Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: мигранттар

Мигранттардан эптеп эле акча тапсак деген ой-чабыт
Written by Рысбек Арунов, Friday, 8 Jul, 2011 – 17:00 | No Comment

Кыргызстанда миграциянын абалы өтө татаал жана түшүнүксүз. Өкмөт башкаларды кабыл алмак турсун, өзүнүн жарандарына жыргатаарлык жардам бере албай келет. Статистикалык комитеттин расмий статистикасына таянсам, 1991-2010 жылга чейин 1млн.534 миң адам өлкөнү таштап кеткен, а келгендери 258 493 адамды түзөт. Кеткендер менен келгендердин айрымасы өтө чөң. Себептерин 5 этапка бөлүп кароого болот:

  1. 1990-1993 жыл. Ош окуясынын кесепети, Кыргызстандын көз карандуу болушу, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилиши.Ошо жылдары өлкөдөн 401 514 адам чыгып кеткен. Алардын 14 984-кыргыз, орустар-214 203, немистер-55 353, өзбектер-31 137 ж.б. түзүшкөн.
  2. 1994-1998 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кичине басаңдаган. 171 292 адамды түзгөн.
  3. 1999-2001 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кайра көтөрүлгөн. Себеби, биздин территорияны кээ бир террористтик күчтөр басып алууга аракет жасашкан, Аксы окуясы да болгон. 77 338 адам өлкөнү таштап кеткен.
  4. 2002-2005 жыл. Саясий куугунтук күчөп, социалдык жана экономикалык абал төмөндөп, бийлик менен оппозициянын тирешүүсу күчөп, 2005 жылдын 24 мартындагы бийлик алмашууга алып келген. Ал жылдары өлкөдөн 107 277 адам чыгып кеткен. Кыргыздар-2182, орустар-20 351, украиндер-2445, өзбектер-998 түзгөн.
  5. 2006-2010 жыл. Бийлик бир үй-бүлөнүн колунда болуп, саясий куугунтук башталып, сөз эркиндиги муунтулуп, адамдар жоголуп, көбү жакырданып, бүт нерсенин баары кымбаттап, 2010 жылдын 7 апрелиндеги төңкөрүшкө жана Ош окуясына алып келген. Ушу себептерден улам 218 229 адам жер которуп кетишкен. Алардын 2006 жылы кыргыздар-10 674, орустар-13 360. 2007 жылы кыргыздар-27 437, орустар-13 143. 2008 жылы кыргыздар-15 292, орустар-15 470. 2009 жылы кыргыздар-14 552, орустар-9 971. 2010 жылы кыргыздар-21 347, орустар-12 697 түзгөн.

Ушу акыркы 4 жылдын ичиндеги убакытты карасак, кыргыздар көп кете башташкан башка улуттарга караганда. Мунун баары жогоруда айтылган себептерден жана жумушсуздуктун аябай күч алышынан, куугунтуктоодон, жакырчылыктан улам эле. Кеткендердин көбү 18 жаштан 40 жашка чейинки адамдар, алардын көпчүлүгү эркектер экен. Башкача айтканда калктын эң активдүү катмары. Көбүнүн үй-бүлөсү бул жакта калып, далай үй-бүлөөлөр бузулду. Жашы жете элек балдар жумушка тартылып, айылдарда жалаң кары-картаңдар басымдуулук кылып жатат. Кеткен адамдардын ордун кошуна мамлекеттин жарандары ээлеп, алардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.

Өкмөт “тышкы миграция” жана “миграция” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алганы менен биздин жарандардын укуктары чет өлкөдө корголбой келет. Аларга кол салуулар, алдагандар, органдарын саткандар, айлыктарын бербеген ж.б.ушу сыяктуу көрүнүштөр көбөйүп жатат. Биздин жарандар тилди, кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарын билбегендиктин көп кыйынчылыктарды жаратууда. Көбүн алдап, документтерин алып алышып, аларды кул кылып сатканы канча. Айтор проблема өтө көп.

Бүгүнкү күндө кыргыз барбаган жер жок. Көбү Орусия менен Казакстанда, калгандары Туркия, Араб өлкөлөрүндө, Корея ж.б.мамлекеттерде иштешет. Официалдуу маалыматка таянсам, Орусияда 800 миңден ашуун, ал эми официалдуу эмес маалыматтарга ылайык 1 млн.ашык кыргыз бар. Алардын 2010 жылы 96011 миңи жумушка уруксат алышса, 17 137 адам патент алып, соода-сатык менен алек. Мыйзамдуу түрдө 113 143 адам эмгектенет. 260 миңге жакынын жарандыгы бар.[1]Казакстанда 270 миңдей, официалдуу эмес маалыматка ылайык 400 миңден ашат.

Мигранттардын которгон акчасына кыргызстан жашап жатат. 2010 жылы 1,36 млрд.$ которушкан.[2] Ал эми тажиктер 2,67 млрд.$ которушкан.[3] Бүгүнкү Кыргызстандын бюджетин 30% миграттар которгон каражаттар түзөт.

Миграция боюнча Орусия менен да, Казакстан менен да эки тараптуу мыйзамдар, макулдашуулар бар. Анын баары бүгүнкү күндө күчүндө. Визасыз кирүү, 10 күн каттоосуз жүрүү, жеңилдетилген формада Орусиянын жарандыгын алуу ж.б.

Кээ бир мамлекеттер миграция менен күрөшүү үчүн жыл да бир жолудан мигранттар үчүн мунапыс жарыяласа, кээ бири пенсия, пособия, айлык маяналарын көтөрүү менен бирге жумуш орундарын түзүп, жарандарын өз өлкөсүндө калтырууга аракет жасап жатышат. А биздики эптеп ушуларды кетирсек, кийин көп акча которушса деген саясат жүргүзүп келишет. Read the full story »

Москвада Орто Азиядан барган мигранттар жер басып алышыптыр
Written by Төлөгөн Аматов, Thursday, 16 Jun, 2011 – 19:08 | No Comment

Орто Азиянын айрыкча Таджикистан, Өзбекстан жана Кыргызстандан  Россиянын булуң бурчтарына жумуш издеп барган мигранттардын саны миллиондоп саналат. Алар жөнүндө ар кандай маалыматтар таралып, ур токмокко алынып, ал гана эмес өлтүрүп да коюшат. Бүгүнкү макала ошолордун жашоосунан бир үзүм.

Жакында Россиянын борбор шаары Москванын батыш жагынан милиция кызматкерлери орто азиядан барган мигранттардын «шаарчасын» таап алышты. Бул жөнүндө россиянын ММКларында байма бай берилип жатты. Таап алышты дегеним, чын эле мигранттар, жер төлөөлөрдү казышып, анча мынча адам аңдай албай тургандай кылып «маскировка» жасашып, ал жакта жашыруун трд жашап жүрүшүптүр.

Жер төлөөлөр бир бирине жакын жайгашып, айланасы бир жарым метрлик тереңдиктеги казылган арык менен курчалган. Жер төлөөнүн ичинде баардык шарттар түзүлгөн. Мончосу, туалети, мейман тосчу жайы, ал гана эмес майда жандыктарды (кой эчки) да кармашкан. Аларда ысык суу, муздак суу, свет деген көйгөй да жок экен, себеби, шаардык турбаларга, электр жарыгына жөн эле кошулуп алышкан. Булардын жашоосун көргөн миллиционерлер аябай таң калышыптыр.

Бул жер төлөөдө жүздөн ашык киши жашап, тартип катуу болгон. Али аттуу кадыр барктуу адам баардыгынын жашоосун көзөмөлдөп, ал жердеги тазалыкты карап турган.

Эмне үчүн баарын өткөн чакта айтып жатканымды түшүсөң керек, себеби учурда жер басып алгандардын бары камакта, ал эми алардын жер төлөөлөрүн жергиликтүү бийлик сүрдүрүп таштаптыр.

«Бирөөнүн жеринде султан болгуча, өз элиңде ултан бол»  деген кыргыздын жакшы макалы бар. Бирөөнүн жеринде кордук көрүп, мыйзам бузуп жүргөндөр өз элинде деле тынчыраак жашашса болмок. …

Мигранттарга кеңеш
Written by Нурила Батыралиева, Thursday, 11 Nov, 2010 – 22:16 | No Comment

Кыргызстандан кеткен  эмгек мигранттарынын укуктук сабаттуулугунун төмөндүгүнөн, алардын мыйзамдуу укуктарын үйрөтүү маселелери жеткиликтүү деңгээлде уюшулбагандыктан, эң курч маселелерди жаратып жатат. Алар чет өлкөдө мыйзамсыз эмгектенип, тийиштүү органдардан каттоодон өтпөгөн жарандарыбыз укуктук жагынан катуу жапа чегип жатышат. Коңшу жайгашкан Казакстан менен Россия мамлекеттеринде мыйзамсыз жүргөн мигранттарыбыздын тагдыры эң биринчи өзүнө, үй-бүлө, ата-энесине жана мамлекетибиздин кадырына терс таасирин тийгизип жаткандыгы жан кейитет.Үйдөн жок, же Чүйдөн жок кырдаал эч кимди кубантпаса керек. Read the full story »

Москвага жаны келген кыргыздарга түшүндүрмө сөздүк (неотерминдер)
Written by Нурила Батыралиева, Thursday, 14 Oct, 2010 – 20:00 | No Comment

Кыргызстандыктар Орусияда аябай көп, бир эле мисал, 2009 жылы 42 миң кыргыз жараны Орусиянын жарандыгын  кабыл алган. Алардан сырткары, эмгек мигранттардын саны официалдуу статистика боюнча 338 миңге жеткен. Жанды кейиткен нерсе, ал жакка кеткен эмгек мигранттарынын 98%зы өз укуктарын, орус тилин билишпейт. Анын кесепетинен адам чыдагыс кыйынчылыктарга дуушар болушат, алданып калышат, тебеленишет… Кыйынчылыктарды  өз башынан өткөргөн Москвадагы  мекендешибиз Талантбек Каипов, төмөндөгүдөй кыскача сөздүктү  кыргызстандан баргандар үчүн түзүптүр. Өзүмдүн Москвада иштеп жүргөн классташыма бул сөздүктү  жиберип, анын оюн сурасам төмөндөгүлөрдү айтты:

«Биздин ахыбал оор. Мен келгенден бери, көп эле мекендештерибиздин орус тилин билбегендигинин айынан жакшыраак жумушка орношо албай, орношкон жумушунан жарытылуу маяна ала албай жүрүшөт. Балким, бул сөздүк силерге күлкүмүштүү болуп аткандыр, бирок бизге керек». Read the full story »