Articles tagged with: Отунбаева
Бүгүнкү күндө баардык мамлекеттерде улуттук коопсуздук, чек араны сактоо маселелери күч структураларына жана коргоо кызматына (армияга) жүктөлгөн. Өзгөчө армия чоң ролду ойнойт. Ал үчүн армия күчтүү болуш керек, заманбап техника менен камсыздалышы керек.
Бирок баардыгы аракет кылганы менен, бул өтө көп каражатты талап кылат. Кээ бир өлкөлөр жыл сайын жаңы техника алышса, башкалары эски техника болсо да алмаштырганга аракет кылышат. Мисалы, акыркы убакка чейин мамлекетти коргоого жана армияга көп короткон мамлекет – бул АКШ болуп саналат. 2010 жылкы бюджеттен армияга 698 млрд.$ бөлүнсө, экинчи орунда Кытай – 119 млрд.$, Улуу Британия – 59,6$,Франция – 59,3$, Орусия – 58,7$ бөлүнгөн экен.
Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин чыгымын карасак, 2008 жылкы маалыматка ылайык Кыргызстан -79,3 млн.$, Казакстан – 1млрд. 281 млн.$, Өзбекстан – 1млрд. 422 млн.$ түзөт экен.
Ишке жарактуу жана жараксыз техникалардын Кыргызстандагы саны: БМП-298, самолет-58, вертолет-11, танкалар-215 ж.б.курал жарактар түзөт. Булардын көбү жараксыз, муну биз Ош окуясында баарыбыз көрдүк. Жоокерлердин саны 10 миңден 12 миңге чейин жетсе, Өзбекстандыкы -70 мин, Казакстандыкы-60 миң, Таджикистандыкы-12 миң адамды түзөт.
Бизде 12 миң болгону менен сапаты жагынан начар даярдыкта. Буга чейин канча жолу армияны реформа кылышты, эч жыйынтык чыккан жок. Себеби Коргоо Министрлигинде 1 же 2 отделди жоюп, 100гө жакын кызматкерди кетиришсе, реформа кылдык деп ойлошчу. Материалдык жана техникалык база жаңыртылмак турсун, тескерисинче сатып жатышат.
Кыргызстанда жыл сайын кызмат өтөөгө жашы жеткендердин саны 50 590 адамга жетсе, алардын 5 миңи ар кайсы бөлүктөрдө кызмат өтөшөт. Альтернативалык формада кызмат өтөгөндөр 15 миңге жетет.
Бүгүнкү күндө контракттык формада кызмат өтөгөндөрдү кээ бири 30% түзөт десе, башкалары 70% түзөт деп жатышат. Так маалымат жок. Алардын маяналары 12 миң сомду түзөт.
Убагында экс-президент К.Бакиев жана көптөгөн эксперттер да айтып чыгышты эле
“бизге чакан, мобилдүү, тажрыйбалуу, заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздалган контракттык формадагы армия керек” деп.
Мен да бул идеяны колдойм. Бирок андай боло турган болсо, алардын маянасын 12 миң эмес, депутат, министрлердикинен 2-3 эсе көтөрүшүбүз керек, башкача айтканда 50миң кылсак, ошондо бир майнап чыгышы мүмкүн. Азыркы акчага тойбогон, жутунган депутаттар чек араны кайтарып калышат беле депутаттык, президентик оорунга жутунгандан көрө.
“Контрактниктерге” кетчү каражатты Манас аэропортундагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборунан түшкөн салыктарды колдонсок болот. Жылына 150 млн.$ төлөшөт.
Ал эми бүгүнкү күндө республикадагы армия техникаларынын көбү борборубузда. Аларды түштүк регионго мобилизациялаш керек. Коргоо Министрлигин толугу менен көчүрүш керек. Себеби ал регион өтө кооптуу болуп саналат бүгүнкү күндө.
Көптөгөн саясат таануучулар, эксперттер айтып жатышат:
“жакынкы 10-15 жылдын ичинде Фергана өрөөнүндө көптөгөн сууга, жерге байланышкан конфликттер чыгышы мүмкүн” деп.
Биз материалдык жана техникалык базабызды жаңыртышыбыз керек. Заманбап курал-жарак, техникаларды алып, армияны күчтөшүбүз керек. Качан гана күчтүү армия болгондо, кошуна мамлекеттер эсептеше башташат. Азыр мышык ыйлачудай кебетебизди көрүп, үнүбүздү укпаган да ошо себептен.
Генерал, полковник, подполковник деген наамдарды бергенди азайтышыбыз керек. Өтөгөн кызматынын стажына карап берилиши керек негизи. Жөнөкөй жоокерлерге караганда, полковниктер өтө көп бизде. Пайда барбы ошолордон? Кызматтык тепкич менен өсүү жолун жөнгө салышыбыз керек. Мисалы, бир генерал жумуштан кеттиби, анын ардунакийинкисин, аныкына андан кийинкисин коюш керек. А бизде майор болуп, бир нече убактан кийин генералга жеткен фактылар көп.
Айтор, контракттык армияга өтүп, машыктырууну жана техникаларды чыңдап, натыйжалуу армияларды курууга өтүүбүз керек деп ойлойм. Андан башка жол жок…
Жакында эле Бишкекте, Ала-Арча резиденциясында «Кыргыз-Орус аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү – экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору» – деген форум болуп өттү. Бул форумга Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев жетектеген аткаруу бийликтин өкүлдөрү жана аймактардын жетекечилери катышышты. Орусия Федерациясы тарабынан аймактардын башчылары, ири чоң компаниялардын («Газпром», «Роснефть», «Интер РАО ЕС») өкүлдөрү жана Орусия президентинин администрациясынын кызматкерлери катышышты.
Айтып кетсек, мындай форум биринчи жолу өтүп жатат жана бул форумдагы үч негизги маселе талкууланды. Биринчиси – кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги, экинчиси – орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуу климатты түзүп берүүдө администрациянын ролу, үчүнчүсү – өлкөлөрүбүздүн ортосундагы айыл-чарба жана дыйканчылык боюнча кызматташуунун келечеги жөнүндө талкуу болду.
Кызматташпай коюу келечектеги кыйынчылыктарды жаратат
Бул форумдун негизинде ар тараптуу беш келишимге кол коюлду. Алар: Кыргызстандын Экономиканы жөнгө салуу министрлиги менен Орусиянын Омск облусунун өкмөтүнүн ортосунда, Омск менен Чүй администрациялары ортосунда, илимий техникалык, маданий кызматташуу меморандумуна Ош жана Алтай облустарынын жетекчилери кол коюшту. Мындан сырткары медицина тармагында бир, Орусиядан жаңы светофорлорду ташып келүү боюнча бир келишимге кол коюлду.
Айтып кетчү нерсе, соңку 10-15 жылдын аралыгында эки өлкө ортосунда бир канча келишимдерге кол коюлганын, бирок мурдагы бийликтин саясий оюндарынан улам ишке ашпай калган. Эми азыркы бийлик Орусияны стратегиялык өнөктөш деп атап жана Орусия менен кызматташпай коюу Кыргызстандын келечегине кыйынчылыктарды алып келерин айтышты. ООба, чынында эле мындай ачык фактыларды моюнга алыш керек. Маселен, Орусиянын былтыркы бензинге киргизген пошлиналары эле биз үчүн, жөнөкөй элге абдан кыйынчылыктарды алып келген.
1 миллион кыргызстандык – Орусиянын таасир берүү рычагы
Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар катнашы 2010-жылы 1,4 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2008-жылы 1,8 млрд доллар болгон. Биздин Орусияга кетүүчү экспорттун 50 пайыздан ашыгы жеңил өнөр жайынын продукциясы түзөт. Орусиядан келген товарлардын 60 пайызы күйүүчү материалдар. Жакында эле Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Атамбаев Орусияга болгон иш сапарында көптөгөн маселелерди чечкен. Эң негизгиси, бензинге болгон экспорттук пошлиналарды алынып салуусу жана Орусияга болгон мамлекеттик карызды кыскартуунун ордуна “Дастан” компаниясынын 49 пайызын (193 млн долларга бааланды) берүү, Кыргызгаз компаниясынын 75 пайызын берүү жана Канттагы авиабазанын төлөмүн өзгөрүүсүз калтыруу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.
Азыркы убакта Орусияда болжолуу менен 500 миңден – 1 млн. чейин кыргыз жараандары иштеп жатат. Булар жылына 2 млрд доллардан ашык акча Кыргызстанга которушат. Ошондуктан, биз Орусияга экономика жактан көз карандыбыз.
Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту сот системасы, анын канчалык көз карандысыз абалы укуктук жана цивилизациялуу мамлекеттин өнүгүү деңгээлин көрсөтүүчү маанилүү бир тармагы деп эсептейт. Жарандардын,о.э. мамлекеттин экономикалык, социалдык жана саясий абалына олуттуу таасир этүүчү ишкерлик кылуу субъектилеринин укуктары менен эркиндиктеринин сакталыш сапаты сот системасынын сапатына жараша болот. Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын укуктарын коргоодо, о.э. мыйзам алдында баарынын укугу бирдей, соттун чечимине ар бир адам толук ишенет деген талапка негизделген шарттагы коопсуз коом курууда сот системасы ишенимдүү жана адилет калканч болууга кызмат кылышы керек.
КӨЙГӨЙ
Биринчи кезекте соттук-укук системасында азыркы учурдагы негизги көйгөйдү белгилеп алуу керек, тактап айтканда:
- сот органдарынын бир топ натыйжасыз иштөөсү (кабыл алынып жаткан көптөгөн чечимдердин, аныктамалардын,өкүмдөрдүн адилетсиздиги) булардан башка төмөнкү шарттар менен коштолгон:
- судьяларды шайлоо, дайындоо жана кызматтан алуу системасынын жетишсиз натыйжалуулугу
- соттордун бийликтин башка бутактарынан белгилүү деңгээлдеги көз карандылыгы
- жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин өтө эле көптүгү
- соттордун коррупцияланышы, элдин ишенбеши жана кадрдык проблема.
Көпчүлүккө жеткиликтүү болуш үчүн төмөндөгү сунуштар негизги эки маселени чечүүгө багытталат:
- Бийликти бөлүштүрүү жана соттордун көз каранды болбоо принциптерине ылайык сот системасынын тийиштүү деңгээлде иштөөсү үчүн шарттарды түзүү.
- Жергиликтүү соттордун судьяларын шайлоо механизмин реформалоо.
ЧЕЧИМ:
1. Биздин сунушта жергиликтүү соттордун судьяларын судьялар Кеңеши менен алдын ала макулдашылган соң жергиликтүү Кеңештердин сунуштамасы боюнча Президент (дайындоодон баш тартуу укугу болбогон) дайындап жана иштен алуу сунушталат. Анткени жергиликтүү Кеңештердин депутаттары өз районундагы судьялардын ишин жакшы билишет, ошол аймактын элинин кызыкчылыктарын жактаган соң, жергиликтүү соттордун судьялыгына татыктуулардын шайланышына алардан өткөн кызыкдар адамдар жок. Судьялар Кеңешинин үчтөн бири (жаңы Конституциянын долбоорунда ушундай сунушталган) соттордон тургандыктан, алар жергиликтүү соттордун судьялыгына сунушталып жаткан талапкердин кесиптик жогорку компетенттүүлүктө болуусун көзөмөлдөйт.
Бүгүнкү күндө ислам диний экстремизми Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн эң олуттуу коркунуч болуп саналат. 90-жылдардан баштап ар кандай исламдык кыймылдар жана уюмдар республиканын ичинде активдүү аракет жүргүзүүдө. Натыйжада алардын ишмердүүлүгүно кошулган адамдардын саны көбөйүүдө. Андан сырткары бул кыймылдарга жана уюмдарга каршы республиканын күч структурасынын адаттагыдай кысым көрсөтүү ыкмасынын колдонулушу алардын кыймылы андан да күчтүү экстремисттик мүнөз алды.
Ушуга байланыштуу ислам диний экстремизми менен күрөшүүдө салттуу эмес башка ыкмаларды колдонуу зарыл. Бул макалада исламдык диний экстремизми деп ислам уюмдарынын жана кыймылдарынын мүчөлөрүнүн өз иштеринде чектен чыккан көз караштары жана иш аракеттерине берилгендигин түшүнөлү. Ушул теманы кеңири талкууга алып чыгуу үчүн, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөнкү сунуштарды даярдап чыкты.
КӨЙГӨЙ:
Кыргызстандын өкмөтү ушуга чейин ислам кыймылдары жана уюмдары менен күч ыкмаларды колдонуп күрөшүп келүүдө. Бийлик аларга мамлекеттин коомдук жашоосуна эркин катышууга мүмкүнчүлүк бербөөдө. Акыркы он беш жылдын ичинде күч структурасынын негизги иши бул кыймылдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алууга багытталган. КР ИИМдин басма сөз кызматынын айтышынча, 1999-2003- жылдар аралыгында күч түзүмдөрү ислам кыймылдары менен уюмдарынын 358 өкүлүн камакка алган. Күч структуралары ушул багыттагы ишин кийинки жылдары да уланткан. Мисалы, жогоруда алынган 4 жылдын ичиндеги кармалгандардын санына салыштырсак, 2009-ж. 9 айында эле 100дөн ашуун өкүлү кармалган.
Бирок бул кыймылдар менен уюмдардын өкүлдөрүн кармоо жана камакка алуу республикадагы экстремизм менен күрөшүүдө натыйжасыз чечим болду. Аларды камака алуу менен өкмөт башка бир көйгөйгө кабылды. Камалгандар абакта отургандар менен активдүү иштеп башташты, анткени абактагылар эркин жүргөн адамдарга караганда күч колдонуу ыкмасына жакын келишет.
Күч структураларынын бул кыймылдар менен уюмдарга каршы күчөтүлгөн программасына карабай, аларды колдогондордун саны өсүп баштаганын белгилөө керек. Мамлекеттик телеканалдардын бирине берген интервьюсунда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку директору Каныбек Осмоналиев мындай диний кыймылдарды жактоочулардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканын айткан. Акыркы 5 жыл ичинде күч структураларынын кысымына кабылган ислам кыймылдары менен уюмдарынын өкүлдөрүнө жан тартып, боор ооругандардын саны көбөйгөн.
Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу (децентрализация) аракеттери көз-карандысыздыкты алгандан бери эле көтөрүлүп келген маселе. Бирок, алигече ишке ашкан эмес. Бул тармакта кандай көйгөйлөр бар, аларды кантип чечүү зарыл жана башка суроолорго Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөндөгү өзүнүн сунуштарында жооп берет.
Кыргызстандын өнүгүүсүн мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана элдик бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (МСУ) институтун өнүктүүрүсүз мүмкүн эмес. Муну ишке ашыруу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги башкарууну кайра түзүү керек. Жергиликтүү башкарууну кайра түзүүнүн максаты – жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнү натыйжалуу камсыз кылууга жана калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтө алууга жөндөмдүү жергиликтүү башкаруу системасына өтүү болуп саналат.
Көйгөйлөр:
Бул максаттарга жетүүгө төмөнкү проблемалар тоскоол берет:
- Административдик-аймактык түзүлүштүн чоңдугу
- Милдет жана укуктарды бөлүштүрүү механизмдеринин так эместиги
Жергиликтүу өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын каржы –экономикалык жактан чабалдыгы
- Кыргыз Республикасында коомдук-саясий турмушта олуттуу өзгөрүүлөр жүргөнү менен мамлекеттик башкаруунун аймактык уюштурулушу ошол эле бойдон калган: Республика (борбор) –облус-район-шаар/айыл. Борбордук мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдарынын ортосунда, областтык жана райондук деңгээлдеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле министрликтер менен административдик ведомстволордун көптөгөн аймактык бөлүмдөрү да иштейт. Булар башкаруунун тизгинин узартканы аз келгенсип, кээде биринин ишин экинчиси кайталап да калат. Ушунун баары мамлекеттик башкаруунун натыйжасына, аймактардын (облустар, райондор, шаарлар жана айылдар) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө башкаруунун райондук деңгээли деп эсептелген мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органынын ортосунда ажырым пайда болду, анткени мында аткаруу бийлиги мамлекеттик болуп, ал эми түз шайлоонун негизинде куралган өкүлчүлүктүү орган жергиликтүү бийлик болуп калды.
- Аймактардын экономикалык өнүгүүсүндө жана табигый-климаттык шарттарындагы чоң айрымачылыктардан улам Кыргызстандын муниципалитеттери ар кандай каржылык-экономикалык деңгээлде болуп калды. Ушунун айынан Кыргызстандагы 70%дан ашуун эл чарба тармагы (муниципалдык институттар) дотациялык абалда. 25-30% тармак калган 70-75% тармакты багып жатса, мындай абал экономикалык ресурстардын тең салмактуу эмес бөлүштүргөнүнөн кабар берет. Демек жергиликтүү бюджетти жана бюджет аралык мамилелерди түзүүдө калыптанган көз карашты кайра карап чыгуу зарыл.
- ЖӨБ органдарына мамлекеттик укуктарды каржылык булактары менен кошо камсыз кылып берүүдө мыйзам так талаптарды койгон, бирок бул норма азырынча иштебей жатат.
- Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу иши шаардык жана айылдык ЖӨБ органдарынын деңгээлинде токтоп калды, чынында бул иш мүмкүн болушунча өркүндөтүлүшү керек эле.
ЧЕЧИМ:
Мамлекеттик башкаруу жана административдик-аймактык түзүлүш ишин борбордук бийлик органдарынын төмөнкү функциялары чектелгендей кылып уюштурууга өтүү керек. Алар төмөнкүлөр:
- мыйзамдуулук
- тышкы саясат жана тышкы иштер
- улуттук коопсуздук жана коргонуу
- улуттук программа жана саясатты иштеп чыгуу
- мамлекеттик бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү
Ал эми жергиликтүү жамааттар шайлап жана көзөмөлдөөчү жергиликтүү бийлик органдарынын кароосуна төмөнкүдөй кызмат көрсөтүү функциялары кириши керек:
- билим берүү
- саламаттык сактоо
- социалдык коргоо
- маданият
- спорт
- адамдардын эс алуусу
Адамдарга ар дайым күнөөлүүлөрдү таап, бирөөдөн жинин чыгарып алыш керек.
Өкмөт 2010-ноябрь айында “Бакиевчилерди” таппай, же тапкысы келбей, биринчиден “Альфа” командасын тапкан. Бирок, алардын күнөөлүү экенине жарым эл ишенип, жарымы такыр терс чыккан.
Акыркы мезгилде Бишкек шаарында бир топ теракттар болуп өттү. Анын аягы 3 милиционер жана 3 шектүү адамдардын, алардын ичинде бир “Альфа” командасынын мүчөсүнүн жана 2 диний экстремисттик топтун инсандарынын ажалы менен аяктады. Окуяны башынан хронология боюнча айтып кетсем.
- 30-ноябрда Спорт Ордосунда колго жасалган бомба жарылган. “Бакиевчилерди соттоо” процесси ушул күнү план боюнча Спорт Ордосунда болуп өтмөк. Бирок кызык нерсеси, Бакиев деген фамилиясы менен бир дагы адам эмес, 7-апрельдеги экс-башчылардын буйругун аткарганг “Альфа” спецбөлүгүнүн солдаттары соттолмок. Жыйынтыгында 4 адам жаракат алган, официалдык булактардын информациясы боюнча уюштуруучулар соттун аткарылышына тоскоол кылгандар деп чечишкен.
- Кийинки окуя баягы эле колго жасалган, Спорт Ордосуна окшош болгон бомба 25-декабрда МИИМ имаратынын жанында машинада орун алган. Бирок, кандайдыр бир сыйкырдуу жол менен бул терактты алдын ала токтотуп калышкан.
- 5-январды карай түнү 8-мкр милиция капитаны - Самат Барпыкулович Жээнбеков, старший лейтенант милиции – Алмазбек Асылбекович Сулайманов, милиция лейтенанты – Пириндибай Маматович Исманов шектүү көрунгөн адамдардын паспортторун текшерүү максатында автомат Калашниковдон атылып каза болушкан. Спецслужбанын айтышында, кылмыш жасалган жерден буюмдук далилдөө боюнча, мурунку теракттарды уюштурган адамдар бул өлтүрүүгө да жөндөмдүү деп чечишкен. Ушул окуядан кийин экстремизм жана терроризмге каршы күрөш мурункудан чоң күч алып баштады. Ошол эле күнү Беш-Күнгөй айылынан ИИМдин спецбөлүгү күнөөкөрлөрдү кармоо боюнча операцияны аткарууда 2 шектүүлөр атылып, бир “Альфа” спецгруппасынын мүчөсү Женишбек Бабараимов жаракат алып, жолдо көз жумган.
Эми бириктирип айтканда, Спорт Ордосундагы, ИИМдин жанында, жана милиция мүчөлөрүн өлтүрөндөр диний экстремисттик джихадисттердин группасы. ГКНБнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымдаганы боюнча, 9 адам камакка алынды, ал эми бешөө изделүүдө.
Негизги ой-толгоолор:
- Кармалгандардын куралдары жоголгон мамлекеттик куралдардын санына кирет. Кайсы жол менен Мамлекеттик Сактоо Службасында , жоголгон деп саналган , автомат Калашникова менен пистолет Макарова кылмышкерлердин колуна түшүп калды?
- Кантип, өткөн жылдын ноябрында эле мамлекеттин душмандары болгон “Альфа” командысы менен Мамлекеттик Спецслужба жылдын башында элди куткаруучу баатырларга айланып кетти? Бул кандайча, керек болгондо коргоочу, керек эместе жок жерден садага боло берүүчү топко айланат?
- Кандай ыңгайлуу, бир ок менен болуп өткөн теракттардын күнөөкөрлөрүн диний экстремисттик топко байлап коюу. Бул окуялардын байланышы сөзсүз эмес да?
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева жыл аягында гезиттерге, радио, телевидение, маалымат агенттиктерине кеңири маек бере баштады. Ошол маектердин арасынан мен үчүн кызыктуу деп, Акипресс агенттигин белгилегим келет. Мында чын эле кызыктуу маек анан сонун сүрөттөр бар экен. Орус тилинде болгондуктан, кызыктуу жерлерин кыскача кыргыз тилине котордум. Oтунбаева маегинде саясат, жеке кызыкчылыктары, пландары ,ал жөнүндөгү ушак айыңдар жөнүндө айтып бериптир. Read the full story »
Сүрөт Елена Скочилого таандык. Бишкек, 2007
Бийлик ар дайым милиция кызматкерлерине таянып, өз иштерин жүргүзүп келишет. Андыктан, ар кыл оппозициялык кыймылдар дал ушул укук коргоо органдарынан көптөгөн жакшы дагы жаман дагы нерселерди күтүп келишет.
Бүгүн Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитети укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылуу жасашты. Бул ачык кайрылуу офицерлерге, прапорщиктерге жана аскер кызматкерлерине багытталган.
Өлкөдөгү азыркы оор кризистик абалдын эң башкы себеби мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына Бакиевдердин үйбүлөөсү ээлик кылып менчиктеп алгандыгында, 2005-жылдын 24-мартындагы элдин жакшы жашоого карата үмүтү, тилеги тепсендиде калгандыгында деп оппозиция кеп баштады.
Азыркы шартта мыйзамдуулук менен укуктук тартиптин Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок. Алар өздөрүн мыйзамдан жогору, кол тийбес абалга койуп алышты. Алам дегендерин алышат, кылам дегендерин кылышат. Өлкөбүз ачыктан ачык эле таланып, тонолуп жатат, колго илинер байлыктарынын баары сатылууда. Мындай кыянатчыл саясаттын запкысын азыр ар бир үйбүлөө тартууда. Беш жыл мурдагы элдин жашоосун азыркы жашоо менен кантип салыштыра алабыз. Жада калса Кудай берген Токтогулдагы суу да сатылып кетип, үч жылдан бери свет күндө өчүп, эл тезек терип жан сактоого мажбур болду.




Акыркы пикирлер