Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Медиа

Кыргызстандагы ММКалардын ролу кандай?
Written by adilet, Friday, 23 Sep, 2011 – 10:34 | No Comment

Массалык маалымат кызматтар мамлекеттин коомдук саясий жашоосунда эң чоң ролду ойногон инструмент катары баарыбызга белгилүү. Азыркы турмушта, дүйнөдөгү баардык мамлекеттерде ар кандай күчтөр өздөрүнүн максаттарына жетиш үчүн ММКларды колдонушат.

Биздин мамлекетти алып көрсөк: ММКлардын тарыхы бир топ оор жолду басып өттү десек болот. Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен ММКлар да өздөрүнүн эркин, ачык өнүгүүсүнө жол ачылды десек жаңылбайбыз. Бирок, мамлекетте авторитардык режим орнотулганы менен бул тармактын эркин өнүгүүсүнө бут тосулган. Профессионалдуу журналистер чет өлкөлөргө кетип, жогорку квалификациясы бар журналистер өлкөдө аз калган жана өлкөдө болуп жаткан окуяларды ачык жазганга көптөрүнүн эрки жеткен эмес.

Кыргызстандагы жашаган элдин пикирине чечүүчү таасир бере турган күч катары Коомдук Телерадио компанияны атасак болот. Анткени, өлкөнүн баардык бурчунда баарыбыз КТРди көрө алабыз. Бирок, КТР коомдук деген гана атка жамынбастан 20 жылдан бери кайсы бийлик келбесин, ошонун ырын ырдап, өлкөдө болуп жаткан коомдук саясий окуяларды ачык, объективдүү чагылдыра алышкан эмес. Бул ММК бийлик тарапты гана жактап, элдин кыжырын келтирген. Бирок, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин бул ММКнын саясаты бир топ эле өзгөрүп, окуяларды объективдүү чагылдырганга умтулуп жатышат. Азыр каржылоо дагы деле мамлекет тарабынан болуп жаткандыктан, орус тилинде айтылгандай “хозяин барин” – деп, кандай болсо дагы бийликтин сөзүн сүйлөшөт. Менин оюмча мындай мамлекеттик ММКаларды менчиктештирип, жеке ишмерлерге берсек, булардын ишине бийлик кийлигише албай калат.  

Азыр эми жакында боло турган президенттик шайлоодо ММКалардын ролу бир топ чоң. Анткени, былтыркы болуп өткөн парламенттик шайлоону эстеп кетсек, ММКалардын жардамы менен кээ бир партиялар өз тарабына жактоочуларды тартып алса, кээ бир учурларда кандайдыр бир күчтөр кара пиарды колдонушуп, кээ бир партиялардын кадыр баркын түшүрүшкөн. Чет өлкөлүк ММКаларды колдонушуп, өлкөнүн шайлоо процессине тоскоол болушту десем жаңылбайм. Ошон үчүн азыр парламент агитация убагында, 1 айга чет өлкөлүк телеканалдардын ретрансляциясына тыюу салды. Бул бир четинен туура, бирок чыгымдар 100 миң доллардан ашык болот деп эскертишти. 

Мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө, кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүүгө жана укуктук мамлекет болууга ММКалардын кошкон салымы зор. Бекеринен ММКаларды мамлекеттин төртүнчү бийлик бутагы деп атап коюшкан эмес.

Өзгөртүлгөн телеканалдар ажыдаарларга пайда алып келеби?
Written by Рысбек Арунов, Monday, 27 Jun, 2011 – 15:00 | No Comment

Ажыдаар дегенимдин себеби, азыркы Премьер Министр А.Атамбаев бир кездери (2006 жыл, ноябрь митинги) бийлик бутагында тургандарды ажыдаарлар деп атады эле. Аларды жомоктогу желмогуздарга салыштырган. Ошондон бери канча убакыт өтүп, бийлик да алмашты. Алардын ордуна 120 ажыдаар менен кошо, дагы 2 ажыдаар келди бийликке. Мына ушулар бүгүнкү күндө сөз эркиндигин муунтканга өтүштү. Өкмөткө таянып, жеке менчик каналдарды, интернет сайттарын жаптырганы турушат. Андан тышкары да НТС, 5-каналдын журналисттери сабалды, бүгүнкү күнгө чейин эч ким кармала элек.

Парламенттик республикабыз, борбор Азиядагы башка мамлекеттерге караганда бизде демократия бар дегенибиз менен акыркы убактары болуп жаткан нерселерди көрүп, биз кайра Бакиевдин заманына бара жаткан турбайбызбы деген ой келет.

Туура мыйзамсыз сатылган, менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтарыш керек, бирок туура жолдо, туура чечим менен кабыл алынса жакшы болмок. Анан кызыл кандуулукка салып, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген принцип менен иштебей.

Кеп бул жерде 5-канал менен Пирамида каналы жөнүндө болуп жаткандыктан, ушулардын бирөөсүн Парламенттик канал, ал эми экинчисин көңүл ачуу кылып өзгөртүү зарыл беле? Эл эмне суусап турабы, бизге Парламенттик канал ачып бергиле деп? Буга чейин Парламент радиосун ачышты эле, аны эл угабы? Укпайт! Парламент каналын ачса эл эмнени көрөт ал жактан? Булардын бири-бири менен урушканын, чукуганын, сагыз чайнап отурганын, 120 депутаттын ордуна 27 депутат добуш берип жатканын көрөбүзбү?Бул бир, экинчиси Президенттик шайлоо жакындап келе жаткандыктан, сөзсүз өздөрүнө тиешелүү ММК керек. Буларда бир гана жол бар, ушу эки каналды өзгөртүп, өздөрүнө баш ийдирсе, шайлоодо кыйла жеңил болот.

Акыркы убактары ММКга бут тосуу, кысым көрсөтүү күч алып бара жатат. ОТРКга Жогорку Кенеш тараптан болгон кысым, Фергана.ру сайтынын жабылганы жатканы, журналисттердин сабалганы. Эмне себептен? ММК баардык чындыкты айтып, көздөрүн чукуганы, ажыдаарларды тынч уктатпай жатабы? Же буларга ошончо эле тоскоол кылып жатышабы? Айтор, бул жерде бир нерсенин башы кылтыйып чыгып тургансыйт. Жакында ушундай иштерден улам бир нерсенин ичинен чыкпасак болду.

Кийинки кысым кимге болот болду экен? Деги кошуна мамлекеттердей болуп, бир жылдан кийин жабык мамлекетке айланбасак болду.

Кыргызстанда сөз эркиндиги жок болобу?
Written by Асель Шабданова, Monday, 27 Jun, 2011 – 10:00 | No Comment

Акыркы күндөрү коомдук уюлдарда Жогорку Кеңеш май айында эле кабыл алган ” Шайлоо тууралуу” мыйзамдын жалпы маалымат каражаттары тууралуу бөлүмү  чоң талаш-тартыштарды туудурууда. Азыркы учурдагы президенттин колун күтүп турган мыйзамдын мааниси мындай: ” Шайлоо маалында Кыргызстанда көрсөтүлүүчү чет өлкөлүк маалымат каражаттарында шайлоо агитациясын жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо болуп жаткан кезде, чет өлкөлүк теле-компаниялардын көрсөтүүчү жазылып, анан гана көрсөтүлүшү керек. Чет өлкөлүк каналдарды ретрансляция кылуучу жергиликтүү каналдар,  шайлоого катышкан кандидаттардын абийирине жана репутациясына доо кетирүүчү маалыматтар үчүн жоопкерчиликтүү болушат”. Кошумчалай кетсек, бул мыйзамды март айында эле АтаМекен фракциясынын лидери -Өмүрбек Текебаев сунуштаган.

Регнум маалымат агентствосунун корреспонденти Григорий Михайловдун айтымы боюнча, бул кадам келечектеги шайлоону чет өлкөлүк мамлекеттердин терс таасирин жок кылууга багытталган. Терс  пиардын, эң башкысы Россиялык каналдардын, таасирин төмөндөтүүгө арналган. Мыйзамды сунуштаган Өмүрбек Текебаев акыркы шайлоо учурунда НТВ каналынын терс рекламасынан жапаа чегип калган.

Бул мыйзам бир четинен этикалык жактан гана эмес, практикалык жактан дагы бир топ кыйынчылыктарды туудурат. Биринчиден, бул мыйзамы бузууда кандай санкциялар колдонулат, белгисиз. Биздин ретрансляция кылуучу каналдарын көбүнчөсү туура эле спутниктен эфирге чыгарышат. Эми болсо, каналдар цензорду, же башка специалистти отургузушуп, кайсы жерде жамандаган сөз, кайсы жерде маалымат кеткенин аныктап туруш керек.

Ал эми Интерньюс Нетуорктун директору Мария Раснердин пикиринде, жергиликтүү ретрансляция кылуучу каналдардын  чет өлкөлүк каналдардын берүүлөрүн көрүп чыгууга каражаттары да, адамдары да жетишпейт. Ансыз деле татаал шайлоо учурунда журналисттер өз жумушун аткаргандын ордуна, коркуп жүрүшөт. Эгерде, чет өлкөлүк каналда Кыргызстан деген эле сөз кетсе, биздин каналдар аны жаап салууга муктаж болушат. “Натыйжада, чет өлкөлүк ЖМКлар эмес, жергиликтүү журналисттер (байкабай калышса), көрүүчүлөр гана оор абалга түшүп калышат. Эгерде алар терс маалымат пайда болуусун каалашпаса, журналисттерди такабай, башка жол менен чечиш керек. Анткени, бул саясат көйгөйү. Мындай цензура коомдо начар кабыл алынат.”

“Азаттык” радиосунун директору Султан Жумагулов бул суроо боюнча өз пикирин билдирди. “Өмүрбек Текебаев, сөз эркиндигине күрөшүп жүрүп, мындай мыйзамды жактаганы жаман болду. Бирок, башка жагынан алып көрсөк, мурдагы шайлоодо болуп өткөн көрүнүштөн кийин, Ө.Текебаевде өзүн сактоо инстинкти жеңип кетти”.

Өз учурунда билинбей кабыл алынып кеткен   мыйзам мамлекеттик цензураны киргизүү, сөз эркиндигин кысуучу аракет болуп жатат.

Биздин депутаттар өздөрү жөнүндө жаман маалымат кетсе эле, журналисттерди жамандап жиберишет. Менин эсимде, жакын арада эле, каналдарга депутаттардын мурдун чукуп, уктап, аялдар ооздорун боеп жатканын көрсөтүүгө тыюу салышкан. Эмне үчүн мындай маскаралык кыймылдарды кылып алышып, мындай көрүнүштөргө эл күбөө болгонду каалашпайт?

Цензураны киргизүү  бир гана теле-каналдарга эмес, интернетке дагы жетип келди. Июнь окуяларын талдаган депутаттык комиссиянын чечиминде, Кыргыз республикасынын территориясында “Фергана.ру” сайтын  жабуу айтылган. Бул сайт өзүнүн өкмөткө жагымсыз жана критикалык пикири менен белгилүү. Ал тургай эл сүйгөн “Дизель” сайты Турсунбай Бакир уулунун оюнда, эл ынтымагын бузуучу деп белгиленген. Анын оюнда, парламенттин пресс-службасы “Дизель” жана  буга окшош сайттар тууралуу маалыматтарды топтоп, сотко бериш
керек.

Бир четинен бул мамлекеттеги болуп жаткан шайлоого чет өлкөлүк мамлекеттердин таасирин жок кылуу аракети  жакшы деле болуш керек. “Биз өзүбүз чечебиз”,-дегендей. Бул бирок, бир гана шайлоо маалында эле болуп жатпайбы. Бир гана депутаттардын имиджин бузбаш үчүн. Демек, бул калкты ойлоо эмес, өздөрүн эле камын ойлоо.  Эгерде бир политикти жамандаган маалымат элге көрсөтүлбөсө, анын жакшы көрүнүшүн бузуп калса,  кайсы сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөсөк болот?

Сөз эркиндигин жана көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын коргоо
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 10 Jan, 2011 – 17:16 | No Comment

Kyrgyz MediaЖаңы 2011 жылды кайсы бир деңгээлде реформалардын жылы деп айтып башташты. Андыктан, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту өзүнүн 11 тармак боюнча реформалоо идеяларын жазып чыгып, азыркы учурда кеңири калкка жайылтуу иш аракеттерин жасап жатат. Алардын арасындагы негизги тармактардын бири болуп сөз эркиндигин коргоо маселеси көтөрүлүп чыкты. Бул сунуштарды жазууда мага Медиа Полиси Институтунун директору Бегаим Усенова жардам берди. Анда эмесе, ММКларды реформалоо кандай болуусу абзел экендигин билгиңиз келсе, төмөнкү макаланы сөзсүз окуңуз!

МАКСАТЫ:

Сөз эркиндиги – бул цензурасыз жана чектөөсүз сүйлөөнүн белгиси. Ой-пикирлерди эркин алмашуу адамдын эң баалуу укугу. Эркин массалык маалымат каражаттарын (ММК) жана Интернетти өнүктүрүү Кыргызстанда саясий системалардын ийкемдүү болуусуна жана адамдын өзүн өзү өнүктүрүүсүнө чоң салым кошот.

КӨЙГӨЙ:

Кыргызстанда демократиялык өлкө куруу үмүтү ишеничти актабай, тетиричинче эркин басма сөздү чектөө менен авторитардык бийликти чыңдоого алып келди. 2010- жылдын апрель айында бийлик алмашып, Убактылуу Өкмөт эркин басма сөздүн жалпыга таандык принциптерин өнүктүрүүгө ынтызар экендигин билдирди.

Өлкөбүздө сергек стимулдардын жоктугунан көптөгөн көйгөйлөр көз карандысыз медиа чөйрөсүнө бут тосууда[1]. Алардын ичинен биринчи кезектегилерин атай турган болсок:

  1. Каттоодон өтүү, радиожыштык жана лицензия берүүдө уруксат документтерин алуудагы административдик тоскоолдуктар. Электрондук массалык маалымат каражаттары үчүн лицензия алуу радиожыштык спектрларын колдонуу үчүн сөзсүз түрдөгү шарт. Ар бир иш чарага өз-өзүнчө лицензия берилет. Андан сырткары, ММКнын ээси радиожыштык спектрин чыгаруу, жыштык таратуучу аппараттарды колдонуу укугу, радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы жабдууларды ташып киргизүүгө да бир топ уруксаттарды алуусу зарыл. Жыштыктарды берүү иши да ачык-айкын эмес. Андан сырткары, канча жыштык бар экендиги, жыштык алууну каалоочулардын статусу жана аны канча мөөнөттө бере турган убактысы жөнүндө да толук маалымат жок. Лицензияны токтотуп же кайра алып коюу механизмдери да кооптондурат. “ММК жөнүндөгү” мыйзамда дагы деле, бардык коммерциялык эмес мекемелерден ММКны түзүүгө бир гана коомдук бирикмелерге укук берилген да, мындай укуктан фонд, башка коммерциялык эмес мекемелер куру жалак калган. Мыйзам ошондой эле башка өлкөнүн жаранына ММК негиздөөгө тыюу салат.
  2. ТВ жана радионун ишин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасыз аракеттери. 2008-жылы телекөрсөтүү жана радиоберүүлөр тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Анын 8-беренеси айрыкча телерадиоберүүлөргө коркунуч жаратат. Ал беренеде төмөнкүдөй шарттар коюлган: ар бир компания өз берүүлөрүнүн толук убактысынын жарымынан көбү мамлекеттик кыргыз тилинде болуусу шарт, өз продукциясы 50%дан аз болбошу керек, жана 60% дан кем эмеси улуттук аудиовидео продукт же Кыргыз Республикасынын авторуна жана аткаруучусуна таандык музыкалык чыгармалар болушу керектигин белгилеген. Компаниялар азыркы өнүгүү баскычында мамлекеттик бул тоскоолдукту аркалай алышпайт.
  3. Соттошуу учурларында журналисттерди коргоо жана жетиштүү коопсуздук кейпилдигинин жоктугу. Кыргызстандын мыйзамында ушактоо жана “кадыр-баркын мазактоо”, б.а. диффамация кылмыш болуп саналат (Жаңы Конституциядан диффамация жокко чыгарылган). Журналисттерге каршы козголгон ушундай кылмыш иштеринде сотто жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү аябай аз. Журналисттер ошондой эле белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылып калуу коркунучун эске алып, тилин тарта сүйлөөгө же абайлап жазып, өзүн өзү чектөөгө аргасыз.
  4. Эркин интернетке болгон чабуулдар. 2000-жылдан баштап, интернетти мамлекеттик жөндөп турууга бир нече аракеттер жасалган. 2000-ж. жана 2008-ж. өкмөт жана парламент интернетти ММКга теңөөгө аракет жасашкан. Ал гана эмес, байланыш операторлорунун тармагына оперативдик- иликтөө иш чараларынын системасына (СОРМ) киргизүү жана кыргызстандыктардын башка өлкөлөрдүн веб-ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүктөрүн чектөө демилгеси козголгон. Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кысымы менен бул пункттар мыйзам долбоорунда кайра каралган. Бул Кыргызстанда эркин басма сөз жаатындагы чоң жеңиш болгон, бирок бул жеңиш түбөлүк эмес. Анткени саясатка аралашкан ар түрдүү саясатчылар каалаган убакта мыйзамды өзгөртүүгө демилгечи болуп чыгып, интернет колдонуучулардын укуктары тебеленип калышы мүмкүн.
  5. Бюджеттен каржыланган ММКлардын көз карандылыгы. Коомдук телерадиокорпорациясын (КТРК) жана ЭлТРди реформалоо өзөктүү маселе, себеби коомдук телеге айлантуу аракетине карабай, алар дагы деле мамлекеттен ири өлчөмдө каржыланат жана дагы деле бийлик өкүлдөрүнө көз каранды. ЭлТР «Коомдук телекөрсөтүү» болуп саналганы менен анын Байкоочулар кеңеши жана Башкы директору КРнын Президентинин буйругу менен дайындалат. Каржылоо мамлекеттик бюджеттен ишке ашып жаткан соң, жогорку саясий көз карандылык сакталууда. Мамлекеттик жана муниципалдык администрациялар негиздеген «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу», “Эркин Тоо” басма үйлөрү (редакциялары) жана областык, шаардык, райондук гезит редакциялары бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик жана муниципалдык каржылоодо келатат, ал эми ошол гезиттер бюджеттик мекемелердин, ал турмак мектеп жана бала бакча кызматкерлерине зордуктап сатуу менен ишке ашууда.
  6. Пирамида” жана “5-канал” телекөрсөтүүлөрүн улутташтырылыгы, жана жеке менчикке берүүдөгү ачык-айкындыктын жоктугу. Ага карабай, бүгүнкү күнгө чейин аларды улутташтыруунун жана андан кийин менчик колго берүүнүн юридикалык негиздери белгисиз.

Read the full story »