Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Балдар

Ысык – Көлдөгү мектептен фоторепортаж
Written by adilet, Wednesday, 29 Jun, 2011 – 12:46 | No Comment

Азыр биздин өлкөдөгү мектептердин абалы абдан эле начар десем болот. Анткени өлкө боюнча канча деген мектептер эскирип, ал жакта окуган окуучулардын өмүрүнө коркунуч алып келет. Мындан тышкары көп мектептерде билимдүү мугалимдер, кыргызча китептер, окуучу куралдар жетишпейт.

Былтыр кокусунан Ысык – Көл облусунун Жети – Өгүз районунун Оргочор айылына барып калып, ал жактагы мектептин абалын көрүп абдан эле ичибиз ооруду. Көрсө мектептин чатыры түшүп кетип, балдардын окуй турган жери калбай калыптыр. Ошол айылдын тургундары, мугалимдер жана ошол жердеги 4 – 5 – класстын окуучуларынан баштап, өздөрү мектепти оңдоп, куруу иштерин жүргүзүп жатышыптыр. Мектептин жанында кичинекей имаратта окуучулар кезектешип окушуп, калган убактысын мектепти оңдоого кетиришет экен.

Read the full story »

Жалпы республикалык тестирлөөнү алдагандар
Written by Асель Шабданова, Monday, 20 Jun, 2011 – 10:14 | No Comment

Кыргызстандагы эң ири  жана ишенимдүү тестирлөөнү алдаса болот экен. Бул окуяны менин жакшы таанышым баяндап берди. Башкы ролдордо- Арстан- аткаруучу , “ортомчу”, “заказчик”. Арстан ЖРТнү 3 жолу тапшырган. Ар сайын анын упайлары эки жүздөн ашык болсо да, алтын сертификатчылардын тизмегине акыркы гана жолу кирген. Азыркы күндө ал Орто Азиядагы Америкалык университетинде студент. Күндөрдүн биринде бир таанышы Арстанга келип, андан жардам сурайт. Өзүнө эмес, башка балага. Ал бала “заказчик” Сокулуктагы №2 мектепте окуйт. Тест жакындап калганда, анын ордуна жаза ала турган адамды издей баштайт.  ” Издеген адам табат”,- дегендей  шамдагай “ортомчу” пайда болот. Ал ага жардам бере алганын айтып, n суммага сүйлөшөт. Арстан анын ордуна кирип тапшырат.

Мен бул окуяны уккандан кийин, бир суроо пайда болду. Кантип?

Мен  өзүм тестти тапшырып жатканда, март айынан баштап документтерди, анын ичинен сүрөттөрдү дагы тапшырганбыз. Тесттин өзүнө киргенде дагы паспортту текшеришкен. Жалпы республикалык тестирлөө негизинен эле мамлекеттеги эң жогорку деңгээлдеги өтүүчү текшерүү деп ойлогом.

Көрсө Арстан жөн эле “заказчиктин” паспортун алып, кириптир. Анын айтымында окшоштугу 20 пайызга жакын, башка сөз менен айтканда, жыныстык эле окшоштугу болбосо, эки такыр башка адам. Текшерүүчүлөр байкабай калганбы, же кайдыгер мамиле кылышканбы, белгисиз.

Кантсе дагы, болгон иш болду. Эми мындай кызматтын баасы. Эки жүз баллга чейин- 300, андан жогору- 500, алтын сертификат болсо-1000, албетте, америкалык акча менен.

Жалпы республикалык тестирлөөгө мамлекет катарынан дагы, чет өлкөлү фонддордон дагы чоң жардам көрсөтүлөт. Республикабыздын Президенти тарабынан сунушталган «Кыргызстандагы билим берүү системасын реформалоонун концепциясында» мамлекеттин көз карандысыздыгы жана коомдун келечеги үчүн сапаттуу билим берүү зарыл экендиги айтылган. Жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы коррупция менен күрөшүү максатында өлкөбүзгө Жалпы республикалык тестирлөө киргизилген. Республикабыздын жогорку окуу жайларына мамлекеттик грант менен окууга өтүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү ачык тестирлөө − алгачкы максаты болгон. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү тестирлөө демилгесин колдоп берүү өтүнүчү менен АКШнын өкмөтүнө кайрылган. АКШнын өнүгүү боюнча эл аралык агенттигинин (ЮСАИД) каржылоосу менен, Американын эл аралык билим берүү боюнча Кеңеши (АКСЕЛС) тарабынан өткөрүлгөн тестирлөө төмөнкү негизги үч максатты көздөгөн: – бара-бара баалоонун заманбап усулдарын жана принциптерин (психометрия, теңдөө ж.б.у.с.) колдонуу менен сапаттуу тестирлөө жүргүзө ала турган жергиликтүү профессионалдуу тест уюмун түзүү; – баалоо системасын чечкиндүү түрдө реформалоо; – ЖОЖдордогу бюджеттик орундарда окуй турган жаштарды аныктай турган стандартташтырылган тестирлөө жүргүзүү менен жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү.

Мурдагы жылдарда окуучулар каалоосу менен тапшырса, 2011-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтпөй калышса, анда чоң окуу жайына өтпөй калышат. Ошондуктан оюндун баасы дагы көтөрүлдү. Буга чейин алтын сертификат окуучулардын көптөң эңсеген, ар бир университетке жол ачкан билет болсо, эми жалпысынан эле тестирлөөнүн жыйынтыктары өтө маанилүү болуп калды.  Коррупцияны жоюуга арналган тестирлөө капканга түшүп калды. Эң коркунучтуусу, Арстандын айтымында, “ортомчу” мындай жол менен бир топ колунда бар окуучуларга жардам берди. Ар бир системанын чектеринен чыгууга жолдор бар эмеспи.

Менин оюмча, ЖРТ окуучулар үчүн шок. Анткени, мындай көнүүгүүлөрдү алар мектепте да, кийин Жогорку окуу жайында да жолуктурбайт. Бул тестирлөө жалпысынан эле мамлекеттеги советтик окутуу системасынан өтө өзгөчөлөнүп турат. Мектептеги бешке окуган окуучулар тестирлөөдө эң жогорку баллдарды албаганы факт. Тескерисинче, мектепте анча жакшы эмес окуган балдар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Демек, мектептеги жакшы окуучу- келечектеги жаман студентпи? Андай дагы эмес. Билим берүүнү жаңы жол менен текшерүүнүн алдында, билим берүү системасын өзгөртүү керек эмес беле?

Таштандынын Тайкы Тагдыры
Written by Нурила Батыралиева, Monday, 29 Nov, 2010 – 11:08 | No Comment

Мындан тура беш жыл мурун биздин айылыбызга бир кызын көтөрүп жаш келин келди. Ал айыл аралап кызын сатаарын айтып, ар кимден анын кызын багып алуусун суранып жүрдү. Келиндин аты Миргүл, 19 жашта экен. Анын айтымында, ал Алматыга барып бир казак киши менен жүрүп боюнда болуп калат. Төрөгөндөн кийин тиги киши карабай коет, өзү да жетим өскөн кыз, же өгөй энесине батпай, же туугандарына батпай, ымыркайды да бага албай, акыры курбу кызы менен биздин айылга келген.

Кэчке айыл кыдырып чарчап, акыры бир кошуна эжеге жалынып ыйлайт. Ал эженин үй-бүлөсү айылдагы кадыр барктуулардын катарына кирет. Баягы эжеге кызын таштап, ордуна эки миң сом сурайт. Ошентип, акчаны алган боюнча артын карабай кетип, эч качан кайтып издеп келбесин айтып сөз берип кетип калат. Азыр, ошондогу наристе чоңоюп, эмдиги жылы окууга барат.

Бул бир эле айылдагы окуя, акыркы жылдары мындай таштанды балдардын саны өсүүдө. Көп жылдан бери бирге жашашса да кандайдыр бир себептер менен балалуу боло албаган түгөйлөр кездешет. Алар бала багып алууну көздөшсө, ошол эле учурда баласынан баш тартып таштап кеткендер толтура. Баягы, бирине зар бирине кор дегендин өзү.

Read the full story »

5 миңден ашык бала интернатта тарбияланат
Written by Нурила Батыралиева, Monday, 15 Nov, 2010 – 20:35 | No Comment

Үй-бүлө кургандан кийин, балалуу болгон соң ар бир адам баланын  жакшы жашашы үчүн болгон аракетин жумшашы керек.
Кыргыздар айткандай ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт деп, аларды ара жолго таштоонун кереги жок. Канча кыйынчылык болбосун тууган, урук журт деген бар, тирүү ата-энеси туруп, жетим балдар үйүндө тарбияланышы акылга сыйбай турган нерсе.

Read the full story »

Бештентек Тентектикти Тиктеп
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 1 Mar, 2010 – 10:06 | No Comment
Бештентек

Бештентек

“Бештентек” балдар үчүн анимациялык тасма коомчулукта коррупцияны жоюуга, жаш балдардын акыл эсинде анын жыйынтыгы жакшылыкка алып келбестигин, коррупция бар жерде өнүгүү болбостугун аныктай турган тасма. Күч алган коррупция менен күрөшүүдөн эмес, аны профилактикалоодон баштоо зарыл. Бул тууралуу анын презентациясында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллэр билдирди, дейт Кабар агенттиги.

Анын айтымында “Бештентек” долбоору “Миң жылдыкка чакырыктар” улуттук корпорациясынын коррупцияга каршы программасынын алкагында ишке ашууда.

Тасма 10 сериядан турат, ал 10-15 жаштагы өспүрүмдөр, жаш балдарга арналган. “Бештентек” тасмасы республиканын 70тен ашык мектептеринде көрсөтүлүп бүттү, мындан тышкары Улуттук биринчи канал аркылуу жекшеби күндөрү көрсөтүлүүдө.

“Бул долбоордо беш өспүрүмдүн башка дүйнөдөгү коррупция көрүнүштөрү менен кагылышкан жоруктары сүрөттөлгөн. Өспүрүм кезинде балдардын жашоого көз карашы бекемделет, алар болочоктогу мамлекеттик кызматкерлер. Долбоордун билим берүү багытында интерактивдик ыкманы колдонуу менен класстан тыш сабактардын программасы жана республикалык 70 мектептин 10-15 жашар окуучулары үчүн коррупцияга кайдыгерликти азайтуу боюнча мугалимдерге керек колдонмо иштелип чыгып, алар өткөрүлдү. Класстан тыш сабактардын тематикасы “коррупция деген эмне, анын чыгуу себептери жана кесепеттери коррупциялык жосундары үчүн жоопкердик, аны алдын алуунун жана күрөшүүнүн жолдору” өңдүү темалардан турган”- деди долбоордун уюштуруучусу Элвира Сариева.

Тасма кыргыз тилинде тартылган, аны орусча субтитрлар коштойт. Авторлор келечекте “Бештентек 2” долбоорун иштеп чыгуу планы бар экендигин айтышты.