Articles tagged with: Митинг
Талас шаарындагы аба ырайынын чукул өзгөрүп, жаан менен кар аралашып жаап жаткандыгына карабастан 50-60 мугалим борбор аянтка чыгышты. Эки сааттан ашуун көчөгө туру, обладминистрацияга кирүүдөн баш таракан соң, губернатор Койсун Курманалиева көчөгө чыгып, жолугушуу өткөрдү.
Эгемендикти алгандан бери “чеке жылытып ысык чай иче элекпиз” дегендей, шайлоо алдында платформасын жайнатып, жол боюна чаптаган кагаздардагы убадалардын бирөөнүн да аткарылганын көрө элек экенбиз.
Тескерисинче, улам шайлоо болгон сайын куру убадаларга тоюп бүткөн элдин ушундай көрүнүштөрдөн улам тажап бүткөн маанайы кечээ парламентарийлерди тандоо учурундагы шайлоого катышкан маанайларынан эле байкалды.
Дүйнө көзү менен караганда, Кыргызстан акыркы жылдары экономика жаатында, соода, же айыл тармагын көтөрүү багытында эмес, жалаң коррупция, криминализм, майда топтошкон бандитизм, митинг, революция менен эле алек болуп калган.
Мунсуз бийликтегилердин ичкен ашы, жеген чучугу майлуу болбой, үй-бүлөлүк кландык башкаруунун бизнеси өнүкпөй калмак. Адаттагыдай эле, шайлоо бүтөөрү менен митингдер башталат бизде. Бул Кыргызстанда салтка айланып калган көрүнүш. Бул көйдөн куураган карапайым калк арыла алган жок, же эл башкарам деген тың чыкмалар коомчулукту ары-бери сүйрөгөндөн уялышпады. Read the full story »
Сүрөт Елена Скочилого таандык. Бишкек, 2007
Бийлик ар дайым милиция кызматкерлерине таянып, өз иштерин жүргүзүп келишет. Андыктан, ар кыл оппозициялык кыймылдар дал ушул укук коргоо органдарынан көптөгөн жакшы дагы жаман дагы нерселерди күтүп келишет.
Бүгүн Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитети укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылуу жасашты. Бул ачык кайрылуу офицерлерге, прапорщиктерге жана аскер кызматкерлерине багытталган.
Өлкөдөгү азыркы оор кризистик абалдын эң башкы себеби мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына Бакиевдердин үйбүлөөсү ээлик кылып менчиктеп алгандыгында, 2005-жылдын 24-мартындагы элдин жакшы жашоого карата үмүтү, тилеги тепсендиде калгандыгында деп оппозиция кеп баштады.
Азыркы шартта мыйзамдуулук менен укуктук тартиптин Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок. Алар өздөрүн мыйзамдан жогору, кол тийбес абалга койуп алышты. Алам дегендерин алышат, кылам дегендерин кылышат. Өлкөбүз ачыктан ачык эле таланып, тонолуп жатат, колго илинер байлыктарынын баары сатылууда. Мындай кыянатчыл саясаттын запкысын азыр ар бир үйбүлөө тартууда. Беш жыл мурдагы элдин жашоосун азыркы жашоо менен кантип салыштыра алабыз. Жада калса Кудай берген Токтогулдагы суу да сатылып кетип, үч жылдан бери свет күндө өчүп, эл тезек терип жан сактоого мажбур болду.


















Акыркы пикирлер