Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: кыргыз тили

“Google Translate Кыргызча” долбоору
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 3 Jan, 2012 – 13:50 | No Comment

Бүгүнкү күндө интернет колдонуучуларынын көбү Google сайтын билсе керек. Ал сайт аркылуу керектүү маалыматтарды таппастан, каалаган сөздөрдү же болбосо тексттерди да которууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Google Translate аркылуу бизге керектүү маалыматтарды, Googleга киргизилген 56 тилдин каалаганына которо алабыз.

Долбоордун негизги максаты кыргыз тилин “Google Translate” кызматына киргизүү. Кийин кыргыз тилин дайым колдой турган интернет платформасын түзүү болуп саналат. Бул кызмат аркылуу жеке гана сөздөрдү, тексттерди которбостон, веб баракчаларын да которууга шарттар түзүлгөн.

Бул кызматта кыргыз тилинин пайда болушу, биздин тилдин сакталып калышына, анын өнүгүүсүнө чоң шарттарды түзүп бере алат. Башка тилдерде сүйлөгөн адамдар кыргыз тилиндеги ресурстардан маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Борбор Азия мамлекеттериндеги тилдердин арасынан эң биринчилерден болуп Google Translateке кыргыз тили киргизилип жатат. Бул кыргыз эли үчүн өтө сыймыктана турган жаңылыктардын бири.

Ушу убакытка чейин өкмөт жазабаган иштерди, күчтүү, билимдүү, кыргыздын патриот уулдары биригип, жакшы иштерди жазап жатканына алкыш айтышыбыз керек.

Кепти эми бул кызмат кантип иштээрине бурсак. Буга чейин бирдей маанидеги кыргызча жана орусча тексттер же сүйлөмдөр кошулса, азыркы убакта кыргызча жана англисче тилдеринде киргизилип жатат.

Анткени, кыргызча маалыматтарды француз тилине которобуз десек, ал маалымат биринчи орус тилине которулуп, анан англис тилине, акырында француз тилине которулат. Мындай учурда баштапкы маалыматтын кээ бир жерлери өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Ошого байланыштуу кыргыз-англис тилинде маалыматтар киргизилип, башка тилдерге которууда англис тили ортомчу болуп, башкы маалыматтын мазмунун толук сактап кала алат.

Мындан тышкары интернетке кирүүчүлөр, эгерде аларда кыргыз жана англис тилдеринде даяр маалыматтар бар болсо, анда алар өз алдынча сайтка кирип, ал маалыматтарды кошо алышат.

Ал үчүн www.enetil.kg сайтына кирип, катталып, долбоор кошуу деген бөлүкчөгө кирип, өзүңүздүн маалыматтарыңызды кошо аласыз. Бул видео аркылуу маалыматты кантап киргизүү керек экенин билсеңиз болот.

Бүгүнкү күндө системдеги баардык сөздөр 599,227 сөз, алардын 460,757 сөзү каралууда, ал эми 135,435 сөз киргизилген.

Бул долбоордун уюштуруучуларынын максаты 1млн.сөздү киргизүү болуп саналат, эгерде ошончо сөз киргизилсе, “Google Translate Кыргызча” долбоору толук кандуу ишке киргизилет экен.

Урматтуу окурман эгерде сиз бул долбоорго жардам берем десеңиз, даяр маалыматтарыңызды жогорудагы сайт аркылуу киргизсеңиз болот. Ал эми акчалай жардам бергиңиз келип жатса, шаардагы соода түйүндөрүндөгү Qiwi терминалдары аркылуу кирип, ал жерден “Google Translate Кыргызча” долбоорун таап, каалаган суммаңыздагы акча жүктөп колдой аласыз.

Эгерде билсеңиздер, акыркы жылдары кээ бир эксперттер кыргыз тилин дүйнө жүзүндөгү жоголуп бара жаткан тилдерге кошо башташкан. Биз өз тилибизди өнүктүрүшүбүз керек, улут өз тили менен улут – деп бекер айтылбаса керек.  Ошондо гана кыргыз тилин сактап кала алабыз.

Келгиле достор биргеликте эне тилибизди өнүктүрөлү.

Оштогу бир күн жана биринчи JashtarCamp2011
Written by Lazat, Monday, 12 Dec, 2011 – 3:19 | No Comment

20 ноябрда эртең менен саат 5те уйкудан зорго ойгондум. Дем алышта таң атпай туруу мен үчүн бир тозок десеңиз. Бирок, бул күнү боло турган Жаштар Кемпти эстегенде, атып эле турдум. Аэропортко автобус 6да Спорт Ордосунун жанынан кетмек. Шаша-буша кийинип, терезени карасам жаан жаап жатыптыр. Алдыда эң сонун күн күтүп турган. Андыктан, жаанга кабатыр болуу – мен эмесмин. Таксини эшиктен эле кармоону ойлоп, көчөгө атып чыктым. Ары-бери өтсөң “чоң кыз, кайда барасыз” деп тийишүүчү кырка бою тизилип турган таксистердин бири жок. Орустар “назло” деп коёт мындай учурда. Чоң жолдун аркы өйүзүндө турган таксилерди көздөй чуркадым. Көбүнчө кинолордо болгондой, караңгы, чоң көчө, жалгыз кыз… Анан эң коркунучтуусу ушул жерден башталат эмеспи. Алдымдан түнү бою уктабай “кутуруп” жүргөн мас бала чыкпаспы. “Чоң кыз” деп ээрчип алганда, жүрөгүм түшүп, жакынкы таксиге кантип жеткенимди аңдабай калдым. 5 каналдын алып баруучусу Марина Ким фейсбукка “Бишкекте мырктар көп” деп жазып койгонуна абдан жиним келген… Кээде жашооң көтөрүп жүргөн сотканын, фотоаппараттын баасы жана чөнтөктөгү акчанын көлөмү менен өлчөнүп калат эмеспи…Макул, бул тууралуу башка макалада…

Бишкектен Ошту көздөй Жаштар Кемптин катышуучулары, лекторлору жана уюштуруучулары болуп 40ка жакын адам учуп жөнөдүк. Башкалар күн мурун учуп кетишиптир. Учак 45 мүнөткө кеч кармалгандыктан, Жаштар Кемптин күн тартибин 30 мүнөткө жылдырууга туура келди. Ош мамлекеттик университетинин башкы залында бизди 400гө жакын катышуучулар күтүп туруптур. Зал жык-жыйма, бут коёрго жер жок. Ошентип, көптөн күткөн Жаштар Кемпти Каарман Кулуев “ачык” деп жарыялады. Кийинки сөз Эмил Уметалиевдин “Өлкөлүк башкача ой-жүгүртүү” деген дискуссиясына берилди.  Мындан кийин 4 аудиторияга 30 мүнөттөн бөлүнгөн презентациялар башталды.

Жаштар Кемпке спикер катары өлкөдө экономика, саясат, маданият жана башка тармактарда ийгиликке жетишкен адистер чакырылган. Спикерлердин алдына коюлган максат – региондогу жаштарды “жандандыруу” эле. Азис Абакиров, Гульнара Каликова, Бакай Жунушов, Мирсулжан Намазалиев ж.б.у.с ишмердүүлүгү менен көпчүлүккө таанылып калган ишкерлер жаштарга консалтинг, менеджмент, маркетинг жана ишкердүүлүк жөнүндө жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен айтып беришти. Интернетти жана социалдык байланыш түйүндөрүн кантип пайдалуу колдонуу жөнүндө да бир топ презентация өттү.

JashtarCamp – жыл сайын өткөрүлүүчү жаштардын маалымат жыйыны. Анын негизги максаты – жаштарды активдүүлүккө жана коомдук иштерге катышууга чакыруу. Бул жерде жаштар аларды кызыктырган темаларда өз ара пикир алышып, бул тармактарда эмгектенген адистер менен баарлашып, тажрыйба бөлүшүшөт. Мындай жыйындар өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген катышуучуларга өз ара тил табышып, келечекте кызматташууга жана бири-бирине жардам көрсөтүүсүнө көмөк көрсөтөт. Жаштар Кемп лекторлордун презентациясы жана чогуу талкуу менен гана чектелбейт. Ал жерде жаштар Ideas Market аттуу “идеялардын жарманкесинде” өз долбоорлорун жактап, каражат жактан колдоо алууга да мүмкүнчүлүгү бар. Тарыхка кайрылсак, эларалык жаштар жыйыны биринчи жолу 1945 жылы 29 – октябрдан 10 –ноябрга чейин Лондон шаарында Эларалык жаштар кеңешинин демилгеси менен өткөн. Ошондон бери, жаштар уюмунун эларалык бирикмеси дүйнө жүзү боюнча жаштарды бириктирген кыймыл борбору болуп калган.

Түшкү дем алуу убагында баардык катышуучуларга Оштун “Боорсок” деп аталган гамбургерин жана кола-фанта таркатышты. “Жергиликтүү калк” буга жана Жаштар Кемптин логотиби басылган сумка, ручка ж.б. көптөгөн Билайн компаниясынын белектерине ыраазы болуп отуруп калышты. Ал эми, бишкектиктер атагы алыска кеткен “Айдар-Ата” кафесиндеги аш менен самсыга шашылышты.

Түштөн кийин жергиликтүүлөр менен бишкектиктер жуурулушуп, бири-бирине сиңишип калды десе болот. Кээ бири Сулайман Тоого жөнөштү. Кээ бири бири-биринин колу- бетине сүрөт тартса, кээ бирлери университеттин короосунда сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп жатышты. Бирок, лекторлорду чоң кызыгуу менен угуп, мүмкүн болушунуча пайдалуу маалымат алууга ашыккандардын көп болгону кубандырбай койгон жок.

Жаштар Кемп өлкөнүн түштүк борборунда биринчи жолу уюшулуп жатканына карабастан, “ал өз максатына жетти” деп айтса болот. Бирок, аны уюштурууда жана өткөрүүдө кандай тоскоолдуктар жана кемчиликтер болгонун башкы жооптуу адамдар айта кетишти.
“Мектеп окуучуларын жана студенттерди Жаштар кемпке чакыруу үчүн биз бир топ иш-чараларды алып бардык. Буга чейин Жаштар кемп Бишкек шаарында гана өтчү. Ал жерде интернет аркылуу маалымат таратуу оңой жана тез. Бул жерде болсо, интернет колдонуучулары аз. Жалал-Абад, Баткен жана Оштогу бардык мектеп жана ЖОЖ дагы окуучулар жана студенттик уюмдар менен байланышып, алар менен тыгыз иш жүргүзүүгө туура келди”, – дейт Youth of Osh жаштар уюмунун жетекчиси Айжан Токтошева.

Жыйынга атайын Жалал-Абаддын Ала-Бука районунан келген Дөөлөт Таирбек уулу өз ара баарлашууда болуп жаткан кыйынчылыктар жөнүндө бөлүштү. “Мага кээ бир адамдардын орусча сүйлөп жатканы жакпай калды. Мен бул тилди жакшы билбейм. Кээде мен досторум менен алар эмне жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнбөй калып жаттык. Анан башка аудиториялардан кыргызча айтып жаткандарды издеп жаттык”, – деди эч нерсени жашырбай ал.

Катышуучулардын көбү алыскы райондордон келгенин жана орусча өтүп жаткан презентацияларга жана талкуулоорго активдүү катыша албай жатканын Айжан Токтошева да белгиледи.

“Башынан эле, мындай болоорун билгенбиз. Бирок, спикерлер көбү шаарда же чет жакта окушуп, кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алышпаарын айтышкан. Ага карабастан, алар алы келишинче кыргызча сүйлөөгө аракет кылышты. Кошумча суроолорго да жооп берип жатышты. Бул тажрыйба алардын жаштардан бир нерсе үйрөнүүсүнө түрткү болоор” , – деп кошучалады Бишкектеги Ишмердүүлүк Клубунун долбоорлор боюнча адиси Мирбек Токтогараев.

“Бизде күйүүчү май, газ же деңизге ачык жол жок. Бирок, бизде адамдардын ресурсу жана интернет бар. Ошондуктан, бүгүн бизге билимдүү, таланттуу жана алдына максат коюп, ага жетем деген жаштар керек”, – деген «Uniuque Technologies» тун директору Азис Абакировдун жаштарга болгон жалындуу кайрылуусу менен Жаштар Кемп “жабык” деп жарыяланды.

Ошентип, бул күн дагы соңуна жетти. Эми, мындай иш-чара өлкөнүн башка шаарларында да өтүп, баардык жаштарды бириктирсе деген гана үмүт бар.

Ош жергесинде болуп өткөн JashtarCamp 2011 «Сорос-Кыргызстан» фондунун, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин, Европалык Союздун өкүлгчүлүгүнүн жана башка бир катар эларалык уюмдардын колдоосу менен уюштурулган.

Жапон кыз кыргыз тилин 3 айда үйрөндү
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 16 Feb, 2011 – 9:53 | One Comment

JICA уюмунун ыктыярчысы кыргыз тилин үч айда үйрөнүп алган.

Биз качан кыргызча сүйлөйбүз?
Written by Асель Шабданова, Thursday, 25 Nov, 2010 – 13:10 | No Comment

Жакында филология илиминин доктору профессор Сыртбай Мусаев кыргыз тили мамлекеттик да, расмий тил катары да Кыргызстандын конституциясында жазылсын деген демилге менен чыгышып, Конституциялык Кеңешимесинин жана анын редакциялык коллегиясынын мүчөлөрүнөн турган мамлекеттик тил штабын түзүү боюнча чечим кабыл алды. Эгерде мурун кээ бир чиновниктер кыргыз тилин билбей эле орун ээлешсе, эми мындан кийин мындай көрүнүшкө жол жок болду.

Профессордун жана башка брифингдин катышуучуларынын ою боюнча, мамлекеттин жарандары үчүн кыргыз тилинин престиждүү болушуна биринчи кадам бул мамлекеттик ишмерлерди кыргызча сүйлөтүү. Ашарчылардын бүтүмү боюнча Кыргыз мамлекетинде бир гана кыргыз тили мамлекеттик тил маккамына ээ болушу жана башка тилдердин өнүгүүсүнө эч кандай тоскоолдук болбоосу керек делген беренелер жазылуусу үчүн күрөшөт.

Бул суроо, менин оюмча, ар бир жылы каралат. Жыйынтыгы болсо ар дайым иш-кагаздарын которуу, мамлекеттин ишкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирүү. Кантип өмүр бою орусча сүйлөп жүргөн адам бир күндө эле, закон кабыл алган соң, кыргызча сүйлөп жиберсин?Эмне үчүн аны биздин урматтуу депутаттар ойлонбойт? Read the full story »

Бизге кыргыз тилдин кереги жокпу?
Written by Гульсали, Friday, 4 Jun, 2010 – 9:47 | 8 Comments
Касым Тыныстановдун иштери текке кеттиби?

Касым Тыныстановдун иштери текке кеттиби?

Акыркы мезгилде кыргыз тилинин коомчулукка тийгизген  ролу, маани-манызы , ээлеген орду   тууралуу эл арасында  ар туркун  ойлор  жаралып  келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Ар кандай массалык  маалымат булактардан бири-бирине таптакыр туура келбеген ойлорду чагылдырган пикирлерди окуйсун.  Лингвисттер тобу,  кыргыз тили жоголуп кетуу  коркунучунун алдында  турат деп,  буга алдыртан кам коруубуз зарыл десе, кээ бири муну менен кыргыз элинин тил тагдырын чечууго болбойт , коом бизден эмнени талап кылса биз коомго жараша озгоробуз деп айтып келишуудо.

Ал эми биз кыргыз элинин откон тарыхына кайрыла кетсек, орус  баскынчылыгы кыргыз элин басып ала элегинде, кочмон эл азыркыдай корея, кытай,  англис, турк,  орус тилин суйлоп уйронуу тургай, болок элдин тилин небере-чоборолорум суйлоп калат деп,  уч уктаса да тушуно  кирген эмес эле да. Ал эми азыр болсо,  бала-чака, неберелерин орус, чет тилдерге озгочо басым жасап окуткан бала бакчадан баштап, кымбат мектеп гимназиялардын акчасына карабай берип окутуп жатышат.  Демек, бизге кыргыз тилдин кереги жокпу деген ойго жетеленесин.

Чет болгон тилдердин таасири

Орус тили болсо талашсыз байлыгы жана туркундуулугу дуйно таанымды кенитет, орус тили аркылуу илим-билимди, техниканы, медицинаны, маданиятты, деги койчу баарын билдик.  Бул болсо,  этникалык цивилизациянын  улуттук тил маселеге, салт-санаага   устомдук  кылып, кыргыздардын дуйно таануу, тил билуу, маданият  таануу аракети,  оз тилинин жоголуп кетуу коркунучун андабай калуу коопсуздугун жаратууда.

Англис  тилин оздоштуруу ишенимдуу, бул- чындык.  Дуйно жузунун копчулук болугу англис челенди,  ал тургай  коп калктуу  Кытай мамлекети бугун максаттуу турдо англис  тилин уйронуп жатышат, себеби аларга ири артыкчылыктарды берээрин жакшы тушунушот.

Эгерде,  биздин жаштар оз иштерине  тын болуп, оздорунун ийгилигин кааласа, анда мунун зарыл шарты болуп  англис жана орус  тилдерин кошумча оздоштуруу болуп саналат. Чет тилдерин уйронуу тил байытууга алып келет, мисалы копчулук создор чет тилдеринен келип (референдум, амнистия, инфекция ж.б толтура) биздин тилде суйлонуп келе жатат.  Бул алардын ан-сезим, дуйно таануусун  кенейтип, заманбап дуйнолук тенденцияларды сезе билууго  жана мезгилден артта калбоого мумукунчулук берет.

Маалымат кимдин колунда болсо дуйно ошонун колунда деп бекеринен айтылбайт. Ошондуктан улутту бир эле тил менен чектоого болбойт.

Кыргыз тили карьерага каршы

Айыл жергесинде болсо мейли, ал эми шаар ичинде орус тилин оздоштуруп алуу –  бул зарылчылдык, себеби шаар ичиндеги дээрлик  жумуш орундарын камсыздоочу тармактар, чакан ишканалар, 90% орус тилинде жургузулгондуктон,  айылдан  келген коп жарандар жумушка орношо албай,  айласыздан кара жумуштарга иштеп жан сактап  кетишуудо.  Бул нерсе б.а тил билбегендик,  алардын  айлык акысына  жана кызматтык карьерасына дагы чон тоскоолдук жаратууда.

Read the full story »