Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Саясат

Бажы Биримдиктин пайдасы барбы?
Written by adilet, Wednesday, 10 Aug, 2011 – 9:00 | No Comment

Жакынкы убакыттын аралыгында Кыргызстандын келечегине, саясий – экономикалык абалына, жалпы кыргыз коомчулугунун турмушуна таасир этчү чечим кабыл алынат. Бул бажы биримдигине кирүү чечими. Айтып кетсек, бажы биримдигинде Орусия, Казакстан жана Белоруссия деген мамлекеттер иш алпарышат.

Бажы биримдигине кирүүгө өлкө даярбы? Республиканын экономикалык өнүгүүсүнө кандай таасир этет? Же элибиз үчүн кезектеги пайдасыз ири долбоорлордун бири бойдон калабы? – деген суроолор кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаранды ойлондурат. Ошондуктан биздин мамлекетибизге маанилүү чечимди баардык тарабынан карап, жети ойлонуп бир кесип анан кабыл алыш керек. Бул биримдикте Кыргыз Республикасынын катышуусунун дурус жана терс жактарын карап көрөлү:

  • Биримдикке кирүүнүн оң жактары катары Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын коңшулаш өлкөлөргө эч кандай эле тоскоолу жок алып чыгып, биздин айыл чарба өндүрүүчүлөргө жогорку баада сатууга жол ачылат
  • Жеңил өнөр жайынын продукцияларын, так айтканда тигүү ишканаларынын товарларын экспорттоого кеңири жол ачылышы аталууда. Анын үстүнө Кыргызстан соодасынын 45 пайызын Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен жүргүзөт.
  • Мигранттар үчүн да жакшы шарт пайда болот. Айтып кетсек Орусияда биздин 500 миңден 1 миллионго чейин жарандарыбыз иштешет жана алар үчүн бир топ жеңилдиктер пайда болот. Казакстанда да биздин жарандарыбыз иштешет. Эске салып кетсек былтыркы апрель окуясынан кийин Казакстандын көп шаарларында кыргыз мигрантарын депортация кылышкан
  • Бажы биримдигине кирген мамлекеттерден келген импорттун баасы төмөндөйт. Мисалы; бензин, курулуш материалар ж.б.
  • Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктары катары, кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттеринин жоюла турганы, эмгек мигранттарынын бул аймакта тоскоолсуз жылып жүрүүсү жана азыркыдай эле Кытайдан арзан баадагы кездемелер келе бере турган болсо, тигүүчүлөрдүн өсүп-өнүгүүсүнө жол ачылат

Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктары көбүрөөк, кемчиликтери болсо аз эле. Ага кошулганда кыргыз товарлары үчүн 200 миллиондук рынокко жол ачылат. Кийим тигүү, азык-түлүк сыяктуу тармактар өнүгөт. Ал эми күйүүчү майлар сыяктуу стратегиялык товарлардын баасы арзан болот – дейт Кыргыз Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.. Анын ырасташынча, бул сыяктуу стратегиялык товарларды башка өлкөлөрдөн ташып, диверсификациялоого мүмкүн болбой жатат. Андыктан Орусия менен Казакстанга ыктап, Бажы биримдигине кошулуу керек:

Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз өкмөтү биримдикке кирүүнү жактайт. Алардын ынандыруусу боюнча, Кыргызстан үчилтикке кошулса, ута турган жагдайлар көп. Маселен, биримдик ичиндеги өлкөлөрдөн товарлардын арзаныраак жана оңой келиши, атамекендик жеңил өнөр жайчылардын базарынын кеңейиши, эл аралык базарга оңой олтоң чыгышы сыяктуу.

  • Кемчиликтер катары - азык-түлүк, жашылча-жемиштердин кескин кымбаттай турганы, Кытайдан келген товарларды реэкспорттоонун же алып сатуучулуктун азайышы, авто унаалардын дароо кымбаттай турганы, Дордой, Кара-Суу сыяктуу базарларда соода төмөндөй турганы жана Дүйнөлүк соода уюмуна айып акча төлөп калуу коркунучу мисал кылынууда. Дүйнөлүк соода уюмунан чыгуу үчүн 1,5 миллиард доллардын тегерегинде айып акча төлөө керектигин эскерте кетели. Бирок азырынча кыргыз бийлиги бул уюмдан чыкпай эле Бажы биримдигине кирүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө.
  • Бажы биримдигинин шарттары боюнча ага кирген өлкөлөрдүн мейкиндигинде бирдиктүү бажы төлөмдөрү бекитилет. Бажы төлөмдөрүнүн токсон пайызы Орусиянын жогорку өлчөмдөгү бажы тарифинин негизинде алынган. Аталган бирдиктүү бажы кодексин иликтөөдө андагы шарттарга Кыргызстан сыяктуу экономикасы алсыз өлкөлөрдүн туруштук бериши оңой эмес экендиги байкалган.
  • Тигүү ишканалары жоголуп кетиши мүмкүн. Анткени, азыр сырьену Кытайдан алып келип жатышат. Бажы биримдигине кирсек сырьену каяктан алабыз?

Жакында эле Кыргызстанга Орусия мамлекетинин Бажы кызматы менен Миграция боюнча службанын өкүлдөрү келип, пресс конференция өткөрүштү. Алардын айтымында Кыргызстан бажы биримдигине кирсе биздин өлкө үчүн өтө эле пайдалуу болот деп айтышты. Серепчилердин айтымында бул президенттик шайлоонун астындагы биздин жогорку эшелондогу отурган эр азаматтарыбызга “бажы биримдигине эртерээк кирсин” – деген белги катары экенин айтышты. Кандай болсо дагы биздин өлкө үчүн пайдалуу болсо болду.

Эң негизгиси бажы биримдигине кирип алып, Орусия менен Каазакстандын арзан жумушчу күчүнө жана товарларын сатуу үчүн базарга айланып калбайлы. Экономикалык жактан биздин өлкө үчүн пайдасыз деп эсептейм.

Кыргызстанда 592 миң өспүрүм акчага иштеп келишет
Written by Асель Шабданова, Wednesday, 20 Jul, 2011 – 8:30 | No Comment

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын саны 592 миңге жетти. Алардын жумуш шарттары алардын жашына жана мүмкүнчүлүктөрүнө туура келбейт. 5  жаштан 17 жашка чейинки балдардын 40,3 пайызы иштешет.

Кыргызстан балдардын укугу тууралуу, иштөөгө уруксат болгон жашты аныктоочу конвенциясын кабыл алган. Конституцияда балдардын эмгегине тыюу салган 28 статья бар болсо дагы, араба түртүп жаткан же коробкаларды чогултуп жаткан жана башка физикалык оор жумуштарды аткарып, оокат кылган  балдардын саны көбөйүүдө.

КР  калкты  социалдык  коргоонун министринин орун басары Гульнара Дербишева белгилеп кеткендей, бул көйгөй айыл жергесинде кеңири тараган. Жашоонун төмөн деңгээли баланын үй-бүлөдөгү ордун өзгөртүүгө алып келет. Мындай үй-бүлөөлөрдө балдар тапкычтарга айланып кетишет. Ошондой жумуш берүүчүлөргө балдардын эмгеги арзаныраак түшкөнү ыңгайлуу. Балдар менен оозеки сүйлөшүп алып эле, аларга мыйзамга жараша  жумуш шарттарын түзүп беришпейт.

Эл аралык эмгек организациянын текшерүүсү боюнча, иштеген балдардын 88 пайызы толук эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан. Көбүнчө эле энеси баш болгон үй-бүлөлөрдө балдар аларга жардамчы болуп жаш кезинен оор жумуштарга барышат.

Сүлүктөдө жашаган 16 жашар Арзыбек классташтары менен түнкү саат 3-тө жумушун башташат экен. Алар машиналарга көмүр жүктөшөт. 3-4 саат иштеп коюшса миң сомдун ээси болуп калышат. Бирок, эң жаманы эртең менен туруп, мектепке барганы. “Мындай жашоого көнүп калдым”,- дейт Арзыбек,-” 14 жаштан бери шахтада”.

Кыргызстандыктар Казахстанга жакшы жашоо издеп барып, кулчулукка түшүп калганы жашыруун эмес. Балдар дагы чекеде калбайт. Philip Morris атындагы тамеки компаниясынын Казахстандагы филиалында Орто Азиядан чыккан балдардын эмгеги колдонулат. Алардын көбү кыргызстандыктар. Мындай жумуштардын ден-соолукка, нары балдардын ден-соолугуна келтирген зыяны абдан чоң. Себеби, алар кол капсыз эле иштешип, бир күн колу менен чогулткан тамекисинин никотини 36 сигаретти чеккенине барабар. Никотиндин териге сиңгени “жашыл тамекинин оорусуна”  алып келет. Анын симптомдоруна баш айлануу, кандын басымын өзгөртүү, жүрөк согумун бузуу, дем алуунун кыйынчылыктары кирет.

Бирок, өсүп келе жаткан балдардын оор жумуштарда иштеши бир эле ден-соолукка зыян келтирбестен, алардын интеллектуалдык өөрчүшүнө дагы жолтоо болот.  Эрте иштеп баштап, алардын мектепте окуганга дагы шарты болбой калат.

14 жашар  Лиза ата-энесиз калгандан кийин 8 жашынан бери иштеп, мектепте окуган эмес. Окуганга умтулса дагы, күнүмдүк оокатын камсыз кылууга аргасыз болгон.  Башында “Дордойдо” контейнерлерди жууп жүрдүм, андан кийин сатуучуларга жардам берип, пайыздарды ала баштагам. 8 жашаар кыз 8,30 дан баштап 3кө чейин иштеген. Бир контейнерди жууп колуна 20 сом алчу. Ал эми азыр болсо, иштеп жаткан балдарды көрүп, көзүнө жаш толот: “Мынтип жашаса болбойт”,- дейт,- “ата- энелери аларды тарбиялап, билим бериш керек, балдар иштебеш керек. Азыркы учурда Лиза Бишкектеги жетимдер үчүн  реабилитация борборунда жашайт. Мындай борборлор колу келишинче жетимдерге кесиптик билим беришет.

Ал эми ата-энелер тирүү туруп, балдарын бөтөлкөлөрдү чогулттуруп, оокат кылышат. Мындай ата-энелер үчүн өздөрү иштегенден көрө, балдарын жумушка саылп койгону оңой көрүнөт.

Балдардын билим алгандын ордуна оор жумуштарда иштеши алардын эле көйгөйү эмес, жалпы мамлекеттик көйгөй. Балдардын эң начар шарттардагы эмгегин жоюу маселесин койгон мамлекеттик программа 2008-2011 жылы кабыл алынган. Азыр анын жыйынтыктары көрүнбөй турганын айтып кетсек болот. Эми бул көййгөйдү чечүүнү 2016 жылга чейин жылдырышты. Азыркы убакытка чейин ” балдар жумушунун эң начар формаларынын тизмеси” түзүлө эле экен. Ар бир баланын көйгөйүн чече берсек болот, бирок, жалпы маселени мындай жол менен чечилбейт.

Айыл чарбасындагы балдардын эмгегин жоюудагы ийигликтүү кампания тууралуу окуп калдым. Анын негизги максаты майда фермердик уюмдарга микрокредиттерди берүү менен, аларды чоңураак уюмдарга бириктирип, керектүү билим берип ишин баштоо. Бул жерде алар тууралуу кененирээк окуй аласыздар.

P.S. Эмгек кодекси боюнча, 14-16 жаштагы балдардын эң көп иштеген убактысы  жумасына 24 саат, ал эми 16-18 жашка чейин 36 саат түзүшү керек. 14-16 жаштагы окуган балдар күнүнө 2,5 саат болсо, 16-18 жаштагылар 3,5 саат иштеши керек.

Мигранттардан эптеп эле акча тапсак деген ой-чабыт
Written by Рысбек Арунов, Friday, 8 Jul, 2011 – 17:00 | No Comment

Кыргызстанда миграциянын абалы өтө татаал жана түшүнүксүз. Өкмөт башкаларды кабыл алмак турсун, өзүнүн жарандарына жыргатаарлык жардам бере албай келет. Статистикалык комитеттин расмий статистикасына таянсам, 1991-2010 жылга чейин 1млн.534 миң адам өлкөнү таштап кеткен, а келгендери 258 493 адамды түзөт. Кеткендер менен келгендердин айрымасы өтө чөң. Себептерин 5 этапка бөлүп кароого болот:

  1. 1990-1993 жыл. Ош окуясынын кесепети, Кыргызстандын көз карандуу болушу, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилиши.Ошо жылдары өлкөдөн 401 514 адам чыгып кеткен. Алардын 14 984-кыргыз, орустар-214 203, немистер-55 353, өзбектер-31 137 ж.б. түзүшкөн.
  2. 1994-1998 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кичине басаңдаган. 171 292 адамды түзгөн.
  3. 1999-2001 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кайра көтөрүлгөн. Себеби, биздин территорияны кээ бир террористтик күчтөр басып алууга аракет жасашкан, Аксы окуясы да болгон. 77 338 адам өлкөнү таштап кеткен.
  4. 2002-2005 жыл. Саясий куугунтук күчөп, социалдык жана экономикалык абал төмөндөп, бийлик менен оппозициянын тирешүүсу күчөп, 2005 жылдын 24 мартындагы бийлик алмашууга алып келген. Ал жылдары өлкөдөн 107 277 адам чыгып кеткен. Кыргыздар-2182, орустар-20 351, украиндер-2445, өзбектер-998 түзгөн.
  5. 2006-2010 жыл. Бийлик бир үй-бүлөнүн колунда болуп, саясий куугунтук башталып, сөз эркиндиги муунтулуп, адамдар жоголуп, көбү жакырданып, бүт нерсенин баары кымбаттап, 2010 жылдын 7 апрелиндеги төңкөрүшкө жана Ош окуясына алып келген. Ушу себептерден улам 218 229 адам жер которуп кетишкен. Алардын 2006 жылы кыргыздар-10 674, орустар-13 360. 2007 жылы кыргыздар-27 437, орустар-13 143. 2008 жылы кыргыздар-15 292, орустар-15 470. 2009 жылы кыргыздар-14 552, орустар-9 971. 2010 жылы кыргыздар-21 347, орустар-12 697 түзгөн.

Ушу акыркы 4 жылдын ичиндеги убакытты карасак, кыргыздар көп кете башташкан башка улуттарга караганда. Мунун баары жогоруда айтылган себептерден жана жумушсуздуктун аябай күч алышынан, куугунтуктоодон, жакырчылыктан улам эле. Кеткендердин көбү 18 жаштан 40 жашка чейинки адамдар, алардын көпчүлүгү эркектер экен. Башкача айтканда калктын эң активдүү катмары. Көбүнүн үй-бүлөсү бул жакта калып, далай үй-бүлөөлөр бузулду. Жашы жете элек балдар жумушка тартылып, айылдарда жалаң кары-картаңдар басымдуулук кылып жатат. Кеткен адамдардын ордун кошуна мамлекеттин жарандары ээлеп, алардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.

Өкмөт “тышкы миграция” жана “миграция” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алганы менен биздин жарандардын укуктары чет өлкөдө корголбой келет. Аларга кол салуулар, алдагандар, органдарын саткандар, айлыктарын бербеген ж.б.ушу сыяктуу көрүнүштөр көбөйүп жатат. Биздин жарандар тилди, кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарын билбегендиктин көп кыйынчылыктарды жаратууда. Көбүн алдап, документтерин алып алышып, аларды кул кылып сатканы канча. Айтор проблема өтө көп.

Бүгүнкү күндө кыргыз барбаган жер жок. Көбү Орусия менен Казакстанда, калгандары Туркия, Араб өлкөлөрүндө, Корея ж.б.мамлекеттерде иштешет. Официалдуу маалыматка таянсам, Орусияда 800 миңден ашуун, ал эми официалдуу эмес маалыматтарга ылайык 1 млн.ашык кыргыз бар. Алардын 2010 жылы 96011 миңи жумушка уруксат алышса, 17 137 адам патент алып, соода-сатык менен алек. Мыйзамдуу түрдө 113 143 адам эмгектенет. 260 миңге жакынын жарандыгы бар.[1]Казакстанда 270 миңдей, официалдуу эмес маалыматка ылайык 400 миңден ашат.

Мигранттардын которгон акчасына кыргызстан жашап жатат. 2010 жылы 1,36 млрд.$ которушкан.[2] Ал эми тажиктер 2,67 млрд.$ которушкан.[3] Бүгүнкү Кыргызстандын бюджетин 30% миграттар которгон каражаттар түзөт.

Миграция боюнча Орусия менен да, Казакстан менен да эки тараптуу мыйзамдар, макулдашуулар бар. Анын баары бүгүнкү күндө күчүндө. Визасыз кирүү, 10 күн каттоосуз жүрүү, жеңилдетилген формада Орусиянын жарандыгын алуу ж.б.

Кээ бир мамлекеттер миграция менен күрөшүү үчүн жыл да бир жолудан мигранттар үчүн мунапыс жарыяласа, кээ бири пенсия, пособия, айлык маяналарын көтөрүү менен бирге жумуш орундарын түзүп, жарандарын өз өлкөсүндө калтырууга аракет жасап жатышат. А биздики эптеп ушуларды кетирсек, кийин көп акча которушса деген саясат жүргүзүп келишет. Read the full story »

Партия лидерлеринин “оюндары”
Written by KGanalyst, Thursday, 13 Jan, 2011 – 13:51 | No Comment

29 декабр күнү, Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Шайлоо Кодексинине өзгөртүү киргизуу учун мыйзам долбоорун колдоп беришти. Бул мыйзам долбоорунун маңызы  - парламентен мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна шайлоодон чейин бекитилген партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер эмес, партиянын жогорку саясий кеңеши тандаган талапкер келип депутаттык креслого отурмак болду. Мындай мыйзам долбоорду ЖКнын уч фракциясыялары (Ата Журт, Ар Намыс жана Республика) «ойлоп-таап чыгып», башка эки фракциялардын (Ата Мекен, КСДП) каршылыгына карабай, көпчүлүк добуш менен парламенттин жыйынында биринчи окууда кабыл алышты.

Эске сала кетсек, 2007 жылы кабыл алынган Шайлоо Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, парламенттен мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен депутаттын ордуна партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер келип отурат.

Долбоор бекитилери менен, өлкөбүздүн ар кандай коомдук уюмдары мындай өзгөртүүгө каршы чыгып, долбоордун мамлекетибиздин Конституциясына дал келбестигин айтып чыгышты. Алардын айтымы боюнча, бул өзгөртүү саясий азчылык өкүлдөрүнүн (аялдар, жаштар жана этникалык группалардын өкүлдөрү) мамлекетибиздин башкы мыйзамында камтылган укуктарын бузат, анткени, партиялардын тизмелери тузүп жатканда өлкөбүздүн Конституциянын саясий азчылык өкүлдөрү тууралу талаптары эске алынган. Андан сырткары,  бул жаны мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күчүнө киргизүү боюнча” мыйзам сыяктуу көптөгөн башка мыйзамдарга дал келбейт дешет жарандык коомдун өкүлдөрү.

Азыркы убакытта, бул маселе тууралуу көп ойлор айтылып, ар бири өз түшүнгөнүн, билгенин айтып турган кези. Бирок, мен мындай кадам канчалык мыйзамдуу экенин талкуулабастан, эмне үчүн мындай аракеттер менин тынчсыздыгымды алып турат деген суроого көнүл бургум келет.

Read the full story »

САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ҮЧҮН САЛЫК РЕФОРМАСЫ
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 3 Dec, 2010 – 12:44 | One Comment

Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө салык системасы, анын жеңил же оордугу абдан чоң таасирин тийгизет. Андыктан, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту Кыргызстандагы салык статус-квосун оңдоого, канткенде аны башкаруу жеңилирээк болооруна өз сунуштарын берүүдө.

ЖАГДАЙЫ

Салык реформасы салык төлөөчүгө ылайыкталышы керек. Бул салык төлөөчү менен мамлекет ортосундагы ишеним жана кызматташууга негизделген мамилелерин кайра карап чыгууну талап кылат. Демек салык системасы жөнөкөй, жеңил жана түшүнүктүү болуп, жарандар ачык жана чын дилден иштеп, зарыл салыктарды өз ыктыяры менен төлөп тургудай болушу керек. Минтип тил табышпаган шартта жана коркутуп-үркүтүү менен салык топтоо орун алган жерде көмүскө экономиканын үлүшү жогорулай берет.

КӨЙГӨЙЛӨР

Төмөндө КР салык системасындагы негизги үч көйгөй баяндалат:

1. Жогорку салык жүгү

Кыргыз Республикасынын салык системасына жогорку салык жүгү мүнөздүү. Бүткүл Дүйнөлүк банктын Бизнести Жүргүзүү 2010 отчётуна караганда, компаниялар тапкан кирешелеринин 59 % салык түрүндө төлөшөт. Алар ушинтип акча жагынан тартыш болгону аз келгенсип, салык инспекциясы тарабынан ар жылкы текшерүүлөргө, эскертүүлөргө,штрафтарга кириптер болушат.Ошол эле отчетто айтылгандай, көлөмү жагынан орточо делген бизнес ар жылы салык төлөөнүн 75 түрүн аткарып, буга орточо 202 саат (8,4 күн) коротушу керек, бул да аларга алда канча түйшүк апкелет. Ушунун баары кампания үчүн салыктын реалдуу деңгээлин жогорулатып, алардын жашыруун иштешине алып келет.

2. Салык мыйзамдуулугунун комплекстүүлүгү

Салык мыйзамдуулугундагы комплекстүүлүк салык төлөөчүлөр тарабынан да, салык инспекторлору тарабынан да бир топ каталарга алып келет(мисалы, кошумча нарк салыгын эсептөөдө.) Салык мыйзамдуулугундагы баш аламандык бир топ эле жогорку деңгээлдеги мыйзамдарга баш ийбөөчүлүккө алып келет. Кээде салык төлөөдөн баш тартуу да мыйзамдуулукту түшүнбөөчүлүктөн келип чыгат. КР Салык кодекси түп тамырынан бери өзгөртүлсө жана жөнөкөй,түшүнүктүү эрежелери иштелип чыкса, салык төлөөчүлөр салык төлөмдөрүн өркүндөтүү же салык төлөөдөн качуунун жаңы жолдорун ойлоп табууга караганда,өндүрүштү өркүндөтүүгө көбүрөөк көңүл бураар эле.

3. Салык салуу кызматынын жоктугу

Салык кызматынын кардарлары-бул салык төлөөчүлөр, алар бул органдын гана бюджетин түзбөстөн, мамлекеттин дээрлик бардык эсептерин да төлөшөт. Ушуга байланыштуу салык төлөөчүлөрдү ыңгайлуу жана жакшы маанайда тейлөө, же башкача тил менен айтканда кардарга жүзүңдү буруу ар бир мамлекеттик мекеменин, бул жерде Мамлекеттик Салык Кызматынын ишинде орун алышы керек.Тилекке каршы, тейлөөнүн мындай жогорку сапаты орун алган деп ар бир кардар баа бере албайт. Тескерисинче, салык инспекторлору менен кураторлор дегенде ишин начар билген, орой адам көзгө тартылат, салык төлөөчү аларга өзүнүн тууралыгын далилдеп жан далбас урат. Мунусу аз келгенсип, кээде салык инспекторлору кызматтык абалдарынан ашыра пайдаланып,пара ала коюшат же кошумча акы төлөтүшөт.

МАСЕЛЕНИ ЧЕЧҮҮ:

КРнын туура салык саясатынын айрым принциптери тигил же бул деңгээлде салык системасынын реформасында чагылдырылган.Бизде киреше салыгы жана пайдадан алынуучу салык 10%га барабар болуп,эң төмөнкү ставканы түзөт.2009-жылы да салыктардын саны 6%га чейин кыскарып, кошумча нарк салыгы (НДС) Борбор Азияда эң төмөн деп эсептелип, 12%га чейин төмөндөгөн. Ошондой эле айыл чарба компанияларына үч жылдык салык жеңилдиктери аныкталып,жумушчу персоналды окутууга салыктар дедукциясы,отчеттун жана төлөө процедурасынын жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы киргизилген. Салыктын патент системасы жеңил болуп, чакан ишканалардын салык төлөөсүн жөнөкөйлөштүрөт.

Read the full story »

Кыргызстандагы Салыктардан Боштондук Күнү
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 26 Nov, 2010 – 10:12 | No Comment

Өкмѳт ѳзүнүн ишин салык тѳлѳѳчүлѳрдүн эсебинен жүргүзүп келет. Өкмѳттүн ишин толук камсыздандыруу үчүн салык тѳлѳѳчүлѳр бир жылда канча күн иштеши керек? Бүт салыктарды тѳлѳп берүү үчүн жарандар канча күн иштешти? Ушул суроолорго быйыл биринчи жолу Кыргызстанда Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту тарабынан жарыяланган «Салыктардан Боштондук Күнү» жооп берет.

2009-жылы Кыргызстандыктардын кирешеси 150,3 млрд. сомду түздү. Жарандар менен мекемелердин салык тѳлѳмдѳрү 33,7 млрд.сомду түзгөн. 2009-жылдын 138-күнү (18 май) Салыктардан Боштондук Күн деп аныкталды. Башкача айтканда, эмгекке жарамдуу кыргызстандыктар өкмөт үчүн бир жылдын 138 күнүн (38%) иштешет. Read the full story »

Шайлоого 5 кун калды
Written by Нурила Батыралиева, Tuesday, 5 Oct, 2010 – 21:09 | No Comment

Кыргызстанда 5 кундон кийин парламенттик шайлоо отот. Шайлоого 29 саясий партия ат салышкан. Кыргызстандын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-сентябрга карата өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөчү 42 өлкөнүн 15 эл аралык уюмунан 525 эл аралык байкоочуну каттады, деп жазат «Кырыз Туусу» гезити 5-октябрда чыккан санында.

Алардын ичинде: эл аралык республикалык институту (IRI) – 4, КМГ – 72, Шайлоону маниторингдөө боюнча европалык уюмдар тармагы (ENEMO) – 40, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу – 96, Шайлоо тутумунун эл аралык фонду (IFES) – 2, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы – 7, ЕврАзЭСтин Парламенттер аралык ассамблеясы – 1, «Elections&Democracy» эл арлык ассоциациясы – 25, Астана шаарындагы Бразилия элчилиги – 2, Казакстандын БШКсы – 2, Астана шаарындагы Польша элчилиги – 4, Ош шаарындагы Орусиянын башкы консулдугу – 2, CISEMO эларалык ассоцияциясы – 259, Ислам конференциясы уюму – 6 байкоочусун каттоодон өткөрткөн.

Парламентке отуу учун саясий партия республика боюнча5% добуш ал эми арт бир региондон 0,5% алуусу зарыл. Бул сандардын чечилмеси тууралуу Акипресс агенттигине БШКнын мучосу Жаркын Бапанова айтып берген. Анын айтымында, бугунку кндо республика боюнча шайлоо тизмесине 2 млн 836 мин 567 жаран катталган. Партия 5% тогскоолдон отушу учун 141 828 голосов добуш алышы керек. Бул сандар кошумча тизме тузулгондо озгорушу мумкун, бирок ал шайлоогун жыйынтыгына коп деле таасир бербейт.

Ал эми 0,5% тоскоолдукту ар бир областтан жену учун томондогудой добуш алуу керек: Read the full story »