Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Мигрант

Кыргызстанда 592 миң өспүрүм акчага иштеп келишет
Written by Асель Шабданова, Wednesday, 20 Jul, 2011 – 8:30 | No Comment

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын саны 592 миңге жетти. Алардын жумуш шарттары алардын жашына жана мүмкүнчүлүктөрүнө туура келбейт. 5  жаштан 17 жашка чейинки балдардын 40,3 пайызы иштешет.

Кыргызстан балдардын укугу тууралуу, иштөөгө уруксат болгон жашты аныктоочу конвенциясын кабыл алган. Конституцияда балдардын эмгегине тыюу салган 28 статья бар болсо дагы, араба түртүп жаткан же коробкаларды чогултуп жаткан жана башка физикалык оор жумуштарды аткарып, оокат кылган  балдардын саны көбөйүүдө.

КР  калкты  социалдык  коргоонун министринин орун басары Гульнара Дербишева белгилеп кеткендей, бул көйгөй айыл жергесинде кеңири тараган. Жашоонун төмөн деңгээли баланын үй-бүлөдөгү ордун өзгөртүүгө алып келет. Мындай үй-бүлөөлөрдө балдар тапкычтарга айланып кетишет. Ошондой жумуш берүүчүлөргө балдардын эмгеги арзаныраак түшкөнү ыңгайлуу. Балдар менен оозеки сүйлөшүп алып эле, аларга мыйзамга жараша  жумуш шарттарын түзүп беришпейт.

Эл аралык эмгек организациянын текшерүүсү боюнча, иштеген балдардын 88 пайызы толук эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан. Көбүнчө эле энеси баш болгон үй-бүлөлөрдө балдар аларга жардамчы болуп жаш кезинен оор жумуштарга барышат.

Сүлүктөдө жашаган 16 жашар Арзыбек классташтары менен түнкү саат 3-тө жумушун башташат экен. Алар машиналарга көмүр жүктөшөт. 3-4 саат иштеп коюшса миң сомдун ээси болуп калышат. Бирок, эң жаманы эртең менен туруп, мектепке барганы. “Мындай жашоого көнүп калдым”,- дейт Арзыбек,-” 14 жаштан бери шахтада”.

Кыргызстандыктар Казахстанга жакшы жашоо издеп барып, кулчулукка түшүп калганы жашыруун эмес. Балдар дагы чекеде калбайт. Philip Morris атындагы тамеки компаниясынын Казахстандагы филиалында Орто Азиядан чыккан балдардын эмгеги колдонулат. Алардын көбү кыргызстандыктар. Мындай жумуштардын ден-соолукка, нары балдардын ден-соолугуна келтирген зыяны абдан чоң. Себеби, алар кол капсыз эле иштешип, бир күн колу менен чогулткан тамекисинин никотини 36 сигаретти чеккенине барабар. Никотиндин териге сиңгени “жашыл тамекинин оорусуна”  алып келет. Анын симптомдоруна баш айлануу, кандын басымын өзгөртүү, жүрөк согумун бузуу, дем алуунун кыйынчылыктары кирет.

Бирок, өсүп келе жаткан балдардын оор жумуштарда иштеши бир эле ден-соолукка зыян келтирбестен, алардын интеллектуалдык өөрчүшүнө дагы жолтоо болот.  Эрте иштеп баштап, алардын мектепте окуганга дагы шарты болбой калат.

14 жашар  Лиза ата-энесиз калгандан кийин 8 жашынан бери иштеп, мектепте окуган эмес. Окуганга умтулса дагы, күнүмдүк оокатын камсыз кылууга аргасыз болгон.  Башында “Дордойдо” контейнерлерди жууп жүрдүм, андан кийин сатуучуларга жардам берип, пайыздарды ала баштагам. 8 жашаар кыз 8,30 дан баштап 3кө чейин иштеген. Бир контейнерди жууп колуна 20 сом алчу. Ал эми азыр болсо, иштеп жаткан балдарды көрүп, көзүнө жаш толот: “Мынтип жашаса болбойт”,- дейт,- “ата- энелери аларды тарбиялап, билим бериш керек, балдар иштебеш керек. Азыркы учурда Лиза Бишкектеги жетимдер үчүн  реабилитация борборунда жашайт. Мындай борборлор колу келишинче жетимдерге кесиптик билим беришет.

Ал эми ата-энелер тирүү туруп, балдарын бөтөлкөлөрдү чогулттуруп, оокат кылышат. Мындай ата-энелер үчүн өздөрү иштегенден көрө, балдарын жумушка саылп койгону оңой көрүнөт.

Балдардын билим алгандын ордуна оор жумуштарда иштеши алардын эле көйгөйү эмес, жалпы мамлекеттик көйгөй. Балдардын эң начар шарттардагы эмгегин жоюу маселесин койгон мамлекеттик программа 2008-2011 жылы кабыл алынган. Азыр анын жыйынтыктары көрүнбөй турганын айтып кетсек болот. Эми бул көййгөйдү чечүүнү 2016 жылга чейин жылдырышты. Азыркы убакытка чейин ” балдар жумушунун эң начар формаларынын тизмеси” түзүлө эле экен. Ар бир баланын көйгөйүн чече берсек болот, бирок, жалпы маселени мындай жол менен чечилбейт.

Айыл чарбасындагы балдардын эмгегин жоюудагы ийигликтүү кампания тууралуу окуп калдым. Анын негизги максаты майда фермердик уюмдарга микрокредиттерди берүү менен, аларды чоңураак уюмдарга бириктирип, керектүү билим берип ишин баштоо. Бул жерде алар тууралуу кененирээк окуй аласыздар.

P.S. Эмгек кодекси боюнча, 14-16 жаштагы балдардын эң көп иштеген убактысы  жумасына 24 саат, ал эми 16-18 жашка чейин 36 саат түзүшү керек. 14-16 жаштагы окуган балдар күнүнө 2,5 саат болсо, 16-18 жаштагылар 3,5 саат иштеши керек.

Мигранттардан эптеп эле акча тапсак деген ой-чабыт
Written by Рысбек Арунов, Friday, 8 Jul, 2011 – 17:00 | No Comment

Кыргызстанда миграциянын абалы өтө татаал жана түшүнүксүз. Өкмөт башкаларды кабыл алмак турсун, өзүнүн жарандарына жыргатаарлык жардам бере албай келет. Статистикалык комитеттин расмий статистикасына таянсам, 1991-2010 жылга чейин 1млн.534 миң адам өлкөнү таштап кеткен, а келгендери 258 493 адамды түзөт. Кеткендер менен келгендердин айрымасы өтө чөң. Себептерин 5 этапка бөлүп кароого болот:

  1. 1990-1993 жыл. Ош окуясынын кесепети, Кыргызстандын көз карандуу болушу, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилиши.Ошо жылдары өлкөдөн 401 514 адам чыгып кеткен. Алардын 14 984-кыргыз, орустар-214 203, немистер-55 353, өзбектер-31 137 ж.б. түзүшкөн.
  2. 1994-1998 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кичине басаңдаган. 171 292 адамды түзгөн.
  3. 1999-2001 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кайра көтөрүлгөн. Себеби, биздин территорияны кээ бир террористтик күчтөр басып алууга аракет жасашкан, Аксы окуясы да болгон. 77 338 адам өлкөнү таштап кеткен.
  4. 2002-2005 жыл. Саясий куугунтук күчөп, социалдык жана экономикалык абал төмөндөп, бийлик менен оппозициянын тирешүүсу күчөп, 2005 жылдын 24 мартындагы бийлик алмашууга алып келген. Ал жылдары өлкөдөн 107 277 адам чыгып кеткен. Кыргыздар-2182, орустар-20 351, украиндер-2445, өзбектер-998 түзгөн.
  5. 2006-2010 жыл. Бийлик бир үй-бүлөнүн колунда болуп, саясий куугунтук башталып, сөз эркиндиги муунтулуп, адамдар жоголуп, көбү жакырданып, бүт нерсенин баары кымбаттап, 2010 жылдын 7 апрелиндеги төңкөрүшкө жана Ош окуясына алып келген. Ушу себептерден улам 218 229 адам жер которуп кетишкен. Алардын 2006 жылы кыргыздар-10 674, орустар-13 360. 2007 жылы кыргыздар-27 437, орустар-13 143. 2008 жылы кыргыздар-15 292, орустар-15 470. 2009 жылы кыргыздар-14 552, орустар-9 971. 2010 жылы кыргыздар-21 347, орустар-12 697 түзгөн.

Ушу акыркы 4 жылдын ичиндеги убакытты карасак, кыргыздар көп кете башташкан башка улуттарга караганда. Мунун баары жогоруда айтылган себептерден жана жумушсуздуктун аябай күч алышынан, куугунтуктоодон, жакырчылыктан улам эле. Кеткендердин көбү 18 жаштан 40 жашка чейинки адамдар, алардын көпчүлүгү эркектер экен. Башкача айтканда калктын эң активдүү катмары. Көбүнүн үй-бүлөсү бул жакта калып, далай үй-бүлөөлөр бузулду. Жашы жете элек балдар жумушка тартылып, айылдарда жалаң кары-картаңдар басымдуулук кылып жатат. Кеткен адамдардын ордун кошуна мамлекеттин жарандары ээлеп, алардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.

Өкмөт “тышкы миграция” жана “миграция” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алганы менен биздин жарандардын укуктары чет өлкөдө корголбой келет. Аларга кол салуулар, алдагандар, органдарын саткандар, айлыктарын бербеген ж.б.ушу сыяктуу көрүнүштөр көбөйүп жатат. Биздин жарандар тилди, кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарын билбегендиктин көп кыйынчылыктарды жаратууда. Көбүн алдап, документтерин алып алышып, аларды кул кылып сатканы канча. Айтор проблема өтө көп.

Бүгүнкү күндө кыргыз барбаган жер жок. Көбү Орусия менен Казакстанда, калгандары Туркия, Араб өлкөлөрүндө, Корея ж.б.мамлекеттерде иштешет. Официалдуу маалыматка таянсам, Орусияда 800 миңден ашуун, ал эми официалдуу эмес маалыматтарга ылайык 1 млн.ашык кыргыз бар. Алардын 2010 жылы 96011 миңи жумушка уруксат алышса, 17 137 адам патент алып, соода-сатык менен алек. Мыйзамдуу түрдө 113 143 адам эмгектенет. 260 миңге жакынын жарандыгы бар.[1]Казакстанда 270 миңдей, официалдуу эмес маалыматка ылайык 400 миңден ашат.

Мигранттардын которгон акчасына кыргызстан жашап жатат. 2010 жылы 1,36 млрд.$ которушкан.[2] Ал эми тажиктер 2,67 млрд.$ которушкан.[3] Бүгүнкү Кыргызстандын бюджетин 30% миграттар которгон каражаттар түзөт.

Миграция боюнча Орусия менен да, Казакстан менен да эки тараптуу мыйзамдар, макулдашуулар бар. Анын баары бүгүнкү күндө күчүндө. Визасыз кирүү, 10 күн каттоосуз жүрүү, жеңилдетилген формада Орусиянын жарандыгын алуу ж.б.

Кээ бир мамлекеттер миграция менен күрөшүү үчүн жыл да бир жолудан мигранттар үчүн мунапыс жарыяласа, кээ бири пенсия, пособия, айлык маяналарын көтөрүү менен бирге жумуш орундарын түзүп, жарандарын өз өлкөсүндө калтырууга аракет жасап жатышат. А биздики эптеп ушуларды кетирсек, кийин көп акча которушса деген саясат жүргүзүп келишет. Read the full story »

Сох анклавы жана укмуштуу окуялар
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 7 Jul, 2011 – 21:09 | Comments Off

Адилеттин постун окуп, анан менин эсиме үч жыл мурун болуп өткөн окуя келип түштү. Анда, tolkun.info менен Оштон Баткенди көздөй унаада зымырап бараткан элек. Анан эле, Сох анклавына келгенде экөөбүз кызыгып кетип сүрөткө тартып баштадык, Толкун болсо видеого тартты. Анан эле бизди чегара бүткөндө токтотуп, биз тарткан сүрөттөр менен видеолорду өчүрткөнгө мажбурлашты. Мен болсо фотоаппараттан флешканы чыгардым да, катып койдум. Ошондо калган сүрөттөрдү бул жерге чыгарып жатам:

Орусия жана Гастарбайтерлер!
Written by Асель Шабданова, Monday, 24 Jan, 2011 – 13:31 | No Comment

Россия Федерациясынын өкмөтү 1-январда чет өлкөлүк жараандарга базарларда алкоголдук ичимдиктерди, дары-дармектерди сатууга тыюу салды. Эмне үчүн мындай токтом кабыл алынды?

Бирок, сатуу точкаларынын ээлери чет мамлекеттик жумушчудан айрылгысы келбей, бул көйгөйдү өзүнүн жолу чечип башташты. Ири базарларда точканын ээлери бир россиялык паспорттун ээсин 5-6 чет өлкөлүк менен орноштуруп, текшерүүчүлөр келээрде, баарын кетирип, бирөөнү калтырып коюп жатат. Же болбосо дагы башка жолу: Биз грузчиктербиз, консультантпыз, акчаны колубузга такыр кармабайбыз, – деп суудан кургак чыгып кетип жаткан убагы. Бул токтом, чет өлкөлүк жарандарга жумушту жок кылуунун башкы гана процессиби? Келечекте Орто Азиянын, Кавказ мамлекеттеринин жарандары Орусияда такыр жумуш таба алышпай калабы?

Ойлоп көрсөк, Орусияда көбүнчө гастарбайтерлер базарларда нанын табышса керек. Орусиянын расмий статистикасында жалпы иммигранттардын саны 4-5 млн адам. Бирок бул сан Дүйнөлүк банктын айтышы боюнча, 12,3 млн адамга жетет. Менин оюмча, эгерде Орусия жарандары өздөрүнүн жумуштарын аткара ала турган болушса, анча адам ал жерде жумуш тапмак эмес. Бирок, элдик менталитет боюнча, эч ким андай кара жумушта иштегиси келбейт. Азыркы күндө бир топ соода объекттери 15миң рублдук жумуш акысына Россия паспорту менен адамды таппай жатат.

Орусияда  иммигранттарга басынтуу мамиле жасалат. Ал тургай, бир кыргызды же таджикти скинхеддер өлтүрүп салышса деле көз жумуп коюшат. Мисалга алсак, Манежная аянтындагы футболдук чогулуш бат эле националдык согушка айланып кетти. Таң калаарлык нерсеси, ошол ызы-чууда бир кыргыз бала каза болуптур, бирок бул фактка анча деле көңүл бурулган жок.


Эмне үчүн дуйнө жүзүндөгү кечээги нацисттик идеология Орусияда күч алды? Ар кандай нацисттик топтор өзүнүн тренировкаларын видеого тартышып, интернетке ачык зомбулук жөнүндө айтышса да, аларды мамлекет тараптан эч кандай чаралар көрүлбөйт? Ачыгын айтканда, Орусиянын тарыхында улуу инсандардын абдан аз эле саны чыныгы орус улутунан болгон. Мисалга алсак, ошол эле Петр I (Европанын жараны), же Ленин (еврей), Сталин (кавказ) ж.б. Чыныгы орус инсандарды алсак, жомокторундагы эле Иванушка Дурачок, печканын үстүндө жаткан же Колобок.

Read the full story »

Каттоо: Кулчулуктан жакшыраак
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 6 Jan, 2011 – 19:45 | 4 Comments

Акыркы жылы 24.kg маалымат агенттигинде чыккан, каттоо (прописка) көйгөйү тууралуу абдан кызыктуу макала чыккан эле. Аны которуп, кыргыз тилинде дагы берүүнү макул көрдүк.

ПропискаБорбор Азиядагы Эркин Базар Институту республикалык мыйзамдарды реформалоо программасын даярдап жатат. Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо (прописка) маселеси дагы көтөрүлүп чыккан. Каттоо институту чиновниктердин тамагы болуп калды, – дейт Институттун изилдөө бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Усманов. – Бүгүн анын эч пайдасы жок – бирок паспорттогу штамптын жоктугу милицияга акча өндүрүүгө, доктурларга болсо жардам берүүдөн баш тартууга шылтоо берет.

Биздин өлкөдө каттоонун көйгөйдөcүн чечүү маселеси биринчи жолу көтөрүлгөн жок. 2010-жылдын мартында Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар бул маселени көтөрүшкөн. Мыйзам боюнча өлкөнүн ар бир жараны эркин жүрүүгө жана каалаган жеринде жашоого укугу бар, – деп алар көрсөтүшкөн.

Бишкектин айланасында 47 жаңы конуштар бар, ал жерде негизинен жаштар жашайт. Алар каттоосуз түзүүгүрөк кызматка орношо албайт жана өзүнүн жарандык позициясын көрсөтө алышпайт, – дейт депутат Бейшенбек Абдырасаков.

Тарыхый кыймыл

1917-жылдык революциядан кийин большевиктер паспорттук системаны «полициялык таасиринин эң күчтүү куралы», – деп токтотушкан. Бирок 1932-жылы Советтер Союзунда Паспорттук-визалык жалпы кызматы түзүлгөн, жана НКВДнын катарына кирген. Мекеме шаарлардын жана жумушчу айылдардын элин эсепке алып, расмий жумушсуз кишилерди изилдеп, ошондой эле «пролетариат диктатурасын чыңдоо максатында жашынган кулактар жана башка коомго коркунучтуу элементтерден тазалоо үчү» деген максатка ээ болгон. Кайсы бир мезгилде каттоо ички миграцияны токтотуп турган. Мисалы, кызматчылар айылды тыштап шаарга кетип калбашы үчүн, колхозчулардын паспорттору колхоздун башкармасында сакталып турчу. Каттоосуз жумушка орношуу мүмкүн болбогон.

Read the full story »