочулардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын айткан. Акыркы 5 жыл ичинде күч структураларынын кысымына кабылган ислам кыймылдары менен уюмдарынын өкүлдөрүнө жан тартып, боор ооругандардын саны көбөйгөн.
Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу (децентрализация) аракеттери көз-карандысыздыкты алгандан бери эле көтөрүлүп келген маселе. Бирок, алигече ишке ашкан эмес. Бул тармакта кандай көйгөйлөр бар, аларды кантип чечүү зарыл жана башка суроолорго Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөндөгү өзүнүн сунуштарында жооп берет.
Кыргызстандын өнүгүүсүн мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана элдик бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (МСУ) институтун өнүктүүрүсүз мүмкүн эмес. Муну ишке ашыруу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги башкарууну кайра түзүү керек. Жергиликтүү башкарууну кайра түзүүнүн максаты – жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнү натыйжалуу камсыз кылууга жана калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтө алууга жөндөмдүү жергиликтүү башкаруу системасына өтүү болуп саналат.
Көйгөйлөр:
Бул максаттарга жетүүгө төмөнкү проблемалар тоскоол берет:
- Административдик-аймактык түзүлүштүн чоңдугу
- Милдет жана укуктарды бөлүштүрүү механизмдеринин так эместиги
Жергиликтүу өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын каржы –экономикалык жактан чабалдыгы
- Кыргыз Республикасында коомдук-саясий турмушта олуттуу өзгөрүүлөр жүргөнү менен мамлекеттик башкаруунун аймактык уюштурулушу ошол эле бойдон калган: Республика (борбор) –облус-район-шаар/айыл. Борбордук мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдарынын ортосунда, областтык жана райондук деңгээлдеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле министрликтер менен административдик ведомстволордун көптөгөн аймактык бөлүмдөрү да иштейт. Булар башкаруунун тизгинин узартканы аз келгенсип, кээде биринин ишин экинчиси кайталап да калат. Ушунун баары мамлекеттик башкаруунун натыйжасына, аймактардын (облустар, райондор, шаарлар жана айылдар) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө башкаруунун райондук деңгээли деп эсептелген мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органынын ортосунда ажырым пайда болду, анткени мында аткаруу бийлиги мамлекеттик болуп, ал эми түз шайлоонун негизинде куралган өкүлчүлүктүү орган жергиликтүү бийлик болуп калды.
- Аймактардын экономикалык өнүгүүсүндө жана табигый-климаттык шарттарындагы чоң айрымачылыктардан улам Кыргызстандын муниципалитеттери ар кандай каржылык-экономикалык деңгээлде болуп калды. Ушунун айынан Кыргызстандагы 70%дан ашуун эл чарба тармагы (муниципалдык институттар) дотациялык абалда. 25-30% тармак калган 70-75% тармакты багып жатса, мындай абал экономикалык ресурстардын тең салмактуу эмес бөлүштүргөнүнөн кабар берет. Демек жергиликтүү бюджетти жана бюджет аралык мамилелерди түзүүдө калыптанган көз карашты кайра карап чыгуу зарыл.
- ЖӨБ органдарына мамлекеттик укуктарды каржылык булактары менен кошо камсыз кылып берүүдө мыйзам так талаптарды койгон, бирок бул норма азырынча иштебей жатат.
- Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу иши шаардык жана айылдык ЖӨБ органдарынын деңгээлинде токтоп калды, чынында бул иш мүмкүн болушунча өркүндөтүлүшү керек эле.
ЧЕЧИМ:
Мамлекеттик башкаруу жана административдик-аймактык түзүлүш ишин борбордук бийлик органдарынын төмөнкү функциялары чектелгендей кылып уюштурууга өтүү керек. Алар төмөнкүлөр:
- мыйзамдуулук
- тышкы саясат жана тышкы иштер
- улуттук коопсуздук жана коргонуу
- улуттук программа жана саясатты иштеп чыгуу
- мамлекеттик бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү
Ал эми жергиликтүү жамааттар шайлап жана көзөмөлдөөчү жергиликтүү бийлик органдарынын кароосуна төмөнкүдөй кызмат көрсөтүү функциялары кириши керек:
- билим берүү
- саламаттык сактоо
- социалдык коргоо
- маданият
- спорт
- адамдардын эс алуусу
Адамдарга ар дайым күнөөлүүлөрдү таап, бирөөдөн жинин чыгарып алыш керек.
Өкмөт 2010-ноябрь айында “Бакиевчилерди” таппай, же тапкысы келбей, биринчиден “Альфа” командасын тапкан. Бирок, алардын күнөөлүү экенине жарым эл ишенип, жарымы такыр терс чыккан.
Акыркы мезгилде Бишкек шаарында бир топ теракттар болуп өттү. Анын аягы 3 милиционер жана 3 шектүү адамдардын, алардын ичинде бир “Альфа” командасынын мүчөсүнүн жана 2 диний экстремисттик топтун инсандарынын ажалы менен аяктады. Окуяны башынан хронология боюнча айтып кетсем.
- 30-ноябрда Спорт Ордосунда колго жасалган бомба жарылган. “Бакиевчилерди соттоо” процесси ушул күнү план боюнча Спорт Ордосунда болуп өтмөк. Бирок кызык нерсеси, Бакиев деген фамилиясы менен бир дагы адам эмес, 7-апрельдеги экс-башчылардын буйругун аткарганг “Альфа” спецбөлүгүнүн солдаттары соттолмок. Жыйынтыгында 4 адам жаракат алган, официалдык булактардын информациясы боюнча уюштуруучулар соттун аткарылышына тоскоол кылгандар деп чечишкен.
- Кийинки окуя баягы эле колго жасалган, Спорт Ордосуна окшош болгон бомба 25-декабрда МИИМ имаратынын жанында машинада орун алган. Бирок, кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен бул терактты алдын ала токтотуп калышкан.
- 5-январды карай түнү 8-мкр милиция капитаны - Самат Барпыкулович Жээнбеков, старший лейтенант милиции – Алмазбек Асылбекович Сулайманов, милиция лейтенанты – Пириндибай Маматович Исманов шектүү көрунгөн адамдардын паспортторун текшерүү максатында автомат Калашниковдон атылып каза болушкан. Спецслужбанын айтышында, кылмыш жасалган жерден буюмдук далилдөө боюнча, мурунку теракттарды уюштурган адамдар бул өлтүрүүгө да жөндөмдүү деп чечишкен. Ушул окуядан кийин экстремизм жана терроризмге каршы күрөш мурункудан чоң күч алып баштады. Ошол эле күнү Беш-Күнгөй айылынан ИИМдин спецбөлүгү күнөөкөрлөрдү кармоо боюнча операцияны аткарууда 2 шектүүлөр атылып, бир “Альфа” спецгруппасынын мүчөсү Женишбек Бабараимов жаракат алып, жолдо көз жумган.
Эми бириктирип айтканда, Спорт Ордосундагы, ИИМдин жанында, жана милиция мүчөлөрүн өлтүрөндөр диний экстремисттик джихадисттердин группасы. ГКНБнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымдаганы боюнча, 9 адам камакка алынды, ал эми бешөө изделүүдө.
Негизги ой-толгоолор:
- Кармалгандардын куралдары жоголгон мамлекеттик куралдардын санына кирет. Кайсы жол менен Мамлекеттик Сактоо Службасында , жоголгон деп саналган , автомат Калашникова менен пистолет Макарова кылмышкерлердин колуна түшүп калды?
- Кантип, өткөн жылдын ноябрында эле мамлекеттин душмандары болгон “Альфа” командысы менен Мамлекеттик Спецслужба жылдын башында элди куткаруучу баатырларга айланып кетти? Бул кандайча, керек болгондо коргоочу, керек эместе жок жерден садага боло берүүчү топко айланат?
- Кандай ыңгайлуу, бир ок менен болуп өткөн теракттардын күнөөкөрлөрүн диний экстремисттик топко байлап коюу. Бул окуялардын байланышы сөзсүз эмес да?
2 декабрда Жогорку Кенештин биринчиби же экинчиби (депутаттар ѳздѳрү да көпкө талашышты) айтор 13 жарым саатка созулган отуруму болуп өттү. Депутаттардын жыйыны өтө кызыктуу, күлкүмүштүү болду, айрыкча ал жыйынды коомго жеткире турган журналисттер үчүн. Бир кесиптешим айткандай, депуттаттарды угуп отуруп диетасыз арыктаса болот.
Бул жыйында, жаңы парламентке ушунчалык ар түрдүү адамдар келгени байкалды, алардын арасында ачуусун жеңе албай албууттанганы, акылдуусунгандары, агресивдүүлөрү байкалды. Эмнени гана сүйлөшпөдү, убакыттын тардыгына карабай, эмнегедир спикерди шайлаганды, жаңы өкмөттү түзгөндү саясий оюнга айландырышып, создуктуруп жатышат. Жыйында 118 депутаттын ичинен «Ата Журт» партиясынан Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, «Ар намыстан» Анвар Артыков өзгөчөлөнүп өздөрүн көрсөтүшүп өткөн жуманын каармандарына айланышты.
Ар биринин кылык-жоруктарын өзүнчө макала жазсам болмок. Биринчи эле журналисттердин, залда отургандардын күлкүсүн келтиргени, депутаттарды кирпи чечен менен салыштырганы, Ташиевге өтө каттуу тийип кеткени. Ал жагдай мындайча болду.
Жуманын ортосунда маалымат каражаттарына Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү ортосунда болгон телефон аркылуу сүйлөшүү ачыкка чыккан. Анда Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевди “400 миң доллар пара алгансың” деп айыптаган:
А.Бекназаров: – Мына кечээ күнү Сооронбай ыйлап аткан адамдан дагы 400 миң доллар алып, башка кишини коюпсуңар.
А.Атамбаев: – Эгерде алган киши болсо, анда кама алган кишини.
А.Бекназаров: – Камайбыз.
А.Атамбаев: – Камагыла. Мен мисалы эч кимден бир тыйын алганымды билбейсиң.
А. Бекназаров:- Силер ушинтип эле ыңкылапты жалгыз жасап эле, көрүнгөн жерге силер коюп калдыңарбы. Биздин дагы мээнет бар…
Алмазбек Атамбаев ачыкка чыгып кеткен чуулгандуу телефон сүйлөшүүсү боюнча жекшемби күнү маалымат жыйынын өткөрүп, ушундай сүйлөшүү болгонун мойнуна алды. Бирок анын айтымында, сот жана прокуратура тармагын тейлеп аткан Азимбек Бекназаровдун “400 миң доллар пара алгансың” деген сөзү чындыкка жатпайт:




Акыркы пикирлер