Articles tagged with: Орусия
Акыркы убактары, Кыргызстан тышкы саясатта өзүнүн өнөктөшүн тандоосу керек деген кептер көп айтылып келе жатат. Кээ бири айтат, биз Орусия менен, экинчиси Америка менен, үчүнчүсү Кытай менен, төртүнчүсү Туркия менен, дагы бирөөсү Евросоюз менен болушубуз керек деп.
Мындай өнөктөштү тандоо суроосу бекеринен туулбаса керек. Себеби, Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен геосаясий абал жагынан, жогорудагы атап өткөн мамлекеттерге көптөгөн кызыкчылыктарды жаратат.
Жаңы президент шайланаары менен бул суроо абдан курчуп кетти десем жаңылышпайм. Анткени, айтпасак да белгилүү, орус бийлиги биздин жетекчилерди кысымга алып, силер биз менен гана бирге болосуңар таризинде мамиле жазап келе жатат. Бул жерден бир суроо туулат: Эмне үчүн биз бир гана Орусия менен бирге болушубуз керек? – деген. Бүгүнкү күндө бир да мамлекет жок, бир векторлуу саясат жүргүзгөн. Ошо себептен, ар бир эгемендүү мамлекет каалаган мамлекет менен карым-катнаш түзүүгө укуктуу.
Кыргызстанда башка мамлекеттерди кабатырлантканы, бул – АКШнын Жүк ташуучу Транзиттик Борбору. Өзгөчө Орусия менен Кытай мамлекеттеринин бүйүрүн кызыткан суроо ушул база тууралуу.
Эгерде жогоруда аталган мамлекеттер менен болгон мамилени өз-өзүнчө карай турган болсок, анда америкалыктардын максаты ачыктан-ачык көрүнүп турат. Бул региондо америкалыктарды колдой турган элдин катмарын түзүү.Орусия менен Кытайдын ж.б.өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын кайраштыруу, кагылыштыруу. Бул регионду толук колго алып, ислам өлкөлөрү менен карым-катнаш түзүү.
Ал эми Кытай мамлекети менен болгон алакабыз тээ Советтер Союзу ураган жылдардан тартып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Бирок Кытай мамлекетинин эң негизги кызыкчылыктарынын бири: бул – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу, Кыргызстандан электр энергиясын экспорттоо, биздин кен байлыктар жайгашкан жерлерди толук колго алуу.
Ал эми Орусия мамлекети менен канчалаган жылдардан бери бирге келе жатабыз. Биздин эң негизги стратегиялык өнөктөшүбүз. Канчалаган биргелешкен орус-кыргыз компаниялары бар, андан тышкары бир нече регионалдык уюмдарга мүчөбүз. Мындан сырткары ЖККУнун биргелешкен Канттагы базасы жайгашкан. Акыркы убактары бул базанын тегерегинде бир топ кызуу талкуулар жүрүүдө.
Негизинен, биздин региондо болгон кызыкчылыктардын күрөшү, ушу үч мамлекеттин ортосунда жүрүп келүүдө. Өзгөчө АКШ менен Орусиянын.
“Оңгө бассаң атың өлөт, солго бассаң өзүң өлөсүн, түз кетсең экөөң тең өлөсүң” – деген сөздү айла жок эстейсиң. Бул үчөөнүн бирин тандаш өтө кыйын. Бирин тандасаң экинчиси кысым көрсөтүп кирет, үчүнчүсүн тандасаң, тиги экөө кысым көрсөтүшөт, айтор, бул маселе биздин жетекчилердин чоң бир көйгөйүнө айланды.
Ошондуктан, биз көп векторлук саясатты тандаганыбыз оң. Баардык жакка тең мамиле жасашыбыз керек. Бирок, бул Орусияга жакпаары, баарыбызга түшүнүктүү. Биз Орусияга жакпайт деп эле башка өлкөлөр менен алакабызды үзүп салган болбойт да…..
Жакынкы убакыттын аралыгында Кыргызстандын келечегине, саясий – экономикалык абалына, жалпы кыргыз коомчулугунун турмушуна таасир этчү чечим кабыл алынат. Бул бажы биримдигине кирүү чечими. Айтып кетсек, бажы биримдигинде Орусия, Казакстан жана Белоруссия деген мамлекеттер иш алпарышат.
Бажы биримдигине кирүүгө өлкө даярбы? Республиканын экономикалык өнүгүүсүнө кандай таасир этет? Же элибиз үчүн кезектеги пайдасыз ири долбоорлордун бири бойдон калабы? – деген суроолор кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаранды ойлондурат. Ошондуктан биздин мамлекетибизге маанилүү чечимди баардык тарабынан карап, жети ойлонуп бир кесип анан кабыл алыш керек. Бул биримдикте Кыргыз Республикасынын катышуусунун дурус жана терс жактарын карап көрөлү:
- Биримдикке кирүүнүн оң жактары катары Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын коңшулаш өлкөлөргө эч кандай эле тоскоолу жок алып чыгып, биздин айыл чарба өндүрүүчүлөргө жогорку баада сатууга жол ачылат
- Жеңил өнөр жайынын продукцияларын, так айтканда тигүү ишканаларынын товарларын экспорттоого кеңири жол ачылышы аталууда. Анын үстүнө Кыргызстан соодасынын 45 пайызын Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен жүргүзөт.
- Мигранттар үчүн да жакшы шарт пайда болот. Айтып кетсек Орусияда биздин 500 миңден 1 миллионго чейин жарандарыбыз иштешет жана алар үчүн бир топ жеңилдиктер пайда болот. Казакстанда да биздин жарандарыбыз иштешет. Эске салып кетсек былтыркы апрель окуясынан кийин Казакстандын көп шаарларында кыргыз мигрантарын депортация кылышкан
- Бажы биримдигине кирген мамлекеттерден келген импорттун баасы төмөндөйт. Мисалы; бензин, курулуш материалар ж.б.
- Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктары катары, кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттеринин жоюла турганы, эмгек мигранттарынын бул аймакта тоскоолсуз жылып жүрүүсү жана азыркыдай эле Кытайдан арзан баадагы кездемелер келе бере турган болсо, тигүүчүлөрдүн өсүп-өнүгүүсүнө жол ачылат
Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктары көбүрөөк, кемчиликтери болсо аз эле. Ага кошулганда кыргыз товарлары үчүн 200 миллиондук рынокко жол ачылат. Кийим тигүү, азык-түлүк сыяктуу тармактар өнүгөт. Ал эми күйүүчү майлар сыяктуу стратегиялык товарлардын баасы арзан болот – дейт Кыргыз Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.. Анын ырасташынча, бул сыяктуу стратегиялык товарларды башка өлкөлөрдөн ташып, диверсификациялоого мүмкүн болбой жатат. Андыктан Орусия менен Казакстанга ыктап, Бажы биримдигине кошулуу керек:
Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз өкмөтү биримдикке кирүүнү жактайт. Алардын ынандыруусу боюнча, Кыргызстан үчилтикке кошулса, ута турган жагдайлар көп. Маселен, биримдик ичиндеги өлкөлөрдөн товарлардын арзаныраак жана оңой келиши, атамекендик жеңил өнөр жайчылардын базарынын кеңейиши, эл аралык базарга оңой олтоң чыгышы сыяктуу.
- Кемчиликтер катары - азык-түлүк, жашылча-жемиштердин кескин кымбаттай турганы, Кытайдан келген товарларды реэкспорттоонун же алып сатуучулуктун азайышы, авто унаалардын дароо кымбаттай турганы, Дордой, Кара-Суу сыяктуу базарларда соода төмөндөй турганы жана Дүйнөлүк соода уюмуна айып акча төлөп калуу коркунучу мисал кылынууда. Дүйнөлүк соода уюмунан чыгуу үчүн 1,5 миллиард доллардын тегерегинде айып акча төлөө керектигин эскерте кетели. Бирок азырынча кыргыз бийлиги бул уюмдан чыкпай эле Бажы биримдигине кирүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө.
- Бажы биримдигинин шарттары боюнча ага кирген өлкөлөрдүн мейкиндигинде бирдиктүү бажы төлөмдөрү бекитилет. Бажы төлөмдөрүнүн токсон пайызы Орусиянын жогорку өлчөмдөгү бажы тарифинин негизинде алынган. Аталган бирдиктүү бажы кодексин иликтөөдө андагы шарттарга Кыргызстан сыяктуу экономикасы алсыз өлкөлөрдүн туруштук бериши оңой эмес экендиги байкалган.
- Тигүү ишканалары жоголуп кетиши мүмкүн. Анткени, азыр сырьену Кытайдан алып келип жатышат. Бажы биримдигине кирсек сырьену каяктан алабыз?
Жакында эле Кыргызстанга Орусия мамлекетинин Бажы кызматы менен Миграция боюнча службанын өкүлдөрү келип, пресс конференция өткөрүштү. Алардын айтымында Кыргызстан бажы биримдигине кирсе биздин өлкө үчүн өтө эле пайдалуу болот деп айтышты. Серепчилердин айтымында бул президенттик шайлоонун астындагы биздин жогорку эшелондогу отурган эр азаматтарыбызга “бажы биримдигине эртерээк кирсин” – деген белги катары экенин айтышты. Кандай болсо дагы биздин өлкө үчүн пайдалуу болсо болду.
Эң негизгиси бажы биримдигине кирип алып, Орусия менен Каазакстандын арзан жумушчу күчүнө жана товарларын сатуу үчүн базарга айланып калбайлы. Экономикалык жактан биздин өлкө үчүн пайдасыз деп эсептейм.
Жакында эле Бишкекте, Ала-Арча резиденциясында «Кыргыз-Орус аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору» – деген форум болуп өттү. Бул форумга Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев жетектеген аткаруу бийликтин өкүлдөрү жана аймактардын жетекечилери катышышты. Орусия Федерациясы тарабынан аймактардын башчылары, ири чоң компаниялардын («Газпром», «Роснефть», «Интер РАО ЕС») өкүлдөрү жана Орусия президентинин администрациясынын кызматкерлери катышышты.
Айтып кетсек, мындай форум биринчи жолу өтүп жатат жана бул форумдагы үч негизги маселе талкууланды. Биринчиси – кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги, экинчиси – орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуу климатты түзүп берүүдө администрациянын ролу, үчүнчүсү – өлкөлөрүбүздүн ортосундагы айыл-чарба жана дыйканчылык боюнча кызматташуунун келечеги жөнүндө талкуу болду.
Кызматташпай коюу келечектеги кыйынчылыктарды жаратат
Бул форумдун негизинде ар тараптуу беш келишимге кол коюлду. Алар: Кыргызстандын Экономиканы жөнгө салуу министрлиги менен Орусиянын Омск облусунун өкмөтүнүн ортосунда, Омск менен Чүй администрациялары ортосунда, илимий техникалык, маданий кызматташуу меморандумуна Ош жана Алтай облустарынын жетекчилери кол коюшту. Мындан сырткары медицина тармагында бир, Орусиядан жаңы светофорлорду ташып келүү боюнча бир келишимге кол коюлду.
Айтып кетчү нерсе, соңку 10-15 жылдын аралыгында эки өлкө ортосунда бир канча келишимдерге кол коюлганын, бирок мурдагы бийликтин саясий оюндарынан улам ишке ашпай калган. Эми азыркы бийлик Орусияны стратегиялык өнөктөш деп атап жана Орусия менен кызматташпай коюу Кыргызстандын келечегине кыйынчылыктарды алып келерин айтышты. ООба, чынында эле мындай ачык фактыларды моюнга алыш керек. Маселен, Орусиянын былтыркы бензинге киргизген пошлиналары эле биз үчүн, жөнөкөй элге абдан кыйынчылыктарды алып келген.
1 миллион кыргызстандык – Орусиянын таасир берүү рычагы
Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар катнашы 2010-жылы 1,4 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2008-жылы 1,8 млрд доллар болгон. Биздин Орусияга кетүүчү экспорттун 50 пайыздан ашыгы жеңил өнөр жайынын продукциясы түзөт. Орусиядан келген товарлардын 60 пайызы күйүүчү материалдар. Жакында эле Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев Орусияга болгон иш сапарында көптөгөн маселелерди чечкен. Эң негизгиси, бензинге болгон экспорттук пошлиналарды алынып салуусу жана Орусияга болгон мамлекеттик карызды кыскартуунун ордуна “Дастан” компаниясынын 49 пайызын (193 млн долларга бааланды) берүү, Кыргызгаз компаниясынын 75 пайызын берүү жана Канттагы авиабазанын төлөмүн өзгөрүүсүз калтыруу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.
Азыркы убакта Орусияда болжолуу менен 500 миңден – 1 млн. чейин кыргыз жараандары иштеп жатат. Булар жылына 2 млрд доллардан ашык акча Кыргызстанга которушат. Ошондуктан, биз Орусияга экономика жактан көз карандыбыз.
Орусия Кыргыз Республикасына эскпорт кылган күйүүчү майлоо материалдарга (ГСМ) кайрадан экспорттук төлөмдөрдү киргизгенин, Орусиянын массалык маалымат кызматтары билдирди. Алардын айтымы боюнча Орусия экспорттук төлөмдөрдү болгону эки айга гана алып салганын жана биздин өлкөгө жардам катары бир нече көлөмдөгү гана күйүүчү майлоо материалдарына экспорттук төлөм жок болгонун билдиришти. Айтып кетсек бензиндин баасынан өлкөдөгү көптөгөн керектүү азык түлүктөрдүн баасы түздөн түз байланышы бар. Башкача айтканда бензиндин баасынын көтөрүлүшү менен өлкөдө баардык баалар көтөрүлөт. Азыр өлкөдө беензиндин баасы 1-2% жогорулады. Эксперттердин айтуусу боюнча сезондо бензиндин баасы болжол менен 40-50 сомго чейин чыгуусу мүмкүн. Анткени алдыда жазгы айыл-чарба иштери бар, ошондуктан жөнөкөй элге абдан кыйын абал туулуда.
Экспорттук төлөмдөр кайдан келген
Бул экспорттук төлөмдөрдүн Орусия тарабынан бизге киргизгенин эң негизги себеби болуп, ошол убактагы коррупциялашкан өкмөткө, тактап айтканда М.Бакиевге тиешелүү болгон фирмалар Америкалык авиабазага ортомчу болуп авиакеросинди сатышкан. Бул жөн эле ортомчу болуп берген үчүн жылына 60-70 млн доллар табышкан. Бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын эли кыйналган болчу. 2010-жылдын 1-апрелинен тартып, Кыргызстанга алынып келинүүчү бир тонна бензинге 208 доллар экспорттук төлөмдөр киргизилген. Башкача айтканда, бир литр бензиндин баасы 8-10 сомго чейин кымбаттаган. Азыр бул төлөмдөрдү алып салгандын кийин, бир литр бензиндин баасы 7-8 сомго арзандаган. Бул келишим Кыргызстандын премьер-министри А.Атамбаев 2010-жылдын декабрында Орусияга болгон сапарында ишке ашкан. Бул келишим боюнча эки айдын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы маселелерди чечүү жана түздөн түз Орусиялык авиакеросиндин реэкспорту боюнча маселени талкулоо жана энергетика тарабында биргелиштүү компанияны түзүү.
Орусия мамлекети тарабынан кыйналып турган кыргыз элине мындай көрсөткөн мамилеси көптөгөн суроолорду туудурат же бул политиканын башка мааниси барбы? 2011-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев Орусияга иш сапары менен барат жана бул иш сапардан кыргыз эли көптөгөн чечилбеген маселелердин чечилүүсүн чыдамчыздык менен күтөт жана албетте экспорттук төлөмдөрдүн алынып салынуусун дагы.



Акыркы пикирлер