Articles tagged with: Ош
20 ноябрда эртең менен саат 5те уйкудан зорго ойгондум. Дем алышта таң атпай туруу мен үчүн бир тозок десеңиз. Бирок, бул күнү боло турган Жаштар Кемпти эстегенде, атып эле турдум. Аэропортко автобус 6да Спорт Ордосунун жанынан кетмек. Шаша-буша кийинип, терезени карасам жаан жаап жатыптыр. Алдыда эң сонун күн күтүп турган. Андыктан, жаанга кабатыр болуу – мен эмесмин. Таксини эшиктен эле кармоону ойлоп, көчөгө атып чыктым. Ары-бери өтсөң “чоң кыз, кайда барасыз” деп тийишүүчү кырка бою тизилип турган таксистердин бири жок. Орустар “назло” деп коёт мындай учурда. Чоң жолдун аркы өйүзүндө турган таксилерди көздөй чуркадым. Көбүнчө кинолордо болгондой, караңгы, чоң көчө, жалгыз кыз… Анан эң коркунучтуусу ушул жерден башталат эмеспи. Алдымдан түнү бою уктабай “кутуруп” жүргөн мас бала чыкпаспы. “Чоң кыз” деп ээрчип алганда, жүрөгүм түшүп, жакынкы таксиге кантип жеткенимди аңдабай калдым. 5 каналдын алып баруучусу Марина Ким фейсбукка “Бишкекте мырктар көп” деп жазып койгонуна абдан жиним келген… Кээде жашооң көтөрүп жүргөн сотканын, фотоаппараттын баасы жана чөнтөктөгү акчанын көлөмү менен өлчөнүп калат эмеспи…Макул, бул тууралуу башка макалада…
Бишкектен Ошту көздөй Жаштар Кемптин катышуучулары, лекторлору жана уюштуруучулары болуп 40ка жакын адам учуп жөнөдүк. Башкалар күн мурун учуп кетишиптир. Учак 45 мүнөткө кеч кармалгандыктан, Жаштар Кемптин күн тартибин 30 мүнөткө жылдырууга туура келди. Ош мамлекеттик университетинин башкы залында бизди 400гө жакын катышуучулар күтүп туруптур. Зал жык-жыйма, бут коёрго жер жок. Ошентип, көптөн күткөн Жаштар Кемпти Каарман Кулуев “ачык” деп жарыялады. Кийинки сөз Эмил Уметалиевдин “Өлкөлүк башкача ой-жүгүртүү” деген дискуссиясына берилди. Мындан кийин 4 аудиторияга 30 мүнөттөн бөлүнгөн презентациялар башталды.
Жаштар Кемпке спикер катары өлкөдө экономика, саясат, маданият жана башка тармактарда ийгиликке жетишкен адистер чакырылган. Спикерлердин алдына коюлган максат – региондогу жаштарды “жандандыруу” эле. Азис Абакиров, Гульнара Каликова, Бакай Жунушов, Мирсулжан Намазалиев ж.б.у.с ишмердүүлүгү менен көпчүлүккө таанылып калган ишкерлер жаштарга консалтинг, менеджмент, маркетинг жана ишкердүүлүк жөнүндө жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен айтып беришти. Интернетти жана социалдык байланыш түйүндөрүн кантип пайдалуу колдонуу жөнүндө да бир топ презентация өттү.
JashtarCamp – жыл сайын өткөрүлүүчү жаштардын маалымат жыйыны. Анын негизги максаты – жаштарды активдүүлүккө жана коомдук иштерге катышууга чакыруу. Бул жерде жаштар аларды кызыктырган темаларда өз ара пикир алышып, бул тармактарда эмгектенген адистер менен баарлашып, тажрыйба бөлүшүшөт. Мындай жыйындар өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген катышуучуларга өз ара тил табышып, келечекте кызматташууга жана бири-бирине жардам көрсөтүүсүнө көмөк көрсөтөт. Жаштар Кемп лекторлордун презентациясы жана чогуу талкуу менен гана чектелбейт. Ал жерде жаштар Ideas Market аттуу “идеялардын жарманкесинде” өз долбоорлорун жактап, каражат жактан колдоо алууга да мүмкүнчүлүгү бар. Тарыхка кайрылсак, эларалык жаштар жыйыны биринчи жолу 1945 жылы 29 – октябрдан 10 –ноябрга чейин Лондон шаарында Эларалык жаштар кеңешинин демилгеси менен өткөн. Ошондон бери, жаштар уюмунун эларалык бирикмеси дүйнө жүзү боюнча жаштарды бириктирген кыймыл борбору болуп калган.
Түшкү дем алуу убагында баардык катышуучуларга Оштун “Боорсок” деп аталган гамбургерин жана кола-фанта таркатышты. “Жергиликтүү калк” буга жана Жаштар Кемптин логотиби басылган сумка, ручка ж.б. көптөгөн Билайн компаниясынын белектерине ыраазы болуп отуруп калышты. Ал эми, бишкектиктер атагы алыска кеткен “Айдар-Ата” кафесиндеги аш менен самсыга шашылышты.
Түштөн кийин жергиликтүүлөр менен бишкектиктер жуурулушуп, бири-бирине сиңишип калды десе болот. Кээ бири Сулайман Тоого жөнөштү. Кээ бири бири-биринин колу- бетине сүрөт тартса, кээ бирлери университеттин короосунда сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп жатышты. Бирок, лекторлорду чоң кызыгуу менен угуп, мүмкүн болушунуча пайдалуу маалымат алууга ашыккандардын көп болгону кубандырбай койгон жок.
Жаштар Кемп өлкөнүн түштүк борборунда биринчи жолу уюшулуп жатканына карабастан, “ал өз максатына жетти” деп айтса болот. Бирок, аны уюштурууда жана өткөрүүдө кандай тоскоолдуктар жана кемчиликтер болгонун башкы жооптуу адамдар айта кетишти.
“Мектеп окуучуларын жана студенттерди Жаштар кемпке чакыруу үчүн биз бир топ иш-чараларды алып бардык. Буга чейин Жаштар кемп Бишкек шаарында гана өтчү. Ал жерде интернет аркылуу маалымат таратуу оңой жана тез. Бул жерде болсо, интернет колдонуучулары аз. Жалал-Абад, Баткен жана Оштогу бардык мектеп жана ЖОЖ дагы окуучулар жана студенттик уюмдар менен байланышып, алар менен тыгыз иш жүргүзүүгө туура келди”, – дейт Youth of Osh жаштар уюмунун жетекчиси Айжан Токтошева.
Жыйынга атайын Жалал-Абаддын Ала-Бука районунан келген Дөөлөт Таирбек уулу өз ара баарлашууда болуп жаткан кыйынчылыктар жөнүндө бөлүштү. “Мага кээ бир адамдардын орусча сүйлөп жатканы жакпай калды. Мен бул тилди жакшы билбейм. Кээде мен досторум менен алар эмне жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнбөй калып жаттык. Анан башка аудиториялардан кыргызча айтып жаткандарды издеп жаттык”, – деди эч нерсени жашырбай ал.
Катышуучулардын көбү алыскы райондордон келгенин жана орусча өтүп жаткан презентацияларга жана талкуулоорго активдүү катыша албай жатканын Айжан Токтошева да белгиледи.
“Башынан эле, мындай болоорун билгенбиз. Бирок, спикерлер көбү шаарда же чет жакта окушуп, кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алышпаарын айтышкан. Ага карабастан, алар алы келишинче кыргызча сүйлөөгө аракет кылышты. Кошумча суроолорго да жооп берип жатышты. Бул тажрыйба алардын жаштардан бир нерсе үйрөнүүсүнө түрткү болоор” , – деп кошучалады Бишкектеги Ишмердүүлүк Клубунун долбоорлор боюнча адиси Мирбек Токтогараев.
“Бизде күйүүчү май, газ же деңизге ачык жол жок. Бирок, бизде адамдардын ресурсу жана интернет бар. Ошондуктан, бүгүн бизге билимдүү, таланттуу жана алдына максат коюп, ага жетем деген жаштар керек”, – деген «Uniuque Technologies» тун директору Азис Абакировдун жаштарга болгон жалындуу кайрылуусу менен Жаштар Кемп “жабык” деп жарыяланды.
Ошентип, бул күн дагы соңуна жетти. Эми, мындай иш-чара өлкөнүн башка шаарларында да өтүп, баардык жаштарды бириктирсе деген гана үмүт бар.
Ош жергесинде болуп өткөн JashtarCamp 2011 «Сорос-Кыргызстан» фондунун, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Европалык Союздун өкүлгчүлүгүнүн жана башка бир катар эларалык уюмдардын колдоосу менен уюштурулган.
Мындан тура бир жыл мурун, кыргыз элинин башынан аябай оор күн өттү. Экинчи борборубуз болгон Ош шаарында кыргыз улутундагы жашоочулар менен өзбек улутундагылардын ортосунда каттуу кандуу согуш болуп, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылып, мамлекетибиз миллиондогон чыгымга дуушар болуп, элибиз кайгыга чөмүлдү. Убакыт зымырап, андан бери бир жыл өтсө да, эмдигиче күнөөлүүлөр табылбай, тиешелүү жазаларын албай келишет. Read the full story »
Экинчи борборубуз Ошто, андан кийин Жалалабадда коогалаң болуп, анын кесепетинен мамлекетке чоң зыян келди. Каргашадан кийин Ош жана Жалал -Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик Дирекциясы түзүлүп, анын башчысы катары Жантөрө Сатыбалдиев дайындалган. Ал жакында ММКларга канча доллар каяка кеткени жөнүндө кеңири маалымат берди. Анын үзүндүсүн сизге тартуулайын.
Дирекциянын милдети.
Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп бир канча иштерди уюштуруу жана координациялоо эсептелген эле. Алар Ош жана Жалал-Абад шаарларынын турмуш-тиричилик чөйрөсүн жана инфраструктурасын калыбына келтирүү, аталган шаарларды калыбына келтирүүнү ресурстук камсыздоону тартуу жана башкаруу, ушул шаарларды калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду жана программаларды баалоо жана мониторинг жүргүзүү. Мунун ичинде мамдирекция Кыргыз Республикасынын толук укуктуу жараны болгон, жабыр тарткан адамдарга улутуна карабастан бирдей жардам көрсөтүү, жабыр тарткан адамдардын кызыкчылыгын турак жайды курууда жана калыбына келтирүүдө толук эске алуу, мамдирекциянын (бөлүнгөн каражаттарды сарптоо, тендерлерди өткөрүү, гумжардамды бөлүштүрүү боюнча) ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо принциптери менен иш алып баруу. Ошентип, мамдирекция иш жүзүндө түзүлүп бүткөндө эң негизги милдет болуп июнь окуяларында жабыркаган үй- бүлөлөрдү суук түшкүчө турак жай менен камсыз кылуу болду.
Жабыркагандарга жардам.
Өткөн жылы 1780 жабыркаган үй-бүлөлөргө чакан 38 чарчы метрге чейинки үйлөрдү курулду. 2010-жылы 5 айдын ичинде Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө 5 кабаттуу, 75 батирлүү үйдү толугу менен бүтүрүп, учурда ал жерде 75 жабыркаган үй-бүлөлөр жашап жатышат.
Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад облустарын кайра калыбына келтирүүгө мамлекеттин бюджетинен 100 млн. АКШ доллары каралган. 2010-жылы ал акчанын 15 млн. доллардан ашыгы сарпталды. Бул акчага 5 кабаттуу, 75 батирлүү үй толугу менен бүтүрүлдү, ошол эле жылы 15тен ашуун көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды, 1723 жабыркаган үй-бүлөлөргө 122 млн. 50 миң сом жөлөк пул жана жеңилдетилген ссуда түрүндө берилди. Күйүп кеткен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы 17 млн. сомго капиталдык ремонттон өтүп, телеаппаратуралары сатылып берилди. Бул жылда болсо аталган 50 млн. АКШ долларын курулушка, инфраструктурага жана өнүктүрүүгө жумушалат деп пландаштырышууда. Учурда мамлекеттик дирекция 100гө чукул объектилерде куруу жана калыбына келтирүү иштерин алып барып жатат. Алардын 34ү көп кабаттуу үйлөр. Ушул айда 5 көп кабаттуу үйлөрдү толугу менен бүтүрөбүз деп убада кылды.. Алардын 3ү Ош шаарында жана 2си Жалал-Абад шаарында.
Донорлор берген долларлар.
Эл аралык донорлордун жардамы менен 2010-жылы 1780 үй курулду. Ошондой эле чоң салымды Жапония, Орусия, Казакстан мамлекеттери кошушту. Кыргызстандын түштүгүндөгү калыбына келтирүү иштери үчүн Малайзия Өкмөтүнөн 29 миң 969 АКШ доллары өлчөмүндө жана Молдова Өкмөтүнөн 25 миң АКШ доллары суммасында финансылык жардам келген. Ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын жараны Мухаммад Имран Назир 300 АКШ долларын которгон.
Жапа чекккен ишкерлер.
Жапа чеккен ишкерлерге жардам мезгилинен кечигип калды. Азыр дирекцияда июнь окуяларында жабыр тарткан ишкерлерди колдоо бөлүмү ачылды. Бул бөлүм Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 “2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде ачылды.
Токтомго ылайык компенсацияларды төлөөнүн тартиптери жабыр тарткан ишкерлерди үч категорияга бөлүү менен жүргүзүлмөкчү. 1-категория – зыянынын өлчөмү 5 000 ден 49 999,9 сомго чейин, 2-категория – зыянынын өлчөмү 50 000 ден 999 999,9 сомго чейин жана 3-категория – зыянынын өлчөмү 1 млн. дон 98 млн. сомго чейин.
Бул жерден ачык айтып кетүүчү бир нерсе, ошол Ош окуясына чейин өздөрүнүн ишкерлигин расмий катоодон өткөрүп, мамлекетке тиешелүү төлөмдөрдү, салыктарды төлөбөгөндөр жана казино, сауна, мончо, бильярд клубдары жана оюн-зоок жайларынын (дискотекалар, түнкү клубдар,оюн автоматтары) ээлери компенсация алышпайт деп чечим чыгарылган.
Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу (децентрализация) аракеттери көз-карандысыздыкты алгандан бери эле көтөрүлүп келген маселе. Бирок, алигече ишке ашкан эмес. Бул тармакта кандай көйгөйлөр бар, аларды кантип чечүү зарыл жана башка суроолорго Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөндөгү өзүнүн сунуштарында жооп берет.
Кыргызстандын өнүгүүсүн мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана элдик бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (МСУ) институтун өнүктүүрүсүз мүмкүн эмес. Муну ишке ашыруу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги башкарууну кайра түзүү керек. Жергиликтүү башкарууну кайра түзүүнүн максаты – жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнү натыйжалуу камсыз кылууга жана калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтө алууга жөндөмдүү жергиликтүү башкаруу системасына өтүү болуп саналат.
Көйгөйлөр:
Бул максаттарга жетүүгө төмөнкү проблемалар тоскоол берет:
- Административдик-аймактык түзүлүштүн чоңдугу
- Милдет жана укуктарды бөлүштүрүү механизмдеринин так эместиги
Жергиликтүу өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын каржы –экономикалык жактан чабалдыгы
- Кыргыз Республикасында коомдук-саясий турмушта олуттуу өзгөрүүлөр жүргөнү менен мамлекеттик башкаруунун аймактык уюштурулушу ошол эле бойдон калган: Республика (борбор) –облус-район-шаар/айыл. Борбордук мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдарынын ортосунда, областтык жана райондук деңгээлдеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле министрликтер менен административдик ведомстволордун көптөгөн аймактык бөлүмдөрү да иштейт. Булар башкаруунун тизгинин узартканы аз келгенсип, кээде биринин ишин экинчиси кайталап да калат. Ушунун баары мамлекеттик башкаруунун натыйжасына, аймактардын (облустар, райондор, шаарлар жана айылдар) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө башкаруунун райондук деңгээли деп эсептелген мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органынын ортосунда ажырым пайда болду, анткени мында аткаруу бийлиги мамлекеттик болуп, ал эми түз шайлоонун негизинде куралган өкүлчүлүктүү орган жергиликтүү бийлик болуп калды.
- Аймактардын экономикалык өнүгүүсүндө жана табигый-климаттык шарттарындагы чоң айрымачылыктардан улам Кыргызстандын муниципалитеттери ар кандай каржылык-экономикалык деңгээлде болуп калды. Ушунун айынан Кыргызстандагы 70%дан ашуун эл чарба тармагы (муниципалдык институттар) дотациялык абалда. 25-30% тармак калган 70-75% тармакты багып жатса, мындай абал экономикалык ресурстардын тең салмактуу эмес бөлүштүргөнүнөн кабар берет. Демек жергиликтүү бюджетти жана бюджет аралык мамилелерди түзүүдө калыптанган көз карашты кайра карап чыгуу зарыл.
- ЖӨБ органдарына мамлекеттик укуктарды каржылык булактары менен кошо камсыз кылып берүүдө мыйзам так талаптарды койгон, бирок бул норма азырынча иштебей жатат.
- Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу иши шаардык жана айылдык ЖӨБ органдарынын деңгээлинде токтоп калды, чынында бул иш мүмкүн болушунча өркүндөтүлүшү керек эле.
ЧЕЧИМ:
Мамлекеттик башкаруу жана административдик-аймактык түзүлүш ишин борбордук бийлик органдарынын төмөнкү функциялары чектелгендей кылып уюштурууга өтүү керек. Алар төмөнкүлөр:
- мыйзамдуулук
- тышкы саясат жана тышкы иштер
- улуттук коопсуздук жана коргонуу
- улуттук программа жана саясатты иштеп чыгуу
- мамлекеттик бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү
Ал эми жергиликтүү жамааттар шайлап жана көзөмөлдөөчү жергиликтүү бийлик органдарынын кароосуна төмөнкүдөй кызмат көрсөтүү функциялары кириши керек:
- билим берүү
- саламаттык сактоо
- социалдык коргоо
- маданият
- спорт
- адамдардын эс алуусу
Түштүктө июнь айында болуп өткөн кыргыз өзбек ортосунда болуп өткөн коогалаңда Кыргызстан чоң жоготууларга учурады, анын канчалык чоң экендигин эмдигиче эсептеп бүтүшө элек. 500 дөй жарандардарыбыз каза болуп, миңдегени майып болуп, экономикалык жактан да эбегейсиз жоготуулар болду. Толгон токой кафелер, сода түйүндөрү, базарлар өрттөлүп, күлү сапырылды. Бир эле, Жалалабадда коогалаңдан 392 ишкер 300 млн. сомдун тегерегинде жабыр тарткан. Ал эми Ош боюнча эсептөөлөр жүрүп жатат. Коогалаңдын кесепетинен ишкерлер тарткан зыянды аныктоо боюнча жумушчу топтун аткарган иштери боюнча Кадырбек Жакыпов «Кабарга» төмөндөгүлөрдү айтып берген. Бул интервьюну толук боюнча берүүнү тура көрүм.
Экинчи борборубуз болгон Ош шары июньдагы кыргыз-өзбек коогалаңынан кийин өзүнө келе баштап, мурун иштебей калган коомдук жайлар калыбына келип, ал гана тургай самсаканалары да мурункудай иштей баштаган эле. Бирок өткөн аптада ордолуу Ошубузда дагы тополоң чыкты.
«Июнь коогалаңында жабыркагандарбыз» деген миңге чукул киши бийликтен жер бөлүп берүүнү талап кылып Ош шаарынын четиндеги Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылынын тургундарынын жер үлүштөрүн басып алышты. Алар өкмөт тарабынан жардам берилбегенинен ушундай жолго барып жаткандыктарын айтышып, Ошто көп жылдан бери жашап жер ала албагандыктарын айтышты. Чогулган эл шаарга жакын жайгашкан Ишкеван айылынан тартып, Ош шаарына чейинки бир нече гектар жерди ээлеп алышты.
Жер басып алуучулар менен жолугушкан Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевдин «Азаттыка» билдирген маалыматына караганда, алар ээлеп алган жерлер бирөөлөрдүн үлүшкө берилген жери экенин жана аны басып алуу мыйзамсыз экенин айтты. Кушбак Тезекбаев бул жер басып алууларды учурдагы абалды дестабилдештирүүгө кызыктар күчтөр уюштуруп жатат деп эсептейт:
Весной 1990 году в Ошской области возникли две организации: узбекский «Адолат» и кыргызский «Ош Аймагы». Они были призваны решать социальные вопросы о предоставлении земли под строительства жилья. 4 июня 1990 года утром на поле колхоза собралась молодежь обеих национальностей. Однако, вожделенной земли никто из них не получили и конфликт обрел зловещую предметность. Обе толпы, стоявшие в разных сторонах поля, стали выкрикивать лозунги, подстрекающие к насилию. Не помогли тут увещание ни республиканского руководства, ни представители духовенства, ни министр внутренних дел Ганчаров. Обстановка накалилась до предела, и в сторону разделявшей 2 толпы и милиции, полетели камни и бутылки. В ответ блюстители порядка вынуждены были открыть огонь в воздух и по земле. В результате погибло 6 человек. После этих роковых выстрелов ситуация окончательно вышла из-под контроля. Начались погромы и резня …
Оштогу кандуу окуяларга кимдер күнөөлүү, мындай окуяны кантип болтурбай коюга болот экендигин эми жаңы түзүлгөн эл аралык комиссия изилдеп, талдап өз кеңешин берүүгө жең түрө киришкенин бүгүн жарыялашты. Комиссиянын жетекчиси Анна Матвееванын айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгы 2011 жылы февраль айында жарыяланат.







Акыркы пикирлер