Articles tagged with: Бийлик
Макаламдын темасын минтип койгонумдун себеби, акыркы 5 жылда болуп өткөн, кишинин чачын тик тургузчу окуялар далилдей алса керек.
Апрель төңкөрүшүнөн кийин бийликке оппозициянын өкүлдөрү келип, көп нерсени өзгөртөбүз деп убада беришип, бүгүнкү күндө эч нерсе өзгөрбөй, ошо бойдон эле калууда. 2010 жылы башталган бириккен кылмыштуу топтор менен болгон күрөш, жөн эле элди алдамай, убактылуу токтотуп турган нерседей сезилип жатат.
Кылмыштуу топтордун жөнөкөй гана мүчөлөрү кармалып, ал эми алардын лөктөрү боштондукта жүргөнү баарыбызга белгилүү. Кээ бирин актап, кайра чыгарып жиберген да учурлар бар (жакында эле акталып, боштондукка чыккан дагы бир кылмыштуу топтун анабашчысы. Ал жөнүндө Ө.Текебаев да айтып чыкты эле “өз айылына жол тосмо коюп, элдерди өткөрбөй жатат”-деп).
Шайлоого жакындаганда бул адамдын акталышы да бир кооптонууну жаратат. Баарыбызга белгилүү криминалдык топтордун жардамы жок, бир да шайлоо өтпөйт. Бул кайсы бир президенттике коюп жаткан кандидаттын кызыкчылыгынын астында болуп жатпайбы.
Жакында эле Ички иштер министрлигинин, коопсуздук кызматынын, чек ара кызматынын чоң-чоң орундарды ээлеп отурган кызматкерлери колго түшүшпөдүбү. Алар өз убагында кылмышкерлер менен коюн-колтук алышып, биргелешип кылмыш жасагандыгы, бийлик менен кылмышкерлердин эч айрымасы жок экендигин далилдей алат.
Кылмыштуулук Ак Үйдүн 7 кабатына чейин жетип, жада калса парламентте да кылмыштуу топтордун мүчөлөрү отурганын бир кездери Р.Отунбаева да белгилеп кеткен.
Мунусу аз келгенсип, бийликтин эң жогорку тепкичинде отурган бир жетекчи да Көлдө кримавторитеттер менен жолугуп жүргөнү, бул бийликтин алсыздыгын айгинелеп турат. Азыр мен мен деген спортчусунан баштап, мектептеги биринчи класстын окуучуларына чейин кылмыштуу топторго мүчө болуп жаткандыгы, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурууда. Күндөн күнгө кылмышкерлердин жаш курагы жашарып жатат.
Мектептеги кезинен баштап ушундай топторго тартылып жатса, ал баладан эмне күтүүгө болот!?
Бир гана мисал келтирейин: ушу жылдын 8 октябрында президенттике талапкер К.Ташиев Ак-Босого жаңы конушунда элдер менен чогулуш өткөрдү. Мен да барып катыштым.
М.Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деген жүйөө менен кармалган мурунку президенттин иш башкаруучусу Курманбек Темирбаевдин Ташиевди айланчыктап жүргөнүн көрдүм.
Бийликтегилер айтып чыгышты эле К.Темирбаевди камадык деп. Анын эртеси күнү эле Ата-Журт мүчөлөрү айтып чыгышты “К.Темирбаевдин бизге эч кандай тиешеси жок” – деп. Мына ушундай мисалдан кийин кимисине ишенесиң бийлигинеби, же кылмышкеринеби? Эмне үчүн ал адам боштондукта жүрөт өз жазасын албай?
Кылмыштуулук менен күрөшкөндөрүнүн жыйынтыгы ушубу бүгүнкү бийликтин? Бийлик, мыйзамдуулук үстөмдүк сүргөн мамлекетте, эч кандай кылмыштуу топ, кримавторитет деген түшүнүк болбошу керек.
Эгер андай нерселер коомдо орун ала турган болсо, анда бийлик алсыз, мамлекет мамлекеттүүлүгүн акырындан жоготуп жаткандыгы деп түшүнүүгө болот.
Бүгүнкү бийлик күрөшүп жатабыз деп беткап кийгени менен, мамлекеттин эртеңки келечегине ор казып жатышат ушундай иштери менен.
Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу (децентрализация) аракеттери көз-карандысыздыкты алгандан бери эле көтөрүлүп келген маселе. Бирок, алигече ишке ашкан эмес. Бул тармакта кандай көйгөйлөр бар, аларды кантип чечүү зарыл жана башка суроолорго Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөндөгү өзүнүн сунуштарында жооп берет.
Кыргызстандын өнүгүүсүн мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана элдик бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (МСУ) институтун өнүктүүрүсүз мүмкүн эмес. Муну ишке ашыруу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги башкарууну кайра түзүү керек. Жергиликтүү башкарууну кайра түзүүнүн максаты – жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнү натыйжалуу камсыз кылууга жана калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтө алууга жөндөмдүү жергиликтүү башкаруу системасына өтүү болуп саналат.
Көйгөйлөр:
Бул максаттарга жетүүгө төмөнкү проблемалар тоскоол берет:
- Административдик-аймактык түзүлүштүн чоңдугу
- Милдет жана укуктарды бөлүштүрүү механизмдеринин так эместиги
Жергиликтүу өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын каржы –экономикалык жактан чабалдыгы
- Кыргыз Республикасында коомдук-саясий турмушта олуттуу өзгөрүүлөр жүргөнү менен мамлекеттик башкаруунун аймактык уюштурулушу ошол эле бойдон калган: Республика (борбор) –облус-район-шаар/айыл. Борбордук мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдарынын ортосунда, областтык жана райондук деңгээлдеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле министрликтер менен административдик ведомстволордун көптөгөн аймактык бөлүмдөрү да иштейт. Булар башкаруунун тизгинин узартканы аз келгенсип, кээде биринин ишин экинчиси кайталап да калат. Ушунун баары мамлекеттик башкаруунун натыйжасына, аймактардын (облустар, райондор, шаарлар жана айылдар) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө башкаруунун райондук деңгээли деп эсептелген мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органынын ортосунда ажырым пайда болду, анткени мында аткаруу бийлиги мамлекеттик болуп, ал эми түз шайлоонун негизинде куралган өкүлчүлүктүү орган жергиликтүү бийлик болуп калды.
- Аймактардын экономикалык өнүгүүсүндө жана табигый-климаттык шарттарындагы чоң айрымачылыктардан улам Кыргызстандын муниципалитеттери ар кандай каржылык-экономикалык деңгээлде болуп калды. Ушунун айынан Кыргызстандагы 70%дан ашуун эл чарба тармагы (муниципалдык институттар) дотациялык абалда. 25-30% тармак калган 70-75% тармакты багып жатса, мындай абал экономикалык ресурстардын тең салмактуу эмес бөлүштүргөнүнөн кабар берет. Демек жергиликтүү бюджетти жана бюджет аралык мамилелерди түзүүдө калыптанган көз карашты кайра карап чыгуу зарыл.
- ЖӨБ органдарына мамлекеттик укуктарды каржылык булактары менен кошо камсыз кылып берүүдө мыйзам так талаптарды койгон, бирок бул норма азырынча иштебей жатат.
- Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу иши шаардык жана айылдык ЖӨБ органдарынын деңгээлинде токтоп калды, чынында бул иш мүмкүн болушунча өркүндөтүлүшү керек эле.
ЧЕЧИМ:
Мамлекеттик башкаруу жана административдик-аймактык түзүлүш ишин борбордук бийлик органдарынын төмөнкү функциялары чектелгендей кылып уюштурууга өтүү керек. Алар төмөнкүлөр:
- мыйзамдуулук
- тышкы саясат жана тышкы иштер
- улуттук коопсуздук жана коргонуу
- улуттук программа жана саясатты иштеп чыгуу
- мамлекеттик бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү
Ал эми жергиликтүү жамааттар шайлап жана көзөмөлдөөчү жергиликтүү бийлик органдарынын кароосуна төмөнкүдөй кызмат көрсөтүү функциялары кириши керек:
- билим берүү
- саламаттык сактоо
- социалдык коргоо
- маданият
- спорт
- адамдардын эс алуусу
Сүрөт Елена Скочилого таандык. Бишкек, 2007
Бийлик ар дайым милиция кызматкерлерине таянып, өз иштерин жүргүзүп келишет. Андыктан, ар кыл оппозициялык кыймылдар дал ушул укук коргоо органдарынан көптөгөн жакшы дагы жаман дагы нерселерди күтүп келишет.
Бүгүн Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитети укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылуу жасашты. Бул ачык кайрылуу офицерлерге, прапорщиктерге жана аскер кызматкерлерине багытталган.
Өлкөдөгү азыркы оор кризистик абалдын эң башкы себеби мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына Бакиевдердин үйбүлөөсү ээлик кылып менчиктеп алгандыгында, 2005-жылдын 24-мартындагы элдин жакшы жашоого карата үмүтү, тилеги тепсендиде калгандыгында деп оппозиция кеп баштады.
Азыркы шартта мыйзамдуулук менен укуктук тартиптин Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок. Алар өздөрүн мыйзамдан жогору, кол тийбес абалга койуп алышты. Алам дегендерин алышат, кылам дегендерин кылышат. Өлкөбүз ачыктан ачык эле таланып, тонолуп жатат, колго илинер байлыктарынын баары сатылууда. Мындай кыянатчыл саясаттын запкысын азыр ар бир үйбүлөө тартууда. Беш жыл мурдагы элдин жашоосун азыркы жашоо менен кантип салыштыра алабыз. Жада калса Кудай берген Токтогулдагы суу да сатылып кетип, үч жылдан бери свет күндө өчүп, эл тезек терип жан сактоого мажбур болду.



Акыркы пикирлер