Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: миграция

Визасыз өлкө качан болобуз?
Written by Асель Шабданова, Monday, 11 Jul, 2011 – 13:58 | No Comment

Жайкы сезон башталаары менен  өөрчүгөн өлкөлөргө чек араны ачуу жөнүндө талкуулар башталды. Бирөөлөр визаны жоюу үчүн болушса, мамлекеттик кызматкерлер жана кай бир адамдар виза керек деп чыгышууда. Бир жагынан,  экономикалык жактан өөрчүгөн мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга визасыз киргени :

  • туризм сферасында кирешени көбөйтмөк
  • чет өлкөлү инвестициялардын агымын чоңойтмок

Экономикалык жөнгө салуунун экс-министри, Kyrgyz Concept’тин ээси Эмиль Уметалиев туризм сферасында көп жылдан бери эмгектенип келет. Анын айтымында туристтерди Кыргызстанга келип эс алуу үчүн көп нерселер тоскоолдук кылат, анын арасында бюрократиялык процесстер:

“Грузия, Турциядан үлгү алып, биз дагы эшиктерибизди конокторго кенен ачып коюшубуз керек. Бир четинен биз туристтерди чакырып, экинчи четинен колдорун кагаздар менен бууп койгонубуз туура эмес. Визаны ачуу убакытты да, бир топ чыгымдарды да талап кылат. Визалык режимден биз гана утулабыз, АКШ, Европа мамлекеттерине жол ачуу биз үчүн кошумча кирешелерди алып келип, мамлекеттин имиджин көтөрөт.”

Ал эми Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүн токтотуп жаткан бир нече көйгөйлөр бар. Негизгичи виза маселеси. Алардын арасында инфраструктуранын начар абалы, тейлөөнүн төмөн деңгээли.  Туристтердин 11.5% бажы иштерин көйгөйлүү деп  белгилеп кетишти.  Ошондуктан, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Организациясына кирген 34 мамлекетке жана ИДПнын бир адамга түшкөнү кыргызстандыкынан үч эсе көп болгон мамлекеттерге визасыз 90 күнгө жүргөнгө мүмкүнчүлүк киргизүүнү сунушташат.  Белгилеп кетсем, ЭКӨО (ОЭСР) ге  туристтер саны көп болгон Европа мамлектеттеринин көбү, АКШ  ж.б. мамлекеттер кирет. Ал эми чет өлкөлүк бизнесмендерге бир жылдык көп жолу колдонулуучу визанын ордуна беш жылга чейин иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

Мындай экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин жараандарына Кыргызстанга келип тоскоолдуксуз бизнес ачуу, же эс алууну камсыз кылуу бизге эле пайда.

Башка мамлекеттердин мисалын карап көрсөк. Украина Еврособз мамлекеттерине визасыз режим кылгандан бери туристтерди келиши бир нече жолу жогорулады, ал эми Малайзияда 80 өнүккөн мамлекеттер менен визасыз режим колдонулат. Жыйынтыгында туристтердин саны үч эсе жогорулап, туризм секторунун кирешеси да үч эсе көбөйдү.

Мамлекет үчүн жалаң утуулар болсо эмне үчүн визаны жоюу процесси ишке ашпай жатат?

Май айында Өмүрбек Бабанов Тышкы Иштер Министрлигине визасыз режимди киргизүү жөнүндө сөз баштаган. Бирок, бир ай өтүп эле туристтик агенттиктер ТИМнин бул багыттагы кыймылдарына нааразы болуп чыгышты. 2012-жылдын 1-майынан 1-сентябрга чейинки убакытта Андорра, Ватикан, Сан-Марино, Мальта, Монако, Греция, Ирландия, Дания, Исландия, Швеция, Норвегия, Португалия, Болгария, Хорватия, Словения, Черногория, Македония, Босния и Герцеговина мамлекеттеринин атуулдары чек араны визасыз эле өтүшсө болот. Албетте, турагенттиктер биринчи премьер-министрдин сөзүнөң башка нерсе чыгат деп күтүшкөн.

Бул жерде баягы эле мыйзамчылар жана аткаруучулар ортосундагы түшүнбөстүк. Тышкы иштер министрлиги атайылап, Кыргызстанга келбеген өлкөлөргө визаны жоюп, калгандардан дале болсо акча өндүрүүнү самап жатса керек…

Мигранттардан эптеп эле акча тапсак деген ой-чабыт
Written by Рысбек Арунов, Friday, 8 Jul, 2011 – 17:00 | No Comment

Кыргызстанда миграциянын абалы өтө татаал жана түшүнүксүз. Өкмөт башкаларды кабыл алмак турсун, өзүнүн жарандарына жыргатаарлык жардам бере албай келет. Статистикалык комитеттин расмий статистикасына таянсам, 1991-2010 жылга чейин 1млн.534 миң адам өлкөнү таштап кеткен, а келгендери 258 493 адамды түзөт. Кеткендер менен келгендердин айрымасы өтө чөң. Себептерин 5 этапка бөлүп кароого болот:

  1. 1990-1993 жыл. Ош окуясынын кесепети, Кыргызстандын көз карандуу болушу, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилиши.Ошо жылдары өлкөдөн 401 514 адам чыгып кеткен. Алардын 14 984-кыргыз, орустар-214 203, немистер-55 353, өзбектер-31 137 ж.б. түзүшкөн.
  2. 1994-1998 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кичине басаңдаган. 171 292 адамды түзгөн.
  3. 1999-2001 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кайра көтөрүлгөн. Себеби, биздин территорияны кээ бир террористтик күчтөр басып алууга аракет жасашкан, Аксы окуясы да болгон. 77 338 адам өлкөнү таштап кеткен.
  4. 2002-2005 жыл. Саясий куугунтук күчөп, социалдык жана экономикалык абал төмөндөп, бийлик менен оппозициянын тирешүүсу күчөп, 2005 жылдын 24 мартындагы бийлик алмашууга алып келген. Ал жылдары өлкөдөн 107 277 адам чыгып кеткен. Кыргыздар-2182, орустар-20 351, украиндер-2445, өзбектер-998 түзгөн.
  5. 2006-2010 жыл. Бийлик бир үй-бүлөнүн колунда болуп, саясий куугунтук башталып, сөз эркиндиги муунтулуп, адамдар жоголуп, көбү жакырданып, бүт нерсенин баары кымбаттап, 2010 жылдын 7 апрелиндеги төңкөрүшкө жана Ош окуясына алып келген. Ушу себептерден улам 218 229 адам жер которуп кетишкен. Алардын 2006 жылы кыргыздар-10 674, орустар-13 360. 2007 жылы кыргыздар-27 437, орустар-13 143. 2008 жылы кыргыздар-15 292, орустар-15 470. 2009 жылы кыргыздар-14 552, орустар-9 971. 2010 жылы кыргыздар-21 347, орустар-12 697 түзгөн.

Ушу акыркы 4 жылдын ичиндеги убакытты карасак, кыргыздар көп кете башташкан башка улуттарга караганда. Мунун баары жогоруда айтылган себептерден жана жумушсуздуктун аябай күч алышынан, куугунтуктоодон, жакырчылыктан улам эле. Кеткендердин көбү 18 жаштан 40 жашка чейинки адамдар, алардын көпчүлүгү эркектер экен. Башкача айтканда калктын эң активдүү катмары. Көбүнүн үй-бүлөсү бул жакта калып, далай үй-бүлөөлөр бузулду. Жашы жете элек балдар жумушка тартылып, айылдарда жалаң кары-картаңдар басымдуулук кылып жатат. Кеткен адамдардын ордун кошуна мамлекеттин жарандары ээлеп, алардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.

Өкмөт “тышкы миграция” жана “миграция” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алганы менен биздин жарандардын укуктары чет өлкөдө корголбой келет. Аларга кол салуулар, алдагандар, органдарын саткандар, айлыктарын бербеген ж.б.ушу сыяктуу көрүнүштөр көбөйүп жатат. Биздин жарандар тилди, кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарын билбегендиктин көп кыйынчылыктарды жаратууда. Көбүн алдап, документтерин алып алышып, аларды кул кылып сатканы канча. Айтор проблема өтө көп.

Бүгүнкү күндө кыргыз барбаган жер жок. Көбү Орусия менен Казакстанда, калгандары Туркия, Араб өлкөлөрүндө, Корея ж.б.мамлекеттерде иштешет. Официалдуу маалыматка таянсам, Орусияда 800 миңден ашуун, ал эми официалдуу эмес маалыматтарга ылайык 1 млн.ашык кыргыз бар. Алардын 2010 жылы 96011 миңи жумушка уруксат алышса, 17 137 адам патент алып, соода-сатык менен алек. Мыйзамдуу түрдө 113 143 адам эмгектенет. 260 миңге жакынын жарандыгы бар.[1]Казакстанда 270 миңдей, официалдуу эмес маалыматка ылайык 400 миңден ашат.

Мигранттардын которгон акчасына кыргызстан жашап жатат. 2010 жылы 1,36 млрд.$ которушкан.[2] Ал эми тажиктер 2,67 млрд.$ которушкан.[3] Бүгүнкү Кыргызстандын бюджетин 30% миграттар которгон каражаттар түзөт.

Миграция боюнча Орусия менен да, Казакстан менен да эки тараптуу мыйзамдар, макулдашуулар бар. Анын баары бүгүнкү күндө күчүндө. Визасыз кирүү, 10 күн каттоосуз жүрүү, жеңилдетилген формада Орусиянын жарандыгын алуу ж.б.

Кээ бир мамлекеттер миграция менен күрөшүү үчүн жыл да бир жолудан мигранттар үчүн мунапыс жарыяласа, кээ бири пенсия, пособия, айлык маяналарын көтөрүү менен бирге жумуш орундарын түзүп, жарандарын өз өлкөсүндө калтырууга аракет жасап жатышат. А биздики эптеп ушуларды кетирсек, кийин көп акча которушса деген саясат жүргүзүп келишет. Read the full story »

Сох анклавы жана укмуштуу окуялар
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 7 Jul, 2011 – 21:09 | Comments Off

Адилеттин постун окуп, анан менин эсиме үч жыл мурун болуп өткөн окуя келип түштү. Анда, tolkun.info менен Оштон Баткенди көздөй унаада зымырап бараткан элек. Анан эле, Сох анклавына келгенде экөөбүз кызыгып кетип сүрөткө тартып баштадык, Толкун болсо видеого тартты. Анан эле бизди чегара бүткөндө токтотуп, биз тарткан сүрөттөр менен видеолорду өчүрткөнгө мажбурлашты. Мен болсо фотоаппараттан флешканы чыгардым да, катып койдум. Ошондо калган сүрөттөрдү бул жерге чыгарып жатам:

Барак, Сох, Шахимардан… анклавдардын баяны
Written by adilet, Thursday, 7 Jul, 2011 – 19:01 | One Comment

Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы, ал эми Тажикстандын эки анклавы бар. Бул анклавдар жөнүндө сүйлөшүүлөр токтоп калган. Себеби ушул ишти аткарууга эки тараптын тең даярдыгы жок. Мисалы, биз анклав деп эсептеп келаткан жерлерди биздин коңшулар анклав деп эсептебейт. 1924 – 27-жылдарда улуттук-аймактык жер бөлүштүрүү мезгилинде мамлекеттердин карамагында калып калган жерлер колхоздоштуруу учурунда чарбалык чек аралар менен төмөнкү аймактардан бөлүнүп калган. Тилекке каршы, ошолор мыйзамдаштырылбай бүгүнкүгө чейин талаш маселелерди жаратып келет. Ошондуктан биздин түшүнүгүбүздө биз ошол жерлерди анклав деп эсептеп келатсак, кошуна тараптар аларды анклав деп эсептебейт, алар мыйзамсыз чарбалык жол менен ээленип алынган жерлер, аны кайра алышыбыз керек деп билишет.

Анклав деген – латынча “inclavatus” – жабык, курчоонун ичинде дегенди түшүндүрөт. Анклав – бул бир мамлекеттин аймагынын бөлүгү башка мамлекеттин аймагынын курчоосунда калган аймак. Дагы толук анклав деген түшүнүк бар. Бул бир мамлекет башка мамлекеттин бүткүл аймагын курчоого алуусу. Мисалы дүйнөдө Ватикан менен Сан – Марино Италиянын курчоосунда, Лесото Түштүк Африка мамлекетинин курчоосунда калган. Жарым анклав – бул бир мамлекеттин жарым аймагы кургактыкта башка мамлекеттин курчоосунда калып, жарым аймагы суу менен чектешет. Эксклав – эгемендүү эмес аймак, мамлекеттин негизги аймагынан бөлүнгөн жана эки же андан ашык мамлекеттердин курчоосунда калган аймак.     

Президент Роза Отунбаева 7-февралда Баткен облусуна барганда облустук активдин алдында сүйлөп, сөз арасында Өзбекстан менен анклавдар боюнча сүйлөшүүлөрдө жерлерди барабар баада алмашуу жөнүндө гана кеп болушу мүмкүн экенин баса белгилеп кетти..

Ал эми бардык жагынан барабар тең келген жерге алмашуу маселесине келсек, бул жерде жалаң эле жер алмашуу маселеси чыкпайт. Себеби ошол жерде абдан көп калк жашайт. Ошол жердеги калктын социалдык-экономикалык абалын да ойлонуу, чечүү керек болот. Берчү жерлерди калкы менен беребизби деген маселе чыгат, эл ага макул болобу же жокпу деген маселени ойлонуш керек.

Белгилүү болгондой Ташкент Сох анклавына коридор ачып берүүнү сурап, эки өкмөт ортосунда 2003-жылы меморандумга кол коюлган. Коридор ачуу менен Кыргызстан Баткен, Лейлек райондорун, Сүлүктү шаарын мамлекеттен бөлүп алаарын түшүнүп, меморандумду жокко чыгарууга барган. Бирок Ташкент Сохко коридор ачуу идеясынан баш тарта элек. Анткени, кыргыз бийлигинин үстүндө турган адамдар акчага сатыларын билип, Үзөңгү – Куш, Каркырадай эле сатылат деп күтүп жатышат деген пикирлер бар.

Кыргызстандын анклавы

Ал эми болсо Кыргызстандын Өзбекистандын аймагында Барак деген айыл анклавыбыз бар. Бул анклав өтө деле чоң эмес. Айтоор, биздин өлкөбүздүн күчсүздүгүнөнбү же биздин чиновниктердин өз кызыкчылыктарын элдин  кызыкчылыгынан өйдө коюшканынанбы билбейм, бирок Барак анклавынын тургундары Американын президентине кат жазышып, социалдык – экономикалык абалын начар экенин ырасташып, июнь окуясынан кийин бул жерде жашоо адам өмүрүнө коркунуч алып келерин айтышып, жардам сурашкан. Бул кандай деген уятсыздык. Эгемендүү мамлекет болуп, өз жарандарыбызга камкор көрө албайбыз. 20 жылдан берки коррупцияланган бийликтин түшүмү ушул, эми башка өлкөдөн деле кыргыз жаранына мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөгөндүгүнө мен ишенем.

Маалымат:

Анклав деген – латынча “inclavatus” – жабык, курчоонун ичинде дегенди түшүндүрөт. Анклав – бул бир мамлекеттин аймагынын бөлүгү башка мамлекеттин аймагынын курчоосунда калган аймак. Дагы толук анклав деген түшүнүк бар. Бул бир мамлекет башка мамлекеттин бүткүл аймагын курчоого алуусу. Мисалы дүйнөдө Ватикан менен Сан – Марино Италиянын курчоосунда, Лесото Түштүк Африка мамлекетинин курчоосунда калган.

  • Таджик анклавдары — бул Кыргызстандагы Ворух анклавы жана Өзбекистандагы Кайрагач жана Сарван анклавдары
  • Өзбек анклавдары — бул Кыргызстандагы Шахимардан кыштагы жана СохТүл, Таш – Дөбө айыл анклавдары