Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Каада салт

Үйлөнүү жылдыктары
Written by adilet, Tuesday, 28 Jun, 2011 – 10:00 | No Comment

1 жыл – Чыт той
Үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгон жаш жубайлар Чыт (кездеме) тоюн белгилей алышат. Бул той көбүнчө Европа өлкөлөрүндө белгиленип келет. Ошол күнү аялы менен күйөөсү мамилебиз бекем болсун деген мааниде бири – бирине чыт кездемесин белекке беришет. Эгер кездеме ак же кызыл түстө болсо, сүйүүсүнүн актыгын жана тазалыгын билдирет. Кездеменин түсү тунук эмес түстө болсо, мындан аркы мамилебизди  бекемдейли деген маанини түшүндүрөт.

5 жыл – Жыгач той
Аялы менен күйөөсү бирге жашаганына  беш жыл болгондо Жыгач тоюн белгилей алышат. Бул күнү жоро-жолдоштору, тууган-уруктары белекке жыгачтан жасалган идиш же эмеректерин белекке беришет.

7 жыл – Бал той
Бал тою – жети жылдан кийин белгиленүүчү той. Бул күнү мындан аркы жашообуз балдай ширин болсун деп, балдан же таттуулардан жасалган тамак-ашты көп жасап, бири – бирине акчалай белек беришет.

10 жыл – Роза той
Роза той бирге жашагандарына 10 жыл болгондо белгиленет. Ырым – жырымдарга караганда бул тойго жакын туугандары, достору канча роза гүлүн алып келсе, аялы менен күйөөсү көп жыл бирге өмүр сүрөөрүн түшүндүрөт.

15 жыл – Хрусталь той
Хрусталь тою  15 жылдан кийин белгиленүүчү той. Негизи тойго келген коноктор хрусталь идиштерин белекке берүүсү зарыл. Мындан аркы жашооңор хрусталдай таза жана тунук болсун деген маанини билдирет. Бирок Хрусталь тою болуп жатканда акчалай сыйлык белекке албайт. Себеби, өкүнүчтүн, жамандыктын белгисин билдирет.

20 жыл – Фарфор той
Бирге түтүн булатканына 20 жыл болгондо фарфор тоюн белгилешет. Тойго келген конокторду фарфордон жасалган идиштерге тамак – ашты толтуруп сыйлашат. Ал эми белекке берилген идиштерди биринчи болуп өздөрү колдонбой, жакын адамдарына белекке берип, андан кийин колдоно алышат.

25 жыл – Күмүш той
Бир кылымдын төрттөн бирин жашаган жубайлар күмүш тоюн белгилей алышат. Башкача айтканда жашагандарына 25 жыл болгондо белгиленүүчү той. Бул тойдо аялы менен күйөөсү аты жок бармагына күмүш шакегин тагуусу зарыл.

30 жыл – Бермет той
Арадан беш жыл өткөндөн кийин бермет тою белгиленет. Жолдошу ушул күнү аялына бермет көзү бар мончокту белекке берүүсү керек. Эгер жолдошу ошол күнү аялына башка нерсе белекке берсе, анда ошончо жыл бирге жашаганына нааразы экендигин түшүндүрөт.

35 жыл – Рубин той
Рубин тою 35 жылдан кийин белгиленүүчү той. Жолдошу аялына рубин көздүү алтын шакекти белекке берет. Эгер рубин көзү жок шакек берсе, анда жолдошу 35 жыл бою аялы менен бактысыз жашагандын белгисин билдирген.

50 жыл – Алтын той
Алтын той – 50 жылдан кийин белгиленүүчү той. Бул тойдо аялы менен күйөөсү алтын шакекти бири – бирине белекке беришет. Эскилерин жаңы үйлөнүп жаткан неберелерине, балдарына белекке калтырат. Жарым кылымдын белгиси болгон алтын шакек туруктуулуктун, бактылуулуктун жана бакыттын белгисин билдирет.

60 жыл – Алмаз той
60 жылдан кийин Алмаз тою белгиленет. Алмаз баалуу таштардын эң катуусу. Бул никенин бекемдигинин белгисин берет. Бактылуу карылыкка жетип, мындан кийин балдарыбыздын сый -урматынын үстүндө жүрөлү деп элден ак баталарын алуу максатында белгиленет.

Бул тойлорлу жыл сайын өткөрүүнүн эч кандай кажети жок деп эсептейм. Бирок ар бир мамлекеттин өзүнүн каада – салты,  үрп – адаты болгондуктан биз бул нерсени тескери кабыл албашыбыз керек. Себеби, батыштын менталитетине туура келген көз караштар азыркы жашообузга дал келет. Биздин кыргыздын салтын бузбайбыз дегенибиз менен жашоо, заман өзгөргөн сайын салт дагы өзгөрүүгө дуушар болот экен. Күмүш той, Алтын той, Алмаз тойлорду өткөрүп туруу керек. Себеби, ар бир адамдын эсине кала тургандай орто жаштан кийин белгилесе келечектеги өсүп келе жаткан жаш муундарга сабак болчудай. Анткени ошол өткөрүп жаткан адамды көрүп кандайдыр бир суктануу менен карап, биз да ушул тойго жетсек деп ойлонуп калгыдай кылып өткөрүү керек. Той өткөрүү да канчалаган каражатты талап кылат. “Той болот, тойдун эртеси да болот” деген сөз бар. Бүгүн карыз алып, эртең акчасын төлөй албай карызга баткандан көрө өткөрбөй эле койгон жакшы. Ошондуктан алдын ала тойго даярдык көрүп, элдин ак батасын алган жакшы деп ойлойм.

Кыргыз Республикасындагы сейрек кездешкен жаныбарлар
Written by adilet, Monday, 20 Jun, 2011 – 14:12 | One Comment

         Кыргыз Республикасында азыр жоголуп бара жаткан жаныбарлардын саны жылдан жылга азайып бара жатат. Бул маселеге жаш муундар азыр көңүл бурбасак, келечекте бул жаныбарлар такыр эле жоголуп, айлана – чөйрөнүн бузулушуна алып келет. Кыргызстандагы биотүрдүүлүк региондогу эң ири түрдүүлүк болуп эсептелет жана климаттык ыңгайланышуу менен мөңгүдөн баштап субтропиктик жана мээлүүнгө чейинки экосистеманы түзөт. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак,  аймагы дүйнөлүк кургактыктын 0,1 пайызын гана ээлегенине карабай, Кыргызстанда баардык түрлөрдүн 1 пайызы жайгашкан жер болуп саналат. Кыргызстанда гана табылган жергиликтүү түрлөр  жана анын түркүмдөрү 200дөн ашык өсүмдүктөрдү, 3000ден ашык омурткасыздарды жана 17ден ашык омурткалуу, 47 субэндемикалык омурткалууларды өз ичине камтыйт. Кыргызстан кээ бир сейрек кездешкен  жаныбарлардын (мисалы Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу жана сибир аркары) жашоосу мөңгүлөр менен тыгыз байланышкан жана жоголуп  бара жаткан ак илбирстин мекени болуп эсептелет.

         Азыр биздин өлкөдө жоголуп бара жаткан жаныбарлар мыйзам түрүндө корголот. Бул жаныбарлар кызыл китепке киргизилип, аңчылыка тыю салынган. Дегеле айлана – чөйрөнү коргоодо кызыл китептин мааниси зор. Себеби, аны жаратылышты коргоо боюнча жобо деп атасак болот. Кызыл китепке кирген жаныбарлар, курт-кумурскалар жана өсүмдүктөрдү Кыргызстандын баардык жарандары сактоого милдеттүү. Кызыл китепке киргизилген жандыктар менен өсүмдүктөр жергиликтүү экология кандай абалда экенин көрсөтүп турат.

         Биринчи кызыл китеп 1985 – жылы жарык көргөн. Эл аралык жоболор боюнча кызыл китеп ар беш жыл сайын чыгарылышы керек. Бирок Советтер Союзу кулап, жаңы эгемен мамлекет курулуп жаткан кезде экологияга эмес, башка көйгөйлөргө деле көңүл бурууга өкмөттүн күчү жетчү эмес.  Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик орган да бирде түзүлүп, бирде башка мекемелерге кошулуп отуруп, кызыл китепти чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө колго алынбай калган. 2005 – жылы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Андан көп өтпөй, кызыл китепке кирчү жандыктардын тизмеси Өкмөттүн жобосу менен бекитилген. Бирок кызыл китепти чыгарууга каражат табылбай, акырында бул китеп үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы токойлорду сактоо боюнча атайы программа 20 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бул китепте сейрек кездешкен Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу, сибир аркары, ак илбирс, кызыл карышкыр, ителги жана башка өңдүү жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 202 түрү кирген. Салыштырып көрсөк, кызыл китептин биринчи чыгарылышында бул сан эки эсеге аз.

 

Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын жоголуп бара жаткан себептери

  • Биринчи себеп катары аңчылык десек болот. Анткени, Кыргыз Республикасы боюнча аңчылык абдан эле өнүккөн. Эгерде кызыл китепке кирген жаныбарларды кимдир бирөө атып өлтүрсө мамлекет тарабынан бул кишиге чоң суммадагы айып салынып, же кээ бир учурларда эркинен ажыратылат. Бирок, мындай чаралар деле азыр жардам бербейт деп ойлойм. Анткени, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жогору болгондуктан оной эле акчанын жардамы менен кутулуп кетишет. Кээ бир учурларда илбирсти атып салган адамга болгону 10 миң сом айып салынат экен. Бул тармакта биздин парламент мыйзамды өзгөртүп, чечкиндүү чечимдерди кабыл алышы керек.
  • Мөңгүлөрдүн эриши. Кыргызстандын мөңгүлөрү глобалдык жылуулуктан улам эрип бара жатат деп билдиришет окумуштуулар. Бул арада серепчилер мөңгүлөрдүн азайышы Кыргызстандын суу, энергетикалык катастрофасына жана анын суусуна көз каранды болуп  ылдый жакта коңшу жайгашкан мамлекеттердеги жергиликтүү экосистема, өсүмдүктөр жана жапайы жаратылыш дүйнөсүнүн олуттуу бузулуусуна алып келүүсү мүмкүн деп алдын ала эскертишет. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр эч нерсе болбосо да, кээ бир түрлөрдүн жок болуу коркунучу бар. Өлкөдөгү Ысык-Көл көлү  биотүрдүүлүккө ээ болгон эң белгилүү областтардын бири болуп эсептелет. Кыргызстандын түндүгүндөгү Тянь-Шань тоолорунда 1600 метр бийиктикте жайгашкан көл дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн бийиктиги боюнча экинчи орунда турат. Андан суу агып чыкпайт жана дарыялар келип куят. Дарыялардын суулары болсо негизинен мөңгүдөн келет. Көлдө жыйырмадан ашык балыктын түрлөрү бар деп эсептелген. Көлдүн айланасындагы ар түрдүү ландшафта жаныбарлардын ар кандай түркүмдөрү жашайт. Бул ланшафт кургак тарткан жарым чөлдөн тартып тоо кыркаларына чейин кетет. Тянь-Шанда  4000ден ашык ар  түрдүү жергиликтүү өсүмдүктөр өсөт. Көлдүн өзү келгин куштардын аялдамасы болуп эсептелет, 80 миң суу кушу анын айланасында кыштоо үчүн чогулат. Мөңгүлөрдүн эриши  менен көлдүн экосистемасын дагы коопсуздукка салуусу мүмкүн. Көлдүн суусунун деңгээли акыркы он жылда муздардын эриши менен өзгөргөн.

Келечекте айлана – чөйрөнү сактап калыш ар бир атуулдун милдети деп эсептейм!

Каада салт: Келин жарыш, Кыз жарыш
Written by Гульсали, Friday, 11 Jun, 2010 – 14:08 | No Comment

Cүрөт Flickr’дин eatswords’ине таандык.

Кыргыз эли байыртадан эле мал жандуу эл. Айрыкча жылкы остурууну жакшы корушот. Анткени, жылкы кыш кундору кобунчо талаадан кар тээп оттойт, колдго анчалык карабайт. Минсе каалаган жерине оз убагында жеткирет, ишеничтуу унаасы болот.

Ошондуктан, кыргыз эли бугунку кундо да «ат адамдын канаты» дешип жорго, таскактуу аттарды жогору баалашат. Аны остурууго коп конул болушот. Дуйного белгилуу болгон кымыз да жылкынын сутунон ачытылат.

Ошону менен эле катар байыртадан эле кыргыздардын жашы да, карысы да, уулу да, кызы да аттын куланы менен тен ойноп, ойноктото бастырып, ат устундо ар турдуу оюндарды ойношкон, конул ачышкан. «Келин жарыш, кыз жарыш » оюну да ат устундо ойнолуучу оюндардын бири. Ал азыр да элдик майрамдарда, ар кандай салтанаттарда откорулуудо.

Оюн тегиз, ташы жок кенен талаада ойнолот. Оюнга 13 жаштан 23 жашка чейинки 5-6 кыз-келин жасалгаланган ат жабдык токулуп, уртуктолгон кулук аттарга алчыланта минип катышат. Улуттук кийимдерин кийишет.

Read the full story »

Каада салт: Ат чабыш
Written by Гульсали, Saturday, 5 Jun, 2010 – 7:08 | No Comment

Ат чабыш кыргыз элини эн манилуу жана кызыктуу оюндарынын бири. «Манас эпосунда » да ат чабыш коп маалыматтар бар. Кулук аттарды заяпкерлер таптайт.

Чабылуучу аттын кандай кулук экендигин алдын ала коро билген сынчылар, чабышка тушкон аттардын суроочулору болот. Ат азыр кобунчо айлампада, кээде туз жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот. Кулукту минип чапкан бала чабендес деп аталат.

Мелдешке 8-14 жаштагы уландар 3 жаштан жогорку бардык тукумдагы атты минип катыша алат. Ат 1200 метрден 50 километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта жолду кыскартууга, башка бироонун атын камчы менен чабууга, жолдон тороого болбойт.

Read the full story »

Каада салт: Көк бөрү
Written by Гульсали, Thursday, 27 May, 2010 – 14:04 | No Comment

Сүрөт Керим Саргазаковго тиешелүү.

Кыргыз элинин ат устундо ойнолуучу спорт оюндарынын бири. «Манас» эпосундагы:

Болунуп ордо, чын морой,
Атпай турган жер бекен?
Жатпай оюн, кок бору
Тартпай турган жер бекен?

деген саптар кок борунун байыркы оюндардан экендигин баяндайт. Кок бору тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-15 жаштагы уул балдар кунан минип катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар оздорунон оюнга калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Кок бору» деп аталат.

Read the full story »

Каада салт: Ак чөлмөк
Written by Гульсали, Thursday, 20 May, 2010 – 14:07 | No Comment

Кыргыз элинин эн байыркы оюндарынын бири. Оюн каалаган жерде ойнолот. Кыз-улан аралаш ойнойт. Оюнчулар жашына жараша жаатка болунушуп, оюнга калыс шайлашат.

Ар бир жаатка ат коюлат. Мара белгиленет. «Ак чолмок» узундугу соомчо келген ак соок (бодонун шыйбылчагы), жонулган же ак менен сырдалган жыгач болот.

Калыс оюнчулардын бардыгына ак чолмокту корсотуп, андан кийин оюнчуларды тескери каратып тургузуп, алар ак чолмок кайсыл тарапка ыргытылганын билбей калсын учун бир тарапка таш, экинчи тарапка ак чолмокту ыргытат.

Ыргытылган ак чолмоктун кайсы жерге тушконун баамдоого эки жак тен даяр турушат. Тушор замат жапырт чуркашып ак чолмокту издей башташат. Биринчи тапкан оюнчу оз жаатынын атын унун бийик чыгарып атайт да, мараны коздой чуркап жонойт.

Read the full story »

Каада салт: Алтын бакан
Written by Гульсали, Tuesday, 4 May, 2010 – 14:31 | No Comment

Кыргыз элинин эң эски жана кеңири тараган оюндарынын бири. Бак-дараксыз жерде үч бакандын (шыргыйдын) башын бир жагына бууп бириктирип, ошондой эле үч баканды экинчи жагына коюп, ошол алты баканга кош аркан байланып селкинчек салынат.

Алты бакандын үстүнө туурасынан устунча орнотулган учурлар да көп жолугат. Оюнчулар эки жаатка бөлүнүшөт. Арканга эки оюнчу (көбүнчө бир жагына кыз, экинчи жагына жигит) чыгып, арканды бекем кармап бетме-бет турушат. Оюнга катышуучулар селкинчекти күүлөнтүп коюшат.

Read the full story »

Каада салт: Оодарыш
Written by Гульсали, Wednesday, 21 Apr, 2010 – 14:23 | No Comment

Сүрөт Елена Скочилого таандык.

Кыргыз элинин эң байыркы ат оюндарынын бири. Кыргыздар жылкыны өстүрө да, багып таптай да билген. Атты унаа катары гана пайдаланбастан оюн-зоок, көңүл ачуу, күч сынашууда да минип пайдаланышкан. Мисалы, «Манас эпосунан»:

Атка болгон чабендес
Ат үстүнөн эңишип,…-

Деген ыр саптарын окуйбйуз. Эпосто баатырлар менен бирге күлүк, күчтүү, жоого мине турган аттар да кошо макталып, даңазаланган. Андай аттар чынында эле акылдуу келип, айла-амалдуу болушкан. Ага Манастын Аккуласы, Тору чары, Семетейдин Тайбуурулу, Эр Төштүктүн Чалкуйругу, Бакайдын Көк чологу, Алмамбеттин Сараласы ж.б. кирет.

Read the full story »

Каада салт: Кыз куумай
Written by Гульсали, Wednesday, 14 Apr, 2010 – 14:19 | No Comment

Кыз куумай оюну кыргыз элинин эң байыркы кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда.

Кыз куумайдын байыркы оюндардан экендиги «Манас» эпосунда да жолугат. Сейтек ата конушу Таласка көчүп келе жатканда жолдо эригип, көңүл ачып, кыраандар бары баш болушуп кыз куумай оюнун ойногондугу мындайча баяндалат:

Read the full story »