Articles tagged with: Кыргызстан
Коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук Жогорку Кенешти 41 өнүккөн мамлекеттер үчүн визасыз режим боюнча, мыйзамды кабыл алуу процессин тездетүүгө чакырат.
Биринчи сунушталган тизмеде 57 мамлекет үчүн визасыз режимдин киргизилгендигине карабастан, коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук даярдалган мыйзам долборун толук колдойт.
Кыргызстан азыр оор экономикалык абалда турат. Апрель революциясынан кийин болгон трагедиялык окуялар, мамлекеттин инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун төмөндөттү. Ушул жылдын 1 июлунан баштап толук иштеген Бажы Уюму мамлекеттин экономикасына терс таасир тийгизип жатат, мындай таасир келечекте дагы күчөшү мүмкүн. Бажы Уюму товарлардын экспортуна жана реэкспортуна чоӊ тоскоолдук болуп калды. Ушуга байланыштуу башка тармактардын өнүгүшүнө болгон тоскоолдуктарды алып салуу, актуалдуу жана маанилүү болуп саналат.
Биздин мамлекет туристтик статусу менен Меккедей болуп мактана албайт. Кыргызстандын конкуренттик артыкчылыктары Түркия, Франция, Малайзия, Таиланд мамлекеттерине салыштырмалуу аз. Туристтик агымдар үчүн мамлекеттер арасында конкуренциянын деӊгээли бийик. Парламент өзүнүн чечими менен Кыргызстандын конкуренттик артыкчылыктарына бир маанилүү артыкчылыкты кошо алат – бул визасыз режим.
Виза потенциалдык туристтерди качыра турган бюрократиялык тоскоолдук. Туристтер документтерди чогултууну, татаал процедураларды өтүүнү жана визаны күтүүнү талап кылбаган мамлекеттерди тандашат.
Манас аэропортуна учуп келер замат виза алуунун жеӊилдетилген режими иштейт. Бирок, учуп келген адамдар үчүн ал жеӊил болуп сезилбейт. Ал жерде катар катар элдер топтолуп, консулдар көп учурларда кечигип, 2 сааттык түшкүтамак ичүүгө кетип калышат, туристтерден акча талап кылып, коркутуп-үркүтүүлөр болот, виза алгандарга дайыма эле калган акчасын беришпейт жана башкалар. Белгилеп кетиш керек, мамлекетке кирүү үчүн башка өткөрүүчү пункттарда жеӊилдетилген виза алуу режими жок.
Өнүккөн мамлекеттер бири бирине визаларды мурда эле алып салышкан, ошону менен өздөрүнүн жарандары үчүн туристтик, иш боюнча, маданияттык жана жеке максаттар менен эркин жылып жүрүүгө жол ачышкан. Эгер өнүккөн мамлекеттердин жарандары үчүн визалык режим сакталып калса, балким Францияга 2010 жылы 76,8 млн. адам, кичине Малазияга 24,6 млн. адам барбайт болчу.
Дүйнөлүк Соода Уюму – (англисче World Trade Organization), 1995 – жылы түзүлгөн эл аралык уюм жана бул уюмдун негизги максаты болуп эл аралык сооданы либеризациялоо жана бул уюмга кирген мамлекеттердин ортосундагы соодалык – саясий мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат. Дүйнөлүк Соода Уюмунун пайда болушу 1947-жылга барып такалат. Бирок, анда бул уюм башкача аталган (Соода жана Тарифтер боюнча Генералдык Келишим). 50 жылдай бул ат менен таанымал болуп, анан кийин эле атын өзгөрткөн. Азыр бул уюмга мүчө болуп кирген мамлекеттердин саны 150дөн ашты жана дүйнөлүк сооданын айланышынын 97 пайызын түзөт.
Дүйнөлүк Соода Уюмунун негизги максаттары:
- Тең укуктуулук. Уюмдун баардык мүчөөлөрү бирдей укукка ээ. Эгерде уюмдун бир мүчөөсүнө өзгөчө жеңилдиктер (преференция) берилсе, анда бул автоматтык түрдө башка мүчөлөргө да берилет.
- Тең үзүр. Эки мамлекет ортосундагы соода чектөө жеңилдиктери биргеликтүү болуш керек.
- Ачыктык. Баардык уюмдун мүчөөлөрү өздөрүнүн соода эрежелерин дайыма жарыялап туруш керек жана бул ишти алып барыш үчүн атайын кызмат болуш керек.
Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна 1996 – жылы тең укуктуу мүчө катары кирген. Бирок, ошону менен бирге Кыргызстан бул уюмда башка өлкөлөрдүн көлөкөсү гана болуп, бул уюмга кирген мамлекеттерге эч нерсе экспорттой албай тескерисинче кээ бир серепчилердин айтуусу боюнча араң эле жашап келе жаткан өндүрүштүн жоголуп кеткенине да күнөөлү болгон деп айтылууда.
Эми бул уюмга киргенден баштап биздин өлкө эч нерсе өндүрбөй эле жалаң Кытай менен Турция деген өлкөлөрдөн алып келинген товарларды реэкспорт кылышып, жашап келишкен. Жаныбыздагы коңшулаш өлкөлөрдүн бири да бул уюмга мүчө болбогондуктан Кыргызстан Орто Азиядагы ортомчу мамлекет болуп, алып келинген товардын үстүнө 10-20 пайыз кошуп, өлкөнүн 60-70 пайыз калкы жаңы акча табуунун жолун табышкан.
Кыргызстан боюнча чоң-чоң базарлар (Дордой, Кара-Суу) ачылып, бул жакта иштеген калктын саны 100 миңдегенге жеткен. Бул базарлардагы соода жакшы болгон жердеги контейнерлердин баасы 200 – 300 миң АКШ долларына чейин жетип, аренданын баасы айына 3 – 4 миң АКШ долларын түзгөн. Бул базарлардын кожоюндары Кыргызстандын бирден-бир миллионерлерине айланган жана бул жакта көзүн таап иштегендер да бир топ байлыкты жыйнашкан. Бирок, былтыртадан бери бул базарлардагы кризистин негизги себепкери болуп – Орусиянын коңшулаш мамлекеттери менен бажы биримдигин түзүүсү болду.
Деги эле Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна кириши15 жылдан бери өлкөнүн экономикасына жардам бердиби же жокпу? деген суроо туулат. Биздин өлкөнүн бул уюмга киришинин пайдасы жетишсиз деп эсептейм. Себеп катары Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлөрү эмес экенин белгилесек.
Кыргызстан коңшулаш өлкөлөрү менен бирге ЕврАзЭС, КМШ, Борбор Азиялык Кызматташтык Уюму өңдүү бир катар регионалдык соода бирикмелерине кирет.
Кыргызстандын негизги соода байланыштары коңшулаш өлкөлөр менен болгондуктан, алар менен кошо бир эркин соода аймагында болуу пайдалуу деп эсептейм.
Ал эми кээ бир серепчилердин айтуусу боюнча регионалдык соода бирикмелери бүт дүйнө жүзүндө начар өнүккөн өлкөлөр үчүн эч кандай пайда бербейт – дешти.
Кыргызстандын соода өнөктөштөрү Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирмейинче биз бул уюмдан көп пайда таба албайбыз. Анткени, жогорку деңгээлде өнүккөн, күчтүү өлкөлөрдүн товарларын чабал өлкөлөргө жылдыруу менен өнүккөн мамлекеттер кедей мамлекеттерди өздөрүнүн арзан товарларын сатуучу жайга айландырышат.
Казакстан, Орусия жана Тажикстан көп жылдан бери Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү жөнүндө активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатышат. Өзбекстан болсо 1994-жылы эле арыз бергени менен, кийинки кезде көңүлдөнбөй кеткен. Орусиянын бул уюмга кирүүсүн Грузия гана бут тосуп жатканы баарыбызга белгилүү. Ошону менен бирге Орусия регионалдык бажы биримдигин түзүп, ар кандай саясий оюндар менен алек болушууда.
Кандай болсо дагы мындай эл аралык уюмдарда бизге окшогон кедей мамлекеттердин мүчө болушу эч кандай деле пайда алып келбейт деп эсептейм.
Жакынкы убакыттын аралыгында Кыргызстандын келечегине, саясий – экономикалык абалына, жалпы кыргыз коомчулугунун турмушуна таасир этчү чечим кабыл алынат. Бул бажы биримдигине кирүү чечими. Айтып кетсек, бажы биримдигинде Орусия, Казакстан жана Белоруссия деген мамлекеттер иш алпарышат.
Бажы биримдигине кирүүгө өлкө даярбы? Республиканын экономикалык өнүгүүсүнө кандай таасир этет? Же элибиз үчүн кезектеги пайдасыз ири долбоорлордун бири бойдон калабы? – деген суроолор кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаранды ойлондурат. Ошондуктан биздин мамлекетибизге маанилүү чечимди баардык тарабынан карап, жети ойлонуп бир кесип анан кабыл алыш керек. Бул биримдикте Кыргыз Республикасынын катышуусунун дурус жана терс жактарын карап көрөлү:
- Биримдикке кирүүнүн оң жактары катары Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын коңшулаш өлкөлөргө эч кандай эле тоскоолу жок алып чыгып, биздин айыл чарба өндүрүүчүлөргө жогорку баада сатууга жол ачылат
- Жеңил өнөр жайынын продукцияларын, так айтканда тигүү ишканаларынын товарларын экспорттоого кеңири жол ачылышы аталууда. Анын үстүнө Кыргызстан соодасынын 45 пайызын Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен жүргүзөт.
- Мигранттар үчүн да жакшы шарт пайда болот. Айтып кетсек Орусияда биздин 500 миңден 1 миллионго чейин жарандарыбыз иштешет жана алар үчүн бир топ жеңилдиктер пайда болот. Казакстанда да биздин жарандарыбыз иштешет. Эске салып кетсек былтыркы апрель окуясынан кийин Казакстандын көп шаарларында кыргыз мигрантарын депортация кылышкан
- Бажы биримдигине кирген мамлекеттерден келген импорттун баасы төмөндөйт. Мисалы; бензин, курулуш материалар ж.б.
- Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктары катары, кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттеринин жоюла турганы, эмгек мигранттарынын бул аймакта тоскоолсуз жылып жүрүүсү жана азыркыдай эле Кытайдан арзан баадагы кездемелер келе бере турган болсо, тигүүчүлөрдүн өсүп-өнүгүүсүнө жол ачылат
Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктары көбүрөөк, кемчиликтери болсо аз эле. Ага кошулганда кыргыз товарлары үчүн 200 миллиондук рынокко жол ачылат. Кийим тигүү, азык-түлүк сыяктуу тармактар өнүгөт. Ал эми күйүүчү майлар сыяктуу стратегиялык товарлардын баасы арзан болот – дейт Кыргыз Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.. Анын ырасташынча, бул сыяктуу стратегиялык товарларды башка өлкөлөрдөн ташып, диверсификациялоого мүмкүн болбой жатат. Андыктан Орусия менен Казакстанга ыктап, Бажы биримдигине кошулуу керек:
Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз өкмөтү биримдикке кирүүнү жактайт. Алардын ынандыруусу боюнча, Кыргызстан үчилтикке кошулса, ута турган жагдайлар көп. Маселен, биримдик ичиндеги өлкөлөрдөн товарлардын арзаныраак жана оңой келиши, атамекендик жеңил өнөр жайчылардын базарынын кеңейиши, эл аралык базарга оңой олтоң чыгышы сыяктуу.
- Кемчиликтер катары - азык-түлүк, жашылча-жемиштердин кескин кымбаттай турганы, Кытайдан келген товарларды реэкспорттоонун же алып сатуучулуктун азайышы, авто унаалардын дароо кымбаттай турганы, Дордой, Кара-Суу сыяктуу базарларда соода төмөндөй турганы жана Дүйнөлүк соода уюмуна айып акча төлөп калуу коркунучу мисал кылынууда. Дүйнөлүк соода уюмунан чыгуу үчүн 1,5 миллиард доллардын тегерегинде айып акча төлөө керектигин эскерте кетели. Бирок азырынча кыргыз бийлиги бул уюмдан чыкпай эле Бажы биримдигине кирүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө.
- Бажы биримдигинин шарттары боюнча ага кирген өлкөлөрдүн мейкиндигинде бирдиктүү бажы төлөмдөрү бекитилет. Бажы төлөмдөрүнүн токсон пайызы Орусиянын жогорку өлчөмдөгү бажы тарифинин негизинде алынган. Аталган бирдиктүү бажы кодексин иликтөөдө андагы шарттарга Кыргызстан сыяктуу экономикасы алсыз өлкөлөрдүн туруштук бериши оңой эмес экендиги байкалган.
- Тигүү ишканалары жоголуп кетиши мүмкүн. Анткени, азыр сырьену Кытайдан алып келип жатышат. Бажы биримдигине кирсек сырьену каяктан алабыз?
Жакында эле Кыргызстанга Орусия мамлекетинин Бажы кызматы менен Миграция боюнча службанын өкүлдөрү келип, пресс конференция өткөрүштү. Алардын айтымында Кыргызстан бажы биримдигине кирсе биздин өлкө үчүн өтө эле пайдалуу болот деп айтышты. Серепчилердин айтымында бул президенттик шайлоонун астындагы биздин жогорку эшелондогу отурган эр азаматтарыбызга “бажы биримдигине эртерээк кирсин” – деген белги катары экенин айтышты. Кандай болсо дагы биздин өлкө үчүн пайдалуу болсо болду.
Эң негизгиси бажы биримдигине кирип алып, Орусия менен Каазакстандын арзан жумушчу күчүнө жана товарларын сатуу үчүн базарга айланып калбайлы. Экономикалык жактан биздин өлкө үчүн пайдасыз деп эсептейм.
Акыркы 15 жылда Кыргызстанда студенттердин саны 3 эсеге көбөйгөнү менен, жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапаты дүйнөлүк деңгээлге жете албай келе жатканы белгилүү. Соңку жылдарда өлкөдө жогорку окуу жайлардын саны кескин көбөйдү. Бирок, ошол ар бир облус, шаарда ачылган университеттерде билим берүүнүн сапатынын начарлыгынан андай окуу жайларын бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү жумушсуздардын катарын толуктап келатканы да жашыруун эмес. Айрым маалыматтар боюнча, кыргызстандык студенттердин 20 пайызы гана жогорку окуу жайынан кийин иш менен камсыз болушат.
Болгону өлкөбүздө 54 жогорку окуу жайы катталып, анын 32 си мамлекеттик, 22 си менчик окуу жайлары. Бирок, студенттердин 90 пайызы мамлекеттик жогорку окуу жайларында окушат. 54 жогорку окуу жай кичинекей Кыргызстан үчүн абдан эле көп деп эсептейм. Сапаттары абдан жаман, эч кандай талаптарга жооп бере албаган жогорку окуу жайлар аз эмес. Эптеп диплом беришет да анан кийин адистердин сапаты жок. Адистердин көп бөлүгү экономистер, юристер, лингвистер жана билим берүү тармагы.
Айта кетүү керек, 1999-жылы Италиянын Болонья шаарында Европадагы 29 мамлекеттин билим берүү министрлери Европадагы бирдиктүү жогорку билим берүү системасын түзүү тууралуу декларацияга кол коюшкан. Учурда дүйнөнүн 60 өлкөсүнүн 1000ден ашуун университеттери Болонья декларациясынын алкагында иштешүүдө. Республикада эң биринчи болуп – Кыргызстандын эл аралык университети 2002-жылы бул декларацияга кол койгон. Республиканын көпчүлүк жогорку окуу жайлары Болонья декларациясы талап кылган шарттарды аткарышты. Мындай окуу жайларына – Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-орус (Славян) университети, Борбор Азиядагы Америка университети, Медициналык академия кирет.
Миграция жана Эмгек комитетинин маалыматы боюнча баардык алистердин болгону 20 пайызга жетпегени гана өздөрүнүн адистиги боюнча иштешет, калгандарынын көп бөлүгү жумуш таппай кыйналышат. Эгерде жумуш мындай адистик боюнча аз болсо, эмне үчүн мамлекет мындай көйгөйлөргө көнүл бурушпайт? Кереги жок, көптөгөн адистиктерди жаап, кереги бар адистик тармактарга мамлекеттик заказ берсе болбойбу?
Облустардын университетинде жаштарга билим берет деген мыкты адистер, сапаттуу окуу куралдары, заманбап жабдуулар жетишпейт. Экинчи бир аксаган жери – жогорку окуу жайларынын көпчүлүгү гуманитардык багытка качырып, техникалык багыттагы адистерди, өзгөчө, инженерлерди чыгаргандар кескин азайып кеткен. Дагы бир чоң көйгөй – жогорку окуу жайларында баанын сатылышы, дипломдук жана курстук иштердин акчага бүтүп жатышы, паракорлук.
Миграция жана Эмгек комитетинин маалыматы боюнча жакынкы 5 жылдын ичинде биздин өлкөгө 300 миң адис керек экен. Карап көрсөк адистен көп нерсе жок. Бирок кандай адис керек? Албетте, бюджет тарабында иштеген мугалимдер, медицинадагы адистер жана тигүүчүлөр, орто профессионалдуу окуу жайлардын адистери.
Эгерде мугалим кесибин карап көрсөк жылына көптөгөн адистер бул адистикти бүтүрүшөт. Бирок, 80 – 90 го жакын пайызы мектептерге мугалим болуп иштегиси келишпейт. Анткети, айлык маянасы аз, мугалимдик кесиптин кадыр баркы абдан эле төмөн түшкөн. Кыргызстанда айлык маянасына машина же үй сатып алган мугалим бар бекен? Албетте жок. Ошон үчүн мындай кесипти өз ыктыяры менен тандагандар өтө эле аз. Азыркы өкмөт мугалимдердин айлык маянасын 2 эсеге көбөйтүштү. Көрөлүчү бул кандай жыйынтыка алып келерин.
Азыр орто профессионалдуу окуу жайларын мамлекет өз көзөмөлүнө алып, бул тармакты өнүктүрүшү зарыл. Анткени, биз азыркы замандын талабын билип, ошол тармакта жумуш алып барышыбыз керек. Жогорку билимди реформалоо деп көптөн бери айтылып келе жатат. Азыркы базар экономикасы талап кылган, эл аралык билим стандартына жооп берген билим берүү окуу жайларын ачышыбыш керек. Эл аралык уюмдардын баардыгы эле биздин адистердин билими төмөн экенин айтышат. Ошон үчүн аз болсо да, сапаты жогору эл аралык билим стандартына жооп бере турган окуу жайлары бар болсо жакшы болот эле деп ойлойм.
Бизнес-коомчулук, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүн жана эркиндик баалулулуктарын мыкты чагылдыруу максатында дагы бир ирет сынак жарыялоодо. Сынактан өткөңдөр 20 миң сомго чейин акчалай сыйлык менен сыйланышат.
Сынактын идеясы жөнөкөй жана түшүнүктүү – массалык маалымат каражаттарында “Жарандын экономикалык эркиндиги – Кыргызстандын көз карандысыздыгынын негизи” аттуу тема тегерегинде талкуу уюштуруу же аты аталган теманы чагылдырылуусун камсыз кылуу.Талкулоо эркин түрдөгү форматтык негизде.
“Теледе бир көрсөтүү же радиодо бир уктуруу программасы же болбосо газетада макала, интернетте блог болушу мүмкүн. Айрыкча семинар, тегерек стол же флеш-моб деле уюштурулушу мүмкүн”, – дейт уюштуруучулардан Жаш ишкерлер ассоциациясы аткаруучу директору Руслан Акматбек.
Сынактын максаты – массалык түрдө эгемендүүлүктүн баалулуктарын талкулоо жана бул дискуссияларга мүмкүн болушунча көп кыргызстандыктардын катышуусун камсыз кылуу. Сынак экинчи жолу өтүп жатат.
Эң жакшы үч материал акчалай сыйлык менен сыйланат:
- 1-орун – 20 000 сом
- 2- орун – 15 000 сом
- 3-орун – 10 000 сом
«Коомчулук мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн негизинде биринчиден экономикалык көз карандысыздык маанилүү роль ойноорун баамдоо керек. Өтө орчундуу маселелерди жеткиликтүү кылып түшүндүрүү өтө маанилүү. Өлкөбүздүн ар бир жараны экономикалык процесстерде өзүнүн ролун так билүүгө тийиш жана өлкөбүздүн кандай жол алып жатканын ачык айкын билүүсү зарыл”- деп эсептейт Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев.
Мамлекеттин социалдык иш аракети мындан ары экономикалык эркиндикти, жарандын мүмкүнчүлүкөрүн чектөөгө багытталган мамлекеттик камкордук формасында болбоого тийиш.
Сынак, Жаш ишкерлер ассоциациясы, Бишкек ишкерлер клубу, Kyrgyz Concept компаниясы жана Борбор азиядагы эркин базар институтунун (CAFMI) демилгеси менен өтүп жатат.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:
+996 312 692969, contest@freemarket.kg, http://hi.kg/1L
Биз Кыргызстанда туруп, Грузияда кандай реформалар жүрүп жатканын айтып жетишпей жатсак, бул мамлекеттин парламенти биринчи эле окуудан “экономикалык эркиндик жөнүндө актыны” кабыл алышты. Саясат тануучу Гела Васадзе “экономикалык эркиндик жөнүндөгү актыны” өлкөдөгү болуп жаткан либертариандык реформалардын эң маанилүү кадамы экенин тастыктады жана бул реформаларды мындан да эрте жасашса болмок деди.
Бул акт эң маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкү чектөөлөрдү коёт:
- ИДПга болгон бюджеттик дефицит – 3 пайыздан ашык эмес
- ИДПга болгон кеңейтилген бюджеттик чыгымдар – 30 пайыздан ашык эмес
- ИДПга болгон мамлекеттик карыз – 60 пайыздан ашык эмес
Акт долбоорунун негизги авторлору – Каха Бендукидзе и Ладо Гургенидзе. Акт долбоору Грузиянын парламентине 2009 – жылдын сентябрь айында президент Михаил Саакашвили тарабынан киргизилген.
“Мындай параметрлер мамлекеттин банкрот болбостугуна, чоң карыз алып, төлөй албай калбастыгына жана жеке секторго оор болуп калбастыгына кепилдик бере алат. Бул менен кошо өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашпайт” – деди Грузиянын премьер-министри Николоз Гилаури.
Чындыгында экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт мамлекет тарабынан жеке ишмерликтин экономикалык иш-аракетине кийлигүүшүсүнө конституциялык деңгээлде чек коёт. Эми азыр Грузияда салыктарды көбөйтүш үчүн азайтыш оңойго турат. Билесиңерби эмне үчүн? Анткени салыктын ченин көбөйтүш үчүн же жаңы салыктын түрүн киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек.
Биз болсо Кыргызстанда атайын эле реформалардан арта калып жатабыз. Экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт эмес милиция реформасын жүргүзгөнү жөнүндө али ойлоно элекпиз. Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев 5 – каналдан түз эфирден айтты:
“Мен билем, бул көйгөй “ГАИ реформасы” бышып жетти. Мен бир аз алдыга жылуулар бар деп айталам. Быйыл техосмотрду өтүш былтыркыга караганда абдан эле жеңил болду. Бирок негизги көйгөй дагы деле бар жана бул көйгөйдү чечиш керек. Балким, түп тамыры менен өзгөртүш керек. Мен силерге бул жумушту аягына чыгарабыз деп убада бере алам”, – деди Атамбаев.
Мен Грузиядагы реформалардын тажрыйбасы менен таанышып чыктым жана бул маселеге чекит коюш керектигин айтты – Атамбаев.
“ГАИни түп тамыры менен реформалаш керек. Эмнеси болсо дагы мындай реформаларды жасайбыз жана мен ойлойм мындай чечимди кабыл алабыз. Эми азыр мындай реформаларды кантип жасайбыз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Мындай чечимди жакынкы айлардын ичинде кабыл алабыз”.
Мындайча айтканда, Грузиядагы полицияда болуп жаткан реформалар жөнүндө Теле берүү көрсөтүлгөн. Мындай теле берүүнү тартып жатканда биз ишенгенбиз, биздин өлкөдө да мындай реформалар жакынкы арада болоруна. Бирок, Атамбаевдин жана башка саясатчылардын мындай убадасы азырынча ишенич туудурбайт.
Макала орус тилинен которулган: автору М.Намазалиев
Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын саны 592 миңге жетти. Алардын жумуш шарттары алардын жашына жана мүмкүнчүлүктөрүнө туура келбейт. 5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын 40,3 пайызы иштешет.
Кыргызстан балдардын укугу тууралуу, иштөөгө уруксат болгон жашты аныктоочу конвенциясын кабыл алган. Конституцияда балдардын эмгегине тыюу салган 28 статья бар болсо дагы, араба түртүп жаткан же коробкаларды чогултуп жаткан жана башка физикалык оор жумуштарды аткарып, оокат кылган балдардын саны көбөйүүдө.
КР калкты социалдык коргоонун министринин орун басары Гульнара Дербишева белгилеп кеткендей, бул көйгөй айыл жергесинде кеңири тараган. Жашоонун төмөн деңгээли баланын үй-бүлөдөгү ордун өзгөртүүгө алып келет. Мындай үй-бүлөөлөрдө балдар тапкычтарга айланып кетишет. Ошондой жумуш берүүчүлөргө балдардын эмгеги арзаныраак түшкөнү ыңгайлуу. Балдар менен оозеки сүйлөшүп алып эле, аларга мыйзамга жараша жумуш шарттарын түзүп беришпейт.
Эл аралык эмгек организациянын текшерүүсү боюнча, иштеген балдардын 88 пайызы толук эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан. Көбүнчө эле энеси баш болгон үй-бүлөлөрдө балдар аларга жардамчы болуп жаш кезинен оор жумуштарга барышат.
Сүлүктөдө жашаган 16 жашар Арзыбек классташтары менен түнкү саат 3-тө жумушун башташат экен. Алар машиналарга көмүр жүктөшөт. 3-4 саат иштеп коюшса миң сомдун ээси болуп калышат. Бирок, эң жаманы эртең менен туруп, мектепке барганы. “Мындай жашоого көнүп калдым”,- дейт Арзыбек,-” 14 жаштан бери шахтада”.
Кыргызстандыктар Казахстанга жакшы жашоо издеп барып, кулчулукка түшүп калганы жашыруун эмес. Балдар дагы чекеде калбайт. Philip Morris атындагы тамеки компаниясынын Казахстандагы филиалында Орто Азиядан чыккан балдардын эмгеги колдонулат. Алардын көбү кыргызстандыктар. Мындай жумуштардын ден-соолукка, нары балдардын ден-соолугуна келтирген зыяны абдан чоң. Себеби, алар кол капсыз эле иштешип, бир күн колу менен чогулткан тамекисинин никотини 36 сигаретти чеккенине барабар. Никотиндин териге сиңгени “жашыл тамекинин оорусуна” алып келет. Анын симптомдоруна баш айлануу, кандын басымын өзгөртүү, жүрөк согумун бузуу, дем алуунун кыйынчылыктары кирет.
Бирок, өсүп келе жаткан балдардын оор жумуштарда иштеши бир эле ден-соолукка зыян келтирбестен, алардын интеллектуалдык өөрчүшүнө дагы жолтоо болот. Эрте иштеп баштап, алардын мектепте окуганга дагы шарты болбой калат.
14 жашар Лиза ата-энесиз калгандан кийин 8 жашынан бери иштеп, мектепте окуган эмес. Окуганга умтулса дагы, күнүмдүк оокатын камсыз кылууга аргасыз болгон. Башында “Дордойдо” контейнерлерди жууп жүрдүм, андан кийин сатуучуларга жардам берип, пайыздарды ала баштагам. 8 жашаар кыз 8,30 дан баштап 3кө чейин иштеген. Бир контейнерди жууп колуна 20 сом алчу. Ал эми азыр болсо, иштеп жаткан балдарды көрүп, көзүнө жаш толот: “Мынтип жашаса болбойт”,- дейт,- “ата- энелери аларды тарбиялап, билим бериш керек, балдар иштебеш керек. Азыркы учурда Лиза Бишкектеги жетимдер үчүн реабилитация борборунда жашайт. Мындай борборлор колу келишинче жетимдерге кесиптик билим беришет.
Ал эми ата-энелер тирүү туруп, балдарын бөтөлкөлөрдү чогулттуруп, оокат кылышат. Мындай ата-энелер үчүн өздөрү иштегенден көрө, балдарын жумушка саылп койгону оңой көрүнөт.
Балдардын билим алгандын ордуна оор жумуштарда иштеши алардын эле көйгөйү эмес, жалпы мамлекеттик көйгөй. Балдардын эң начар шарттардагы эмгегин жоюу маселесин койгон мамлекеттик программа 2008-2011 жылы кабыл алынган. Азыр анын жыйынтыктары көрүнбөй турганын айтып кетсек болот. Эми бул көййгөйдү чечүүнү 2016 жылга чейин жылдырышты. Азыркы убакытка чейин ” балдар жумушунун эң начар формаларынын тизмеси” түзүлө эле экен. Ар бир баланын көйгөйүн чече берсек болот, бирок, жалпы маселени мындай жол менен чечилбейт.
Айыл чарбасындагы балдардын эмгегин жоюудагы ийигликтүү кампания тууралуу окуп калдым. Анын негизги максаты майда фермердик уюмдарга микрокредиттерди берүү менен, аларды чоңураак уюмдарга бириктирип, керектүү билим берип ишин баштоо. Бул жерде алар тууралуу кененирээк окуй аласыздар.
P.S. Эмгек кодекси боюнча, 14-16 жаштагы балдардын эң көп иштеген убактысы жумасына 24 саат, ал эми 16-18 жашка чейин 36 саат түзүшү керек. 14-16 жаштагы окуган балдар күнүнө 2,5 саат болсо, 16-18 жаштагылар 3,5 саат иштеши керек.
Бүгүнкү күндө баардык мамлекеттерде улуттук коопсуздук, чек араны сактоо маселелери күч структураларына жана коргоо кызматына (армияга) жүктөлгөн. Өзгөчө армия чоң ролду ойнойт. Ал үчүн армия күчтүү болуш керек, заманбап техника менен камсыздалышы керек.
Бирок баардыгы аракет кылганы менен, бул өтө көп каражатты талап кылат. Кээ бир өлкөлөр жыл сайын жаңы техника алышса, башкалары эски техника болсо да алмаштырганга аракет кылышат. Мисалы, акыркы убакка чейин мамлекетти коргоого жана армияга көп короткон мамлекет – бул АКШ болуп саналат. 2010 жылкы бюджеттен армияга 698 млрд.$ бөлүнсө, экинчи орунда Кытай – 119 млрд.$, Улуу Британия – 59,6$,Франция – 59,3$, Орусия – 58,7$ бөлүнгөн экен.
Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин чыгымын карасак, 2008 жылкы маалыматка ылайык Кыргызстан -79,3 млн.$, Казакстан – 1млрд. 281 млн.$, Өзбекстан – 1млрд. 422 млн.$ түзөт экен.
Ишке жарактуу жана жараксыз техникалардын Кыргызстандагы саны: БМП-298, самолет-58, вертолет-11, танкалар-215 ж.б.курал жарактар түзөт. Булардын көбү жараксыз, муну биз Ош окуясында баарыбыз көрдүк. Жоокерлердин саны 10 миңден 12 миңге чейин жетсе, Өзбекстандыкы -70 мин, Казакстандыкы-60 миң, Таджикистандыкы-12 миң адамды түзөт.
Бизде 12 миң болгону менен сапаты жагынан начар даярдыкта. Буга чейин канча жолу армияны реформа кылышты, эч жыйынтык чыккан жок. Себеби Коргоо Министрлигинде 1 же 2 отделди жоюп, 100гө жакын кызматкерди кетиришсе, реформа кылдык деп ойлошчу. Материалдык жана техникалык база жаңыртылмак турсун, тескерисинче сатып жатышат.
Кыргызстанда жыл сайын кызмат өтөөгө жашы жеткендердин саны 50 590 адамга жетсе, алардын 5 миңи ар кайсы бөлүктөрдө кызмат өтөшөт. Альтернативалык формада кызмат өтөгөндөр 15 миңге жетет.
Бүгүнкү күндө контракттык формада кызмат өтөгөндөрдү кээ бири 30% түзөт десе, башкалары 70% түзөт деп жатышат. Так маалымат жок. Алардын маяналары 12 миң сомду түзөт.
Убагында экс-президент К.Бакиев жана көптөгөн эксперттер да айтып чыгышты эле
“бизге чакан, мобилдүү, тажрыйбалуу, заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздалган контракттык формадагы армия керек” деп.
Мен да бул идеяны колдойм. Бирок андай боло турган болсо, алардын маянасын 12 миң эмес, депутат, министрлердикинен 2-3 эсе көтөрүшүбүз керек, башкача айтканда 50миң кылсак, ошондо бир майнап чыгышы мүмкүн. Азыркы акчага тойбогон, жутунган депутаттар чек араны кайтарып калышат беле депутаттык, президентик оорунга жутунгандан көрө.
“Контрактниктерге” кетчү каражатты Манас аэропортундагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборунан түшкөн салыктарды колдонсок болот. Жылына 150 млн.$ төлөшөт.
Ал эми бүгүнкү күндө республикадагы армия техникаларынын көбү борборубузда. Аларды түштүк регионго мобилизациялаш керек. Коргоо Министрлигин толугу менен көчүрүш керек. Себеби ал регион өтө кооптуу болуп саналат бүгүнкү күндө.
Көптөгөн саясат таануучулар, эксперттер айтып жатышат:
“жакынкы 10-15 жылдын ичинде Фергана өрөөнүндө көптөгөн сууга, жерге байланышкан конфликттер чыгышы мүмкүн” деп.
Биз материалдык жана техникалык базабызды жаңыртышыбыз керек. Заманбап курал-жарак, техникаларды алып, армияны күчтөшүбүз керек. Качан гана күчтүү армия болгондо, кошуна мамлекеттер эсептеше башташат. Азыр мышык ыйлачудай кебетебизди көрүп, үнүбүздү укпаган да ошо себептен.
Генерал, полковник, подполковник деген наамдарды бергенди азайтышыбыз керек. Өтөгөн кызматынын стажына карап берилиши керек негизи. Жөнөкөй жоокерлерге караганда, полковниктер өтө көп бизде. Пайда барбы ошолордон? Кызматтык тепкич менен өсүү жолун жөнгө салышыбыз керек. Мисалы, бир генерал жумуштан кеттиби, анын ардунакийинкисин, аныкына андан кийинкисин коюш керек. А бизде майор болуп, бир нече убактан кийин генералга жеткен фактылар көп.
Айтор, контракттык армияга өтүп, машыктырууну жана техникаларды чыңдап, натыйжалуу армияларды курууга өтүүбүз керек деп ойлойм. Андан башка жол жок…
Жайкы сезон башталаары менен өөрчүгөн өлкөлөргө чек араны ачуу жөнүндө талкуулар башталды. Бирөөлөр визаны жоюу үчүн болушса, мамлекеттик кызматкерлер жана кай бир адамдар виза керек деп чыгышууда. Бир жагынан, экономикалык жактан өөрчүгөн мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга визасыз киргени :
- туризм сферасында кирешени көбөйтмөк
- чет өлкөлү инвестициялардын агымын чоңойтмок
Экономикалык жөнгө салуунун экс-министри, Kyrgyz Concept’тин ээси Эмиль Уметалиев туризм сферасында көп жылдан бери эмгектенип келет. Анын айтымында туристтерди Кыргызстанга келип эс алуу үчүн көп нерселер тоскоолдук кылат, анын арасында бюрократиялык процесстер:
“Грузия, Турциядан үлгү алып, биз дагы эшиктерибизди конокторго кенен ачып коюшубуз керек. Бир четинен биз туристтерди чакырып, экинчи четинен колдорун кагаздар менен бууп койгонубуз туура эмес. Визаны ачуу убакытты да, бир топ чыгымдарды да талап кылат. Визалык режимден биз гана утулабыз, АКШ, Европа мамлекеттерине жол ачуу биз үчүн кошумча кирешелерди алып келип, мамлекеттин имиджин көтөрөт.”
Ал эми Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүн токтотуп жаткан бир нече көйгөйлөр бар. Негизгичи виза маселеси. Алардын арасында инфраструктуранын начар абалы, тейлөөнүн төмөн деңгээли. Туристтердин 11.5% бажы иштерин көйгөйлүү деп белгилеп кетишти. Ошондуктан, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Организациясына кирген 34 мамлекетке жана ИДПнын бир адамга түшкөнү кыргызстандыкынан үч эсе көп болгон мамлекеттерге визасыз 90 күнгө жүргөнгө мүмкүнчүлүк киргизүүнү сунушташат. Белгилеп кетсем, ЭКӨО (ОЭСР) ге туристтер саны көп болгон Европа мамлектеттеринин көбү, АКШ ж.б. мамлекеттер кирет. Ал эми чет өлкөлүк бизнесмендерге бир жылдык көп жолу колдонулуучу визанын ордуна беш жылга чейин иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү керек.
Мындай экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин жараандарына Кыргызстанга келип тоскоолдуксуз бизнес ачуу, же эс алууну камсыз кылуу бизге эле пайда.
Башка мамлекеттердин мисалын карап көрсөк. Украина Еврособз мамлекеттерине визасыз режим кылгандан бери туристтерди келиши бир нече жолу жогорулады, ал эми Малайзияда 80 өнүккөн мамлекеттер менен визасыз режим колдонулат. Жыйынтыгында туристтердин саны үч эсе жогорулап, туризм секторунун кирешеси да үч эсе көбөйдү.
Мамлекет үчүн жалаң утуулар болсо эмне үчүн визаны жоюу процесси ишке ашпай жатат?
Май айында Өмүрбек Бабанов Тышкы Иштер Министрлигине визасыз режимди киргизүү жөнүндө сөз баштаган. Бирок, бир ай өтүп эле туристтик агенттиктер ТИМнин бул багыттагы кыймылдарына нааразы болуп чыгышты. 2012-жылдын 1-майынан 1-сентябрга чейинки убакытта Андорра, Ватикан, Сан-Марино, Мальта, Монако, Греция, Ирландия, Дания, Исландия, Швеция, Норвегия, Португалия, Болгария, Хорватия, Словения, Черногория, Македония, Босния и Герцеговина мамлекеттеринин атуулдары чек араны визасыз эле өтүшсө болот. Албетте, турагенттиктер биринчи премьер-министрдин сөзүнөң башка нерсе чыгат деп күтүшкөн.
Бул жерде баягы эле мыйзамчылар жана аткаруучулар ортосундагы түшүнбөстүк. Тышкы иштер министрлиги атайылап, Кыргызстанга келбеген өлкөлөргө визаны жоюп, калгандардан дале болсо акча өндүрүүнү самап жатса керек…
Кыргызстанда миграциянын абалы өтө татаал жана түшүнүксүз. Өкмөт башкаларды кабыл алмак турсун, өзүнүн жарандарына жыргатаарлык жардам бере албай келет. Статистикалык комитеттин расмий статистикасына таянсам, 1991-2010 жылга чейин 1млн.534 миң адам өлкөнү таштап кеткен, а келгендери 258 493 адамды түзөт. Кеткендер менен келгендердин айрымасы өтө чөң. Себептерин 5 этапка бөлүп кароого болот:
- 1990-1993 жыл. Ош окуясынын кесепети, Кыргызстандын көз карандуу болушу, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилиши.Ошо жылдары өлкөдөн 401 514 адам чыгып кеткен. Алардын 14 984-кыргыз, орустар-214 203, немистер-55 353, өзбектер-31 137 ж.б. түзүшкөн.
- 1994-1998 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кичине басаңдаган. 171 292 адамды түзгөн.
- 1999-2001 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кайра көтөрүлгөн. Себеби, биздин территорияны кээ бир террористтик күчтөр басып алууга аракет жасашкан, Аксы окуясы да болгон. 77 338 адам өлкөнү таштап кеткен.
- 2002-2005 жыл. Саясий куугунтук күчөп, социалдык жана экономикалык абал төмөндөп, бийлик менен оппозициянын тирешүүсу күчөп, 2005 жылдын 24 мартындагы бийлик алмашууга алып келген. Ал жылдары өлкөдөн 107 277 адам чыгып кеткен. Кыргыздар-2182, орустар-20 351, украиндер-2445, өзбектер-998 түзгөн.
- 2006-2010 жыл. Бийлик бир үй-бүлөнүн колунда болуп, саясий куугунтук башталып, сөз эркиндиги муунтулуп, адамдар жоголуп, көбү жакырданып, бүт нерсенин баары кымбаттап, 2010 жылдын 7 апрелиндеги төңкөрүшкө жана Ош окуясына алып келген. Ушу себептерден улам 218 229 адам жер которуп кетишкен. Алардын 2006 жылы кыргыздар-10 674, орустар-13 360. 2007 жылы кыргыздар-27 437, орустар-13 143. 2008 жылы кыргыздар-15 292, орустар-15 470. 2009 жылы кыргыздар-14 552, орустар-9 971. 2010 жылы кыргыздар-21 347, орустар-12 697 түзгөн.
Ушу акыркы 4 жылдын ичиндеги убакытты карасак, кыргыздар көп кете башташкан башка улуттарга караганда. Мунун баары жогоруда айтылган себептерден жана жумушсуздуктун аябай күч алышынан, куугунтуктоодон, жакырчылыктан улам эле. Кеткендердин көбү 18 жаштан 40 жашка чейинки адамдар, алардын көпчүлүгү эркектер экен. Башкача айтканда калктын эң активдүү катмары. Көбүнүн үй-бүлөсү бул жакта калып, далай үй-бүлөөлөр бузулду. Жашы жете элек балдар жумушка тартылып, айылдарда жалаң кары-картаңдар басымдуулук кылып жатат. Кеткен адамдардын ордун кошуна мамлекеттин жарандары ээлеп, алардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.
Өкмөт “тышкы миграция” жана “миграция” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алганы менен биздин жарандардын укуктары чет өлкөдө корголбой келет. Аларга кол салуулар, алдагандар, органдарын саткандар, айлыктарын бербеген ж.б.ушу сыяктуу көрүнүштөр көбөйүп жатат. Биздин жарандар тилди, кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарын билбегендиктин көп кыйынчылыктарды жаратууда. Көбүн алдап, документтерин алып алышып, аларды кул кылып сатканы канча. Айтор проблема өтө көп.
Бүгүнкү күндө кыргыз барбаган жер жок. Көбү Орусия менен Казакстанда, калгандары Туркия, Араб өлкөлөрүндө, Корея ж.б.мамлекеттерде иштешет. Официалдуу маалыматка таянсам, Орусияда 800 миңден ашуун, ал эми официалдуу эмес маалыматтарга ылайык 1 млн.ашык кыргыз бар. Алардын 2010 жылы 96011 миңи жумушка уруксат алышса, 17 137 адам патент алып, соода-сатык менен алек. Мыйзамдуу түрдө 113 143 адам эмгектенет. 260 миңге жакынын жарандыгы бар.[1]Казакстанда 270 миңдей, официалдуу эмес маалыматка ылайык 400 миңден ашат.
Мигранттардын которгон акчасына кыргызстан жашап жатат. 2010 жылы 1,36 млрд.$ которушкан.[2] Ал эми тажиктер 2,67 млрд.$ которушкан.[3] Бүгүнкү Кыргызстандын бюджетин 30% миграттар которгон каражаттар түзөт.
Миграция боюнча Орусия менен да, Казакстан менен да эки тараптуу мыйзамдар, макулдашуулар бар. Анын баары бүгүнкү күндө күчүндө. Визасыз кирүү, 10 күн каттоосуз жүрүү, жеңилдетилген формада Орусиянын жарандыгын алуу ж.б.
Кээ бир мамлекеттер миграция менен күрөшүү үчүн жыл да бир жолудан мигранттар үчүн мунапыс жарыяласа, кээ бири пенсия, пособия, айлык маяналарын көтөрүү менен бирге жумуш орундарын түзүп, жарандарын өз өлкөсүндө калтырууга аракет жасап жатышат. А биздики эптеп ушуларды кетирсек, кийин көп акча которушса деген саясат жүргүзүп келишет. Read the full story »
Шаардын кайсы гана жерине барба, четинеби же борборунабы, ар бир көчөнүн кесилишинде, жолдордун боюнда жарнама калкандарын (рекламный щит), баннерлерди, плакаттарды көрөсүң. Алардан бөлөк аялдамаларда чапталган ар кандай жарнама барактары, автобус, троллейбустарга түшсөң, кармагычтарында да ар кандай компаниялардын жарнамалары чапталып турат. Мындан тышкары ошол эле коомдук транспорттордун сырткы келбети да тирукмуш. Эгер ушундай жарнамалар автобус, троллейбустарда чапталып турса, буларды тейлеген компаниянын автопаркынын кедейлигин билдирет. Бул транспортту көргөн коноктор, бул эмне көңүл ачуучу автобустарбы деп ойлошот. Ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөнүүчү эсеп-дүмүрчөктөрүн карасаң, артында Beeline уюлдук компаниясынын жарнамалары кошо чыгарылган.
Эсеп-дүмүрчөктөрдөгү, автобустун кармагычтарындагы орундар жарнама үчүн бекер берилбеси бештен белгилүү, сөзсүз алар ижара акысын төлөшөт. Мен алардын канча төлөөрүн сураштырганымда, эч жерден так маалымат ала алган жокмун. Бул жерде бир жашыруун сыр бар, башкача айтканда коррупциялык схема. Ал акчалар кимдин чөнтөгүнө түшөт болду экен?
Азыркы убакта Бишкекте 742 жакын жарнама калкандары орнотулуптур. Булардын көбү менчик компанияларга таандык болсо, калгандары жеке адамдардыкы. Мисалы: Континент Плюс, Арт Медиа, Smart Creative House, Адекват. Белый Парус сайтынын 2011 жылдын 23 майында чыккан маалыматына таянсам, шаардагы көп жарнама калкандары экс-мэр Н.Түлеевге таандык экен. Булардан башка майда-чүйдө жарнама орундары канча, алардын так эсеби жок.
Көчөдөгү жарнамаларга жакшылап көңүл бурсаң, көбү туура эмес, ката жазылган. Өзгөчө кыргыз тилиндеги жарнамалар. Эч кимиси мамлекеттик тил жана жарнамалар жөнүндөгү мыйзамдарга баш ийишпейт. Ким кандай жазса, ошондой жазып, чыгара беришет. Президентке караштуу тил комиссиясы бар, алар акча алгандан башка эч нерсе билишпейт окшойт сыягы. Буларды жөнгө салып текшерсе болот эле да, ушундай шалаакы органдардын айынан кыргыз тили өнүкпөй жатат.
Шаардагы бош турган орундарга чалып, мониторинг жүргүзүп көрдүм. Баалары ар кандай, жакшы жерлерде эки тарабы кошулуп 3500$ жетсе, мындайраак жерлерде 8000 сомдон кем эмес экен. Бул бүгүнкү күндө эң бир кирешелүү тармак болуп саналат. Өзгөчө шайлоо учурунда булардын баасы эки-үч эселеп өсөт.
Мындан бир нече ай мурун шаар бийлиги Манас проспектисиндеги мыйзамсыз жана өмүргө коркунучтуу деген жарнама калкандарын ала баштаган. Эмнеге дебейсизби? Анткени кээ бири Президент, Премьер Министр, Спикердин картежине кооптуу болуп саналат имиш. Ошо себептен бузуп жатышыптыр.
Бизде эмне ушу үчөө эле аман-эсен жашашы керекпи, ал эми калгандарын эгер калканчалар кулап, басып калса, буларга баарибирби!? Эгер алар ошончо эле өмүрлөрүнөн коркушса, Ак үй менен Көк үйүнө көчүп барышып, эч жакка чыкпай жашап алышпайбы! Элдин кыжырын келтирип, күндө 3-4 жолудан жолду тостуруп, элдин убактысын албай.
Коррупция деген эмне? Коррупция латын тилинен келип чыккан сөз – бузуу, жараксыздандыруу, акчага сатып алуучулук деген маанини түшүндүрөт. Кыргыздар муну паракор деп коет. Эгемендүүлүктү алганыбызга 20 жыл болоюн деп калды. 20 жылдан бери жогорку бийликте турган аткаминерлер канча деген убадаларды беришип, өлкөбүздү гүлдөтөбүз, өркүндөтөбүз деп элди алдап, жакшы жашоонун ордуна кыргыздарды башка өлкөгө тентитип, сызга отургузушту. 20 жылдын ичинде Кыргызстан чет өлкөлөрдөн 2,5 млрд долларга жакын карыз алышып, мындан башка 3,5 млрд долларга жакын бекер грант катары акча алышып, ич ара бөлүшүшүп, чет мамлекеттерден кыймылсыз мүлк алышып, бизнес кылышып, Бишкектин четинде 2 – 3 кабатту үйлөрдү салышып, кымбат автоунаалар менен жүрүшөт. Азыр коррупцияланган жогорку кызматтагы адамдар элдин байлыгын менчиктештирип алышып, байлыгын баарына көрсөтүшүп, дүңгүрөгөн тойлорду өткөрүшүп, уялышпай да калышты. Анысы аз келгенсип, азыр Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экономиканын өнүгүүсү боюнча эң акыркы орунду ээлеп калды. Мамлекетте жарандык согуш көп жыл бою болгон Таджикистан бизден алдыга кетти. Биздин жашоо шартыбыз эң кедей деген Африканын кээ бир мамлекеттеринен да артта калган. Буга ким күнөөлүү? Ошол 20 жылдан бери Кыргызстанды жеген чиновниктер күнөөлүү.
Коррупциянын деңгээли боюнча байгелүү орунга татыктуу экенбиз
Мурунку 15 жылдыкта, кийинки 5 жылдыкта президент баш болуп пара алып, сатылбаса, өзүнөн – өзү коррупция гүлдөмөк эмес. Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин иликтеген «Transparency international” эл аралык уюмунун маалыматы боюнча 2005-жылы өлкөбүз коррупция боюнча 163 өлкөнүн ичинен 142 – орунга, 2007 – жылы 180 мамлекеттин ичинде 150 – орунга, 2008 – жылы 180 мамлекеттин ичинен 160 – орунга чыгыптыр. Ал эми 2010 – жылы Кыргызстан байкоо салынган 180 мамлекеттин ичинен 166ынчы орунду ээледи. Буга Кыргызстандын мамлекеттик кызматчылары менен саясатчыларынын арасында коррупциянын өтө жогору деңгээлде өнүккөндүгүнө негиз берет. Бакиевдин 5 жылдык башкаруусунда биздин өлкө 38 орунга артка жылып, эң коррупцияланган мамлекеттердин катарына кирген. Эми азыр жаңы бийлик келип, коррупцияны жок кылууга аракет кылат деген үмүттөмүн.
Коррупцияга каршы мыйзам Кыргызстанда 2003 – жылы кабыл алынган
Бириккен Улуттар Уюмунун 2003 – жылдын 29 – сентябрында кабыл алынган Конвенциясында коррупция деген эмне, ага каршы кантип күрөшсө болот деген суроолордун үстүндө кеңири түшүндүрмө берилген. Ошол БУУнун кабыл алган Конвенциясынын негизинде 2003 – жылдын 30 – январында “Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүү жөнүндө” деген атайын мыйзам кабыл алынган. Ага 2003 – жылдын 6 – июнунда президент кол коюп, бирок башка мыйзамдардай эле бул да мыйзам кагазда калып, аткарылган эмес.
Коррупциянын тарыхы
Коррупциянын тамыры адамдардын алгачкы коомуна таандык болуп кетет экен. Ошондо эле элдер оздөрүнүн жол башчысына ар кандай нерселерди белек түрүндө беришкен. Убакыттын өткөнү менен бул салтка айланып, белек милдеттүү түрүндө берилип калган. Мамлекет пайда болуп, бийликтин күч алуусу менен мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматын өз кызыкчылыгына пайдаланып, ар кандай параларды алып башташкан. Ошол эле мезгилде ханга ар кандай балуу белектерди жасашып, ар кандай өтүнүчтөрү эртерээк жасалган. Коррупция жөнүндө «Артхашастра» деген эң биринчи эмгекти биздин доорго чейин IV кылымда Бхараттын (Индия) Каутилья деген министри жазган. Ал бул жазуусунда хандын мүлкү такыр эле жок болушу керек деген. Өзгөчө акчага сатылган соттор да айтылган. Анткени, соттор бирөөнү туура эмес айыптап, бирөөнүн мүлкүн башка бирөөгө берген.
ХVIII кылымдан баштап батышта коомдун коррупцияга болгон көз карашы чоң өзгөрүшкө дуушар болгон. Либералдык өзгөрүүлөр “мамлекеттик бийлик эл үчүн кызмат кылат жана бийликти эл баккан үчүн чиновниктер мыйзамды сактоого милдеттүү” деген лозунг менен өткөн.
Коррупциядан болгон зыян
- Мамлекеттик мүлктү, акчаны туура эмес пайдалануу
- Салыктардын жоголушу
- Жеке ишкерлердин банкрот болушу
- Өлкөгө келген инвестиуиянын азайышы
- Экономиканын өнүгүүсүнүн токтошу
- Тейлөөнүн сапатынын томөндөшү
- Социалдык теңсиздиктин өсүүсү
- Уюшкан криминалдык топтун күч алуусу
- Элдин турмушунун төмөндөшү
- Кедейлердин көбөйүшү
Балык башынан сасыйт дейт. Жогорку бийликте турган адамдар таза болмоюнча коррупцияны жоготуш абдан кыйын. Менин оюмча жаңы муун гана жаңы Кыргызстанды кура алат. Мисал катары Сингапур, Эстония, Монголияны алсак болот. Бул жакта жаш лидерлер бийлике келип, жаңы реформаларды жүргүзүшүп, мамлекетти өнүктүрүшкөн. И.Раззаковдун “мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген сөздөрү менен бул макаланы аяктагым келди.
1 июнда өлкөдөгү кээ бир оппозициялык күчтөр азаттыка берген маалыматына таянсак, АКШ базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча референдум өткөрүүнү сунушташууда. Тагыраак айтканда, “Акыйкат” саясий партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов баштаган айрым бир саясий күчтөр, күздө өтүүчү президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүүнү сунуштап чыгышты.
Бизге бул базанын чыгышы азыр ушунчалык актуалдуу болуп жатабы же президенттик шайлоого карата болгон даярдыкпы? Шайлоо алдында көп саясатчылар ушундай чоң маселелерди козгоп чыгышып, өздөрүн пиар кылгандары бар эле. Бул жолу да ошондой болуп жүрбөсүн? Ушу күнгө чейин канча саясатчы сайрап чыкты эле жабыш керек деп, ал гана эмес Орус өкмөтү да канча аракет кылды, бирок эч майнап чыкпады.
Эгер биз базанын кичине тарыхына көз чаптыра турган болсок, база 2001 жылы эки мамлекеттин өкмөт аралык келишимине ылайык ачылган. “Ганси” аталып калгандыгынын себеби, 11 сентябрда 2001 жылы болгон терракта, Нью Йорк шаарынын өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Питер Ганси өз кызматын аткарып жатып, ошо жерде каза болгон. Ошонун атынан “Ганси” аталып калган. Кийинчерээк 22 июнда 2009 жылы Транзиттик жүк ташуу борбору болуп өзгөргөн. Негизги максаты Ооганстанга аскерлерди, жүктөрдү, ар кандай тезника жана курал-жарактарды жеткирүү болуп саналат. Эң башында “Ганси” базасында 12 мамлекеттин аскер аба күчтөрү жайгаштырылган. 2009 жылдан кийин аскер аба күчтөрү көчүрүлүп, бул жакта жөнөкөй эле аскерлер кызмат өтөп калышкан.
Ал эми 2001 жылдан бери АКШ өкмөтү ижара акысын төлөп келишкен. Жаңы ачылган жылдары, тагыраак айтканда 2001 жылы биздин мамлекетке 2млн.доллар төлөшсө, 2005 жылы ынкылаптан кийин 40млн.доллар, ал эми 2009 жылдан тартып 150млн.доллар төлөп келе жатышат.
Бул базада биздин миңдеген жарандар эмгектенишет, ар кандай жумуштарда. Көптөгөн адамдардын социалдык абалы жа жогорулап калды. Базанын аркасы менен Кыргызстан эл аралык мамиледе кичине болсо да бедели көтөрүлүп келе жатат.
Бүгүнкү күндөгү кээ бир саясатчылардын базаны жабыш керек дегенине мен каршымын. Анткени жыл сайын бюджетке 150 млн.долларды бизге ким берет? Миңдеген жарандарды ким жумушка алат? Эмне үчүн алар Орустардын авиа базасын чыгарабыз дешпейт, алар америкалыктарга салыштырмалуу ижара акысын эки эсе аз төлөшөт.
Дагы кошумчалай кетчү нерсе, бүгүнкү күндө базанын жардамы менен Чүй облусунун кээ бир райондорунда бала бакчалар, мектептер, суу түтүктөрү оңдолуп жатат. Көп эле жакшы жактары бар бул базанын. Кыргызда сөз бар, биринчи чечим кабыл алаардан мурун “миң өлчөп, бир кессек” жакшы болот го.
Сүрөт Мирсулжан Намазалиевге тиешелүү. Материалдын автору Рысбек Арунов.








Акыркы пикирлер