Articles tagged with: салык
Кыргызстанда жашаган калктын баардыгы салык төлөөчүлөр деп эсептелинет. Бирок салыктын көлөмү ар кандай болуп, кээ бир учурда салык кирешенин же маянанын кандайдыр бир пайызы болсо, кээ бир учурларда өлчөнгөн салык болот.
Баардык өлкөлөрдө мамлекеттик бюджетти толтуруучу болуп салык төлөмдөр эсептелинет. Ошондуктан мамлекеттин негизги багуучусу болуп салык төлөмдөр десек болот. Салыктын тарыхын карап көрсөк, илгерки замандарда мамлекет пайда болору менен мамлекеттик ишкерлерди жана аскерлерди багуу үчүн каражат керектелчи. Ошондуктан салыкты ойлоп табышып, ар кандай түрлөрү пайда болгон.
Ошентип кылымдардын өтүшү менен мамлекеттин киреше бөлүгүнүн көбүн салык төлөмдөрү түзүп, ар бир мамлекет саясий түзүлүшүнө жараша чогулган каражаттарды каалагандай сарпташкан. Бирок, кээ бир мамлекеттер бул акчаны рационалдуу колдоно албагандыктан, өлкөдө социалдык экономикалык абал начарлап, элдин нааразычылыктары пайда боло баштаган.
Биздин мамлекеттетти алып көрсөк, 2011-жылкы мамлекеттик бюджеттин киреше тармагы болжол менен 68 млрд. сом болсо, 42 млрд. сом салык төлөмдөрдөн түшкөн акча. Бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн 65 пайызын түзөт. Бирок, биздин өлкөдө дагы менин оюмча бюджеттик акчаларды туура эмес пайдаланып жатышат.
Мисалы: биздин өлкөнүн ар бир жараны салык төлөгөндөн кийин төлөнгөн акча кайсы жана эмне үчүн сарпталып жатышканын билиши керек. Акчаны чогултушат дагы анан акчанын кайсы жака сарпталганын айтышпайт. Айтышса дагы калп, фальшивый документтер менен акчаны “списывать” этишип, сол чөнтөктү толтурушат. Мен бир нерсени түшүнбөйм: эмне үчүн биздин мамлекеттик кызматкерлерибиз кымбат служебдик машиналар, кымбат техника, эмерек, служебдик үйлөр менен камсыздандырылат? Биздин өлкө эң кедей Африкалык мамлекеттердин тизмесине кирет дагы, орточо айлык маянасы 5-6 миң сом болсо, пенсия көлөмү бир ай эмес бир жумага жетпесе, мамлекеттик кызматкерлерибиз үчүн мындай шарттарды түзүү туурабы?
Эң кыжырланткандыгы мамлекеттик органдар үчүн жаңы машиналар сатып алынганда күйбөгөн жериң күйөт.
Биздин өлкөдө азыркыга чейин салык системасындагы корруциялык схемалардын тамырына балта чабуу башта элек. Элдин акчасын мамлекет туура эмес колдонгону аз келгенсип, салык кызматы да өз милдетин туура аткарып, төлөнгөн салыктардын бир нече пайызын өздөрүнүн чөнтөгүнө салып коюшат.
Ошондуктан мамлекет баардык тарапта либералдуу реформаларды жүргүзбөйүнчө, өлкөдө өнүгүү болбойт.
Кыргыз Республикасында салык системасын реформалоо эгемендүүлүктү алгандан кийин башталган. 1991-жылы “Салык кызматы” боюнча мыйзам кабыл алынып, бул мыйзамда салык кызматынын укуктары жана милдеттери аныкталган.
1996-жылы 1-июлдан тартып, жаңы салык кодекси иштеп баштаган. Бул кодексте салык системасынын принциптери, салык эсептөөнүн методологиясы, мамлекеттик жана жергиликтүү салыктардын тизмеси ж.б. камтылган.
Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салыктар жана жергиликтүү салыктар болуп бөлүнөт. Жалпы мамлекеттик салыктар болуп, Кыргыз Республикасынын баардык аймагында төлөөгө милдеттүү салыктар эсептелет. Салыктардын жалпы мамлекеттик түрүнө төмөнкүлөр кирет:
- киреше салыгы;
- пайдага салык;
- кошумча наркка салык;
- акциздик салык;
- жер казынасын пайдаланууга салык;
- сатууларга салык.
Киреше салыгы – түз салыктардын бир түрү болуп эсептелет жана бул салыкты мамлекетте акча таап иштеген ар бир жаран (жеке адам) төлөйт. Киреше салыгы салынуучу объекттер төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- киреше бере турган жеке ишмердикти кошпогондо, экономикалык ишмердикти жүргүзүүчү;
- Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан – Кыргыз Республикасынын жараны жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке адамы – резиденти үчүн;
- Кыргыз Республикасындагы булактан – Кыргыз Республикасынын жеке адамы – резиденти эмес үчүн.
- ар кандай башка киреше алуучу.
Биздин өлкөдө бул салыктын көлөмү жалпы маянанын же кирешенин 10 пайызы деп белгиленген. Бул салыктан пенсия, стипендия, мамлекеттик пособиелер ж.б. алуучулар бошотулган. Киреше салыгы боюнча салыктык мезгил календардык жыл болуп эсептелет.
Орусияда бул салыктын көлөмү 13 пайыздан жогору. Ал эми АКШны алсак бул жакта салыктын көлөмү 13-35 пайызга чейин. Канчалык киреше көп болсо, ошончолук салык көлөмү жогору болот. Эң көп бул салыкты Европа мамлекеттеринде жашаган адамдар төлөшөт. Болжол менен 20-50 пайызга чейин.
Пайдага салык – түз салыктардын бир түрү болуп, юридикалык жактар гана бул салыкты төлөшөт. Кыргыз Республикасында пайдага болгон болгон салык 10 пайыз деп белгиленген. Пайдага салык төлөөчү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ата мекендик уюм;
2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу ишмердик жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм;
3) жеке ишкер;
4) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеге байланышпаган Кыргыз Республикасындагы булактан чет өлкөлүк уюмга киреше төлөөчү салык агенти.
Макаланын кийинки сандарында салык системасындагы коррупция жана салык системасын реформалоо жөнүндө маалымат окуй аласыңар.
Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө салык системасы, анын жеңил же оордугу абдан чоң таасирин тийгизет. Андыктан, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту Кыргызстандагы салык статус-квосун оңдоого, канткенде аны башкаруу жеңилирээк болооруна өз сунуштарын берүүдө.
ЖАГДАЙЫ
Салык реформасы салык төлөөчүгө ылайыкталышы керек. Бул салык төлөөчү менен мамлекет ортосундагы ишеним жана кызматташууга негизделген мамилелерин кайра карап чыгууну талап кылат. Демек салык системасы жөнөкөй, жеңил жана түшүнүктүү болуп, жарандар ачык жана чын дилден иштеп, зарыл салыктарды өз ыктыяры менен төлөп тургудай болушу керек. Минтип тил табышпаган шартта жана коркутуп-үркүтүү менен салык топтоо орун алган жерде көмүскө экономиканын үлүшү жогорулай берет.
КӨЙГӨЙЛӨР
Төмөндө КР салык системасындагы негизги үч көйгөй баяндалат:
1. Жогорку салык жүгү
Кыргыз Республикасынын салык системасына жогорку салык жүгү мүнөздүү. Бүткүл Дүйнөлүк банктын Бизнести Жүргүзүү 2010 отчётуна караганда, компаниялар тапкан кирешелеринин 59 % салык түрүндө төлөшөт. Алар ушинтип акча жагынан тартыш болгону аз келгенсип, салык инспекциясы тарабынан ар жылкы текшерүүлөргө, эскертүүлөргө,штрафтарга кириптер болушат.Ошол эле отчетто айтылгандай, көлөмү жагынан орточо делген бизнес ар жылы салык төлөөнүн 75 түрүн аткарып, буга орточо 202 саат (8,4 күн) коротушу керек, бул да аларга алда канча түйшүк апкелет. Ушунун баары кампания үчүн салыктын реалдуу деңгээлин жогорулатып, алардын жашыруун иштешине алып келет.
2. Салык мыйзамдуулугунун комплекстүүлүгү
Салык мыйзамдуулугундагы комплекстүүлүк салык төлөөчүлөр тарабынан да, салык инспекторлору тарабынан да бир топ каталарга алып келет(мисалы, кошумча нарк салыгын эсептөөдө.) Салык мыйзамдуулугундагы баш аламандык бир топ эле жогорку деңгээлдеги мыйзамдарга баш ийбөөчүлүккө алып келет. Кээде салык төлөөдөн баш тартуу да мыйзамдуулукту түшүнбөөчүлүктөн келип чыгат. КР Салык кодекси түп тамырынан бери өзгөртүлсө жана жөнөкөй,түшүнүктүү эрежелери иштелип чыкса, салык төлөөчүлөр салык төлөмдөрүн өркүндөтүү же салык төлөөдөн качуунун жаңы жолдорун ойлоп табууга караганда,өндүрүштү өркүндөтүүгө көбүрөөк көңүл бураар эле.
3. Салык салуу кызматынын жоктугу
Салык кызматынын кардарлары-бул салык төлөөчүлөр, алар бул органдын гана бюджетин түзбөстөн, мамлекеттин дээрлик бардык эсептерин да төлөшөт. Ушуга байланыштуу салык төлөөчүлөрдү ыңгайлуу жана жакшы маанайда тейлөө, же башкача тил менен айтканда кардарга жүзүңдү буруу ар бир мамлекеттик мекеменин, бул жерде Мамлекеттик Салык Кызматынын ишинде орун алышы керек.Тилекке каршы, тейлөөнүн мындай жогорку сапаты орун алган деп ар бир кардар баа бере албайт. Тескерисинче, салык инспекторлору менен кураторлор дегенде ишин начар билген, орой адам көзгө тартылат, салык төлөөчү аларга өзүнүн тууралыгын далилдеп жан далбас урат. Мунусу аз келгенсип, кээде салык инспекторлору кызматтык абалдарынан ашыра пайдаланып,пара ала коюшат же кошумча акы төлөтүшөт.
МАСЕЛЕНИ ЧЕЧҮҮ:
КРнын туура салык саясатынын айрым принциптери тигил же бул деңгээлде салык системасынын реформасында чагылдырылган.Бизде киреше салыгы жана пайдадан алынуучу салык 10%га барабар болуп,эң төмөнкү ставканы түзөт.2009-жылы да салыктардын саны 6%га чейин кыскарып, кошумча нарк салыгы (НДС) Борбор Азияда эң төмөн деп эсептелип, 12%га чейин төмөндөгөн. Ошондой эле айыл чарба компанияларына үч жылдык салык жеңилдиктери аныкталып,жумушчу персоналды окутууга салыктар дедукциясы,отчеттун жана төлөө процедурасынын жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы киргизилген. Салыктын патент системасы жеңил болуп, чакан ишканалардын салык төлөөсүн жөнөкөйлөштүрөт.
Өкмѳт ѳзүнүн ишин салык тѳлѳѳчүлѳрдүн эсебинен жүргүзүп келет. Өкмѳттүн ишин толук камсыздандыруу үчүн салык тѳлѳѳчүлѳр бир жылда канча күн иштеши керек? Бүт салыктарды тѳлѳп берүү үчүн жарандар канча күн иштешти? Ушул суроолорго быйыл биринчи жолу Кыргызстанда Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту тарабынан жарыяланган «Салыктардан Боштондук Күнү» жооп берет.
2009-жылы Кыргызстандыктардын кирешеси 150,3 млрд. сомду түздү. Жарандар менен мекемелердин салык тѳлѳмдѳрү 33,7 млрд.сомду түзгөн. 2009-жылдын 138-күнү (18 май) Салыктардан Боштондук Күн деп аныкталды. Башкача айтканда, эмгекке жарамдуу кыргызстандыктар өкмөт үчүн бир жылдын 138 күнүн (38%) иштешет. Read the full story »





Акыркы пикирлер