Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: кыргыз

Кыргызстандын жарандарына билим берүү кимдер үчүн пайдалуу!?
Written by Рысбек Арунов, Monday, 23 May, 2011 – 5:24 | One Comment

Кыргызстанда кайсы гана мамлекеттин окуу жайлары жок? Мисалга алсак, Кыргыз-Орус Славян Университети, Кыргыз-Түрк Манас Университети, Түрк лицейлери, Борбор Азиядагы Америка Университети жана башкалар. Ар бирин аты айтып тургандай эле ошол мамлекеттер каржылайт. Ошого байланыштуу, ар бир университет демөөрчүсүнүн саясатын колдошот.

Эгер Кыргыз-Түрк Манас Университети жөнүндө сөз баштай турган болсок, бул окуу жайы 1995 жылы 30 сентябрда борборубузда ачылган. Жеке эле Кыргызстандын булуң-бурчунан келген эмес, чет мамлекеттерден келген студенттер да көп окушат. Ал эми мугалимдердин 70%ын кыргыздар түзсө, 30%ын түрктөр түзүшөт. Окуу кыргыз, түрк, англис тилдеринде өткөрүлөт. Борбордогу башка окуу жайларына салыштырмалуу өзгөчөлүгү студенттер бекер окушат. Жана ай сайын окуганына жараша стипендия алышат.

Манас университетинин негизги максаты болуп биргеликте эл аралык стандартка жооп бере турган билим берүү системасын түзүү. Демократиянын баалуулуктарын жана адам укуктарын сактоо менен азыркы учурдун талабына ылайык жаш муунду тарбиялоо.

Ал эми түрк лицейлерин карап көрсөк, ар бир областта бирден, кээ бирөөндө экиден болуп, баш аягы 14 лицей бар. Манас университетинен айырмаланып, лицейлерде акча төлөп окушат. 15 миң сомдон 1500 миң америка долларына чейин жетет.

Ушул долбоорлорду ишке ашырыш үчүн Түрк мамлекети 1995 жылдан баштап 350 млн.доллардай каражат сарптаган.

Бүгүнкү күндө көптөгөн эксперттер айтып жатышат, Туркиядан келген мугалимдердин көбү, сабактан кийин окуучуларга дин тууралуу ар кандай окуу материалдарын, видео тасмаларды мажбурлап окууга, көрүүгө үндөйт деп айыптап чыгышты. Ошондой эле Айат гезитинин 16 майда чыккан санында “Түрк лицейлери маалыматтык чабуулга кабылды” деген маалыматына таянсак, анда белгилүү түркиялык динаятчы Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы Түрк лицейлеринде эмгектенээри айтылган. Бул чуулгандуу иш жөнүндө да бир нече орус басылмалары басып чыгышкан.

Ал эми Өзбек бийлиги бүт түрк лицейлерин жапкан. Бүгүнкү күндө ал жерде бир дагы лицейди табууга мүмкүн эмес. Анткени мугалимдердин көбү дин тууралуу маалыматтарды таратат деген негизде жабылган.

Орус мамлекетин алып көрсөк, алар дагы түрк тилдүү республикаларында лицейлердин болуусун каалашпайт. Анткени, түрк тилинде билим берүү улуттук жана диний маанайды күчөтөт жана орустардын билим берүү системасына терс жактарын тийгизет деп айыптап чыгышты. Ошол эле убакта Орус бийлиги Борбордук Азия чөлкөмүндө жакшы иштелип чыкпаган, билим берүү саясаты начар окуу дайларын ачып жатышканда, Түрк бийлиги мектеп убагынан баштап жүргүзгөн саясатч менен утуп жатат.

Аягында жыйынтыктап кетчү нерсе, түрк тилдүү мамлекеттер менен жакын карым-катнашта болгон Түрк мамлекети үчүн эл аралык мамиледе беделин көтөрбөй койбойт. Ошондуктан Түрк бийлиги экономикалык  жана билим берүү жактан көп жылдык саясатынын жүргүзүү себеби, биздин өлкөдө түрк саясатын колдой турган жаш жарандарды түзүү.

Түрк мамлекетин  Орус жана Кытай мамлекети менен салыштырып болбойт, муну түрктөр жакшы түшүнүшөт. Кыргызстанда Орус бийлигинин жүргүзгөн саясаты менен да тең келе албайт. Бирок алардыкы көп жылдык саясатын жүргүзгөндүгүнө байланыштуу, качандыр бир убакта орустардын саясатынын солкундашынын негизинде, алардын ордун толуктагысы келет.

Биз кайсы диндебиз?
Written by Асель Шабданова, Friday, 11 Mar, 2011 – 19:22 | 6 Comments

Кичинекей кезибизде тиш түшкөндө: ” Жаман  тишимди сен ал, жакшы тишиңди мага бер”,- деген сөздөр менен күчүккө бергенибиз,же идишти сындырып алганда,аны баштан үч жолу тегеретип туруп, түкүрүп  ыргытканыбыз ар бирибиздин  эсибизде болуш керек. Дегеле теңирчиликтин ырым-жырымдарынынын көп түрлөрүн  биз байкабай эле аткарып жүрөбүз. Менин оюмча, бул накта кыргыздардын тарыхый идеологиясы ген аркылуу  тукумдан тукумга берилет.  Эмнегедир, акыркы маалда коомдо кеңири тараган исламга караганда, теңирчилик  жан-дүйнөмө  жакын. Ата-бабаларыбыздын дини, анын ислам  менен мамилеси  жөнүндө айтып кетсем.

Биринчиден, терминдин этимологиясы жөнүндө коомдук ишмер, кыргыздардын тарыхын изилдөөчү – Дастан Сарыгуловдун айтымы боюнча, “теңир” деген сөз “тең” жана “ири” деген сөздөрдөн түзүлөт да, чексиз теңдик дегенди билдирет. Кеңирирээк айтканда, жашоодо баардык нерсе -  жакшылык – жамандык, аял- эркек, кедей -бай, жаратылыштагы процесстердин баардыгы тең баланста болуш керек. Конфуцианстводогу инь жана ян концепциясы туура келет.  Ар бир нерсенин баркын билүү үчүн анын тескерисин көрүү зарыл, ак карасыз болбойт. Чыгыш культурасын көпкө чейин басынткан Европада 18 кылымда гана Гегель Г. карама-каршылыктардын биримдиги жана каршылыктары жөнүндө диалектика теориясын жаратат. Ошону менен бирге, байыркы кыргыздардын жаратылыш менен болгон зор байланышты айтып кетүү зарыл. Кыргыздар өздөрүнун пайда болушу жөнүндө: “биздин атабыз- нур, энебиз-жер, каныбыз -суу, жаныбыз- аба”,- деп эсептешкен.

Жашоо – жол, жакшылык жана жамандыктарды кездештирген, башкысы – эмнени тандаарың.  Бир жерден экинчи жерге көчкөнү – жерди эс алсын, күчкө кирсин дегени, майда болобу, чоң болобу, тирүү жанга аяр мамиле кылган. Азыркыга чейин, жаш балдар “Биз нурдан жаралдык” деп, ал эми элде Жер эне деген сөздөр кеңири таралган.  Дагы бир теңирчиликтин ток этээр жери-  баардык нерсенин башталышы жана аягы бир, же убакыттын кайталана турган касиети. Менимче,  жашоого мындай көз карашты эч ким бизге үйрөтпөсө дагы, теңирчиликтин биздин аң-сезимибизге терең сиңилген. Бугүнку күнгө чейин ыйык сууларга жалынуу, бактарга чүпүрөк таңуу, арбактардын колдоосуна ишенүү, адамды аттап өтпөө, түндөсү тырмактарды кесип албоо, боюнда бар аял чачын кеспөө ж.б. адаттарды кыргыз эч качан бузбайт. Негизи, “бакшы” деген сөз “жакшы билген” дегенди түшүндүрөт.

Read the full story »

ӨЛКӨДӨ КӨЗ-КАРАНДЫСЫЗ СОТ СИСТЕМАСЫН КАНТИП ТҮЗҮҮ КЕРЕК?
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 19 Feb, 2011 – 6:42 | No Comment

Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту сот системасы, анын канчалык көз карандысыз абалы укуктук жана цивилизациялуу мамлекеттин өнүгүү деңгээлин көрсөтүүчү маанилүү бир тармагы деп эсептейт. Жарандардын,о.э. мамлекеттин экономикалык, социалдык жана саясий абалына олуттуу таасир этүүчү ишкерлик кылуу субъектилеринин укуктары менен эркиндиктеринин сакталыш сапаты сот системасынын сапатына жараша болот. Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын укуктарын коргоодо, о.э. мыйзам алдында баарынын укугу бирдей, соттун чечимине ар бир адам толук ишенет деген талапка негизделген шарттагы коопсуз коом курууда сот системасы ишенимдүү жана адилет калканч болууга кызмат кылышы керек.

КӨЙГӨЙ

Биринчи кезекте соттук-укук системасында азыркы учурдагы негизги көйгөйдү белгилеп алуу керек, тактап айтканда:

  • сот органдарынын бир топ натыйжасыз иштөөсү (кабыл алынып жаткан көптөгөн чечимдердин, аныктамалардын,өкүмдөрдүн адилетсиздиги) булардан башка төмөнкү шарттар менен коштолгон:
  • судьяларды шайлоо, дайындоо жана кызматтан алуу системасынын жетишсиз натыйжалуулугу
  • соттордун бийликтин башка бутактарынан белгилүү деңгээлдеги көз карандылыгы
  • жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин өтө эле көптүгү
  • соттордун коррупцияланышы, элдин ишенбеши жана кадрдык проблема.

Көпчүлүккө жеткиликтүү болуш үчүн төмөндөгү сунуштар негизги эки маселени чечүүгө багытталат:

  1. Бийликти бөлүштүрүү жана соттордун көз каранды болбоо принциптерине ылайык сот системасынын тийиштүү деңгээлде иштөөсү үчүн шарттарды түзүү.
  2. Жергиликтүү соттордун судьяларын шайлоо механизмин реформалоо.

ЧЕЧИМ:

1. Биздин сунушта жергиликтүү соттордун судьяларын судьялар Кеңеши менен алдын ала макулдашылган соң жергиликтүү Кеңештердин сунуштамасы боюнча Президент (дайындоодон баш тартуу укугу болбогон) дайындап жана иштен алуу сунушталат. Анткени жергиликтүү Кеңештердин депутаттары өз районундагы судьялардын ишин жакшы билишет, ошол аймактын элинин кызыкчылыктарын жактаган соң, жергиликтүү соттордун судьялыгына татыктуулардын шайланышына алардан өткөн кызыкдар адамдар жок. Судьялар Кеңешинин үчтөн бири (жаңы Конституциянын долбоорунда ушундай сунушталган) соттордон тургандыктан, алар жергиликтүү соттордун судьялыгына сунушталып жаткан талапкердин кесиптик жогорку компетенттүүлүктө болуусун көзөмөлдөйт.

Read the full story »

Кыргыз хоккейчилери Казакстандагы VII Кышкы Азия оюндарында кичи алтын медалын утуп алышты
Written by adilet, Tuesday, 8 Feb, 2011 – 21:17 | No Comment

Астана-Алматада өткөн 7-Кышкы Азия оюндарында шайба хоккейи боюнча Кыргызстандын курама командасы 4-февралда  өзүнүн акыркы оюнун ойноп, Кувейт курамасын 15-4 эсеби менен женип, өздөрүнүн дивизионунда кичи алтын медалын утуп алышты. Бул кичи алтын медал дегенибиз, бул эстелике гана бериле турган байге. Эске салып кетсек, Кышкы Азия оюндарында хоккей 2 дивизионго бөлүнүп (топ-дивизион жана премьер-дивизион) биздин хоккей боюнча курама командабыз премьер-дивизиондо ойношту. Ошон үчүн биздин хоккейчилер кичи алтын медалды утуп алышты жана бул дивизиондо медалдар берилбейт. Кийинки Кышкы Азия оюундарында биздин хоккейчилер топ-дивизиондо ойношот анан ошондо гана накта алтын медалды утуп алышат деп үмүттөнөбүз.

Айтып кетсек, шайба хоккейи боюнча Кыргызстандын курамасы 6 оюн өткөрүп, баардыгын утуп алышкан. Буга чейин 28-январда Кыргызстандын курамасы Тайланддын оюнчуларын 15:4 эсебинде жеңип алган. 29-январда Бириккен Араб Эмиратынын хоккейчилери менен беттешип, мелдешти 14:0 эсеби менен утуп чыгышкан. 31-январдагы үчүнчү беттешүү Монголиянын командасы менен болуп, аларды дагы 13:3 эсебинде жеңип алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Алмазбек Касеновдун билдиргенине караганда, шайба хоккейинен монголдор негизги атаандаштардын бири болчу. 1-февралда кыргызстандык хоккейчилер Малайзиянын командасын 23:2 эсеби менен, 2-февралда Бахрейин өлкөсүнүн хоккей командасын 15:10 менен, 4-февралда Кувейт мамлекетинин хоккейчилери менен таймашышып 15-4 эсеби менен женип алышкан.

30-январда президент Роза Отунбаева Кышкы Азия оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчулар менен жолугушкан. Иш сапарынын алкагында президент Роза Отунбаева Астанадагы 7-Кышкы Азия оюндарынын расмий ачылышына да катышты.

Кыргызстандыктар кышкы Азия оюндарында биатлон, лыжа жарыштары, шайба жана топ хоккейи жана спорттук ориентирлөө түрлөрү боюнча мелдешке катышышты.

6-февралда 7-Кышкы Азия оюндары аякталып, Казакстан курама командасы утушкан медалдары боюнча 1-орунга чыгышып, Кышкы Азия оюндарынын женген медалдары боюнча жаны рекорд коюшту. 2-орунга Япония, 3-орунга Корея чыгып, Кыргызстандын курама командасы 27 мамлекеттин арасынан 7-орунду ээлешти. Болгону бир коло медалды топ хоккейи боюнча биздин курама командабыз утуп алышты. Бул таймашта 3 мамлекеттин курама командылары ат салышып, биздин спортчулар эки командага утулуп, коло байгеге ээ болушту.

Бул тармактагы коррупцияны жоготпосо биздин спортчуларыбыз жакшы ийгиликтерге жетише алышпайт деп ойлойм. Биздин спортчуларга жеништерди гана каалап кетет элем.

Бурулча – Эркиндиктин Символу
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 27 Jan, 2011 – 4:21 | No Comment

Кыргыз маданият борбору Кыргызстандагы эң популярдуу болгон Супер-Инфо гезитинде Бурулча тууралуу чыккан макаланы жарылашкан экен. Абдан кызыктуу болгондугунан, бул жерге чыгарууну дагы эп көрдүм. Кыскача айтканда, Бурулча кыздын тарых-таржымалын жалпак тилде айтып берген.

Эркек башкарып, эркек буйрук кылып келген кыргыздарда аялзаты канчалык мыкты, акылы тунук болбосун, алдыга чыккан эмес. Антсе да тарых барактарында эрдиги менен Жаңыл баатыр, сулуулугу менен Ак Мөөр, акылмандыгы менен Курманжан датка, тайманбастыгы, өнөрпоздугу менен Бурулча чоң из калтырышкан.

Бурулча тууралуу ар кандай эротикалык ырлар да кыргызга кеңири жайылган. Алардын бир варианты менен өткөн сандарда тааныштырганбыз.
Анда сөз Бурулча тууралуу болмокчу.

ЭРКЕК УУЛДАЙ КӨРҮП…
Карт тарыхка үңүлсөк, Бурулча Осмонбек кызы Ысык-Көлдүн Ой-Булак деген жеринде (азыркы Ой-Тал) бугу уруусунун беш ата алдаяр уругунан чыккан кыз болот. Демек, Бурулча бугу уруусунун кызы болгон. Кичинесинен атасы Осмонбек жайчы (жайчы – жылдыздарга карап жыл санак кылып, жылдын оош-кыйышын алдын ала айткан киши) Бурулчаны эркек баладай кийинтип, атына өңөрүп, эрке өстүрөт. Жердин өңүтүн, табияттын сырларын атасы менен жүрүп билсе, ашка-тойго, эл чогулган топко кичинесинен барып жүрүп жез таңдай ырчылар, жомокчу, жамакчы, чоорчу-комузчулар, уста, зергер, уздарды да жакшы билип, өнөргө эрте каныгат.

Акылман энеси кызы 12ге чыкканда кыз кийимин кийинтип, аялдык жатык мүнөзгө, үй-тиричилик жумуштарын жасаганга үйрөтө баштайт. Акылмандыгы, уздугу бул жакта калып, кыз оюндарга катыша баштаган Бурулчанын күү сызылтып ооз комуз какканы, тилинен бал тамызып сөзүн таптап айтканы узун элдин учуна жетет.

Көчмөн калкта сулуу кыз, өнөрлүү адамды бир көрүү үчүн ашуу ашып, суу кечип көрүп кетүү салты бар эмеспи. Бурулчанын даңкы далайга жетип, аны бир көрүүнү дегдегендер көп болот. Анын ырлары, күүлөрү ооздон оозго көчүп, акыры нике кайып Телгара деген эл бийлеген адамга буюрат.

АШЫКТЫК ЖАНА АРМАН
“Менин атым Бурулча, мейли салтың бузулса” деген, эркектерден калышпаган, эр көкүрөк деми бар, табиятынан эркин тарбияланган Бурулча турмушка аргасыздан чыккан. Атасындай болгон Телгарага жаштык көңүлү толбой жүргөн кезде кыз оюндарынын биринде Баатыркан аттуу жигитке көзү түшөт. Көкүрөгү өрттөнгөн келиндин махабатын эч ким токтото албайт.

Read the full story »

Мамлекеттик кызматкерлер бизнесте!
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 25 Jan, 2011 – 5:00 | One Comment

Мындан туура 5 жыл мурун бир кызыктуу үй-бүлө менен таанышып калдым. Алардын чыныгы атын атабай эле коеюн, күйөөсү да, аялы да мамлекеттик кызматта иштешет. Үйүнө конокко барсам, үйү аябай кооз, чон салыныптыр. Жашы 50 дөн ашкан өзбек улутундагы киши тосуп чыкты. Мен аны үй-кызматкер деп ойлогом, бирок ал киши бул үй-бүлөнүн жеке ашпозчусу экенин кийин билдим. Тамакты түрлөп укмуш сонун жасайт экен. Булар аялы күйөөсү экөө тең мамлекеттик кызматта иштешсе, кантип тың жашоого жетишкен деген ой кеткендир сиздерде.

Алия эженин айтымында, ошол кезде, анын айлыгы 1300 (бир миң үч жүз) сомду түзүп, эч нерсеге жетпейт, күйөөсүнүкү бул суммадан бир аз эле айрымаланат. Алия эже маданият тармагында иштегендиктен, борбордо өтө турган концерттерге уруксат алуу алардын бөлүмү аркылуу өткөндүктөн, оюна бир бизнести баштоо келет. Алгач ал полиграфиялык центр ачууну чечет. Полиграфиялык борбордун жабдууларын кредит алып, ишкананы ачат. Ошол кезде, бул тармак эми эми өнүгө баштаган кези эле. Жумушуна байланыштуу бүт ырчы-чорчулар менен жакшы таанышта болгондуктан, аларга жаңы ишканасынын кызматын сунуштоо кыйынчылыкка турган жок. Ошентип бат эле полиграфиялык борбору жакшы киреше таба баштайт. Бизнеске кызыгып кеткен Алия эже, экинчи бизнес долбоорун ишке ашырат. Ал айылда жумушсуз жүргөн 15 ке жакын жаштарды борборго алып келип, алардын жашай турган жайын, тамак ашын, кийим кечесинен бери даярдап берет. Ал эми ал жаштар болсо, ырчылардын жарнактарын, башка компаниялардын жарнактарын көчөлөргө илип, убактысы бүткөн соң кайра тазалап чыгышат. Бул кызмат үчүн жакшы киреше түшөт. Азыркы убакта, Алия эже мамлекеттик кызматтан кетпей эле, бизнесин чогуу алып кетээрин айтты.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 17 миң, 829 адамды түзөөрү белгилүү, жогоруда мен айткан үй-бүлө бир эле мисал. Мындай мисалдар толтура. Кыргызстанда мамлекет тарабынан жеке ишкерлик кылууга жеңилдиктерге караганда тоскоолдуктар көп экени белгилүү. Бир эле мисал, мурун жеке ишкерлердин жумушун бир эле Финансылык полиция кызматы гана текшергенге укуктуу болсо, азыр жаңы өкмөттүн келээри менен мындай укук ИИМге, Улуттукк коопсуздук кызматына, Башкы прокуратурага да берилди. Бул деген, менимче корррупцияга чоң жол ачкандык. Эгерде бизнеске толук эркиндик берилгенде Алия эжге окшогондор баш оту менен бизнеске киришип, мамлекетибизге чоң пайда алып келмек. Сиздер кандай ойлойсуздар?

Башкырлардын кыргыз уруусу
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 21 Jan, 2011 – 13:14 | No Comment

Клооптогу эң популярдуу кыргызча “Кыргыз маданияты” блогунда бүгүн кызыктуу видеоматериал чыкты. Ал жерде, башкыр (башкир) улутунун “кыргыз” уруусу тууралуу орусча жакшы сюжет бар экен.

Башкырлар – түрк тилдүү калктардын бири. Тили жагынан татарларга окшош, негизинен Орусияда жашашат. Аларда “Кыргыз” аттуу уруу бар. Анда эмесе, төмөнкү видеого күбө болойлу.

Кянизяк- Манас менен Чыңгыз хандын тукуму
Written by Асель Шабданова, Tuesday, 11 Jan, 2011 – 14:22 | No Comment

Ак-Бука менен Кянизяктын күмбөзүАк-Бука менен Кянизяктын күмбөзү

Кыргыз элинин тарыхындагы эң залкар инсаны – Манас менен монгол элинин башчысы Чыңгыз хандын ортосунда байланыш бар экени мен үчүн таң калаарлык болду. Ошондуктан, мен төмөнкүдө ошол окуяны айтып берейин деп ойлодум.

Манастын кырк чоросунун бири, замандашы, биринчи манасчы Жайсаңдын айтымы боюнча, Манас бабабыздын 19 гана мууну болгон. Эпостон бир аз маалымат. Ала-Тоодогу кыргыздардын эр жүрөк, акылман Ногой ханы каза болгондон кийин кытай эли кысым көрсөтүп баштайт. Ногойдун тукумдары ар кайсы тарапка бөлүнүп кетишет. Ал эми эң кичүү уулу Жакып Алтайга сүрүлүп, көп жыл калмактар менен жашаганга мажбур болот. Ал жерде жер айдап, алтын издеп дүнүйө кылып, бай болот.

Жакыптын улуу агасы үйлөнгөндөн кийин бир ай өтпөй эле каза болгондуктан, Шакан (Батмазуура) аттуу жеңесин алат. Өлгөн тууганынын аялына үйлөнүү илгерки кыргыздар үчүн жайылган көрүнүш болгон. Себеби, биринчиден кыз үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калган, экинчиден, кызга берилген калың, түз айтканда, кызды сатып алууну билдирген. (Эгерде, кыздын ата-энеси алып кетүүнү каалашса, калыңды эки-уч эсе төлөп гана алып кетүүгө укуктуу болгон). Жакып Чыйыр агасынын урматына аялын Чыйырды деп атайт. Ошентип, жашы улгайып калганда, болжолдуу 670-жылы баатыр балалуу болот. Манас, Жаңсай манасчы айтымы боюнча, элүү төрт жыл жашаган. Муундан муун болуп, он алтынчы тукуму Бука эмир деген зор комузчу болот. . .

Read the full story »

Төө жана жамбаштаган кыргыз
Written by Асель Шабданова, Saturday, 27 Nov, 2010 – 11:58 | No Comment

Илгерки кыргыздардын жашоосунда төө абдан чоң орун ээлеген. Ал 300-400 кг көтөрө алгандыктан, 45 күндөй суусуз жүрө алгандыктан көчүүлөрдө эң мыкты жардамчылардын бири болсо да, кыргыздардын ар кандай оюндарында катышкан. Ошондуктан “Кыргыздардын шаан шөкөттөрү” аттуу орус тилиндеги китептен төмөнкүдөй маалыматты кыргыз тиленди чыгарууну чечтим.

Төө сатуу. Бул шайыр көңүл ачуу эркектер менен уюштурулган. Эки катышуучунун бири оозуна кичине ун салып чайнап, төөнү аткарган. Экинчиси “төөнү” жүгөнүнөн жетелеп “Төө сатам” – деп айылды бакырып кыдырган. Жолуккандардын бири сөзсүз оюнду колдоону көздөп, колго түшкөн да “төөнү” сатып алууга макул болгон. Аны сынап жатканда, ал көнгөндөй тиштерин көрөйүн дегенде ундан жасалган түкүрүктү беткэ жеген. Бул көрүнүш көрүүчүлөрдү аябай кубаткан.

Кээ бир тарых булактары маалымдаганы боюнча мындай тарыхый маалымат кызыктуу болуп көрүнөт: “Эркектер аялдарга караганда азыраак болчу.Эркектер кулагында сөйкө тагышкан. Алар сыймыктуу жана туруктуу.Айкөлдөр колуна ийне менен чегип сүрөт тартышкан,аялдары турмушка чыккан соң, мойнуна сүрөт чегишкен.Эки жыныс тең бөлүнбөй жашашат,ошондуктан бузукчулук көп”. Мүмкүн ак чөлмөк,бет тиштемей, бел боо, төө чечмей оюндары ушундан башталат.

Read the full story »