Articles tagged with: Убактылуу өкмөт
29 декабр күнү, Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Шайлоо Кодексинине өзгөртүү киргизуу учун мыйзам долбоорун колдоп беришти. Бул мыйзам долбоорунун маңызы - парламентен мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна шайлоодон чейин бекитилген партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер эмес, партиянын жогорку саясий кеңеши тандаган талапкер келип депутаттык креслого отурмак болду. Мындай мыйзам долбоорду ЖКнын уч фракциясыялары (Ата Журт, Ар Намыс жана Республика) «ойлоп-таап чыгып», башка эки фракциялардын (Ата Мекен, КСДП) каршылыгына карабай, көпчүлүк добуш менен парламенттин жыйынында биринчи окууда кабыл алышты.
Эске сала кетсек, 2007 жылы кабыл алынган Шайлоо Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктуна ылайык, парламенттен мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен депутаттын ордуна партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер келип отурат.
Долбоор бекитилери менен, өлкөбүздүн ар кандай коомдук уюмдары мындай өзгөртүүгө каршы чыгып, долбоордун мамлекетибиздин Конституциясына дал келбестигин айтып чыгышты. Алардын айтымы боюнча, бул өзгөртүү саясий азчылык өкүлдөрүнүн (аялдар, жаштар жана этникалык группалардын өкүлдөрү) мамлекетибиздин башкы мыйзамында камтылган укуктарын бузат, анткени, партиялардын тизмелери тузүп жатканда өлкөбүздүн Конституциянын саясий азчылык өкүлдөрү тууралу талаптары эске алынган. Андан сырткары, бул жаны мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күчүнө киргизүү боюнча” мыйзам сыяктуу көптөгөн башка мыйзамдарга дал келбейт дешет жарандык коомдун өкүлдөрү.
Азыркы убакытта, бул маселе тууралуу көп ойлор айтылып, ар бири өз түшүнгөнүн, билгенин айтып турган кези. Бирок, мен мындай кадам канчалык мыйзамдуу экенин талкуулабастан, эмне үчүн мындай аракеттер менин тынчсыздыгымды алып турат деген суроого көнүл бургум келет.
Жакында “Дело№” газетасында Убактылуу Өкмөттүн бир абдан кызыктуу №21 тескемеси жөнүндө баяндалды. Бул жашырын кагаз боюнча 13 -апрельде Улуттук Банктан 10 000 000 сом коомдук коопсуздукту орнотуу үчүн, Бакиевдин каражаттарынан алынган. Бирок, бул акчалар жана башка “бакиевдердин” миллиондору кайсы максатта жана эмне үчүн иштетилгени боюнча так маалымат дагы эле берилген эмес
Убактылуу Өкмөт бийликке келгенде экономика жана саясат тунук түрдө болоору жөнүндө айтылды беле? Темир Сариев, ал кезде финансынын министри болуп, “бакиевдин” каражаттарын тартып алганда, кантип иштетиле тургандыгы жөнүндө ачык отчет берерин убада кылган. Интернетте миллион доллардын “бөлүп алуу” жөнүндө информация пайда болгондо, өкмөттөгүлөр алгандыгын мойнуна алышып, бирок албетте, өзүнө эмес, мамлекетте коопсуздукту камдоо үчүн алынгандыгы жөнүндө айтышкан. Ал коркунуч күндөрдө коопсуздукту сактоо үчүн чындыгында эле бир топ каражат мажбурланган.
Мамлекеттик казынада ал кезде куру болчу. Ошондуктан, апрель айына чейин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына тийиштүү болгон, үч коммерциялык банкта сакталган долларларды иштетип, ал эми апрель айынан кийин “туура эместигинен” конфискацияланган.
Жуманын ортосунда маалымат каражаттарына Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү ортосунда болгон телефон аркылуу сүйлөшүү ачыкка чыккан. Анда Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевди “400 миң доллар пара алгансың” деп айыптаган:
А.Бекназаров: – Мына кечээ күнү Сооронбай ыйлап аткан адамдан дагы 400 миң доллар алып, башка кишини коюпсуңар.
А.Атамбаев: – Эгерде алган киши болсо, анда кама алган кишини.
А.Бекназаров: – Камайбыз.
А.Атамбаев: – Камагыла. Мен мисалы эч кимден бир тыйын алганымды билбейсиң.
А. Бекназаров:- Силер ушинтип эле ыңкылапты жалгыз жасап эле, көрүнгөн жерге силер коюп калдыңарбы. Биздин дагы мээнет бар…
Алмазбек Атамбаев ачыкка чыгып кеткен чуулгандуу телефон сүйлөшүүсү боюнча жекшемби күнү маалымат жыйынын өткөрүп, ушундай сүйлөшүү болгонун мойнуна алды. Бирок анын айтымында, сот жана прокуратура тармагын тейлеп аткан Азимбек Бекназаровдун “400 миң доллар пара алгансың” деген сөзү чындыкка жатпайт:



Акыркы пикирлер