Articles tagged with: АКШ
Акыркы убактары, Кыргызстан тышкы саясатта өзүнүн өнөктөшүн тандоосу керек деген кептер көп айтылып келе жатат. Кээ бири айтат, биз Орусия менен, экинчиси Америка менен, үчүнчүсү Кытай менен, төртүнчүсү Туркия менен, дагы бирөөсү Евросоюз менен болушубуз керек деп.
Мындай өнөктөштү тандоо суроосу бекеринен туулбаса керек. Себеби, Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен геосаясий абал жагынан, жогорудагы атап өткөн мамлекеттерге көптөгөн кызыкчылыктарды жаратат.
Жаңы президент шайланаары менен бул суроо абдан курчуп кетти десем жаңылышпайм. Анткени, айтпасак да белгилүү, орус бийлиги биздин жетекчилерди кысымга алып, силер биз менен гана бирге болосуңар таризинде мамиле жазап келе жатат. Бул жерден бир суроо туулат: Эмне үчүн биз бир гана Орусия менен бирге болушубуз керек? – деген. Бүгүнкү күндө бир да мамлекет жок, бир векторлуу саясат жүргүзгөн. Ошо себептен, ар бир эгемендүү мамлекет каалаган мамлекет менен карым-катнаш түзүүгө укуктуу.
Кыргызстанда башка мамлекеттерди кабатырлантканы, бул – АКШнын Жүк ташуучу Транзиттик Борбору. Өзгөчө Орусия менен Кытай мамлекеттеринин бүйүрүн кызыткан суроо ушул база тууралуу.
Эгерде жогоруда аталган мамлекеттер менен болгон мамилени өз-өзүнчө карай турган болсок, анда америкалыктардын максаты ачыктан-ачык көрүнүп турат. Бул региондо америкалыктарды колдой турган элдин катмарын түзүү.Орусия менен Кытайдын ж.б.өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын кайраштыруу, кагылыштыруу. Бул регионду толук колго алып, ислам өлкөлөрү менен карым-катнаш түзүү.
Ал эми Кытай мамлекети менен болгон алакабыз тээ Советтер Союзу ураган жылдардан тартып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Бирок Кытай мамлекетинин эң негизги кызыкчылыктарынын бири: бул – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу, Кыргызстандан электр энергиясын экспорттоо, биздин кен байлыктар жайгашкан жерлерди толук колго алуу.
Ал эми Орусия мамлекети менен канчалаган жылдардан бери бирге келе жатабыз. Биздин эң негизги стратегиялык өнөктөшүбүз. Канчалаган биргелешкен орус-кыргыз компаниялары бар, андан тышкары бир нече регионалдык уюмдарга мүчөбүз. Мындан сырткары ЖККУнун биргелешкен Канттагы базасы жайгашкан. Акыркы убактары бул базанын тегерегинде бир топ кызуу талкуулар жүрүүдө.
Негизинен, биздин региондо болгон кызыкчылыктардын күрөшү, ушу үч мамлекеттин ортосунда жүрүп келүүдө. Өзгөчө АКШ менен Орусиянын.
“Оңгө бассаң атың өлөт, солго бассаң өзүң өлөсүн, түз кетсең экөөң тең өлөсүң” – деген сөздү айла жок эстейсиң. Бул үчөөнүн бирин тандаш өтө кыйын. Бирин тандасаң экинчиси кысым көрсөтүп кирет, үчүнчүсүн тандасаң, тиги экөө кысым көрсөтүшөт, айтор, бул маселе биздин жетекчилердин чоң бир көйгөйүнө айланды.
Ошондуктан, биз көп векторлук саясатты тандаганыбыз оң. Баардык жакка тең мамиле жасашыбыз керек. Бирок, бул Орусияга жакпаары, баарыбызга түшүнүктүү. Биз Орусияга жакпайт деп эле башка өлкөлөр менен алакабызды үзүп салган болбойт да…..
Мындан канча жыл мурун батыштын жана орустардын кинолорунан гана көрчү элек төмөндөгүдөй окуяларды. Ар кандай алып-сатууларда, кыймылсыз мүлктөрдү башка бирөөгө каттоодо жана башка ушу сыяктуу окуяларда алдамчылык менен шугулданган эргулдардын кылган иштери. Мындай учурларда көп адамдар мыйзамдарды, контракттар кандай түзүүлөрүн билишпегендиктен алданып калган учурлары көп эле болот.
Мына ошондой окуялар азыр биздин өлкөдө көп каттала баштады. Себеби мыйзамды түшүнбөгөн адамдар ар кандай контракттарды түзүүдө катачылыктар кетип, өз учурунда керектүү жерлерге кеңеш алганы барбай, алдамчылардын курмандыгы болуп калышууда.
Көбүнчө кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууда, кээ бир бизнестин акцияларын сатууда, ар кандай келишимдерди каттоодо, ээси алданып, башка адамдарга каттатып койгон учурлар абдан көп.
Жада калса шоу бизнесте ырчы менен продюсерлер ортосунда келишимдер түзүлүп, ал жердеги кээ бир бөлүктөрү ырчы же продюсер тарабынан бузулуп, соттошуп,гезит беттеринен чыкпай чырылдашып жүрүшкөндөрү канча.
Айтор, мунун баарын мыйзам билбегентиктен деп айтууга болбойт, анын арасында кээ бири криминалдык күчтөрдүн кысымына кабылып, айла жоктон жаңы келишимдерге кол койгонго мажбур болуп жатышат. Өзгөчө Бакиевдин заманында мындай нерселер көп орун алган, азыр ошондой эле, эч деле өзгөрүү болгон жок, болгон айрымасы мамлекеттик деңгээлде болуп жатат.
Жогоруда келтирилген мисалдардын баары Кыргызстандын мисалында алынды. Ал эми батыш өлкөлөрүндө өзгөчө Америка Кошмо Штаттарында контракттык келишимдер башкача өңүттө иштейт экен.
Бул өлкөлөрдө контракттык система – менчик компаниялар менен мамлекет ортосундагы атайын формадагы келишимдер. Мамлекеттин заказдарын аткарууда мамлекеттин негизги принциби болуп “ачык сатуу” жүргүзүү, башкача айтканда мамлекет өзүнө жаккан ишкерлерди же компанияларды тандай алат, бирок алардын көрсөткөн кызматы же товары арзан баада алынат башка компаниядарга салыштырмалуу жана рынок баасынан төмөн болуусу зарыл.
Баса көрсөтүп айта кетчү нерсе рынокто мыйзамдар катуу талап коёт, башкача айтканда мыйзамдарды түшүнүп түшүнбөй иш алып баргандар, пайданын азайышына, кесиптештерин жана компаниянын престижин жоготконго чейин алып келет.
Жарандык, контракттык, соода келишимдери мамлекет тарабынан жөнгө салынып, кээ бир учурларда чоң компания менен кичи компаниянын ортосунда келишим түзүлүп, субконтрак деп аталат. Мындай келишимдер эң биринчи Англия мамлекетинде түзүлүп, кийинчерээк АКШ, Япония өлкөлөрүнө кеңири тараган.
Контракттык келишимдердин негизги мааниси, Америка жана Япония мамлекеттеринде чоң, орто жана кичи менчик компанияларына мамлекет ар кандай заказдарды берет. Алар программалык, курулуш, аскер жана башка заказдар болушу мүмкүн.Ошол эле учурда заказдын 50% чоң, 30-40% орто, 10-20% кичи компанияларга берилет.
Кээ бир учурда чоң компаниялар кичи компанияларга өздөрүнүн заказынын канча бир пайызын өткөрүп берип, субконтракттык келишим түзүшөт.
Мындай учурда баарына тең укук берилип, бирдей шарттарда иштешет. Бирок ар ким ар кандай иш алып барышкандыктан, көрсөткөн кызматтары же өндүргөн товарынын сапаты жагынан айырмалат.
Америкада контракттык система экиге болүнөт: негизги (түз) жана субконтракт. Негизги контракт эгерде 50миң $ ашса, чоң фирмалар менен түзүлөт. Ал эми 5миң $ тегерегинде болсо, анда кичи компаниялар менен субконтракт түзүлөт.
Мисалы, космостук программаны “Апполон” ишке ашырууда 4 чоң корпорация, 93 чоң, орто жана кичи болуп 22 миң субконтракттык келишим түзүлүп, иш алып барышкан.
Ал эми Францияда абал такыр башка. Эгер чоң заказдар Америкада чоң компанияларга гана берилсе, бул жакта мамлекет тарабынан кичи заказ түшсө, чоң компаниялар деле катыша берет, кичи компаниялар сыяктуу эле.
Мына жогоруда айтылган мамлекеттерде контракттык келишимдер кандай түзүлүп, рыноктогу баардык катышуучуларга бирдей шарттар түзүлөт. Ал эми бизде такыр башкача иштейт. Чоң, кичине, ортосуна карабайт. Тааныш, тууган, жердешчиликке карап заказдарды беришет. Алардын сапатына эч ким кепилдик бере албайт.
1 июнда өлкөдөгү кээ бир оппозициялык күчтөр азаттыка берген маалыматына таянсак, АКШ базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча референдум өткөрүүнү сунушташууда. Тагыраак айтканда, “Акыйкат” саясий партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов баштаган айрым бир саясий күчтөр, күздө өтүүчү президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүүнү сунуштап чыгышты.
Бизге бул базанын чыгышы азыр ушунчалык актуалдуу болуп жатабы же президенттик шайлоого карата болгон даярдыкпы? Шайлоо алдында көп саясатчылар ушундай чоң маселелерди козгоп чыгышып, өздөрүн пиар кылгандары бар эле. Бул жолу да ошондой болуп жүрбөсүн? Ушу күнгө чейин канча саясатчы сайрап чыкты эле жабыш керек деп, ал гана эмес Орус өкмөтү да канча аракет кылды, бирок эч майнап чыкпады.
Эгер биз базанын кичине тарыхына көз чаптыра турган болсок, база 2001 жылы эки мамлекеттин өкмөт аралык келишимине ылайык ачылган. “Ганси” аталып калгандыгынын себеби, 11 сентябрда 2001 жылы болгон терракта, Нью Йорк шаарынын өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Питер Ганси өз кызматын аткарып жатып, ошо жерде каза болгон. Ошонун атынан “Ганси” аталып калган. Кийинчерээк 22 июнда 2009 жылы Транзиттик жүк ташуу борбору болуп өзгөргөн. Негизги максаты Ооганстанга аскерлерди, жүктөрдү, ар кандай тезника жана курал-жарактарды жеткирүү болуп саналат. Эң башында “Ганси” базасында 12 мамлекеттин аскер аба күчтөрү жайгаштырылган. 2009 жылдан кийин аскер аба күчтөрү көчүрүлүп, бул жакта жөнөкөй эле аскерлер кызмат өтөп калышкан.
Ал эми 2001 жылдан бери АКШ өкмөтү ижара акысын төлөп келишкен. Жаңы ачылган жылдары, тагыраак айтканда 2001 жылы биздин мамлекетке 2млн.доллар төлөшсө, 2005 жылы ынкылаптан кийин 40млн.доллар, ал эми 2009 жылдан тартып 150млн.доллар төлөп келе жатышат.
Бул базада биздин миңдеген жарандар эмгектенишет, ар кандай жумуштарда. Көптөгөн адамдардын социалдык абалы жа жогорулап калды. Базанын аркасы менен Кыргызстан эл аралык мамиледе кичине болсо да бедели көтөрүлүп келе жатат.
Бүгүнкү күндөгү кээ бир саясатчылардын базаны жабыш керек дегенине мен каршымын. Анткени жыл сайын бюджетке 150 млн.долларды бизге ким берет? Миңдеген жарандарды ким жумушка алат? Эмне үчүн алар Орустардын авиа базасын чыгарабыз дешпейт, алар америкалыктарга салыштырмалуу ижара акысын эки эсе аз төлөшөт.
Дагы кошумчалай кетчү нерсе, бүгүнкү күндө базанын жардамы менен Чүй облусунун кээ бир райондорунда бала бакчалар, мектептер, суу түтүктөрү оңдолуп жатат. Көп эле жакшы жактары бар бул базанын. Кыргызда сөз бар, биринчи чечим кабыл алаардан мурун “миң өлчөп, бир кессек” жакшы болот го.
Сүрөт Мирсулжан Намазалиевге тиешелүү. Материалдын автору Рысбек Арунов.
Жакында эле Бишкекте, Ала-Арча резиденциясында «Кыргыз-Орус аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору» – деген форум болуп өттү. Бул форумга Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев жетектеген аткаруу бийликтин өкүлдөрү жана аймактардын жетекечилери катышышты. Орусия Федерациясы тарабынан аймактардын башчылары, ири чоң компаниялардын («Газпром», «Роснефть», «Интер РАО ЕС») өкүлдөрү жана Орусия президентинин администрациясынын кызматкерлери катышышты.
Айтып кетсек, мындай форум биринчи жолу өтүп жатат жана бул форумдагы үч негизги маселе талкууланды. Биринчиси – кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги, экинчиси – орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуу климатты түзүп берүүдө администрациянын ролу, үчүнчүсү – өлкөлөрүбүздүн ортосундагы айыл-чарба жана дыйканчылык боюнча кызматташуунун келечеги жөнүндө талкуу болду.
Кызматташпай коюу келечектеги кыйынчылыктарды жаратат
Бул форумдун негизинде ар тараптуу беш келишимге кол коюлду. Алар: Кыргызстандын Экономиканы жөнгө салуу министрлиги менен Орусиянын Омск облусунун өкмөтүнүн ортосунда, Омск менен Чүй администрациялары ортосунда, илимий техникалык, маданий кызматташуу меморандумуна Ош жана Алтай облустарынын жетекчилери кол коюшту. Мындан сырткары медицина тармагында бир, Орусиядан жаңы светофорлорду ташып келүү боюнча бир келишимге кол коюлду.
Айтып кетчү нерсе, соңку 10-15 жылдын аралыгында эки өлкө ортосунда бир канча келишимдерге кол коюлганын, бирок мурдагы бийликтин саясий оюндарынан улам ишке ашпай калган. Эми азыркы бийлик Орусияны стратегиялык өнөктөш деп атап жана Орусия менен кызматташпай коюу Кыргызстандын келечегине кыйынчылыктарды алып келерин айтышты. ООба, чынында эле мындай ачык фактыларды моюнга алыш керек. Маселен, Орусиянын былтыркы бензинге киргизген пошлиналары эле биз үчүн, жөнөкөй элге абдан кыйынчылыктарды алып келген.
1 миллион кыргызстандык – Орусиянын таасир берүү рычагы
Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар катнашы 2010-жылы 1,4 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2008-жылы 1,8 млрд доллар болгон. Биздин Орусияга кетүүчү экспорттун 50 пайыздан ашыгы жеңил өнөр жайынын продукциясы түзөт. Орусиядан келген товарлардын 60 пайызы күйүүчү материалдар. Жакында эле Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев Орусияга болгон иш сапарында көптөгөн маселелерди чечкен. Эң негизгиси, бензинге болгон экспорттук пошлиналарды алынып салуусу жана Орусияга болгон мамлекеттик карызды кыскартуунун ордуна “Дастан” компаниясынын 49 пайызын (193 млн долларга бааланды) берүү, Кыргызгаз компаниясынын 75 пайызын берүү жана Канттагы авиабазанын төлөмүн өзгөрүүсүз калтыруу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.
Азыркы убакта Орусияда болжолуу менен 500 миңден – 1 млн. чейин кыргыз жараандары иштеп жатат. Булар жылына 2 млрд доллардан ашык акча Кыргызстанга которушат. Ошондуктан, биз Орусияга экономика жактан көз карандыбыз.
«Жаңы ордо» гезитинин 3-декабрда чыккан санында экс-президент Курманбек Бакиев менен болгон, гезиттин жети бетин ээлеген маек чыкты. Журналист Бекен Назаралиев Белоруссияга барып, Бакиев менен жолугушуп, кенен маек алып кайтыптыр. Маек өтө чоң болгондуктан, кыскартып, кызыктуу жерлерин берүүнү чечитим.
Баарыбызга малым болгондой Ганси Аскер базасынын тагдыры Бакиевдин бийлиги убагында калчанган. Дүйнө жүзүн таң калтырып, ошол кездеги президентибиз АКШнын өкүлдөрү менен башкача сүйлөшүп, Россияга иш сапары менен барып Гансини чыгарабыз деп жарылаган эле. Бул маселе жөнүндө ал төмөндөгүлөрдү айтты:
«Манас аба майданында жайгашкан Ганси аскер базасынын кыргыз элине зыяны жок. Бул чечимди 2001-жылы кабыл алышып туура кылышкан. Бизге коңшу болбосо дагы наркотиктин өлкөсү болгон Ооганстанга, ошондой эле Нью-Йорк шаарындагы бизнес борборун эл аралык террорчулар жардырышканы маалым. Манас аба майданындагы Ганси аскердик базасы бул Кыргызстандын эл аралык террористтерге каршы күрөшүүгө болгон салымы деп билем. Орус президенти Медведев, премьер-министри Путин менен жолугуп чыккандан соң пресс-конференция учурунда дүйнөлүк массалык каражаттарынын журналисттеринин берген суроолоруна жооп кылып биз Ганси аскер базасын чыгарууга белсенгенибизди айтып чыктым.
Ушундай чечим кабыл алууга АКШ жетекчилигинин биздин Кыргызстанды тоготпогондой мамиле кылганынан улам болду. Кыргызстандын кабыл алган чечими алар үчүн күтүүсүз болду. Бирок, Ооганстандагы саясый абал баштагыдан оорлошуп бараткан кез эле. АКШнын жетекчилиги Ганси аскер базасы боюнча аренда акысын кайрадан кароого макулбуз деп жооп беришти. Биз ошентип аларды мажбур кылдык. Мен президент болгонго чейин АКШ Гансинин аренда акысы үчүн болгону бир жылга эки миллион америка доллар төлөөчү. Биздин келишим боюнча алар бизге 50 миллион америка долларынын тегерегинде түз акча түшүрмөк. Андан башка инвестиция жагы өзүнчө каралган эле»,-дейт.



Акыркы пикирлер