Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Россия

Транзиттик жүк ташуучу борбору Кыргызстандан чыгышы керекпи?
Written by Рысбек Арунов, Friday, 3 Jun, 2011 – 3:18 | No Comment

1 июнда өлкөдөгү кээ бир оппозициялык күчтөр азаттыка берген маалыматына таянсак, АКШ базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча референдум өткөрүүнү сунушташууда. Тагыраак айтканда, “Акыйкат” саясий партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов баштаган айрым бир саясий күчтөр, күздө өтүүчү президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүүнү сунуштап чыгышты.

Бизге бул базанын чыгышы азыр ушунчалык актуалдуу болуп жатабы же президенттик шайлоого карата болгон даярдыкпы? Шайлоо алдында көп саясатчылар ушундай чоң маселелерди козгоп чыгышып, өздөрүн пиар кылгандары бар эле. Бул жолу да ошондой болуп жүрбөсүн? Ушу күнгө чейин канча саясатчы сайрап чыкты эле жабыш керек деп, ал гана эмес Орус өкмөтү да канча аракет кылды, бирок эч майнап чыкпады.

Эгер биз базанын кичине тарыхына көз чаптыра турган болсок, база 2001 жылы эки мамлекеттин өкмөт аралык келишимине ылайык ачылган. “Ганси” аталып калгандыгынын себеби, 11 сентябрда 2001 жылы болгон терракта, Нью Йорк шаарынын өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Питер Ганси өз кызматын аткарып жатып, ошо жерде каза болгон. Ошонун атынан “Ганси” аталып калган. Кийинчерээк 22 июнда 2009 жылы Транзиттик жүк ташуу борбору болуп өзгөргөн. Негизги максаты Ооганстанга аскерлерди, жүктөрдү, ар кандай тезника жана курал-жарактарды жеткирүү болуп саналат. Эң башында “Ганси” базасында 12 мамлекеттин аскер аба күчтөрү жайгаштырылган. 2009 жылдан кийин аскер аба күчтөрү көчүрүлүп, бул жакта жөнөкөй эле аскерлер кызмат өтөп калышкан.

Ал эми 2001 жылдан бери АКШ өкмөтү ижара акысын төлөп келишкен. Жаңы ачылган жылдары, тагыраак айтканда 2001 жылы биздин мамлекетке 2млн.доллар төлөшсө, 2005 жылы ынкылаптан кийин 40млн.доллар, ал эми 2009 жылдан тартып 150млн.доллар төлөп келе жатышат.

Бул базада биздин миңдеген жарандар эмгектенишет, ар кандай жумуштарда. Көптөгөн адамдардын социалдык абалы жа жогорулап калды. Базанын аркасы менен Кыргызстан эл аралык мамиледе кичине болсо да бедели көтөрүлүп келе жатат.

Бүгүнкү күндөгү кээ бир саясатчылардын базаны жабыш керек дегенине мен каршымын. Анткени жыл сайын бюджетке 150 млн.долларды бизге ким берет? Миңдеген жарандарды ким жумушка алат? Эмне үчүн алар Орустардын авиа базасын чыгарабыз дешпейт, алар америкалыктарга салыштырмалуу ижара акысын эки эсе аз төлөшөт.

Дагы кошумчалай кетчү нерсе, бүгүнкү күндө базанын жардамы менен Чүй облусунун кээ бир райондорунда бала бакчалар, мектептер, суу түтүктөрү оңдолуп жатат. Көп эле жакшы жактары бар бул базанын. Кыргызда сөз бар, биринчи чечим кабыл алаардан мурун “миң өлчөп, бир кессек” жакшы болот го.

Сүрөт Мирсулжан Намазалиевге тиешелүү. Материалдын автору Рысбек Арунов.

Путин- Медведевдин оюндары
Written by Асель Шабданова, Friday, 29 Apr, 2011 – 8:18 | No Comment

Жакында мен бир россиялык каналдан жаңылыктардан таң калаарлык көрүнүшкө учурап калдым. Башынан. Президент Дмитрий Медведев, өзү аябай жакшы көргөн, жаңы технологиялар менен камсызсандырылган “Дождь” аттуу телекомпанияга келип кеткен. Жалпысынан жолугушуу абдан жөнөкөй түрдө өттү, башкы директор жыртык джынсычан, жеңил көйнөкчөн, менимче, Орусия үчүн өтө эле “демократиялык” түрдө.  Ошол жерде сүйлөшүп жаткан учурда, бир суроого жооп берип жатканда, “must” деген сөздү айтып жиберди.

Кантип!? Орусиянын президенти, ар дайым АКШ менен атаандашып жүргөн мамлекет болуп туруп, Путиндин жанында жүрүп, орусча сөз таппай койгонсуп, англисче айтып жиберди. Түшүнүктүүрөк болуш үчүн цитатасын толугу менен берсем: ” Я бы хотел это делать и не только в «Сколково», но и в других местах, потому что, мне кажется, для любого политика, который возглавлял государство, просто must, чтобы он обязательно рассказал о каком-то своем опыте – негативном и позитивном”.

Дмитрий Медведев эки жыл мурун мамлекеттин башына жаңыдан турганда, сүйлөгөндөрү боюнча, өзүн алып жүргөнү боюнча эл Владимир Путиндин эле экинчи түрү болуп көрүнгөн.  Орусияны ошол убакыттан тартып Путин-Медведев тандеми башкарат, деген ишенич бар болчу. Ал эми азыр алардын жүргүзүп жаткан политикасы даана айырмаланып турганы жашыруун эмес болуп калды. Эмнеден байкасак болот?

Дмитрий Медведевди батыш мамлекеттеринин тарабында, деп эсептешсе, В. Путинди Орусияны чет өлкөлүк мамлекеттеринин киришпөөсүн жактоочусу катары эсептешет. Ливиядагы согуш экөөнү такыр бөлүп салды. Медведев ООНдун “демократияны орноштуруу” процесси күч менен болуп жатканына каршы эмес, ал эми Путин каршы.  Медведев “реформатор” жаңы технологияларды, интернетти колдойт, анын учурунда “Сколково” ишин жүргүзуп жатат,көптөгөн кагаздык жумуштарды жараандар интернет аркылуу толтуруу,жалпысынан компьютерлешүү процесси активдүү түрдө жүргүзүлүп жатат, жолугуушуларында Ipad  менен көп эле отуруп калат. Ал эми премьер- министр- “консерватор” оор өнөр-жайды өнүктүрүүнү, мамлекеттин өзүнүн жолун жоготпоосун  башкы максаттары катары эсептейт. Байкап көрсөңөр, сыналгыда дагы бири пайда болсо, экинчиси дагы пайда болот.

(Мен бул жерде дагы бир кызыктуу нерсени айтып кетсем. 24- мартта Адамдардын укугу боюнча президент Д.Медведевдин кеңеши СССРди Экинчи дүйнөлүк согуш жана геноцид үчүн жоопкерчиликтүү деген документке кол койгон. Медведев кызматка келгенден бери Орусиянын Израиль менен жана жалпы еврей эли менен байланышы күчөгөнү белгилүү. Башында эле еврейлердин Орусиядагы округуна барып ( биринчи жолу 15жылдан бери!!), үйлөнүп жаткан үй-бүлөлөргө турак үй белек берген, Израиль элчиси Орусияга келип, сөзүндө еврей эли менен орус элинин ортосундагы достук жөнүндө айтып  кеткет.)

Орусиялык ЖМКлар президент менен премьер-министрдин кастык мамиле орношуп калганы жөнүндө, же бул элди алдоо аракетиби, же башка душман  мамлекеттердин эле ойлоп тапкан жомогу деген ойлор бар.

Орусиялык Госдуманын комиссиясынын мүчөсү  Виктор Илюхиндин Финам FM радиосуна берген интервьюсунда:”Мамлекеттин эң башкы өкүлдөрүнун талаш-тартышуусу, экөөнүн кимиси шайлоого катышат деген суроодон башталган. Бул конфликт эми башка суроолор боюнча дагы конфликттерди туудурууда”, деп белгилеп кеткен.- Эгерде Медведев өзүнүн келишкендигин шарттарын аткарса  (убактысы менен өзү   кызматынан кетүү), конфикттин жок болуусу ыктымал”.

Ал эми ЮКОСтун мурдагы башчысы  Михаил Ходорковскийдин айтуусунда, Медведев менен Путин айырмаланганы менен, достор экендигин белгилеп кетти. Ошентсе да, келечектеги щайлоодо Медведев элдин добуштарын көбүраак санын утуп алышы мүмкүн экенин да айтып кетти.

Үчүнчү көз караш боюнча, Владимир Путин менен Дмитрий Медведевдин тандеми бузулган эмес. Бул ойдун жактоочулары орусиялык политологдор, башында Глеб Павловский менен, президент менен премьер-министрдин чыр-чатактарын коомду экиге бөлүү үчүн душман мамлекеттери ойлоп тапкан, деп ойлошот.

Чоң политикада ким кандай ойнойт, кандай максаттары менен экени жөнөкөй адамдарга табышмак бойдон эле кала берсе керек.  Бирок, ошентсе да, мен бул суроо боюнча ар кандай көз караштар жөнүндө жазып кеттим. Негизинен, ким кандай ойлойт?

Кыргызстан < Орусия
Written by adilet, Monday, 4 Apr, 2011 – 17:04 | No Comment

Жакында эле Бишкекте, Ала-Арча резиденциясында «Кыргыз-Орус аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору» – деген форум болуп өттү. Бул форумга Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев жетектеген аткаруу бийликтин өкүлдөрү жана аймактардын жетекечилери катышышты. Орусия Федерациясы тарабынан аймактардын башчылары, ири чоң компаниялардын («Газпром», «Роснефть», «Интер РАО ЕС»)  өкүлдөрү жана Орусия президентинин администрациясынын кызматкерлери катышышты.

Айтып кетсек, мындай форум биринчи жолу өтүп жатат жана бул форумдагы үч негизги маселе талкууланды. Биринчиси – кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги, экинчиси – орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуу климатты түзүп берүүдө администрациянын ролу, үчүнчүсү – өлкөлөрүбүздүн ортосундагы айыл-чарба жана дыйканчылык боюнча кызматташуунун келечеги жөнүндө талкуу болду.

Кызматташпай коюу келечектеги кыйынчылыктарды жаратат

Бул форумдун негизинде ар тараптуу беш келишимге кол коюлду. Алар: Кыргызстандын Экономиканы жөнгө салуу министрлиги менен Орусиянын Омск облусунун өкмөтүнүн ортосунда, Омск менен Чүй администрациялары ортосунда, илимий техникалык, маданий кызматташуу меморандумуна Ош жана Алтай облустарынын жетекчилери кол коюшту. Мындан сырткары медицина тармагында бир, Орусиядан жаңы светофорлорду ташып келүү боюнча бир келишимге кол коюлду.

Айтып кетчү нерсе, соңку 10-15 жылдын аралыгында эки өлкө ортосунда бир канча келишимдерге кол коюлганын, бирок мурдагы бийликтин саясий оюндарынан улам ишке ашпай калган. Эми азыркы бийлик Орусияны стратегиялык өнөктөш деп атап жана Орусия менен кызматташпай коюу Кыргызстандын келечегине кыйынчылыктарды алып келерин айтышты. ООба, чынында эле мындай ачык фактыларды моюнга алыш керек. Маселен, Орусиянын былтыркы бензинге киргизген пошлиналары эле биз үчүн, жөнөкөй элге абдан кыйынчылыктарды алып келген.

1 миллион кыргызстандык – Орусиянын таасир берүү рычагы

Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар катнашы 2010-жылы 1,4 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч  2008-жылы 1,8 млрд доллар болгон. Биздин Орусияга кетүүчү экспорттун 50 пайыздан ашыгы жеңил өнөр жайынын продукциясы түзөт. Орусиядан келген товарлардын 60 пайызы күйүүчү материалдар. Жакында эле Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев Орусияга болгон иш сапарында көптөгөн маселелерди чечкен. Эң негизгиси, бензинге болгон экспорттук пошлиналарды алынып салуусу жана Орусияга болгон мамлекеттик карызды кыскартуунун ордуна “Дастан” компаниясынын 49 пайызын (193 млн долларга бааланды) берүү, Кыргызгаз компаниясынын 75 пайызын берүү жана Канттагы авиабазанын төлөмүн өзгөрүүсүз калтыруу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Азыркы убакта Орусияда болжолуу менен 500 миңден – 1 млн. чейин кыргыз жараандары иштеп жатат. Булар жылына 2 млрд доллардан ашык акча Кыргызстанга которушат. Ошондуктан, биз Орусияга экономика жактан көз карандыбыз.

Кыргызстанда бензиндин баасы кайра көтөрүлөбү?
Written by adilet, Thursday, 17 Mar, 2011 – 16:55 | No Comment

Орусия Кыргыз Республикасына эскпорт  кылган күйүүчү майлоо материалдарга (ГСМ) кайрадан экспорттук төлөмдөрдү киргизгенин, Орусиянын массалык маалымат кызматтары билдирди. Алардын айтымы боюнча Орусия экспорттук төлөмдөрдү болгону эки айга гана алып салганын жана биздин өлкөгө жардам катары бир нече көлөмдөгү гана күйүүчү майлоо материалдарына экспорттук төлөм жок болгонун билдиришти. Айтып кетсек бензиндин баасынан өлкөдөгү көптөгөн керектүү азык түлүктөрдүн баасы түздөн түз байланышы бар. Башкача айтканда бензиндин баасынын көтөрүлүшү менен өлкөдө баардык баалар көтөрүлөт. Азыр өлкөдө беензиндин баасы 1-2% жогорулады. Эксперттердин айтуусу боюнча сезондо бензиндин баасы болжол менен 40-50 сомго чейин чыгуусу мүмкүн. Анткени алдыда жазгы айыл-чарба иштери бар, ошондуктан жөнөкөй элге абдан кыйын абал туулуда.

Экспорттук төлөмдөр кайдан келген

Бул экспорттук төлөмдөрдүн Орусия тарабынан бизге киргизгенин эң негизги себеби болуп, ошол убактагы коррупциялашкан өкмөткө, тактап айтканда М.Бакиевге тиешелүү болгон фирмалар Америкалык авиабазага ортомчу болуп авиакеросинди сатышкан. Бул жөн эле ортомчу болуп берген үчүн жылына 60-70 млн доллар табышкан. Бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын эли кыйналган болчу. 2010-жылдын 1-апрелинен тартып, Кыргызстанга алынып келинүүчү бир тонна бензинге 208 доллар экспорттук төлөмдөр киргизилген. Башкача айтканда, бир литр бензиндин баасы 8-10 сомго чейин кымбаттаган. Азыр бул  төлөмдөрдү алып салгандын кийин, бир литр бензиндин баасы 7-8 сомго арзандаган. Бул келишим Кыргызстандын премьер-министри А.Атамбаев 2010-жылдын декабрында Орусияга болгон сапарында ишке ашкан. Бул келишим боюнча эки айдын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы маселелерди  чечүү жана түздөн түз Орусиялык авиакеросиндин реэкспорту боюнча маселени талкулоо жана энергетика тарабында биргелиштүү компанияны түзүү.

Орусия мамлекети тарабынан кыйналып турган кыргыз элине мындай көрсөткөн мамилеси көптөгөн суроолорду туудурат же бул политиканын башка мааниси барбы? 2011-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев Орусияга иш сапары менен барат жана бул иш сапардан кыргыз эли көптөгөн чечилбеген маселелердин чечилүүсүн чыдамчыздык менен күтөт жана албетте экспорттук төлөмдөрдүн алынып салынуусун дагы.

Орусия жана Гастарбайтерлер!
Written by Асель Шабданова, Monday, 24 Jan, 2011 – 13:31 | No Comment

Россия Федерациясынын өкмөтү 1-январда чет өлкөлүк жараандарга базарларда алкоголдук ичимдиктерди, дары-дармектерди сатууга тыюу салды. Эмне үчүн мындай токтом кабыл алынды?

Бирок, сатуу точкаларынын ээлери чет мамлекеттик жумушчудан айрылгысы келбей, бул көйгөйдү өзүнүн жолу чечип башташты. Ири базарларда точканын ээлери бир россиялык паспорттун ээсин 5-6 чет өлкөлүк менен орноштуруп, текшерүүчүлөр келээрде, баарын кетирип, бирөөнү калтырып коюп жатат. Же болбосо дагы башка жолу: Биз грузчиктербиз, консультантпыз, акчаны колубузга такыр кармабайбыз, – деп суудан кургак чыгып кетип жаткан убагы. Бул токтом, чет өлкөлүк жарандарга жумушту жок кылуунун башкы гана процессиби? Келечекте Орто Азиянын, Кавказ мамлекеттеринин жарандары Орусияда такыр жумуш таба алышпай калабы?

Ойлоп көрсөк, Орусияда көбүнчө гастарбайтерлер базарларда нанын табышса керек. Орусиянын расмий статистикасында жалпы иммигранттардын саны 4-5 млн адам. Бирок бул сан Дүйнөлүк банктын айтышы боюнча, 12,3 млн адамга жетет. Менин оюмча, эгерде Орусия жарандары өздөрүнүн жумуштарын аткара ала турган болушса, анча адам ал жерде жумуш тапмак эмес. Бирок, элдик менталитет боюнча, эч ким андай кара жумушта иштегиси келбейт. Азыркы күндө бир топ соода объекттери 15миң рублдук жумуш акысына Россия паспорту менен адамды таппай жатат.

Орусияда  иммигранттарга басынтуу мамиле жасалат. Ал тургай, бир кыргызды же таджикти скинхеддер өлтүрүп салышса деле көз жумуп коюшат. Мисалга алсак, Манежная аянтындагы футболдук чогулуш бат эле националдык согушка айланып кетти. Таң калаарлык нерсеси, ошол ызы-чууда бир кыргыз бала каза болуптур, бирок бул фактка анча деле көңүл бурулган жок.


Эмне үчүн дуйнө жүзүндөгү кечээги нацисттик идеология Орусияда күч алды? Ар кандай нацисттик топтор өзүнүн тренировкаларын видеого тартышып, интернетке ачык зомбулук жөнүндө айтышса да, аларды мамлекет тараптан эч кандай чаралар көрүлбөйт? Ачыгын айтканда, Орусиянын тарыхында улуу инсандардын абдан аз эле саны чыныгы орус улутунан болгон. Мисалга алсак, ошол эле Петр I (Европанын жараны), же Ленин (еврей), Сталин (кавказ) ж.б. Чыныгы орус инсандарды алсак, жомокторундагы эле Иванушка Дурачок, печканын үстүндө жаткан же Колобок.

Read the full story »