Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Талас

Децентрализация!
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 19 Jan, 2011 – 5:06 | No Comment

Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу (децентрализация) аракеттери көз-карандысыздыкты алгандан бери эле көтөрүлүп келген маселе. Бирок, алигече ишке ашкан эмес. Бул тармакта кандай көйгөйлөр бар, аларды кантип чечүү зарыл жана башка суроолорго Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту төмөндөгү өзүнүн сунуштарында жооп берет.

Кыргызстандын өнүгүүсүн мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана элдик бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (МСУ) институтун өнүктүүрүсүз мүмкүн эмес. Муну ишке ашыруу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги башкарууну кайра түзүү керек. Жергиликтүү башкарууну кайра түзүүнүн максаты – жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүнү натыйжалуу камсыз кылууга жана калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтө алууга жөндөмдүү жергиликтүү башкаруу системасына өтүү болуп саналат.

Көйгөйлөр:

Бул максаттарга жетүүгө төмөнкү проблемалар тоскоол берет:

  • Административдик-аймактык түзүлүштүн чоңдугу
  • Милдет жана укуктарды бөлүштүрүү механизмдеринин так эместиги

Жергиликтүу өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын каржы –экономикалык жактан чабалдыгы

  1. Кыргыз Республикасында коомдук-саясий турмушта олуттуу өзгөрүүлөр жүргөнү менен мамлекеттик башкаруунун аймактык уюштурулушу ошол эле бойдон калган: Республика (борбор) –облус-район-шаар/айыл. Борбордук мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдарынын ортосунда, областтык жана райондук деңгээлдеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле министрликтер менен административдик ведомстволордун көптөгөн аймактык бөлүмдөрү да иштейт. Булар башкаруунун тизгинин узартканы аз келгенсип, кээде биринин ишин экинчиси кайталап да калат. Ушунун баары мамлекеттик башкаруунун натыйжасына, аймактардын (облустар, райондор, шаарлар жана айылдар) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө башкаруунун райондук деңгээли деп эсептелген мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ органынын ортосунда ажырым пайда болду, анткени мында аткаруу бийлиги мамлекеттик болуп, ал эми түз шайлоонун негизинде куралган өкүлчүлүктүү орган жергиликтүү бийлик болуп калды.
  2. Аймактардын экономикалык өнүгүүсүндө жана табигый-климаттык шарттарындагы чоң айрымачылыктардан улам Кыргызстандын муниципалитеттери ар кандай каржылык-экономикалык деңгээлде болуп калды. Ушунун айынан Кыргызстандагы 70%дан ашуун эл чарба тармагы (муниципалдык институттар) дотациялык абалда. 25-30% тармак калган 70-75% тармакты багып жатса, мындай абал экономикалык ресурстардын тең салмактуу эмес бөлүштүргөнүнөн кабар берет. Демек жергиликтүү бюджетти жана бюджет аралык мамилелерди түзүүдө калыптанган көз карашты кайра карап чыгуу зарыл.
  3. ЖӨБ органдарына мамлекеттик укуктарды каржылык булактары менен кошо камсыз кылып берүүдө мыйзам так талаптарды койгон, бирок бул норма азырынча иштебей жатат.
  4. Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу иши шаардык жана айылдык ЖӨБ органдарынын деңгээлинде токтоп калды, чынында бул иш мүмкүн болушунча өркүндөтүлүшү керек эле.

ЧЕЧИМ:

Мамлекеттик башкаруу жана административдик-аймактык түзүлүш ишин борбордук бийлик органдарынын төмөнкү функциялары чектелгендей кылып уюштурууга өтүү керек. Алар төмөнкүлөр:

  • мыйзамдуулук
  • тышкы саясат жана тышкы иштер
  • улуттук коопсуздук жана коргонуу
  • улуттук программа жана саясатты иштеп чыгуу
  • мамлекеттик бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү

Ал эми жергиликтүү жамааттар шайлап жана көзөмөлдөөчү жергиликтүү бийлик органдарынын кароосуна төмөнкүдөй кызмат көрсөтүү функциялары кириши керек:

  • билим берүү
  • саламаттык сактоо
  • социалдык коргоо
  • маданият
  • спорт
  • адамдардын эс алуусу

Read the full story »

Таластагы мугалимдердин дүрбөлөңү
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 17 Dec, 2010 – 7:55 | No Comment

Талас шаарындагы аба ырайынын чукул өзгөрүп, жаан менен кар аралашып жаап жаткандыгына карабастан 50-60 мугалим борбор аянтка чыгышты. Эки сааттан ашуун көчөгө туру, обладминистрацияга кирүүдөн баш таракан соң, губернатор Койсун Курманалиева көчөгө чыгып, жолугушуу өткөрдү.

Таласта 7 апрель шейиттерине эстелик тургузулду
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 17 Dec, 2010 – 7:52 | No Comment

Эстеликти ачуу аземине 400-500 адам катышып, Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева жана Темир Сариев катышышты:

Таластыктар Чүйдөгү майып балдарга жардам беришет
Written by Мирсулжан Намазалиев, Tuesday, 14 Dec, 2010 – 12:44 | No Comment

Кичинекей Талас облусунун жашоочулары өз жердештерин гана эмес, Чүйдөгү Беловодский айылындагы майыптардын үйүнө жардам чогултуп башташты. Санта Клаустун топусун кийип, үч жаш бала ручка жана дептер сатып жүрүштү.

Төшүнө атайын өз наамдарын жазып алып, көчөдө жолуккандардын бардыгы менен сүйлөшүп жүргөн балдар, ручка менен дептерди сатуудан түшкөн акчаны жогоруда аталган балдардын майып үйүнө жөнөтүүнү максатташкан экен. Анда эмесе, алар тууралуу видеого көз чаптырыңыздар:

Таластан Фоторепортаж II
Written by Мирсулжан Намазалиев, Wednesday, 7 Apr, 2010 – 8:43 | 7 Comments

Фото Интербилим борборунан алынды.

6 апрель. Таластагы митингден видео.
Written by Мирсулжан Намазалиев, Tuesday, 6 Apr, 2010 – 15:02 | One Comment


Namba Media: Кыргызстандын ичиндеги траффик Read the full story »

Талас, ар балээден калас
Written by Мирсулжан Намазалиев, Tuesday, 6 Apr, 2010 – 12:47 | One Comment

Сүрөт Азаттык радиосуна тиешелүү. Талас облусунун акимчилигинин алдына чогулган эл курчап турган милицияны жиреп акимчиликке кирип кетишти.

Бул дизельден саат 16:35 алынган скриншот. Таластагы болуп жаткан окуяны 1419 окуп жатат. Дизельдин башчысы Малик билдиргендей, бүгүн саат 16:40 тарыхта болуп көрбөгөндөй окуя болду – өдкөдөгү эң популярдуу деп эсептелген Дизель форум 24 саатка жабылат. Төмөндө Форумдун жабылуусу тууралуу орус тилинде билдирүүсү: