Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Милиция

Жарандар милицияны реформалоодо эмнени күтөт?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 19 May, 2012 – 11:09 | No Comment

Ар бир жаш улан укук коргоо органдарында иштегиси келет, себеби ал жерде иштөө – бул чоң сыймык, айлана-чөйрөңдө кадыр-баркка ээ болосун, мындан тышкары эффективдүү аткарылган жумуш үчүн айлык акынын үстүнө кошулган сыйлык акы да аласың. ИИМге калк тарабынан болгон ишеним 70% ашык. Автоунаалардын ээлери эшиктерин ачык калтыргандан коркушпайт. Түн ичинде шаардын көчөлөрүндө сейилдөө – коопсуз. Көчөлөрдө видеокамералары орнотулган күзөт унаалары менен кетип бара жаткан, дайым жылмайган ИИМдин кызматкерлери – чоң бир ишенимди жаратышат.

Бул баяндама сиздин кулагыңызга жат угулуп атабы? Мындай нерселер мүмкүн эмес дейсизби? Оюмча, мүмкүн. Жогоруда айтылып өткөн фактынын баары окурманга жакканы, мунун өзү Ички Иштер Министрлигиндеги (ИИМ) абалды өзгөртүү муктаждыгын көрсөтүп турат. Мунун баардыгын өз орду менен түшүндүрүп берүү үчүн жөнөкөй 6 суроого жооп берсек.

Анда эмесе, биринчи суроо “Эмнеге?”. Кандайдыр бир нерсе жасаардан мурун, жасала турган иштин көйгөйүн аныктап алсак туура болчудай. Мисалы, эмнеге айдоочу өзүнүн унаасынын дөңгөлөгүн алмаштырат? Себеби алдыда кыш жакындап келе жатат, ал эми дөңгөлөктүн шиналарынын эскилиги жетип калды. “Эски” шиналар менен унааны айдап жүрүш – бул жашоого өтө кооптуу, анткени ар кандай күтүүсүз жол кырсыктарына алып келиши мүмкүн. Эмне үчүн ИИМди реформалашыбыз керек? Бүгүнкү күндө укук коргоо системасы кандай абалда экенин, баардыгыбыз беш колдой билебиз. Реформаларга эксперттик топтор, бул министрликте иштеген кызматкерлердин кай бирөөлөрү да кызыкдар, анткени алар бул системанын ички көйгөйлөрүн жакшы билишет. Мунун чындыгын коопсуздук боюнча эксперт, Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Равшан Абдукаримов ырастап келет. Бир гана эксперттер эмес, жада калса карапайым калк да милициянын көйгөйлөрүнөн беш колундай санап берет. Эл аралык Республикалык Институт тарабынан өткөрүлгөн акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгына көз салсак, Кыргызстандын жарандары коррупцияга белчесинен баткан түзүмдөрдүн бири – ИИМ деп эсептешкен. Калктын 95% милицияны паракор катары баалашат экен. Жарандык коомдун ой-пикирин чагылдырган, ИИМди реформалоо боюнча альтернативдик концепция төмөнкүнү билдирет: “жарандар погон тагынган адамдардан коркушат, милицияга болгон калктын ишеними өтө төмөн, ал эми ички иштер органдарында болгон коррупция жөнүндө бир гана жалкоо гана айтпайт”. Мына, өзүңөр айткылачы эми, биздин “унаалардагы” шиналарды алмаштыруу зарылбы? Талашсыз!

Read the full story »

Грузиядан дагы артта калдыкпы?
Written by adilet, Saturday, 23 Jul, 2011 – 11:21 | No Comment

Биз Кыргызстанда туруп, Грузияда кандай реформалар жүрүп жатканын айтып жетишпей жатсак, бул мамлекеттин парламенти биринчи эле окуудан “экономикалык эркиндик жөнүндө актыны” кабыл алышты. Саясат тануучу Гела Васадзе “экономикалык эркиндик жөнүндөгү актыны” өлкөдөгү болуп жаткан либертариандык реформалардын эң маанилүү кадамы экенин тастыктады жана бул реформаларды мындан да эрте жасашса болмок деди.

Бул акт эң маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкү чектөөлөрдү коёт:

  • ИДПга болгон бюджеттик дефицит – 3 пайыздан ашык эмес
  • ИДПга болгон кеңейтилген бюджеттик чыгымдар – 30 пайыздан ашык эмес
  • ИДПга болгон мамлекеттик карыз – 60 пайыздан ашык эмес

Акт долбоорунун негизги авторлору – Каха Бендукидзе и Ладо Гургенидзе. Акт долбоору Грузиянын парламентине 2009 – жылдын сентябрь айында президент Михаил Саакашвили тарабынан киргизилген.

“Мындай параметрлер мамлекеттин банкрот болбостугуна, чоң карыз алып, төлөй албай калбастыгына жана жеке секторго оор болуп калбастыгына кепилдик бере алат. Бул менен кошо өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашпайт” – деди Грузиянын премьер-министри Николоз Гилаури.

Чындыгында экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт  мамлекет тарабынан жеке ишмерликтин экономикалык иш-аракетине кийлигүүшүсүнө конституциялык деңгээлде чек коёт. Эми азыр Грузияда салыктарды көбөйтүш үчүн азайтыш оңойго турат. Билесиңерби эмне үчүн? Анткени салыктын ченин көбөйтүш үчүн же жаңы салыктын түрүн киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек.

Биз болсо Кыргызстанда атайын эле реформалардан арта калып жатабыз. Экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт  эмес милиция реформасын жүргүзгөнү жөнүндө али ойлоно элекпиз. Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев 5 – каналдан түз эфирден айтты:

“Мен билем, бул көйгөй “ГАИ реформасы” бышып жетти. Мен бир аз алдыга жылуулар бар деп айталам. Быйыл техосмотрду өтүш былтыркыга караганда абдан эле жеңил  болду. Бирок негизги көйгөй дагы деле бар жана бул көйгөйдү чечиш керек. Балким, түп тамыры менен өзгөртүш керек. Мен силерге бул жумушту аягына чыгарабыз деп убада бере алам”, – деди Атамбаев.

Мен Грузиядагы реформалардын тажрыйбасы менен таанышып чыктым жана бул маселеге чекит коюш керектигин айтты – Атамбаев.

“ГАИни түп тамыры менен реформалаш керек. Эмнеси болсо дагы мындай реформаларды жасайбыз жана мен ойлойм мындай чечимди кабыл алабыз. Эми азыр мындай реформаларды кантип жасайбыз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Мындай чечимди жакынкы айлардын ичинде кабыл алабыз”.

Мындайча айтканда, Грузиядагы полицияда болуп жаткан реформалар жөнүндө Теле берүү көрсөтүлгөн. Мындай теле берүүнү тартып жатканда биз ишенгенбиз, биздин өлкөдө да мындай реформалар жакынкы арада болоруна. Бирок, Атамбаевдин жана башка саясатчылардын мындай убадасы азырынча ишенич туудурбайт.

Макала орус тилинен которулган: автору М.Намазалиев

Түңкү Бишкек
Written by Рысбек Арунов, Sunday, 5 Jun, 2011 – 12:15 | No Comment

Баардыгыбызга белгилүү болгондой, күндүзгү Бишкек менен түнкү Бишкектин айрымасы асман менен жердей. Кээ бир адамдардын жашоосу түнчүндө.

Өткөндө мен да досторум менен эс алганы шаарга чыктык. Түнкү диско клубдардын кайсынысына бараарыбызды билбей, “Bacardi” көздөй жөнөдүк. Барганыбызда бизди кирээрибиз менен начар тосуп алышты. Оозунда 4 кайтаруучу, 2 администратор кыздар отурушут, суроо берсең орой жооп беришет. Ушундай тейлөөлөрү менен канчалаган кардарлар кирбей, кайра кетишет.

Акыркы убактары Бишкекте “Lounge” (кыргызчы – эс алып отуруу, кире бериш дегенди түшүндүрөт) деген модага айланган сөз бар. Көбүнчө клубдардын аталыштарында ушу сөздү жолуктурууга болот. Мисалы, Bacardi lounge bar, 12 lounge bar, Velvet lounge bar ж.б. Көбүнүн тейлөөлөрү абдан эле начар, аты гана болбосо. Баалары асмандын башын чапчыйт. Баары тең жарнаманы жакшы беришет, барсаң эми жыргатаарлык эмес.

Эң кызыгы депозит деген бир системасы бар. Бул көбүнчөсүнө жакпайт. Мен муну колунда жоктордун укугун тебелөө деп түшүнөм. Андай адамдарды кийингенин, кебетесин көрүп кийирбей да коюшат. Депозитти эки үч миңди төлөгөнгө көбүнүн мүмкүнчүлүгү жок. Акчаң болсо – кулуңмун деген заман ушу!

Кээ бир такталбаган маалыматтарга таянсак, кээ бир эс алуу жайларында баңги заттары да таратылат деп уккам. Ал эми коопсуздук кызматынын кызматкерлерин карасаң, өздөрүн кудайдай эле сезишет. Көбү өзүнүн милдеттерин билишпейт. Кардарларга сылык мамиле кылгандын оордуна, өздөрү кошо согушуп, кээ бир учурлар катталган адам өлүмүнө алып келген. Ошол кызматкерлердин шалаакылыгынан.

Мисалга мындай фактылар Barcode, Chelsea, X.O. ж.б. Бир таанышым өткөндө айтат, ушундай жеке коргоо фирмалары аркылуу курал-жарак мыйзамдуу түрдө алса болот экен деп. Алар сени өздөрүнүн кызматкери кылып каттайт да, куралды ошондой жол менен оңой алат экенсиң. Алгандан кийин мыйзамдуу түрдө өзүң менен кошо көтөрүп жүрө берсең болот.

Түнкү Бишкекти кыдырсаң, көп жерлерден байтал базарларды көрөсүң. Бир гана мисал, Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде үйүлүп турушат. Көбу кыргыздын кыздары. Алар сүйлөп жатканын уксаң, кадимкидей жиркенесиң. Андан да кызыгы аларды ИИМдин кызматкерлери орусча айтканда крышавать этишет экен. Жандарында MVD086B номерлүү машина турат. Ичинде эки кызматкер сойкулар менен жалжактап отурганын көрүп, булар деле эч сойкулардан айырмасы жок экенин түшүнөсүң. Ары жакта 3-4 балдар согушуп жатса да, милициялар көрсө да көрмөксөнгө салганы кишинин ичин күйгүзөт.

Күндүзгү убакка караганда, түнкүсүн көбүрөөк көзөмөлгө алышса жакшы болот эле. Кылмыштуулуктун көбү түнкү убакта катталат.Кечинде мыйзамдуу милиция кызматкерлери мыйзамсыз иштерге барганын, кримчөйрөнүн адамдарын, чоңдордун кутурган балдарын гана көрүүгө болот.

Дэги биз кайда бара жатабыз? Жарандардын коопсуздугун коргогон органдар барбы бизде? Же күндүзүн бийлик контролдосо, түнкүсүн кримчөйрө контролдойбу?

Рысбек Арунов.

Жанар Акаев: “Саакашвили жумушка баратканда тоз-тополоң болбойт экен”
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 30 May, 2011 – 6:18 | No Comment

Ушул күндөрү “Азаттык плюс” телетобу жана Борбор Азиядагы эркин базар институтунун өкүлдөрү Грузиянын полиция жана экономикалык реформалары тууралуу документалдуу тасма тартып жүрүшөт. Программанын алып баруучусу Жанар Акаевдин фейсбук баракчасына Грузиядагы реформалар тууралуу жазгандарын окуп, Тбилисиде жүргөн теле алып баруучу менен интернет аркылуу чакан маек курдук.

- Жанар, Грузияда түнкү саат үчкө чейин иштеген министрлер бар деп жазыпсың. Чын эле ошондой бекен?

- Бул көрүнүш бизге, кыргыздарга гана таңкалычтуу болбосо, министрлердин түнкү саат 2-3төргө чейин иштегени грузин элине кадыресе көрүнүш экен. Мисалы, мурдагы финансы министринин орун басары, азыркы вице мэр Гиорги Цхакая түнкү саат үчкө чейин иштейт, анын эки айдоочусу, эки катчысы бар экен. Бир айдоочусу күндүзү иштеп, экинчиси түнү иштейт. Цхакая күндүзү саат 10:30, 11:00дөргө жумушка келет экен, түнкүсүн үчтө кетет. Министрлердин дээрлик 90%ы түн бир оокумга чейин иштейт турбайбы. Алардын баары энергиялуу, билимдүү жаштар. Өз өлкөсүнүн фанаттары десек болчудай. Биз реформаны аягына чыгышыбыз керек, биз Грузияны бай мамлекет кылышыбыз керек деген принцип бар баарында.

- Революцияга чейин алардын милициясы деле кыргыз милициясынан айырмасы жок болчу. Пара алышчу экен, эң коррупциялашкан тармак деп саналчу күч органдары. Азыр таптакыр өзгөргөн дейт. Алар муну кантип жасашыптыр?

- Мен ушул суроону көптөгөн грузин саясатчыларынан сурадым. Оппозициясынан да сурадым. Саясый эрк болуш керек деп жооп беришти. Булар бүтүндөй милицияны толугу менен жумуштан кетирип, эки айдын ичинде аз, бирок саз полицияны курап чыгышыптыр. Алардын айлыгын көтөрүп, пара алууга катуу тыюу салыптыр. Азыр полиция пара алабы деп сурасам, күлкүнү келтирбечи деп жооп беришет. Полиция пара алат деген түшүнүк таптакыр жоюлуптур. Полициянын кадыры абдан жогору, ар бир экинчи грузин окуучусу келечекте полиция болууну кыялданышат экен. Айтмакчы, полиция реформасы ийгиликтүү ишке ашкандан бери криминал Грузиядан тез арада качып чыгып кетишиптир. Азыр бул өлкөдө криминал жок.

- Катардагы полиция керек болсо министрлерге деле айып пул төлөтөт деп жазыпсың фейсбукта?

- Ооба, мындан алты ай мурун Грузиянын премьер-министри мас абалында машинесин айдап баратса, полиция тосуп айып пул салып, төлөтүптүр. Элестеткиле, бизде Атамбаевди МАИчилер тосо алабы? Ал тургай ЖК депутаты Улан Чолпонбаев твиттерге мактанып жазып атат, “мен ичип алып рулда келатсам, МАИ кызматкери тосту, күбөлүгүмдү көргөзсөм кое берди дароо” деп. Мына биздин депутаттардын деңгээли. Баса, президент Саакашвили жумушка эл катары эле барат экен, ал келатат деп жолдордо ызы-чуу болушу мүмкүн эмес, анын жумушка барып келгени билинбей эле калат. А биздечи, эртең менен тоз-тополоң башталат, Отунбаева өтөт, Атамбаев өтөт, Келдибеков өтөт деп канча адам жумушка кечигет.

- Кандай ойлойсуң, Кыргызстанда ушундай реформаны ким жасай алат?

- Азыркылар жасай албайт. ИИМ министринин интервьюсун окуп калдым, бизде деле реформа болуп жатат дейт. Кайсы реформа? Ал реформа дегенди кандай түшүнөт? Эки жолу революция болду, реформа жок. Менимче, билимдүү, пара албаган жаштардын жоон тобу бийликке келгенде реформадан үмүт кылсак болот. Бирок мен азыр ошондой жаш лидерлерди да көрбөй турам. Менимче, келерки президенттен жаштар чоң нерсени талап кылат. Ал реформа. Ушундай реформаларды жасайм деп программасын сунуштаган кишини гана жаш муун колдош керек, анан талап кылыш керек.

- Маегиңизге рахмат!

Бул маек Де-Факто гезитинен алынды.

Грузин полициясынын өңү ушундай
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 28 May, 2011 – 9:54 | One Comment

Грузиядагы полиция реформалары тууралуу эң алгачкы кыргыз тилиндеги видеопрограмма. Ал Азаттык+ жана Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту (CAFMI) тарабынан тартылып, жана АКШ элчилигинин алдындагы демократиялык комиссия тарабынан каржыланган. Пикириңерди дал ушул жерге жаза берсеңер болот:

Чоңдор МАИ кызматкерлерин тоготушпайбы?
Written by Рысбек Арунов, Wednesday, 18 May, 2011 – 5:28 | 5 Comments

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарын карасаң, жол эрежелерин эле бузган адамдар. Ошол жол коопсуздугун сактабагандардын айынан, канчалаган адамдар өлүп жатышат. Ар кандай оору менен ооруп  каза болгондорго караганда, жол кырсыгынан өлгөндөр артыкчылык кылат.

МАИ кызматкерлеринин жол коопсуздугун көзөмөлдөгөнүнө карабастан, жол кырсыктары күн санап көбөйүп жатат. Светофорлорго орнотулган видео көзөмөлдөө аппараттары деле кыйратып жардам бергенин көрө элекпиз. Кечинде көчөгө чыксаң жол эрежелерин бузган айдоочуларды гана көрөсүң. Алардын арасында чоңдордун да авто унааларын көрүүгө болот.

Биздин жетекчилерибиз ар кандай мыйзамдарды кабыл алышат да, ошол мыйзамдарды өздөрү аткарышпайт. Муну менен айтайын дегеним, ошол эле депутаттар, министирлер жана  майда жетекчилер машиналарынын терезелерин караңгылатып, мигалкаларды, KG,BG номерлерин тагып алышып, шаарда тайрандап жүрүшөт. Буларды тыйчу эч ким жок. Жол эрежелерин бузгандыгына карабастан, тозгон МАИ кызматкерлерин кызматына таянып коркутушат. Кээ бир убактарда Ички иштер министиринин жардамы менен ошол кызматкерлерди  жумушунан алдырганга чейин барган убактар кездешет.

Read the full story »

Бишкек Терракттары
Written by Асель Шабданова, Tuesday, 18 Jan, 2011 – 8:52 | 7 Comments

Адамдарга ар дайым күнөөлүүлөрдү таап, бирөөдөн жинин чыгарып алыш керек.

Өкмөт 2010-ноябрь айында “Бакиевчилерди” таппай, же тапкысы келбей, биринчиден  “Альфа” командасын тапкан. Бирок, алардын күнөөлүү экенине жарым эл ишенип, жарымы такыр терс чыккан.

Акыркы  мезгилде Бишкек шаарында  бир топ теракттар  болуп  өттү. Анын аягы 3 милиционер жана 3 шектүү адамдардын, алардын ичинде бир “Альфа” командасынын мүчөсүнүн жана 2 диний экстремисттик топтун инсандарынын  ажалы  менен аяктады. Окуяны башынан хронология боюнча айтып кетсем.

  • 30-ноябрда Спорт  Ордосунда колго жасалган бомба жарылган. “Бакиевчилерди  соттоо” процесси ушул күнү план боюнча Спорт Ордосунда болуп өтмөк. Бирок кызык нерсеси, Бакиев деген фамилиясы менен бир дагы адам эмес, 7-апрельдеги экс-башчылардын буйругун аткарганг  “Альфа” спецбөлүгүнүн солдаттары соттолмок.  Жыйынтыгында 4 адам жаракат алган, официалдык  булактардын информациясы боюнча уюштуруучулар соттун аткарылышына тоскоол кылгандар деп чечишкен.
  • Кийинки окуя баягы эле колго жасалган, Спорт Ордосуна окшош болгон бомба 25-декабрда МИИМ имаратынын жанында машинада орун алган. Бирок, кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен бул терактты алдын ала токтотуп калышкан.
  • 5-январды карай түнү 8-мкр милиция капитаны  -   Самат Барпыкулович Жээнбеков, старший лейтенант милиции –      Алмазбек Асылбекович Сулайманов, милиция лейтенанты –  Пириндибай Маматович Исманов шектүү көрунгөн адамдардын паспортторун текшерүү максатында автомат Калашниковдон  атылып каза болушкан. Спецслужбанын айтышында,  кылмыш жасалган жерден буюмдук далилдөө боюнча, мурунку теракттарды уюштурган адамдар бул өлтүрүүгө да жөндөмдүү деп чечишкен. Ушул окуядан кийин экстремизм жана терроризмге каршы күрөш мурункудан чоң күч алып баштады. Ошол эле күнү Беш-Күнгөй айылынан ИИМдин спецбөлүгү күнөөкөрлөрдү кармоо боюнча операцияны аткарууда 2 шектүүлөр атылып, бир “Альфа” спецгруппасынын мүчөсү Женишбек Бабараимов  жаракат алып, жолдо көз жумган.

Эми бириктирип айтканда, Спорт Ордосундагы, ИИМдин жанында, жана милиция мүчөлөрүн өлтүрөндөр диний экстремисттик джихадисттердин группасы. ГКНБнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымдаганы боюнча, 9 адам камакка алынды, ал эми бешөө изделүүдө.

Негизги ой-толгоолор:

  1. Кармалгандардын куралдары жоголгон мамлекеттик куралдардын санына кирет. Кайсы жол менен Мамлекеттик Сактоо Службасында , жоголгон деп саналган , автомат Калашникова менен пистолет Макарова  кылмышкерлердин колуна түшүп калды?
  2. Кантип, өткөн жылдын  ноябрында эле мамлекеттин душмандары болгон “Альфа” командысы менен Мамлекеттик Спецслужба жылдын башында элди куткаруучу баатырларга айланып кетти? Бул кандайча, керек болгондо коргоочу, керек эместе жок жерден садага боло берүүчү топко айланат?
  3. Кандай ыңгайлуу, бир ок менен болуп өткөн теракттардын күнөөкөрлөрүн диний экстремисттик топко байлап коюу. Бул окуялардын байланышы сөзсүз эмес да?

Read the full story »

Оппозиция Милицияга Кайрылды
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 5 Apr, 2010 – 13:10 | 3 Comments

Сүрөт Елена Скочилого таандык. Бишкек, 2007

Бийлик ар дайым милиция кызматкерлерине таянып, өз иштерин жүргүзүп келишет. Андыктан, ар кыл оппозициялык кыймылдар дал ушул укук коргоо органдарынан көптөгөн жакшы дагы жаман дагы нерселерди күтүп келишет.

Бүгүн Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитети укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылуу жасашты. Бул ачык кайрылуу офицерлерге, прапорщиктерге жана аскер кызматкерлерине багытталган.

Өлкөдөгү азыркы оор кризистик абалдын эң башкы себеби мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына Бакиевдердин үйбүлөөсү ээлик кылып менчиктеп алгандыгында, 2005-жылдын 24-мартындагы элдин жакшы жашоого карата үмүтү, тилеги тепсендиде калгандыгында деп оппозиция кеп баштады.

Азыркы шартта мыйзамдуулук менен укуктук тартиптин Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок. Алар өздөрүн мыйзамдан жогору, кол тийбес абалга койуп алышты. Алам дегендерин алышат, кылам дегендерин кылышат. Өлкөбүз ачыктан ачык эле таланып, тонолуп жатат, колго илинер байлыктарынын баары сатылууда. Мындай кыянатчыл саясаттын запкысын азыр ар бир үйбүлөө тартууда. Беш жыл мурдагы элдин жашоосун азыркы жашоо менен кантип салыштыра алабыз. Жада калса Кудай берген Токтогулдагы суу да сатылып кетип, үч жылдан бери свет күндө өчүп, эл тезек терип жан сактоого мажбур болду.

Read the full story »