Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Бизнес

Эркин экономика боюнча Кыргызстан дүйнөдө 83 – орунду ээлейт
Written by adilet, Friday, 19 Aug, 2011 – 13:15 | No Comment

Жеке ишмердүүлүк же бизнес деген – бул өз алдынча жана өз коркунучуна жүргүзгөн ишкердик жана эн негизги максаты болуп ар кандай мүлктөн же материалдык эмес активдерден, товар сатуудан, ар кандай кызмат кылуудан же тейлөөдөн мыйзам чегинде систематикалык киреше алып турушу саналат. Жеке ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгү алынган кирешеден гана эмес бизнестин базарлык баасынын өсүшүнөн да көз каранды болот. Жеке ишмердүүлүк, бизнес – базар  экономикасынын эң негизги атрибуту болуп эсептелинет.

Биздин өлкөдө да жеке ишмердүүлүк, бизнес – мамлекеттин экономикасынын эң негизги кыймылдаткычы болуп эсептелет. Жеке ишмердүүлүкө мамлекет өзгөчө көңүл буруп, бул тармакта көп жылдардан бери бир топ реформаларды өткөрдү десек болот. Мисалы:

  • Жерге жеке менчик киргизүү
  • Соода объектилерин, тейлөө тармагын приватизациялоо
  • Сооданы либеризациялоо
  • Акча-кредиттик саясатты жөнгө салуу

Азыр жеке ишмердүүлүк, бизнес – биздин өлкөнүн ички дүң продукциясынын 90 пайыздан ашыгын түзөт.

Дүйнөдө экономикалык эркиндиктин индекси – деген түшүнүк бар. Бул изилдөөнү көп жылдан бери Мурас Фонду (Heritage Foundation) өткөрүп келет. Өлкөнүн экономикасынын эркиндигинин деңгээлин орто арифметикалык 10 параметрден турган түшүнүктөрдөн эсептелинет. Бул параметрлер: бизнести жасоого болгон эркиндик, соода, инвестиция, эмгек, финансылык сектор, монетардык жана фискалдык эркиндик, жеке менчике болгон кепилдик, бюрократиялык аппараттын дээңгээли жана коррупциядан коргоо деңгээли.Бул индекстин жогорку рейтинги 100 деп бааланат.Эгерде 100 деп бааланган экономика болсо анда мындай экономика толук эркин деп эсептелинет.

Мурас Фондунун изилдөөлөрүнө таянсак Кыргызстандык экономикасы 2011 жылы 61,1 пайыз алып, орточо эркин экономика деп бааланган. Айтып кетсек өлкөлөрдүн экономикасы 5 деңгээлге бөлүнөт:

  • 0 – 49,9 эркин эмес экономика
  • 50 – 59,9 негизи эркин эмес экономика
  • 60 – 69,9 орточо эркин экономика
  • 70 – 79,9 негизи эркин экономика
  • 80 – 100 эркин экономика

Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстан экономикалык эркиндиктин индекси боюнча 83 орунду ээлейт жана КМШ мамлекеттеиринин арасында Грузия (70.4 пайызы менен дүйнөдө 29 орунда) менен Казакстандан (62.1 пайызы менен дүйнөдө 78 оорунда) кийин 3 орунда турат. Айтып кетсек Белорусия, Украина, Өзбекистан, Туркменистан – экономикалык эркиндиктин индекси 50 пайызга жетпей эркин эмес экономика деп бааланган.

Дүйнөлүк Банк (World Bank) жана Эл аралык финансылык корпорация (IFC) “2011 – жылда Бизнес Жасоо” (Doing Business) деген жыл сайын чыгуучу аналитикалык докладын жарыялады. “Бизнес Жасоо” изилдөөсү – глобалдык изилдөө жана дүйнөдөгү мамлекеттердин рейтинги аныкталган. Бул изилдөө дүйнөдөгү 183 мамлекетте жүргүзүлүп, кайсы мамлекет бизнести жасоого жакшы ылайыктуу шарттарын түзүп бергенин аныктайт.

Ылайыктуу “Бизнес Жасоо” рейтинги 10 индикатордон туруп, баардык индикаторлор бирдей баада бааланат. Бул индикаторлор: жаңы ишкананы ачуу боюнча жеке ишмердин мамлекеттин койгон талаптарын аткаруу жана убакыт менен баасы, ишкананын ишмердиги, соода операцияларын жасоо, келишимдердин аткаруусунун камсыз кылуу, салык төлөө жана ишкананы жабуу.

Бул изилдөөлөрдүн негизинде бизнести  жасоого эң ылайыктуу шарттар бар экенин 5 жылдан бери 1 – орунду ээлеген Сингапур деген мамлекет табылган. Анан кийин Гонконг, Жаңы Зеландия, Улуу Британия жана Америка Кошмош Штаттары турат. Кыргызстан болсо “Бизнес Жасоо” (Doing Business) рейтинги боюнча дүйнөдө 44 – орунду ээлейт. http://russian.doingbusiness.org/rankings КМШ мамлекеттеринин арасынан Грузияда бизнести жасоо үчүн эң жакшы шарттар түзүлгөн десек болот. Грузия дүйнөлүк “Бизнес Жасоо” (Doing Business) рейтингде 12 – орунду ээлеп, бир топ өнүккөн мамлекеттерден ашып кеткен. Ал эми Казакстан болсо эркин экономикасы боюнча биздин өлкөдөн өйдө турса “Бизнес Жасоо” рейтингде 59 – орунду ээлеп, Азербайджандан (54 – орун) да артта калган.

Кыргызстанда болуп жаткан сооданы либерализациялоо өзүнүн натыйжасын берди десек болот. Бирок, дагы чечиле элек маселелер көп. Мисалы: тарифдик эмес тоскоолдуктар, алып келинген импортко болгон акциздер, жеке коммерциялык ишканалардын мамлекет тарабынан катуу көзөмөлдөгөнү, жеке ишмердиктин лицензиялоосун чектөө, растаможканын коррупциялык механизмдери. Бул маселер чечилсе Кыргызстанда бизнес жасоо абдан оңой жана жөнөкөй болуп, чет өлкөлүк инвесторлорго биздин өлкөдө бизнес жасоо кызыктуу болот деп ойлойм.      

 

Куруу – бизнестин бир түрү
Written by adilet, Thursday, 18 Aug, 2011 – 9:00 | No Comment

Куруу – бул азыркы заманда чоң киреше алып келе турган бизнестин бир түрүнө айланган. Илгертеден баштап эле адам баласы жашоо шартына ылайыктуу кылып ар кандай имараттарды куруп келишкен. Куруунун методдору ар кандай болгондуктан, ар бир регионго жараша имараттар курулуп, ар кандай материалдарды колдонушкан.

Мисалы кыргыздар көчмөн калк болгондуктан Боз Үйдө жашашкан жана биздин ата-бабаларыбыз таштан же чоподон имараттарды аз курушкан. Илгерки Египеттеги Пирамидаларды курууда колдонулган ыкмалар азыркыга чейин белгисиз.

Куруу – бул адам баласына керек болгон ар кандай имараттарды жаратуу. Куруунун түрлөрү:

  • Транспорттук (жолдор, көпүрөлөр, тоннельдер)
  • Жарандык (көп кабаттуу үйлөр, коомдук мекемелер)
  • Өнөр жайлык (заводдор, фабрикалар)
  • Аскердик (аскердик мекемелер)
  • Гидротехникалык (плотиналар, дамбалар, суу сактагычтар, каналдар)
  • Гидроэлектро куруулар ( гидроэлектро станциялар)

Курууга болгон уруксат – шаардык же аймактык аткаруу бийлиги тарабынан куруучу компанияга же жеке ишмерге ар кандай имараттарды курууга берилген уруксат. Эгерде курулуп жаткан мекеме шаардын архитектуралык кебетесин бузбаса анда эч кандай деле уруксат албай койсо болот (гараж, киоск).

Азыр Кыргызстанда акыркы 10 жылдын ичинде куруу өнөр жайы жакшы өнүгүп келе жатат десек болот. Анткени, борбор калабыздагы көп этаждуу үйлөрдүн салынышы, Камбар – Ата 1,2 ГЕСтердин курулушу мисал болуп бере алат. 1990 -2000 жылдары куруу өнөр жайы токтоп, Бишкекте же Кыргызстандын баардык аймактарында чоң куруу иштери болгон эмес.

Кыргызстанда да куруу менен алек болгон компаниялар көп жана алардын арасында да чоң компаниялар кездешет (“Имарат Строй”, “Азат” корпорациясы, “Айгүн Иншаат”, “Азия курулуш”, “Юнис курулуш,“Авангард – Стиль”). Бирок бул компаниялардын баардыгы эле чоң объектилерди курууга укугу жок. Азыр Бишкекте салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдү ар кандай компаниялар салып жатат. Бирок, кээ бир компаниялардын салып жаткан көп кабаттуу үйлөрүнүн сапатын көрүп, абдан шектенесиң. Анткени, акчаны үнөмдөшүп эң арзан материалдарды колдонушат. Келечекте күтүлбөгөн жаратылыш кырсыктары болсо, бул көп кабаттуу үйлөр кулап калса ким жооп берет.

Куруу бизнес катары биздин өлкөдө да кирешелүү болгондуктан бул тармакта да конкуренция абдан арбын. Бирок, көп учурларда мамлекет тарабынан куруу объектисине өткөрүлгөн тендерлер бир топ коррупцияланышып кеткен (кайсы компания курулуп жаткан объектин баасынын 10 пайызын “шапке” катары берсе ошол компания тендердин жеңүүчүсү болуп калат).

Визасыз өлкө качан болобуз?
Written by Асель Шабданова, Monday, 11 Jul, 2011 – 13:58 | No Comment

Жайкы сезон башталаары менен  өөрчүгөн өлкөлөргө чек араны ачуу жөнүндө талкуулар башталды. Бирөөлөр визаны жоюу үчүн болушса, мамлекеттик кызматкерлер жана кай бир адамдар виза керек деп чыгышууда. Бир жагынан,  экономикалык жактан өөрчүгөн мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга визасыз киргени :

  • туризм сферасында кирешени көбөйтмөк
  • чет өлкөлү инвестициялардын агымын чоңойтмок

Экономикалык жөнгө салуунун экс-министри, Kyrgyz Concept’тин ээси Эмиль Уметалиев туризм сферасында көп жылдан бери эмгектенип келет. Анын айтымында туристтерди Кыргызстанга келип эс алуу үчүн көп нерселер тоскоолдук кылат, анын арасында бюрократиялык процесстер:

“Грузия, Турциядан үлгү алып, биз дагы эшиктерибизди конокторго кенен ачып коюшубуз керек. Бир четинен биз туристтерди чакырып, экинчи четинен колдорун кагаздар менен бууп койгонубуз туура эмес. Визаны ачуу убакытты да, бир топ чыгымдарды да талап кылат. Визалык режимден биз гана утулабыз, АКШ, Европа мамлекеттерине жол ачуу биз үчүн кошумча кирешелерди алып келип, мамлекеттин имиджин көтөрөт.”

Ал эми Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүн токтотуп жаткан бир нече көйгөйлөр бар. Негизгичи виза маселеси. Алардын арасында инфраструктуранын начар абалы, тейлөөнүн төмөн деңгээли.  Туристтердин 11.5% бажы иштерин көйгөйлүү деп  белгилеп кетишти.  Ошондуктан, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Организациясына кирген 34 мамлекетке жана ИДПнын бир адамга түшкөнү кыргызстандыкынан үч эсе көп болгон мамлекеттерге визасыз 90 күнгө жүргөнгө мүмкүнчүлүк киргизүүнү сунушташат.  Белгилеп кетсем, ЭКӨО (ОЭСР) ге  туристтер саны көп болгон Европа мамлектеттеринин көбү, АКШ  ж.б. мамлекеттер кирет. Ал эми чет өлкөлүк бизнесмендерге бир жылдык көп жолу колдонулуучу визанын ордуна беш жылга чейин иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

Мындай экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин жараандарына Кыргызстанга келип тоскоолдуксуз бизнес ачуу, же эс алууну камсыз кылуу бизге эле пайда.

Башка мамлекеттердин мисалын карап көрсөк. Украина Еврособз мамлекеттерине визасыз режим кылгандан бери туристтерди келиши бир нече жолу жогорулады, ал эми Малайзияда 80 өнүккөн мамлекеттер менен визасыз режим колдонулат. Жыйынтыгында туристтердин саны үч эсе жогорулап, туризм секторунун кирешеси да үч эсе көбөйдү.

Мамлекет үчүн жалаң утуулар болсо эмне үчүн визаны жоюу процесси ишке ашпай жатат?

Май айында Өмүрбек Бабанов Тышкы Иштер Министрлигине визасыз режимди киргизүү жөнүндө сөз баштаган. Бирок, бир ай өтүп эле туристтик агенттиктер ТИМнин бул багыттагы кыймылдарына нааразы болуп чыгышты. 2012-жылдын 1-майынан 1-сентябрга чейинки убакытта Андорра, Ватикан, Сан-Марино, Мальта, Монако, Греция, Ирландия, Дания, Исландия, Швеция, Норвегия, Португалия, Болгария, Хорватия, Словения, Черногория, Македония, Босния и Герцеговина мамлекеттеринин атуулдары чек араны визасыз эле өтүшсө болот. Албетте, турагенттиктер биринчи премьер-министрдин сөзүнөң башка нерсе чыгат деп күтүшкөн.

Бул жерде баягы эле мыйзамчылар жана аткаруучулар ортосундагы түшүнбөстүк. Тышкы иштер министрлиги атайылап, Кыргызстанга келбеген өлкөлөргө визаны жоюп, калгандардан дале болсо акча өндүрүүнү самап жатса керек…

Тармактык маркетингден (сетевой маркетинг) пайда барбы?
Written by Рысбек Арунов, Friday, 17 Jun, 2011 – 9:36 | No Comment

Жумушсуздуктун айынан канчалаган Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөп кетип жатышат. Канчасы айыл жергесинен келип, эптеп күн өткөрүп жүрүшөт. Андай адамдар кандай гана жумуштун түрү болосун, иштегенге даяр. Көчөлөрдөгү бактарда, свет карагайларында, аялдамаларда, коомдук транспорттордун ичинде чапталып турган жарыяларды кездештирүүгө болот. Окусаң жумушчулар керек, билими жоктор деле жарай берет. Айлыгы 100-150$ чейин деп.Өзүңүздөр билсеңиздер керек, айыл жергесинен келген биздин жарандардын көбү жогорку билимсиз. Анан жанагыдай жарыяны окуганда, сөзсүз ошондой жерлерге иштегилери келишет. Бир нечеси орношсо, көбү орношо да албай калышат. Көбү караңгылыгынан канчалаган акчасын алдаткан учурларды көрүп эле жүрөбүз.

Ошентип элди алдап шугулданган компаниялар кудайга шүгүр Кыргызстанда толтура. Бизде канчалаган мыйзамдар кабыл алынганы менен анын көбү реалдуу жашоодо иштебей, кагаз бетинде эле калып жатат. Батыштын кинолорундай болуп, кылмышкерди кылмыш жасаганга чейин эмес, кылмыш жасагандан кийин укук коргоо органдары кармашса, бизде да так ошондой.Бир алдамчы компания түзүлө калат да, элди алдап, качып кетет. Анан бир нече убакыт өткөндөн кийин алданган адамдар митингге чыгышса, ошондо ойгонушат укук коргоо кызматтары. Мисалы: пирамида системасынада түзүлгөн, бисер чогултуу боюнча компаниясын алсак болот.

Ушуга окшогон Кыргызстанда такмактык маркетинг компаниялары толтура. Алар: эмвей, эйвен, орифлейм, мери кей, ИПАР, сибирское здоровье, тянь ши ж.б. Баарысы тең пирамида структурасында түзүлгөн.

Эң биринчи ХХ кылымдын 30-жылдары тармактык маркетингдин идеясын америкалык Карл Ренборг ойлоп тапкан. Биринчи тармактык компания болуп California Vitamins саналат. Жарнамага бир да тыйын коротпостон, пирамиданын ылдыйкы тепкичиндеги кызматкерлердин аракети менен 1 жылдык товар айлантуусу 7 млн.$ түзгөн. Ал эми 1959 жылы Ренборгдун жакын таанышы American Way Corporation “Amway” (Америкалык жол) түзгөн. Бүгүнкү күндө эң белгилүү компания. Бир жылдык товар айлануусу, бүт дүйнө жүзүндөгү өкүлчүлүктөрүн алганда 2 млрд.$ түзөт экен. 1970-жылдын аягында компанияга каршы иш козголуп, бирок эч кынтык таба алышпагандан кийин, иш кайра жабылган. Кыргызстанда да өкүлчүлүгү бар.

Ал эми биздегилерин ала турган болсок, ал жерде пенсионери, студенти, мамлекттик кызматкери, мугалими деле иштеп жүргөнүн көрөсүң. Биринчи төлөм ар кайсы компанияда ар кандай.100 $дан 1000$га чейин, кээ бири андан да көп болушу мүмкүн. Жөнөкөй кызматкерлердин аркасы менен пирамиданын жогору жагында тургандар байышат. Бул компаниялардын баары чет элдик болгондуктан, пирамиданын жогоркулары да чет элдиктер. А биздин жарандар аларга иштеп беришип, аларды байытып жаткандары менен иштери жок. Биринчи киргениңде окуусуна деп өзүнчө акча төлөйсүң, анан журналдарын сатып аласың, анан сөзсүз 100$дык товар алышың керек. Аны жогорку баада сатканы аз келгенсип, тааныштарыңды, туугандарыңды алдап аларды да ишке киргизесиң. Аларды киргизериң менен айлыгың көтөрүлөт жана жогорку бир тепкичке көтөрүлөсүң. Ал тепкичтер төмөндөгүдөй: 1ден 5 жылдызга чейин, андан кийин күмүш, алтын, платина деген. Көбү чет өлкөлөргө окууга барып келишет, бирок өз акчасына. Кээ бир учурда компания төлөдү деп элди алдай беришет. Ушул компаниялардын товарлары өтө кымбат баада сатылат. Ошого окшогон эле товарды эки эсе арзан алса болот базардан, сапаты деле бирдей.

Бир мисал келтирсем, азыркы убакта бизде ИПАР деген компания пайда болду. Борбордук офиси Үрүмчүдө жайгашкан. Уйгурлардын компаниясы болуп саналгандыктан, даары-дармектери да илгерки уйгур технологиясы менен жасалат имиш. Аларга эмне азап Кыргызстанга келип, кыргыздарды айыктырмак беле. Негизгиси товарларын сатыш керек. Күн чечек, ай чечек деген эки белгилүү дарысы бар. Айылга барганда кары-картаңдар ушу дары жөнүндө айтып бүтө алышпай эстери оойт. Айыл жергесиндеги элдин баштарын айлантып коюшуптур. Алар 100$ кайыл болуп, ала беришет экен. Биз да көрөлүчү деп бир эки дарысын алсак, эч пайда чыккан жок. Жөн эле элди алдамай тура көрсө. Өткөндө бир таанышыбыз да үйгө келиптир, дары-дармегин, журналын көтөрүп алып. 1 сааттай эч токтобой сайрап кирди, аягында араң токтоттук. Мен силердин компанияңар тармактык маркетинг десем, жок андай эмес дейт. Журналын ачсам сетевой маркетинг деп жазылып турса да, эч мойун бербейт. Мына ушундай алдамчылардан абайласаңар, жөн эле даарсын, товарларын ала бербей. Алардын көбү бизде мыйзамсыз иш алып барышат. Налог төлөшпөйт. Товарларынын сертификатын көрүүгө эч мүмкүн эмес. Эгер бир нерсе болсо, качып кетишет. Бул жакта адамдар бармагын тиштеп отуруп калышат.

Кыргызстанда жеке ишкердикти өнүктүрүүгө шарт жок
Written by Төлөгөн Аматов, Sunday, 15 May, 2011 – 21:44 | No Comment

Кыргызстандын экономиканын өнүгүү жолдорунун бири жеке ишкердикти өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан шарт түзүү. Биринчи Президентибиз, экинчи президентибиз, үчүнчүбүз деле, ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоол болгон текшерүүчүлөрдүн санын азайтуу боюнча айтып келишет. Мамлекеттин, жеке ишкердикти өнүктүрүүдөгү эң чоң салымы болуп, сырттан кийлигишүүлөрдү жок кылуу болуп эсептелет.
Read the full story »

Москвадагы «Ѳзгѳн» кафеси
Written by Нурила Батыралиева, Wednesday, 23 Mar, 2011 – 8:05 | No Comment

Москва шаары дүйнѳдѳгү ири шаарлардын бири. Ал жерде биздин мекендештер аябай кѳп. Кѳбү кара жумушта иштегени менен, ал жакка кеткендердин арасында , ѳз алдынча бизнес ачып, бир эле материалдык жактан эмес, Кыргызстандын маданиятын, тамак ашы аркылуу тараткандар да бар. Ошолордун бири,  Москвадагы,  бир нече кыргыз улуттук тамак – аштар кафелеринин кожоюну 43 жаштагы Жапар Калыков. Read the full story »

Мамлекеттик кызматкерлер бизнесте!
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 25 Jan, 2011 – 5:00 | One Comment

Мындан туура 5 жыл мурун бир кызыктуу үй-бүлө менен таанышып калдым. Алардын чыныгы атын атабай эле коеюн, күйөөсү да, аялы да мамлекеттик кызматта иштешет. Үйүнө конокко барсам, үйү аябай кооз, чон салыныптыр. Жашы 50 дөн ашкан өзбек улутундагы киши тосуп чыкты. Мен аны үй-кызматкер деп ойлогом, бирок ал киши бул үй-бүлөнүн жеке ашпозчусу экенин кийин билдим. Тамакты түрлөп укмуш сонун жасайт экен. Булар аялы күйөөсү экөө тең мамлекеттик кызматта иштешсе, кантип тың жашоого жетишкен деген ой кеткендир сиздерде.

Алия эженин айтымында, ошол кезде, анын айлыгы 1300 (бир миң үч жүз) сомду түзүп, эч нерсеге жетпейт, күйөөсүнүкү бул суммадан бир аз эле айрымаланат. Алия эже маданият тармагында иштегендиктен, борбордо өтө турган концерттерге уруксат алуу алардын бөлүмү аркылуу өткөндүктөн, оюна бир бизнести баштоо келет. Алгач ал полиграфиялык центр ачууну чечет. Полиграфиялык борбордун жабдууларын кредит алып, ишкананы ачат. Ошол кезде, бул тармак эми эми өнүгө баштаган кези эле. Жумушуна байланыштуу бүт ырчы-чорчулар менен жакшы таанышта болгондуктан, аларга жаңы ишканасынын кызматын сунуштоо кыйынчылыкка турган жок. Ошентип бат эле полиграфиялык борбору жакшы киреше таба баштайт. Бизнеске кызыгып кеткен Алия эже, экинчи бизнес долбоорун ишке ашырат. Ал айылда жумушсуз жүргөн 15 ке жакын жаштарды борборго алып келип, алардын жашай турган жайын, тамак ашын, кийим кечесинен бери даярдап берет. Ал эми ал жаштар болсо, ырчылардын жарнактарын, башка компаниялардын жарнактарын көчөлөргө илип, убактысы бүткөн соң кайра тазалап чыгышат. Бул кызмат үчүн жакшы киреше түшөт. Азыркы убакта, Алия эже мамлекеттик кызматтан кетпей эле, бизнесин чогуу алып кетээрин айтты.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 17 миң, 829 адамды түзөөрү белгилүү, жогоруда мен айткан үй-бүлө бир эле мисал. Мындай мисалдар толтура. Кыргызстанда мамлекет тарабынан жеке ишкерлик кылууга жеңилдиктерге караганда тоскоолдуктар көп экени белгилүү. Бир эле мисал, мурун жеке ишкерлердин жумушун бир эле Финансылык полиция кызматы гана текшергенге укуктуу болсо, азыр жаңы өкмөттүн келээри менен мындай укук ИИМге, Улуттукк коопсуздук кызматына, Башкы прокуратурага да берилди. Бул деген, менимче корррупцияга чоң жол ачкандык. Эгерде бизнеске толук эркиндик берилгенде Алия эжге окшогондор баш оту менен бизнеске киришип, мамлекетибизге чоң пайда алып келмек. Сиздер кандай ойлойсуздар?

Сен бай болосуң!
Written by Нурила Батыралиева, Friday, 21 Jan, 2011 – 8:06 | 4 Comments


Акыркы кездерде Бишкекте ийгиликке жетип, келечекте «Forbеs» журналына чыга турган жаштардын саны өсүүдө. Ооба, мамлекетибизде стабилдүүлүк орной албай жатат, толтура проблемалар бар. Бирок, «бирөө караңгыда кетип жатып, көлчүктөгү айды көрөт, а бирөө, ошол көлчүктөгү ылайды көрөт», дегендей, мен да позитивдүү нерселерди жазгым келди. Келечектеги миллионерлердин ар бири менен СЕНИ сөзсүз тааныштырам, деп убада берем окурманым!

Сен кедей менен бай адамдын ортосундагы айрымачылык эмнеде экенин билесинби?

Кошелектогу акчасынын көптүгүндөбү? Жок, достор, кеп акчада эмес, алардын башында, аң сезиминде. Бай адамдар өздөрүн кандай алып жүрүшөт? Эмне жөнүндө сүйлөшөт? Эмнеге умтулушат? Кандай кийинишет? Баскан турганы кандай?

Менин жазып жаткандарым, балким сиз үчүн аябай эле жөнөкөй катардагы эле пикир көрүнөөр, бирок бул «жөпжөнөкөй» нерсе, аябай маанилүү. Эмнеге? Өзүнүздөр ойлоп көрүнүздөрчү, өзү жүдөгөн, эки сөздүн башын кошо албаган адам менен кайра көрмөк турсун, сүйлөшкүң да келбейт, туурабы?

Бай, перспективдүү адамдын образын түзүп көрөлүчү:

  1. Бешенеси ачык адам.
  2. Өзүн тыкан алып жүргөн.
  3. Сүйлөгөн сөзү ишенимдүү.
  4. Кадамы чечкиндүү
  5. Өзүнүн оюн айткандан эч качан тартынбайт
  6. Лидер
  7. Дайыма ар кандай идеялары бар
  8. Байлыкты акча менен ченебейт
  9. Акча каражатынын эсеп-кысабын жакшы билет, жана башкарат.
  10. Убактысын тура бөлүштүрүп, баардык нерсеге жетишет
  11. Өзүнүн жашоосу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

Бул тизмени 50 гө, керек болсо 100 гө жеткирсе болот. Эгерде сен бай жана ийгиликтүү адам болууну кааласаныз, анда ушул тизмеден баштасаныз болот. Жашооңду өзгөрткүн келбесе, азыркы ахыбалына курсант болсоң, анда өзүү бил, демекчимин.

Ар бирибиз, тээ аң сезимибиздин тереңинде кандай адам экенибизди эң сонун билебиз. Ошол аң сезимибизде өзүбүздү ийгиликтүү адам деп эсептесек, анда айланадагылар да ошондой ойдо болот. Айланабыздагы бизге берилген баа, болгону өз башыбыздагы маалыматтын чагылдырылган элеси.

Кедей адам менен бай адамдын ортосундагы 10 айрымачылыкты карап көрөлүчү. Бай болуш үчүн, КЕДЕЙ АДАМ ЖАСАГАНДЫ ЖАСАБАШ КЕРЕК!

1. Өзүн өзү айо сезими.

Кедейчилике сапар тарткан адам, өзүн өзү укмуш аяп, тагдыры тайкы экенине аябай ишенет. Өзүн өзү айо- бул аябай сонун оор якорь сыяктуу, алдыга жылууга жол бербейт.

2. Сараңдык.

Дүкөн, базарларда «Арзандатуулар» (Скидки, распродажа) деген нерселерди издөө. Дайыма үнөмдөөгө аракет жасоо, булл деген киреше чыгашаны тура эмес жол менен башкарууга алып келет. Арзандын наны татыбайт.

3. Сүйбөгөн жумушту жасоо

Read the full story »

Бизнесвумен болуу..
Written by Нурила Батыралиева, Saturday, 15 Jan, 2011 – 21:22 | No Comment

Биздин жашоо образыбыз мүнөзүбүздү, адатыбызды, жүрүм-турумубузду калыптантат. Ошон үчүн, эгерде ийгиликтүү жана бай айым болгуңуз келсе, өзүңүздү дал ошондой элестетип алып жүрүңүз. Баарын бир заматта өзгөртүп салуу кыйын. Ийгиликтүү, бай адамдарда бар адаттарды үйрөнүүдөн баштоо керек. Психологдордун айтымында, бир нерсени адам 21 жолу кайталагандан кийин ал адат катары калыптынып калат. Бай айым болуу үчүн эч качан акчадан коркпош керек.

Read the full story »