Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: билим берүү

Грузиядагы негизги реформалардын сүрөттөлүшү. Акыркы бөлүк
Written by adilet, Thursday, 15 Sep, 2011 – 16:27 | No Comment

Менчиктештирүү:

  • ·         Монетардык менчиктештирүү – эң негизги метод.
  • ·         Менчиктештирүүнү ишке ашыруу жана узак мөөнөттөгү алып сатуу укугу бар ижара (аренда) келишимдерди киргизүү. Бул төмөндөгүдөй обьектилер:
    • o   айыл чарба, шаар жана өнөр жайда колдонулуучу жер тилкелери;
    • o   балык, токой жана суу ресурстары;
    • o   деңиз флоту;
    • o   деңиз порттор жана аэропорттор;
    • o   көмүр шахталары;
    • o   оор өнөр жай заводу;
    • o   кыймылсыз мүлк, ооруканаларды алганда дагы, кээ бир окуу жана спорт мекемелер жана башкалар;
    • o   суу менен камсыздандыруу;
    • o   энергогенерированиянын жана бөлүштүрүүнүн эң негизги обьектилери, жаратылыш газын бөлүштүрүүчү компаниялар;
    • o   жердеги телефондук байланыш.

Лицензиялоону жана бизнести ачууга болгон уруксатты берүүнү реформалоо:

  • ·         Тигил же бул ишке болгон лицензияны жана уруксатты алуу оор системаны жоюу менен ордуна “бир айнек” деген системаны киргизүү.
  • ·         “Ооз ачпоо – макулдуктун белгиси” деген принципти киргизүү.
  • ·         Лицензияланган ишмердиктин тизмесин 85 пайызга кыскартуу.
  • ·         Лицензия менен уруксаттын тисмесин жоголуп бара жаткан мекемелер: жаңы лицензиялар менен уруксаттарды башка ченемдик актылар менен киргизүүгө болбойт.
  • ·         Макулдук бере турган жана көзөмөлдөө кызматтарынын санын кыскартуу.
  • ·         Уставдык капиталдын көлөмүн 2006-жылы кыскартып, ал эми 2007-жылдан баштап таптакыр жоюп салуу.
  • ·         Каалаган жаңы ишканын түрүн салык кызматынын имаратында каттоодон өтүү мөнөтү 1 күнгө чейин кыскарып – көз ачып жумганча каттоо (арыз берүү).
  • ·         Электрондук кол коюну колдонуу мүмкүнчүлүгү.
  • ·         Бизнести мамлекеттик жана салык каттоо процедурасы бириктирилген жана кыскартылган.
  • ·         Керектүү документтердин саны жана убактысы бир топ кыскарган.

Электроэнергетика реформасы:

  • ·         Инфраструктураны реабилитациялоо.
  • ·         Төлөмдөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү (30 – 90 пайызга чейин).
  • ·         Мамлекеттик техникалык жөнгө салууну өркүндөтүү.
  • ·         Жаңы өндүрүштү дерегуляциялоо.
  • ·         Жеке инвестициянын чектелинишин жок кылуу.
  • ·         Дүң тарифтердин регуляциясын жоюу.
  • ·         Электроэнергияны сунуш кылууну жана жеткирүүнү жеке менчике берүү.
  • ·         Узак мөөнөттү келишимдерге өтүү.
  • ·         24\7 – электроэнергияны жеткирүү принципка өтүү.
  • ·         Электроэнергиянын импортун диверсификациялоо.
  • ·         2003-жылы электроэнергиянын систематикалык өчүрүүдөн 2008-жылы коңшулаш 4 өлкөгө электроэнергияны экспорттоого өтүү жана 2011-жылы Чыгыш Европага экспорттоо.

Газ секторун реформалоо:

  • ·         Дүң тарифтердин жөнгө салуусун жоюу.
  • ·         Эгерде жаңы транспорттук жана бөлүштүргүч тармагы салынса анда толук дерегулирование болот.
  • ·         Газ секторун мамлекеттик субсидиялоодон баш тартуу.
  • ·         Газдын импорттун диверсификациялоо.

Билим берүү тармагын реформалоо:

  • ·         Мектептерди жана университеттерди (жеке менчиктер дагы) тандоо укугу ваучердик каржылоо. Окууга болгон ваучердин көлөмү мамлекеттик экзамендин жыйынтыгына көз каранды болот: жогорку балл алгандарга мамлекет тарабынан берилген грант окууга кеткен чыгымдардын 100 пайызын жабат. Баардык мамлекеттик окуу жайларындагы төлөмдөр бирдей.
  • ·         Университеттерге тапшыруучуларга жана бүтүрүүчүлөргө бирдей экзамен киргизүү (computer adoptive test).
  • ·         Мектептер жана университеттер юридикалык статуска ээ болушат, алар автономдук мекеме болушат жана финансылык ишмердигин өздөрү алып барышат.
  • Мектептерди “Попечительский совет” деген башкарат жана мектептин директорун шайлашат.
  • ·         Англис тилин жана компьютерди билген мугалимдерди сертификациялашат.
  • ·         Сертификациянын жыйынтыгы менен мугалимдердин айлыгын көтөрүшөт.
  • ·         Жеке менчик мектептердин көбөйтүлүшү (окуучулардын 8 пайызы жеке менчик мектептерде окушат).
  • ·         1-класстан баштап англис тилине ээ болуучулар менен англис тилин үйрөнүү (1000 ашык мугалим).
  • ·         1-класста окуган баардык окуучуларды компьютер (нетбук) менен камсыз кылуу.
  • ·         Чет өлкөдөгү эң жакшы окуу жайларына өткөндөрдү каржылоо үчүн атайын фонд түзүлгөн.

Саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо:

  • ·         Инфраструктураны (ооруканаларды) каржылоодон жана субсидиялоодон баш тартуу. Мекемелерди эмес пациенттерди мамлекет тарабынан каржылоо системасы киргизилген.
  • ·         Менчиктештирүү.
  • ·         Саламаттыкты сактоо тармагын камсыздандыруу аркылуу каржылоого өтүү.
  • ·         Ири мамлекеттик ооруканалардан жеке ооруканаларга өтүү жана жайгашкан орду 90 пайыз элге 30 мин. жол жүргөндөй болуш керек. 

Социалдык коргоо тармагын реформалоо:

  • ·         Индекстештирилген эмес пенчиялык система (универсиалдык бюджет).   
  • ·         Социалдык жеңилдикти монетизациялоо.
  • ·         Минималдык пенсиянын көлөмү өскөн, 2003-жылы 14 лариден (6,5 доллар) 2011-жылы 100 лариге (60 доллар) чейин.
  • ·         Мамлекеттик жардамга көз каранды болгондорду табуу үчүн атайын программа ойлонуп табылган.
  • ·         Социалдык жардам:
    • o   монетизацияланган социалдык жардамды 420 миң киши алышат;
    • o   бекер медициналык камсыздоону 1 млн. киши алышат.

Аскер реформасы:

  • ·         Келишимдин негизиндеги профессионалдуу армияга өтүү.
  • ·         НАТОнун стандартарына жакындоо.
  • ·         Грузиндик аскерлерди НАТОнун стандартары менен окутуу.
  • ·         Грузиндик аскерлерди Ирак менен Афганистанга жөнөтүү.

Бул макала М.Намазалиевдин блогунан алынган. 

Профессионалдуу жумушчу күч
Written by adilet, Wednesday, 20 Jul, 2011 – 14:58 | No Comment

Жумушчу күчтүн эң сапаттуу характеристикасы болуп – жумушчунун квалификациясы, алган билими жана профессионалдуу даярдыгы болуп саналат. Профессионалдуу жумушчу күч азыркы убакта Кыргызстанда барбы? – деген суроо туулат. Бул суроого жооп бериш үчүн азыр биздин өлкөдө кандай жогорку билим берүү окуй жайлары бар, алардын сапаты кандай экенин билишибиз керек.

Билим Берүү Министрлигинин жана Улуттук Статистика Комитетинин маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасы боюнча 233,6 миң студент жогорку окуу жайларында катталган экен. Булл студенттердин 100 миңи  сырттан (заочный) окуу бөлүмдөрүндө окушат. Мындай окуу бөлүмдөрү күндөн күнгө көбөйүп бара жатат. Болгону өлкөбүздө 54 жогорку окуу жайы катталып, анын 32 си мамлекеттик, 22 си менчик окуу жайлары. Бирок, студенттердин 90 пайызы мамлекеттик жогорку окуу жайларында окушат жана 130 миңге жакын студенттер борбор калаабызда билим алышат.

Ал эми, жылына 38,1 миң студент жогорку окуу жайын бүтүрүп, өздөрүнүн тармагы боюнча адис болуп чыгышат. Эң көп адистер: билим берүү тармагы – 8,8 миң, экономика тармагы – 8,1 миң, техника илимдер тармагы – 5,9 миң жана юриспруденция тармагы – 3,5 миң. Жылына 38 миң профессионалдуу адис пайда болсо дагы, мамлекетибизде сапаттуу адистер жетишпейт деп айтылып келе жатат.

Бул эмнени түшүндүрөт – бул деген ошол 38 миң адистердин сапаты абдан эле төмөн экендигин жана бул адистер азыркы замандын талабына жооп бербейт дегенди түшүндүрөт. Мисалы билим берүү тармагын алып көрсөк: жылына 8 миңден ашык профессиналдуу адис пайда болот экен бирок азыр Кыргызстанда мугалим мектептерде жетишпейт. Айылдардын мектептерин алып көрсөк мугалимдердин баардыгы жашы улуулар жана көп сабактардан мугалим жетишпей дене тарбиядан берген мугалимдер же физикадан же химиядан сабак берип жүрүшөт. Мындай мисалдар абдан эле көп. Бул тармактын престижи кетип калгандыгын жана бул тармактагы айлык маянасы азыркы замандын талабына жооп бербеген үчүн көп адистер өздөрүнүн адистиги боюнча иш алып барышпайт.

Кыргызстан боюнча экономикалык активдүү калктын саны 2 млн 420 миң адамды түзүп, 2 млн 216 миң экономикалык активдүү калк жумуш менен камсыз болушса, 203 миңден ашык адамдар жумушу жок деп катталган. Экономикалык активдүү калктын 85 пайызга жакыны жеке ишканаларда иш алып барышса, 15 пайызга жакыны мамлекеттик ишканаларда иштешет экен. http://www.stat.kg/

Миграция жана Эмгек комитетинин маалыматы боюнча баардык алистердин болгону 30 пайызга жетпегени гана өздөрүнүн адистиги боюнча иштешет, калгандарынын көп бөлүгү жумуш таппай кыйналышат. Эгерде жумуш мындай адистик боюнча аз болсо, эмне үчүн мамлекет мындай көйгөйлөргө көңүл бурушпайт? Кереги жок болгон көптөгөн адистиктерди жаап, кереги бар адистик тармактарга мамлекеттик заказ берсе болбойбу?

Кыргызстан боюнча 54 жогорку окуу жай бар экен. Сапаттары абдан жаман, эч кандай талаптарга жооп бере албаган жогорку окуу жайлар аз эмес. Эптеп диплом беришет да анан кийин адистердин сапаты жок. Кыргызстандагы чет өлкөлүк компаниялардын айтуусу боюнча биздин өлкөдөгү адистердин сапаты абдан начар жана алган билимдери азыркы замандын талабына жооп бербейт деп айтышууда. Чын эле карап көрсөк канча жылдан бери билим берүү тармагын реформалайбыз деп канча деген чиновниктер айтышууда. Бирок натыйжа чыккан жок, айтылганы айтылган бойдон калып, илгерки совет доорундагы билим берүү системасы менен дагы деле адистерди даярдап жатышат.

Азыр Болон билим берүү системасына дүйнөдөгү көптөгөн жогорку окуу жайлары өтүп жатышат. Бул системанын артыкчылыгы азыркы бат өзгөрүлүп жаткан дүйнөнүн талаптарынан артта калбай, азыркы заманга керектүү адистерди даярдоосу. Бул системанын алкагында студент эч кимге көз каранды эмес жана бош убактысы көбүрөөк. Кереги жок сабактар да окуу программасынан алынып салынган. Биздин өлкөдө да бул система боюнча иштеген жогорку окуу жайлары бар.

Билим берүү тармагын азыр реформа кылбасак келечекте таптакыр эле сапатсыз адистердин пайда болуп калышы ыктымал. Сапатсыз, билими начар адистер менен өлкөнү өнүктүрүүгө болобу?

Жалпы республикалык тестирлөөнү алдагандар
Written by Асель Шабданова, Monday, 20 Jun, 2011 – 10:14 | No Comment

Кыргызстандагы эң ири  жана ишенимдүү тестирлөөнү алдаса болот экен. Бул окуяны менин жакшы таанышым баяндап берди. Башкы ролдордо- Арстан- аткаруучу , “ортомчу”, “заказчик”. Арстан ЖРТнү 3 жолу тапшырган. Ар сайын анын упайлары эки жүздөн ашык болсо да, алтын сертификатчылардын тизмегине акыркы гана жолу кирген. Азыркы күндө ал Орто Азиядагы Америкалык университетинде студент. Күндөрдүн биринде бир таанышы Арстанга келип, андан жардам сурайт. Өзүнө эмес, башка балага. Ал бала “заказчик” Сокулуктагы №2 мектепте окуйт. Тест жакындап калганда, анын ордуна жаза ала турган адамды издей баштайт.  ” Издеген адам табат”,- дегендей  шамдагай “ортомчу” пайда болот. Ал ага жардам бере алганын айтып, n суммага сүйлөшөт. Арстан анын ордуна кирип тапшырат.

Мен бул окуяны уккандан кийин, бир суроо пайда болду. Кантип?

Мен  өзүм тестти тапшырып жатканда, март айынан баштап документтерди, анын ичинен сүрөттөрдү дагы тапшырганбыз. Тесттин өзүнө киргенде дагы паспортту текшеришкен. Жалпы республикалык тестирлөө негизинен эле мамлекеттеги эң жогорку деңгээлдеги өтүүчү текшерүү деп ойлогом.

Көрсө Арстан жөн эле “заказчиктин” паспортун алып, кириптир. Анын айтымында окшоштугу 20 пайызга жакын, башка сөз менен айтканда, жыныстык эле окшоштугу болбосо, эки такыр башка адам. Текшерүүчүлөр байкабай калганбы, же кайдыгер мамиле кылышканбы, белгисиз.

Кантсе дагы, болгон иш болду. Эми мындай кызматтын баасы. Эки жүз баллга чейин- 300, андан жогору- 500, алтын сертификат болсо-1000, албетте, америкалык акча менен.

Жалпы республикалык тестирлөөгө мамлекет катарынан дагы, чет өлкөлү фонддордон дагы чоң жардам көрсөтүлөт. Республикабыздын Президенти тарабынан сунушталган «Кыргызстандагы билим берүү системасын реформалоонун концепциясында» мамлекеттин көз карандысыздыгы жана коомдун келечеги үчүн сапаттуу билим берүү зарыл экендиги айтылган. Жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы коррупция менен күрөшүү максатында өлкөбүзгө Жалпы республикалык тестирлөө киргизилген. Республикабыздын жогорку окуу жайларына мамлекеттик грант менен окууга өтүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү ачык тестирлөө − алгачкы максаты болгон. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү тестирлөө демилгесин колдоп берүү өтүнүчү менен АКШнын өкмөтүнө кайрылган. АКШнын өнүгүү боюнча эл аралык агенттигинин (ЮСАИД) каржылоосу менен, Американын эл аралык билим берүү боюнча Кеңеши (АКСЕЛС) тарабынан өткөрүлгөн тестирлөө төмөнкү негизги үч максатты көздөгөн: – бара-бара баалоонун заманбап усулдарын жана принциптерин (психометрия, теңдөө ж.б.у.с.) колдонуу менен сапаттуу тестирлөө жүргүзө ала турган жергиликтүү профессионалдуу тест уюмун түзүү; – баалоо системасын чечкиндүү түрдө реформалоо; – ЖОЖдордогу бюджеттик орундарда окуй турган жаштарды аныктай турган стандартташтырылган тестирлөө жүргүзүү менен жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү.

Мурдагы жылдарда окуучулар каалоосу менен тапшырса, 2011-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтпөй калышса, анда чоң окуу жайына өтпөй калышат. Ошондуктан оюндун баасы дагы көтөрүлдү. Буга чейин алтын сертификат окуучулардын көптөң эңсеген, ар бир университетке жол ачкан билет болсо, эми жалпысынан эле тестирлөөнүн жыйынтыктары өтө маанилүү болуп калды.  Коррупцияны жоюуга арналган тестирлөө капканга түшүп калды. Эң коркунучтуусу, Арстандын айтымында, “ортомчу” мындай жол менен бир топ колунда бар окуучуларга жардам берди. Ар бир системанын чектеринен чыгууга жолдор бар эмеспи.

Менин оюмча, ЖРТ окуучулар үчүн шок. Анткени, мындай көнүүгүүлөрдү алар мектепте да, кийин Жогорку окуу жайында да жолуктурбайт. Бул тестирлөө жалпысынан эле мамлекеттеги советтик окутуу системасынан өтө өзгөчөлөнүп турат. Мектептеги бешке окуган окуучулар тестирлөөдө эң жогорку баллдарды албаганы факт. Тескерисинче, мектепте анча жакшы эмес окуган балдар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Демек, мектептеги жакшы окуучу- келечектеги жаман студентпи? Андай дагы эмес. Билим берүүнү жаңы жол менен текшерүүнүн алдында, билим берүү системасын өзгөртүү керек эмес беле?

Сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 26 Nov, 2010 – 11:24 | No Comment

Кыргызстандын калкынын, анын ичинде ар кыл жарандык коом топторунан конструктивдүү реформалык идеяларды, программаларды көптөн күтүп келгенбиз. Мына эми, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту социалдык экономикалык тармактардын 11 багыты боюнча өз сунуштарын берип жатат. Анын бири – билим берүү системасынын сапатын кантип жогорулатып, атаандаштыкка жөндөмүн канткенде көтөрсө болот деген суроолорго дагы жооп берген.

Жагдайы. Билим берүү системасы жаш жарандарга билимин күндөн күнгө тереңдетүүнү эмес, жашоодо ийгиликке жетишүүгө жардам бере турган тажрыйбаны сунушташы керек. Билим берүү системасынын экономикалык функциясы учурдагы эмгек базарынын талаптарына жооп берген акылдуу кадрдык потенциалды түзүү болуп саналат. Билим берүүнүн саясий функцияысы болсо анын экономикалык максатына жетиш үчүн керектүү нормативдик-укуктук негизди иштеп чыгуу. Бул функция стратегиялык иш-кагаздарын, нормативдик-укуктук актыларын жана доктриналарды иштеп чыгууда билинет. Аларбилим берүү системасынын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктайт.

Көйгөй

Билим берүү системасындагы рыноктук механизмдердин жоктугу, жумушчуларды кызыктыруучу нерселердин алсыздыгы, мугалимдердин эмгек акысынын аздыгы, атаандаштыктын жоктугу жана төмөн социалдык коргонууу коррупцияны туудурат,билим берүү системасына болгон ишенимди жокко чыгарат, системанын деградациясына алып келет да билим менен диплом өз баалуулугун жоготот. Төмөндө биз эң негизги өксүктөргө токтолдук:

  • Кызыгуунун (стимулдардын) жоктугу

Азыркы учурда билим беруу жаатында окуп жактандардын, мугалимдердин жана окуу жайлардын жетекчилигинин кызыгуусу дүйнө жүзү бою абдан чоң мааниге ээ болууда. Кыргызстандагы мотивациялар системасы ушул күнгө чейин көрүнүктүү жыйынтыкка алып келе элек.

Read the full story »