Articles tagged with: жеке менчик
Кыргызстанда жеке менчик проблемасы ар бир адамдын жүрөгүн өйгөн маселе. Себеби, өлкөдөгү чоң-чоң бизнес кылган камапаниялардан баштап, кичине жеке ишкерлик менен алек болгон адамдарга чейин кысымдар көрсөтүлүп келет.
Андай кысымдар криминалдык топтордон баштап, паракорчулукка белчесинен баткан мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп келе жатат.
Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында жеке менчик жөнүндөгү нормалар так жана даана көрсөтүлүп турса дагы, ушу күнгө чейин кыйратып эч кимди коргобой келет. Ал мыйзамдар кагаз бетинде эле калып, реалдуу турмушта эч качан иштебейт.
Жеке менчикти коргоо – бул экономиканын өнугүүсүнүн бирден бир булагы болуп эсептелинет. Инвесторлордун келүүсүнө да кепилдик боло алат.
Тилекке каршы өлкөдө болуп жаткан баш аламандыктын айынан инвестор эмес, жөнөкөй адам эс алып келүүдөн коркуп, баш тартып жаткандары канча бүгүнкү күндө.
Өлкө башынан бир эмес, эки төңкөрүштү өткөрдү. Экөөндө тең чоңдордун мүлкүнөн баштап, карапайым адамдардын мүлкүнө кол салуулар болуп, кылмышка тиешеси бар адамдар бүгүнкү күнгө чейин өз жазасын албай келет.
Төңкөрүштүн аркасы менен келген жетекчилер эски бийликти айыптап, аларга тиешелүү делген менчиктерин өзүнө же туугандарына каттатып алган учурлар абдан көп.
Менчикке кол салууда жеке адамдар, кылмыштуу топтор жасабашы баарыбызга белгилүү. Алар бийликтин жогорку бутактарында отурган аткаминерлердин колдоосунда жасалып келүүдө.
Буга Ак Үй, Көк Үй, сот бийлиги, милициясы, каттоочу органдар ж.б.кошсо болот.
Эң биринчи кезекте көп пайда алып келген кампаниялар, банктар, өндүрүш иш каналары кызыгуу жаратат. Мындай объекттерди атайын бонкрот кылышып, жетекчилерине иш козгоп, алардын туугандарын, балдарын коркутуп үркүтүүнүн жардамы басып алып жатышат.
Мисалы 2005 жылдан кийинки “Вечерний Бишкек” ,КООРТ каналынын 5-канал болуп өзгөртүлүшү ж.б. Ал эми 2010 ж. апрель окуясынан кийинки улутташтырылган объектилер, 5-каналдын Парламенттик болуп өзгөрүшү.
Мындан тышкары канчалаган жер басып алуулар болуп жатат, соодо түйүндөрүндөгү тоноолор – ушунун бирин коргодубу мамлекеттик органдар? Жок, тескерисинче тоноочуларга жол ачып берди!
Ушундай баш аламандыктан, басып алуучулуктан, мыйзамдардын чала бышып, иштебей жатышынан биз кантип өнүгөбүз? Ушу кебетебизди көрүп, кайдагы инвестор келмек эле?
Бирөөнүн мүлкүн тартып алып, эртеси эптеп бийликке келип, тартып алган мүлкүмдү коргосом деген эле адамдар бүгүн Кыргызстанда.
Ушинтип отурсак кыргыздар кырылып калабызго. Абдан кейиштүү абалга келип калдык. Эртеңки балдарыбыздын келечеги кандай болот?
Жеке менчик – менчиктин бир түрү жана мыйзам тарабынан корголот. Кыргыз Республикасынын башкы мыйзамында да жеке менчик мамлекет тарабынан корголот жана эч ким аны тартып алууга укугу жок – деп жазылган.
Советтер Союзу кулап, Кыргыз Республикасынын көз карандысыз болгонуна 20 жыл толду. Мурда ашыкча мал-мүлк күтө албагандарга короо-короо кой күтүүгө, ишкерлик кылып байууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көз карандысыз мамлекет алсыз, чабал болсо – башка байыраак, чоңураак, күчтүү мамлекетке көз каранды болуусу ыктымал. Андыктан эл аралык тажрыйбада көз карандысыздыктын негизи катары экономикалык көрсөткүчтү алып карашат.
Биздин мамлекетте 1995-жылга чейин экономикалык алга умтулуу бир топ эле аз болуп, коомчулук жаңы базар шарттарына көнбөй, жеке ишкерлер жаңы – жаңы пайда болуп баштаган. 1996-жылдардан кийин гана эл ишкерлик кылуу керектигин, мамлекеттин көрсөтмөсү менен эмес, ишкерлер өздөрү ойлонуп аракет кылуу зарылдыгын түшүнө башташкан. Ошондон кийин гана коомчулук өзү аракеттенип, базарлык алакалар өнүгө баштаган.
Жеке ишкер бүгүнкү күндө мамлекет үчүн өтө кымбаттуу, алтын адам. Айлык сурабайт жана өзү менен өзү убара. Салык төлөйт. Кала берсе башкаларга да жумушчу ордун түзүп берүүдө. Бул жалпы коом үчүн эң сонун жетектөөчү күч. Бир гана чатак жери – мамлекет ошол өзү менен өзү алектенип оокат кылып аткан кишилерди, башка элге оокат кылып аткан кишилерди тономой жагын жакшынакай кылып өздөштүрүп алышкан. Касаптын мышыгындай аңдып турат. Түпкүлүктүү, иш адамында чындап эркиндик бере турган даражадагы реформалар болгон жок ушуга чейин.
Ошентсе да жеке менчик күтүү, ишкерлик кылуу жаатында жетишкендиктер да жок эмес. Өздөрү аракет кылып, “Шоро”, “Кыргыз Концепт”, “Имарат Строй”, “Абдыш Ата” сыяктуу ишканаларды негиздеген ондогон ишкерлер пайда болду. 20 жылдык тарыхта ар бир бийлик алмашкан маалда менчик мал-мүлктөр кайрадан бөлүштүрүлүп келди. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги же алардын үй-бүлө мүчөлөрү бирөөнүн байлыгын тартып алган учурлар болду жана бүгүн да коркунучтар жоголгон жок. Менчик корголбогон өлкөдө ишкерлик өнүкпөсүн, инвесторлор келбесин, өлкөнүн экономикасы алга умтулбасын баарыбыз билебиз. Ушул тапта менчикти коргоо жагын бекемдөө абдан маанилүү экенинин айтып коелу.
Кыргыз Республикасында сот органдары да, тескөөчү органдар да жеке менчикти коргоо үчүн иштешкен жок. Андыктан жеке менчикти коргоо жагын бекемдөө маселеси бүгүн кырынан турат.
Инвестиция – өз өлкөсүндө же башка өлкөдө ар кандай ишканалардан, ишкерлик проектилерден, социалдык-экономикалык программалардан, инновациялык проектилерден киреше алыш үчүн мамлекеттик же жеке капиталды узак мөөнөткө салуу.
Инвестиция – киреше алыш үчүн капиталды экономикага узак мөөнөткө салуу. Инвестиция азыркы замандын экономикасынын бирден бир бөлүгү болуп саналат. Кредитке караганда инвестициялар инвесторлор үчүн коркунуч деңгээли менен айырмаланат. Мисалы: кредитти алгандан кийин сүйлөшүлгөн шарттар боюнча акчаны кайра пайыздары менен сүйлөшүлгөн убакыттын ичинде кайтарып бериш керек. Инвестициялар – кирешелүү гана проект болсо кайра акчаны жана кирешени кайтарып алса болот. Эгерде проект кирешелүү эмес болсо анда инвестициялар жок болуп кетиши мүмкүн.
Инвестицияларды тартыш үчүн кийинки шарттарды сактоо керек:
- Келечеке жакшы иштелген жумуш план болуш керек. Анткени, инвесторлор салган акчалары келечекте киреше алып келерин билиш керек.
- Коомдо кадыр баркы бийик болуш керек. Инвесторлор көмүскөдөгү ишканага акчасын салгандан коркушат. Ошондуктан ишеничи бар гана ишканаларды тандашат. Ишенимди иштеп табуу үчүн ачык жумуш алып барып, бухгалтердик отчетторду ачык жүргүзүп, ММКлар менен тыгыз байланышта болуш керек.
- Ички саясат. Ишкана кайсы мамлекетте болбосун, мамлекеттин ички саясаты кандай болсо ошого жараша инвесторлордун мамилеси да ошондой болот. Эгерде мамлекетте ар кандай окуялар болуп, чет өлкөлүк инвестицияларга карата коргоо болбосо, бир дагы инвестор мындай мамлекетте жумуш алып баргысы келбейт.
Биздин өлкөдөгү азыркы инвестициялык климат жакшы деп айтуу кыйын. Анткени, акыркы беш жылдын ичинде эки жолу революция болуп, өлкөдө мыйзамсыздык күч алган эле. Ушунун кесепетинен көптөгөн инвесторлор биздин өлкөдө бизнес жасагысы келишпей коңшу өлкөлөргө кетип калышкан. Анан дагы былтыркы апрель окуяларынан кийин Бакиевтин үй-бүлөсүнө тийиштүү көптөгөн ишканаларды мамлекет улутташтырып, инвесторлордун арасында ар кандай ой пикилерди пайда кылды десем жаңылбайм. Анткени, мындай окуя келечекте таптакыр саясаттан тышкары ишканалардын улутташтырылып кетилишине жол ачып берет деп ойлойм.
Бирок инвесторлорго ылайыктуу шарт түзүп берүү менен өзүбүздүн мамлекетибиздин кызыкчылыгын унутпашыбыз керек. Мындай учурлар да биздин тарыхыбызда бар. Мисалы: кумтөрдү алып көрсөк, мамлекетибизге бир топ ыңгайсыз шарттар менен келишим түзүп алганбыз жана мындай туура эмес шарттардын кесепетинен бюджетибизге канча миллиондогон акчалар түшпөй келе жатат. Ошондуктан качан мамлекеттик башкаруу системасы оңолгондо ошондо гана алга умтулуулар болот деп ойлойм.
Жеке ишмердүүлүк же бизнес деген – бул өз алдынча жана өз коркунучуна жүргүзгөн ишкердик жана эн негизги максаты болуп ар кандай мүлктөн же материалдык эмес активдерден, товар сатуудан, ар кандай кызмат кылуудан же тейлөөдөн мыйзам чегинде систематикалык киреше алып турушу саналат. Жеке ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгү алынган кирешеден гана эмес бизнестин базарлык баасынын өсүшүнөн да көз каранды болот. Жеке ишмердүүлүк, бизнес – базар экономикасынын эң негизги атрибуту болуп эсептелинет.
Биздин өлкөдө да жеке ишмердүүлүк, бизнес – мамлекеттин экономикасынын эң негизги кыймылдаткычы болуп эсептелет. Жеке ишмердүүлүкө мамлекет өзгөчө көңүл буруп, бул тармакта көп жылдардан бери бир топ реформаларды өткөрдү десек болот. Мисалы:
- Жерге жеке менчик киргизүү
- Соода объектилерин, тейлөө тармагын приватизациялоо
- Сооданы либеризациялоо
- Акча-кредиттик саясатты жөнгө салуу
Азыр жеке ишмердүүлүк, бизнес – биздин өлкөнүн ички дүң продукциясынын 90 пайыздан ашыгын түзөт.
Дүйнөдө экономикалык эркиндиктин индекси – деген түшүнүк бар. Бул изилдөөнү көп жылдан бери Мурас Фонду (Heritage Foundation) өткөрүп келет. Өлкөнүн экономикасынын эркиндигинин деңгээлин орто арифметикалык 10 параметрден турган түшүнүктөрдөн эсептелинет. Бул параметрлер: бизнести жасоого болгон эркиндик, соода, инвестиция, эмгек, финансылык сектор, монетардык жана фискалдык эркиндик, жеке менчике болгон кепилдик, бюрократиялык аппараттын дээңгээли жана коррупциядан коргоо деңгээли.Бул индекстин жогорку рейтинги 100 деп бааланат.Эгерде 100 деп бааланган экономика болсо анда мындай экономика толук эркин деп эсептелинет.
Мурас Фондунун изилдөөлөрүнө таянсак Кыргызстандык экономикасы 2011 жылы 61,1 пайыз алып, орточо эркин экономика деп бааланган. Айтып кетсек өлкөлөрдүн экономикасы 5 деңгээлге бөлүнөт:
- 0 – 49,9 эркин эмес экономика
- 50 – 59,9 негизи эркин эмес экономика
- 60 – 69,9 орточо эркин экономика
- 70 – 79,9 негизи эркин экономика
- 80 – 100 эркин экономика
Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстан экономикалык эркиндиктин индекси боюнча 83 орунду ээлейт жана КМШ мамлекеттеиринин арасында Грузия (70.4 пайызы менен дүйнөдө 29 орунда) менен Казакстандан (62.1 пайызы менен дүйнөдө 78 оорунда) кийин 3 орунда турат. Айтып кетсек Белорусия, Украина, Өзбекистан, Туркменистан – экономикалык эркиндиктин индекси 50 пайызга жетпей эркин эмес экономика деп бааланган.
Дүйнөлүк Банк (World Bank) жана Эл аралык финансылык корпорация (IFC) “2011 – жылда Бизнес Жасоо” (Doing Business) деген жыл сайын чыгуучу аналитикалык докладын жарыялады. “Бизнес Жасоо” изилдөөсү – глобалдык изилдөө жана дүйнөдөгү мамлекеттердин рейтинги аныкталган. Бул изилдөө дүйнөдөгү 183 мамлекетте жүргүзүлүп, кайсы мамлекет бизнести жасоого жакшы ылайыктуу шарттарын түзүп бергенин аныктайт.
Ылайыктуу “Бизнес Жасоо” рейтинги 10 индикатордон туруп, баардык индикаторлор бирдей баада бааланат. Бул индикаторлор: жаңы ишкананы ачуу боюнча жеке ишмердин мамлекеттин койгон талаптарын аткаруу жана убакыт менен баасы, ишкананын ишмердиги, соода операцияларын жасоо, келишимдердин аткаруусунун камсыз кылуу, салык төлөө жана ишкананы жабуу.
Бул изилдөөлөрдүн негизинде бизнести жасоого эң ылайыктуу шарттар бар экенин 5 жылдан бери 1 – орунду ээлеген Сингапур деген мамлекет табылган. Анан кийин Гонконг, Жаңы Зеландия, Улуу Британия жана Америка Кошмош Штаттары турат. Кыргызстан болсо “Бизнес Жасоо” (Doing Business) рейтинги боюнча дүйнөдө 44 – орунду ээлейт. http://russian.doingbusiness.org/rankings КМШ мамлекеттеринин арасынан Грузияда бизнести жасоо үчүн эң жакшы шарттар түзүлгөн десек болот. Грузия дүйнөлүк “Бизнес Жасоо” (Doing Business) рейтингде 12 – орунду ээлеп, бир топ өнүккөн мамлекеттерден ашып кеткен. Ал эми Казакстан болсо эркин экономикасы боюнча биздин өлкөдөн өйдө турса “Бизнес Жасоо” рейтингде 59 – орунду ээлеп, Азербайджандан (54 – орун) да артта калган.
Кыргызстанда болуп жаткан сооданы либерализациялоо өзүнүн натыйжасын берди десек болот. Бирок, дагы чечиле элек маселелер көп. Мисалы: тарифдик эмес тоскоолдуктар, алып келинген импортко болгон акциздер, жеке коммерциялык ишканалардын мамлекет тарабынан катуу көзөмөлдөгөнү, жеке ишмердиктин лицензиялоосун чектөө, растаможканын коррупциялык механизмдери. Бул маселер чечилсе Кыргызстанда бизнес жасоо абдан оңой жана жөнөкөй болуп, чет өлкөлүк инвесторлорго биздин өлкөдө бизнес жасоо кызыктуу болот деп ойлойм.
Акыркы маалда жеке менчикти сактоо, улутташтыруу жана рейддик операциялар сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр биринен бири ашып, өлкөбүздү каптай баштады. Андыктан, бул макалада Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту кантип жеке менчикти сактоо керек экендиги тууралуу өз пикирин билдирет.
Жеке менчикке ээ болуу, колдонуу жана аны күндөн күнгө арттыруу базар экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат, себеби азыркы жашоодо инновациялар жана инвестициялар жеке менчиксиз мүмкүн болмок эмес. Жеке менчик анын ээсинин тегерегинде өзгөчө эркиндик мейкиндигин жаратат. Ал мамлекет кийлигишпөөдөн пайда болгон эркиндик. Андан тышкары бир жеке менчикке ээ болгон киши менен экинчисинин ортосундагы мамилелердин чектерин аныктап турат. Ошентип жеке менчик адамдын коомдук активдүүлүгүнүн бардык түрүнүн шарты болуп калат. Менчик системасында мыйзамдын өкүмдүгү да чоң ролду ойнойт. Мыйзам менчикке болгон укуктардын коопсуздугун камсыз кылат, коммерциялык чечимдерди кабыл алууда жеке жана юридикалык тараптарда ишенимди жаратат жана узак мөөнөттүү пландаштырууга жана кирешелердин коопсуздугуна кепилдик түзөт.
Көйгөйлөр
Азыркы учурда жеке менчикке болгон укук Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын укуктук колдоосуна ээ болгон. Бирок ошол эле убакта жеке менчик институту ушул күндөргө чейин көпчүлүктүн урматына жана колдоосуна ээ боло албагандыгы үчүн өнүкпөй келет. Буга көптөгөн эл аралык иликтөөлөр күбө болуп келет. Мисалы Кыргызстан IPRIдын көрсөткүчү боюнча 125 орундан 97-орунда турат. Heritage Foundation аттуу уюмдун тыянагы боюнча жеке менчикке болгон укукту коргоодо Кыргызстан 100 упайдан 25 гана упай алган. Азыркы учурда Кыргызстанда жеке менчик жааты эбегейсиз кыйынчылыктарга дуушар болуп турган кези. Биздин оюбузча жеке менчик институнун өнүгүүсүнө тоскол болуп жаткан негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр:
- Жеке менчиктен себепсиз айырылып калуу мүмкүнчүлүгү;
- Интеллектуалдык менчикке болгон укуктун бузулушу;
- Көз карандысыз сот бийлигинин жоктугу.
1. Менчиктен себепсиз айрылып калуу мүмкүнчүлүгү
2010-жылдын 27-июнунда референдумда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынган. Мурдагы Конституциядай эле, жаңы Конституцияда да менчикке болгон кол тийбестик жөнүндөгү жобо орун алган. Жободо эч ким мүлкүнөн себепсиз ажырап кала албайт жана мүлккө болгон укуктан ажыратуу соттун гана чечими менен ишке ашырылат деп жазылган. Ошол эле учурда жаңы Конституцияда мүлктөн ажыратуунун төмөндөгү жоболору айтылган:
- Улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, калктын саламаттыгын сактоо жана башка жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максатында, мыйзам тарабынан каралган учурларда соттун чечимисиз мүлкүнөн ажыратуу. Мындай учурда айтылган иш аракеттин мыйзамдуулугу сот тарабынан сөзсүз түрдө каралышы шарт;
- Мүлктүн баасын жана тартып алуудагы болгон башка чыгымдарды төлөп берүүнү алдын ала адилетүү камсыз кылып, соттун чечими менен мыйзамда каралган коомдук зарылчылыктар үчүн мүлктү алып коюу;
- Мүлктүн баасын жана башка чыгымдарды төлөп берүү тууралуу мыйзамдын негизинде ишке ашырылган жарандардын же юридикалык тараптардын мүлкү болуп саналган мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү (улутташтыруу).
Алгач жогоруда айтылган жоболордун али чийки экендигин белгилей кетели. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун, адеп-ахлагын, башка жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында деген шылтоо менен соттун чечими чыкпай туруп мүлктү алып коюу өтө эле аша чапкан негиз. Ушул эле негизге таянып мүлктү компенсация төлөп бербей эле алып коюуга да жол ачылат. Ушундай учурлар мыйзамда кандайча чечилээри түшүнүксүз: бул иш атайын мыйзамдарда каралгандай мүлктү тартып алуунун жалпы эрежелери менен жүргүзүлөбү же ушундай ар бир объект боюнча өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен ишке ашабы? Мүлктү тартып алуунун мыйзамдуулугун сот кандайча тартипте териштире турган процедурасы да анча айкын эмес: мындай териштирүү алдын ала болуш керекпи же улантылып иштеп туруш керекпи, ушундай иштер кайсы процессуалдык нормалардын негизинде жүрүшү керек жана натыйжада кандай соттук актылар чыгарылышы керек.






Акыркы пикирлер