Articles tagged with: Парламент
“Мамлекетке жана элге эң коркунуч туудурган бул – реформаторлор.Ал эми революция алар үчүн жашоонун булагы”. Генри Брукс Адамс (1838-1918), тарыхчы.
Акыркы 2-3 жылдан бери дүйнөдөгү мамлекеттерде болгон реформалар жөнүндө көптөгөн чоң талкуулар болуп келүүдө. Алсак, Грузия мамлекетиндеги реформаларды көбү мисал кылып келишет.
Чындыгында чоң өзгөрүүлөр бар, ошол эле учурда жүргүзүлгөн реформалардын терс жактары да болбой койбойт. Жалпысынан алганда бул мамлекетте көптөгөн өзгөрүүлөр жүрүп, башка начар мамлекеттерге чоң мисал боло алды.
Бийликке көптөгөн жаңы, жаш, таза жана профессионал кадрлар келишти. Буларды биз реформаторлор командасы деп так айта алабыз.
Ал эми биздин мамлекетибизди алсак, реформаторлор эмес тоногучтар командасы келди деп айтууг болот.
Эгемендүүлүктү алган жылдан тартып, өлкөдө баш мыйзамды өзгөртүүнүн реформаторлору гана болбосо (реформаторлор деп деле айтууга тил барбайт. Башка өлкөнүн баш мыйзамынын көчүрмөчүлөрү – ушу туура болотго), системаны толук өзгөрткөнгө эч кимдин күчү жетпеди.
Ушуга чейин үч жетекчи келди, эч кандай реформанын жыты жыттанбайт. Реформа жасадык деп бир министерствонун, агентсвонун жетекчисин алмаштырып, кызматкерлеринин санын кичине кыскартымыш болушат, булар үчүн ушу реформа аталат.
Ар бир өкмөт башчы келген сайын министликтерди кыскартат же көбөйтөт, анан бир эки кызматкерин кетиримиш болуп, коомчулукка жар салып, реформа жасаган кейпин көрсөтүшөт. Мына бизде жүргүзүлгөн реформалардын негизги өзөгү ушу.
Кыргызстанда реформаторлор деп кимди айта алабыз? Негизи ушундай адамдар барбы бизде? Бар болсо кимдер? Алар кандай реформа жасай алышты? 5 каналды парламеттик канал кылгандарды, бийликтин ар кайсы бутактарын өзүнүн менчигиндей кылып, үчкө бөлгөндөрдү, криминал менен коюн колтук алышып, аларды актап боштондукка чыгарып жиберген жетекчилерди реформаторлор деп айта алабызбы? Жок, аларды жеп-ичкичтер, тоногучтар деп айта алам.
Реформа такыр жок деп да айтууга боолбойт. 2008 жылы бизнес жаатында жүргүзүлгөн реформалардын негизинде Кыргызстан Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлүүчү “Бизнес жүргүзүү” сурамжылоосунда, алдыңкы 10 өлкөнүн ичине кирген.
Бул да болсо жакшы көрсөткүч. Акыркы убактары Экономикалык Тескөө Министри У.Ташпаевдин сунуштаган сунуштарын да колдоого алса болот. Мисалы, саны көп, сапаты жок мамлекеттик органдарды жоюу, виза маселеси боюнча иштер.
Өлкөнүн өнүгүшүнө ишенем. Келечекте көптөгөн реформалар жүрүп, биз да башка мамлекеттерге мисал боло алабыз. Аны үчүн бөлүнүп жарылбай, баарыбыз реформа жасашыбыз керек.
Биз Кыргызстанда туруп, Грузияда кандай реформалар жүрүп жатканын айтып жетишпей жатсак, бул мамлекеттин парламенти биринчи эле окуудан “экономикалык эркиндик жөнүндө актыны” кабыл алышты. Саясат тануучу Гела Васадзе “экономикалык эркиндик жөнүндөгү актыны” өлкөдөгү болуп жаткан либертариандык реформалардын эң маанилүү кадамы экенин тастыктады жана бул реформаларды мындан да эрте жасашса болмок деди.
Бул акт эң маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкү чектөөлөрдү коёт:
- ИДПга болгон бюджеттик дефицит – 3 пайыздан ашык эмес
- ИДПга болгон кеңейтилген бюджеттик чыгымдар – 30 пайыздан ашык эмес
- ИДПга болгон мамлекеттик карыз – 60 пайыздан ашык эмес
Акт долбоорунун негизги авторлору – Каха Бендукидзе и Ладо Гургенидзе. Акт долбоору Грузиянын парламентине 2009 – жылдын сентябрь айында президент Михаил Саакашвили тарабынан киргизилген.
“Мындай параметрлер мамлекеттин банкрот болбостугуна, чоң карыз алып, төлөй албай калбастыгына жана жеке секторго оор болуп калбастыгына кепилдик бере алат. Бул менен кошо өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашпайт” – деди Грузиянын премьер-министри Николоз Гилаури.
Чындыгында экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт мамлекет тарабынан жеке ишмерликтин экономикалык иш-аракетине кийлигүүшүсүнө конституциялык деңгээлде чек коёт. Эми азыр Грузияда салыктарды көбөйтүш үчүн азайтыш оңойго турат. Билесиңерби эмне үчүн? Анткени салыктын ченин көбөйтүш үчүн же жаңы салыктын түрүн киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек.
Биз болсо Кыргызстанда атайын эле реформалардан арта калып жатабыз. Экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт эмес милиция реформасын жүргүзгөнү жөнүндө али ойлоно элекпиз. Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев 5 – каналдан түз эфирден айтты:
“Мен билем, бул көйгөй “ГАИ реформасы” бышып жетти. Мен бир аз алдыга жылуулар бар деп айталам. Быйыл техосмотрду өтүш былтыркыга караганда абдан эле жеңил болду. Бирок негизги көйгөй дагы деле бар жана бул көйгөйдү чечиш керек. Балким, түп тамыры менен өзгөртүш керек. Мен силерге бул жумушту аягына чыгарабыз деп убада бере алам”, – деди Атамбаев.
Мен Грузиядагы реформалардын тажрыйбасы менен таанышып чыктым жана бул маселеге чекит коюш керектигин айтты – Атамбаев.
“ГАИни түп тамыры менен реформалаш керек. Эмнеси болсо дагы мындай реформаларды жасайбыз жана мен ойлойм мындай чечимди кабыл алабыз. Эми азыр мындай реформаларды кантип жасайбыз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Мындай чечимди жакынкы айлардын ичинде кабыл алабыз”.
Мындайча айтканда, Грузиядагы полицияда болуп жаткан реформалар жөнүндө Теле берүү көрсөтүлгөн. Мындай теле берүүнү тартып жатканда биз ишенгенбиз, биздин өлкөдө да мындай реформалар жакынкы арада болоруна. Бирок, Атамбаевдин жана башка саясатчылардын мындай убадасы азырынча ишенич туудурбайт.
Макала орус тилинен которулган: автору М.Намазалиев
Ажыдаар дегенимдин себеби, азыркы Премьер Министр А.Атамбаев бир кездери (2006 жыл, ноябрь митинги) бийлик бутагында тургандарды ажыдаарлар деп атады эле. Аларды жомоктогу желмогуздарга салыштырган. Ошондон бери канча убакыт өтүп, бийлик да алмашты. Алардын ордуна 120 ажыдаар менен кошо, дагы 2 ажыдаар келди бийликке. Мына ушулар бүгүнкү күндө сөз эркиндигин муунтканга өтүштү. Өкмөткө таянып, жеке менчик каналдарды, интернет сайттарын жаптырганы турушат. Андан тышкары да НТС, 5-каналдын журналисттери сабалды, бүгүнкү күнгө чейин эч ким кармала элек.
Парламенттик республикабыз, борбор Азиядагы башка мамлекеттерге караганда бизде демократия бар дегенибиз менен акыркы убактары болуп жаткан нерселерди көрүп, биз кайра Бакиевдин заманына бара жаткан турбайбызбы деген ой келет.
Туура мыйзамсыз сатылган, менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтарыш керек, бирок туура жолдо, туура чечим менен кабыл алынса жакшы болмок. Анан кызыл кандуулукка салып, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген принцип менен иштебей.
Кеп бул жерде 5-канал менен Пирамида каналы жөнүндө болуп жаткандыктан, ушулардын бирөөсүн Парламенттик канал, ал эми экинчисин көңүл ачуу кылып өзгөртүү зарыл беле? Эл эмне суусап турабы, бизге Парламенттик канал ачып бергиле деп? Буга чейин Парламент радиосун ачышты эле, аны эл угабы? Укпайт! Парламент каналын ачса эл эмнени көрөт ал жактан? Булардын бири-бири менен урушканын, чукуганын, сагыз чайнап отурганын, 120 депутаттын ордуна 27 депутат добуш берип жатканын көрөбүзбү?Бул бир, экинчиси Президенттик шайлоо жакындап келе жаткандыктан, сөзсүз өздөрүнө тиешелүү ММК керек. Буларда бир гана жол бар, ушу эки каналды өзгөртүп, өздөрүнө баш ийдирсе, шайлоодо кыйла жеңил болот.
Акыркы убактары ММКга бут тосуу, кысым көрсөтүү күч алып бара жатат. ОТРКга Жогорку Кенеш тараптан болгон кысым, Фергана.ру сайтынын жабылганы жатканы, журналисттердин сабалганы. Эмне себептен? ММК баардык чындыкты айтып, көздөрүн чукуганы, ажыдаарларды тынч уктатпай жатабы? Же буларга ошончо эле тоскоол кылып жатышабы? Айтор, бул жерде бир нерсенин башы кылтыйып чыгып тургансыйт. Жакында ушундай иштерден улам бир нерсенин ичинен чыкпасак болду.
Кийинки кысым кимге болот болду экен? Деги кошуна мамлекеттердей болуп, бир жылдан кийин жабык мамлекетке айланбасак болду.
Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кенештин бир эле депутатка орто эсеп менен 0,5 млн. сомго чейин мамлекеттин эсебинен каражат жумшалган. Ошол кездеги ЖКнын бир жылдык бюджети 270 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз Туусу гезити жазууда. Кыргызстандын быйылкы ахыбалын эске алсак, жаңы чакырылыштагы депуттарттар мындайга жол бербөөсү керек.
Апрель окуясында өртөлүп талкаланган Өкмөт үйү калыбына келди, ал тургай ал жерге жаңылык кирип, мындан ары Парламент да ошол жакта иш жүргүзө турган болушту. Баса белгилеп кетчү нерсе ошол окуялар булл имаратка 244 миллион сомдук зыян алып келген. Жаңы депутаттарды кабыл алуучу жыйындар зал 95 пайызга ремонттолуп бүттү. Бул боюнча Президенттин иш башкаруу боюнча башкармалыгы маалымдады.
Той болот, анын эртеси да болот, дегендей шайлоо өтөрү менен женген партиялардын лидерлери, Кремлге барганча тууган туушкандарын, дсторун көруп келишти…. Айтайын дегеним, шайлоонун толук жыйынтыгы угуза электе эле Феликс Кулов (Ар-Намыс партиясы), Омурбек Бабанов (Республика партиясы), Мыктыбек Абдылдаев, Алмазбек Атамбаев (СДПК) Кремлди көздөй аттанышты. Read the full story »
Бардык шайлоо участкалардан алынган протоколдордун натыйжасында жана ГАС «Шайлоонун» жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке 5 партия өттү: «Ата-Журт», КСДП, «Ар-Намыс», «Республика» жана «Ата Мекен».
ГАС «Шайлоонун» натыйжасына ылайык, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 145 миң 179 добуш алды. БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров билдиргендей, партия алдын ала эсептөөлөр боюнча парламентке өтүшү мүмкүн, бирок кайсы партияларда чындыгында мындай мүмкүнчүлүгү бар экенин БШКнын расмий билдирүүсүнөн кийин гана белгилүү болот. «Акыркы натыйжаны БШК гана бере алат», – деп белгиледи Бекбасаров.
Алынган добуштар боюнча орундар сакталса, партиялар Жогорку Кеңеште төмөндөгүдөй жайгашышы мүмкүн: Read the full story »






Акыркы пикирлер