Articles tagged with: Бала тарбиялоо
Жеңүүчүнү калыптандырган фразалар:
- Мен сен менен сыймыктанам
- Мен сага ишенем
- Сенин колуңан баары келет
- Сен баарынан мыктысың
- Сенин жасаган жумуштарың милдеттүү түрдө аткарылат
- Сен бар үчүн мен бактылуумун
- Мен сени ар дайым жакшы көрөм
- Мен сени дайыма коргойм, эч ким сени таарынтпайт
- Сен менин жардамыма жана колдоомо ар дайым таянсаң болот
- Мен сен үчүн кубанам
Өзүңөрдүн жүрөгүңөрдү угуп, балдарыңарга ишенсеңер силер бактылуу ата-эне болосуңар. Балдар улуулардан акылдуу келишет, ошондуктан балдарыңарга ишенгиле. Эгерде ага жардам керек болсо ар дайым жанында болгула.
Ата-энелерге эскертүү:
- Баланын жасап жаткан жумушуна кийлигишпес керек. Жардам сураганда гана жардамдашыш керек.
- Кереги жок көйгөйлөрдөн жана чыр-чатактан алыс болуш үчүн баланын мүмчүлүгүн көрүп, көп талаптарды койбош керек.
- Эгерде бир сөздү 10 жолу айтуудан жыйынтык чыкпаса, анда кайра кайра кайталоонун кажети жок. Башка жолду тандап, башкача сөздөр менен түшүндүрүш керек.
- Баланын жөндөмдүүлүгү өзү кызыккан гана тармакта өнүгөт. Ошондуктан балаңыз эмнеге кызыкса да, аны а дайым колдоп туруу керек.
- Балага өзү жасаган жумуштарынын, кылык-жоруктарынын анан кийин келечекте өзүнүн жашоосунун жоопкерчилигин өткөрүп берүү ата-эненин эң чоң камкордугу десек болот.
- Акырындык менен балага жоопкерчилик менен камкордукту өткөрүп бериш керек.
- Бала өз алдынча болуш үчүн жасап жаткан ишинде ката кетирсе да унчукпаш керек.
- Баланы канчалык урушсаң ошончо жаман болот. Туура эмес кылыктарды жасаса урушкандын ордуна жакшы бир нерседен ажыратып коюш керек.
Тарбия чын эле наристе 2-3 жашка чыкканда башталат. Анан наристенин ата-энеси “бала бакчага берсекпи же үйдө эле тарбияласакпы?” деп ойлоно баштайт. Анткени, көпчүлүк ата-энелерди бала бакчага барган бала тез-тез ооруйт, ойдогудай каралбайт, курсагы тойбойт деген фразалар ойлондурбай койбойт. Чындыгында эле ушундайбы? Негизи эле бала бакча эмнеси менен жакшы?
Бала бакча жөнүндө
Наристени бала бакчага берүү үчүн эң жакшы курак – 3 жаш болуп эсептелинет. Анткени, ал ушул куракта өзүн курчап турган дүйнө тууралуу көп нерселерди билип калат. Наристенин өнүгүүсү үчүн дал ушул убакта чоңдордун жашоосун оюн аркылуу чагылдыруу эң маанилүү. Мисалы, доктур болуп ойноо, дүкөнчү – сатып алуучу болуп ойноо. Ал эми бул оюндарды өз алдынча алып кетүүгө баланын жашоосундагы тажрыйбасы жетишсиздик кылат. Оюнчуктар бөлмөдө толуп турса да үч жаштагы бала зеригип кетет. Анан оюнчуктарга ал туура эмес мамиле кыла баштайт: ыргытат, сындырат, бузат.
Толук кандуу ойногондон, оюндагы пикирлештердин жана каршылаштардын мамилесинен, жеңүүгө жана жеңилүүгө кабылуудан баланын өнүгүүсүндө ийгилик жаралат. Психологдор бала оюндун искусствосун канчалык жакшы өздөштүрсө, кийин анын жашоосу да татаал болбойт дешет.
Мындан тышкары бала бакча наристени киши менен мамиле түзүүгө үйрөтөт. Сүйлөшүү, мамиле түзүү тажрыйбасы эң жөнөкөй нерселерден башталат: чогуу тамактанып, чогуу уктоодон, чогуу пайдаланган оюнчуктардан, бөлмөдөн. Бири-биринин бут кийиминин боосун байлоого жардамдашуу, оюнчуктарды ынтымакташып, бөлүшүп ойноо – бул келечектин пайдубалы. Ал эми бүгүнкү заманбап турмушта ар кандай адамдар менен мамиле түзүү жана сүйлөшө билүү канчалык маанилүү экендиги айтпасак да белгилүү.
Бала бакча жетишсиздик көйгөйү
Бүгүнкү күндө балдарды бала бакчага орноштуруу канчалык оор экендигин бул түйшүктү башынан кечиргендер гана жакшы билишет. Совет мезгилинде ата-энелер биринчи кезекте балдарын үйлөрүнө жакын, тамак-ашы даамдуу, педагог-тарбиячылары балдарына мыкты тарбия-таалим берген бала бакчаларга орноштурганга аракеттенишчү. Бүгүнкү күндө балдарын бала бакчага берүүнү көздөгөн ар бир ата-эне жогорудагы ой-тилектер куру кыял экендигин жакшы билишет. Эмне үчүн?
- Биринчиден – баш калаабыздагы совет мезгилиндеги 206 бала бакчанын 128 прихватташтырылып, 78и гана калган.
- Экинчиден, эгемендүүлүктүн 20 жыл аралыгында, өзгөчө көп кабаттуу кичи райондордогу жеке менчикке айлангандардын көпчүлүгү бала бакча эмес, башка максаттагы имараттарга айланган. Жаңы бала бакчаларды курууга бюджетте каражат жок.
- Үчүнчүдөн – бүгүнкү күндө шаардагы Бишкек мэриясына караштуу бала бакчалар балдарын орноштурууну каалаган ата-энелерден – 100-300 доллардан кем эмес мүчө акы жана бала бакчаларга мыйзамдай бекем орунчук алган демөөрчүлүк көрсөтүү шарт. Айла канча, ар бир ата-эне ал шарттарга макул.
- Дагы бир көйгөй бул – кыргыз тили маселеси. Шаардагы көп бала бакчаларда жалаң гана орусча үйрөтүлүп, кыргыз тили такыр эле каралбайт. Тарбия бала бакчадан башталгандан кийин Кыргызстандын ар бир атуулу кыргызча билиш керек.
Бишкектеги бала бакчалар
Бишкектеги бала бакчалар мамлекеттик жана жеке менчик бакчалар болуп экиге бөлүнөт. Мамлекеттик бала бакчалар жетишпейт. Бишкектеги көп бала бакчаларда бир топто 40-45тен бала, аларды караган болгону бир тарбиячы, бир няня бар. Жеке менчик бакчаларга бергенге көпчүлүк ата-энелердин тапкан айлык маяналары жол бербейт. Ал эми тарбиячылар болгону 2-4 миң сомдун тегерегиндеги айлык алышат. Демөөрчү катары ата-энелер жардамдашкан учурлар көп кездешет. Ал эми балдардын ата-энелери айына 1000 сомго чейин акы төлөшөт.
Ал эми жеке менчик бакчаларда бир топто 5-10 баладан тарбияланат. Көпчүлүгүндө 1,5 жаштан баштап кабыл алышат. Бирок, кээ бир учурларда 4-6 айдан баштап багып беришет жана булардын төлөмү бир топ жогору (100-300 $ чейин). Айрымдарында балдарды машина менен өздөрү ташуу шарттары каралган. Мындан тышкары да бардык шарттар түзүлгөн. Чет тилдерди, компьютерди үйрөтүшөт. Ошого жараша баалары да кымбат.
Эми азыр борбоор калаабыздагы мамлекеттик бала бакчаларда 24 миң наристе тарбияланат жана 3 миңден ашуун балдар өз кезегин күтүүдө (көбүнчө акчасы жок үй-бүлөдөгү балдар). 10 жылдын тегерегинде Бишкекте бир дагы жаңы мамлекеттик бала бакча курула элек. Эмне үчүн бала бакча жетишпесе курушпайт? Жылына 2-3 бала бакча курушса дагы бул тармактагы көйгөй чечилмек. Азыркы өкмөттөгү аткаминерлерге бул көйгөйгө көнүл буруусун айтар элем.
Сүрөт Flickr колдонуучусу Velaia (ParisPeking) тиешелүү.
Кыргыз эли байыртадан эле башка элдер сыяктуу бала тарбиялоого абдан чоң көңүл бөлүшкөн. Баланы чени менен эркелетип, жакшы тарбия берүүгө аракеттенишкен. Мисалы, сал билек деп баланы эркелетүүдө ата-эне же ага-эжеси бөбөгүн алдына алып олтуруп, анын эки бутун эки колу менен сал билек кылып кармап, төмөндөгүдөй ырларды айтышкан.
Алдей-аддей, ак бөбөк,
Ак боз жорго мал белек.
Алдей-алдей ак бөбөк,
Айран, кымыз ич бөбөк!
Сал-сал билек, сал билек,
Сары майга мал билек,
Коён эки кош белек,
Кошуп алган ак бөбөк, Read the full story »




Акыркы пикирлер