Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: чек ара

Чекисттер Порно тараткандан башканы билишеби?
Written by Рысбек Арунов, Friday, 15 Jul, 2011 – 9:00 | No Comment

Аты айтып тургандай бул орган өлкөнүн бүтүндүгүн, чек аранын сакталышын, террористерге жана экстремисттик күчтөргө каршы туруу, чалгындоо иштери менен алек болушу керек эле.

Бүгүнкү күндө андай болбой, булар сауналарды аңдып, кыздар менен жыргап жүргөн оппозиция лидерлерин сүрөткө, видеого тарткандан башка эч нерсе билишпей калды. Мисалы: Ө.Текебаевдин порно-видеосу, К.Карабековдун саунадан тартылган сүрөттөрү.

Мындан тышкары оппозициянын өкүлдөрүн, журналисттерди кысымга алганды, телефондорун тыңшаганды жакшы өздөштүрүшкөн.

Ар кандай саясий оюндардын куралы болуп келе жатышат: матрешка-гейт, К.Ташиевдин үйүндө болгон согуш, Г.Павлюктун өлүмү ж.б.

Ушундай иштер менен алек болуп жатканда, чек ара жакшы кайтарылбай, мыйзамсыз миграция күч алып, криминалдык топтор менен күрөшкөндүн ордуна, алар менен коюн-колтук болуп, тышкы күчтөрдүн өкүлдөрү ээн-эркин кирип чыгып жүрүшсө да, аларды көрмөксөн болуп мамлекеттин коопсуздугуна залакасын тийгизишип жатышат.

Криминалга согуш жарыяладык деп жар салгандары менен андан эч жыйынтык чыкпай келет. Андай топтордун жетекчилерин кармашат да, эртеси депутаттардын суранычы менен бошотуп жиберип жатышат.

Апрель төңкөрүшүнөн кийин банктардагы кутучалардан  табылган миллиондогон акчалардын кайда кетиргендиги жөнүндө бүгүнкү күнгө чейин толук отчетун берише элек. Белгисиз, жетекчиси алганы же атайын бир ишке жумшаганы.

КГБ, СНБ, ГКНБ, ГСНБ болуп бир нече жолу өзгөрдү. Мына булардыкы боюнча реформа ушу, анда жыйынтыгы кана? Чек ара кандай болсо, ошо бойдон каралбай, контрабанда, адам сатуу, мыйзамсыз чек араны кесип өтүү күчөп жататго!?

Реформа жүргүзүүдөгү негизги проблемаларды төмөндөгүлөр түзөт:

  1. Күч органдарынын саясатташып жатышы. Буга чейин деле, азыр деле күч структуралары бир адамдын же бир топтун кызыкчылыгына иштеп жатышат.
  2. Реформа процесстерин финансылык жактан колдоо. Көптөгөн каражат бөлүнбөй, материалдык жана техникалык жактан аксоодо.
  3. Ылдыйкы тепкичтеги кызматкерден баштап, жогорку тепкичтеги жетекчисине чейин паракорчулукка малынышы. Иштеген жерине, кызматтык документине таянып, жарандардан акча алып, көбүнүн бизнестерин “крышевать” этип жүрүшөт. Криминалдык топтун мүчөлөрүн кармап, акча алып кайра коё берип жатышат.
  4. Жабык организация. Баарына белгилүү бул организация жабык болуп саналат. Каалаган учурунда керектүү маалымат ала албайсың.
  5. Билимдүү кызматкерлердин жетишсиздиги. Маянанын аздыгынан профессионалдуу кызматкерлер кетип, алардын ордуна паракорчу, билими начар, чоңдордун урук-туугандары келип отурууда.
  6. Жаш кадрлардын жетишсиздиги. 50дөн ашкан жетекчисин жумуштан кетирип, реформа кылдык деп сүйүнүшөт. Анын ордуна ошого окшогон эле бирөөнү алып келип коюшат. Жаштар жумушка тартылбай, баягы эле карт бөрүлөр отурушат.
  7. Чек ара жакшы көзөмөлгө алынбай, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келип жатат. Себеби Чек ара кызматы бирде Коргоо министрлигине өтсө, бирде Коопсуздук кызматына же өзүнчө министрлик болуп өзгөрүп келе жатат. Бул дагы көп тоскоолдуктарды жаратып жатат.

Ал эми жогоруда айтылган проблемаларды чечүү үчүн төмөндөгү аракеттерди көрүү керек:

  1. Биринчиден, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен күч структураларынын ичинде өздөрүнө ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү. Себеби Ички Иштер Министрлигинде, Мамлекеттик Коопсуздук Кызматында, Финансы полициясында, Финансы чалгындоо кызматында окшош бөлүмдөр бар бир багытта иштеген. Андай түшүнбөстүктөрдү жоюп, ар бир органга тиешелүү өздөрүнүн иштерин берүү керек.
  2. Экинчиден, ачыктык (прозрачность) менен камсыздаш керек. Себеби керектүү маалыматты алыш өтө кыйын жана бул организация бир Президентке гана баш ийет. Ачыктыкты камсыз кылсак, жарандык коомдук өкүлдөрү көзөмөлгө алса, кичине өзгөрүү болушу мүмкүн.
  3. Үчүнүдөн, жазаган ишин коомчулук алдында ар бир квартал сайын отчет берип турушу керек.
  4. Төртүнчүдөн, кошуна мамлекеттердин күч структуралары менен биргеликте иш алып барып, чек араны коргоодо, экстремисттик жана террористтик күчтөр менен бирге күрөшүү.
  5. Бешинчиден, реформа жүргүзүүдө эски эффективдүү усулдарды калтырып, кереги жогунун ордуна жаңы эффективдүү усулдарды кабыл алуу керек.

Мына ушуларды ишке ашырсак кичине бирдеме өзгөрөөр……

Барак, Сох, Шахимардан… анклавдардын баяны
Written by adilet, Thursday, 7 Jul, 2011 – 19:01 | One Comment

Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы, ал эми Тажикстандын эки анклавы бар. Бул анклавдар жөнүндө сүйлөшүүлөр токтоп калган. Себеби ушул ишти аткарууга эки тараптын тең даярдыгы жок. Мисалы, биз анклав деп эсептеп келаткан жерлерди биздин коңшулар анклав деп эсептебейт. 1924 – 27-жылдарда улуттук-аймактык жер бөлүштүрүү мезгилинде мамлекеттердин карамагында калып калган жерлер колхоздоштуруу учурунда чарбалык чек аралар менен төмөнкү аймактардан бөлүнүп калган. Тилекке каршы, ошолор мыйзамдаштырылбай бүгүнкүгө чейин талаш маселелерди жаратып келет. Ошондуктан биздин түшүнүгүбүздө биз ошол жерлерди анклав деп эсептеп келатсак, кошуна тараптар аларды анклав деп эсептебейт, алар мыйзамсыз чарбалык жол менен ээленип алынган жерлер, аны кайра алышыбыз керек деп билишет.

Анклав деген – латынча “inclavatus” – жабык, курчоонун ичинде дегенди түшүндүрөт. Анклав – бул бир мамлекеттин аймагынын бөлүгү башка мамлекеттин аймагынын курчоосунда калган аймак. Дагы толук анклав деген түшүнүк бар. Бул бир мамлекет башка мамлекеттин бүткүл аймагын курчоого алуусу. Мисалы дүйнөдө Ватикан менен Сан – Марино Италиянын курчоосунда, Лесото Түштүк Африка мамлекетинин курчоосунда калган. Жарым анклав – бул бир мамлекеттин жарым аймагы кургактыкта башка мамлекеттин курчоосунда калып, жарым аймагы суу менен чектешет. Эксклав – эгемендүү эмес аймак, мамлекеттин негизги аймагынан бөлүнгөн жана эки же андан ашык мамлекеттердин курчоосунда калган аймак.     

Президент Роза Отунбаева 7-февралда Баткен облусуна барганда облустук активдин алдында сүйлөп, сөз арасында Өзбекстан менен анклавдар боюнча сүйлөшүүлөрдө жерлерди барабар баада алмашуу жөнүндө гана кеп болушу мүмкүн экенин баса белгилеп кетти..

Ал эми бардык жагынан барабар тең келген жерге алмашуу маселесине келсек, бул жерде жалаң эле жер алмашуу маселеси чыкпайт. Себеби ошол жерде абдан көп калк жашайт. Ошол жердеги калктын социалдык-экономикалык абалын да ойлонуу, чечүү керек болот. Берчү жерлерди калкы менен беребизби деген маселе чыгат, эл ага макул болобу же жокпу деген маселени ойлонуш керек.

Белгилүү болгондой Ташкент Сох анклавына коридор ачып берүүнү сурап, эки өкмөт ортосунда 2003-жылы меморандумга кол коюлган. Коридор ачуу менен Кыргызстан Баткен, Лейлек райондорун, Сүлүктү шаарын мамлекеттен бөлүп алаарын түшүнүп, меморандумду жокко чыгарууга барган. Бирок Ташкент Сохко коридор ачуу идеясынан баш тарта элек. Анткени, кыргыз бийлигинин үстүндө турган адамдар акчага сатыларын билип, Үзөңгү – Куш, Каркырадай эле сатылат деп күтүп жатышат деген пикирлер бар.

Кыргызстандын анклавы

Ал эми болсо Кыргызстандын Өзбекистандын аймагында Барак деген айыл анклавыбыз бар. Бул анклав өтө деле чоң эмес. Айтоор, биздин өлкөбүздүн күчсүздүгүнөнбү же биздин чиновниктердин өз кызыкчылыктарын элдин  кызыкчылыгынан өйдө коюшканынанбы билбейм, бирок Барак анклавынын тургундары Американын президентине кат жазышып, социалдык – экономикалык абалын начар экенин ырасташып, июнь окуясынан кийин бул жерде жашоо адам өмүрүнө коркунуч алып келерин айтышып, жардам сурашкан. Бул кандай деген уятсыздык. Эгемендүү мамлекет болуп, өз жарандарыбызга камкор көрө албайбыз. 20 жылдан берки коррупцияланган бийликтин түшүмү ушул, эми башка өлкөдөн деле кыргыз жаранына мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөгөндүгүнө мен ишенем.

Маалымат:

Анклав деген – латынча “inclavatus” – жабык, курчоонун ичинде дегенди түшүндүрөт. Анклав – бул бир мамлекеттин аймагынын бөлүгү башка мамлекеттин аймагынын курчоосунда калган аймак. Дагы толук анклав деген түшүнүк бар. Бул бир мамлекет башка мамлекеттин бүткүл аймагын курчоого алуусу. Мисалы дүйнөдө Ватикан менен Сан – Марино Италиянын курчоосунда, Лесото Түштүк Африка мамлекетинин курчоосунда калган.

  • Таджик анклавдары — бул Кыргызстандагы Ворух анклавы жана Өзбекистандагы Кайрагач жана Сарван анклавдары
  • Өзбек анклавдары — бул Кыргызстандагы Шахимардан кыштагы жана СохТүл, Таш – Дөбө айыл анклавдары
Кыргыз-казак чек арасындагы абал
Written by Нурила Батыралиева, Monday, 4 Jul, 2011 – 11:42 | One Comment

Кыргызстандыктар бир эмес, эки Президентти өлкөдөн кууп чыкаандан бери, айрыкча 2010 жылдан баштап,  кыргыз-казак чек арасы көйгөйдүн, чырдын ордосуна айланды. 11 чек аралык посттордун арасынан болгону, 4 тү гана иштеп жатат. Мен кечээ ал жерге барып, абал менен жакындан таанышып, Алматыны да көрө келдим. Чек арада болсо, казак чек арачылары тарабынан басынтууну, кемсинтүүнү, оройлукту, кыргызстан тараптан өтүп жаткан, базарларда соода кылган мекендештерибизге, ачык эле ар кандай тоскоолдуктарды жаратып жатышканына  күбө болуп, Казакстандагы, саясий абал кооптуу экенине ынандым.  Чек арачылар баарына бирдей, мыйзам чегинде мамиле жасабастан, көңүлү эмнени кааласа, ошону сүйлөп жатышат.

Ал жакта иштеген мекендештерибиздин айтымында, Казакстандагы учурдагы абал, 2005 жылдагы элдин Акаевден тажап турган учурун элестетет. Ооба, казактар Нурсултан Назарбаевди урматташат экен, бирок, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү каалашып турушат, дешти алар. Мен бир барганда байкаганымда, көп эле жыргал жашоону көрө албадым. Кымбатчылык, коррупция, тууганчылык гүлдөп атканын анча мынча казак туугандар жашырышпады. Акыркы убакта кыргызстандын жарандарын катуу көзөмөлгө алышыптыр. Сыягы Нураке кыргыздардан «революциялык вирус» жугат деп чочулап аткан го.

Кыргыз тараптан

Эң чоң делинген кыргыз-казак «Ак-жол» чек ара постунда күдүр түндүр эл толтура болуп, өзүнчө  кумурсканын чоң уясын элестетет. Бул жерде, мурун машинадагы жүктөрдү түшүртпөй эле, баарын чогуусу боюнча текшерип өткөрүшсө, азыркы шартта, канча көп товар болбосун, баарын бир бирден өткөрүшүүдө. Ошентип, ал жерден өтөм дегендер, 50 килограмдык болуп, ныкталган товарларды өз баштарына көтөрүп өтүп жатышат. Айта кетчү нерсе, кыргызстандын чек арачылары, анчалык деле текшербестен, кайдыгер мамиле кылып, казак кесиптештерине катуу ишенип жатышкандай. Анча мынчалары, ал жерден акча берип эле, эч кандай моөнөтсүз өтүп жатышты. Биз барган машина да 350 сом берип, текшерүүсүз, бат эле Кыргызстан тараптан өттү. Эгер улуттук коопсуздук комитете, же бажы кызматында тааныштарын болсо, ал пунктка чалып, машинаннын номерин айтып койсо, иштер бат эле бүтөөрүн, айдоочулар айтышты.

«Ак жол» посту жаңыдан ачылганда, донорлор тарабынан жаңы жабдыктар коюлуп, жаңыртылганын, анын ачылышына чоңдор барышканын теледен көргөнмүн. Учурда анын бири да жок, биздин чек арачылар отурган постко кирсен, полдору жаман болуп, эскирген, өздөрү ысыктын күнүндө кондиционер жок болгондуктанбы, тердеп булап, алар отурган жер жагымсыз жыт сиңип калыптыр. Мен ал постко жеткенде, кызыма атасынан чек арадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берген аныктаманы албагандыктан, ал жердин жетекчисине киргенге туура келди. Ал киши, «чын эле кызыңды атасынан алып качпадыңбы?», «Кара башымды жейин, кудай урсун деп карганчы!» деп мага өзүнүн «иш билги, кыраакылыгын» көрсөттү. Ал жердеги кызматкерлер,  жарандардын урматтосунан, ишениминен куру жалак калыптыр.

Жүк ташуучу машиналар, чек арадан өтө албай 10 саатка чейин турушаарын айтышты. Маданиятуулукка көнүп, өнүккөн өлкөдөн келгендер үчүн бул пост жапайычылыкты көрсөтөрү бышык. Ызы-чуу, алдуусу, алсызын түртүп өтмөй, үстү башы билинбей чаң болгон адамдар…

Read the full story »

Жашылчаны жабык чек ара кымбаттатты
Written by Мирсулжан Намазалиев, Monday, 30 May, 2011 – 18:18 | No Comment

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев жашылча-жемишке болгон баа мындан ары да өсүшү мүмкүндүгүн божомолдойт. Ал мунун себебин чек аралардагы маселелерден көрөт.

- Өзбекстан чек арасы бир тараптуу жабык.  Бул Кыргызстандын экономикасына, соода-сатыкка, ошол эле карапайым элге кандай таасирин тийгизет?

- Фергана өрөөнүндөгү 10 млн. адамдын дээрлик 2,5-3  миллиондою Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы соодага байланган. Эки тараптуу сооданын токтошунан жалпысынан 12 миллиондой адам кыйынчылыкка учурады.

Тилекке каршы, Өзбекстан менен чек ара былтыркы 7-апрелден бери бир тараптуу жабык турат. Азыркыга чейин Кыргызстан тараптан саясатчылардын, расмий өкүлдөрдүн барып, чек араны ачууга аракет кылган сүйлөшүүлөрүн көрө элекпиз.

- Чек аралардын жабык болгонунан Кыргызстан боюнча жашылча-жемиштин баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбат дешет. Мындан ары да ушундай уланса эмне болот, божомолуңар кандай?

- Албетте азыркы учурда расмий статистикада Өзбекстандан өтүп жаткан жашылча-жемиштер туурасында документтер жок. Башка нерселердин, ошол эле кийим-кеченин өткөнү кичинеден катталып калып жатат. Анткени азыр бардык нерселер мыйзамсыз өтүп жатат. Мисалы ай сайын 500дөй Камаз Баткен облусундагы Алга, Халмион айылдары аркылуу биз жакка өтүп жатат. Алар Орусияга жөнөтүлүп Кыргызстанда көп калбай калып жатат. Мисалы биз билебиз контрабанда жолу менен өткөргөндө кандай кылыш керек экендигин. Ал жакта дагы ошол эле чиновниктер, криминалдар бар. Алар жолдон кошумча төлөмдөрдөн да көп акча алып калышат, себеби чек ара жабык.

Read the full story »