Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Туризм

Визасыз режимди колдоо боюнча ачык кат
Written by Мирсулжан Намазалиев, Thursday, 22 Dec, 2011 – 12:09 | No Comment

Коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук Жогорку Кенешти 41 өнүккөн мамлекеттер үчүн визасыз режим боюнча, мыйзамды кабыл алуу процессин тездетүүгө чакырат.

Биринчи сунушталган тизмеде 57 мамлекет үчүн визасыз режимдин киргизилгендигине карабастан, коомдук уюмдардын коалициясы жана бизнес коомчулук даярдалган мыйзам долборун толук колдойт.

Кыргызстан азыр оор экономикалык абалда турат. Апрель революциясынан кийин болгон трагедиялык окуялар, мамлекеттин инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун төмөндөттү. Ушул жылдын 1 июлунан баштап толук иштеген Бажы Уюму мамлекеттин экономикасына терс таасир тийгизип жатат, мындай таасир келечекте дагы күчөшү мүмкүн. Бажы Уюму товарлардын экспортуна жана реэкспортуна чоӊ тоскоолдук болуп калды. Ушуга байланыштуу башка тармактардын өнүгүшүнө болгон тоскоолдуктарды алып салуу, актуалдуу жана маанилүү болуп саналат.

Биздин мамлекет туристтик статусу менен Меккедей болуп мактана албайт. Кыргызстандын конкуренттик артыкчылыктары Түркия, Франция, Малайзия, Таиланд мамлекеттерине салыштырмалуу аз. Туристтик агымдар үчүн мамлекеттер арасында конкуренциянын деӊгээли бийик. Парламент өзүнүн чечими менен Кыргызстандын конкуренттик артыкчылыктарына бир маанилүү артыкчылыкты кошо алат – бул визасыз режим.

Виза потенциалдык туристтерди качыра турган бюрократиялык тоскоолдук. Туристтер документтерди чогултууну, татаал процедураларды өтүүнү жана визаны күтүүнү талап кылбаган мамлекеттерди тандашат.

Манас аэропортуна учуп келер замат виза алуунун жеӊилдетилген режими иштейт. Бирок, учуп келген адамдар үчүн ал жеӊил болуп сезилбейт. Ал жерде катар катар элдер топтолуп, консулдар көп учурларда кечигип, 2 сааттык түшкүтамак ичүүгө кетип калышат, туристтерден акча талап кылып, коркутуп-үркүтүүлөр болот, виза алгандарга дайыма эле калган акчасын беришпейт жана башкалар. Белгилеп кетиш керек, мамлекетке кирүү үчүн башка өткөрүүчү пункттарда жеӊилдетилген виза алуу режими жок.

Өнүккөн мамлекеттер бири бирине визаларды мурда эле алып салышкан, ошону менен өздөрүнүн жарандары үчүн туристтик, иш боюнча, маданияттык жана жеке максаттар менен эркин жылып жүрүүгө жол ачышкан. Эгер өнүккөн мамлекеттердин жарандары үчүн визалык режим сакталып калса, балким Францияга 2010 жылы 76,8 млн. адам,  кичине Малазияга 24,6 млн. адам барбайт болчу.

Read the full story »

Визасыз өлкө качан болобуз?
Written by Асель Шабданова, Monday, 11 Jul, 2011 – 13:58 | No Comment

Жайкы сезон башталаары менен  өөрчүгөн өлкөлөргө чек араны ачуу жөнүндө талкуулар башталды. Бирөөлөр визаны жоюу үчүн болушса, мамлекеттик кызматкерлер жана кай бир адамдар виза керек деп чыгышууда. Бир жагынан,  экономикалык жактан өөрчүгөн мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга визасыз киргени :

  • туризм сферасында кирешени көбөйтмөк
  • чет өлкөлү инвестициялардын агымын чоңойтмок

Экономикалык жөнгө салуунун экс-министри, Kyrgyz Concept’тин ээси Эмиль Уметалиев туризм сферасында көп жылдан бери эмгектенип келет. Анын айтымында туристтерди Кыргызстанга келип эс алуу үчүн көп нерселер тоскоолдук кылат, анын арасында бюрократиялык процесстер:

“Грузия, Турциядан үлгү алып, биз дагы эшиктерибизди конокторго кенен ачып коюшубуз керек. Бир четинен биз туристтерди чакырып, экинчи четинен колдорун кагаздар менен бууп койгонубуз туура эмес. Визаны ачуу убакытты да, бир топ чыгымдарды да талап кылат. Визалык режимден биз гана утулабыз, АКШ, Европа мамлекеттерине жол ачуу биз үчүн кошумча кирешелерди алып келип, мамлекеттин имиджин көтөрөт.”

Ал эми Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүн токтотуп жаткан бир нече көйгөйлөр бар. Негизгичи виза маселеси. Алардын арасында инфраструктуранын начар абалы, тейлөөнүн төмөн деңгээли.  Туристтердин 11.5% бажы иштерин көйгөйлүү деп  белгилеп кетишти.  Ошондуктан, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Организациясына кирген 34 мамлекетке жана ИДПнын бир адамга түшкөнү кыргызстандыкынан үч эсе көп болгон мамлекеттерге визасыз 90 күнгө жүргөнгө мүмкүнчүлүк киргизүүнү сунушташат.  Белгилеп кетсем, ЭКӨО (ОЭСР) ге  туристтер саны көп болгон Европа мамлектеттеринин көбү, АКШ  ж.б. мамлекеттер кирет. Ал эми чет өлкөлүк бизнесмендерге бир жылдык көп жолу колдонулуучу визанын ордуна беш жылга чейин иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

Мындай экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин жараандарына Кыргызстанга келип тоскоолдуксуз бизнес ачуу, же эс алууну камсыз кылуу бизге эле пайда.

Башка мамлекеттердин мисалын карап көрсөк. Украина Еврособз мамлекеттерине визасыз режим кылгандан бери туристтерди келиши бир нече жолу жогорулады, ал эми Малайзияда 80 өнүккөн мамлекеттер менен визасыз режим колдонулат. Жыйынтыгында туристтердин саны үч эсе жогорулап, туризм секторунун кирешеси да үч эсе көбөйдү.

Мамлекет үчүн жалаң утуулар болсо эмне үчүн визаны жоюу процесси ишке ашпай жатат?

Май айында Өмүрбек Бабанов Тышкы Иштер Министрлигине визасыз режимди киргизүү жөнүндө сөз баштаган. Бирок, бир ай өтүп эле туристтик агенттиктер ТИМнин бул багыттагы кыймылдарына нааразы болуп чыгышты. 2012-жылдын 1-майынан 1-сентябрга чейинки убакытта Андорра, Ватикан, Сан-Марино, Мальта, Монако, Греция, Ирландия, Дания, Исландия, Швеция, Норвегия, Португалия, Болгария, Хорватия, Словения, Черногория, Македония, Босния и Герцеговина мамлекеттеринин атуулдары чек араны визасыз эле өтүшсө болот. Албетте, турагенттиктер биринчи премьер-министрдин сөзүнөң башка нерсе чыгат деп күтүшкөн.

Бул жерде баягы эле мыйзамчылар жана аткаруучулар ортосундагы түшүнбөстүк. Тышкы иштер министрлиги атайылап, Кыргызстанга келбеген өлкөлөргө визаны жоюп, калгандардан дале болсо акча өндүрүүнү самап жатса керек…

“Ысык-Көл” – Орто-Азиянын бермети
Written by adilet, Wednesday, 22 Jun, 2011 – 15:14 | No Comment

Ысык – Көл кыргыздар үчүн абдан кереметтүү жер болуп саналат. Азыр жай мезгилинде көптөгөн кыргыздар жана башка чет өлкөдөн келген туристер көлгө барышып эс алышат.  Көлдүн мезгили абдан эле кыска. Так айтканда 2 эле ай (июль жана август).  Бул эки айдын ичинде көлдүн жергиликтүү калкы өтө жогорку киреше алганга умтулушат. Көлдүн түндүк жана түштүк жээгинде көптөгөн эс алуу үйлөр жайгашкан жана жергиликтүү калк өздөрүнүн үйлөрүн да жатакана катары туристерге акыга беришет. Көлдүн түндүк жагы абдан өнүккөн десек болот. Анткени, совет учурунда көптөгөн эс алуу жайлар түндүкө курулуп, эс алуучулардын баардыгы бул жакта эс алышат. Бирок, акыркы 5 – 10 жылдын ичинде көлдүн түштүк жагы да өнүгүп баштады. Бул жака жаңы эс алуу үйлөр ачылып, туристер келе башташты.    

Ысык – Көл жөнүндө маалымат

Ысык – Көл Кыргызстандын түндүгүндөгү Тянь – Шань тоолорунда 1600 метр бийиктикте жайгашкан. Ысык – Көл дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн бийиктиги боюнча экинчи орунда турат. Андан суу агып чыкпайт жана дарыялар келип куят. Дарыялардын суулары болсо негизинен мөңгүдөн келет. Ысык – Көл аймагы эң оболу санаторий-курорт, ден соолук чыңдоочу, тарыхий, рекреациялык жана тоо туризми менен кеңири белгилүү. Көлдүн жээгинде, бир мезгилде расмий маалыматтар боюнча 30 – 50 миң эс алуучу адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар 128 санаторий – ден соолук чыңдоочу мекемелер жайгашкан. Ысык-Көл туристтик аймагы маданий-тарихий эстеликтерге өзгөчө бай. Бул жерде бир нече миң эстелик катталган, анын ичинен 320 объектиси мамлекет тарабынан коргоого алынып, 1500 археологиялык эстелик расмий каттодон өткөн. Алардын арасында таш, коло жана темир доорлорунун эстеликтери (жатактар, үңкүрлөр, аскадагы жазуулар), орто кылымдагы таш скульптуралары, байыркы түрктөрдүн жазуулары, чакан шаарчалар бар.

VIII кылымдардын аралыгында деп болжолдонгон Чолпон-Ата капчыгайындагы жана башка жерлердеги аскалардагы жазуу – петроглифтер эсепке алуу дээрлик мүмкүн болбогон байыркы эстеликтердин чакан тобун түзөт. Түп районундагы Күрмөнтү айылынын жанындагы падыша коргону – алгачкы көчмөндөр доорунун таасын эстелиги. Бул биздин эрага чейин VII кылымдан биздин эранын II кылымына чейин Орто Азияда жашаган, Кир менен Дариянын перс жоокерлерин, андан соң Александр Македонскийди токтоткон айбаттуу күч болуп эсептелген малчы сактардын күмбөздөрү.

Аскалардагы тибет жазуулар түрүндө сакталган Будда эстеликтери эл арасына кеңири белгилүү. Тамга капчыгайында бири-биринен бир чакырымча аралыкта жайгашкан төрт таштагы жазуулар алардын ичинен эң маанилүүсү болуп саналат.

Эс алуу шарты

Азыр көлгө туристерди чакырыш  үчүн мамлекет тарабынан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү керек. Мисалы транспорт, виза, тейлөө. Ошондуктан бул маселелерди чечмейинче көлдүк туризмди өнүктүрүү абдан эле кыйын деп ойлойм. Мисал катары Турциянын баарыбызга белгилүү болгон Анталия эс алуучу шаарында туризм абдан өнүккөн. Бул эс алуучу жер өзүнүн транспорт, виза жана жогорку деңгээлдеги тейлөөсү менен айырмаланат. Жогорку деңгээлдеги 4 – 5 жылдыздуу мейманкалар бир күнгө 100 – 150 доллар алышат. Айтып кетсек бул баанын ичинде “баары киргизилүү” деген түшүнүк бар. Башкача айтканда күнүнө 100 – 150 доллар төлөп, мейманкананын ичиндеги тейлөөлөрдүн баары бекер, тамак аш, ар кандай оюн зоок программалар иши кылып мейманканада эмне болсо ошонун баардыгы төлөнгөн акчанын ичине кирет. Биздин көлдө деле мындай кымбат мейманканалар бар. Мисалы “Аврора”, “Карвен”, “Ак-Марал”, “Алматы”, “Каприз”. Бул жерде эс алуу үчүн киши башына күнүнө 50 – 200 долларга чейин акча төлөнөт. Бирок бул акчанын ичинде тамак ашы эле болбосо калган тейлөөлөрдүн баардыгына акча алынат. Жогорку деңгээлдеги коррупция (жолдон МАИ кызматкерлеринен баштап, экологиялык пост деп ар кандай шылтоолор менен акча өндүрүү), төмөнкү деңгээлдеги тейлөө, транспорт болсо, эс алуунун баасы асмандагы баалар болсо, кайсы эле турист  келгиси келет?

Ошондуктан мамлекет тарабынан бул кирешелүү тармака өзгөчө көңүл бурулса, кыргыздардын жашоо шарты алда канча астыга жылмак деп ойлойм.   

 

Туризм – Кыргызстан үчүн кирешелүү тармакпы?
Written by adilet, Wednesday, 8 Jun, 2011 – 9:12 | 6 Comments

Туризм – дүйнө элинин экономикасына гана салым кошпостон, социалдык- маданий турмуш деңгээлинин жогорулашына жана достуктун чыңдалышына өбөлгө болуп келүүдө. Эл аралык соода байланышы да, айлана – чөйрөнү, жаратылышты коргоо, биотүрдүүлүктү сактоо, маданий мурастарды баалоо туризмге байланыштуу.

Туризм – бул адамдардын башка бир өлкөгө, бир аймака эс алайын же укмуштуудай нерселерди көрөйүн деп, 24 сааттан жогору болгон убакыт аралыгында саякатка чыккандарды атайбыз. Азыркы заманда туризм көп өлкөлөрдүн бирден бир киреше түшө турган тармака айланган.

Туризм кээ бир мамлекеттердин ички дүң продукциясынын 90 пайызына чейин түзөт жана бул тармакта иштеген адамдардын саны арбын. Мисалы: Макао, Антигуа жана Барбуда, Сейшель жарым аралы, Багам жарым аралы. Бул мамлекеттер жалаң эле туризм менен оокат кылышат десек болот. Дүйнөдө эң киши көп бара турган аймактардын бири – Батыш Европа, Америка Кошмош Штаттары жана Канада, Жапония, Кытай болуп эсептелет. Бул мамлекеттер өзүнүн кооздугу менен гана туристерди өзүнө тартбастан, тарыхы, маданияты жана жогорку деңгээлдеги тейлөөсү менен айырмаланат.

Ал эми Кыргызстандын туризм тармагын карап көрсөк, жылына болжол менен ички дүң продукциясынын 3 – 4  пайызын түзөт. Бул болжол эсеп менен 20 – 30 млрд. сомдун тегереги. Ал эми коншу өлкөлөрдүн туризм тармагын карасак, Казакстанда туризмден түшкөн киреше ички дүң продукциясынын 1 пайызына да жетпейт, ал эми Өзбекистанда 0,2 гана пайызды түзөт. Биздин өлкө үчүн туризм абдан эле маанилүү киреше бере турган тармактардын бири.

Туризмдин тарыхы

Биз азыр билгендей туризм жакында эле пайда болду десек болот. Бирок, туризмдин тамыры илгерки убакытка таандык. Анткени илгери деле элдер дүйнөнү ар кандай себептер менен кыдырышкан (дүйнөнү таануу, жаңы аймактарды ачуу, соода – сатык, дипломатиялык, аскердик, диний ж.б.). Саякатчылар ошол барган жерде кандайдыр бир шарттардын болушуна муктаж болушкан. Мисалы: тамак аш, жаткан жайы жана жергиликтүү калктын жасаган мамилеси.

Эң биринчи туризм ишканасынын индустриясы болуп – таверналар эсептелинген. Илгерки Грецияда Олимпиядалык оюндар өткөрүлүп, спорттук туризм пайда болгон. Чыгыш өлкөлөрүндө соода өнүгүп, элдер каравандар менен саякат кылышкан. Ортоңку кылымдарда диний туризм абдан өнүккөн десек болот. Анткени, христиандар менен мусулмандар ыйык деп саналган жерлерге барышкан. 19 – 20 – кылымдарда өнөр жайдын өнүгүшү менен массалык туризмдин өнүгүшүнө алып келген.

Кыргызстандын туризм тармагы

Азыркы убакта туризм Кыргызстанда жаңы эле өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Кыргызстан – Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, адам суктанаарлык кооз жаратылышы, асман тиреген тоолору, керемет Ысык-Көлү туризм тармагынын келечегине негиз болуп берчүдөй. Туризм келечекте өлкөбүздүн экономикасынын бирден бир кирешелүү тармагына айланышына негиз бар. Бирок, ал үчүн дүйнөлүк стандартка жооп бере турган инфраструктуранын деңгээлин камсыз кылуу зарыл. Эл дагы туризмдин маани-маңызын түшүнүп калды. Жайкы эс алуу мезгилинде ысык-көлдүктөр туристтерди кабыл алуу менен киреше таап, үй бүлөсүн багып жатат. Алар 2-3 айда тапкан акчалары менен бир жыл жашашат.

Биздин өлкөдө туризмдин баардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз бар. Ысык – Көлдө эс алуу туризми калыптанып келатат. Асман тиреген бийик тоолорубуз альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу. Аңчылыкты да уюштуруп, чет өлкөдөн келген туристерди  өзүбүзгө тартсак болот. Экологиялык туризмге да көңүл буруу керек. Кээ бир чет өлкөлүктөр тоолорго чыгып, кооз жерлерде болуп, ат минип, сүт ичип табияттын кереметине суктанганды артык көрүшөт. Бул үчүн тоолорго барчу жолдорду да оңдоо керек. Деги эле Кыргызстандын жолдорун оңдоп, тейлөө тармагын жакшыртуу зарыл.

Туризмдин өнүгүшүнө тоскоол болгон көйгөйлөр

Өлкөбүздөгү бюрократия, коррупция, банк системасынын чабалдыгы, мыйзамдарыбыздын чийкилиги туризмдин өнүгүшүнө абдан бут тосуп жатат. Биздин өлкө Улуу жибек жолунун боюнда жайгашкандыктан, жергебиздин кооз табияты дагы чет мамлекеттик атуулдардын келишине өбөлгө түзүүдө. Бир эле Кыргызстанга келбестен, Борбор Азияны көрүүгө дилгир болуп келишет. Өлкөбүздөгү тейлөө тармагынын ылдыйкы деңгээлдиги жана ал азыркы шартка жооп бербегендиги туризмдин өнүгүшүнө тоскоол болуп келет. Дагы кемчиликтердин катарына өлкөбүздүн авиа компаниясынын бечелдиги, жолдорубуздун начардыгы, телефон коммуникация байланыш каражаттарынын учур талабына жооп бербегендигин кошууга болот.

КЫРГЫЗСТАНДЫ ТУРИЗМДИН ӨЛКӨСҮНӨ АЙЛАНДЫРУУ
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 18 Feb, 2011 – 6:35 | 3 Comments

Туристтик тармакты реформалоонун негизги максаты туристтерге жана чет өлкөдөн келгендерге мамилени толугу менен өзгөртүүдө турат. Мунун өлчөнүүчү көрсөткүчү болуп бул тармакта бюрократиянын өтө аз болушу абзел, б.а. виза алуу, аэропортко келгенде паспорттук текшерүүдөн өтүү, өлкө ичинде жүрүү жана өлкөдөн кайра чыгып кетүүдө келген коноктун эң аз убактысын алышы керек. Меймангерчилик тууралуу түзүлгөн жакшы ой, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн жарандарына визасыз режим Кыргызстанга чет өлкөлүк туристтердин келүүсүн көбөйтөт. Төмөндө Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту тарабынан даярдалган, ушул темага байланыштуу, изилдөөнү тапсаңыздар болот.

КӨЙГӨЙЛӨР

Өлкөдө туризмди өнүктүрүү үчүн бир нече маселелер жан кыйынчылыктар бар жана алар ар түрдүү изилдөөлөрдө чагылдырылган. Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл областындагы 2036 ички жана чет өлкөлүк туристтер арасында өткөргөн изилдөөсү боюнча «Маркетинг Сервис Бюронун» отчётунда төмөнкүмаселелердин тизмеси келип чыккан:

Таблицадан көрүнүп тургандай,негизги маселелер:

  • Инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү
  • Тейлөөнүн төмөнкү деңгээли, эс алуучу жайлардын канааттандырбастыгы
  • Бажы жана виза кыйынчылыктары
  • МАИ тарабынан болгон тоноолор

Инфраструктура:

Инфраструктура маселеси бүгүнкү күндө эң курч маселелерден болуп келүүдө. Жолдордун аябай начар акыбалы, коңшу өлкөлөрдүн туристтерин өз унаалары менен келүүсүнө жол тосууда. Атаандаштыкка туруштук берүү жөнүндөгү Глобалдык Отчетко (2009-2010) таянсак, инфраструктуранын сапаты боюнча Кыргызстан Африкаөлкөлөрүнөн гана алдыга өтүп, 133 өлкөнүн ичинен болгону 112 орунду ээледи.

  • Инфраструктуранын жалпы сапаты……… 112-орун
  • Жолдордун сапаты …………………………… 122- орун
  • Суу жолунун сапаты………………………….. 132- орун
  • Аба жолунун сапаты…………………………. 127- орун
  • Электроэнергия берүүнүн сапаттуулугу…  125-орун

Бажы жана виза: Туристтер бажы жана чек ара кызматтарынын документтерди чектен ашыкча текшерүүсүнө нааразы. Андан сырткары,айрым өлкөлөрдүн жарандарына виза алуу машакаты жеңил болгону менен,бул процесс айрым учурларда пара берүүгө мажбурлоо жана алдоо менен байланышкан. Визасыз режим болгону 14 өлкөнүн жарандарына тиешелүү, алардын катарына КМШ өлкөлөрү, Турция, Малайзия, Куба жана КЭДРсы кирет.

Дүйнөдө туризмди жайылтуу боюнча алдыда турган АКШ, Германия, Франция, Улуу Британия, Япония, Австралия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга келүү үчүн виза алуусу татаалданбашы керек эле. Алар визаны «Манас» аэропортуна келгенден кийин 30 $-70 $га сатып алууга шарттары бар, бирок каттоо процедурасынын өзү эле 2 сааттан ашык убактыны алат. Уяты жок кызматкерлер ушундай учурду пайда табууга колдонушат. Бул жерде дагы бир ыңгайсыз факт – виза бир гана “Манас” аэропортунда берилгендиги. Бул процедураны кеңейтип, башка чек ара кесилиштериде да берүүгө мүмкүн кылып койсо болмок.

Пара берүүгө мажбурлоо. Коррупцияланган МАИ жана милиция, жолдордогу жана көчөлөрдөгү тынымсыз текшерүүлөр туристтердинөлкө ичинде бейкапар эс алуусуна тоскоол болууда.

КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧҮҮ

Транспорттук инфраструктура: негизги жол артерияларын инвесторлорго концессияга берүү же мамлекеттик-менчикформасындагы шериктештик жолу менен өнүктүрүүгө чыгаруу. Жолдордон көбүрөөк киреше көрүш үчүн инвесторлор туристтик аймактарды Кыргызстандын чоң шаарлары жана коңшу өлкөлөр менен бириктирген сапаттуу жолдорду курууга аракет жасашмак. Мисалы,жол куруу боюнча менчик сектор менен биргеликте Бишкек-Чолпон-Ата жана Чолпон-Ата-Алма-Ата автожолун ремонттосо болор эле. Андан сырткары, инвесторлорду тартуу менен Ысык-Көлдүн жээгине Тамчы аэропортун куруу чет өлкөлүк туристтердин санын арттырмак.

БАЖЫ ЖАНА ВИЗА. Виза жана бажы документтерин толтуруу, текшерүү убактысын азайтуу жана жүктү алуу түйшүгүн жеңилдетүүзарыл. Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (ОЭСР) мүчөболгон өлкөлөрдүн, ошондой эле ИДПу жан башына эсептегендеКыргызстандыкынан 3 эсе көп болгон өлкөлөрдүн жарандарына да виза режимин жоюу зарыл. Негизи, виза алуу түйшүгү өтө маанилүү,анткени өлкөбүзгө келип жаткан туристтин биздин өлкө жөнүндөгү алгачкы таасири ушундан башталат.

Read the full story »