Articles tagged with: Бакиев
Бүгүнкү күндө баардык мамлекеттерде улуттук коопсуздук, чек араны сактоо маселелери күч структураларына жана коргоо кызматына (армияга) жүктөлгөн. Өзгөчө армия чоң ролду ойнойт. Ал үчүн армия күчтүү болуш керек, заманбап техника менен камсыздалышы керек.
Бирок баардыгы аракет кылганы менен, бул өтө көп каражатты талап кылат. Кээ бир өлкөлөр жыл сайын жаңы техника алышса, башкалары эски техника болсо да алмаштырганга аракет кылышат. Мисалы, акыркы убакка чейин мамлекетти коргоого жана армияга көп короткон мамлекет – бул АКШ болуп саналат. 2010 жылкы бюджеттен армияга 698 млрд.$ бөлүнсө, экинчи орунда Кытай – 119 млрд.$, Улуу Британия – 59,6$,Франция – 59,3$, Орусия – 58,7$ бөлүнгөн экен.
Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин чыгымын карасак, 2008 жылкы маалыматка ылайык Кыргызстан -79,3 млн.$, Казакстан – 1млрд. 281 млн.$, Өзбекстан – 1млрд. 422 млн.$ түзөт экен.
Ишке жарактуу жана жараксыз техникалардын Кыргызстандагы саны: БМП-298, самолет-58, вертолет-11, танкалар-215 ж.б.курал жарактар түзөт. Булардын көбү жараксыз, муну биз Ош окуясында баарыбыз көрдүк. Жоокерлердин саны 10 миңден 12 миңге чейин жетсе, Өзбекстандыкы -70 мин, Казакстандыкы-60 миң, Таджикистандыкы-12 миң адамды түзөт.
Бизде 12 миң болгону менен сапаты жагынан начар даярдыкта. Буга чейин канча жолу армияны реформа кылышты, эч жыйынтык чыккан жок. Себеби Коргоо Министрлигинде 1 же 2 отделди жоюп, 100гө жакын кызматкерди кетиришсе, реформа кылдык деп ойлошчу. Материалдык жана техникалык база жаңыртылмак турсун, тескерисинче сатып жатышат.
Кыргызстанда жыл сайын кызмат өтөөгө жашы жеткендердин саны 50 590 адамга жетсе, алардын 5 миңи ар кайсы бөлүктөрдө кызмат өтөшөт. Альтернативалык формада кызмат өтөгөндөр 15 миңге жетет.
Бүгүнкү күндө контракттык формада кызмат өтөгөндөрдү кээ бири 30% түзөт десе, башкалары 70% түзөт деп жатышат. Так маалымат жок. Алардын маяналары 12 миң сомду түзөт.
Убагында экс-президент К.Бакиев жана көптөгөн эксперттер да айтып чыгышты эле
“бизге чакан, мобилдүү, тажрыйбалуу, заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздалган контракттык формадагы армия керек” деп.
Мен да бул идеяны колдойм. Бирок андай боло турган болсо, алардын маянасын 12 миң эмес, депутат, министрлердикинен 2-3 эсе көтөрүшүбүз керек, башкача айтканда 50миң кылсак, ошондо бир майнап чыгышы мүмкүн. Азыркы акчага тойбогон, жутунган депутаттар чек араны кайтарып калышат беле депутаттык, президентик оорунга жутунгандан көрө.
“Контрактниктерге” кетчү каражатты Манас аэропортундагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборунан түшкөн салыктарды колдонсок болот. Жылына 150 млн.$ төлөшөт.
Ал эми бүгүнкү күндө республикадагы армия техникаларынын көбү борборубузда. Аларды түштүк регионго мобилизациялаш керек. Коргоо Министрлигин толугу менен көчүрүш керек. Себеби ал регион өтө кооптуу болуп саналат бүгүнкү күндө.
Көптөгөн саясат таануучулар, эксперттер айтып жатышат:
“жакынкы 10-15 жылдын ичинде Фергана өрөөнүндө көптөгөн сууга, жерге байланышкан конфликттер чыгышы мүмкүн” деп.
Биз материалдык жана техникалык базабызды жаңыртышыбыз керек. Заманбап курал-жарак, техникаларды алып, армияны күчтөшүбүз керек. Качан гана күчтүү армия болгондо, кошуна мамлекеттер эсептеше башташат. Азыр мышык ыйлачудай кебетебизди көрүп, үнүбүздү укпаган да ошо себептен.
Генерал, полковник, подполковник деген наамдарды бергенди азайтышыбыз керек. Өтөгөн кызматынын стажына карап берилиши керек негизи. Жөнөкөй жоокерлерге караганда, полковниктер өтө көп бизде. Пайда барбы ошолордон? Кызматтык тепкич менен өсүү жолун жөнгө салышыбыз керек. Мисалы, бир генерал жумуштан кеттиби, анын ардунакийинкисин, аныкына андан кийинкисин коюш керек. А бизде майор болуп, бир нече убактан кийин генералга жеткен фактылар көп.
Айтор, контракттык армияга өтүп, машыктырууну жана техникаларды чыңдап, натыйжалуу армияларды курууга өтүүбүз керек деп ойлойм. Андан башка жол жок…
Жакында “Дело№” газетасында Убактылуу Өкмөттүн бир абдан кызыктуу №21 тескемеси жөнүндө баяндалды. Бул жашырын кагаз боюнча 13 -апрельде Улуттук Банктан 10 000 000 сом коомдук коопсуздукту орнотуу үчүн, Бакиевдин каражаттарынан алынган. Бирок, бул акчалар жана башка “бакиевдердин” миллиондору кайсы максатта жана эмне үчүн иштетилгени боюнча так маалымат дагы эле берилген эмес
Убактылуу Өкмөт бийликке келгенде экономика жана саясат тунук түрдө болоору жөнүндө айтылды беле? Темир Сариев, ал кезде финансынын министри болуп, “бакиевдин” каражаттарын тартып алганда, кантип иштетиле тургандыгы жөнүндө ачык отчет берерин убада кылган. Интернетте миллион доллардын “бөлүп алуу” жөнүндө информация пайда болгондо, өкмөттөгүлөр алгандыгын мойнуна алышып, бирок албетте, өзүнө эмес, мамлекетте коопсуздукту камдоо үчүн алынгандыгы жөнүндө айтышкан. Ал коркунуч күндөрдө коопсуздукту сактоо үчүн чындыгында эле бир топ каражат мажбурланган.
Мамлекеттик казынада ал кезде куру болчу. Ошондуктан, апрель айына чейин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына тийиштүү болгон, үч коммерциялык банкта сакталган долларларды иштетип, ал эми апрель айынан кийин “туура эместигинен” конфискацияланган.
Курманбек Бакиев азыркы кезде Беларуссияда экинчи аялы менен жашап жатат. Күндө эртең менен туруп ар-кандай көнүгүүлөрдү жасап ден-соолугуна чоң көңүл бөлүп жаткан чагы. Эгерде президент болуп жүргөнүндө бир саат көнүгүү жасап жүргөн болсо, азыр убакыт көп болгондуктан бир жарым саат бою спорт менен машыгып жаткан экен. Бул боюнча «Жаңы ордо» гезитинин 3-декабрда чыккан санында экс-президент баяндап берген.
«Азыр балдарым мектепке сабактарына кетишти. Кичүү балдарымды айтып жатам да. Эң кыйын учурда мага жашоого дем берип келген ушул кичинекей балдарым болду. Азыр ойлосом, булар болбогондо мага өтө оор болмок экен. Ал эми чоң балдарым өздөрү менен өздөрү болушуп түтүн булатып калышкан. Алардын жашоо тиричилиги башка. Биз үй бүлөбүз менен чогуу жашап жатабыз»,-дейт.
Ушундай бактылуу өмүр сүрүп жаткан Курманбек Бакиев эми Кыргызстанга эле келгени дурус го? Бул жакта аны болгону сүйлөшүп чечип койчу сот системасы, колдогон партиялары жана “Бакиев – это хорошо” рекламаларынын колдоочулары күтүп турат. Көп сөз бок сөз, андан көрөкчө анын интервьюсуна көңүл бурайлы.
«Жаңы ордо» гезитинин 3-декабрда чыккан санында экс-президент Курманбек Бакиев менен болгон, гезиттин жети бетин ээлеген маек чыкты. Журналист Бекен Назаралиев Белоруссияга барып, Бакиев менен жолугушуп, кенен маек алып кайтыптыр. Маек өтө чоң болгондуктан, кыскартып, кызыктуу жерлерин берүүнү чечитим.
Баарыбызга малым болгондой Ганси Аскер базасынын тагдыры Бакиевдин бийлиги убагында калчанган. Дүйнө жүзүн таң калтырып, ошол кездеги президентибиз АКШнын өкүлдөрү менен башкача сүйлөшүп, Россияга иш сапары менен барып Гансини чыгарабыз деп жарылаган эле. Бул маселе жөнүндө ал төмөндөгүлөрдү айтты:
«Манас аба майданында жайгашкан Ганси аскер базасынын кыргыз элине зыяны жок. Бул чечимди 2001-жылы кабыл алышып туура кылышкан. Бизге коңшу болбосо дагы наркотиктин өлкөсү болгон Ооганстанга, ошондой эле Нью-Йорк шаарындагы бизнес борборун эл аралык террорчулар жардырышканы маалым. Манас аба майданындагы Ганси аскердик базасы бул Кыргызстандын эл аралык террористтерге каршы күрөшүүгө болгон салымы деп билем. Орус президенти Медведев, премьер-министри Путин менен жолугуп чыккандан соң пресс-конференция учурунда дүйнөлүк массалык каражаттарынын журналисттеринин берген суроолоруна жооп кылып биз Ганси аскер базасын чыгарууга белсенгенибизди айтып чыктым.
Ушундай чечим кабыл алууга АКШ жетекчилигинин биздин Кыргызстанды тоготпогондой мамиле кылганынан улам болду. Кыргызстандын кабыл алган чечими алар үчүн күтүүсүз болду. Бирок, Ооганстандагы саясый абал баштагыдан оорлошуп бараткан кез эле. АКШнын жетекчилиги Ганси аскер базасы боюнча аренда акысын кайрадан кароого макулбуз деп жооп беришти. Биз ошентип аларды мажбур кылдык. Мен президент болгонго чейин АКШ Гансинин аренда акысы үчүн болгону бир жылга эки миллион америка доллар төлөөчү. Биздин келишим боюнча алар бизге 50 миллион америка долларынын тегерегинде түз акча түшүрмөк. Андан башка инвестиция жагы өзүнчө каралган эле»,-дейт.
Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Аскар Сүйүнбаевдин чечими менен Санжар Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылды.
Ал массалык баш аламандыкты уюштуруу, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо жана бийликтин өкүлдөрүнө карата курал колдонуу фактылары боюнча күнөөлүү, деп табылды.
Жалал-Абад обладминистрациясын бошотууда Убактылуу өкмөттүн эки тарапкерин өлтүрүүгө катышты деген айыбы далилденген жок.
Коопсуздук максатында соттун отуруму Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун имаратында өттү.
Бул маалыматтарды уккандардын ою экиге бөлүндү кээ бири, сот эми чындап күнөлүүлөрдү камай баштады десе, башкалары бул кылмыш ишин саясий заказ катары баалашууда. Менин жеке оюмда, Санжар Бакиевдин 10 жылга эркинен ажыратылышы, саясий заказ. Эң башкы кылмышкерлерди качырып жиберишип, эми мынтин 22 жаштагы жигитке күнөөнүн баарын үйүп, мактангандары күлкүңдү келтирет. Эмнеси болсо да көрө жатаарбыз, адвокаты облсотко аппеляциялык арыз берерин айтты. Эскерте кетсек, Санжар Курманбек Бакиевдин бир тууган маркум агасы Жусуп Бакиевдин уулу.
Кыргызстанда мындан бир жарым ай мурун төңкөрүш болуп, натыйжада бийликке Убактылуу өкмөт келди. Өлкө президенти К.Бакиев республиканы таштай качып, кызматынан кетүү туурасында отставка берди. Кыргызстандагы абал ушул кезге чейин коогалаңдуу: түштүк областтарда маал-маалы менен баш аламандыктар чыгып, Жалал-Абад менен Сузакта коменданттык саат киргизилген. Коогалаңдуу окуялардын жүрүшүндө 90дой адам курман болуп, 2000дей адам ар кандай жаракат алышкан. К.Бакиев Белорус президенти А.Лукашенконун чакыруусу боюнча Минскиге келип, биздин кабарчыбыз ал жерде К. Бакиев менен жолугушууга жетишкен. Кыргызстандан качып кеткенден бери бул анын россиялык жана чет элдик ЖМКларга берген биринчи интервьюсу. Интервьюсунда Бакиев, өлкөдөгү мурда жана кийин болуп жаткан окуяларга өз көз карашын билдирди. Бул макаланы кыргызчага которгон Машакбай РАХМАНКУЛОВ, “Алиби” гезити.
- Кантип эле ушундай окуялар болуп кетти? Сиздин оюңузча, мунун себептери эмнеде? Балким, сырткы күчтөрдүн таасири бардыр?
- “Революция” боло тургандай Кыргызстанда эч кандай экономикалык да, саясий да өбөлгөлөр жок болучу. Жок! Жок болучу! 2005-жылдан 2007-жылдын апрелине чейин пикет, митингдер тынбай эле өтүп турду го. Биз аларга көнүп деле калганбыз. Ошого карабастан экономиканы өлүмтүк абалга жеткирбей, жакырланууга жол берген жокпуз. Тескерисинче баары жакшы болуп келаткан. 5 жыл ичинде биз мамлекеттик бюджетти 3 – 3,5 эсе көбөйтө алган экономикалык өсүш темптерине жетиштик. Муну карапайым адамдар жакшы билишет – жолдор, жаңы мектептер, ооруканалар курулуп, пенсия, пособиелердин өлчөмү өсүп, айлык акылар жогорулаган…





Акыркы пикирлер