Articles tagged with: Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту
Жайкы сезон башталаары менен өөрчүгөн өлкөлөргө чек араны ачуу жөнүндө талкуулар башталды. Бирөөлөр визаны жоюу үчүн болушса, мамлекеттик кызматкерлер жана кай бир адамдар виза керек деп чыгышууда. Бир жагынан, экономикалык жактан өөрчүгөн мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга визасыз киргени :
- туризм сферасында кирешени көбөйтмөк
- чет өлкөлү инвестициялардын агымын чоңойтмок
Экономикалык жөнгө салуунун экс-министри, Kyrgyz Concept’тин ээси Эмиль Уметалиев туризм сферасында көп жылдан бери эмгектенип келет. Анын айтымында туристтерди Кыргызстанга келип эс алуу үчүн көп нерселер тоскоолдук кылат, анын арасында бюрократиялык процесстер:
“Грузия, Турциядан үлгү алып, биз дагы эшиктерибизди конокторго кенен ачып коюшубуз керек. Бир четинен биз туристтерди чакырып, экинчи четинен колдорун кагаздар менен бууп койгонубуз туура эмес. Визаны ачуу убакытты да, бир топ чыгымдарды да талап кылат. Визалык режимден биз гана утулабыз, АКШ, Европа мамлекеттерине жол ачуу биз үчүн кошумча кирешелерди алып келип, мамлекеттин имиджин көтөрөт.”
Ал эми Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүн токтотуп жаткан бир нече көйгөйлөр бар. Негизгичи виза маселеси. Алардын арасында инфраструктуранын начар абалы, тейлөөнүн төмөн деңгээли. Туристтердин 11.5% бажы иштерин көйгөйлүү деп белгилеп кетишти. Ошондуктан, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Организациясына кирген 34 мамлекетке жана ИДПнын бир адамга түшкөнү кыргызстандыкынан үч эсе көп болгон мамлекеттерге визасыз 90 күнгө жүргөнгө мүмкүнчүлүк киргизүүнү сунушташат. Белгилеп кетсем, ЭКӨО (ОЭСР) ге туристтер саны көп болгон Европа мамлектеттеринин көбү, АКШ ж.б. мамлекеттер кирет. Ал эми чет өлкөлүк бизнесмендерге бир жылдык көп жолу колдонулуучу визанын ордуна беш жылга чейин иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү керек.
Мындай экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин жараандарына Кыргызстанга келип тоскоолдуксуз бизнес ачуу, же эс алууну камсыз кылуу бизге эле пайда.
Башка мамлекеттердин мисалын карап көрсөк. Украина Еврособз мамлекеттерине визасыз режим кылгандан бери туристтерди келиши бир нече жолу жогорулады, ал эми Малайзияда 80 өнүккөн мамлекеттер менен визасыз режим колдонулат. Жыйынтыгында туристтердин саны үч эсе жогорулап, туризм секторунун кирешеси да үч эсе көбөйдү.
Мамлекет үчүн жалаң утуулар болсо эмне үчүн визаны жоюу процесси ишке ашпай жатат?
Май айында Өмүрбек Бабанов Тышкы Иштер Министрлигине визасыз режимди киргизүү жөнүндө сөз баштаган. Бирок, бир ай өтүп эле туристтик агенттиктер ТИМнин бул багыттагы кыймылдарына нааразы болуп чыгышты. 2012-жылдын 1-майынан 1-сентябрга чейинки убакытта Андорра, Ватикан, Сан-Марино, Мальта, Монако, Греция, Ирландия, Дания, Исландия, Швеция, Норвегия, Португалия, Болгария, Хорватия, Словения, Черногория, Македония, Босния и Герцеговина мамлекеттеринин атуулдары чек араны визасыз эле өтүшсө болот. Албетте, турагенттиктер биринчи премьер-министрдин сөзүнөң башка нерсе чыгат деп күтүшкөн.
Бул жерде баягы эле мыйзамчылар жана аткаруучулар ортосундагы түшүнбөстүк. Тышкы иштер министрлиги атайылап, Кыргызстанга келбеген өлкөлөргө визаны жоюп, калгандардан дале болсо акча өндүрүүнү самап жатса керек…
Акыркы маалда жеке менчикти сактоо, улутташтыруу жана рейддик операциялар сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр биринен бири ашып, өлкөбүздү каптай баштады. Андыктан, бул макалада Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту кантип жеке менчикти сактоо керек экендиги тууралуу өз пикирин билдирет.
Жеке менчикке ээ болуу, колдонуу жана аны күндөн күнгө арттыруу базар экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат, себеби азыркы жашоодо инновациялар жана инвестициялар жеке менчиксиз мүмкүн болмок эмес. Жеке менчик анын ээсинин тегерегинде өзгөчө эркиндик мейкиндигин жаратат. Ал мамлекет кийлигишпөөдөн пайда болгон эркиндик. Андан тышкары бир жеке менчикке ээ болгон киши менен экинчисинин ортосундагы мамилелердин чектерин аныктап турат. Ошентип жеке менчик адамдын коомдук активдүүлүгүнүн бардык түрүнүн шарты болуп калат. Менчик системасында мыйзамдын өкүмдүгү да чоң ролду ойнойт. Мыйзам менчикке болгон укуктардын коопсуздугун камсыз кылат, коммерциялык чечимдерди кабыл алууда жеке жана юридикалык тараптарда ишенимди жаратат жана узак мөөнөттүү пландаштырууга жана кирешелердин коопсуздугуна кепилдик түзөт.
Көйгөйлөр
Азыркы учурда жеке менчикке болгон укук Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын укуктук колдоосуна ээ болгон. Бирок ошол эле убакта жеке менчик институту ушул күндөргө чейин көпчүлүктүн урматына жана колдоосуна ээ боло албагандыгы үчүн өнүкпөй келет. Буга көптөгөн эл аралык иликтөөлөр күбө болуп келет. Мисалы Кыргызстан IPRIдын көрсөткүчү боюнча 125 орундан 97-орунда турат. Heritage Foundation аттуу уюмдун тыянагы боюнча жеке менчикке болгон укукту коргоодо Кыргызстан 100 упайдан 25 гана упай алган. Азыркы учурда Кыргызстанда жеке менчик жааты эбегейсиз кыйынчылыктарга дуушар болуп турган кези. Биздин оюбузча жеке менчик институнун өнүгүүсүнө тоскол болуп жаткан негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр:
- Жеке менчиктен себепсиз айырылып калуу мүмкүнчүлүгү;
- Интеллектуалдык менчикке болгон укуктун бузулушу;
- Көз карандысыз сот бийлигинин жоктугу.
1. Менчиктен себепсиз айрылып калуу мүмкүнчүлүгү
2010-жылдын 27-июнунда референдумда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынган. Мурдагы Конституциядай эле, жаңы Конституцияда да менчикке болгон кол тийбестик жөнүндөгү жобо орун алган. Жободо эч ким мүлкүнөн себепсиз ажырап кала албайт жана мүлккө болгон укуктан ажыратуу соттун гана чечими менен ишке ашырылат деп жазылган. Ошол эле учурда жаңы Конституцияда мүлктөн ажыратуунун төмөндөгү жоболору айтылган:
- Улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, калктын саламаттыгын сактоо жана башка жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максатында, мыйзам тарабынан каралган учурларда соттун чечимисиз мүлкүнөн ажыратуу. Мындай учурда айтылган иш аракеттин мыйзамдуулугу сот тарабынан сөзсүз түрдө каралышы шарт;
- Мүлктүн баасын жана тартып алуудагы болгон башка чыгымдарды төлөп берүүнү алдын ала адилетүү камсыз кылып, соттун чечими менен мыйзамда каралган коомдук зарылчылыктар үчүн мүлктү алып коюу;
- Мүлктүн баасын жана башка чыгымдарды төлөп берүү тууралуу мыйзамдын негизинде ишке ашырылган жарандардын же юридикалык тараптардын мүлкү болуп саналган мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү (улутташтыруу).
Алгач жогоруда айтылган жоболордун али чийки экендигин белгилей кетели. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун, адеп-ахлагын, башка жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында деген шылтоо менен соттун чечими чыкпай туруп мүлктү алып коюу өтө эле аша чапкан негиз. Ушул эле негизге таянып мүлктү компенсация төлөп бербей эле алып коюуга да жол ачылат. Ушундай учурлар мыйзамда кандайча чечилээри түшүнүксүз: бул иш атайын мыйзамдарда каралгандай мүлктү тартып алуунун жалпы эрежелери менен жүргүзүлөбү же ушундай ар бир объект боюнча өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен ишке ашабы? Мүлктү тартып алуунун мыйзамдуулугун сот кандайча тартипте териштире турган процедурасы да анча айкын эмес: мындай териштирүү алдын ала болуш керекпи же улантылып иштеп туруш керекпи, ушундай иштер кайсы процессуалдык нормалардын негизинде жүрүшү керек жана натыйжада кандай соттук актылар чыгарылышы керек.
Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү боюнча биринчи сурактын жыйынтыктарын ушул документте жарыялайт. Бул сурак 2010 жылдын декабрь айында өткөрүлгөн жана алдыӊкы компаниялардын экономикалык адистеринин, директорлорунун ой-пикирлеринде негизделген. Ал катышуучулардын берген бааларын расмий статистика менен салыштырат жана алардын негизги айырмаларын көрсөтөт.
Сурактын негизги максаттары:
- Кыргызстандын экономикалык абалын базардын катышуучулары тарабынан берилген баалар жана күтүүлөр аркылуу аныктоо
- Ушул бааларга жана күтүүлөргө таасирин тийгизген факторлорун талдоо
Бул сурак экономиканын ар бир тармагын көрсөтпөйт. Биздин максатыбыз алдыӊкы компаниялардын экономикалык адистерин суроо менен жалпы экономикалык абалды аныктаган көрсөткүчтөрүн таап чыгуу.
CAFMIнин сурагы менен расмий статистиканын негизги үч айырмалары:
- Биринчиден, CAFMIнин сурагында катышуучулар өздөрүнүн жалпы маалыматтарын беришет. Кыргызстандын расмий институттары ишмердик тармактарынан маалымат жыйнап, статистикалык жолдор менен жалпылайт.
- Экинчиден, CAFMIнин сурагы экономиканын катышуучуларынын базар процесстерине берилген бааларына көз каранды.
- Үчүнчүдөн, бизнес ишмердигин пландаштырууда кереги тийүүчү көрсөткүчтөрдү CAFMI тандап алган.
Акырында, CAFMIнин сурагынын жыйынтыктары өзгөчө, актуалдуу жана ачык. Ушул айырмалар менен сурактын жыйынтыктары ишмердикке, массалык маалымат каражаттарына жана калган кызыкдар адамдарга чоӊ практикалык жардамы тийет деп ишенебиз.
Сурактын жыйынтыктары
I. Тенденциялар
| № | 2010ж Тенденциялары | Көпчүлүк катышуучулардын баа берүүсү |
| 1. | Ишмердик активдүүлүгү | ↓ |
| 2. | Экономиканы жана ишмердикти тескөөнүн (регуляция) деӊгээли | Өзгөрүү жок → |
| 3. | Элдин сатып алуу шыктуулугу | ↓ |
| 4. | Экономикага ишенүү деӊгээли | ↓ |
| 5. | Бир жумуш орунга болгон атаандаштыктын саны | ↑ |
Жаңы 2011 жылды кайсы бир деңгээлде реформалардын жылы деп айтып башташты. Андыктан, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту өзүнүн 11 тармак боюнча реформалоо идеяларын жазып чыгып, азыркы учурда кеңири калкка жайылтуу иш аракеттерин жасап жатат. Алардын арасындагы негизги тармактардын бири болуп сөз эркиндигин коргоо маселеси көтөрүлүп чыкты. Бул сунуштарды жазууда мага Медиа Полиси Институтунун директору Бегаим Усенова жардам берди. Анда эмесе, ММКларды реформалоо кандай болуусу абзел экендигин билгиңиз келсе, төмөнкү макаланы сөзсүз окуңуз!
МАКСАТЫ:
Сөз эркиндиги – бул цензурасыз жана чектөөсүз сүйлөөнүн белгиси. Ой-пикирлерди эркин алмашуу адамдын эң баалуу укугу. Эркин массалык маалымат каражаттарын (ММК) жана Интернетти өнүктүрүү Кыргызстанда саясий системалардын ийкемдүү болуусуна жана адамдын өзүн өзү өнүктүрүүсүнө чоң салым кошот.
КӨЙГӨЙ:
Кыргызстанда демократиялык өлкө куруу үмүтү ишеничти актабай, тетиричинче эркин басма сөздү чектөө менен авторитардык бийликти чыңдоого алып келди. 2010- жылдын апрель айында бийлик алмашып, Убактылуу Өкмөт эркин басма сөздүн жалпыга таандык принциптерин өнүктүрүүгө ынтызар экендигин билдирди.
Өлкөбүздө сергек стимулдардын жоктугунан көптөгөн көйгөйлөр көз карандысыз медиа чөйрөсүнө бут тосууда[1]. Алардын ичинен биринчи кезектегилерин атай турган болсок:
- Каттоодон өтүү, радиожыштык жана лицензия берүүдө уруксат документтерин алуудагы административдик тоскоолдуктар. Электрондук массалык маалымат каражаттары үчүн лицензия алуу радиожыштык спектрларын колдонуу үчүн сөзсүз түрдөгү шарт. Ар бир иш чарага өз-өзүнчө лицензия берилет. Андан сырткары, ММКнын ээси радиожыштык спектрин чыгаруу, жыштык таратуучу аппараттарды колдонуу укугу, радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы жабдууларды ташып киргизүүгө да бир топ уруксаттарды алуусу зарыл. Жыштыктарды берүү иши да ачык-айкын эмес. Андан сырткары, канча жыштык бар экендиги, жыштык алууну каалоочулардын статусу жана аны канча мөөнөттө бере турган убактысы жөнүндө да толук маалымат жок. Лицензияны токтотуп же кайра алып коюу механизмдери да кооптондурат. “ММК жөнүндөгү” мыйзамда дагы деле, бардык коммерциялык эмес мекемелерден ММКны түзүүгө бир гана коомдук бирикмелерге укук берилген да, мындай укуктан фонд, башка коммерциялык эмес мекемелер куру жалак калган. Мыйзам ошондой эле башка өлкөнүн жаранына ММК негиздөөгө тыюу салат.
- ТВ жана радионун ишин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасыз аракеттери. 2008-жылы телекөрсөтүү жана радиоберүүлөр тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Анын 8-беренеси айрыкча телерадиоберүүлөргө коркунуч жаратат. Ал беренеде төмөнкүдөй шарттар коюлган: ар бир компания өз берүүлөрүнүн толук убактысынын жарымынан көбү мамлекеттик кыргыз тилинде болуусу шарт, өз продукциясы 50%дан аз болбошу керек, жана 60% дан кем эмеси улуттук аудиовидео продукт же Кыргыз Республикасынын авторуна жана аткаруучусуна таандык музыкалык чыгармалар болушу керектигин белгилеген. Компаниялар азыркы өнүгүү баскычында мамлекеттик бул тоскоолдукту аркалай алышпайт.
- Соттошуу учурларында журналисттерди коргоо жана жетиштүү коопсуздук кейпилдигинин жоктугу. Кыргызстандын мыйзамында ушактоо жана “кадыр-баркын мазактоо”, б.а. диффамация кылмыш болуп саналат (Жаңы Конституциядан диффамация жокко чыгарылган). Журналисттерге каршы козголгон ушундай кылмыш иштеринде сотто жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү аябай аз. Журналисттер ошондой эле белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылып калуу коркунучун эске алып, тилин тарта сүйлөөгө же абайлап жазып, өзүн өзү чектөөгө аргасыз.
- Эркин интернетке болгон чабуулдар. 2000-жылдан баштап, интернетти мамлекеттик жөндөп турууга бир нече аракеттер жасалган. 2000-ж. жана 2008-ж. өкмөт жана парламент интернетти ММКга теңөөгө аракет жасашкан. Ал гана эмес, байланыш операторлорунун тармагына оперативдик- иликтөө иш чараларынын системасына (СОРМ) киргизүү жана кыргызстандыктардын башка өлкөлөрдүн веб-ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүктөрүн чектөө демилгеси козголгон. Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кысымы менен бул пункттар мыйзам долбоорунда кайра каралган. Бул Кыргызстанда эркин басма сөз жаатындагы чоң жеңиш болгон, бирок бул жеңиш түбөлүк эмес. Анткени саясатка аралашкан ар түрдүү саясатчылар каалаган убакта мыйзамды өзгөртүүгө демилгечи болуп чыгып, интернет колдонуучулардын укуктары тебеленип калышы мүмкүн.
- Бюджеттен каржыланган ММКлардын көз карандылыгы. Коомдук телерадиокорпорациясын (КТРК) жана ЭлТРди реформалоо өзөктүү маселе, себеби коомдук телеге айлантуу аракетине карабай, алар дагы деле мамлекеттен ири өлчөмдө каржыланат жана дагы деле бийлик өкүлдөрүнө көз каранды. ЭлТР «Коомдук телекөрсөтүү» болуп саналганы менен анын Байкоочулар кеңеши жана Башкы директору КРнын Президентинин буйругу менен дайындалат. Каржылоо мамлекеттик бюджеттен ишке ашып жаткан соң, жогорку саясий көз карандылык сакталууда. Мамлекеттик жана муниципалдык администрациялар негиздеген «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу», “Эркин Тоо” басма үйлөрү (редакциялары) жана областык, шаардык, райондук гезит редакциялары бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик жана муниципалдык каржылоодо келатат, ал эми ошол гезиттер бюджеттик мекемелердин, ал турмак мектеп жана бала бакча кызматкерлерине зордуктап сатуу менен ишке ашууда.
- “Пирамида” жана “5-канал” телекөрсөтүүлөрүн улутташтырылыгы, жана жеке менчикке берүүдөгү ачык-айкындыктын жоктугу. Ага карабай, бүгүнкү күнгө чейин аларды улутташтыруунун жана андан кийин менчик колго берүүнүн юридикалык негиздери белгисиз.



Акыркы пикирлер