Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Ислам

Экстремисттер менен экстремистче күрөшүү зарылбы?
Written by adilet, Friday, 15 Jul, 2011 – 14:00 | No Comment

Кыргызстанда социалдык-экономикалык абалдын начардыгынан диний экстремизм күч алып бараткандыгы баарыбызга белгилүү. Акыркы жылдары диний экстремистик уюмдардын саны бир топ көбөйдү. Сырткы күчтөрдүн таасиринен улам Кыргызстандын аймагында айрым диний радикал топтордун күч алышы мүмкүн. Алардын негизги максаты – калкты толугу менен бурмаланган ислам же христиан диндерине өткөрүү. Айрыкча Кыргызстандын түштүгүндө террористтик жана диний экстремисттик кыймылардын күчөп кетүү коркунучу бар.

Анткени, баарыбызга белгилүү болгон 90 – жылдардын аягындагы Баткендеги террористердин биздин өлкөгө каршы кол салуусу жана Фергана өрөөнүндөгү экстремистик уюмдардын уламдан улам көбөйүп жаткандыгы. Мындай уюмдардын негизги максаты Фергана өрөөнүндө өздөрүнүн Ислам Халифатын (мамлекетин) түзүшүп, өзгөчө жашоо эрежесин орнотууга умтулушат.

Жашоо шартынын начардыгынан биздин өлкөнүн жарандары тыюу салынган диний уюмдарга акча менен азгырылып, тартылууда. Учурда Кыргызстанда “Хизб-ут-Тахрир” тыюу салынган диний кыймылынын 1 миң 900дөн ашык мүчөсү бар экен. 2010-жылы жана быйыл биринчи кварталда алардын 40ы кармалып, 23 адам соттолгон. Алардан миңдеген экстремисттик адабияттар, баракчалар алынган.

СССР 70 жыл Кудай жок деп келген, бирок биздин ата-бабаларыбыз Кудай бар деп баарыбызды ыйман жолуна тарбиялаган. Бүгүн Кудайга шүгүр, мечиттер салынып, намаз окуган адамдарыбыз көбөйүүдө, бирок бүгүнкү күнү ар түрдүү экстремистик күчтөр ислам динине жамынып алышып, ар кандай ыплас жолдорго барып жатышат. Былтыркы түштүктө болуп өткөн июнь окуясынын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири экстремистик күчтөр деп тастыкталган.  Ислам дининде сен кыргызсың же сен өзбексиң деп жазган эмес, ал жерде баары мусулман деп гана жазылган. Бүгүнкү күнү мамлекеттик бийлик дин ишине кийлигишпеш керек жеп жатышат, бирок биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө ар кандай диний экстремисттик жана террорчу күчтөр коркунуч жаратып жатканда, мамлекеттик бийлик кийлигишпей кое албайт. Бизге мамлекеттибиздин бүтүндүгү керек.

Мындан тышкары июнь окуясынан кийин сепаратизм да күч алды.  Учурда улуттар аралык ырксыздыкты жаратып, өлкөдөгү туруктуулукту бузууну көздөгөндөр бар. Түштүктө былтыр болгон каргашалуу окуядан кийин бир топ адам Ооганстан жана Пакистандагы террорчуларды даярдоочу лагерлерге жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат бар. Алардын көбү жаштар экени белгилүү – бул маалыматты Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы К.Дүйшөбаев тастыктады.

Атайын кызматтын өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндө ишмердүүлүгүн жандандыра баштаган радикалдык маанайдагы диний экстремисттик агымдардын катарына: салахиттер, вахабийлер, акрамийлер, Таблики жамаат, Хизб-ут тахрир жана Шарп сыяктуу уюмдарды аташты. Улуттук коопсуздук кызматынын, дин иштери боюнча агентчиликтин жана башка тартип коргоо органдарынын иштери канаттандыраарлык эмес жана бул багытта күчтүү саясат жүргүзбөсөк экинчи Ооганстан болуп калышыбыз ыктымал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агентчиликтин маалыматы боюнча акыркы жылдары Пакистанга, Сауд Аравиясына жана башка мусулман өлкөлөрүнө окууга кетип жаткан кыргыз атуулдары ал жактан экстремисттик маанайдагы окууларга сугарылып жаткандыгын жана алардын саны жылдан-жылга көбөйүшү кырдаалды оорлотуп жибериши мүмкүн.

Сунуш катары диний экстремизм менен, “Хизб-ут Тахрир”,“Аль-Каида”, же башка болобу, алардын өздөрүнүн куралы менен күрөшүбүз керек. Биринчиден, күчкө салган метод эмес, агитация катары. Элдин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Анан кийин түшүндүрүү иш боюнча адистер жана дин маселе боюнча органдарда атайын даярдалган адистер болушу зарыл. Мисалы: “Хизб-ут Тахрир”,“Аль-Каида”, же башка экстремистик кыймылдардын атайын даярдалган элдин арасында дабаатчылары бар.

Ошолор элдин арасында жүрүп, өзүнүн көз карашын, диндик жоболорун таркатып, элди ошол жол менен тартып атат. Ошого каршы, мисалы, өкмөт дагы ошондой жол менен барып, элдин арасында көбүрөк иштеши керек. Өкмөттүк органдарда күчтүү адистер болуш керек. Ошон үчүн идеологиялык деңгээлде күрөш жүргүзүшүбүз керек. Мисалы, жалаң эле камакка алып, репрессия жолу менен күрөшүү да өзүнүн жыйынтыгын бербейт, тилекке каршы тескерисинче болушу мүмкүн.

Кыска мөөнөттүү күрөш жүргүзүү аркылуу диний экстремизмге байланышкан коркунучтарды жоюу мүмкүн эмес. Кыргызстанда бул көйгөйдүн күчөп баратышына, коррупциянын таасири күчтүү.

Ошондуктан, коопсуздукка коркунуч келтирип жатат деп тизмеленген экстремисттик, террорчул жана сепаратисттик уюмдарга каршы кандай күрөшүү алда-канча натыйжалуу болот экен.

От күйгүзбөйт, таш учат
Written by Асель Шабданова, Saturday, 7 May, 2011 – 19:52 | No Comment

Кандайдыр бир конфессиянын мүчөсү болбогон адамды дагы, христиан дининдеги сыйкырдуу от, Каабадагы абада илинип турган таш, ж.б. укмуштуу нерселер таасир калтырат. Булар же кудайдын бар экенинин белгисиби же табияттын кубулушубу, так жооп жок. Ошентсе дагы, мен ислам жана христиан дининдеги бүгүнкү жашоодогу болуп жаткан сыйкырдуу көрүнүштөрү жөнүндө баяндап кетсем.



Күйгүзбөгөн жалын

Ар бир жылы православдык христиандар Пасха майрамынын башында Иерусалимдеги Иисус Христостун мүрзөөсүнө – Кувуклияда кудайдан түшкөн жалынды күтүп келишет. Жалындын мааниси православдык христиандыктарга абдан чоң- эгерде ал күйбөй калса, анда кудай менен байланыш жок болду, акыр замандын келишин түшүнүшөт. Ошон үчүн жалындын жануу процесси православдыктар үчүн бактылуу окуя, ал шашма түрдө дүйнө жүзүндөгү православдык чиркөөлөргө жеткизилет. Мына бизге дагы 27-апрельде чырак менен жеткизилген.  Жалындын жаңы түшкөн учурунда, тагыраак айтканда 1-2 мүнөт ал күйгүзбөйт,  священниктер беттерин, колдорун кадимкидей жууп алышат, бирок, кийин күчөп, кадимкидей эле от болуп калат.  Православдыктардын терең ишенүүсүндө, бул жалын Иисус Христостун кайра тирилүүсүнүн символу.  Жалын чоң болуп күйбөйт, кичинекей үңкүрдө кичинекей жалын пайда болот, кувуклиядагы  священник жалынды  пахта менен акырын күйгүзүп алып, жалынды чоңойтот. Священниктин өзү менен жалынды кувуклияга киргизбеш үчүн бүгүн израильдик полиция текшерет, процессте арабдар да катышат. Бул жалын жөнүндө биринчи маалыматтар 4 кылымдарга таанымал. Бирок, ал кездеги жалын, кувуклиянын эшиктери жабылып, адамдын жардамы жок эле, чырактарды, шамдарды жандырчу деп белгиленет.

Бүгүнкү күндө скептиктер бул жалындын өзү эчак эле күйбөй калганын, священниктердин өздөрү эле кылып койгонун, жана жасоо жолун айтып кетишет. Бул жалын жөнүндө биринчи маалыматтар 4 кылымдарга таанымал. Бирок, ал кездеги жалын, кувуклиянын эшиктери жабылып, адамдын жардамы жок эле, чырактарды, шамдарды жандырчу деп белгиленет.

Ошондой эле православдыктардын укмуштарына чокунуу маалындагы алынган суунун бузулбашын жана иконалардын ыйлашын айтып кетсек болот.


Абадагы таш

Мусулмандар Мекка шаарындагы Каабадагы ташка да чоң көңүл бурушат, намаз окуганда  туура тарапты көрсөтүүчү ориентир катары эсептешет. Ажыга барганда мусулмандар ташты өбүп же сылап коюуга умтулушат. Анткени, алардын ишеничинде, бул таш кечирүүнү, жана тазарууну түшүндүрөт. Кара таш сууда чөңбөйт жана абада илинип турушу мүмкүн.  Анын (  арабча “аль-Хаджар аль-Эсвад“) пайда болгону жөнүндө мындай пикир бар.  Адамдын периштеси болчу, бирок, айып кылуудан сактап калбаган соң, кудай аны  ташка айлантып салган.Бирок, башында бул таш аппак болчу. Адамдардын күнөөлөрүнөн кийин сырты кара болуп, бирок, ич жагы ак бойдон калган деген ой бар. Ал эми таштын Кааба менен курулушунун себеби, Ибрахим мечитти тургузуп жаткан кезде, адамдар аны айланууну туура аткарыш үчүн белги катары тандаган.

Мусулмандар кара ташка урматтоо гана мамиле кылышат, анткени Мухаммад Аллахтан башка эч кимге жана эч нерсеге сыйынбаш керектигин айткан. Христиандарга же иудейлерге окшобой, Мухаммад  каза болгон жерди ыйык кылууга тыюу салган. Каабанын ислам дини орношконго чейин бутпарастыктын ыйык жери болгону белгилүү. Кара таштан башка ал жерде 300гө жакын кудайлардын символдору бар болчу, Мухаммад баардыгын жок кылып, аны ыйык, Аллахтан берилген деп, сактап койгон. Демек, кара таш кандайдыр бир сырдуу мааниге ээ болсо дагы, ал башкы орунда турбайт. Мухаммад пайгамбар кылганды мусулмандар дагы кайталашат эмеспи, ошентсе да таштын пайдасы дагы, зыяны дагы жок экенин белгилешет.

Ар бир адам кандайдыр бир убакыттан кийин өзүнө ылайыктуу кылып, ар кандай диндерден чогултуп, өзүнүн динин ойлоп табат. Ошон үчүн, мындай сыйкырдуу белгилерди кандай түшүнүү жана кабыл алууну өзү гана чечет. Ким таң калтыруучу диндик белгилерге жолуккан?

Биз кайсы диндебиз?
Written by Асель Шабданова, Friday, 11 Mar, 2011 – 19:22 | 6 Comments

Кичинекей кезибизде тиш түшкөндө: ” Жаман  тишимди сен ал, жакшы тишиңди мага бер”,- деген сөздөр менен күчүккө бергенибиз,же идишти сындырып алганда,аны баштан үч жолу тегеретип туруп, түкүрүп  ыргытканыбыз ар бирибиздин  эсибизде болуш керек. Дегеле теңирчиликтин ырым-жырымдарынынын көп түрлөрүн  биз байкабай эле аткарып жүрөбүз. Менин оюмча, бул накта кыргыздардын тарыхый идеологиясы ген аркылуу  тукумдан тукумга берилет.  Эмнегедир, акыркы маалда коомдо кеңири тараган исламга караганда, теңирчилик  жан-дүйнөмө  жакын. Ата-бабаларыбыздын дини, анын ислам  менен мамилеси  жөнүндө айтып кетсем.

Биринчиден, терминдин этимологиясы жөнүндө коомдук ишмер, кыргыздардын тарыхын изилдөөчү – Дастан Сарыгуловдун айтымы боюнча, “теңир” деген сөз “тең” жана “ири” деген сөздөрдөн түзүлөт да, чексиз теңдик дегенди билдирет. Кеңирирээк айтканда, жашоодо баардык нерсе -  жакшылык – жамандык, аял- эркек, кедей -бай, жаратылыштагы процесстердин баардыгы тең баланста болуш керек. Конфуцианстводогу инь жана ян концепциясы туура келет.  Ар бир нерсенин баркын билүү үчүн анын тескерисин көрүү зарыл, ак карасыз болбойт. Чыгыш культурасын көпкө чейин басынткан Европада 18 кылымда гана Гегель Г. карама-каршылыктардын биримдиги жана каршылыктары жөнүндө диалектика теориясын жаратат. Ошону менен бирге, байыркы кыргыздардын жаратылыш менен болгон зор байланышты айтып кетүү зарыл. Кыргыздар өздөрүнун пайда болушу жөнүндө: “биздин атабыз- нур, энебиз-жер, каныбыз -суу, жаныбыз- аба”,- деп эсептешкен.

Жашоо – жол, жакшылык жана жамандыктарды кездештирген, башкысы – эмнени тандаарың.  Бир жерден экинчи жерге көчкөнү – жерди эс алсын, күчкө кирсин дегени, майда болобу, чоң болобу, тирүү жанга аяр мамиле кылган. Азыркыга чейин, жаш балдар “Биз нурдан жаралдык” деп, ал эми элде Жер эне деген сөздөр кеңири таралган.  Дагы бир теңирчиликтин ток этээр жери-  баардык нерсенин башталышы жана аягы бир, же убакыттын кайталана турган касиети. Менимче,  жашоого мындай көз карашты эч ким бизге үйрөтпөсө дагы, теңирчиликтин биздин аң-сезимибизге терең сиңилген. Бугүнку күнгө чейин ыйык сууларга жалынуу, бактарга чүпүрөк таңуу, арбактардын колдоосуна ишенүү, адамды аттап өтпөө, түндөсү тырмактарды кесип албоо, боюнда бар аял чачын кеспөө ж.б. адаттарды кыргыз эч качан бузбайт. Негизи, “бакшы” деген сөз “жакшы билген” дегенди түшүндүрөт.

Read the full story »

ИСЛАМ ЭКСТРЕМИЗМИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БАШКА ЖОЛДОРУ
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 22 Jan, 2011 – 6:19 | No Comment

Бүгүнкү күндө ислам диний экстремизми Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн эң олуттуу коркунуч болуп саналат. 90-жылдардан баштап ар кандай исламдык кыймылдар жана уюмдар республиканын ичинде активдүү аракет жүргүзүүдө. Натыйжада алардын ишмердүүлүгүно кошулган адамдардын саны көбөйүүдө. Андан сырткары бул кыймылдарга жана уюмдарга каршы республиканын күч структурасынын адаттагыдай кысым көрсөтүү ыкмасынын колдонулушу алардын кыймылы андан да күчтүү экстремисттик мүнөз алды.

Ушуга байланыштуу ислам диний экстремизми менен күрөшүүдө салттуу эмес башка ыкмаларды колдонуу зарыл. Бул макалада исламдык диний экстремизми деп ислам уюмдарынын жана кыймылдарынын мүчөлөрүнүн өз иштеринде чектен чыккан көз караштары жана иш аракеттерине берилгендигин түшүнөлү. Ушул теманы кеңири талкууга алып чыгуу үчүн, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөнкү сунуштарды даярдап чыкты.

КӨЙГӨЙ:

Кыргызстандын өкмөтү ушуга чейин ислам кыймылдары жана уюмдары менен күч ыкмаларды колдонуп күрөшүп келүүдө. Бийлик аларга мамлекеттин коомдук жашоосуна эркин катышууга мүмкүнчүлүк бербөөдө. Акыркы он беш жылдын ичинде күч структурасынын негизги иши бул кыймылдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алууга багытталган. КР ИИМдин басма сөз кызматынын айтышынча, 1999-2003- жылдар аралыгында күч түзүмдөрү ислам кыймылдары менен уюмдарынын 358 өкүлүн камакка алган. Күч структуралары ушул багыттагы ишин кийинки жылдары да уланткан. Мисалы, жогоруда алынган 4 жылдын ичиндеги кармалгандардын санына салыштырсак, 2009-ж. 9 айында эле 100дөн ашуун өкүлү кармалган.

Бирок бул кыймылдар менен уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алуу республикадагы экстремизм менен күрөшүүдө натыйжасыз чечим болду. Аларды камака алуу менен өкмөт башка бир көйгөйгө кабылды. Камалгандар абакта отургандар менен активдүү иштеп башташты, анткени абактагылар эркин жүргөн адамдарга караганда күч колдонуу ыкмасына жакын келишет.

Күч структураларынын бул кыймылдар менен уюмдарга каршы күчөтүлгөн программасына карабай, аларды колдогондордун саны өсүп баштаганын белгилөө керек. Мамлекеттик телеканалдардын бирине берген интервьюсунда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку директору Каныбек Осмоналиев мындай диний кыймылдарды жактоочулардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын айткан. Акыркы 5 жыл ичинде күч структураларынын кысымына кабылган ислам кыймылдары менен уюмдарынын өкүлдөрүнө жан тартып, боор ооругандардын саны көбөйгөн.

Read the full story »