Articles tagged with: мектеп
Бул макалада республикадагы жалпы билим берүүчү уюмдары, алардын ишине тоскоол болгон проблемалар, мамлекеттин кам көрүүсү, бир нече уюмдардын отчеттору каралат.
Жалпы билим берүүчү уюмдар – жалпы баштапкы, жалпы негизги, жалпы орто (толук) билим берүүчү программаларын иш жүзүнө ашырат. Түрлөрү: баштапкы негизги, орто (толук) жалпы билим берүүчү мектептер, анын тереңдетүү менен айрым предметтерди окутуучу мектептер, лицейлер, гимназиялар ж.б. Жалпы билим берүүчү уюмдар мамлекеттик жана менчик болуп бөлүнөт.
Статистикалык комитеттин 2010 ж.чыккан отчетуна ылайык, республика боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин саны 2005/2006 ж. 2147 мектеп болсо, 2009/2010 ж. 2212ге жеткен. Анын ичинен мамлекеттик 2137 миң, менчик 21, мамлекеттик кечки (вечерние) 54 болгон. Мындан тышкары 2009/2010 ж. 111 гимназия (94,4 миң окуучу), 74 лицей (28,2 миң окуучу) иштеген.
Мектептердеги окуучулардын саны: 2005/2006 ж.-1119,3 миң, 2006/2007 ж.-1098,2 миң, 2007/2008 ж.-1083,5 миң, 2008/2009 ж.-1057,2 миң, 2009/2010 ж.-1040,7 миң окуучу. 2005 жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин окуучулардын саны 78,3 миңге кыскарган.
Ал эми мугалимдердин саны: 2005/2006 ж.-74,2 миң (73 миң мамлекеттик; 1,2 миң менчик), 2006/2007 ж.-73,6 миң (72,2 миң мамлекеттик; 1,4 менчик), 2007/2008 ж.-72,1 миң (70,7 миң мамлекеттик; 1,4 миң менчик), 2008/2009 ж.-70,8 миң (69,5 миң мамлекеттик; 1,3 менчик), 2009/2010 ж.-72,5 миң (71,2 миң мамлекеттик; 1,3 миң менчик). Жалпы билим берүүчү мектептерди бүтүргөн окуучулардын саны: 2005 ж. 9 классты бүтүргөндөр-102,6 миң, 11 классты-76,1 миң, 2006 ж. 9 классты-101,6 миң, 11 классты-71,9 миң, 2007 ж. 9 классты-101,5 миң, 11 классты-71 миң, 2008 ж. 9 классты-98,1 миң, 11 классты-67,4 миң, 2009 ж. 9 классты-99,1 миң, 11 классты-63,3 миң окуучу.
Жогоруда көрсөтүлгөн ар бир жылдагы цифраларды карасак, мугалимдердин саны да, окууга жаңы өткөнү да, бүтүргөнү да жылдан жылга азая баштаган. Мугалимдердин азайганынын себеби, айлык маянасынын аздыгы, иштөө шартынын жоктугу, мектептердин китеп менен толук камсыз болбогону ж.б. себеп болгон.
Окуучулардын кескин түрдө саны кыскарышын мектептерде толук шарт болбогондугуна, китеп жетишпегендигине, ай сайын акча чогултулаарына, мектептеги криминалдык топтордун күч алышы, мугалимдердин жетишпегендиги ж.б.себептер түрткү болгон.
Бириккен Улуттар Уюмунун жыл сайын чыгуучу Адамдардын өнүгүүсү жөнүндөгү отчетунун маалыматына ылайык: 2006 ж.отчетунда Кыргызстан билим берүү тармагын каржылоодо улуттук бюджеттен 4% каражат бөлүп 110 оорунду ээлесе, 2010 ж.отчетунда 6,6% карадат бөлүп 109 оорунга көтөрүлгөн.
Ал эми кошуна мамлекеттерди алсак, Өзбекстан 2006 ж. 113 оорунда болсо, 2010 ж.102 оорунду ээлеген. Казакстан 2006 ж.79 оорунда болсо, 2010 ж.66 оорунду ээлеген. Таджикистан 2006 ж.122 орунда болсо, 2010 ж. 112 орунду багынткан.
Жогоруда көрсөтүлгөн отчетто 5 жыл мурун кандай абалда болсок, азыр деле эч өзгөрүүсүз калган экенбиз. Себептери:
- Мамлекет аз каражат бөлөт, ал эч нерсеге жетпейт;
- Мектептерде мугалимдер жетишсиз. Кесиби электрик болгон адам физика, бухгалтер математика сабагынан (өзгөчө айыл жергесинде), пенсионер мугалимдер 2-3 сабак, практикант студенттер дене тарбия, сүрөт тартуу сабактарын өткөргөн фактылар көп эле катталган;
- Мектептерде сабак өтүүгө шарт жок. Жылуулук түтүктөрү толук иштебейт, чатыры тешик ж.б.;
- Китеп, журналдар жетишсиз. Көбү эскирип, жарактан чыгып калган. 90%дан ашыгы СССР убагында чыгып, бир беткей жазылган. Жаңы китептер өтө аз санда чыгат (2005 ж.-716, 2006 ж.-583, 2007 ж.-675, 2008 ж.-900, 2009 ж.-820 жаңы китеп, журнал чыккан);
- Жаңы техника, компьютерлер менен такыр камсыздалган эмес. Айыл жергесинде 50 окуучуга 1 компьютер туура келет. Интернет түйүндөрү кошулмак турсун, интернет эмне экенин билишпейт;
- Мектептерде коррупция гүлдөп өсүп келе жатат. Окууга өтүш үчүн, ай сайын ремонт ж.б.иш чаралар үчүн акча алышат. Бүтүрүү кечелеринде мектепке, класс жетекчисине белек бербей деген көнүмүш адатка айланган;
- Окуучулардын криминалдык топторго кошулуп, кылмыштуулуктун сна өсүп жатат. 2009 жылдагы маалымат боюнча 14-17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 1190 кылмыш, 18-24 жаштагылар арасында 3960 кылмыш иши катталган.
Эгер ушундай ылдамдык менен билим берүү тармагыбыз ылдыйлай берсе, сабатсыздык күч алып, Африка өлкөлөрүнүн деңгээлине эртең эле жетебиз.
Азыр биздин өлкөдөгү мектептердин абалы абдан эле начар десем болот. Анткени өлкө боюнча канча деген мектептер эскирип, ал жакта окуган окуучулардын өмүрүнө коркунуч алып келет. Мындан тышкары көп мектептерде билимдүү мугалимдер, кыргызча китептер, окуучу куралдар жетишпейт.
Былтыр кокусунан Ысык – Көл облусунун Жети – Өгүз районунун Оргочор айылына барып калып, ал жактагы мектептин абалын көрүп абдан эле ичибиз ооруду. Көрсө мектептин чатыры түшүп кетип, балдардын окуй турган жери калбай калыптыр. Ошол айылдын тургундары, мугалимдер жана ошол жердеги 4 – 5 – класстын окуучуларынан баштап, өздөрү мектепти оңдоп, куруу иштерин жүргүзүп жатышыптыр. Мектептин жанында кичинекей имаратта окуучулар кезектешип окушуп, калган убактысын мектепти оңдоого кетиришет экен.

Кыргызстандагы эң ири жана ишенимдүү тестирлөөнү алдаса болот экен. Бул окуяны менин жакшы таанышым баяндап берди. Башкы ролдордо- Арстан- аткаруучу , “ортомчу”, “заказчик”. Арстан ЖРТнү 3 жолу тапшырган. Ар сайын анын упайлары эки жүздөн ашык болсо да, алтын сертификатчылардын тизмегине акыркы гана жолу кирген. Азыркы күндө ал Орто Азиядагы Америкалык университетинде студент. Күндөрдүн биринде бир таанышы Арстанга келип, андан жардам сурайт. Өзүнө эмес, башка балага. Ал бала “заказчик” Сокулуктагы №2 мектепте окуйт. Тест жакындап калганда, анын ордуна жаза ала турган адамды издей баштайт. ” Издеген адам табат”,- дегендей шамдагай “ортомчу” пайда болот. Ал ага жардам бере алганын айтып, n суммага сүйлөшөт. Арстан анын ордуна кирип тапшырат.
Мен бул окуяны уккандан кийин, бир суроо пайда болду. Кантип?
Мен өзүм тестти тапшырып жатканда, март айынан баштап документтерди, анын ичинен сүрөттөрдү дагы тапшырганбыз. Тесттин өзүнө киргенде дагы паспортту текшеришкен. Жалпы республикалык тестирлөө негизинен эле мамлекеттеги эң жогорку деңгээлдеги өтүүчү текшерүү деп ойлогом.
Көрсө Арстан жөн эле “заказчиктин” паспортун алып, кириптир. Анын айтымында окшоштугу 20 пайызга жакын, башка сөз менен айтканда, жыныстык эле окшоштугу болбосо, эки такыр башка адам. Текшерүүчүлөр байкабай калганбы, же кайдыгер мамиле кылышканбы, белгисиз.
Кантсе дагы, болгон иш болду. Эми мындай кызматтын баасы. Эки жүз баллга чейин- 300, андан жогору- 500, алтын сертификат болсо-1000, албетте, америкалык акча менен.
Жалпы республикалык тестирлөөгө мамлекет катарынан дагы, чет өлкөлү фонддордон дагы чоң жардам көрсөтүлөт. Республикабыздын Президенти тарабынан сунушталган «Кыргызстандагы билим берүү системасын реформалоонун концепциясында» мамлекеттин көз карандысыздыгы жана коомдун келечеги үчүн сапаттуу билим берүү зарыл экендиги айтылган. Жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы коррупция менен күрөшүү максатында өлкөбүзгө Жалпы республикалык тестирлөө киргизилген. Республикабыздын жогорку окуу жайларына мамлекеттик грант менен окууга өтүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү ачык тестирлөө − алгачкы максаты болгон. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү тестирлөө демилгесин колдоп берүү өтүнүчү менен АКШнын өкмөтүнө кайрылган. АКШнын өнүгүү боюнча эл аралык агенттигинин (ЮСАИД) каржылоосу менен, Американын эл аралык билим берүү боюнча Кеңеши (АКСЕЛС) тарабынан өткөрүлгөн тестирлөө төмөнкү негизги үч максатты көздөгөн: – бара-бара баалоонун заманбап усулдарын жана принциптерин (психометрия, теңдөө ж.б.у.с.) колдонуу менен сапаттуу тестирлөө жүргүзө ала турган жергиликтүү профессионалдуу тест уюмун түзүү; – баалоо системасын чечкиндүү түрдө реформалоо; – ЖОЖдордогу бюджеттик орундарда окуй турган жаштарды аныктай турган стандартташтырылган тестирлөө жүргүзүү менен жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү.
Мурдагы жылдарда окуучулар каалоосу менен тапшырса, 2011-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтпөй калышса, анда чоң окуу жайына өтпөй калышат. Ошондуктан оюндун баасы дагы көтөрүлдү. Буга чейин алтын сертификат окуучулардын көптөң эңсеген, ар бир университетке жол ачкан билет болсо, эми жалпысынан эле тестирлөөнүн жыйынтыктары өтө маанилүү болуп калды. Коррупцияны жоюуга арналган тестирлөө капканга түшүп калды. Эң коркунучтуусу, Арстандын айтымында, “ортомчу” мындай жол менен бир топ колунда бар окуучуларга жардам берди. Ар бир системанын чектеринен чыгууга жолдор бар эмеспи.
Менин оюмча, ЖРТ окуучулар үчүн шок. Анткени, мындай көнүүгүүлөрдү алар мектепте да, кийин Жогорку окуу жайында да жолуктурбайт. Бул тестирлөө жалпысынан эле мамлекеттеги советтик окутуу системасынан өтө өзгөчөлөнүп турат. Мектептеги бешке окуган окуучулар тестирлөөдө эң жогорку баллдарды албаганы факт. Тескерисинче, мектепте анча жакшы эмес окуган балдар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Демек, мектептеги жакшы окуучу- келечектеги жаман студентпи? Андай дагы эмес. Билим берүүнү жаңы жол менен текшерүүнүн алдында, билим берүү системасын өзгөртүү керек эмес беле?
Менин кесиптешим Асель Шабданованын Градусы группасынын тегерегинде болгон чатак боюнча жазган макаласын окуп чыгып, төмөнкү пикирлер жаралды.
Мына окуучулардын көптөн бери күткөн акыркы коңгуроосу да болуп өттү. Көптөгөн мектептерде акыркы коңуроо кечелери өтүп, ар кандай концерттер менен коштолду. Түштөн кийин шаарга чыксаң, ар кандай акыркы маркадагы машиналарды прокатка алышып, терезеден баштарын чыгарып алып, кыйкырып-өкүрүп жүргөндөрүн көрөсүң.Жол эрежелерин бузушуп, эч кимди да көзгө илишпейт. Эмне үчүн МАИ кызматкерлери буларды карашпайт, эч түшүнүксүз.
Ал эми орустардын эстрадалык тобу “Градусы” жөнүндө айта турган болсом, булардын көп ырларынын эч мааниси жок, ар бир төртүнчү сөзү уят. Топтун Бишкекке келээри 25 майга чейин эле белгилүү болгон. Ал эми 26 майда Бишкек шаарынын башчысы И.Өмүркуловдун Парламентте депутаттардын берген суроолоруна жооп берип жатып, бул топ жөнүндө мен билбейм. Буларды уюштуруу тобу чакырышса керек, деп айтты. Уюштуруу тобу мэрияга баш ийет, анан кантип шаар башчысы билбейт,көбүнө таң калыштуу!
Мындан да эң кызыктуусу ошол уюштуруу тобубу же башка жетекчисиби, шаардагы мектеп директорлорун мажбурлап билеттерди бүтүрүүчүлөргө сатып бересиңер деген буйрук болгон. Директорлор болсо ар бир класстын класс жетекчисине тапшырма берип, ал эми мугалимдер ар бүтүрүүчүнү аласыңар деп кокологон. Билеттин баасы 200 сом болгон. Бул тууралуу Diesel Forum сайтына чыккан. Бул чуулгандуу иш жөнүндө өкмөт, парламент билип калып, бир дүң боло түшүштү.Андан көп өтпөй мэрия актана баштады.Мындай буйрук болгон эмес, ким кааласа өзү чечет бараар барбасып, деп жарыя салышты. Кыргызда макал бар “Шамал болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдайт” деген.
Бизде ар бир өкмөттүк уюмдарда коррупциялык схемалар бар экенин балдар бакчасындагы балдардан өйдө билишет. Бул схемалар жөнүндө Ар-Намыс партиясынын лидери Ф.Кулов да айтып чыккан.Биздин кээ бир жетекчилер кылган ишине шараша ар кандай уюмдардан “шапка” же “откат” сурашат. Ал кылынган жумуштун жалпы суммасынын 10%ын түзөт.
Ошол концерттин билеттерин мажбурлап сатуу коррупциялык схемалардын бир түрү деп эсептөөгө болот. 26 майда чыккан Akipress агентствосунун маалыматына ылайык, 25 майда Спартак стадионунда өткөн концертке 17 миңдей окуучу келген. Болжол менен алганда алардын 10 миңдейи бүрүрүүчүлөр болуп саналат. Ошолор алаган билеттердин суммасы 2млн.сомду түзөт экен. Ал эми анын 10% 200миң сом болт экен.Ошол акчалар кимдин чөнтөгүнө кетти болду экен? “Градусы” келиши ким үчүн пайдалуу болду, мэрия үчүнбү же бүтүрүүчүлөр үчүнбү!?
Макаламды аяктап жатып, бир фактты кошумчалап кетким келди. Бул маалымат жеке өздүк булактардан алынды. Шаардын А.Осмонов атындагы №68 мектебинин директору Diesel Forum чыккан маалыматты билгенден кийин, 11А классынын жетекчисин чакыртат. Мугалимди катуу кысымга алып, сенин классын ушундай маалыматтарды таратты. Бил ким экенин жейт. Класс жетекчиси класста башкалардан айырмаланып, эң активдүү, жакшы окуган кызды күнөөлөп чыгат. Ал кезде ал окуучу үйүндө ооруп жаткан болот. Мугалим телефон чалып, кызга айтат мунун баарына сен күнөөлүсүн, керек болсо экзасендеринди тапшыра албай каласын деп коркутат. Муну уккан кыз катуукайгырып, өтүнөн приступ болуп, ооруканага жатып калат. Бир нече күн өткөндөн кийин мугалим ал кыз күнөөлү эмес экенин билип, азыркы күнгө чейин кыздын ата-энесинен качып жүрөт дейт.
Ушундай бир билеттин айынан кокус адам өлүп калса ким жооп берет? Мугалимби, директорбу, уюштуруу комитетиби же “Градусы” тобубу?
Окуу жылынын аякталышы менен Бишкетин мэриясы эмнегедир окуучуларды куттуктап, “Градусы” группасын чакырышып, мектептерге билеттерди таратып жатышыптыр. Буну кандай түшүнсө болот? Мисалы үчүн, биз окуган кезде, бизди мугалимдер чогултуп алышып, операга же циркке алып барышчу. Маданиятыбыздын деңгээлин жогорулатуу же искусствого үйрөтүү үчүн го. Биздин мэрия заманга жараша деп, белгилүү группаларды чакырып калышканбы? Окуучулардын айтымында, алардын каалоосу барбы жокпу, баардыгы сатып алууга тийиш.
Менин сиңдим ( ал №51 мектепте окуйт) ,”Градусы” тобунун концертине 200 сомдон топтогонун угуп таң калгам. Анын айтымында, мугалимдер аларды барышыңар керек, силер үчүн уюшулуп жатпайбы деп, сатып жатышат. Мындай көрүнүш бир эле бул мектепте эмес, №2, 37, 26 мектептерде дагы болуп жатат. Ал эми директорлор: “Окуучулар өздөрү эле сүйүнүп сатып алып жатышат, биз аларды такыр кыйнаган жокпуз”,- деп айтып жатышат.
Бекер эч нерсе болбойт
Жаман көрүнгөн мугалимдер, бирок, сунуш берген мэрия. Алардын планы боюнча концертке 12миң билет сатылыш керек. Айнагуль Ниязова, ведомствонун директору, билеттер окуучулардын өздөрүнүн ыктыяры менен сатып алуусун белгиледи. Дегеле, кыйнап сатып жаткан мугалимдерди иштен айдайбыз деп коркутушат. А мугалимдер, директорлордун сунушун аткарышат да. Ар дайым эле алар окуучулар менен байланышкандар болуп, акча сурап жүргөндөрү эсимде. Же топтоп бериш керек, же алардын жумуш акысынан кармап калышат. Ал эми билим берүү министрлиги концерттин өткөрүүсүн жактырбаганын айтып кетти.
Чет өлкөлүк артисттерди чакыруу аз эмес карамжылоону муктаждайт. Эгерде мэрия “белек” катары уюштуруп жатса, демек, акчасын да ал төлөйт. Ал эми конокторду метеп окуучулар менен камсыз кылат. Алар кандайдыр бир гарант катары болушат.
Азыркы күндө баланы мектепке окутуу, “демилгөөчүлүк” жардамдан баштап, мектептин ремонтуна ( краскалоо, трубаларды алмаштыруу, эшиктерди алмаштыруу ж.б.) , мугалимдер үчүн белекке ( туулган күндөр, мугалимдер күнү, окуу жылынын башталышы ж.б.) майрамдарга кеткен чыгашаларды камтып калган. Мындай кездерде окуучуларды эч ким түздөн түз зордуктабаса да, классташтардан бөлүнүп, же мугалимдин сөзүн албай коео алышпайт. Ал эми демилгөөчүлүк жардам албетте, кагаздагы эле нерсе. Мен мектепте окуп жүргөндө түшүнбөгөм, акча чогулткан соң кагаздары толтургула деп беришчү. Ошентип, баардыгы легалдуу түрдө болуп өтчү.
Мектептеги коррупция
Менин атам окуган кезде, акча чогултуп берүү деген тушүнүк жок болчу. Ал эми мен билим берүү сферасындагы коррупция менен мектепте эле таанышкам. Шаар чекедеги начар мектеп эмес, гимназия деп аталчу №12 мектептеги көрүнүш. Окуусунда начар болгон окуучулар чейрек чыгаар мезгилде мугалимдерге келип, жардам сурашчу. Алар кошумча индивидуалдык сабактарды сунуш кылчу. Бир сабагы 70 сом турса керек. Окуучу мындай сабактарга барып, эч нерсени үйрөнбөсө да, мугалим акча алган соң, баа коюп берүүгө муктаж болгон. Бул биринчи модель. Экинчиси – түзмө- түз эле колго акча алмай. Албетте, баардык эле мугалимдер эмес, кээ бирлери эле болчу.
А эсиңердеби, “отработкалар”?
Биз жайкы эс алууга тарачу маалда, 10 күн мектеп үчүн иштечүк. Эшиктеги чөптөрдү жулуп, терезелери жууп, классташтар менен суу чачышып, ойноп эле бүтүп калат эле. Ал эми азыр окуучулар аны дагы акча менен бүтүрүп коюшат. Баасы миң сом. Бир класста 21 адамдан 19 төлөптүр.
Көпчүлүк ата-энелер унчукпай эле, мындай корүнүштөргө көз жумуп коюшат. Анткени, көнүп калганбыз, туура эмес экенин билсек дагы, унчукпай макул боло беребиз. Бирок, башка да жол бар. Ошондо, окуучу өзү чечет, же ал баары менен, же жалгыз, чындык менен.
Кыргызстанда кайсы гана мамлекеттин окуу жайлары жок? Мисалга алсак, Кыргыз-Орус Славян Университети, Кыргыз-Түрк Манас Университети, Түрк лицейлери, Борбор Азиядагы Америка Университети жана башкалар. Ар бирин аты айтып тургандай эле ошол мамлекеттер каржылайт. Ошого байланыштуу, ар бир университет демөөрчүсүнүн саясатын колдошот.
Эгер Кыргыз-Түрк Манас Университети жөнүндө сөз баштай турган болсок, бул окуу жайы 1995 жылы 30 сентябрда борборубузда ачылган. Жеке эле Кыргызстандын булуң-бурчунан келген эмес, чет мамлекеттерден келген студенттер да көп окушат. Ал эми мугалимдердин 70%ын кыргыздар түзсө, 30%ын түрктөр түзүшөт. Окуу кыргыз, түрк, англис тилдеринде өткөрүлөт. Борбордогу башка окуу жайларына салыштырмалуу өзгөчөлүгү студенттер бекер окушат. Жана ай сайын окуганына жараша стипендия алышат.
Манас университетинин негизги максаты болуп биргеликте эл аралык стандартка жооп бере турган билим берүү системасын түзүү. Демократиянын баалуулуктарын жана адам укуктарын сактоо менен азыркы учурдун талабына ылайык жаш муунду тарбиялоо.
Ал эми түрк лицейлерин карап көрсөк, ар бир областта бирден, кээ бирөөндө экиден болуп, баш аягы 14 лицей бар. Манас университетинен айырмаланып, лицейлерде акча төлөп окушат. 15 миң сомдон 1500 миң америка долларына чейин жетет.
Ушул долбоорлорду ишке ашырыш үчүн Түрк мамлекети 1995 жылдан баштап 350 млн.доллардай каражат сарптаган.
Бүгүнкү күндө көптөгөн эксперттер айтып жатышат, Туркиядан келген мугалимдердин көбү, сабактан кийин окуучуларга дин тууралуу ар кандай окуу материалдарын, видео тасмаларды мажбурлап окууга, көрүүгө үндөйт деп айыптап чыгышты. Ошондой эле Айат гезитинин 16 майда чыккан санында “Түрк лицейлери маалыматтык чабуулга кабылды” деген маалыматына таянсак, анда белгилүү түркиялык динаятчы Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы Түрк лицейлеринде эмгектенээри айтылган. Бул чуулгандуу иш жөнүндө да бир нече орус басылмалары басып чыгышкан.
Ал эми Өзбек бийлиги бүт түрк лицейлерин жапкан. Бүгүнкү күндө ал жерде бир дагы лицейди табууга мүмкүн эмес. Анткени мугалимдердин көбү дин тууралуу маалыматтарды таратат деген негизде жабылган.
Орус мамлекетин алып көрсөк, алар дагы түрк тилдүү республикаларында лицейлердин болуусун каалашпайт. Анткени, түрк тилинде билим берүү улуттук жана диний маанайды күчөтөт жана орустардын билим берүү системасына терс жактарын тийгизет деп айыптап чыгышты. Ошол эле убакта Орус бийлиги Борбордук Азия чөлкөмүндө жакшы иштелип чыкпаган, билим берүү саясаты начар окуу дайларын ачып жатышканда, Түрк бийлиги мектеп убагынан баштап жүргүзгөн саясатч менен утуп жатат.
Аягында жыйынтыктап кетчү нерсе, түрк тилдүү мамлекеттер менен жакын карым-катнашта болгон Түрк мамлекети үчүн эл аралык мамиледе беделин көтөрбөй койбойт. Ошондуктан Түрк бийлиги экономикалык жана билим берүү жактан көп жылдык саясатынын жүргүзүү себеби, биздин өлкөдө түрк саясатын колдой турган жаш жарандарды түзүү.
Түрк мамлекетин Орус жана Кытай мамлекети менен салыштырып болбойт, муну түрктөр жакшы түшүнүшөт. Кыргызстанда Орус бийлигинин жүргүзгөн саясаты менен да тең келе албайт. Бирок алардыкы көп жылдык саясатын жүргүзгөндүгүнө байланыштуу, качандыр бир убакта орустардын саясатынын солкундашынын негизинде, алардын ордун толуктагысы келет.
Талас шаарындагы аба ырайынын чукул өзгөрүп, жаан менен кар аралашып жаап жаткандыгына карабастан 50-60 мугалим борбор аянтка чыгышты. Эки сааттан ашуун көчөгө туру, обладминистрацияга кирүүдөн баш таракан соң, губернатор Койсун Курманалиева көчөгө чыгып, жолугушуу өткөрдү.



















Акыркы пикирлер