Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: реформа

Эмгек кодексти реформалоо демилгеси коркунучта турат
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 18 Apr, 2012 – 13:43 | No Comment

Кыргызстандын азыркы таптагы эмгек кодекси эскирип калган жана заманбап бизнестин талаптарына жооп бербейт. Жумуш алакаларында сейрек колдонулуп, өзүнчө бир жашоодо жашаган сыяктанат. Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн көптөгөн социалдык шарттар аткарылбай, экономиканын өнүгүшүнө бир топ бут тосууларды жаратууда. Арабаны атка сүйрөтпөй, атты арабага сүйрөтүп атабыз, башкача айтканда, биз жумуш берүүчүдөн мүмкүн эмес нерселерди талап кылып жатабыз. Андан көрө ишкерлердин бизнесинин өнүгүүсү үчүн аларга жакшы шарттарды түзүп берсек, анын аркасы менен жумушчуларга да жакшы шарттар түзүлөт эле да. Ушундай жолду көптөгөн өнүккөн өлкөлөр тандашкан. Биз канча жолу себеп менен натыйжаны алмаштырып келебиз.

Мыйзамсыз эмгек мамилелеринин себептери

Базар экономикасында эмгек – бул товар. Мындай учурда жумушчу эмгек сатуучу катары, ал эми жумуш берүүчү сатып алуучу катары каралат. Эмгекти сатып алуу – сатуу процессиндеги келишимдин шарттары – бул жумушчу менен жумуш берүүчүнүн жеке иши. Демек, бул процессте мамлекеттин ролу минималдуу болушу керек. Эмгек мамилелеринин интенсификациясын, өндүрүштүн өсүшүн жана жеке сектордун ийкемдүүлүгүн жөнгө салууда, көп терс жактарын тийгизет.

Жалданган жумушчулардын укугун жана коопсуздугун коргогонго аракет кылбайлы, бул эч кандай деле жыйынтык бербейт. Ишкерге мыйзамдуу түрдө эмгек кодексинин негизинде иштөө пайдасыз болсо, ал сөзсүз түрдө көмүскөдө иштегенге аракет кылат. Азыркы убакта көптөгөн ишкерлер менен жумушчулардын ортосунда эмгек келишимдери түзүлбөйт, ушунун кесепетинен экономиканын көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизип, эл аралык коомчулуктун алдында өзүбүздүн кадыр-баркыбыз төмөндөп жатат. Кыйын жана эч бир бөлүгү аткарылбаган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси чоң-чоң эл аралык инвесторлорго коркуу сезимин жаратууда, себеби алар өздөрүнүн кадыр-баркын сактоо менен бирге мыйзам чегинде гана иш алып барышат.

Жакшы ойлор менен жумушсуздукка жол төшөп бердик

Ишкер жумушчуларды расмий түрдө жалдай алабы, эгерде азыркы сунуш этилип жаткан жана колдонуудагы эмгек кодекси боюнча, ишкер жумушчуларын кыскартам десе, эки ай мурун эскертиши жана кыскартылгандан кийин бир айлык эмгек акысын эки эселеп төлөп беришинин талап кылынаарын билеби?

Аялдарды коргоого багытталган Эмгек кодексинин беренелери, тажрыйбада аларга каршы иштеп жатат. Аялдарды расмий түрдө жумушка алуу – бул ишкер үчүн пайдасыз, себеби, боюнда бар аялдар каалаган убагында ишкер тарабынан төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө кетип калышы мүмкүн. Боюнда барлардын эмгек өргөөсүнө чыгуусун камсыз кылуудагы башка түрлөрүн караганга туура келүүдө, анткени ишкер аялдарды жалдоодо бул шарттар тоскоол болбошу керек.

Read the full story »

Кыргыз элинин байлыгын соргон коррупция
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 3 Dec, 2011 – 14:08 | No Comment

Канча жылдан бери эле коррупция менен күрөшүп келебиз, бир да пайда чыккан жок. Ар бир жаңы келген жетекчи, сөзсүз коррупция менен күрөшөм, кыскартам, жоготом деп, элдин көңүлүн көтөрүп келет.

Ошенткени менен бир да жетекчи алгылыктуу иш жасаганын көргөн жокпуз. Тескерисинче, коррупциялык схемаларга жол ачып, өз чөнтөгүн толтургандан башка эч нерсе кылынбай келет.

Бул жолу да жаңы шайланган президентибиз  коррупция менен күрөшөм, кыскартам деген сөзүн айтты. Муну эми убакыт көрсөтөт.

Кыргызстанда бүт жерден коррупцияны кездештирүүгө болот, жаңы төрөлгөн баланы төрөткөн адамга да акча берсек, кийин бала бакчага барганда, ал жакка киргизүү үчүн акча сурашат, анан мектеп, жогорку окуу жайлары, жумуш, жада калса адам өлгөндө да жерди сатышат, мунун баарын коррупцияга кошууга болот.

Ал эми мамлекеттик жогорку органдарды, депутаттарды, сотторду ж.б.коррупцияга малынганын айтпай эле коёлу. Кээ бир эксперттердин айтуусу боюнча коррупциянын жылдык айлануусунун суммасы, мамлекеттин бюджетинин 50% ашып кетет экен.               

Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында айтылгандай, биздин мамлекет дүйнө жүзүндөгү эң коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарында. 2011 жылдын отчетунда 182 мамлекеттин ичинен 164 оорунду ээледи. Жогорудагы көрсөткүч өтө өкүнүчтүү.

Акыркы убактардагы нурданган көмүрдүн келиши, сотторду тандоо кеңешинин алдыга жылбай жатышы, премьер министр болом деп акча чачып жаткан кандидаттардын кылган кылыктары мисал боло алат коррупцияга.

Коррупциянын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары айлык маяналарынын аздыгы, трайбализмдин өсүшү, билим деңгээлинин төмөндүгү, чыныгы профессионал жумушчулардын кылган ишинин бааланбагандыгы, коомдун жогорку жана төмөнкү катмары деп бөлүнүшүнүн негизинде келип чыгып жатат.

Коррупцияны кыскартуу ар бир коомдун катышуучуларынын өзүнөн көз каранды.Адамдар өздөрү акча бербесе, кээ бир мамлекеттик органдар өздөрү сурашпайт.

Бизде ким коррупционер, ким таза экенин жөн эле билсе болот. Аны үчүн мамлекет башчы өзү таза болуусу зарыл. Анан салык, прокуратура, сот, укук коргоо органдарын тазалап, баардыгын бириктирип бир комиссия түзүп, шаарга чыгып чоң, кымбат машиналар менен жүргөндөрдү, алардын эки кабатүйлөрүн текшкерсе, коррупционерлерди бир айдын ичинде кармаса болот.

Эгер ал кармалган адам чындыгында ошол менчиктерин мыйзам чегинде далилдеп бере алса, анда ал таза иштеген. Эгерде аны далилдей албаса, мамлекетке конфискация кылганга укук бериш керек. Ошондо коомдо өзгөрүүлөр болуп, мамлекетибиз өнүгүшү мүмкүн, эгер андай болбосо, эски таз кейпибизди кийип отура беребиз.

Бюрократиялык механизмдерди кескин түрдө кыскартуу керек. Мисалы бизнес ачам деген адамга канчалаган кереги жок документтерди чогултуу керек, жана алар канча күндү талап кылат. Аны күтпөйм деген адам. атайын бир суммадагы акча берип, убакытты үнөмдөп, тез бүтүргөнгө шарттар бар. Мунун баары коррупциялык схемалар.

Ушундай эле мисалдарды каржы сферасында, тендер өткөрүүдө, машинаны техникалык кароодон өткөрүүдө кездештирүүгө болот.

Айтор, коррупция мамлекеттин канын сүлүк курттай эле соруп жатат. Мындай нерседен тез аранын ичинде арылуубуз зарыл. Аны үчүн реалдуу реформаларды жасап, жаш, таза кадрларды тартуу керек.

Сүрөт  Time.kg сайтынан алынды.

Жеке менчик – Кыргызстанда барбы?
Written by adilet, Friday, 4 Nov, 2011 – 14:30 | No Comment

Жеке менчик – менчиктин бир түрү жана мыйзам тарабынан корголот. Кыргыз Республикасынын башкы мыйзамында да жеке менчик мамлекет тарабынан корголот жана эч ким аны тартып алууга укугу жок – деп жазылган.

Советтер Союзу кулап, Кыргыз Республикасынын көз карандысыз болгонуна 20 жыл толду. Мурда ашыкча мал-мүлк күтө албагандарга короо-короо кой күтүүгө, ишкерлик кылып байууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көз карандысыз мамлекет алсыз, чабал болсо – башка байыраак, чоңураак, күчтүү мамлекетке көз каранды болуусу ыктымал. Андыктан эл аралык тажрыйбада көз карандысыздыктын негизи катары экономикалык көрсөткүчтү алып карашат.

Биздин мамлекетте 1995-жылга чейин экономикалык алга умтулуу бир топ эле аз болуп, коомчулук жаңы базар шарттарына көнбөй, жеке ишкерлер жаңы – жаңы пайда болуп баштаган. 1996-жылдардан кийин гана эл ишкерлик кылуу керектигин, мамлекеттин көрсөтмөсү менен эмес, ишкерлер өздөрү ойлонуп аракет кылуу зарылдыгын түшүнө башташкан. Ошондон кийин гана коомчулук өзү аракеттенип, базарлык алакалар өнүгө баштаган.

Жеке ишкер бүгүнкү күндө мамлекет үчүн өтө кымбаттуу, алтын адам. Айлык сурабайт жана өзү менен өзү убара. Салык төлөйт. Кала берсе башкаларга да жумушчу ордун түзүп берүүдө. Бул жалпы коом үчүн эң сонун жетектөөчү күч. Бир гана чатак жери – мамлекет ошол өзү менен өзү алектенип оокат кылып аткан кишилерди, башка элге оокат кылып аткан кишилерди тономой жагын жакшынакай кылып өздөштүрүп алышкан. Касаптын мышыгындай аңдып турат. Түпкүлүктүү, иш адамында чындап эркиндик бере турган даражадагы реформалар болгон жок ушуга чейин.

Ошентсе да жеке менчик күтүү, ишкерлик кылуу жаатында жетишкендиктер да жок эмес. Өздөрү аракет кылып, “Шоро”, “Кыргыз Концепт”, “Имарат Строй”, “Абдыш Ата” сыяктуу ишканаларды негиздеген ондогон ишкерлер пайда болду. 20 жылдык тарыхта ар бир бийлик алмашкан маалда менчик мал-мүлктөр кайрадан бөлүштүрүлүп келди. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги же алардын үй-бүлө мүчөлөрү бирөөнүн байлыгын тартып алган учурлар болду жана бүгүн да коркунучтар жоголгон жок. Менчик корголбогон өлкөдө ишкерлик өнүкпөсүн, инвесторлор келбесин, өлкөнүн экономикасы алга умтулбасын баарыбыз билебиз. Ушул тапта менчикти коргоо жагын бекемдөө абдан маанилүү экенинин айтып коелу.

Кыргыз Республикасында сот органдары да, тескөөчү органдар да жеке менчикти коргоо үчүн иштешкен жок. Андыктан жеке менчикти коргоо жагын бекемдөө маселеси бүгүн кырынан турат.

Грузиядагы негизги реформалардын сүрөттөлүшү. Акыркы бөлүк
Written by adilet, Thursday, 15 Sep, 2011 – 16:27 | No Comment

Менчиктештирүү:

  • ·         Монетардык менчиктештирүү – эң негизги метод.
  • ·         Менчиктештирүүнү ишке ашыруу жана узак мөөнөттөгү алып сатуу укугу бар ижара (аренда) келишимдерди киргизүү. Бул төмөндөгүдөй обьектилер:
    • o   айыл чарба, шаар жана өнөр жайда колдонулуучу жер тилкелери;
    • o   балык, токой жана суу ресурстары;
    • o   деңиз флоту;
    • o   деңиз порттор жана аэропорттор;
    • o   көмүр шахталары;
    • o   оор өнөр жай заводу;
    • o   кыймылсыз мүлк, ооруканаларды алганда дагы, кээ бир окуу жана спорт мекемелер жана башкалар;
    • o   суу менен камсыздандыруу;
    • o   энергогенерированиянын жана бөлүштүрүүнүн эң негизги обьектилери, жаратылыш газын бөлүштүрүүчү компаниялар;
    • o   жердеги телефондук байланыш.

Лицензиялоону жана бизнести ачууга болгон уруксатты берүүнү реформалоо:

  • ·         Тигил же бул ишке болгон лицензияны жана уруксатты алуу оор системаны жоюу менен ордуна “бир айнек” деген системаны киргизүү.
  • ·         “Ооз ачпоо – макулдуктун белгиси” деген принципти киргизүү.
  • ·         Лицензияланган ишмердиктин тизмесин 85 пайызга кыскартуу.
  • ·         Лицензия менен уруксаттын тисмесин жоголуп бара жаткан мекемелер: жаңы лицензиялар менен уруксаттарды башка ченемдик актылар менен киргизүүгө болбойт.
  • ·         Макулдук бере турган жана көзөмөлдөө кызматтарынын санын кыскартуу.
  • ·         Уставдык капиталдын көлөмүн 2006-жылы кыскартып, ал эми 2007-жылдан баштап таптакыр жоюп салуу.
  • ·         Каалаган жаңы ишканын түрүн салык кызматынын имаратында каттоодон өтүү мөнөтү 1 күнгө чейин кыскарып – көз ачып жумганча каттоо (арыз берүү).
  • ·         Электрондук кол коюну колдонуу мүмкүнчүлүгү.
  • ·         Бизнести мамлекеттик жана салык каттоо процедурасы бириктирилген жана кыскартылган.
  • ·         Керектүү документтердин саны жана убактысы бир топ кыскарган.

Электроэнергетика реформасы:

  • ·         Инфраструктураны реабилитациялоо.
  • ·         Төлөмдөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү (30 – 90 пайызга чейин).
  • ·         Мамлекеттик техникалык жөнгө салууну өркүндөтүү.
  • ·         Жаңы өндүрүштү дерегуляциялоо.
  • ·         Жеке инвестициянын чектелинишин жок кылуу.
  • ·         Дүң тарифтердин регуляциясын жоюу.
  • ·         Электроэнергияны сунуш кылууну жана жеткирүүнү жеке менчике берүү.
  • ·         Узак мөөнөттү келишимдерге өтүү.
  • ·         24\7 – электроэнергияны жеткирүү принципка өтүү.
  • ·         Электроэнергиянын импортун диверсификациялоо.
  • ·         2003-жылы электроэнергиянын систематикалык өчүрүүдөн 2008-жылы коңшулаш 4 өлкөгө электроэнергияны экспорттоого өтүү жана 2011-жылы Чыгыш Европага экспорттоо.

Газ секторун реформалоо:

  • ·         Дүң тарифтердин жөнгө салуусун жоюу.
  • ·         Эгерде жаңы транспорттук жана бөлүштүргүч тармагы салынса анда толук дерегулирование болот.
  • ·         Газ секторун мамлекеттик субсидиялоодон баш тартуу.
  • ·         Газдын импорттун диверсификациялоо.

Билим берүү тармагын реформалоо:

  • ·         Мектептерди жана университеттерди (жеке менчиктер дагы) тандоо укугу ваучердик каржылоо. Окууга болгон ваучердин көлөмү мамлекеттик экзамендин жыйынтыгына көз каранды болот: жогорку балл алгандарга мамлекет тарабынан берилген грант окууга кеткен чыгымдардын 100 пайызын жабат. Баардык мамлекеттик окуу жайларындагы төлөмдөр бирдей.
  • ·         Университеттерге тапшыруучуларга жана бүтүрүүчүлөргө бирдей экзамен киргизүү (computer adoptive test).
  • ·         Мектептер жана университеттер юридикалык статуска ээ болушат, алар автономдук мекеме болушат жана финансылык ишмердигин өздөрү алып барышат.
  • Мектептерди “Попечительский совет” деген башкарат жана мектептин директорун шайлашат.
  • ·         Англис тилин жана компьютерди билген мугалимдерди сертификациялашат.
  • ·         Сертификациянын жыйынтыгы менен мугалимдердин айлыгын көтөрүшөт.
  • ·         Жеке менчик мектептердин көбөйтүлүшү (окуучулардын 8 пайызы жеке менчик мектептерде окушат).
  • ·         1-класстан баштап англис тилине ээ болуучулар менен англис тилин үйрөнүү (1000 ашык мугалим).
  • ·         1-класста окуган баардык окуучуларды компьютер (нетбук) менен камсыз кылуу.
  • ·         Чет өлкөдөгү эң жакшы окуу жайларына өткөндөрдү каржылоо үчүн атайын фонд түзүлгөн.

Саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо:

  • ·         Инфраструктураны (ооруканаларды) каржылоодон жана субсидиялоодон баш тартуу. Мекемелерди эмес пациенттерди мамлекет тарабынан каржылоо системасы киргизилген.
  • ·         Менчиктештирүү.
  • ·         Саламаттыкты сактоо тармагын камсыздандыруу аркылуу каржылоого өтүү.
  • ·         Ири мамлекеттик ооруканалардан жеке ооруканаларга өтүү жана жайгашкан орду 90 пайыз элге 30 мин. жол жүргөндөй болуш керек. 

Социалдык коргоо тармагын реформалоо:

  • ·         Индекстештирилген эмес пенчиялык система (универсиалдык бюджет).   
  • ·         Социалдык жеңилдикти монетизациялоо.
  • ·         Минималдык пенсиянын көлөмү өскөн, 2003-жылы 14 лариден (6,5 доллар) 2011-жылы 100 лариге (60 доллар) чейин.
  • ·         Мамлекеттик жардамга көз каранды болгондорду табуу үчүн атайын программа ойлонуп табылган.
  • ·         Социалдык жардам:
    • o   монетизацияланган социалдык жардамды 420 миң киши алышат;
    • o   бекер медициналык камсыздоону 1 млн. киши алышат.

Аскер реформасы:

  • ·         Келишимдин негизиндеги профессионалдуу армияга өтүү.
  • ·         НАТОнун стандартарына жакындоо.
  • ·         Грузиндик аскерлерди НАТОнун стандартары менен окутуу.
  • ·         Грузиндик аскерлерди Ирак менен Афганистанга жөнөтүү.

Бул макала М.Намазалиевдин блогунан алынган. 

Грузиядагы негизги реформалардын тизмеси жана сүрөттөлүшү. Үчүнчү бөлүк
Written by adilet, Wednesday, 14 Sep, 2011 – 16:00 | No Comment


Грузиядагы 6-7 жылдан берки жүрүп жаткан реформалар дүйнө жүзүндөгү эркиндикти сүйгөн мамлекеттерди суктандырып келе жатат. Реформа, реформа деп эле көптөгөн саясатчылар какшап келе жатышат. Бирок, колунан келип турганда эчтекени жасабай, бир-эки реформаны жасап коюп, ошону менен токтоп калышат. Реформа тынымсыз жүрүп, мамлекеттин баардык тармактарын кучагына алса ошондо гана мамлекет өрчүп өнүгүп, элдин бакуубат жана жакшы жашоосу болот деп ойлойм.

Төмөндөгү реформалар Грузияда болуп өттү. Бул реформаларды Мирсулжан Намазалиев өз көзү менен көрүп, Грузиянын алгачкы реформаторлору менен бир нече жолу жолугуп келген. Бул М.Намазалиевдин блогунан орусчадан которулду.

Бажы тармагындагы реформалар:

  • Салык кызматын менен  Бажы кызматын бириктирүү.
  • 2006 – жылдын 1 – сентябрынан тартып бажы милдеттенмелерин алып салуу.
  • Импорт менен экспортко сандык чектөөлөрдү жок кылуу.
  • Бажылык тарифтер тез төмөндөтүлгөн: импорт болгон товарларга 0% – 90% чейин кээ бир айыл чарба продукцияларына жана куруу материалдарына 5% – 12% чейин
  • Тарифдик эмес барьерлер жок кылынган – техникалык нормалар EU\OECD жана КМШ Грузиянын улуттук техникалык талаптарына теңдешишет.
  • Атайын бажылык кампа деген режим киргизилген: бир гана төлөмдөр – кампадагы ээлеген ордуна гана төлөмдөр алынат.
    • “Эркин жана конкуренттүү соода жөнүндөгү мыйзамды” кабыл алуу менен, мамлекет тарабынан жеке жана мамлекеттик компанияларга монополдук укуктарды берүү токтолот.
    • Жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу:

Ички экономикалык либерализация:

Минималдуу эмгек акынын деңгээли жок кылынган:

Жумушчулар жана жумуш берүүчүлөр өз ыктыяры жана макулдуулугу менен келишим түзө алышат.

Профсоюздардын монополдук орду жок кылынган.

  • Фондалык биржанын иштешине жаңы эрежелерди киргизүү.
  • “Төлөй албастык жөнүндөгү мыйзамды” кабыл алуу – банкроттук жөнүндөгү тартип бир кыйла кыскарды. Компаниянын негиздөөчүлөрү менен өнөктөштөрүнүн кредиторлорго болгон милдеттенмелери кыйла өзгөрдү.
  • Стандартташтыруу жана сертификациялоону реформалоо:

милдеттүү түрдө сертификациялоочу товарлардын тизмеси жок,

техникалык регламент боюнча товардын сапаты бааланышы      мүмкүн,

өнүккөн мамлекеттердин техникалык регламенти грузиндик базарда колдонулат,

чет өлкөлүк стандарттын колдонуусунун либерализациясы,

чет өлкөлүк метрологиялык текшерүүлөрдү таануу.

Тышкы экономикалык ишкердикти жөнгө салуу:

  • Грузияга келген чет өлкөлүк инвестициялардын чектөөсүн алып салуу.
  • Дүйнөнүн баардык мамлекеттери менен ачык жана дискриминациялык эмес соода мамилелерин түзүү.
  • Баардык чоң соода өнөктөштөр менен эркин соода жөнүндөгү келишимдер.
  • Даары дармек импортундагы эрежелерди өзгөртүү (либерализациялоо) жана камсыздандыруу (страхование) жана сертификациялоо тармагындагы тейлөөлөрдү ишке ашыруу.
  • Жергиликтүү жана импорттолгон товарларга акциздик төлөмдөрдүн жана НДСтин бирдей ставкаларын киргизүү.
  • Грузиянын аймагындагы товарларды авто жол менен ташууга болгон баардык транзиттик пошлиналарды, квоталарды жана башка транзиттик тоскоолдорду жок кылуу.
  • Темир жол тарифдик саясатын либерализациялоо.
  • •          “Ачык асман” саясаты – грузиндик аба майданындагы пассажирлердин санын, багытын жана учуу жыштыгын чектөөлөрүн жок кылуу.
  • •          Эркин индустриалдык жана эркин туристикалык зоналар жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу.
  • Эл аралык финансылык компаниялардын кирешеге болгон салыктан бошотуу түшүнүгү мыйзам түрүндө бекитилген.
  • Грузиядагы А+ же жогорку рейтингдеги чет өлкөлүк банктардын ишине болгон чектөөлөрдү алып салуу.
  • Чет өлкөлүктөргө бирдей абал:

Резидент эместерге карата дискриминациялык эмес регуляция

Резидент эместерге шаардагы мүлк, жер (2010 – жылдын жайдан баштап айыл чарба жер), бизнес, финансылык институттарга болгон менчик укугу чектелбейт.

Капиталга болгон репатриация укугу чектелбейт.

Чет өлкөлүктөргө жумушка болгон уруксат талап кылынбайт.

Кош салык төлөбөш үчүн келишимдер түзүлгөн жана бир нече мамлекеттер менен инвестицияларды коргоо жөнүндө келишимдер түзүлгөн.

Визалык либерализация:

  • Визалык режим дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетинин жарандарына алып салынды (дүйнөдөгү мамлекеттердин киши башына болгон ИДПсы 10 миң АКШ долларынан ашкан) Европа Биримдиги, Турция, Израиль, Япония, Канада, АКШ, Швейцария.
  • Башка мамлекеттердин жарандары үчүн кирүү визаларын алыш абдан жөнөкөй кылынган.
  • Кош жарандыкты мыйзамдаштыруу.
Мамлекеттик пенсиялык системаны реформалоо. Дүйнөлүк тажрыйба.
Written by Рысбек Арунов, Wednesday, 24 Aug, 2011 – 10:30 | No Comment

Пенсиялык системаны реформалоону баардык эле мамлекеттер бир гана учурда жасашат, качан гана демографиялык кризис башталганда. Башкача айтканда, жашы картаң адамдар басымдуулук кылып, ишке жарамдуу калктын саны кыскара баштаганда.

Буга мисал катары акыркы 2-3 жыл ичиндеги Европа өлкөлөрүндөгү мамлекеттерди айта алабыз. Францияда 2010 ж. реформадан кийин  пенсиялык жаш курак 62ден 67ге, Германияда 65тен 67ге өзгөргөн.

Кыскасы көп мамлекеттерде реформа жүргүзүлгөн жана жүрүп жатат. Себеби, эгерде мындан канча жыл мурун 1 пенсионер адамга 4-5 иштей турган адам туура келсе, азыр ал көрсөткүч 2 адамга кыскарган.

Жылдан жылга кары адамдардын саны өсүүдө. Аларды пенсия менен камсыз кылыш үчүн эбегейсиз зор каражаттар талап кылынууда. Ошо себептен пенсия жаш курагын көтөрүү менен мамлекет реформаларды жасап келүүдө.

Кээ бир эксперттердин айтуусунда бүгүнкү Германиянын калкынын 22%  65 жаштан ашкан адамдар түзсө, 2030 ж. 47%, Улуу Британияда 23,5%, 2030 ж. 39%, АКШда 19%, 2030 ж. 32% түзөт экен.

Пенсиялык системаны реформалоодо мамлекеттердин жүргүзгөн 3 формасы бар: Латынамерикалык, Экономикалык кызматташтык жана өнүүгү уюмунун мамлекеттери жүргүзгөн жана гибриддик формадагы реформалар.                                                                               

Латынамерикалык реформаны карасак, эң биринчи Чили мамлекети 1980 ж. жүргүзгөн. Көп өтпөй Чилинин моделинде Бразилия, Боливия, Перу реформа жасашкан. Башка формадагы реформадан айырмасы: пенсия чогултуу системасын киргизүү жана тармактык пенсия фонддорун (же менчик) түзүү болгон.                                                                   

Экономикалык кызматташтык жана өнүүгү уюмунун мамлекеттери жүргүзгөн реформасынын айрымасы: мамлекеттик чогултуу системасынын негизинде жаңы чогултуу системасын иштеп чыгып, ишке киргизишкен.                                                             

Гибриддик, бул жерде мамлекеттик да, менчик да чогултуу фонддору ишке киргизилген.                                                                                                                                                      

Мамлекеттик чогултуу фонддорунун өзгөчөлүгү, адамдар алган маянасынан салык алынып, анын канча бир пайызы (ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай) мамлекеттик фонддорго которулуп турат. Ал каражаттар мамлекет тарабынан колдонулуп (ички инвестиция катарында), кийин ал адам пенсияга чыкканда кошумча пайызы менен төлөнүп берилет. Эгер адам каза болуп калса, ал каражаттын баары мамлекетте калат.                

Менчик чогултуу фонддорун алсак, бул адамдар өз эрки менен каалаган суммасын төлөп, кийин пенсияга чыкканда кошумча пайызы менен алат. Каза болуп калса, ал адамдын үй-бүлөсүнө өткөрүп берилет.

Европа, Американы албай эле коёлу, бир гана Казакстандын жүргүзгөн реформасын алсак, чоң жыйынтыктарды алып келди. Чили мамлекетинин моделинде 1998 жылы реформа жасашып, жакшы жакка өзгөрүүлөр болду. Бул мамлекетте менчик (мамлекеттик эмес) чогултуу фондуна чоң басым жасалган. Ким кааласа мамлекеттик же менчик фонддорго которо алат. 1998 ж. мамлекеттик фонддорго которгондор 76%, 1999 ж. 70%, 2007 ж. 27% түзгөн. Бул деген менчик фонддордун туруктуу иштөөсү дегенди билдирет. Бул реформанын аркасында мамлекет миллиондогон карызынан кутулуп, пенсионерлерге жакшы жардам берип, КМШ өлкөлөрүндө пенсия системасын реформалоодо 1 орунда келе жатат.

Ал эми Кыргызстанды алсак, 2008 ж. 24 сентябрында Президенттин №339 буйругу чыккан. Анын негизинде пенсиялык системаны реформалоодо – тилектеш (солидарный) системадан пенсиялык чогултуу системасына өткөрүү керек эле.

Ал чогултуу системасы 3 түзүүчүдөн турат:

  • Мамлекеттик милдеттүү тилектеш пенсия системасы;
  • Милдеттүү пенсиялык чогултуу системасы;
  • Профессионалдуу өз эрки менен жана жеке чогултуу системасы.

Адамдардын маянасынын 10% салык катары алынып, анын 2% мамлекеттик чогултуу фондуна которулат.

Буга чейин менчик чогултуу фонду болуп “Кыргызстан” саналып келген. 2009 ж.ал “Жаңы Азия” болуп өзгөргөн. Бул фонд азыркы учурда толук ишке кире элек.

2010 ж. 1 июнуна карата маалыматка ылайык, Республикада “Жаңы Азия” фонду менен болгону 2377 адам келишим түзгөн. Анын ичинен 513 адам эле пенсия алат экен.

Мындай болуп жатканынын себеби, адамдар мамлекеттик эмес же менчик деген аталыштагы компанияларга ишене беришпейт. Анткени, көп адамдар мурда алданышкан же алданып калабыз деген кооптонуулары бар.

Ушундай нерселерден улам мамлекет бул тармакка көбүрөөк көнүл буруп, аларга шарт түзуп, ошо фонддорго гарантия бербесе ким ишенмек эле……..

Сүрөт  Uzland.info сайтынан алынды

Грузиядан дагы артта калдыкпы?
Written by adilet, Saturday, 23 Jul, 2011 – 11:21 | No Comment

Биз Кыргызстанда туруп, Грузияда кандай реформалар жүрүп жатканын айтып жетишпей жатсак, бул мамлекеттин парламенти биринчи эле окуудан “экономикалык эркиндик жөнүндө актыны” кабыл алышты. Саясат тануучу Гела Васадзе “экономикалык эркиндик жөнүндөгү актыны” өлкөдөгү болуп жаткан либертариандык реформалардын эң маанилүү кадамы экенин тастыктады жана бул реформаларды мындан да эрте жасашса болмок деди.

Бул акт эң маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө төмөнкү чектөөлөрдү коёт:

  • ИДПга болгон бюджеттик дефицит – 3 пайыздан ашык эмес
  • ИДПга болгон кеңейтилген бюджеттик чыгымдар – 30 пайыздан ашык эмес
  • ИДПга болгон мамлекеттик карыз – 60 пайыздан ашык эмес

Акт долбоорунун негизги авторлору – Каха Бендукидзе и Ладо Гургенидзе. Акт долбоору Грузиянын парламентине 2009 – жылдын сентябрь айында президент Михаил Саакашвили тарабынан киргизилген.

“Мындай параметрлер мамлекеттин банкрот болбостугуна, чоң карыз алып, төлөй албай калбастыгына жана жеке секторго оор болуп калбастыгына кепилдик бере алат. Бул менен кошо өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан ашпайт” – деди Грузиянын премьер-министри Николоз Гилаури.

Чындыгында экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт  мамлекет тарабынан жеке ишмерликтин экономикалык иш-аракетине кийлигүүшүсүнө конституциялык деңгээлде чек коёт. Эми азыр Грузияда салыктарды көбөйтүш үчүн азайтыш оңойго турат. Билесиңерби эмне үчүн? Анткени салыктын ченин көбөйтүш үчүн же жаңы салыктын түрүн киргизиш үчүн референдум өткөрүш керек.

Биз болсо Кыргызстанда атайын эле реформалардан арта калып жатабыз. Экономикалык эркиндик жөнүндөгү акт  эмес милиция реформасын жүргүзгөнү жөнүндө али ойлоно элекпиз. Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев 5 – каналдан түз эфирден айтты:

“Мен билем, бул көйгөй “ГАИ реформасы” бышып жетти. Мен бир аз алдыга жылуулар бар деп айталам. Быйыл техосмотрду өтүш былтыркыга караганда абдан эле жеңил  болду. Бирок негизги көйгөй дагы деле бар жана бул көйгөйдү чечиш керек. Балким, түп тамыры менен өзгөртүш керек. Мен силерге бул жумушту аягына чыгарабыз деп убада бере алам”, – деди Атамбаев.

Мен Грузиядагы реформалардын тажрыйбасы менен таанышып чыктым жана бул маселеге чекит коюш керектигин айтты – Атамбаев.

“ГАИни түп тамыры менен реформалаш керек. Эмнеси болсо дагы мындай реформаларды жасайбыз жана мен ойлойм мындай чечимди кабыл алабыз. Эми азыр мындай реформаларды кантип жасайбыз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Мындай чечимди жакынкы айлардын ичинде кабыл алабыз”.

Мындайча айтканда, Грузиядагы полицияда болуп жаткан реформалар жөнүндө Теле берүү көрсөтүлгөн. Мындай теле берүүнү тартып жатканда биз ишенгенбиз, биздин өлкөдө да мындай реформалар жакынкы арада болоруна. Бирок, Атамбаевдин жана башка саясатчылардын мындай убадасы азырынча ишенич туудурбайт.

Макала орус тилинен которулган: автору М.Намазалиев

Профессионалдуу жумушчу күч
Written by adilet, Wednesday, 20 Jul, 2011 – 14:58 | No Comment

Жумушчу күчтүн эң сапаттуу характеристикасы болуп – жумушчунун квалификациясы, алган билими жана профессионалдуу даярдыгы болуп саналат. Профессионалдуу жумушчу күч азыркы убакта Кыргызстанда барбы? – деген суроо туулат. Бул суроого жооп бериш үчүн азыр биздин өлкөдө кандай жогорку билим берүү окуй жайлары бар, алардын сапаты кандай экенин билишибиз керек.

Билим Берүү Министрлигинин жана Улуттук Статистика Комитетинин маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасы боюнча 233,6 миң студент жогорку окуу жайларында катталган экен. Булл студенттердин 100 миңи  сырттан (заочный) окуу бөлүмдөрүндө окушат. Мындай окуу бөлүмдөрү күндөн күнгө көбөйүп бара жатат. Болгону өлкөбүздө 54 жогорку окуу жайы катталып, анын 32 си мамлекеттик, 22 си менчик окуу жайлары. Бирок, студенттердин 90 пайызы мамлекеттик жогорку окуу жайларында окушат жана 130 миңге жакын студенттер борбор калаабызда билим алышат.

Ал эми, жылына 38,1 миң студент жогорку окуу жайын бүтүрүп, өздөрүнүн тармагы боюнча адис болуп чыгышат. Эң көп адистер: билим берүү тармагы – 8,8 миң, экономика тармагы – 8,1 миң, техника илимдер тармагы – 5,9 миң жана юриспруденция тармагы – 3,5 миң. Жылына 38 миң профессионалдуу адис пайда болсо дагы, мамлекетибизде сапаттуу адистер жетишпейт деп айтылып келе жатат.

Бул эмнени түшүндүрөт – бул деген ошол 38 миң адистердин сапаты абдан эле төмөн экендигин жана бул адистер азыркы замандын талабына жооп бербейт дегенди түшүндүрөт. Мисалы билим берүү тармагын алып көрсөк: жылына 8 миңден ашык профессиналдуу адис пайда болот экен бирок азыр Кыргызстанда мугалим мектептерде жетишпейт. Айылдардын мектептерин алып көрсөк мугалимдердин баардыгы жашы улуулар жана көп сабактардан мугалим жетишпей дене тарбиядан берген мугалимдер же физикадан же химиядан сабак берип жүрүшөт. Мындай мисалдар абдан эле көп. Бул тармактын престижи кетип калгандыгын жана бул тармактагы айлык маянасы азыркы замандын талабына жооп бербеген үчүн көп адистер өздөрүнүн адистиги боюнча иш алып барышпайт.

Кыргызстан боюнча экономикалык активдүү калктын саны 2 млн 420 миң адамды түзүп, 2 млн 216 миң экономикалык активдүү калк жумуш менен камсыз болушса, 203 миңден ашык адамдар жумушу жок деп катталган. Экономикалык активдүү калктын 85 пайызга жакыны жеке ишканаларда иш алып барышса, 15 пайызга жакыны мамлекеттик ишканаларда иштешет экен. http://www.stat.kg/

Миграция жана Эмгек комитетинин маалыматы боюнча баардык алистердин болгону 30 пайызга жетпегени гана өздөрүнүн адистиги боюнча иштешет, калгандарынын көп бөлүгү жумуш таппай кыйналышат. Эгерде жумуш мындай адистик боюнча аз болсо, эмне үчүн мамлекет мындай көйгөйлөргө көңүл бурушпайт? Кереги жок болгон көптөгөн адистиктерди жаап, кереги бар адистик тармактарга мамлекеттик заказ берсе болбойбу?

Кыргызстан боюнча 54 жогорку окуу жай бар экен. Сапаттары абдан жаман, эч кандай талаптарга жооп бере албаган жогорку окуу жайлар аз эмес. Эптеп диплом беришет да анан кийин адистердин сапаты жок. Кыргызстандагы чет өлкөлүк компаниялардын айтуусу боюнча биздин өлкөдөгү адистердин сапаты абдан начар жана алган билимдери азыркы замандын талабына жооп бербейт деп айтышууда. Чын эле карап көрсөк канча жылдан бери билим берүү тармагын реформалайбыз деп канча деген чиновниктер айтышууда. Бирок натыйжа чыккан жок, айтылганы айтылган бойдон калып, илгерки совет доорундагы билим берүү системасы менен дагы деле адистерди даярдап жатышат.

Азыр Болон билим берүү системасына дүйнөдөгү көптөгөн жогорку окуу жайлары өтүп жатышат. Бул системанын артыкчылыгы азыркы бат өзгөрүлүп жаткан дүйнөнүн талаптарынан артта калбай, азыркы заманга керектүү адистерди даярдоосу. Бул системанын алкагында студент эч кимге көз каранды эмес жана бош убактысы көбүрөөк. Кереги жок сабактар да окуу программасынан алынып салынган. Биздин өлкөдө да бул система боюнча иштеген жогорку окуу жайлары бар.

Билим берүү тармагын азыр реформа кылбасак келечекте таптакыр эле сапатсыз адистердин пайда болуп калышы ыктымал. Сапатсыз, билими начар адистер менен өлкөнү өнүктүрүүгө болобу?

Чекисттер Порно тараткандан башканы билишеби?
Written by Рысбек Арунов, Friday, 15 Jul, 2011 – 9:00 | No Comment

Аты айтып тургандай бул орган өлкөнүн бүтүндүгүн, чек аранын сакталышын, террористерге жана экстремисттик күчтөргө каршы туруу, чалгындоо иштери менен алек болушу керек эле.

Бүгүнкү күндө андай болбой, булар сауналарды аңдып, кыздар менен жыргап жүргөн оппозиция лидерлерин сүрөткө, видеого тарткандан башка эч нерсе билишпей калды. Мисалы: Ө.Текебаевдин порно-видеосу, К.Карабековдун саунадан тартылган сүрөттөрү.

Мындан тышкары оппозициянын өкүлдөрүн, журналисттерди кысымга алганды, телефондорун тыңшаганды жакшы өздөштүрүшкөн.

Ар кандай саясий оюндардын куралы болуп келе жатышат: матрешка-гейт, К.Ташиевдин үйүндө болгон согуш, Г.Павлюктун өлүмү ж.б.

Ушундай иштер менен алек болуп жатканда, чек ара жакшы кайтарылбай, мыйзамсыз миграция күч алып, криминалдык топтор менен күрөшкөндүн ордуна, алар менен коюн-колтук болуп, тышкы күчтөрдүн өкүлдөрү ээн-эркин кирип чыгып жүрүшсө да, аларды көрмөксөн болуп мамлекеттин коопсуздугуна залакасын тийгизишип жатышат.

Криминалга согуш жарыяладык деп жар салгандары менен андан эч жыйынтык чыкпай келет. Андай топтордун жетекчилерин кармашат да, эртеси депутаттардын суранычы менен бошотуп жиберип жатышат.

Апрель төңкөрүшүнөн кийин банктардагы кутучалардан  табылган миллиондогон акчалардын кайда кетиргендиги жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин толук отчетун берише элек. Белгисиз, жетекчиси алганы же атайын бир ишке жумшаганы.

КГБ, СНБ, ГКНБ, ГСНБ болуп бир нече жолу өзгөрдү. Мына булардыкы боюнча реформа ушу, анда жыйынтыгы кана? Чек ара кандай болсо, ошо бойдон каралбай, контрабанда, адам сатуу, мыйзамсыз чек араны кесип өтүү күчөп жататго!?

Реформа жүргүзүүдөгү негизги проблемаларды төмөндөгүлөр түзөт:

  1. Күч органдарынын саясатташып жатышы. Буга чейин деле, азыр деле күч структуралары бир адамдын же бир топтун кызыкчылыгына иштеп жатышат.
  2. Реформа процесстерин финансылык жактан колдоо. Көптөгөн каражат бөлүнбөй, материалдык жана техникалык жактан аксоодо.
  3. Ылдыйкы тепкичтеги кызматкерден баштап, жогорку тепкичтеги жетекчисине чейин паракорчулукка малынышы. Иштеген жерине, кызматтык документине таянып, жарандардан акча алып, көбүнүн бизнестерин “крышевать” этип жүрүшөт. Криминалдык топтун мүчөлөрүн кармап, акча алып кайра коё берип жатышат.
  4. Жабык организация. Баарына белгилүү бул организация жабык болуп саналат. Каалаган учурунда керектүү маалымат ала албайсың.
  5. Билимдүү кызматкерлердин жетишсиздиги. Маянанын аздыгынан профессионалдуу кызматкерлер кетип, алардын ордуна паракорчу, билими начар, чоңдордун урук-туугандары келип отурууда.
  6. Жаш кадрлардын жетишсиздиги. 50дөн ашкан жетекчисин жумуштан кетирип, реформа кылдык деп сүйүнүшөт. Анын ордуна ошого окшогон эле бирөөнү алып келип коюшат. Жаштар жумушка тартылбай, баягы эле карт бөрүлөр отурушат.
  7. Чек ара жакшы көзөмөлгө алынбай, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келип жатат. Себеби Чек ара кызматы бирде Коргоо министрлигине өтсө, бирде Коопсуздук кызматына же өзүнчө министрлик болуп өзгөрүп келе жатат. Бул дагы көп тоскоолдуктарды жаратып жатат.

Ал эми жогоруда айтылган проблемаларды чечүү үчүн төмөндөгү аракеттерди көрүү керек:

  1. Биринчиден, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен күч структураларынын ичинде өздөрүнө ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү. Себеби Ички Иштер Министрлигинде, Мамлекеттик Коопсуздук Кызматында, Финансы полициясында, Финансы чалгындоо кызматында окшош бөлүмдөр бар бир багытта иштеген. Андай түшүнбөстүктөрдү жоюп, ар бир органга тиешелүү өздөрүнүн иштерин берүү керек.
  2. Экинчиден, ачыктык (прозрачность) менен камсыздаш керек. Себеби керектүү маалыматты алыш өтө кыйын жана бул организация бир Президентке гана баш ийет. Ачыктыкты камсыз кылсак, жарандык коомдук өкүлдөрү көзөмөлгө алса, кичине өзгөрүү болушу мүмкүн.
  3. Үчүнүдөн, жазаган ишин коомчулук алдында ар бир квартал сайын отчет берип турушу керек.
  4. Төртүнчүдөн, кошуна мамлекеттердин күч структуралары менен биргеликте иш алып барып, чек араны коргоодо, экстремисттик жана террористтик күчтөр менен бирге күрөшүү.
  5. Бешинчиден, реформа жүргүзүүдө эски эффективдүү усулдарды калтырып, кереги жогунун ордуна жаңы эффективдүү усулдарды кабыл алуу керек.

Мына ушуларды ишке ашырсак кичине бирдеме өзгөрөөр……

Күчтүү жана заманбап армияны канткенде курабыз?
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 12 Jul, 2011 – 16:13 | No Comment

Бүгүнкү күндө баардык мамлекеттерде улуттук коопсуздук, чек араны сактоо маселелери күч структураларына жана коргоо кызматына (армияга) жүктөлгөн. Өзгөчө армия чоң ролду ойнойт. Ал үчүн армия күчтүү болуш керек, заманбап техника менен камсыздалышы керек.

Бирок баардыгы аракет кылганы менен, бул өтө көп каражатты талап кылат. Кээ бир өлкөлөр жыл сайын жаңы техника алышса, башкалары эски техника болсо да алмаштырганга аракет кылышат. Мисалы, акыркы убакка чейин мамлекетти коргоого жана армияга көп короткон мамлекет – бул АКШ болуп саналат. 2010 жылкы бюджеттен армияга 698 млрд.$ бөлүнсө, экинчи орунда Кытай – 119 млрд.$, Улуу Британия – 59,6$,Франция – 59,3$, Орусия – 58,7$ бөлүнгөн экен.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин чыгымын карасак, 2008 жылкы маалыматка ылайык Кыргызстан -79,3 млн.$, Казакстан – 1млрд. 281 млн.$, Өзбекстан – 1млрд. 422 млн.$ түзөт экен.

Ишке жарактуу жана жараксыз техникалардын Кыргызстандагы саны: БМП-298, самолет-58, вертолет-11, танкалар-215 ж.б.курал жарактар түзөт. Булардын көбү жараксыз, муну биз Ош окуясында баарыбыз көрдүк. Жоокерлердин саны 10 миңден 12 миңге чейин жетсе, Өзбекстандыкы -70 мин, Казакстандыкы-60 миң, Таджикистандыкы-12 миң адамды түзөт.

Бизде 12 миң болгону менен сапаты жагынан начар даярдыкта. Буга чейин канча жолу армияны реформа кылышты, эч жыйынтык чыккан жок. Себеби Коргоо Министрлигинде 1 же 2 отделди жоюп, 100гө жакын кызматкерди кетиришсе, реформа кылдык деп ойлошчу. Материалдык жана техникалык база жаңыртылмак турсун, тескерисинче сатып жатышат.

Кыргызстанда жыл сайын кызмат өтөөгө жашы жеткендердин саны 50 590 адамга жетсе, алардын 5 миңи ар кайсы бөлүктөрдө кызмат өтөшөт. Альтернативалык формада кызмат өтөгөндөр 15 миңге жетет.

Бүгүнкү күндө контракттык формада кызмат өтөгөндөрдү кээ бири 30% түзөт десе, башкалары 70% түзөт деп жатышат. Так маалымат жок. Алардын маяналары 12 миң сомду түзөт.

Убагында экс-президент К.Бакиев жана көптөгөн эксперттер да айтып чыгышты эле

“бизге чакан, мобилдүү, тажрыйбалуу, заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздалган контракттык формадагы армия керек” деп.

Мен да бул идеяны колдойм. Бирок андай боло турган болсо, алардын маянасын 12 миң эмес, депутат, министрлердикинен 2-3 эсе көтөрүшүбүз керек, башкача айтканда 50миң кылсак, ошондо бир майнап чыгышы мүмкүн. Азыркы акчага тойбогон, жутунган депутаттар чек араны кайтарып калышат беле депутаттык, президентик оорунга жутунгандан көрө.

“Контрактниктерге”  кетчү каражатты Манас аэропортундагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборунан түшкөн салыктарды колдонсок болот. Жылына 150 млн.$ төлөшөт.

Ал эми бүгүнкү күндө республикадагы армия техникаларынын көбү борборубузда. Аларды түштүк регионго мобилизациялаш керек. Коргоо Министрлигин толугу менен көчүрүш керек. Себеби ал регион өтө кооптуу болуп саналат бүгүнкү күндө.

Көптөгөн саясат таануучулар, эксперттер айтып жатышат:

“жакынкы 10-15 жылдын ичинде Фергана өрөөнүндө көптөгөн сууга, жерге байланышкан конфликттер чыгышы мүмкүн” деп.

Биз материалдык жана техникалык базабызды жаңыртышыбыз керек. Заманбап курал-жарак, техникаларды алып, армияны күчтөшүбүз керек. Качан гана күчтүү армия болгондо, кошуна мамлекеттер эсептеше башташат. Азыр мышык ыйлачудай кебетебизди көрүп, үнүбүздү укпаган да ошо себептен.

Генерал, полковник, подполковник деген наамдарды бергенди азайтышыбыз керек. Өтөгөн кызматынын стажына карап берилиши керек негизи. Жөнөкөй жоокерлерге караганда, полковниктер өтө көп бизде. Пайда барбы ошолордон? Кызматтык тепкич менен өсүү жолун жөнгө салышыбыз керек. Мисалы, бир генерал жумуштан кеттиби, анын ардунакийинкисин, аныкына андан кийинкисин коюш керек. А бизде майор болуп, бир нече убактан кийин генералга жеткен фактылар көп.

Айтор, контракттык армияга өтүп, машыктырууну жана техникаларды чыңдап, натыйжалуу армияларды курууга өтүүбүз керек деп ойлойм. Андан башка жол жок…

Визасыз өлкө качан болобуз?
Written by Асель Шабданова, Monday, 11 Jul, 2011 – 13:58 | No Comment

Жайкы сезон башталаары менен  өөрчүгөн өлкөлөргө чек араны ачуу жөнүндө талкуулар башталды. Бирөөлөр визаны жоюу үчүн болушса, мамлекеттик кызматкерлер жана кай бир адамдар виза керек деп чыгышууда. Бир жагынан,  экономикалык жактан өөрчүгөн мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга визасыз киргени :

  • туризм сферасында кирешени көбөйтмөк
  • чет өлкөлү инвестициялардын агымын чоңойтмок

Экономикалык жөнгө салуунун экс-министри, Kyrgyz Concept’тин ээси Эмиль Уметалиев туризм сферасында көп жылдан бери эмгектенип келет. Анын айтымында туристтерди Кыргызстанга келип эс алуу үчүн көп нерселер тоскоолдук кылат, анын арасында бюрократиялык процесстер:

“Грузия, Турциядан үлгү алып, биз дагы эшиктерибизди конокторго кенен ачып коюшубуз керек. Бир четинен биз туристтерди чакырып, экинчи четинен колдорун кагаздар менен бууп койгонубуз туура эмес. Визаны ачуу убакытты да, бир топ чыгымдарды да талап кылат. Визалык режимден биз гана утулабыз, АКШ, Европа мамлекеттерине жол ачуу биз үчүн кошумча кирешелерди алып келип, мамлекеттин имиджин көтөрөт.”

Ал эми Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүн токтотуп жаткан бир нече көйгөйлөр бар. Негизгичи виза маселеси. Алардын арасында инфраструктуранын начар абалы, тейлөөнүн төмөн деңгээли.  Туристтердин 11.5% бажы иштерин көйгөйлүү деп  белгилеп кетишти.  Ошондуктан, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Организациясына кирген 34 мамлекетке жана ИДПнын бир адамга түшкөнү кыргызстандыкынан үч эсе көп болгон мамлекеттерге визасыз 90 күнгө жүргөнгө мүмкүнчүлүк киргизүүнү сунушташат.  Белгилеп кетсем, ЭКӨО (ОЭСР) ге  туристтер саны көп болгон Европа мамлектеттеринин көбү, АКШ  ж.б. мамлекеттер кирет. Ал эми чет өлкөлүк бизнесмендерге бир жылдык көп жолу колдонулуучу визанын ордуна беш жылга чейин иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

Мындай экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин жараандарына Кыргызстанга келип тоскоолдуксуз бизнес ачуу, же эс алууну камсыз кылуу бизге эле пайда.

Башка мамлекеттердин мисалын карап көрсөк. Украина Еврособз мамлекеттерине визасыз режим кылгандан бери туристтерди келиши бир нече жолу жогорулады, ал эми Малайзияда 80 өнүккөн мамлекеттер менен визасыз режим колдонулат. Жыйынтыгында туристтердин саны үч эсе жогорулап, туризм секторунун кирешеси да үч эсе көбөйдү.

Мамлекет үчүн жалаң утуулар болсо эмне үчүн визаны жоюу процесси ишке ашпай жатат?

Май айында Өмүрбек Бабанов Тышкы Иштер Министрлигине визасыз режимди киргизүү жөнүндө сөз баштаган. Бирок, бир ай өтүп эле туристтик агенттиктер ТИМнин бул багыттагы кыймылдарына нааразы болуп чыгышты. 2012-жылдын 1-майынан 1-сентябрга чейинки убакытта Андорра, Ватикан, Сан-Марино, Мальта, Монако, Греция, Ирландия, Дания, Исландия, Швеция, Норвегия, Португалия, Болгария, Хорватия, Словения, Черногория, Македония, Босния и Герцеговина мамлекеттеринин атуулдары чек араны визасыз эле өтүшсө болот. Албетте, турагенттиктер биринчи премьер-министрдин сөзүнөң башка нерсе чыгат деп күтүшкөн.

Бул жерде баягы эле мыйзамчылар жана аткаруучулар ортосундагы түшүнбөстүк. Тышкы иштер министрлиги атайылап, Кыргызстанга келбеген өлкөлөргө визаны жоюп, калгандардан дале болсо акча өндүрүүнү самап жатса керек…

Өзгөртүлгөн телеканалдар ажыдаарларга пайда алып келеби?
Written by Рысбек Арунов, Monday, 27 Jun, 2011 – 15:00 | No Comment

Ажыдаар дегенимдин себеби, азыркы Премьер Министр А.Атамбаев бир кездери (2006 жыл, ноябрь митинги) бийлик бутагында тургандарды ажыдаарлар деп атады эле. Аларды жомоктогу желмогуздарга салыштырган. Ошондон бери канча убакыт өтүп, бийлик да алмашты. Алардын ордуна 120 ажыдаар менен кошо, дагы 2 ажыдаар келди бийликке. Мына ушулар бүгүнкү күндө сөз эркиндигин муунтканга өтүштү. Өкмөткө таянып, жеке менчик каналдарды, интернет сайттарын жаптырганы турушат. Андан тышкары да НТС, 5-каналдын журналисттери сабалды, бүгүнкү күнгө чейин эч ким кармала элек.

Парламенттик республикабыз, борбор Азиядагы башка мамлекеттерге караганда бизде демократия бар дегенибиз менен акыркы убактары болуп жаткан нерселерди көрүп, биз кайра Бакиевдин заманына бара жаткан турбайбызбы деген ой келет.

Туура мыйзамсыз сатылган, менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтарыш керек, бирок туура жолдо, туура чечим менен кабыл алынса жакшы болмок. Анан кызыл кандуулукка салып, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген принцип менен иштебей.

Кеп бул жерде 5-канал менен Пирамида каналы жөнүндө болуп жаткандыктан, ушулардын бирөөсүн Парламенттик канал, ал эми экинчисин көңүл ачуу кылып өзгөртүү зарыл беле? Эл эмне суусап турабы, бизге Парламенттик канал ачып бергиле деп? Буга чейин Парламент радиосун ачышты эле, аны эл угабы? Укпайт! Парламент каналын ачса эл эмнени көрөт ал жактан? Булардын бири-бири менен урушканын, чукуганын, сагыз чайнап отурганын, 120 депутаттын ордуна 27 депутат добуш берип жатканын көрөбүзбү?Бул бир, экинчиси Президенттик шайлоо жакындап келе жаткандыктан, сөзсүз өздөрүнө тиешелүү ММК керек. Буларда бир гана жол бар, ушу эки каналды өзгөртүп, өздөрүнө баш ийдирсе, шайлоодо кыйла жеңил болот.

Акыркы убактары ММКга бут тосуу, кысым көрсөтүү күч алып бара жатат. ОТРКга Жогорку Кенеш тараптан болгон кысым, Фергана.ру сайтынын жабылганы жатканы, журналисттердин сабалганы. Эмне себептен? ММК баардык чындыкты айтып, көздөрүн чукуганы, ажыдаарларды тынч уктатпай жатабы? Же буларга ошончо эле тоскоол кылып жатышабы? Айтор, бул жерде бир нерсенин башы кылтыйып чыгып тургансыйт. Жакында ушундай иштерден улам бир нерсенин ичинен чыкпасак болду.

Кийинки кысым кимге болот болду экен? Деги кошуна мамлекеттердей болуп, бир жылдан кийин жабык мамлекетке айланбасак болду.

Коррупция – бул Кыргызстанды жеген вирус
Written by adilet, Saturday, 25 Jun, 2011 – 13:50 | One Comment

Коррупция деген эмне? Коррупция латын тилинен келип чыккан сөз –  бузуу, жараксыздандыруу, акчага сатып алуучулук деген маанини түшүндүрөт. Кыргыздар муну паракор деп коет. Эгемендүүлүктү алганыбызга 20 жыл болоюн деп калды. 20 жылдан бери жогорку бийликте турган аткаминерлер канча деген убадаларды беришип, өлкөбүздү гүлдөтөбүз, өркүндөтөбүз деп элди алдап, жакшы жашоонун ордуна кыргыздарды башка өлкөгө тентитип, сызга отургузушту. 20 жылдын ичинде Кыргызстан чет өлкөлөрдөн 2,5 млрд долларга жакын карыз алышып, мындан башка 3,5 млрд долларга жакын бекер грант катары акча алышып, ич ара бөлүшүшүп, чет мамлекеттерден кыймылсыз мүлк алышып, бизнес кылышып, Бишкектин четинде 2 – 3 кабатту үйлөрдү салышып, кымбат автоунаалар менен жүрүшөт. Азыр коррупцияланган жогорку кызматтагы адамдар элдин байлыгын менчиктештирип алышып, байлыгын баарына көрсөтүшүп, дүңгүрөгөн тойлорду өткөрүшүп, уялышпай да калышты. Анысы аз келгенсип, азыр Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экономиканын өнүгүүсү боюнча эң акыркы орунду ээлеп калды. Мамлекетте жарандык согуш көп жыл бою болгон Таджикистан бизден алдыга кетти. Биздин жашоо шартыбыз эң кедей деген Африканын кээ бир мамлекеттеринен да артта калган. Буга ким күнөөлүү? Ошол 20 жылдан бери Кыргызстанды жеген чиновниктер күнөөлүү.

Коррупциянын деңгээли боюнча байгелүү орунга татыктуу экенбиз

Мурунку 15 жылдыкта, кийинки 5 жылдыкта президент баш болуп пара алып, сатылбаса, өзүнөн – өзү коррупция гүлдөмөк эмес. Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин иликтеген «Transparency international” эл аралык уюмунун маалыматы боюнча 2005-жылы өлкөбүз коррупция боюнча 163 өлкөнүн ичинен 142 – орунга, 2007 – жылы 180 мамлекеттин ичинде 150 – орунга, 2008 – жылы 180 мамлекеттин ичинен 160 – орунга чыгыптыр. Ал эми 2010 – жылы Кыргызстан байкоо салынган 180 мамлекеттин ичинен 166ынчы орунду ээледи. Буга Кыргызстандын мамлекеттик кызматчылары менен саясатчыларынын арасында коррупциянын өтө жогору деңгээлде өнүккөндүгүнө негиз берет. Бакиевдин 5 жылдык башкаруусунда биздин өлкө 38 орунга артка жылып, эң коррупцияланган мамлекеттердин катарына кирген. Эми азыр жаңы бийлик келип, коррупцияны жок кылууга аракет кылат деген үмүттөмүн.

Коррупцияга каршы мыйзам Кыргызстанда 2003 – жылы кабыл алынган

Бириккен Улуттар Уюмунун 2003 – жылдын 29 – сентябрында кабыл алынган Конвенциясында коррупция деген эмне, ага каршы кантип күрөшсө болот деген суроолордун үстүндө кеңири түшүндүрмө берилген. Ошол БУУнун кабыл алган Конвенциясынын негизинде 2003 – жылдын 30 – январында “Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүү жөнүндө” деген атайын мыйзам кабыл алынган. Ага 2003 – жылдын 6 – июнунда президент кол коюп, бирок башка мыйзамдардай эле бул да мыйзам кагазда калып, аткарылган эмес.

Коррупциянын тарыхы

Коррупциянын тамыры адамдардын алгачкы коомуна таандык болуп кетет экен. Ошондо эле элдер оздөрүнүн жол башчысына ар кандай нерселерди белек түрүндө беришкен. Убакыттын өткөнү менен бул салтка айланып, белек милдеттүү түрүндө берилип калган. Мамлекет пайда болуп, бийликтин күч алуусу менен мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматын өз кызыкчылыгына пайдаланып, ар кандай параларды алып башташкан. Ошол эле мезгилде ханга ар кандай балуу белектерди жасашып, ар кандай өтүнүчтөрү эртерээк жасалган. Коррупция жөнүндө «Артхашастра» деген эң биринчи эмгекти биздин доорго чейин IV кылымда Бхараттын (Индия) Каутилья деген министри жазган. Ал бул жазуусунда хандын мүлкү такыр эле жок болушу керек деген. Өзгөчө акчага сатылган соттор да айтылган. Анткени, соттор бирөөнү туура эмес айыптап, бирөөнүн мүлкүн башка бирөөгө берген.

ХVIII кылымдан баштап батышта коомдун коррупцияга болгон көз карашы чоң өзгөрүшкө дуушар болгон. Либералдык өзгөрүүлөр “мамлекеттик бийлик эл үчүн кызмат кылат жана бийликти эл баккан үчүн чиновниктер мыйзамды сактоого милдеттүү” деген лозунг менен өткөн.

Коррупциядан болгон зыян

  • Мамлекеттик мүлктү, акчаны туура эмес пайдалануу
  • Салыктардын жоголушу
  • Жеке ишкерлердин банкрот болушу
  • Өлкөгө келген инвестиуиянын азайышы
  • Экономиканын өнүгүүсүнүн токтошу
  • Тейлөөнүн сапатынын томөндөшү
  • Социалдык теңсиздиктин өсүүсү
  • Уюшкан криминалдык топтун күч алуусу
  • Элдин турмушунун төмөндөшү
  • Кедейлердин көбөйүшү

Балык башынан сасыйт дейт. Жогорку бийликте турган адамдар таза болмоюнча коррупцияны жоготуш абдан кыйын. Менин оюмча жаңы муун гана жаңы Кыргызстанды кура алат. Мисал катары Сингапур, Эстония, Монголияны алсак болот. Бул жакта жаш лидерлер бийлике келип, жаңы реформаларды жүргүзүшүп, мамлекетти өнүктүрүшкөн. И.Раззаковдун “мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген сөздөрү менен бул макаланы аяктагым келди.