Articles tagged with: Грузия
Кыргызстанда бийлик бутактарынын бири болуп сот бийлиги саналат. Сот бийлигинин өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп – көз карандысыздыгы саналат. Ушу күнгө чейин, Кыргызстандагы сот бийлиги, бийликтин башка бутактарына көз каранды болуп, чечимдерди бирөөнүн кызыкчылыга чечип берип, элдин бул бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп келет.
2005, 2010 жылдардагы бийлик алмашуулардын бирден-бир себеби, сот системасынын паракорчулукка батып кеткени, соттордун өз алдынча чечим чыгара албай, бийликтин айтканын аткарып, бийликке коопсуздук туудурган адамдарды бийликтен четтетип, көзүн тазалаганга чоң жардам берип келген.
Мындан тышкары, бийликтегилердин күчтүү бийлигин түптөгөнгө, алардын кызыкчылыктарын коргогон бир чөнтөк органына айланып калган.
Тээ көз карандысыздыкты алган жылдардан тартып эле сот системасында реформа жазап эле келе жатабыз, анын бир убайын көрө да элекпиз. Тескерисинсе, пайдасынан зыяны көбүрөөк тийип жатат. Чыныгы өз ишин билген профессионал соттор келбей, коррупционер, билим деңгээли төмөн адамдар элдин тагдырын чечип жатканы, ар бир кыргыз атуулун өкүндүрөт.
Сотторду тандоодо жердешчилик, урук-тууганчылык, досчулук, акча берүү кызыкчылыгына басым жасалып, сот системасынын ирип-чиришине алып келди.
Акыркы убактагы мисалды эле алсак, сотторду тандоо кеңешинин толук кандуу иштебей жатышы, бийликтеги кандайдыр бир топтордун кызыкчылыгынан көз каранды экенин көрсөтүп койду.
Негизи, сот бийлиги эч кимден көз каранды болбош керек. Тилекке каршы андай болбой, аларды президенттин администрациясы же парламент башкарып келет. Мындай учурда эч качан чыныгы чечим чыгарылбай, көптөгөн бейкүнөө адамдар темир тор артына кетүүдө.
Мисалы, “карга карганын көзүн чокубайт” деген принципте иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен соттордун ортосунда кандайдыр бир ымалашуу болуп, адамдарды кыйнаган деген берене менен соттолуп жаткан милиция кызматкерлеринин акталышы, Бишкек шаарынын мэринин баласынын акталашы, 7 апрель окуясы, Ош коогалаңынын иштери каралбай жатканы энени түшүндүрөт?
Мындай мисалдар бизде өтө көп. Ушундай иштерди караган соттордун жашаган үйлөрүн, айдаган машиналарын карасаң, замандап, акыркы үлгүдөгү машиналар. Айына 30миң сомдон алышса, мындай кымбат машиналарды, үйлөрдү кайсы акчага алып жатышат? Ар бир каралган ишке пара алып жатышса, ушунтип кутурганга шарттар түзүлөт турбайбы.
Эмне үчүн сотторду тандоо кеңеши ушундай жактарын карашпайт тандап жатканда? Эч түшүнүксүз.
Кыргызстанда таза сот бийлигин курууга болот, ал үчүн бир гана адамдын (Президенттин) эрки, каалоосу болсо, ишке ашырса болот. Мисал Грузия мамлекетин алсак, М.Саакашвилинин эрки күчтүүлүгүнөн канчалаган реформалар жасалды.
Ошондуктан, жаңы шайланган президентибизден үмүтүбүз чоң. Ал элдин ишеничин актаар деген ойдомун.
“Мамлекетке жана элге эң коркунуч туудурган бул – реформаторлор.Ал эми революция алар үчүн жашоонун булагы”. Генри Брукс Адамс (1838-1918), тарыхчы.
Акыркы 2-3 жылдан бери дүйнөдөгү мамлекеттерде болгон реформалар жөнүндө көптөгөн чоң талкуулар болуп келүүдө. Алсак, Грузия мамлекетиндеги реформаларды көбү мисал кылып келишет.
Чындыгында чоң өзгөрүүлөр бар, ошол эле учурда жүргүзүлгөн реформалардын терс жактары да болбой койбойт. Жалпысынан алганда бул мамлекетте көптөгөн өзгөрүүлөр жүрүп, башка начар мамлекеттерге чоң мисал боло алды.
Бийликке көптөгөн жаңы, жаш, таза жана профессионал кадрлар келишти. Буларды биз реформаторлор командасы деп так айта алабыз.
Ал эми биздин мамлекетибизди алсак, реформаторлор эмес тоногучтар командасы келди деп айтууг болот.
Эгемендүүлүктү алган жылдан тартып, өлкөдө баш мыйзамды өзгөртүүнүн реформаторлору гана болбосо (реформаторлор деп деле айтууга тил барбайт. Башка өлкөнүн баш мыйзамынын көчүрмөчүлөрү – ушу туура болотго), системаны толук өзгөрткөнгө эч кимдин күчү жетпеди.
Ушуга чейин үч жетекчи келди, эч кандай реформанын жыты жыттанбайт. Реформа жасадык деп бир министерствонун, агентсвонун жетекчисин алмаштырып, кызматкерлеринин санын кичине кыскартымыш болушат, булар үчүн ушу реформа аталат.
Ар бир өкмөт башчы келген сайын министликтерди кыскартат же көбөйтөт, анан бир эки кызматкерин кетиримиш болуп, коомчулукка жар салып, реформа жасаган кейпин көрсөтүшөт. Мына бизде жүргүзүлгөн реформалардын негизги өзөгү ушу.
Кыргызстанда реформаторлор деп кимди айта алабыз? Негизи ушундай адамдар барбы бизде? Бар болсо кимдер? Алар кандай реформа жасай алышты? 5 каналды парламеттик канал кылгандарды, бийликтин ар кайсы бутактарын өзүнүн менчигиндей кылып, үчкө бөлгөндөрдү, криминал менен коюн колтук алышып, аларды актап боштондукка чыгарып жиберген жетекчилерди реформаторлор деп айта алабызбы? Жок, аларды жеп-ичкичтер, тоногучтар деп айта алам.
Реформа такыр жок деп да айтууга боолбойт. 2008 жылы бизнес жаатында жүргүзүлгөн реформалардын негизинде Кыргызстан Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүүчү “Бизнес жүргүзүү” сурамжылоосунда, алдыңкы 10 өлкөнүн ичине кирген.
Бул да болсо жакшы көрсөткүч. Акыркы убактары Экономикалык Тескөө Министри У.Ташпаевдин сунуштаган сунуштарын да колдоого алса болот. Мисалы, саны көп, сапаты жок мамлекеттик органдарды жоюу, виза маселеси боюнча иштер.
Өлкөнүн өнүгүшүнө ишенем. Келечекте көптөгөн реформалар жүрүп, биз да башка мамлекеттерге мисал боло алабыз. Аны үчүн бөлүнүп жарылбай, баарыбыз реформа жасашыбыз керек.
Менчиктештирүү:
- · Монетардык менчиктештирүү – эң негизги метод.
- · Менчиктештирүүнү ишке ашыруу жана узак мөөнөттөгү алып сатуу укугу бар ижара (аренда) келишимдерди киргизүү. Бул төмөндөгүдөй обьектилер:
- o айыл чарба, шаар жана өнөр жайда колдонулуучу жер тилкелери;
- o балык, токой жана суу ресурстары;
- o деңиз флоту;
- o деңиз порттор жана аэропорттор;
- o көмүр шахталары;
- o оор өнөр жай заводу;
- o кыймылсыз мүлк, ооруканаларды алганда дагы, кээ бир окуу жана спорт мекемелер жана башкалар;
- o суу менен камсыздандыруу;
- o энергогенерированиянын жана бөлүштүрүүнүн эң негизги обьектилери, жаратылыш газын бөлүштүрүүчү компаниялар;
- o жердеги телефондук байланыш.
Лицензиялоону жана бизнести ачууга болгон уруксатты берүүнү реформалоо:
- · Тигил же бул ишке болгон лицензияны жана уруксатты алуу оор системаны жоюу менен ордуна “бир айнек” деген системаны киргизүү.
- · “Ооз ачпоо – макулдуктун белгиси” деген принципти киргизүү.
- · Лицензияланган ишмердиктин тизмесин 85 пайызга кыскартуу.
- · Лицензия менен уруксаттын тисмесин жоголуп бара жаткан мекемелер: жаңы лицензиялар менен уруксаттарды башка ченемдик актылар менен киргизүүгө болбойт.
- · Макулдук бере турган жана көзөмөлдөө кызматтарынын санын кыскартуу.
- · Уставдык капиталдын көлөмүн 2006-жылы кыскартып, ал эми 2007-жылдан баштап таптакыр жоюп салуу.
- · Каалаган жаңы ишканын түрүн салык кызматынын имаратында каттоодон өтүү мөнөтү 1 күнгө чейин кыскарып – көз ачып жумганча каттоо (арыз берүү).
- · Электрондук кол коюну колдонуу мүмкүнчүлүгү.
- · Бизнести мамлекеттик жана салык каттоо процедурасы бириктирилген жана кыскартылган.
- · Керектүү документтердин саны жана убактысы бир топ кыскарган.
Электроэнергетика реформасы:
- · Инфраструктураны реабилитациялоо.
- · Төлөмдөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү (30 – 90 пайызга чейин).
- · Мамлекеттик техникалык жөнгө салууну өркүндөтүү.
- · Жаңы өндүрүштү дерегуляциялоо.
- · Жеке инвестициянын чектелинишин жок кылуу.
- · Дүң тарифтердин регуляциясын жоюу.
- · Электроэнергияны сунуш кылууну жана жеткирүүнү жеке менчике берүү.
- · Узак мөөнөттү келишимдерге өтүү.
- · 24\7 – электроэнергияны жеткирүү принципка өтүү.
- · Электроэнергиянын импортун диверсификациялоо.
- · 2003-жылы электроэнергиянын систематикалык өчүрүүдөн 2008-жылы коңшулаш 4 өлкөгө электроэнергияны экспорттоого өтүү жана 2011-жылы Чыгыш Европага экспорттоо.
Газ секторун реформалоо:
- · Дүң тарифтердин жөнгө салуусун жоюу.
- · Эгерде жаңы транспорттук жана бөлүштүргүч тармагы салынса анда толук дерегулирование болот.
- · Газ секторун мамлекеттик субсидиялоодон баш тартуу.
- · Газдын импорттун диверсификациялоо.
Билим берүү тармагын реформалоо:
- · Мектептерди жана университеттерди (жеке менчиктер дагы) тандоо укугу ваучердик каржылоо. Окууга болгон ваучердин көлөмү мамлекеттик экзамендин жыйынтыгына көз каранды болот: жогорку балл алгандарга мамлекет тарабынан берилген грант окууга кеткен чыгымдардын 100 пайызын жабат. Баардык мамлекеттик окуу жайларындагы төлөмдөр бирдей.
- · Университеттерге тапшыруучуларга жана бүтүрүүчүлөргө бирдей экзамен киргизүү (computer adoptive test).
- · Мектептер жана университеттер юридикалык статуска ээ болушат, алар автономдук мекеме болушат жана финансылык ишмердигин өздөрү алып барышат.
- Мектептерди “Попечительский совет” деген башкарат жана мектептин директорун шайлашат.
- · Англис тилин жана компьютерди билген мугалимдерди сертификациялашат.
- · Сертификациянын жыйынтыгы менен мугалимдердин айлыгын көтөрүшөт.
- · Жеке менчик мектептердин көбөйтүлүшү (окуучулардын 8 пайызы жеке менчик мектептерде окушат).
- · 1-класстан баштап англис тилине ээ болуучулар менен англис тилин үйрөнүү (1000 ашык мугалим).
- · 1-класста окуган баардык окуучуларды компьютер (нетбук) менен камсыз кылуу.
- · Чет өлкөдөгү эң жакшы окуу жайларына өткөндөрдү каржылоо үчүн атайын фонд түзүлгөн.
Саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо:
- · Инфраструктураны (ооруканаларды) каржылоодон жана субсидиялоодон баш тартуу. Мекемелерди эмес пациенттерди мамлекет тарабынан каржылоо системасы киргизилген.
- · Менчиктештирүү.
- · Саламаттыкты сактоо тармагын камсыздандыруу аркылуу каржылоого өтүү.
- · Ири мамлекеттик ооруканалардан жеке ооруканаларга өтүү жана жайгашкан орду 90 пайыз элге 30 мин. жол жүргөндөй болуш керек.
Социалдык коргоо тармагын реформалоо:
- · Индекстештирилген эмес пенчиялык система (универсиалдык бюджет).
- · Социалдык жеңилдикти монетизациялоо.
- · Минималдык пенсиянын көлөмү өскөн, 2003-жылы 14 лариден (6,5 доллар) 2011-жылы 100 лариге (60 доллар) чейин.
- · Мамлекеттик жардамга көз каранды болгондорду табуу үчүн атайын программа ойлонуп табылган.
- · Социалдык жардам:
- o монетизацияланган социалдык жардамды 420 миң киши алышат;
- o бекер медициналык камсыздоону 1 млн. киши алышат.
Аскер реформасы:
- · Келишимдин негизиндеги профессионалдуу армияга өтүү.
- · НАТОнун стандартарына жакындоо.
- · Грузиндик аскерлерди НАТОнун стандартары менен окутуу.
- · Грузиндик аскерлерди Ирак менен Афганистанга жөнөтүү.
Бул макала М.Намазалиевдин блогунан алынган.
Грузиядагы 6-7 жылдан берки жүрүп жаткан реформалар дүйнө жүзүндөгү эркиндикти сүйгөн мамлекеттерди суктандырып келе жатат. Реформа, реформа деп эле көптөгөн саясатчылар какшап келе жатышат. Бирок, колунан келип турганда эчтекени жасабай, бир-эки реформаны жасап коюп, ошону менен токтоп калышат. Реформа тынымсыз жүрүп, мамлекеттин баардык тармактарын кучагына алса ошондо гана мамлекет өрчүп өнүгүп, элдин бакуубат жана жакшы жашоосу болот деп ойлойм.
Төмөндөгү реформалар Грузияда болуп өттү. Бул реформаларды Мирсулжан Намазалиев өз көзү менен көрүп, Грузиянын алгачкы реформаторлору менен бир нече жолу жолугуп келген. Бул М.Намазалиевдин блогунан орусчадан которулду.
Бажы тармагындагы реформалар:
- Салык кызматын менен Бажы кызматын бириктирүү.
- 2006 – жылдын 1 – сентябрынан тартып бажы милдеттенмелерин алып салуу.
- Импорт менен экспортко сандык чектөөлөрдү жок кылуу.
- Бажылык тарифтер тез төмөндөтүлгөн: импорт болгон товарларга 0% – 90% чейин кээ бир айыл чарба продукцияларына жана куруу материалдарына 5% – 12% чейин
- Тарифдик эмес барьерлер жок кылынган – техникалык нормалар EU\OECD жана КМШ Грузиянын улуттук техникалык талаптарына теңдешишет.
- Атайын бажылык кампа деген режим киргизилген: бир гана төлөмдөр – кампадагы ээлеген ордуна гана төлөмдөр алынат.
- “Эркин жана конкуренттүү соода жөнүндөгү мыйзамды” кабыл алуу менен, мамлекет тарабынан жеке жана мамлекеттик компанияларга монополдук укуктарды берүү токтолот.
- Жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу:
Ички экономикалык либерализация:
Минималдуу эмгек акынын деңгээли жок кылынган:
Жумушчулар жана жумуш берүүчүлөр өз ыктыяры жана макулдуулугу менен келишим түзө алышат.
Профсоюздардын монополдук орду жок кылынган.
- Фондалык биржанын иштешине жаңы эрежелерди киргизүү.
- “Төлөй албастык жөнүндөгү мыйзамды” кабыл алуу – банкроттук жөнүндөгү тартип бир кыйла кыскарды. Компаниянын негиздөөчүлөрү менен өнөктөштөрүнүн кредиторлорго болгон милдеттенмелери кыйла өзгөрдү.
- Стандартташтыруу жана сертификациялоону реформалоо:
милдеттүү түрдө сертификациялоочу товарлардын тизмеси жок,
техникалык регламент боюнча товардын сапаты бааланышы мүмкүн,
өнүккөн мамлекеттердин техникалык регламенти грузиндик базарда колдонулат,
чет өлкөлүк стандарттын колдонуусунун либерализациясы,
чет өлкөлүк метрологиялык текшерүүлөрдү таануу.
Тышкы экономикалык ишкердикти жөнгө салуу:
- Грузияга келген чет өлкөлүк инвестициялардын чектөөсүн алып салуу.
- Дүйнөнүн баардык мамлекеттери менен ачык жана дискриминациялык эмес соода мамилелерин түзүү.
- Баардык чоң соода өнөктөштөр менен эркин соода жөнүндөгү келишимдер.
- Даары дармек импортундагы эрежелерди өзгөртүү (либерализациялоо) жана камсыздандыруу (страхование) жана сертификациялоо тармагындагы тейлөөлөрдү ишке ашыруу.
- Жергиликтүү жана импорттолгон товарларга акциздик төлөмдөрдүн жана НДСтин бирдей ставкаларын киргизүү.
- Грузиянын аймагындагы товарларды авто жол менен ташууга болгон баардык транзиттик пошлиналарды, квоталарды жана башка транзиттик тоскоолдорду жок кылуу.
- Темир жол тарифдик саясатын либерализациялоо.
- • “Ачык асман” саясаты – грузиндик аба майданындагы пассажирлердин санын, багытын жана учуу жыштыгын чектөөлөрүн жок кылуу.
- • Эркин индустриалдык жана эркин туристикалык зоналар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу.
- Эл аралык финансылык компаниялардын кирешеге болгон салыктан бошотуу түшүнүгү мыйзам түрүндө бекитилген.
- Грузиядагы А+ же жогорку рейтингдеги чет өлкөлүк банктардын ишине болгон чектөөлөрдү алып салуу.
- Чет өлкөлүктөргө бирдей абал:
Резидент эместерге карата дискриминациялык эмес регуляция
Резидент эместерге шаардагы мүлк, жер (2010 – жылдын жайдан баштап айыл чарба жер), бизнес, финансылык институттарга болгон менчик укугу чектелбейт.
Капиталга болгон репатриация укугу чектелбейт.
Чет өлкөлүктөргө жумушка болгон уруксат талап кылынбайт.
Кош салык төлөбөш үчүн келишимдер түзүлгөн жана бир нече мамлекеттер менен инвестицияларды коргоо жөнүндө келишимдер түзүлгөн.
Визалык либерализация:
- Визалык режим дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетинин жарандарына алып салынды (дүйнөдөгү мамлекеттердин киши башына болгон ИДПсы 10 миң АКШ долларынан ашкан) Европа Биримдиги, Турция, Израиль, Япония, Канада, АКШ, Швейцария.
- Башка мамлекеттердин жарандары үчүн кирүү визаларын алыш абдан жөнөкөй кылынган.
- Кош жарандыкты мыйзамдаштыруу.
Дүйнөлүк Соода Уюму – (англисче World Trade Organization), 1995 – жылы түзүлгөн эл аралык уюм жана бул уюмдун негизги максаты болуп эл аралык сооданы либеризациялоо жана бул уюмга кирген мамлекеттердин ортосундагы соодалык – саясий мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат. Дүйнөлүк Соода Уюмунун пайда болушу 1947-жылга барып такалат. Бирок, анда бул уюм башкача аталган (Соода жана Тарифтер боюнча Генералдык Келишим). 50 жылдай бул ат менен таанымал болуп, анан кийин эле атын өзгөрткөн. Азыр бул уюмга мүчө болуп кирген мамлекеттердин саны 150дөн ашты жана дүйнөлүк сооданын айланышынын 97 пайызын түзөт.
Дүйнөлүк Соода Уюмунун негизги максаттары:
- Тең укуктуулук. Уюмдун баардык мүчөөлөрү бирдей укукка ээ. Эгерде уюмдун бир мүчөөсүнө өзгөчө жеңилдиктер (преференция) берилсе, анда бул автоматтык түрдө башка мүчөлөргө да берилет.
- Тең үзүр. Эки мамлекет ортосундагы соода чектөө жеңилдиктери биргеликтүү болуш керек.
- Ачыктык. Баардык уюмдун мүчөөлөрү өздөрүнүн соода эрежелерин дайыма жарыялап туруш керек жана бул ишти алып барыш үчүн атайын кызмат болуш керек.
Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна 1996 – жылы тең укуктуу мүчө катары кирген. Бирок, ошону менен бирге Кыргызстан бул уюмда башка өлкөлөрдүн көлөкөсү гана болуп, бул уюмга кирген мамлекеттерге эч нерсе экспорттой албай тескерисинче кээ бир серепчилердин айтуусу боюнча араң эле жашап келе жаткан өндүрүштүн жоголуп кеткенине да күнөөлү болгон деп айтылууда.
Эми бул уюмга киргенден баштап биздин өлкө эч нерсе өндүрбөй эле жалаң Кытай менен Турция деген өлкөлөрдөн алып келинген товарларды реэкспорт кылышып, жашап келишкен. Жаныбыздагы коңшулаш өлкөлөрдүн бири да бул уюмга мүчө болбогондуктан Кыргызстан Орто Азиядагы ортомчу мамлекет болуп, алып келинген товардын үстүнө 10-20 пайыз кошуп, өлкөнүн 60-70 пайыз калкы жаңы акча табуунун жолун табышкан.
Кыргызстан боюнча чоң-чоң базарлар (Дордой, Кара-Суу) ачылып, бул жакта иштеген калктын саны 100 миңдегенге жеткен. Бул базарлардагы соода жакшы болгон жердеги контейнерлердин баасы 200 – 300 миң АКШ долларына чейин жетип, аренданын баасы айына 3 – 4 миң АКШ долларын түзгөн. Бул базарлардын кожоюндары Кыргызстандын бирден-бир миллионерлерине айланган жана бул жакта көзүн таап иштегендер да бир топ байлыкты жыйнашкан. Бирок, былтыртадан бери бул базарлардагы кризистин негизги себепкери болуп – Орусиянын коңшулаш мамлекеттери менен бажы биримдигин түзүүсү болду.
Деги эле Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кириши15 жылдан бери өлкөнүн экономикасына жардам бердиби же жокпу? деген суроо туулат. Биздин өлкөнүн бул уюмга киришинин пайдасы жетишсиз деп эсептейм. Себеп катары Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлөрү эмес экенин белгилесек.
Кыргызстан коңшулаш өлкөлөрү менен бирге ЕврАзЭС, КМШ, Борбор Азиялык Кызматташтык Уюму өңдүү бир катар регионалдык соода бирикмелерине кирет.
Кыргызстандын негизги соода байланыштары коңшулаш өлкөлөр менен болгондуктан, алар менен кошо бир эркин соода аймагында болуу пайдалуу деп эсептейм.
Ал эми кээ бир серепчилердин айтуусу боюнча регионалдык соода бирикмелери бүт дүйнө жүзүндө начар өнүккөн өлкөлөр үчүн эч кандай пайда бербейт – дешти.
Кыргызстандын соода өнөктөштөрү Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирмейинче биз бул уюмдан көп пайда таба албайбыз. Анткени, жогорку деңгээлде өнүккөн, күчтүү өлкөлөрдүн товарларын чабал өлкөлөргө жылдыруу менен өнүккөн мамлекеттер кедей мамлекеттерди өздөрүнүн арзан товарларын сатуучу жайга айландырышат.
Казакстан, Орусия жана Тажикстан көп жылдан бери Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү жөнүндө активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатышат. Өзбекстан болсо 1994-жылы эле арыз бергени менен, кийинки кезде көңүлдөнбөй кеткен. Орусиянын бул уюмга кирүүсүн Грузия гана бут тосуп жатканы баарыбызга белгилүү. Ошону менен бирге Орусия регионалдык бажы биримдигин түзүп, ар кандай саясий оюндар менен алек болушууда.
Кандай болсо дагы мындай эл аралык уюмдарда бизге окшогон кедей мамлекеттердин мүчө болушу эч кандай деле пайда алып келбейт деп эсептейм.
Биз Кыргызстанда туруп, Грузияда кандай реформалар жүрүп жатканын айтып жетишпей жатсак, бул мамлекеттин парламенти биринчи эле окуудан “экономикалык эркиндик жөнүндө актыны” кабыл алышты. Саясат тануучу Гела Васадзе “экономикалык эркиндик жөнүндөгү актыны” өлкөдөгү болуп жаткан либертариандык реформалардын эң маанилүү кадамы экенин тастыктады жана бул реформаларды мындан да эрте жасашса болмок деди.
Бул акт эң маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкү чектөөлөрдү коёт:
- ИДПга болгон бюджеттик дефицит – 3 пайыздан ашык эмес
- ИДПга болгон кеңейтилген бюджеттик чыгымдар – 30 пайыздан ашык эмес
- ИДПга болгон мамлекеттик карыз – 60 пайыздан ашык эмес
Акт долбоорунун негизги авторлору – Каха Бендукидзе и Ладо Гургенидзе. Акт долбоору Грузиянын парламентине 2009 – жылдын сентябрь айында президент Михаил Саакашвили тарабынан киргизилген.
“Мындай параметрлер мамлекеттин банкрот болбостугуна, чоң карыз алып, төлөй албай калбастыгына жана жеке секторго оор болуп калбастыгына кепилдик бере алат. Бул менен кошо өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашпайт” – деди Грузиянын премьер-министри Николоз Гилаури.
Чындыгында экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт мамлекет тарабынан жеке ишмерликтин экономикалык иш-аракетине кийлигүүшүсүнө конституциялык деңгээлде чек коёт. Эми азыр Грузияда салыктарды көбөйтүш үчүн азайтыш оңойго турат. Билесиңерби эмне үчүн? Анткени салыктын ченин көбөйтүш үчүн же жаңы салыктын түрүн киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек.
Биз болсо Кыргызстанда атайын эле реформалардан арта калып жатабыз. Экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт эмес милиция реформасын жүргүзгөнү жөнүндө али ойлоно элекпиз. Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев 5 – каналдан түз эфирден айтты:
“Мен билем, бул көйгөй “ГАИ реформасы” бышып жетти. Мен бир аз алдыга жылуулар бар деп айталам. Быйыл техосмотрду өтүш былтыркыга караганда абдан эле жеңил болду. Бирок негизги көйгөй дагы деле бар жана бул көйгөйдү чечиш керек. Балким, түп тамыры менен өзгөртүш керек. Мен силерге бул жумушту аягына чыгарабыз деп убада бере алам”, – деди Атамбаев.
Мен Грузиядагы реформалардын тажрыйбасы менен таанышып чыктым жана бул маселеге чекит коюш керектигин айтты – Атамбаев.
“ГАИни түп тамыры менен реформалаш керек. Эмнеси болсо дагы мындай реформаларды жасайбыз жана мен ойлойм мындай чечимди кабыл алабыз. Эми азыр мындай реформаларды кантип жасайбыз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Мындай чечимди жакынкы айлардын ичинде кабыл алабыз”.
Мындайча айтканда, Грузиядагы полицияда болуп жаткан реформалар жөнүндө Теле берүү көрсөтүлгөн. Мындай теле берүүнү тартып жатканда биз ишенгенбиз, биздин өлкөдө да мындай реформалар жакынкы арада болоруна. Бирок, Атамбаевдин жана башка саясатчылардын мындай убадасы азырынча ишенич туудурбайт.
Макала орус тилинен которулган: автору М.Намазалиев
Ушул күндөрү “Азаттык плюс” телетобу жана Борбор Азиядагы эркин базар институтунун өкүлдөрү Грузиянын полиция жана экономикалык реформалары тууралуу документалдуу тасма тартып жүрүшөт. Программанын алып баруучусу Жанар Акаевдин фейсбук баракчасына Грузиядагы реформалар тууралуу жазгандарын окуп, Тбилисиде жүргөн теле алып баруучу менен интернет аркылуу чакан маек курдук.
- Жанар, Грузияда түнкү саат үчкө чейин иштеген министрлер бар деп жазыпсың. Чын эле ошондой бекен?
- Бул көрүнүш бизге, кыргыздарга гана таңкалычтуу болбосо, министрлердин түнкү саат 2-3төргө чейин иштегени грузин элине кадыресе көрүнүш экен. Мисалы, мурдагы финансы министринин орун басары, азыркы вице мэр Гиорги Цхакая түнкү саат үчкө чейин иштейт, анын эки айдоочусу, эки катчысы бар экен. Бир айдоочусу күндүзү иштеп, экинчиси түнү иштейт. Цхакая күндүзү саат 10:30, 11:00дөргө жумушка келет экен, түнкүсүн үчтө кетет. Министрлердин дээрлик 90%ы түн бир оокумга чейин иштейт турбайбы. Алардын баары энергиялуу, билимдүү жаштар. Өз өлкөсүнүн фанаттары десек болчудай. Биз реформаны аягына чыгышыбыз керек, биз Грузияны бай мамлекет кылышыбыз керек деген принцип бар баарында.
- Революцияга чейин алардын милициясы деле кыргыз милициясынан айырмасы жок болчу. Пара алышчу экен, эң коррупциялашкан тармак деп саналчу күч органдары. Азыр таптакыр өзгөргөн дейт. Алар муну кантип жасашыптыр?
- Мен ушул суроону көптөгөн грузин саясатчыларынан сурадым. Оппозициясынан да сурадым. Саясый эрк болуш керек деп жооп беришти. Булар бүтүндөй милицияны толугу менен жумуштан кетирип, эки айдын ичинде аз, бирок саз полицияны курап чыгышыптыр. Алардын айлыгын көтөрүп, пара алууга катуу тыюу салыптыр. Азыр полиция пара алабы деп сурасам, күлкүнү келтирбечи деп жооп беришет. Полиция пара алат деген түшүнүк таптакыр жоюлуптур. Полициянын кадыры абдан жогору, ар бир экинчи грузин окуучусу келечекте полиция болууну кыялданышат экен. Айтмакчы, полиция реформасы ийгиликтүү ишке ашкандан бери криминал Грузиядан тез арада качып чыгып кетишиптир. Азыр бул өлкөдө криминал жок.
- Катардагы полиция керек болсо министрлерге деле айып пул төлөтөт деп жазыпсың фейсбукта?
- Ооба, мындан алты ай мурун Грузиянын премьер-министри мас абалында машинесин айдап баратса, полиция тосуп айып пул салып, төлөтүптүр. Элестеткиле, бизде Атамбаевди МАИчилер тосо алабы? Ал тургай ЖК депутаты Улан Чолпонбаев твиттерге мактанып жазып атат, “мен ичип алып рулда келатсам, МАИ кызматкери тосту, күбөлүгүмдү көргөзсөм кое берди дароо” деп. Мына биздин депутаттардын деңгээли. Баса, президент Саакашвили жумушка эл катары эле барат экен, ал келатат деп жолдордо ызы-чуу болушу мүмкүн эмес, анын жумушка барып келгени билинбей эле калат. А биздечи, эртең менен тоз-тополоң башталат, Отунбаева өтөт, Атамбаев өтөт, Келдибеков өтөт деп канча адам жумушка кечигет.
- Кандай ойлойсуң, Кыргызстанда ушундай реформаны ким жасай алат?
- Азыркылар жасай албайт. ИИМ министринин интервьюсун окуп калдым, бизде деле реформа болуп жатат дейт. Кайсы реформа? Ал реформа дегенди кандай түшүнөт? Эки жолу революция болду, реформа жок. Менимче, билимдүү, пара албаган жаштардын жоон тобу бийликке келгенде реформадан үмүт кылсак болот. Бирок мен азыр ошондой жаш лидерлерди да көрбөй турам. Менимче, келерки президенттен жаштар чоң нерсени талап кылат. Ал реформа. Ушундай реформаларды жасайм деп программасын сунуштаган кишини гана жаш муун колдош керек, анан талап кылыш керек.
- Маегиңизге рахмат!
Бул маек Де-Факто гезитинен алынды.
Грузиядагы полиция реформалары тууралуу эң алгачкы кыргыз тилиндеги видеопрограмма. Ал Азаттык+ жана Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту (CAFMI) тарабынан тартылып, жана АКШ элчилигинин алдындагы демократиялык комиссия тарабынан каржыланган. Пикириңерди дал ушул жерге жаза берсеңер болот:
Кыргызстан Грузиядан үлгү алса боло тургандай. Грузия Кыргызстан сыяктуу эле СССРдин курамынан чыккан, биздей эле коррупцияга малынган өлкө болучу. Айтоор салыштыра берсе, окшоштуктар да жок эмес. Элинин саны да биздикиндей 5 миллиондун тегерегинде эле… Бирок, аларда да митингдер ѳтүп, бизден айрымаланып, чыныгы революция жасалды. Бийликке жаңы адамдар, билимдүү жаштар келишти. Бүгүнкү күндѳ, Грузияда чиновниктердин жашы 30-дан-40 жашка чейин. Алар реформаларды ийгиликтүү жүзѳѳгѳ ашырышууда. Эң негизгиси, бул мамлекет аз убактын ичинде, жаңы ѳнүгүү жолуна түштү. Кыргызстандын Грузиядан эмнеси кем? Read the full story »
- Грузия полициялык мамлекет болуп калды деп оппозиция кекетип жүрөт го?
- Албетте! Мамлекеттин эң алгачкы функциясы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу да, – деп кесиптешим жооп берди.
Бул макаланы мен атайылап Азаттык үналгысынын вебблогуна жазып чыктым. Ал жактан окубай калгандар үчүн бул ресурстан дагы чыгарып жатамын. Сиздердин пикириңиздерге абдан терең ыраазы болуу менен бирге, жообумду дагы бермекчимин.
2003-жылга чейинки абал
Тамырын терең жайган паракорлук, туруксуз мамлекет, өкмөткө болгон өтө төмөн ишеним жана мыйзам үстөмдүгүнүн жоктугу бул өлкөнүн өнүгүүсүнө бут тосуп келген. Андан тышкары салыктар жыйынтыктуу чогултулбай, аткезчилик жыл сайын өсүп турган.
Мамлекеттик автоинспекциясынын (МАИ) кызматкерлерине калктын ишеними болгону 10 пайыз болчу. Паракорлук система толук кандуу таркалып, иш аткарууга жөндөмдүүлүк болгон эмес. Жол кырсыктары бул өлкөнүн негизги көйгөйү болуп чыга келген. Милиция кызматкерлеринин орточо айлыгы 20 доллар гана болчу.
Жаңы чакырыктар
Роза ыңкылабынан кийинки болгон чакырыктар жогоруда айтылган көйгөйлөрдү түп тамырынан өзгөртүүгө умтулган. Анын ичинде мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу, жыйынтыктуу башкаруу, аймактын бүтүндүгүн чыңдоо жана экономиканы өнүктүрүү болгон. Read the full story »
Грузияда жакырчылык тамырын кеңири жайууда, ал жакта эч реформалар болгон эмес деп уккан жок белеңиз? Эгерде уксаңыз, анда бул жерде менин Азаттыктын блогуна чыгарган макаламды окуп, ага пикир таштай кетиңиз!
“Азаттык” үналгысы өзүнүн тарыхында ар дайым чындыкка үндөп, ар кыл пикирлерди билдирүүгө умтулганын эсиме алып, бул жердеги эң биринчи блог макаламды Грузияга болгон сапарыма арнайын дедим.
Алыстан таанышуу
Орусиянын массалык маалымат каражаттарынан Кыргызстанды жамандагандай эле, Грузияга каршы абдан чоң өлчөмдөгү үгүт материалдар чыгып жатты. Жердеш-блоггерибиз Бектур Искендер ушундай үгүттүн эң жөнөкөй түрүн белгилеген.
Ошол эле учурда абдан көп адистердин Грузиядагы экономикалык, полиция жана мамлекеттик башкаруу реформаларынын дүйнөдөгү уникалдуу экендигин да айтып келишти. Кыйрап бүтүп калган өлкө дүркүрөгөн экономикага айланды деп да айтышты.
Бул маалыматтардын бардыгы кичинекей башка батпай, кандай да болсо ушу Грузия менен жакын таанышсам деген кепке келдим. Грузиядагы реформаларга кызыккан кыргызстандыктар ал түгүл Фэйсбукта талкууларды баштаган.
Келдим!
Грузияга келүү үчүн бизден виза сурашпайт. Ал эми паспорттук көзөмөлдөн өтүү, жүктү алып тышка чыгуу мен үчүн болгону 5 мүнөттү алды. Тбилисинин аба майданында кызыл да, жашыл да коридор жок.
Биздин институттун тобунун Грузиядан келгенине болгону эки үч күн болду. Антсе дагы, биз дале ал өлкөдөгү болгон реформаларга, өзгөрүүлөргө абдан таңыркап келебиз. Төмөндө менин Азаттыкка берген интервьюма шилтеме. Окуп чыгып, бул жерге пикириңиздерди билдирсеңиздер, абдан ыраазы болмокмун.
Өкмөт тутумундагы эң алгачкылардан болуп реформага муктаж делген маанилүү тармак катары Ички иштер министрлиги көрсөтүлүп келет. ИИМди реформалоо маселеси тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун түптөөчүлөрүнүн бири Мирсулжан Намазалиев жооп берди.
- Сиздер жаңы эле Грузиядан келдиңиздер. Албетте бир кездери Кыргызстан сыяктуу эле СССРдин курамында турган бул мамлекеттеги реформалардын масштабы таң калтырбай койбойт. Биз бир эле тармакты алсак. Биздин Ички иштер министрликти реформалоодо алардан ала турчу өрнөктөр барбы?
- Менин оюмча дээрлик бардык тармактарда болсо да алардын тажрыйбаларын алуу керек, пайдалануу керек. Себеби Грузиядагы бардык адамдар Ички иштер министрлиги баш болгон тармактардагы реформаларга оң баа беришет. Ал тургай азыр Орусия дагы өздөрүнүн Ички иштер министрлигин реформалоодо Грузиянын тажрыйбасына кайрылып атышат.
Биз мисалы Грузияда жүргөндө буларды өз көзүбүз менен көрдүк. Грузияда ИИМдин имаратына барып, ал жактагы адамдар менен жолугуп, алардын иштөө жол-жобосу менен таанышып, көчө полициясынын унааларын жана аппараттарын көрүп, кантип иштеп атканын да байкап келдик.








Акыркы пикирлер