Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: маданият

Маданияттын туу чокусуна качан жетебиз?
Written by Рысбек Арунов, Friday, 7 Oct, 2011 – 16:00 | No Comment

Коомдук жайлардан, эс алуу, сейилдөө парктарынан, коомдук транспорттон азыркы жаштардын сөгүнүп-сагынып, отурган жерлерине түкүрүнүп, улууларды көзгө илбей калганын байкасак болот.

Маданият десе эле театр, опера, концерт ж.б.түшүнө бербөө керек. Бул жерге өзүн-өзү алып жүрүү, сүйлөө, тамак ичүү, кийинүү ж.б.киргизүүгө болот.

Чоң чоң шаарлардын өсүшү менен өзүнүн маданияттуулугун жоготуп бара жаткан жаштар көбөйө баштады. Шаардын жашоосу салт-санаанын, үрп-адаттын жоголушуна чоң шарт түзүп берет. Баардык адамдар күнүмдүк жашоосу менен алп урушуп жүрүп, жөнөкөй эле салттын түрлөрүн унутуп койгон учурлар көп кездешет.

Батыштын кино, музыкаларын угуп, алардын жүрүм-турумун туурап, кийингенин туурап, өзүбүздүн ким экенибизди да унутуп бара жатабыз.

Азыркы жаштар биздин улуу жазуучулардын чыгармаларын эч билишпейт, ал эми батыштын ырчыларын, актерлорун сурасаң, уктап жатып да айтып бере алышат.

Театр, опера жана балет, сүрөт көргөзмөлөрүнө барсаң, жалаң улгайган адамдарды көрүүгө болот. Жаштарды анда-санда гана кездештиргө болот.

Акыркы учурдагы жаш ырчылардын ырларынын маанисин уксаң, эми жөнөкөй эле сөздөр менен жазылган, арасында уят сөздөрдү да кошуп ырдап жатышат. Ушу биздин маданиятыбызбы? Ошондой ырчыларга биздин өкмөт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти же маданият ишмери деген наамдарды ыйгарып жатышат.

Мындай ырчылардын ырларын электен өткөргөн эч ким жокпу бизде? Же бизде баардыгы акчага сатылып калганбы? Ушунтип отурсак кайдан маданияттуу болобуз?

Мамлекетибизге келген туристтер маданий борборлорду толук көрүүгө шарттар түзүлгөн эмес. Көбүнүн эскилиги жетип, урап түшөйүн деп калган. Өз убагында оңдөп түзөө иштери жүргүзүлбөй келет.

Мамлекет боюнча 583 эстелик республикалык каттоодо турса, 1269 эстелик жергиликтүү бийликтердин каттоосунда турат. Булардын 90% оңдоп түзөөгө муктаж. Ушу убакка чейин эки гана эстелик реставрацияланса, ошого кеткен чыгымдарды ЮНЕСКО уюму жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги каржылашкан.

Мындан тышкары канча китепкана, театр, клуб ж.б.маданият мекемелери бар республика боюнча. Алар да реконструкцияга муктаж бүгүнкү күндө.

Музыкалык окуу жайлары да заманбап мызыкалып аспаптардын жана мугалимдердин жоктуганан, бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли төмөн болуп, мааниси жагынан начар ырларды жазгандыгынын себеби да ошондон.

Жалпысынан айтканда мамлекет маданият тармагына көп көңүл бурбай калды. Жардам сураса эле каражат жок деп, эки иинин куушуруп келет. Ошонун айынан аз жерден Манас эпосубузду кытай элине тарттырып жибере жаздадык.

Бул тармакка мамлекет чындыгында көп көңүл бурушу зарыл. Маданиятсыз, элдин аң-сезими эч качан жогору болбойт.

Кыргыз Республикасындагы сейрек кездешкен жаныбарлар
Written by adilet, Monday, 20 Jun, 2011 – 14:12 | One Comment

         Кыргыз Республикасында азыр жоголуп бара жаткан жаныбарлардын саны жылдан жылга азайып бара жатат. Бул маселеге жаш муундар азыр көңүл бурбасак, келечекте бул жаныбарлар такыр эле жоголуп, айлана – чөйрөнүн бузулушуна алып келет. Кыргызстандагы биотүрдүүлүк региондогу эң ири түрдүүлүк болуп эсептелет жана климаттык ыңгайланышуу менен мөңгүдөн баштап субтропиктик жана мээлүүнгө чейинки экосистеманы түзөт. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак,  аймагы дүйнөлүк кургактыктын 0,1 пайызын гана ээлегенине карабай, Кыргызстанда баардык түрлөрдүн 1 пайызы жайгашкан жер болуп саналат. Кыргызстанда гана табылган жергиликтүү түрлөр  жана анын түркүмдөрү 200дөн ашык өсүмдүктөрдү, 3000ден ашык омурткасыздарды жана 17ден ашык омурткалуу, 47 субэндемикалык омурткалууларды өз ичине камтыйт. Кыргызстан кээ бир сейрек кездешкен  жаныбарлардын (мисалы Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу жана сибир аркары) жашоосу мөңгүлөр менен тыгыз байланышкан жана жоголуп  бара жаткан ак илбирстин мекени болуп эсептелет.

         Азыр биздин өлкөдө жоголуп бара жаткан жаныбарлар мыйзам түрүндө корголот. Бул жаныбарлар кызыл китепке киргизилип, аңчылыка тыю салынган. Дегеле айлана – чөйрөнү коргоодо кызыл китептин мааниси зор. Себеби, аны жаратылышты коргоо боюнча жобо деп атасак болот. Кызыл китепке кирген жаныбарлар, курт-кумурскалар жана өсүмдүктөрдү Кыргызстандын баардык жарандары сактоого милдеттүү. Кызыл китепке киргизилген жандыктар менен өсүмдүктөр жергиликтүү экология кандай абалда экенин көрсөтүп турат.

         Биринчи кызыл китеп 1985 – жылы жарык көргөн. Эл аралык жоболор боюнча кызыл китеп ар беш жыл сайын чыгарылышы керек. Бирок Советтер Союзу кулап, жаңы эгемен мамлекет курулуп жаткан кезде экологияга эмес, башка көйгөйлөргө деле көңүл бурууга өкмөттүн күчү жетчү эмес.  Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик орган да бирде түзүлүп, бирде башка мекемелерге кошулуп отуруп, кызыл китепти чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө колго алынбай калган. 2005 – жылы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Андан көп өтпөй, кызыл китепке кирчү жандыктардын тизмеси Өкмөттүн жобосу менен бекитилген. Бирок кызыл китепти чыгарууга каражат табылбай, акырында бул китеп үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы токойлорду сактоо боюнча атайы программа 20 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бул китепте сейрек кездешкен Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу, сибир аркары, ак илбирс, кызыл карышкыр, ителги жана башка өңдүү жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 202 түрү кирген. Салыштырып көрсөк, кызыл китептин биринчи чыгарылышында бул сан эки эсеге аз.

 

Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын жоголуп бара жаткан себептери

  • Биринчи себеп катары аңчылык десек болот. Анткени, Кыргыз Республикасы боюнча аңчылык абдан эле өнүккөн. Эгерде кызыл китепке кирген жаныбарларды кимдир бирөө атып өлтүрсө мамлекет тарабынан бул кишиге чоң суммадагы айып салынып, же кээ бир учурларда эркинен ажыратылат. Бирок, мындай чаралар деле азыр жардам бербейт деп ойлойм. Анткени, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жогору болгондуктан оной эле акчанын жардамы менен кутулуп кетишет. Кээ бир учурларда илбирсти атып салган адамга болгону 10 миң сом айып салынат экен. Бул тармакта биздин парламент мыйзамды өзгөртүп, чечкиндүү чечимдерди кабыл алышы керек.
  • Мөңгүлөрдүн эриши. Кыргызстандын мөңгүлөрү глобалдык жылуулуктан улам эрип бара жатат деп билдиришет окумуштуулар. Бул арада серепчилер мөңгүлөрдүн азайышы Кыргызстандын суу, энергетикалык катастрофасына жана анын суусуна көз каранды болуп  ылдый жакта коңшу жайгашкан мамлекеттердеги жергиликтүү экосистема, өсүмдүктөр жана жапайы жаратылыш дүйнөсүнүн олуттуу бузулуусуна алып келүүсү мүмкүн деп алдын ала эскертишет. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр эч нерсе болбосо да, кээ бир түрлөрдүн жок болуу коркунучу бар. Өлкөдөгү Ысык-Көл көлү  биотүрдүүлүккө ээ болгон эң белгилүү областтардын бири болуп эсептелет. Кыргызстандын түндүгүндөгү Тянь-Шань тоолорунда 1600 метр бийиктикте жайгашкан көл дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн бийиктиги боюнча экинчи орунда турат. Андан суу агып чыкпайт жана дарыялар келип куят. Дарыялардын суулары болсо негизинен мөңгүдөн келет. Көлдө жыйырмадан ашык балыктын түрлөрү бар деп эсептелген. Көлдүн айланасындагы ар түрдүү ландшафта жаныбарлардын ар кандай түркүмдөрү жашайт. Бул ланшафт кургак тарткан жарым чөлдөн тартып тоо кыркаларына чейин кетет. Тянь-Шанда  4000ден ашык ар  түрдүү жергиликтүү өсүмдүктөр өсөт. Көлдүн өзү келгин куштардын аялдамасы болуп эсептелет, 80 миң суу кушу анын айланасында кыштоо үчүн чогулат. Мөңгүлөрдүн эриши  менен көлдүн экосистемасын дагы коопсуздукка салуусу мүмкүн. Көлдүн суусунун деңгээли акыркы он жылда муздардын эриши менен өзгөргөн.

Келечекте айлана – чөйрөнү сактап калыш ар бир атуулдун милдети деп эсептейм!

Кыргыздардын үйлөнүү үлпөт салты. Азыркы заман (II бөлүк)
Written by adilet, Friday, 17 Jun, 2011 – 20:01 | No Comment

Азыркы заманда биздин өлкөдө үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү абдан эле чоң майрамга айланган. Учурда дүңгүрөгөн үйлөнүү үлпөттөрүн кафе-ресторандарда өткөрүү калк ичинде кеңири жайылып, колунда бары да, жогу да замандын агымынан калбоого аракет кылып жатышат. Бул макалада Бишкек шаарында үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн канча акча сарпталарын жана жаштар бул күнү эмне кылаарын айтып берейин.

Үйлөнүү үлпөт тою абдан эле чыгашалуу деп саналат. Биздин өлкөдө салт – санаалардагы чыгымдар болжолу менен бир жылда 1 млрд долларды түзөт экен. Үйлөнүү үлпөт тоюнда өзгөчө бала тарап бир топ эле чыгымдарга дуушар болот. Бирок кээ бирде деле кыз тарап дагы көптөгөн акчаны сарпташат. Мисалы бала тараптан: калың төлөө, орто эсеп менен 200-300 кишиге ресторан даярдоо, тамада менен артистерди чакыруу, лимузин автоунааларын жалдоо, жаштардын күндүзгү сейилдөөсү, жаштардын кийимдерин даярдоо, сүрөт менен видеого түшүрүү жана мындан башка калың төлөө. Кыз тараптан болсо: кыздын себин даярдоо, кээ бир учурларда кыздын атасы тарабынан  үйлөнүү үлпөтүнө белек катары шаардан батир берүү жана башка өлкөгө эс алууга барып келүүгө акча бермей. Бирок мындай белектерди колунда бар жана колу ачык гана ата – энелер жасашат экен.

Үйлөнүү үлпөт күнү бала тараптан баардык жаштар чогулушуп, автоунааларды жакшынакай кылып жасашып, кызды алып кеткени үйүнө барышат. Ал жактан жакшынакай салт менен кызды алып, кайра баланын үйүнө келишет. Үйгө келгенден кийин баланын апасы салт боюнча келинге ак жолук салып, жакшы тилектерин айтат. Андан кийин ислам шарты боюнча нике кыйылып, келин көшөгөнүн ичине тең туштары менен отурат. Келин көрөйүн деп келген коноктор келиндин башына жолуктарын салышып, бактылуу болсун деген каалоолорун айтышат. Андан кийин жаштар Бакыт үйүнө сапар алышат. Ал жактан мыйзам түрүндө жубайлар деп катталат. Анан жаштар сейилдөөгө чыгышат. Азыркы убакта жаштардын арасында сейилдөө учурунда өзүнчө бир кафе же ресторанды даярдап, ал жакта ар кандай оюн зоок программаларды уюштурушуп, жаштар көңүл ачышат. Бул болжол менен 2 – 5 саат болот. Мындан кийин ресторанга барышат жана ал жактан той уланат. Көп учурларда келген коноктордун баардыгы каалоо тилектерин микрофон аркылуу айтайын дешип, бул кече жалаң эле кайталануучу сөздөргө айланат (мисалы: “астынарды бала бассын, артынарды мал бассын”, “бактылуу болгула” деген каалоо тилектер бер жагы эле 100 жолу кайталанат). Эт тартылып, коноктордун баардыгы сүйлөп бүткөнкөндөн кийин той аягына чыгат.

Үйлөнүү үлпөт тоюна азыркы убакта канча акча сарпталат

Бишкек шаарында азыр үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн чоң ресторандар бар. Алар “Алтын Казына”, “Тойкана”, “Консул”, “Золотой Дракон”, “Монте Карло”, “Онтарио” жана башка жүздөгөн ресторандар бар (мага белгилүү болгон гана ресторандардын атын атадым). Ичинде 300 – 500 кишиге чейин орундар бар. Бул ресторандарда той өткөрүү үчүн 2 – 3 ай мурун кезеке туруп коюш керек экен же болбосо орун жок болуп калат экен. Бул ресторандарда акча баасы киши башына 25 – 40 долларга чейин экен. Бул акчанын ичине булар кирбейт: ичимдиктер, суусундуктар, бодо малдын эти, кошумча тамактар, тамада менен артистер, сүрөт жана видео. Мисалы 250 – 300 кишиге үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн:

  • жаштардын күндүзгү сейилдөөсү жана автоунааларга кеткен чыгым – 1000 – 2000 $
  • ресторан – 6250 – 10000 $
  • ичимдиктер, суусундуктар, кошумча тамактар – 1000 – 1500 $
  • бодо мал – 1500 – 2000 $
  • сүрөт жана видео – 300 – 600 $
  • тамада менен артистер – 2000 – 5000 $ чейин (бул  жерде кандай тамаданы, кандай артисттерди чакырасын ошого жараша чыгымдар болот. Мисалы: тамада катары Кыргызбай Осмонов менен Салтанат Саматованы чакырсак ар бири 300 – 500 $ га чейин акча алышат. Ырчылардан эстрада жылдыздарын чакырсак (М.Атабеков, Омар, Г.Сатылганова)  ар бири 200 – 500 $ га чейин сурашат. Азыр кээ бир бай жеке ишкерлер же коррупцияга тойгон чиновниктер тойго чет өлкөлүк эстрада жылдыздарын 25 – 50 миң еврого чейин төлөшүп чакырышат экен.

Ошентип болжол эсеп менен негизги чыгымдарды гана санаганда 11000 – 20000 доллар сарпталат экен. Бул биздин өлкө үчүн абдан эле чоң акча. Анткени орточо айлык маяна 200 – 300 доллар болсо, мындай үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн канча убакыт иштеп, акча чогултуу керек?

Алынган маалымат жеке өзүм  жүргүзгөн анализдердин негизинде

Каада салт: ТУШОО КЕСҮҮ
Written by Гульсали, Tuesday, 6 Apr, 2010 – 14:19 | No Comment

Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багуу га өтө жөндөмдүү аяддар жакындан жардамдашышкан.

Бала тамтаң-тумтаң баса баштагандан тартып, ага атайын чыгырык жасап, баланы чыгырык менен жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата-энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярда-нышкан. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.

Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалат. Жарышты баштоочу жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка өңчөй уул балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот.

Read the full story »

Guardian ала качуунун бетин ачты
Written by Мирсулжан Намазалиев, Saturday, 3 Apr, 2010 – 15:24 | No Comment

Британиянын күнүмкүсүн чыгуучу Guardian гезити Кыргызстандагы ала качуу адаты тууралуу “Бул кызды аял кылып алыңыз” (take this woman to be your wife) аттуу макаласын жазып чыккан. Джекки Дью Мэтьюс аттуу автор, бул адат аркылуу биздин өлкөдө үчтөн бири үй бүлөсүн курат деп билдирет.

Джэки, бул ала качуу эски тажрыйба 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери кайра жанданды, жана сөзмө сөз которгондо “кармап алып качып кет” деген маанини берет деп түшүндүрдү.

Талапка ылайык адам өз колуктусуна үй-бүлөсү менен кошулуп алып бир нече саат бою көндүрүү аркылуу күч менен же алдоо аркылуу үйлөнөт. Окуя ийгиликтүү аяктаса эртеси эртең менен колукту салттуу болуп калган ак жоолуктуу салынып көшөгө тартылган бурчта олтурат жана имамды үйлөнгөндөрдүн никесин кыюу үчүн чакырышат.

Кээ бир колуктуулар тааныбаган адам тарабынан ала качылып кетет, ал эми кээ бирин тааныган эркектер ала качат. Айрымдары мындай зомбулуктан кийин эптеп качып кетсе, көпчүлүгүн салтка ылайык ынандырышып жана чыр-чатак чыгарбасын деп коркушуп кармап калышат.

Мусулмандык мамлекет болгон Кыргызстанда кыз болуу ыйык саналып ала качкандан кийин кетип калган кыз кайсыл бир мааниде булганган болуп эсептелип калат. Эгер анын үй-бүлөсү уяттан коркуп анын үйгө келүүсүнө тыюу салса, кызда эч кандай тандоо калбайт.

Айзат күйөөсү Мурат менен. Ала качуудан үч күн өттү. Сүрөт: Jackie Dewe Mathews, Guardian

Айзат күйөөсү Мурат менен. Ала качуудан үч күн өттү. Сүрөт: Jackie Dewe Mathews, Guardian

Read the full story »