Articles tagged with: шайлоо
Массалык маалымат кызматтар мамлекеттин коомдук саясий жашоосунда эң чоң ролду ойногон инструмент катары баарыбызга белгилүү. Азыркы турмушта, дүйнөдөгү баардык мамлекеттерде ар кандай күчтөр өздөрүнүн максаттарына жетиш үчүн ММКларды колдонушат.
Биздин мамлекетти алып көрсөк: ММКлардын тарыхы бир топ оор жолду басып өттү десек болот. Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен ММКлар да өздөрүнүн эркин, ачык өнүгүүсүнө жол ачылды десек жаңылбайбыз. Бирок, мамлекетте авторитардык режим орнотулганы менен бул тармактын эркин өнүгүүсүнө бут тосулган. Профессионалдуу журналистер чет өлкөлөргө кетип, жогорку квалификациясы бар журналистер өлкөдө аз калган жана өлкөдө болуп жаткан окуяларды ачык жазганга көптөрүнүн эрки жеткен эмес.
Кыргызстандагы жашаган элдин пикирине чечүүчү таасир бере турган күч катары Коомдук Телерадио компанияны атасак болот. Анткени, өлкөнүн баардык бурчунда баарыбыз КТРди көрө алабыз. Бирок, КТР коомдук деген гана атка жамынбастан 20 жылдан бери кайсы бийлик келбесин, ошонун ырын ырдап, өлкөдө болуп жаткан коомдук саясий окуяларды ачык, объективдүү чагылдыра алышкан эмес. Бул ММК бийлик тарапты гана жактап, элдин кыжырын келтирген. Бирок, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин бул ММКнын саясаты бир топ эле өзгөрүп, окуяларды объективдүү чагылдырганга умтулуп жатышат. Азыр каржылоо дагы деле мамлекет тарабынан болуп жаткандыктан, орус тилинде айтылгандай “хозяин барин” – деп, кандай болсо дагы бийликтин сөзүн сүйлөшөт. Менин оюмча мындай мамлекеттик ММКаларды менчиктештирип, жеке ишмерлерге берсек, булардын ишине бийлик кийлигише албай калат.
Азыр эми жакында боло турган президенттик шайлоодо ММКалардын ролу бир топ чоң. Анткени, былтыркы болуп өткөн парламенттик шайлоону эстеп кетсек, ММКалардын жардамы менен кээ бир партиялар өз тарабына жактоочуларды тартып алса, кээ бир учурларда кандайдыр бир күчтөр кара пиарды колдонушуп, кээ бир партиялардын кадыр баркын түшүрүшкөн. Чет өлкөлүк ММКаларды колдонушуп, өлкөнүн шайлоо процессине тоскоол болушту десем жаңылбайм. Ошон үчүн азыр парламент агитация убагында, 1 айга чет өлкөлүк телеканалдардын ретрансляциясына тыюу салды. Бул бир четинен туура, бирок чыгымдар 100 миң доллардан ашык болот деп эскертишти.
Мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө, кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүүгө жана укуктук мамлекет болууга ММКалардын кошкон салымы зор. Бекеринен ММКаларды мамлекеттин төртүнчү бийлик бутагы деп атап коюшкан эмес.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандыктар кесипчилер союзун: бул уюм жайкы жана кышкы мезгилде ишкерлерге арзан баада путевкаларды саткан жана мүчөлүк акыларды чогулткан уюм катары эсептешет. Чындыгында ошондой. Бишкектин борборунда килейген имаратты ээлеп келген кесипчилер союзунун федерациясы чындыгында бизге кандай пайда алып келет? Пайдасы жок болсо, мындай нерседен баш тартса болбойбу?
Пайда болуу тарыхы
Эң биринчи кесипчилер союзу 1792 жылы Англияда пайда болгон. Жаңыдан гана түптөлүп, уюмдун катары жумушчулар менен толукталып келе жатканда, Англиянын өкмөтү 1799-1800 жылдары кесипчилер, ишкерлер уюмдарын түзүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамын кабыл алган.
Бул мыйзамдын аркасы менен ишкерлер чоң уюмдарга биригип, өз укуктарын коргоп, ар кандай каршылык акцияларын өткөрүп келишкен. Качан гана бул мыйзамды жокко чыгарганда 1824 жылы, көптөгөн уюмдар түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин иштерин улантып келет.
Бул уюмдар баштапкы формасында такыр бөлөк болгон, башкача айтканда жалаң гана эркектерден турган. Аялдардын уюмга мүчө болушуна тыюу салынган. Себеби, көп оор жумуштарда эркектер иштешкен. Мындан пайдаланып, кээ бир жумушка алуучулар эркектердин ордуна аялдарды кабыл ала башташкан. Анткени, аларга аз акча төлөшчү жана алар эч каршылык көрсөтүшчү эмес. Бул, компанияларга майдай жакчу. Кийинчерээк 1874 жылы аялдардын саны өсүп отуруп, “Аялдар профсоюзунун лигасын” түзүшкөн. Азыркыга чейин иштеп келе жатышат.
Дүйнөлүк тажрыйбадан
Чет өлкөлөрдү алсак, ал жакта кесипчилер уюму жакшы иш алып барышат. Ар бир компанияда өздөрүнүн кесипчилер уюму бар. Дайыма ишкерлерди колдоп, алардын укуктары үчүн күрөшүп келет. Иштөө шарттарын жакшыртууга, айлык акысын көтөрүүгө, ден-соолукка зыян келген учурда, ар кандай социалдык жактан колдоо көрсөтүүсүнө чоң жардамын тийгизип келатышат. Кээ бири саясатташып да кеткен. Ишкерлерге пайда алып келе турган мыйзамдарды Лобби топтор аркылуу кабыл алдырууга жетишкен убактары көп катталган.
Мындан тышкары, бул уюмдар протекционизмди да колдоп келишет, башкача айтканда чет өлкөлүк товарлардын ички рыноко киришине каршы. Ал эми Японияны алсак, жеке өнүккөн компаниялар абдан көп болгондуктан, ар бир компаниянын өздөрүнүн уюмдары иш алып барат. Алар Европа мамлекеттеринин кесипчилер уюмдарына окшоп көчөгө чыгып, проблемаларын чечпей, өз ара эки тараптуу тынч жол менен чечип, жемиштүү иштешүүдө. Бир жетекчи компаниянын да, профсоюздун да жетекчиси болуп катталган учурлар кездешет экен.
Коркунучтуу жери: бул уюмдар биригишип алып эле забастовка өткөрө беришсе, экономикага, компаниялардын өнүгүүсүнө чоң залакаларын тийгишет. Анан дагы, компанияны түзүүчү рискке барып, өз ишин аткарып жаткандан кийин, анын жумушчуларына андан талап кылып, айлыктарын көтөрүүгө үндөө дагы туура эмес деген пикирлер бар.
Кыргызстандын тажрыйбасынан
Эң биринчи бул уюм 1922 жылы түптөлүп, көз карандысыздыкты алган жылы республикалык съезд өтүп, Кыргызстандын профсоюздар федерациясы болуп түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, профессионалдуу кесипчилер уюму жөнүндөгү мыйзамдын, БУУнун адам укуктары жөнүндөгү декларациясынын жана Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын уставынын негизинде иш алып барышат.
Бул уюм ишкерлердин жумуш, экономикалык жана социалдык укуктарын, эмгек акысынын көтөрүлүшүн, жумуш инфраструктурасынын жакшырышын жана жумуш ордун коргойт. Бирок, бүгүнкү күндө уюмдун бар же жок экени деле билинбейт. Кээде гана путевка сатып алганда гана байкабасак, башка учурда эч мүмкүн эмес байкоо.
Канчалаган адамдар жумуштан мыйзамсыз айдалып жатат, канчасы айлык акыларын ала албай кыйналып жүрүшөт, канчасынын жумуш убагында өмүрлөрүнө коркунуч туулуп, майып болгону канчы. Ошонун бирин колдоп, жардам берип жатабы? Жок!
Мисалы, 2011 жылдын 27 июнда Алтынкен компаниясынын жумушчусу Тураткан Арыкбаев мыйзамсыз жумуштан алынган. Себеби, ал кесипчилер уюмун түзүп, алардын айлык акысын көтөрүүгө аракет кылган. Мыйзамда көрсөтүлүп турса да, ар бир компанияда, ким кааласа көз карандысыз уюм түзө алат деп, жетекчилик кысым көрсөтүп, себепсиз жумуштан алган. Буга профсоюз федерациясы жардам бере алган эмес. Анткени кээ бир мыйзамдар чийки болуп, уюмдун иш алып баруусуна тоскоол кылып келет. Европа өлкөлөрүнүн кесипчилер уюмуна окшоп, ишкерлер үчүн күрөшүп, каршылык акциясын өткөрөйүн десе, эч ким колдобойт. Айтор, бул эмне деген уюм экенин эч ким түшүнбөйт.
Көп учурда саясый күчтөр тарабынан колдонуп келген. Жакынкы шайлоодо да бир саясый күч үчүн тытынып иштеп калышы ажеп эмес.
Акыркы күндөрү коомдук уюлдарда Жогорку Кеңеш май айында эле кабыл алган ” Шайлоо тууралуу” мыйзамдын жалпы маалымат каражаттары тууралуу бөлүмү чоң талаш-тартыштарды туудурууда. Азыркы учурдагы президенттин колун күтүп турган мыйзамдын мааниси мындай: ” Шайлоо маалында Кыргызстанда көрсөтүлүүчү чет өлкөлүк маалымат каражаттарында шайлоо агитациясын жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо болуп жаткан кезде, чет өлкөлүк теле-компаниялардын көрсөтүүчү жазылып, анан гана көрсөтүлүшү керек. Чет өлкөлүк каналдарды ретрансляция кылуучу жергиликтүү каналдар, шайлоого катышкан кандидаттардын абийирине жана репутациясына доо кетирүүчү маалыматтар үчүн жоопкерчиликтүү болушат”. Кошумчалай кетсек, бул мыйзамды март айында эле АтаМекен фракциясынын лидери -Өмүрбек Текебаев сунуштаган.
Регнум маалымат агентствосунун корреспонденти Григорий Михайловдун айтымы боюнча, бул кадам келечектеги шайлоону чет өлкөлүк мамлекеттердин терс таасирин жок кылууга багытталган. Терс пиардын, эң башкысы Россиялык каналдардын, таасирин төмөндөтүүгө арналган. Мыйзамды сунуштаган Өмүрбек Текебаев акыркы шайлоо учурунда НТВ каналынын терс рекламасынан жапаа чегип калган.
Бул мыйзам бир четинен этикалык жактан гана эмес, практикалык жактан дагы бир топ кыйынчылыктарды туудурат. Биринчиден, бул мыйзамы бузууда кандай санкциялар колдонулат, белгисиз. Биздин ретрансляция кылуучу каналдарын көбүнчөсү туура эле спутниктен эфирге чыгарышат. Эми болсо, каналдар цензорду, же башка специалистти отургузушуп, кайсы жерде жамандаган сөз, кайсы жерде маалымат кеткенин аныктап туруш керек.
Ал эми Интерньюс Нетуорктун директору Мария Раснердин пикиринде, жергиликтүү ретрансляция кылуучу каналдардын чет өлкөлүк каналдардын берүүлөрүн көрүп чыгууга каражаттары да, адамдары да жетишпейт. Ансыз деле татаал шайлоо учурунда журналисттер өз жумушун аткаргандын ордуна, коркуп жүрүшөт. Эгерде, чет өлкөлүк каналда Кыргызстан деген эле сөз кетсе, биздин каналдар аны жаап салууга муктаж болушат. “Натыйжада, чет өлкөлүк ЖМКлар эмес, жергиликтүү журналисттер (байкабай калышса), көрүүчүлөр гана оор абалга түшүп калышат. Эгерде алар терс маалымат пайда болуусун каалашпаса, журналисттерди такабай, башка жол менен чечиш керек. Анткени, бул саясат көйгөйү. Мындай цензура коомдо начар кабыл алынат.”
“Азаттык” радиосунун директору Султан Жумагулов бул суроо боюнча өз пикирин билдирди. “Өмүрбек Текебаев, сөз эркиндигине күрөшүп жүрүп, мындай мыйзамды жактаганы жаман болду. Бирок, башка жагынан алып көрсөк, мурдагы шайлоодо болуп өткөн көрүнүштөн кийин, Ө.Текебаевде өзүн сактоо инстинкти жеңип кетти”.
Өз учурунда билинбей кабыл алынып кеткен мыйзам мамлекеттик цензураны киргизүү, сөз эркиндигин кысуучу аракет болуп жатат.
Биздин депутаттар өздөрү жөнүндө жаман маалымат кетсе эле, журналисттерди жамандап жиберишет. Менин эсимде, жакын арада эле, каналдарга депутаттардын мурдун чукуп, уктап, аялдар ооздорун боеп жатканын көрсөтүүгө тыюу салышкан. Эмне үчүн мындай маскаралык кыймылдарды кылып алышып, мындай көрүнүштөргө эл күбөө болгонду каалашпайт?
Цензураны киргизүү бир гана теле-каналдарга эмес, интернетке дагы жетип келди. Июнь окуяларын талдаган депутаттык комиссиянын чечиминде, Кыргыз республикасынын территориясында “Фергана.ру” сайтын жабуу айтылган. Бул сайт өзүнүн өкмөткө жагымсыз жана критикалык пикири менен белгилүү. Ал тургай эл сүйгөн “Дизель” сайты Турсунбай Бакир уулунун оюнда, эл ынтымагын бузуучу деп белгиленген. Анын оюнда, парламенттин пресс-службасы “Дизель” жана буга окшош сайттар тууралуу маалыматтарды топтоп, сотко бериш
керек.
Бир четинен бул мамлекеттеги болуп жаткан шайлоого чет өлкөлүк мамлекеттердин таасирин жок кылуу аракети жакшы деле болуш керек. “Биз өзүбүз чечебиз”,-дегендей. Бул бирок, бир гана шайлоо маалында эле болуп жатпайбы. Бир гана депутаттардын имиджин бузбаш үчүн. Демек, бул калкты ойлоо эмес, өздөрүн эле камын ойлоо. Эгерде бир политикти жамандаган маалымат элге көрсөтүлбөсө, анын жакшы көрүнүшүн бузуп калса, кайсы сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөсөк болот?
Президенттик шайлоого да убакыт аз калды, көз ачып жумганча эле октябрь айы келет. Кыргызстандын саясий жашоосу кайра жаңы дем менен жанданат. Алдыда эмнелер күтүп турганын ким билсин.. Бирок, аябай кызуу болоруу анык. Азырынча, ким президенттике талапкерлигин коерун ачык айтпаса да, кай бирлеринин «кулактары» чыгып калды. Read the full story »
Президенттик шайлоо жакындаган сайын, анын айланасында сөздөр көбөйүп барат. Бүгүнкү макалам, коомдогу белгилүү адамдардын бул теманын айлансында комментарийлеринин жыйындысы. Read the full story »





Акыркы пикирлер