Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Бишкек

Күчтүү жана заманбап армияны канткенде курабыз?
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 12 Jul, 2011 – 16:13 | No Comment

Бүгүнкү күндө баардык мамлекеттерде улуттук коопсуздук, чек араны сактоо маселелери күч структураларына жана коргоо кызматына (армияга) жүктөлгөн. Өзгөчө армия чоң ролду ойнойт. Ал үчүн армия күчтүү болуш керек, заманбап техника менен камсыздалышы керек.

Бирок баардыгы аракет кылганы менен, бул өтө көп каражатты талап кылат. Кээ бир өлкөлөр жыл сайын жаңы техника алышса, башкалары эски техника болсо да алмаштырганга аракет кылышат. Мисалы, акыркы убакка чейин мамлекетти коргоого жана армияга көп короткон мамлекет – бул АКШ болуп саналат. 2010 жылкы бюджеттен армияга 698 млрд.$ бөлүнсө, экинчи орунда Кытай – 119 млрд.$, Улуу Британия – 59,6$,Франция – 59,3$, Орусия – 58,7$ бөлүнгөн экен.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин чыгымын карасак, 2008 жылкы маалыматка ылайык Кыргызстан -79,3 млн.$, Казакстан – 1млрд. 281 млн.$, Өзбекстан – 1млрд. 422 млн.$ түзөт экен.

Ишке жарактуу жана жараксыз техникалардын Кыргызстандагы саны: БМП-298, самолет-58, вертолет-11, танкалар-215 ж.б.курал жарактар түзөт. Булардын көбү жараксыз, муну биз Ош окуясында баарыбыз көрдүк. Жоокерлердин саны 10 миңден 12 миңге чейин жетсе, Өзбекстандыкы -70 мин, Казакстандыкы-60 миң, Таджикистандыкы-12 миң адамды түзөт.

Бизде 12 миң болгону менен сапаты жагынан начар даярдыкта. Буга чейин канча жолу армияны реформа кылышты, эч жыйынтык чыккан жок. Себеби Коргоо Министрлигинде 1 же 2 отделди жоюп, 100гө жакын кызматкерди кетиришсе, реформа кылдык деп ойлошчу. Материалдык жана техникалык база жаңыртылмак турсун, тескерисинче сатып жатышат.

Кыргызстанда жыл сайын кызмат өтөөгө жашы жеткендердин саны 50 590 адамга жетсе, алардын 5 миңи ар кайсы бөлүктөрдө кызмат өтөшөт. Альтернативалык формада кызмат өтөгөндөр 15 миңге жетет.

Бүгүнкү күндө контракттык формада кызмат өтөгөндөрдү кээ бири 30% түзөт десе, башкалары 70% түзөт деп жатышат. Так маалымат жок. Алардын маяналары 12 миң сомду түзөт.

Убагында экс-президент К.Бакиев жана көптөгөн эксперттер да айтып чыгышты эле

“бизге чакан, мобилдүү, тажрыйбалуу, заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздалган контракттык формадагы армия керек” деп.

Мен да бул идеяны колдойм. Бирок андай боло турган болсо, алардын маянасын 12 миң эмес, депутат, министрлердикинен 2-3 эсе көтөрүшүбүз керек, башкача айтканда 50миң кылсак, ошондо бир майнап чыгышы мүмкүн. Азыркы акчага тойбогон, жутунган депутаттар чек араны кайтарып калышат беле депутаттык, президентик оорунга жутунгандан көрө.

“Контрактниктерге”  кетчү каражатты Манас аэропортундагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборунан түшкөн салыктарды колдонсок болот. Жылына 150 млн.$ төлөшөт.

Ал эми бүгүнкү күндө республикадагы армия техникаларынын көбү борборубузда. Аларды түштүк регионго мобилизациялаш керек. Коргоо Министрлигин толугу менен көчүрүш керек. Себеби ал регион өтө кооптуу болуп саналат бүгүнкү күндө.

Көптөгөн саясат таануучулар, эксперттер айтып жатышат:

“жакынкы 10-15 жылдын ичинде Фергана өрөөнүндө көптөгөн сууга, жерге байланышкан конфликттер чыгышы мүмкүн” деп.

Биз материалдык жана техникалык базабызды жаңыртышыбыз керек. Заманбап курал-жарак, техникаларды алып, армияны күчтөшүбүз керек. Качан гана күчтүү армия болгондо, кошуна мамлекеттер эсептеше башташат. Азыр мышык ыйлачудай кебетебизди көрүп, үнүбүздү укпаган да ошо себептен.

Генерал, полковник, подполковник деген наамдарды бергенди азайтышыбыз керек. Өтөгөн кызматынын стажына карап берилиши керек негизи. Жөнөкөй жоокерлерге караганда, полковниктер өтө көп бизде. Пайда барбы ошолордон? Кызматтык тепкич менен өсүү жолун жөнгө салышыбыз керек. Мисалы, бир генерал жумуштан кеттиби, анын ардунакийинкисин, аныкына андан кийинкисин коюш керек. А бизде майор болуп, бир нече убактан кийин генералга жеткен фактылар көп.

Айтор, контракттык армияга өтүп, машыктырууну жана техникаларды чыңдап, натыйжалуу армияларды курууга өтүүбүз керек деп ойлойм. Андан башка жол жок…

Таза сууну үнөмдөп колдонгонду бил!
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 5 Jul, 2011 – 10:34 | No Comment

Суу – бул өмүрдүн булагы деп бекер айтылбаса керек. Суусуз эч нерсени элестетүү мүмкүн эмес бул жашоодо. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө болуп жаткан көп конфликт, согуштун баары жер байлыктары же башкача айтканда ресурстар үчүн болуп жатса, келечекте сөзсүз суу үчүн далай кызыл-кыргын согуштар болот. Азыр акырындык менен башталып жатат, мисалы суунун айынан кээ бир Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында мамиле акырындап курчуп келе жатат.

Азыркы учурда дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер бар, таза сууга жетпеген. Биздин өлкөдө суунун запастары абдан жетиштүү. Бирок ошону да туура пайдалана албай жатабыз. Канчасы ысырап болуп, бекер эле агып жатат.

Сууга байбыз деп төш какканыбыз менен кээ бир райондордо, ал гана эмес борборубуз Бишкекте таза суу менен камсыз болбогон жерлер өтө көп. Анын себептери:

  1. биринчиден, суу агып өтүүчү түтүктөр (водопровод) жана канализациялар канчалаган жылдан бери алмаштырылбагандыктан, ошол түтүктөр чирип, канчасы иштен чыгып жатат. Аларды алмаштырганга канча каражат керек, андай каражаттар табылса да, чоңдордун чөнтөгүнөн ашпайт.
  2. Экинчиден, Кыргызстанда ички миграция күч алып, алыскы райондордон шаарга көчүп келишип, шаарда эл көбөйүп, суу жетишсиз болуп жатат. (Шаарды суу менен камсыз кылуу 500 миң адамга эле ченелген экен, азыр шаарда 2 млн. ашык адам жашайт).
  3. Үчүнчүдөн, автоунаалар көбөйүп, авто жуугуч жайлар да күндөн-күнгө саны өсүп жатат. Анын баары иче турган таза сууну колдонушуп, суунун басымы жайында такыр түшүп калат. Мындан тышкары, алар сууну 2-3 жолудан колдонуунун ордуна, бир колдонот, акчасын өтө аз төлөшөт. Көзөмөлдөгөн эч ким жок.
  4. Төртүнчүдөн, көпчүлүп жер үйлөрдө бакчалары (огород) болгондуктан, алар да иче турган суу менен сугарышат. Себеби, сугат суулары шаарга кеч келгендиктен жана арыктардын толуп, тазаланбашынан аргасыздан сугарууга муктаж. Мындай жер үйлөргө эчак эле эсептегич аппаратарын коюш керек эле, бирок аны кылган эч ким жок.

Бүгүн шаар бийлиги комиссия түзүп, каалаган жер үйүнө барып, текшерсе, баары таза суу менен сугарат, аларды кармаганга мэриянын алы жетпейби? Ар бир үйгө айып салып, бул системаны оңдоп, таза суу үчүн күрөшсө болотта!?

Жогоруда айтылган себептердин айынан, өзгөчө жай мезгилинде суу аябай тартыш болуп калат. Саат күндүзгү 3 кечки 11ге чейин суунун басымы азайып, чыкпай калат. Ушунун баарын шаар бийлиги чечсе болот да, бирок канча мэр келди, биринин да алы жеткен жок.

Ал эми бүгүнкү биз ичип жаткан таза суунун сапаты көп канаатандыраарлык эмес. Сууну күн сайын текшергендерине көзүм жетпейт, бирок бир айда бир текшеришсе керек. Кээде сууну ушунча хлорлоп салышат, ичүүгө мүмкүн эмес. Суу түтүктөрүнүн чиригендигин ар кандай ремонттордон кийин байкоого болот. Мындай учурда суунун оңү саргыч тартып, бир жыт пайда болот. Бишкектин тегерегинде 300дөн ашык суу сактачы жайлар бар экен, алардын көбү оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Жылда эл аралык уюмдар канча каражат бөлүшөт, биздикилер бирдеме кылымыш этет, бирок көзгө көрүнөөрлүк жыйынтык чыкпайт. Былтыркы жылдын планында шаар боюнча 289 км суу түтүкчөлөрүн алмаштырыш керек экен, анын жыйынтыгын эч жерден таба алган жокмун. Канчалаган жаңы конуштар пайда болуп жатат, алар суу ташыгандан тажашпайт, шаар жетекчилери убуда бергенден тажашпайт, айтор суу боюнча проблема өтө эле көп.

Кошумчалай кетчү нерсе, жанагы суу сактачы жайлар өзгөчө кайтарыла турган жерлердин тизмесине кирет. А биздикин карасаң, дарбазасы чынжыр менен байланып, бир кытайдын арзан кулпусун илип коюшкан. Шаарды басып алам деген душман болсо, ошо жерге барып ар кандай ооруну козгоочу вирус же бактерияны таштап койсо, эл 1 жумага жетпей кырылып калат. Муну ойлогон эч ким жок. Кербен жүрө берет, итим үрө берет деген ушу.

Мына азыр суунун баркын эч ким билбейт, кийин суу жок болуп кыйналганда түшүнбөсөк, азыр эч кимдин башы оорубайт. Бакчаларыбызды сугарып, автоунааларыбызды жууп, күнүмдүк жашоо менен ырахат алып жүрө берет экенбиз да кыргыздар!

Сапатсыз жарнамалар кимдин чөнтөгүн толтуруп жатат?
Written by Рысбек Арунов, Thursday, 30 Jun, 2011 – 18:27 | One Comment

Шаардын кайсы гана жерине барба, четинеби же борборунабы, ар бир көчөнүн кесилишинде, жолдордун боюнда жарнама калкандарын (рекламный щит), баннерлерди, плакаттарды көрөсүң. Алардан бөлөк аялдамаларда чапталган ар кандай жарнама барактары, автобус, троллейбустарга түшсөң, кармагычтарында да ар кандай компаниялардын жарнамалары чапталып турат. Мындан тышкары ошол эле коомдук транспорттордун сырткы келбети да тирукмуш. Эгер ушундай жарнамалар автобус, троллейбустарда чапталып турса, буларды тейлеген компаниянын автопаркынын кедейлигин билдирет. Бул транспортту көргөн коноктор, бул эмне көңүл ачуучу автобустарбы деп ойлошот. Ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөнүүчү эсеп-дүмүрчөктөрүн карасаң, артында Beeline уюлдук компаниясынын жарнамалары кошо чыгарылган.

Эсеп-дүмүрчөктөрдөгү, автобустун кармагычтарындагы орундар жарнама үчүн бекер берилбеси бештен белгилүү, сөзсүз алар ижара акысын төлөшөт. Мен алардын канча төлөөрүн сураштырганымда, эч жерден так маалымат ала алган жокмун. Бул жерде бир жашыруун сыр бар, башкача айтканда коррупциялык схема. Ал акчалар кимдин чөнтөгүнө түшөт болду экен?

Азыркы убакта Бишкекте 742 жакын жарнама калкандары орнотулуптур. Булардын көбү менчик компанияларга таандык болсо, калгандары жеке адамдардыкы. Мисалы: Континент Плюс, Арт Медиа, Smart Creative House, Адекват. Белый Парус сайтынын 2011 жылдын 23 майында чыккан маалыматына таянсам, шаардагы көп жарнама калкандары экс-мэр Н.Түлеевге таандык экен. Булардан башка майда-чүйдө жарнама орундары канча, алардын так эсеби жок.

Көчөдөгү жарнамаларга жакшылап көңүл бурсаң, көбү туура эмес, ката жазылган. Өзгөчө кыргыз тилиндеги жарнамалар. Эч кимиси мамлекеттик тил жана жарнамалар жөнүндөгү мыйзамдарга баш ийишпейт. Ким кандай жазса, ошондой жазып, чыгара беришет. Президентке караштуу тил комиссиясы бар, алар акча алгандан башка эч нерсе билишпейт окшойт сыягы. Буларды жөнгө салып текшерсе болот эле да, ушундай шалаакы органдардын айынан кыргыз тили өнүкпөй жатат.

Шаардагы бош турган орундарга чалып, мониторинг жүргүзүп көрдүм. Баалары ар кандай, жакшы жерлерде эки тарабы кошулуп 3500$ жетсе, мындайраак жерлерде 8000 сомдон кем эмес экен. Бул бүгүнкү күндө эң бир кирешелүү тармак болуп саналат. Өзгөчө шайлоо учурунда булардын баасы эки-үч эселеп өсөт.

Мындан бир нече ай мурун шаар бийлиги Манас проспектисиндеги мыйзамсыз жана өмүргө коркунучтуу деген жарнама калкандарын ала баштаган. Эмнеге дебейсизби? Анткени кээ бири Президент, Премьер Министр, Спикердин картежине кооптуу болуп саналат имиш. Ошо себептен бузуп жатышыптыр.

Бизде эмне ушу үчөө эле аман-эсен жашашы керекпи, ал эми калгандарын эгер калканчалар кулап, басып калса, буларга баарибирби!? Эгер алар ошончо эле өмүрлөрүнөн коркушса, Ак үй менен Көк үйүнө көчүп барышып, эч жакка чыкпай жашап алышпайбы! Элдин кыжырын келтирип, күндө 3-4 жолудан жолду тостуруп, элдин убактысын албай.

Түңкү Бишкек
Written by Рысбек Арунов, Sunday, 5 Jun, 2011 – 12:15 | No Comment

Баардыгыбызга белгилүү болгондой, күндүзгү Бишкек менен түнкү Бишкектин айрымасы асман менен жердей. Кээ бир адамдардын жашоосу түнчүндө.

Өткөндө мен да досторум менен эс алганы шаарга чыктык. Түнкү диско клубдардын кайсынысына бараарыбызды билбей, “Bacardi” көздөй жөнөдүк. Барганыбызда бизди кирээрибиз менен начар тосуп алышты. Оозунда 4 кайтаруучу, 2 администратор кыздар отурушут, суроо берсең орой жооп беришет. Ушундай тейлөөлөрү менен канчалаган кардарлар кирбей, кайра кетишет.

Акыркы убактары Бишкекте “Lounge” (кыргызчы – эс алып отуруу, кире бериш дегенди түшүндүрөт) деген модага айланган сөз бар. Көбүнчө клубдардын аталыштарында ушу сөздү жолуктурууга болот. Мисалы, Bacardi lounge bar, 12 lounge bar, Velvet lounge bar ж.б. Көбүнүн тейлөөлөрү абдан эле начар, аты гана болбосо. Баалары асмандын башын чапчыйт. Баары тең жарнаманы жакшы беришет, барсаң эми жыргатаарлык эмес.

Эң кызыгы депозит деген бир системасы бар. Бул көбүнчөсүнө жакпайт. Мен муну колунда жоктордун укугун тебелөө деп түшүнөм. Андай адамдарды кийингенин, кебетесин көрүп кийирбей да коюшат. Депозитти эки үч миңди төлөгөнгө көбүнүн мүмкүнчүлүгү жок. Акчаң болсо – кулуңмун деген заман ушу!

Кээ бир такталбаган маалыматтарга таянсак, кээ бир эс алуу жайларында баңги заттары да таратылат деп уккам. Ал эми коопсуздук кызматынын кызматкерлерин карасаң, өздөрүн кудайдай эле сезишет. Көбү өзүнүн милдеттерин билишпейт. Кардарларга сылык мамиле кылгандын оордуна, өздөрү кошо согушуп, кээ бир учурлар катталган адам өлүмүнө алып келген. Ошол кызматкерлердин шалаакылыгынан.

Мисалга мындай фактылар Barcode, Chelsea, X.O. ж.б. Бир таанышым өткөндө айтат, ушундай жеке коргоо фирмалары аркылуу курал-жарак мыйзамдуу түрдө алса болот экен деп. Алар сени өздөрүнүн кызматкери кылып каттайт да, куралды ошондой жол менен оңой алат экенсиң. Алгандан кийин мыйзамдуу түрдө өзүң менен кошо көтөрүп жүрө берсең болот.

Түнкү Бишкекти кыдырсаң, көп жерлерден байтал базарларды көрөсүң. Бир гана мисал, Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде үйүлүп турушат. Көбу кыргыздын кыздары. Алар сүйлөп жатканын уксаң, кадимкидей жиркенесиң. Андан да кызыгы аларды ИИМдин кызматкерлери орусча айтканда крышавать этишет экен. Жандарында MVD086B номерлүү машина турат. Ичинде эки кызматкер сойкулар менен жалжактап отурганын көрүп, булар деле эч сойкулардан айырмасы жок экенин түшүнөсүң. Ары жакта 3-4 балдар согушуп жатса да, милициялар көрсө да көрмөксөнгө салганы кишинин ичин күйгүзөт.

Күндүзгү убакка караганда, түнкүсүн көбүрөөк көзөмөлгө алышса жакшы болот эле. Кылмыштуулуктун көбү түнкү убакта катталат.Кечинде мыйзамдуу милиция кызматкерлери мыйзамсыз иштерге барганын, кримчөйрөнүн адамдарын, чоңдордун кутурган балдарын гана көрүүгө болот.

Дэги биз кайда бара жатабыз? Жарандардын коопсуздугун коргогон органдар барбы бизде? Же күндүзүн бийлик контролдосо, түнкүсүн кримчөйрө контролдойбу?

Рысбек Арунов.

Тагдырды бузган Казино
Written by adilet, Friday, 3 Jun, 2011 – 9:51 | 2 Comments

Кыргызстанда азыркы убакта көп жаштардын арасында акча сайып, казино, оюн автоматтарына ойногондор  абдан эле көбөйүп бара жатат. Биздин шаарыбыздын көчөлөрүндө оюн автоматтары толуп кеткени жүрөктү оорутат. Байкап көрсөк, мектеп окуучулары ошондой жайдан чыгып жатканын көрөсүң. Аттиң бул жаман көрүнүшкө жаштарыбыз тартылып баратканына баш чайкоодон башка арга жок. Орусиядан, Казакстандан үлгү алып, казинолорду шаарлардын чет жагына жылдырып салсак жыйынтык чыгар бекен?

Бул балеге кабылгандардын көрунүшүн адат эмес олуттуу дарт десек болчудай. Кумарга байланган жаштарды дартынан сууруп чыгыш үчүн жардам болуп айланасындагы туугандар, достор жана күчтүү эрк керек.  Мындай кумар оюндарын баңгизат же алкоголизм менен салыштырсак болот. Анткени акчасын, үйүн, буюмдарын, машинасын уттуруп анан аягында үй – бүлөсүнөн да ажырагандар көбөйгөнү көбөйүп бара жатат. Мындай ооруну айыктырбасак, канча деген адамдардын тагдырлары бузулуп жатат.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 3500 ден ашык оюн автоматтарынын борборлору бар экени аныкталды. Алардын 2500 ге жакыны борборубуз Бишкекте жайгашкан. Казакстанда оюн автоматтарына тыюу салынышы жана Орусияда чектөө киргизилиши Кыргызстанда мындай жайлардын санынын өсүшүнө алып келди. Өтүп кеткен айда Жогорку Кенеште оюн автоматтарына тыюу сала турган мыйзам долбоору иштелип чыгып, бирок бул жылы оюн автоматтарына тыюу салуу мыйзам долбоору токтотулду.

Анткени, бул жылы Кыргыз Республикасынын бюджетинде, оюн автоматтарынан түшкөн салык акчалары каралган жана бул мыйзамдын долбоорун кийинки жылы карашмай болушту. Айтып кетчү нерсе, бул мыйзамдын долбоору өтпөшүнүн артында бир кыйла күчтөр бар. Аталган мыйзам долбоор мектеп окуучулары менен жаштарды кумар оюндарынан четтетүү максатын көздөмөк. Бирок тилеке каршы, салык түшөт деп шылтоо кылышып, адамдардын тагдырына ырайымсыз мамиле жасашып, бул  мыйзамдын долбоорун четке кагышты.

Казинонун тарыхы

«Казино» – деген сөз бул франсуз тилинен которгондо – «кумар үйү» дегенди түшүндүрөт экен. Бул кумар үйүндө ар кандай оюн автоматтары, карта жана сөөкчө ойноло турган стол жана кумар оюнунун ар түрдүүлөрү бар экен. Албетте, мындай кумар үйдүн ичинде жатаканадан баштап, ресторан, диско клубтар, эс алуучу жайлар жана көптөгөн кызыктуу нерселер бар. Эң биринчи кумар үйлөрү Европада пайда болуп (так айтканда Италия, Германия, Францияда), анан кийин дүйнө жүзүнө тараган. Азыр кумар үйлөрү дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө расмий уруксат менен иш алпарышат. Бирок мындай  кумар үйлөрүнө атайын жер бөлүнүп берилип, мыйзам менен гана иштешет. Мисал кылып кетсек: Америка Кошмош Штаттарында атайын жер бөлүнүп берилип, кийин кумар оюндарынын чоң шаарына айланган. Бул баарыбызга белгилүү болгон Лас – Вегас шаары. Көптөгөн кишилер атайын эс алып – ойноп кетейин деп бул шаарга дүйнө жүзүнөн келишет. Кээ бир өлкөлөрдө мындай кумар үйлөрүнө мыйзам түрүндө тыюу салынган. Көбүнчөсү ислам мамлекеттеринде таптакыр эле тыюу салынган.

Өкүнүчтүү окуя

Мен өзүм тааныштарым жөнүндө окуяны айтып берейин. Биздин көп кабаттуу үйдө жашаган Автандил деген байке бар болчу (адамдардын аттары өзгөртүлдү). Жакшынакай үлгүлүү үй – бүлөлөрдүн бири болчу. Жашаган квартирасы, автоунаасы, эки баласы жана татынакай келинчеги бар эле. Күндөрдүн биринде эле Автандил байке көрүнбөй кетти. Көрсө кумарга кирип алгандан кийин убакытты деле билбей калат экен. Атайын кумар оюнуна отургузуш үчүн кумар үйү 2 – 3 жолу болбогон акчаны уткузуп коюшат экен. Анан кумарга кирип алгандан кийин баңгизаттай болуп эле ошого байланып калышат экен. Ошентип, Автандил байке эң биринчи жолу автоунаасын уттуруптур. Бирок ага карабай дагы эле ойной берет. Түнүчүндө чоң – чоң азаматтар келип, эшигин такылдатышып, уйкуну көп эле бузушту. Көрсө Автандил байке күрөөканадан чоң пайыздагы насыяларды ала берчи экен. Ошентип аягында карызга малынып, сот тарабынан үйүнөн да ажырайт. Келинчеги кичинекей балдарын алып, жолдошун оорулуу экенин көрүп, тыштап кетет жана оокаттары өтпөй балдарын туугандарыныкына тыштап, өзү болсо Орусияга жумушка кетет. Автандил байке болсо көчөлөп эми ар кимге кор болуп жүрөт. Мынакей оюн автоматтарынын кесепети, жакшынакай үй – бүлөлүк турмушту бузду. Мындай окуялар Кыргызстан боюнча көп эле болуш керек.

Бажы Биримдигине кирүү – бул саясий чечимби?
Written by adilet, Wednesday, 1 Jun, 2011 – 7:13 | One Comment

Жакынкы убакыттын аралыгында Кыргызстандын келечегине, саясий – экономикалык абалына, жалпы кыргыз коомчулугунун турмушуна таасир этчү чечим кабыл алынат. Бул бажы биримдигине кирүү чечими. Айтып кетсек, бажы биримдигинде Орусия, Казакстан жана Белоруссия деген мамлекеттер иш алпарышат. Албетте, биз коңшулаш өлкөлөр менен жакшы мамиле түзүшүбүз керек. Бирок өз мамлекетибиздин кызыкчылыгын унутпашыбыз керек. Тарых көрсөткөндөй мурун бийликтин так чокусунда отуруп, анан качып кеткен эки президентибиз тең туура эмес чечимдерди кабыл алышканына бүгүн биз күбө болуп жатабыз.

Кыргызстандын бажы биримдигине кирүү сунушу тууралуу бири-бирине кайчы пикирлер учурда коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кызуу талкууларды жаратууда. Бажы биримдигине кирүүгө өлкө даярбы? Республиканын экономикалык өнүгүүсүнө кандай таасир этет? Же элибиз үчүн кезектеги пайдасыз ири долбоорлордун бири бойдон калабы – деген суроолор кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаранды ойго салбай койбойт. Ошондуктан биздин мамлекетибизге маанилүү чечимди баардык тарабынан карап, жети ойлонуп бир кесип анан кабыл алыш керек. Бул биримдикте Кыргыз Республикасынын катышуусунун дурус жана терс жактарын карап көрөлү.

Дурус жактары

Баары бир биздин экономикабыз аталган эки мамлекет менен байланышкан. Бажы биримдиги түзүлгөндөн бери биздин экономикабыз бир кыйла аксай түшкөнү байкалат. Себеби алар бирдиктүү бажы тарифин койгондуктан, ал жакка өндүргөн продукциябызды киреше бере турган баада алып барып сатуу кыйын болуп калды. Андан тышкары текшерүүлөр күчөдү. Ушундай абалда жүрө бере турган болсок биздин экономика мындан да жаман абалга түшүп кетет. Анткени биз товарларыбызды Кытайга же Дүйнөлүк соода уюмунун башка мүчөлөрү болгон мамлекеттерге алып барып сата албайбыз. Анткени, биздин товарларыбыз атаандаштыкка туруштук бере алышпайт. Ошондуктан бирден – бир жалгыз жол – аталган биримдике киришибиз зарыл.

  • Биримдикке кирүүнүн оң жактары катары Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын коңшулаш өлкөлөргө эч кандай эле тоскоолу жок алып чыгып, биздин айыл чарба өндүрүүчүлөргө жогорку баада сатууга жол ачылат.
  • Жеңил өнөр жайынын продукцияларын, так айтканда тигүү ишканаларынын товарларын экспорттоого кеңири жол ачылышы аталууда. Анын үстүнө Кыргызстан соодасынын 45 пайызын Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен жүргүзөт.
  • Мигранттар үчүн да жакшы шарт пайда болот. Айтып кетсек Орусияда биздин 500 миңден 1 миллионго чейин жарандарыбыз иштешет жана алар үчүн бир топ жеңилдиктер пайда болот. Казакстанда да биздин жарандарыбыз иштешет. Эске салып кетсек былтыркы апрель окуясынан кийин Казакстандын көп шаарларында кыргыз мигрантарын депортация кылышкан.
  • Бажы биримдигине кирген мамлекеттерден келген импорттун баасы төмөндөйт. Мисалы; бензин, курулуш материалар ж.б.

Терс жактары

  • Бажы биримдигинин тарифтери бааларды асманга чыгарат.
    Анткени өлкөнүн өндүрүшү калктын ички керектөөлөрүн канааттандыра албагандыктан товарлардын алтымыш пайыздан ашууну сырттан ташылат. Бажы биримдигине кирген учурда башка үчүнчү бир мамлекеттерден келүүчү импорттун көлөмү болжол менен элүү пайызга кыскарат. Муну менен байланышкан жыйынтык эл керектөөчү товарларга болгон баа кескин кымбаттайт. Бирдиктүү бажы тарифинин негизинде товарлар он пайыздан жүз пайызга чейин жогорулашы күтүлөт. Дары-дармектер жана тамак аш он пайызга, кийим-кече, бут кийим болсо жыйырма пайызга, электроника отуз пайызга кымбаттайт. Баанын эң эле көп жогорулашы унааларга тиет. Анткени анын бажы төлөмү өзүнүн сырттан сатып келген баасына барабар болуп калат экен.
  • Бажы биримдигинин шарттары боюнча ага кирген өлкөлөрдүн мейкиндигинде бирдиктүү бажы төлөмдөрү бекитилет. Бажы төлөмдөрүнүн токсон пайызы Орусиянын жогорку өлчөмдөгү бажы тарифинин негизинде алынган. Аталган бирдиктүү бажы кодексин иликтөөдө андагы шарттарга Кыргызстан сыяктуу экономикасы алсыз өлкөлөрдүн туруштук бериши оңой эмес экендиги байкалган.
  • Бажы биримдигинин алкагында чечимдерди кабыл алууда Кыргызстан тышкы соода саясатындагы өз алдынчалыгын жоготушу мүмкүн: Бажы биримдигинин комиссиясы түзүлгөн. Ал жерде добуштар бөлүштүрүлгөн. Ар кайсы чечимдерди кабыл алууда эң эле көп добуш 57 пайыз менен Орусияга туура келет. Анан 21 пайыздан добушка Казакстан менен Белорус ээ болгон. Биз кире турган болсок биздин экономиканын деңгээлине жараша мындан да төмөн добуш алуу укугу ыйгарылат. Бул деген Бажы биримдигине киргенде Кыргызстан өзүнүн тышкы соода саясатындагы өз алдынчалыгын толук жоготот дегендикке барабар. Биз Бажы биримдигинин талаптарын аткарабыз. Бирок анын чечимдерине эч кандай таасир эте албай калабыз.
  • Тигүү ишканалары жоголуп кетиши мүмкүн. Анткени, азыр сырьену Кытайдан алып келип жатышат. Бажы биримдигине кирсек сырьену каяктан алабыз?

Буга чейин Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон. Ага дүйнөнүн 160тан ашуун мамлекети кирип, тышкы товар жүгүртүүнүн көлөмү токсон эки пайызды түзөт. Андыктан аймактык бажы биримдигине кириш үчүн Кыргызстан өзүнүн ДСУнун алдында алган милдеттемелерин кайрадан карап чыгууга же болбосо бул уюмдан чыгып кетүүгө да аргасыз болот. Башка мамлекеттер бул уюмга кире албай жатса (Орусия дагы, Казакстан дагы) биз бул уюмдан чыгууга аргасыз болобузбу?

Мына азыр Казакстанда да, Белоруста да ишкер коомчулуктун байкоосуна караганда Бажы биримдиги өзүнүн терс жактары менен гана эсте калууда. Бул жерде бир гана Орусияга утуш болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай союздун келечеги күмөндүү. Негизи эле бул Бажы биримдиги экономикалык ыңгайга эмес, саясий максатта түзүлгөн. Себеби Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна кире албай койгондон кийин ал аталган бажы биримдигин түзүү аркылуу жамааттык негизде уюмга кирүүнү максат кылып жатат. Ошондуктан биз Бажы биримдигине кирүүгө шашпай, алардын өздөрүнүн ДСУга киришин күтүшүбүз керек. Азыр бизге ал биримдике кириштин пайдасынан зыяны көп.

Градустар. Мугалимдерби же Мэриябы?
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 31 May, 2011 – 13:20 | One Comment

Менин кесиптешим Асель Шабданованын Градусы группасынын тегерегинде болгон чатак боюнча жазган макаласын окуп чыгып, төмөнкү пикирлер жаралды.

Мына окуучулардын көптөн бери күткөн акыркы коңгуроосу да болуп өттү. Көптөгөн мектептерде акыркы коңуроо  кечелери өтүп, ар кандай концерттер менен коштолду. Түштөн кийин шаарга чыксаң, ар кандай акыркы маркадагы машиналарды прокатка алышып, терезеден баштарын чыгарып алып, кыйкырып-өкүрүп жүргөндөрүн көрөсүң.Жол эрежелерин бузушуп, эч кимди да көзгө илишпейт. Эмне үчүн МАИ кызматкерлери буларды карашпайт, эч түшүнүксүз.

Ал эми орустардын эстрадалык тобу “Градусы” жөнүндө айта турган болсом, булардын көп ырларынын эч мааниси жок, ар бир төртүнчү сөзү уят. Топтун Бишкекке келээри 25 майга чейин эле белгилүү болгон. Ал эми 26 майда Бишкек шаарынын башчысы И.Өмүркуловдун Парламентте депутаттардын берген суроолоруна жооп берип жатып, бул топ жөнүндө мен билбейм. Буларды уюштуруу тобу чакырышса керек, деп айтты. Уюштуруу тобу мэрияга баш ийет, анан кантип шаар башчысы билбейт,көбүнө таң калыштуу!

Мындан да эң кызыктуусу ошол уюштуруу тобубу же башка жетекчисиби, шаардагы мектеп директорлорун мажбурлап билеттерди бүтүрүүчүлөргө сатып бересиңер деген буйрук болгон. Директорлор болсо ар бир класстын класс жетекчисине тапшырма берип, ал эми мугалимдер ар бүтүрүүчүнү аласыңар деп кокологон. Билеттин баасы 200 сом болгон. Бул тууралуу Diesel Forum сайтына чыккан. Бул чуулгандуу иш жөнүндө өкмөт, парламент билип калып, бир дүң боло түшүштү.Андан көп өтпөй мэрия актана баштады.Мындай буйрук болгон эмес, ким кааласа өзү чечет бараар барбасып, деп жарыя салышты. Кыргызда макал бар “Шамал болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдайт” деген.

Бизде ар бир өкмөттүк уюмдарда коррупциялык схемалар бар экенин балдар бакчасындагы балдардан өйдө билишет. Бул схемалар жөнүндө Ар-Намыс партиясынын лидери Ф.Кулов да айтып чыккан.Биздин кээ бир жетекчилер кылган ишине шараша ар кандай уюмдардан “шапка” же “откат” сурашат. Ал кылынган жумуштун жалпы суммасынын 10%ын түзөт.

Ошол концерттин билеттерин мажбурлап сатуу коррупциялык схемалардын бир түрү деп эсептөөгө болот. 26 майда чыккан Akipress агентствосунун маалыматына ылайык, 25 майда Спартак стадионунда өткөн концертке 17 миңдей окуучу келген. Болжол менен алганда алардын 10 миңдейи бүрүрүүчүлөр болуп саналат. Ошолор алаган билеттердин суммасы 2млн.сомду түзөт экен. Ал эми анын 10% 200миң сом болт экен.Ошол акчалар кимдин чөнтөгүнө кетти болду экен? “Градусы” келиши ким үчүн пайдалуу болду, мэрия үчүнбү же бүтүрүүчүлөр үчүнбү!?

Макаламды аяктап жатып, бир фактты кошумчалап кетким келди. Бул маалымат жеке өздүк булактардан алынды. Шаардын А.Осмонов атындагы №68 мектебинин директору Diesel Forum чыккан маалыматты билгенден кийин, 11А классынын жетекчисин чакыртат. Мугалимди катуу кысымга алып, сенин классын ушундай маалыматтарды таратты. Бил ким экенин жейт. Класс жетекчиси класста башкалардан айырмаланып, эң активдүү, жакшы окуган кызды күнөөлөп чыгат. Ал кезде ал окуучу үйүндө ооруп жаткан болот. Мугалим телефон чалып, кызга айтат мунун баарына сен күнөөлүсүн, керек болсо экзасендеринди тапшыра албай каласын деп коркутат. Муну уккан кыз катуукайгырып, өтүнөн приступ болуп, ооруканага жатып калат. Бир нече күн өткөндөн кийин мугалим ал кыз күнөөлү эмес экенин билип, азыркы күнгө чейин кыздын ата-энесинен качып жүрөт дейт.

Ушундай бир билеттин айынан кокус адам өлүп калса ким жооп берет? Мугалимби, директорбу, уюштуруу комитетиби же “Градусы” тобубу?

Бишкекке жаңы биолаборатория керекпи?
Written by adilet, Saturday, 21 May, 2011 – 13:35 | No Comment

Көптөн бери эле Бишкекте үчүнчү деңгээлдеги коопсуздугу бар биолабораторияны куруу жөнүндө көптөгөн макул – каршы деген талкуулар жүрүп жатат. Бүгүн 19-май күнү Жогорку Кенештин профилдүү  комитети азыркы заманга жооп берген биолабораторияны курууга өтө зарылдуу экенин айтышты жана алардын айтымында биолабораториянын биздин өлкөгө көп маанилүү дурус жактары бар. Мисалы, молекулярдуу биологиялык диагностика кылуу үчүн жаны жабдуулар менен камсыздандырылат жана айлана чөйрөгө эч кандай зыян алып келбейт.

Ошону менен бирге өлкөдө бул  биолаборатория жөнүндө көптөгөн терс, жаман ушактар айтылып, элге туура  эмес маалымат жеткирилгендик үчүн коомдо ар кандай нааразычылыктар пайда болгон дешти. Бирок, биолабораторияны Ботаникалык бактын аймагында жайгаштырууга мүмкүн эмес, анткени бул «өзгөчө жаратылыш аймактарын коргоо» мыйзамына каршы келет жана башка орун берилсин деген сунушун айтышты. Биолабораториянын кандай жакшы жана жаман жактары бар экенин карап көрөлү.

Биолаборатория кантип пайда болгон

2008 – жылы биздин мамлекеттин өкмөтү менен Канада мамлекетинин өкмөтү тарабынан үчүнчү деңгээлдеги коопсуздугу бар биолабораторияны куруу жөнүндө келишимге кол коюшкан жана бул келишимди ошондогу  Жогорку Кенеш колдоп, биолабораторияны Ботаникалык бактын аймагында 4 гектар жер бөлүнүп берилген. Аянты 7000 кв метр болгон биолабораторияны 2011 – жылы баштап, 2013 – жылы бүтүшү күтүлмөк. Канада мамлекети тарабынан бул курулушка грант катары 60 млн. америкалык доллар бөлүп беришкен. 4 млн. долларды алдын – ала изилдөө деп «Экосервис» компаниясы тарабынан сарпталган.

Биолабораториянын дурус жактары

  • Мындай жогорку технологиялык, эл аралык стандарт боюнча курулган, айлана чөйрөгө эч кандай зыян алып келбеген жаны биолаборатория Кыргызстан боюнча эскирип, чирип бүтүп калган лабораториялардын баардыгын алмаштырат. Эски лабораторияларда коркунучтуу инфекцияланган оорулардын вирустары  сакталат жана мындай инфекциялардын тышка чыгуу коопсуздугу бар. Ошондуктан жаны жогорку технологиялык лаборатория курулушу зарыл.
  • Бул адистештирилген лабораториялардын комплекси жана баардык коопсуздука жооп бере турган, жогорку технологиялык кабинеттерде жумуш алып барылат.
  • Өзүбүздүн адистерибиз ар кандай вирустардан вакциналарды жасоого мүмкүчүлүк алышат жана ар кандай эпидемияларга каршы тез убакыттын ичинде туруштук бере алышат. Мисал кылып кетсем, азыр Кыргызстанда адамдардын ДНКсын билүү үчүн атайын лабораториябыз жок. 2010 – жылдын июнь окуясында каза болуп калгандардын аты жөнүн билиш үчүн ДНКларын Москвага жөнөтүшүп, эки – үч жума убакыт күтүшкөн. Эгерде бизде  биолаборатория курулса мындай иштерди бат эле жазап коюга мүмкүнчүлүк алабыз.
  • Мамлекетибизде жумушсуздук маселеси абдан курч болуп бара жатат жана мындай биолабораториянын курулушу жаны жумуш орундары менен биздин жараандарды камсыздандырат. Биздин өлкөнүн жаны жогорку биотехнологиялык тармагын өнүгүүгө алып келет.

Биолабораториянын терс жактары

  • Күтүлбөгөн жаратылыш кырсыктары алып келген техногендик катастрофа. Айтып кетсек, биолаборатория курула турган Ботаникалык бак бул Ысык – Ата жаруусунда жатат. Эгерде катуу жер титирөөлөр болсо, уулу заттардын агып чыгуусуна алып келиши мүмкүн. Кыргызстан өзү сейсмикалык активдүү аймактардын арасына кирет. Мисал катары, Жапониядагы акыркы жер титирөөлөрдүн кесепетинен цунами болуп, Фукусима – 1 Атомдук Электростанцияда авария болуп, радиациянын тышка чыгуусуна алып келген. Мындай авариянын кесепетинен бул Жапониянын аймагынан 400 миңге жакын адамдар өз үйлөрүнөн көчүрүлгөн. Абдан жогорку деңгээлде  өнүккөн жапондуктар мындай күтүлбөгөн жаратылыш кырсыктарына туруштук бере алышкан жок. Эгерде, кудай сактасын бирок, бизде мындай катастрофа болсочу эмне кылабыз?
  • Террористик кол салуулар коркунучу биздин өлкөдө жогорку деңгээлде турат. Анткени, жаныбызда Афганистан деген мамлекет бар. Бул биолабораториянын коопсуздугун ким камсыздайт, биздин аскерлерби же Канаданын аскерлериби? Эгерде Канаданын аскерлери болсо анда бул кайра эле эл аралык аскердик базага айланат. Мындай учурда ичине эч кимди киргизбейт да өздөрү каалаган бактериологиялык вирустар менен эксперимент жүргүзүшөт жана жүргүзбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Биздин аскерлер кайтарышса башаламан болбойт деп да  эч ким кепилдик бере албайт.
  • Финансы жагынан. Биолабораторияны куруп бүткөндөн  кийин тейлөө үчүн көптөгөн акча сарпталынат. Биздин мамлекеттик бюджетибиз дефицит болуп жатса, мындай кымбат тейлөөгө акчабыз жетет бекен?
  • Даарыгерлерибиздин квалификациясы жетишет бекен. Анткени, бул жогорку технологиялык биолабораторияда өтө жогорку билими бар адистер иштешет, биздин өлкөдө мындай адистер барбы?

Мен мындай биолабораториянын курулушуна каршы эмесмин бирок, эл жашаган жерден бир топ кыйла алыс жайгарылса жана коопсуздук маселесине абдан чоң көңүл бурушса жакшы болот.

Бишкегим, Бишкегим борборум сен…
Written by Нурила Батыралиева, Thursday, 10 Mar, 2011 – 12:59 | No Comment

Азыркы борбор шаарыбыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл депутаттары 1991-жылы 5-февралдагы чечими менен эгемендүү Кыргыз Республикасынын борбору жаңыча “Бишкек” деп аталган. Ага чейин Фрунзе шаары эле. Бишкек деген сѳзбү же адамдын ысымыбы? Бул сөздүн түпкү маанисин эмдигиче илимпоздор тарабынан толук ачыла элек бойдон кала берүүдө.
Read the full story »

Консуматоршанын жашоосу
Written by Асель Шабданова, Wednesday, 23 Feb, 2011 – 15:17 | 13 Comments


“Клиент барда бир түндө 900 сомдон табабыз, эч кандай интим жок”, – деп мага консуматоршалар  жумушка алардын астында айтып кетишти. Өзү консумация (лат. consumo, «колдоном») бул кыздардын жардамы менен клиенттерден көбүраак акча табып алуу дегенди билдирет. Мааниси жөнөкөй компания түзүүдөн баштап, интим тейлөөгө чейин түшүнүктү камтыйт.

Акыркы күндөрдө шаардагы элиталык эс алуучу жерлерде кеңири тараган кесип менен  таанышайын деген ой менен, шаардын борборундагы караоке клубуна жумушка кире турган адам болуп бардым. Биринчиден айтып кетсем, ал жерде жөнөкөй эле арабыздагы 18-20 жаштагы кыздар иштейт экен. Жумуштун негизги шарттарын айтып кетсем (белгилеп кетчү нерсе, ар кандай эс алуучу жерлерде ар кандай) эркектер келгенде эс алууга шерик болуу үчүн кыздарды администратор сунуштайт (бир кыздын баасы 1300 сом, анын 400 сому клубда калат), клиенттер тандашат, андан соң кыздар аларга жагыш үчүн бүт каалоолорун аткарышат: бийле десе бийлешет, караокеде ырларды ырдашат, кармашса катуу сүйлөшпөйт. Клиенттерге кыз жакпай калса башкага алмаштырып алышат, мындай учурда консуматоршалар эч нерсе табышпайт, ошондуктан ар бири менен тил табышуу- бул алгачкы милдети. Кыздардын айтымы боюнча, клиенттердин көбүнчөсу жапон,  кытай же корей улутунан болушат (алар отурганда акчага берешен отурушат), кыргыздар болсо сейрек кездешет жана чет өлкөлүктөргө караганда, тырышыраак болушат.

“Албетте, арасында ар кандай адамдар болот, кээ бирлери жаман сүйлөшөт, ал эми кээ бирлери тартиптүү болушат, бирок баардыгына чыдаш керек”,- деди ал жерде бир жылдан бери иштеген Сюзанна (атын жашыруун калтырамын деп убада бергем) . Бирок кыздар көбүнчө убакта көпкө чейин ал жерде иштешпейт экен, көбүнчөсү акча керек учурда гана келишет.

Заңгыраган клубдун ичинде кыздар үчүн муздак жада калса отурганга эмереги жок бөлмө бөлүнүптүр. Баардыгы бул жумушта иштегенден бери сөгүнүп, тамеки тартып жана эң коркунучтуусу алкоголдук ичимдиктерге көнүп калышыптыр.  Кээ бир ичимдиктерди кыздар алышса анын баасынын бир бөлүгү аларга жумуш акысына кошулат, демек канча көп ичишсеошончо көп табышат. Бирок, бул дагы эң зыяндуусу эмес: мындай жумушта иштеген кыздарга ойнош болууга сунуштар, проституткага айланышына же интернет боюнча камера менен чет өлкөлүк клиенттер менен чечинип “сүйлөшүүлөр” боюнча сунуштар түшөт. Кыздардын көбүнчөсү бир жолу ушул жолго түшүп алгандан кийин, эси-дарты менен бузулуп кетишет. Сюзанна экөөбүз  жалгыз калганда мен ага материал топтоп жатканымды айтып,  аны менен ачык сүйлөштүм.

-“Мен бул жерде чынымды айтсам, абдан өзгөрүп кеттим. Мен эми үйүмө кайта албайм. Апам мүнөзүң абдан өзгөрүп кетиптир деди. Чындап эле дүйнөгө көз карашым абдан начарлады, дегеле эркектерден көңүлүм калды. Ден-соолугум да абдан бузулду”,-деди ал.

- “Араңарда окуусун таштагандар, жакын адамдарын алдагандар барбы”,- десем,

-“Ооба, окусун таштагандар бар. Мен жигитиме ким болуп иштегенимди айтпайм, эмне деп ойлойт эле. Ойлоп көрсөң, саат кечки 8ден түңкү 3кө же таңкы маалга иштегенден кийин күндүзү  уктайбыз да,башка эч нерсеге күчүбүз жок . Жашообуздун баарын эле ушул жумуш ээлейт, келечекте эмне болот, билбейм”.

Башында оңой акчасы менен кызыктырган жумуш, акыры абдан чоң көйгөйлөргө алып келет. Бул ачык проституция болбосо дагы, өзүн сатууга кирип кетет го. “Сурам сунушту пайда кылат” деген экономиканын алтын эрежеси боюнча, эркектерге керек болгондуктан  консуматоршалар да бар  же бул көрүнүш коомдогу бөлөк адамдардын жалгыздыгынын белгисиби?

Жаш кыздарды мындай жолго алып келген кандай себептер бар? Же ар убакта эле бар болуп, мен эле эми жолугушуп жатамбы? Деги, бул кыргыз секс кызматы качан токтолот?

Мамлекеттик кызматкерлер бизнесте!
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 25 Jan, 2011 – 5:00 | One Comment

Мындан туура 5 жыл мурун бир кызыктуу үй-бүлө менен таанышып калдым. Алардын чыныгы атын атабай эле коеюн, күйөөсү да, аялы да мамлекеттик кызматта иштешет. Үйүнө конокко барсам, үйү аябай кооз, чон салыныптыр. Жашы 50 дөн ашкан өзбек улутундагы киши тосуп чыкты. Мен аны үй-кызматкер деп ойлогом, бирок ал киши бул үй-бүлөнүн жеке ашпозчусу экенин кийин билдим. Тамакты түрлөп укмуш сонун жасайт экен. Булар аялы күйөөсү экөө тең мамлекеттик кызматта иштешсе, кантип тың жашоого жетишкен деген ой кеткендир сиздерде.

Алия эженин айтымында, ошол кезде, анын айлыгы 1300 (бир миң үч жүз) сомду түзүп, эч нерсеге жетпейт, күйөөсүнүкү бул суммадан бир аз эле айрымаланат. Алия эже маданият тармагында иштегендиктен, борбордо өтө турган концерттерге уруксат алуу алардын бөлүмү аркылуу өткөндүктөн, оюна бир бизнести баштоо келет. Алгач ал полиграфиялык центр ачууну чечет. Полиграфиялык борбордун жабдууларын кредит алып, ишкананы ачат. Ошол кезде, бул тармак эми эми өнүгө баштаган кези эле. Жумушуна байланыштуу бүт ырчы-чорчулар менен жакшы таанышта болгондуктан, аларга жаңы ишканасынын кызматын сунуштоо кыйынчылыкка турган жок. Ошентип бат эле полиграфиялык борбору жакшы киреше таба баштайт. Бизнеске кызыгып кеткен Алия эже, экинчи бизнес долбоорун ишке ашырат. Ал айылда жумушсуз жүргөн 15 ке жакын жаштарды борборго алып келип, алардын жашай турган жайын, тамак ашын, кийим кечесинен бери даярдап берет. Ал эми ал жаштар болсо, ырчылардын жарнактарын, башка компаниялардын жарнактарын көчөлөргө илип, убактысы бүткөн соң кайра тазалап чыгышат. Бул кызмат үчүн жакшы киреше түшөт. Азыркы убакта, Алия эже мамлекеттик кызматтан кетпей эле, бизнесин чогуу алып кетээрин айтты.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 17 миң, 829 адамды түзөөрү белгилүү, жогоруда мен айткан үй-бүлө бир эле мисал. Мындай мисалдар толтура. Кыргызстанда мамлекет тарабынан жеке ишкерлик кылууга жеңилдиктерге караганда тоскоолдуктар көп экени белгилүү. Бир эле мисал, мурун жеке ишкерлердин жумушун бир эле Финансылык полиция кызматы гана текшергенге укуктуу болсо, азыр жаңы өкмөттүн келээри менен мындай укук ИИМге, Улуттукк коопсуздук кызматына, Башкы прокуратурага да берилди. Бул деген, менимче корррупцияга чоң жол ачкандык. Эгерде бизнеске толук эркиндик берилгенде Алия эжге окшогондор баш оту менен бизнеске киришип, мамлекетибизге чоң пайда алып келмек. Сиздер кандай ойлойсуздар?

ИСЛАМ ЭКСТРЕМИЗМИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БАШКА ЖОЛДОРУ
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 22 Jan, 2011 – 6:19 | No Comment

Бүгүнкү күндө ислам диний экстремизми Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн эң олуттуу коркунуч болуп саналат. 90-жылдардан баштап ар кандай исламдык кыймылдар жана уюмдар республиканын ичинде активдүү аракет жүргүзүүдө. Натыйжада алардын ишмердүүлүгүно кошулган адамдардын саны көбөйүүдө. Андан сырткары бул кыймылдарга жана уюмдарга каршы республиканын күч структурасынын адаттагыдай кысым көрсөтүү ыкмасынын колдонулушу алардын кыймылы андан да күчтүү экстремисттик мүнөз алды.

Ушуга байланыштуу ислам диний экстремизми менен күрөшүүдө салттуу эмес башка ыкмаларды колдонуу зарыл. Бул макалада исламдык диний экстремизми деп ислам уюмдарынын жана кыймылдарынын мүчөлөрүнүн өз иштеринде чектен чыккан көз караштары жана иш аракеттерине берилгендигин түшүнөлү. Ушул теманы кеңири талкууга алып чыгуу үчүн, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөнкү сунуштарды даярдап чыкты.

КӨЙГӨЙ:

Кыргызстандын өкмөтү ушуга чейин ислам кыймылдары жана уюмдары менен күч ыкмаларды колдонуп күрөшүп келүүдө. Бийлик аларга мамлекеттин коомдук жашоосуна эркин катышууга мүмкүнчүлүк бербөөдө. Акыркы он беш жылдын ичинде күч структурасынын негизги иши бул кыймылдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алууга багытталган. КР ИИМдин басма сөз кызматынын айтышынча, 1999-2003- жылдар аралыгында күч түзүмдөрү ислам кыймылдары менен уюмдарынын 358 өкүлүн камакка алган. Күч структуралары ушул багыттагы ишин кийинки жылдары да уланткан. Мисалы, жогоруда алынган 4 жылдын ичиндеги кармалгандардын санына салыштырсак, 2009-ж. 9 айында эле 100дөн ашуун өкүлү кармалган.

Бирок бул кыймылдар менен уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алуу республикадагы экстремизм менен күрөшүүдө натыйжасыз чечим болду. Аларды камака алуу менен өкмөт башка бир көйгөйгө кабылды. Камалгандар абакта отургандар менен активдүү иштеп башташты, анткени абактагылар эркин жүргөн адамдарга караганда күч колдонуу ыкмасына жакын келишет.

Күч структураларынын бул кыймылдар менен уюмдарга каршы күчөтүлгөн программасына карабай, аларды колдогондордун саны өсүп баштаганын белгилөө керек. Мамлекеттик телеканалдардын бирине берген интервьюсунда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку директору Каныбек Осмоналиев мындай диний кыймылдарды жактоочулардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын айткан. Акыркы 5 жыл ичинде күч структураларынын кысымына кабылган ислам кыймылдары менен уюмдарынын өкүлдөрүнө жан тартып, боор ооругандардын саны көбөйгөн.

Read the full story »

Сен бай болосуң!
Written by Нурила Батыралиева, Friday, 21 Jan, 2011 – 8:06 | 4 Comments


Акыркы кездерде Бишкекте ийгиликке жетип, келечекте «Forbеs» журналына чыга турган жаштардын саны өсүүдө. Ооба, мамлекетибизде стабилдүүлүк орной албай жатат, толтура проблемалар бар. Бирок, «бирөө караңгыда кетип жатып, көлчүктөгү айды көрөт, а бирөө, ошол көлчүктөгү ылайды көрөт», дегендей, мен да позитивдүү нерселерди жазгым келди. Келечектеги миллионерлердин ар бири менен СЕНИ сөзсүз тааныштырам, деп убада берем окурманым!

Сен кедей менен бай адамдын ортосундагы айрымачылык эмнеде экенин билесинби?

Кошелектогу акчасынын көптүгүндөбү? Жок, достор, кеп акчада эмес, алардын башында, аң сезиминде. Бай адамдар өздөрүн кандай алып жүрүшөт? Эмне жөнүндө сүйлөшөт? Эмнеге умтулушат? Кандай кийинишет? Баскан турганы кандай?

Менин жазып жаткандарым, балким сиз үчүн аябай эле жөнөкөй катардагы эле пикир көрүнөөр, бирок бул «жөпжөнөкөй» нерсе, аябай маанилүү. Эмнеге? Өзүнүздөр ойлоп көрүнүздөрчү, өзү жүдөгөн, эки сөздүн башын кошо албаган адам менен кайра көрмөк турсун, сүйлөшкүң да келбейт, туурабы?

Бай, перспективдүү адамдын образын түзүп көрөлүчү:

  1. Бешенеси ачык адам.
  2. Өзүн тыкан алып жүргөн.
  3. Сүйлөгөн сөзү ишенимдүү.
  4. Кадамы чечкиндүү
  5. Өзүнүн оюн айткандан эч качан тартынбайт
  6. Лидер
  7. Дайыма ар кандай идеялары бар
  8. Байлыкты акча менен ченебейт
  9. Акча каражатынын эсеп-кысабын жакшы билет, жана башкарат.
  10. Убактысын тура бөлүштүрүп, баардык нерсеге жетишет
  11. Өзүнүн жашоосу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат.

Бул тизмени 50 гө, керек болсо 100 гө жеткирсе болот. Эгерде сен бай жана ийгиликтүү адам болууну кааласаныз, анда ушул тизмеден баштасаныз болот. Жашооңду өзгөрткүн келбесе, азыркы ахыбалына курсант болсоң, анда өзүү бил, демекчимин.

Ар бирибиз, тээ аң сезимибиздин тереңинде кандай адам экенибизди эң сонун билебиз. Ошол аң сезимибизде өзүбүздү ийгиликтүү адам деп эсептесек, анда айланадагылар да ошондой ойдо болот. Айланабыздагы бизге берилген баа, болгону өз башыбыздагы маалыматтын чагылдырылган элеси.

Кедей адам менен бай адамдын ортосундагы 10 айрымачылыкты карап көрөлүчү. Бай болуш үчүн, КЕДЕЙ АДАМ ЖАСАГАНДЫ ЖАСАБАШ КЕРЕК!

1. Өзүн өзү айо сезими.

Кедейчилике сапар тарткан адам, өзүн өзү укмуш аяп, тагдыры тайкы экенине аябай ишенет. Өзүн өзү айо- бул аябай сонун оор якорь сыяктуу, алдыга жылууга жол бербейт.

2. Сараңдык.

Дүкөн, базарларда «Арзандатуулар» (Скидки, распродажа) деген нерселерди издөө. Дайыма үнөмдөөгө аракет жасоо, булл деген киреше чыгашаны тура эмес жол менен башкарууга алып келет. Арзандын наны татыбайт.

3. Сүйбөгөн жумушту жасоо

Read the full story »