Коом

Маданият

Медиа

Саясат

Экономика

Home » Archive by Tags

Articles tagged with: Экономика

Манас Кубогу 2011
Written by Рысбек Арунов, Wednesday, 23 Nov, 2011 – 15:31 | No Comment

Бул кубок “Ишкерлик Жумалыгы – 2011” долбоорунун негизинде Борбор Азиядагы Эркин Базар Институтунун, Бишкек Ишкерлер Клубунун, АКШ элчилигинин, Ф.Науманн фондунун, Эл аралык жаштар фондунун жана USAID жергиликтүү өнүгүү программасынын жардамы аркасында өткөзүлдү.

“Ишкерлик Жумалыгы” дүйнөнүн 115 өлкөсүнөн көбүрөөк мамлекеттеринде өткөрүлүп келе жатат. Ал эми Кыргызстанда быйыл экинчи жолу болуп жатат. Негизги максаты болуп, жаштарды ар кандай иш чаралардын негизинде, тактап айтканда ишкерлик боюнча мектеп окуучуларына тренингдерди өткөрүү, студенттерге лекция окуу жана ар кандай оюндарды өткөрүү менен коштолот.

Кыргызстандагы “Ишкерлик Жумалыгы – 2011” долбоорунун негизги уюштуруучулары болуп Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту жана Бишкек Ишкерлер Клубу саналат.

Манас Кубогу 2011 турнирин колдоочуларынын бири Кыргыз-Түрк Манас университетин да айта кетсек болот. Жыл сайын ушул университетте өтүүдө.

Негизинен Манас Кубогу 9 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат, башкача айтканда 2001 жылдан тартып. Бул жерде баардык иш чаранын баары дебат түрүндө өтүп, ага Кыргызстандын баардык булуң бурчунан келген командалар катыша алышат.

Жергиликтүү командалардан тышкары дагы, кошуна өлкөлөрдөн Казахстан, Таджикистан, Узбекистан, Туркменистан жана Пакистандан,Украина, Азербайджан, Орусия өлкөлөрүнөн келген командаларга да катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Дебат кыргыз, орус, англис тилдеринде өтүп келе жатат. Катышууну каалаган командалардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Эл аралык дебат боюнча турнирдин негизги максаты – студенттер арасындагы дебатты колдоо болуп саналат. Мындай дебаттарга катышуу менен студенттер талдоочулук жөндөмүн көтөрүү менен бирге, өзүнүн оюн так жана даана билдирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бул жолку өткөн дебатта Ишкерлик чөйрөсүндөгү проблемалар жөнүндөгү темалар каралды. Мисалга алсак, бизнести өнүктүрүү, калктын жарандык жана экономикалык активдүүлүгү, инвестиция тартуу, бизнес ачуудагы бут тосуулар, мамлекеттик жана жеке байланышты өнүктүрүү ж.б.суроолор каралды. Бул турнир констуктивдүү байланышты түзүүчү, жаңы идеяларды берүүчү жана жаштардын биригүүсүнүн башаты болуп калат.

Дебаттын негизги эрежелери жөнүндө сөз кыла турган болсок, ал американын парламенттик дебаттар форматында өтөт. Командалардын санына жараша бөлүштүрүлөт. 1/8,1/4, жарым финал жана финал болуп.

Эки команда чыгып, бири өкмөт болсо, экинчиси оппозиция болот. Берилген бир теманын негизинде катуу талкуу жүрөт. Ал оюнду сот мүчөсү алып барат. Аягында жыйынтыкты сот чыгарат.

Кыскача Манас Кубогу жөнүндөгү маалыматтар жөнүндө түшүндүрмө бере алдым десем болот. Ушундай иш-чаралардын аркасында көптөгөн жаштар өзүнүн билим деңгээлин, ой-жүгүртүүсүн көтөрө алды деп ойлойм.

Аягында не демекчимин, уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө чоң рахматыбызды айтабыз. Ушундай долбоорлор көп-көптөн болуп турсун.

Баскынчылыкка жол ачкан мамлекеттик органдар
Written by Рысбек Арунов, Saturday, 5 Nov, 2011 – 15:32 | No Comment

Кыргызстанда жеке менчик проблемасы ар бир адамдын жүрөгүн өйгөн маселе. Себеби, өлкөдөгү чоң-чоң бизнес кылган камапаниялардан баштап, кичине жеке ишкерлик менен алек болгон  адамдарга чейин кысымдар көрсөтүлүп келет.

Андай кысымдар криминалдык топтордон баштап, паракорчулукка белчесинен баткан мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын баш мыйзамында жеке менчик жөнүндөгү нормалар так жана даана көрсөтүлүп турса дагы, ушу күнгө чейин кыйратып эч кимди коргобой келет. Ал мыйзамдар кагаз бетинде эле калып, реалдуу турмушта эч качан иштебейт.

Жеке менчикти коргоо – бул экономиканын өнугүүсүнүн бирден бир булагы болуп эсептелинет. Инвесторлордун келүүсүнө да кепилдик боло алат.

Тилекке каршы өлкөдө болуп жаткан баш аламандыктын айынан инвестор эмес, жөнөкөй адам эс алып келүүдөн коркуп, баш тартып жаткандары канча бүгүнкү күндө.

Өлкө башынан бир эмес, эки төңкөрүштү өткөрдү.  Экөөндө тең чоңдордун мүлкүнөн баштап, карапайым адамдардын мүлкүнө кол салуулар болуп, кылмышка тиешеси бар адамдар бүгүнкү күнгө чейин өз жазасын албай келет.

Төңкөрүштүн аркасы менен келген жетекчилер эски бийликти айыптап, аларга тиешелүү делген менчиктерин өзүнө же туугандарына каттатып алган учурлар абдан көп.

Менчикке кол салууда жеке адамдар, кылмыштуу топтор жасабашы баарыбызга белгилүү. Алар бийликтин жогорку бутактарында отурган аткаминерлердин колдоосунда жасалып келүүдө.

Буга Ак Үй, Көк Үй, сот бийлиги, милициясы, каттоочу органдар ж.б.кошсо болот.

Эң биринчи кезекте көп пайда алып келген кампаниялар, банктар, өндүрүш иш каналары кызыгуу жаратат. Мындай объекттерди атайын бонкрот кылышып, жетекчилерине иш козгоп, алардын туугандарын, балдарын коркутуп үркүтүүнүн жардамы басып алып жатышат.

Мисалы 2005 жылдан кийинки “Вечерний Бишкек” ,КООРТ каналынын 5-канал болуп өзгөртүлүшү ж.б. Ал эми 2010 ж. апрель окуясынан кийинки улутташтырылган объектилер, 5-каналдын Парламенттик болуп өзгөрүшү.

Мындан тышкары канчалаган жер басып алуулар болуп жатат, соодо түйүндөрүндөгү тоноолор – ушунун бирин коргодубу мамлекеттик органдар? Жок, тескерисинче тоноочуларга жол ачып берди!

Ушундай баш аламандыктан, басып алуучулуктан, мыйзамдардын чала бышып, иштебей жатышынан биз кантип өнүгөбүз? Ушу кебетебизди көрүп, кайдагы инвестор келмек эле?

Бирөөнүн мүлкүн тартып алып, эртеси эптеп бийликке келип, тартып алган мүлкүмдү коргосом деген эле адамдар бүгүн Кыргызстанда.

Ушинтип отурсак кыргыздар кырылып калабызго. Абдан кейиштүү абалга келип калдык. Эртеңки балдарыбыздын келечеги кандай болот?

Кыргызстандагы антидемпинг чаралары
Written by Асель Шабданова, Tuesday, 16 Aug, 2011 – 20:05 | No Comment

Кытай мамлекети демпинг процессинин жардамы менен эле дүйнө жүзүн басып алса керек. Демпинг деп башка мамлекеттеги конкуренттерди азайтып, товардын баасын жасалма түрдө төмөндөтүп, сатууну айтабыз. Чет өлкөлүк бизнесмендер башка мамлекеттеги базарга кантип кирет? Товардын же баасы арзан болушу керек, же сапаты жогору болуш керек.

Экономикада демпингдин негизги эки түрү бар:  1. Баалык демпинг-  экспорттолгон товарды жергиликтүү баасынан төмөн сатуу. 2.Нарктык демпинг- экспорттолгон товарды өз баасынан төмөн сатуу.

Кантип чет өлкөлүк бизнесмендер өндүрүмдөрдүн баасын кантип төмөн кылышат? Мамлекеттин каржылоосу менен, ал жердеги жумуш күчүнүн арзандыгы, өндүрүүгө азыраак чыгымдарды кетиришет. Мамлекет өзүнүн бизнесмени чет өлкөдөгү жергиликтүү конкуренттерин басынтууга шарт түзөт. Мындай экономикалык абалда бир гана жергиликтүү бизнесмен жапа чегет. Ошондуктан, өкмөт тарабынан демпинг саясатына каршы антидемпинг деп аталган иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Тарыхта демпинг тууралуу биринчи маалыматтар XVIII кылымда эле Адам Смиттин эмгектеринде пайда болгон. Ал эми биринчи антидемпинг чаралары XX кылымда ал кездеги дүйнөдөгү ири өлкөлөр тарабынан жасалып келген. 1904-жылы  биринчи антидемпинг мыйзамдары  Канадада кабыл алынган.

Мамлекеттер арасындагы антидемпинг чараларын жөнгө салуу үчүн эл аралык келишим керек экени байкалып калды. Дүйнөлүк соода организациясы эл аралык келишим түзүү менен, дүйнөлүк базардагы 90% процесстерди жөнгө салат. Мныдан тышкары бир топ мамлекеттердин экономикасындагы процессетр анын ичинде антидемпингди көзөмөлдөөнү Европалык Союз жана АКШ мамлекети жүргүзөт.

Кайсы гана малекет болбосун, өзүнүн ички базарын, бизнесменин коргоого умтулат.
Кыргызстанда антидемпинг чаралары импортер өзүнүн баасынан төмөн товарларды сатып жатканда каралат.
Антидемпинг чаралары эки түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн:

  • антидемпинг бажы төлөмдөрү катары
  • же алуучуга (экспортчуга) баалык милдеттенме салуу

Кыргызстанда коргоо чараларын, антидемпинг чараларын ишке ашыруучу орган болуп КР экономиканы тескөө жана соода министрлиги дайындалган. Иликтөөлөр импорттун өсүшүнө көзөмөл салып, демпингделген товарлардын импортун байкаганда башталат.

Иликтөө экономикалык тармактан гана эмес, жараандардын дагы атынан башталса болот.  Кыргызстан Дүйнөлүк соода организациянын мүчөсү болгондуктан, экономикалык маселелер боюнча   иликтөөлөр анын  келишимине жараша жүргүзүлөт. Министрликке жергиликтүү өдүрүүчүлөрдөн арыз түшпөсө дагы, демпингделген импорттолгон товардын саны көбөйүшү байкалган учурда дагы иликтөөнү баштайт.

Ал эми жараандын арызынан башталган иш болсо, Кыргызстанда ошондой товардын 50% чыгарган улуттук компания колдогондо гана иш козголот.

Эл аралык келишимдерге ылайык, иликтөөнүн башталганы тууралуу Дүйнөлүк соода организациясынын комитетине жана ЕврАзЭСтин комитетине жөнөтүлүшү керек.

Коргоочу, антидемпинг жана компенсациялоо чаралары экономикалык тармактар тарабынан улуттук экономикага чоң чыгымдарды же ага алып келе турган коркунучтарды  бар деп белгилегенде гана  өкмөт  тарабынан ишке ашат.

Антидемпинг иликтөөсүнүн жүрүшүнүн кызыктуу бир нерсеси бар. Ал мамлекеттик тилде өтөт, ошондуктан жоопчуга өтө татааал болот. Иликтөө башталгандан кийин 1 жылга чейин созулат, кээ бир учурларда дагы 15 ай кошулушу мүмкүн. Дагы бир коргоочу чара болуп “акыркы сөзгө укук” саналат. Бул “өтө назик” импорттолбогон товарларга чоң бажы төлөмдөрүн койсо болот. Адатта мындай товарлар айыл-чарба продукциясына кирет.

Украина мамлекетинде, Кытайдан келген бут кийим жергиликтүү базарда 80% түзөт экен. Украиндик өндүрүшчүлөр антидемпинг иликтөөнү баштоону талап кылып жатышат. Алардын айтымында, кытай бут кийимдерине 3-3,5$ бажы төлөмүн киргизген, бирок, дүкөндөрдөгү  баалар  такыр башка.

ДСО расмий статистикасы боюнча   Кытай Улуттук Республикасына каршы антидемпинг иштери көп козголот, чаралар колдонулат. 1995-2010 жылдары ЕС Кытайга каршы 96 иш баштаган, ал эми АКШ-101. Эки тараптан тең бир топ чыгымдарды талап кылган иликтөө көп учурларда, күчтүү мамлекеттер кедей мамлекеттердин алын кетирип эле жеңип алышат.

Кыргызстанда дагы бүт кийген кийим, үй буюмдары, дегеле бүт буюмдары кытайдан келген. Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн арзан жана сапаты төмөн “самопошив” көп чыгат, элдин талабына жооп берет. Албетте, ошол эле бут кийимди карасак, Кыргызстандагы чыккан товар өтө кымбат.

Бир четинен антидемпинг чаралары бул мамлекеттин экономикага кийлигиши, базар экономикасын социялизациялоо деген дагы пикир бар. Демпингди тастыктоо өтө кыйын. Анткени өкмөт компанияга акчаны демпинг кылуу үчун бердиби, же жөнөкөй  мамлекеттик жардам катары бердиби чоң суроо. Чиновниктердин  антидемпинг иликтөөлөрүн жылдар бою өткөрүп, базар экономикасынын механизмдерин бузуп, атаандаштыкка  тоскоолдук кылып жатканы туура эмес.

Кыргызстанда 592 миң өспүрүм акчага иштеп келишет
Written by Асель Шабданова, Wednesday, 20 Jul, 2011 – 8:30 | No Comment

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын саны 592 миңге жетти. Алардын жумуш шарттары алардын жашына жана мүмкүнчүлүктөрүнө туура келбейт. 5  жаштан 17 жашка чейинки балдардын 40,3 пайызы иштешет.

Кыргызстан балдардын укугу тууралуу, иштөөгө уруксат болгон жашты аныктоочу конвенциясын кабыл алган. Конституцияда балдардын эмгегине тыюу салган 28 статья бар болсо дагы, араба түртүп жаткан же коробкаларды чогултуп жаткан жана башка физикалык оор жумуштарды аткарып, оокат кылган  балдардын саны көбөйүүдө.

КР  калкты  социалдык  коргоонун министринин орун басары Гульнара Дербишева белгилеп кеткендей, бул көйгөй айыл жергесинде кеңири тараган. Жашоонун төмөн деңгээли баланын үй-бүлөдөгү ордун өзгөртүүгө алып келет. Мындай үй-бүлөөлөрдө балдар тапкычтарга айланып кетишет. Ошондой жумуш берүүчүлөргө балдардын эмгеги арзаныраак түшкөнү ыңгайлуу. Балдар менен оозеки сүйлөшүп алып эле, аларга мыйзамга жараша  жумуш шарттарын түзүп беришпейт.

Эл аралык эмгек организациянын текшерүүсү боюнча, иштеген балдардын 88 пайызы толук эмес үй-бүлөлөрдөн чыккан. Көбүнчө эле энеси баш болгон үй-бүлөлөрдө балдар аларга жардамчы болуп жаш кезинен оор жумуштарга барышат.

Сүлүктөдө жашаган 16 жашар Арзыбек классташтары менен түнкү саат 3-тө жумушун башташат экен. Алар машиналарга көмүр жүктөшөт. 3-4 саат иштеп коюшса миң сомдун ээси болуп калышат. Бирок, эң жаманы эртең менен туруп, мектепке барганы. “Мындай жашоого көнүп калдым”,- дейт Арзыбек,-” 14 жаштан бери шахтада”.

Кыргызстандыктар Казахстанга жакшы жашоо издеп барып, кулчулукка түшүп калганы жашыруун эмес. Балдар дагы чекеде калбайт. Philip Morris атындагы тамеки компаниясынын Казахстандагы филиалында Орто Азиядан чыккан балдардын эмгеги колдонулат. Алардын көбү кыргызстандыктар. Мындай жумуштардын ден-соолукка, нары балдардын ден-соолугуна келтирген зыяны абдан чоң. Себеби, алар кол капсыз эле иштешип, бир күн колу менен чогулткан тамекисинин никотини 36 сигаретти чеккенине барабар. Никотиндин териге сиңгени “жашыл тамекинин оорусуна”  алып келет. Анын симптомдоруна баш айлануу, кандын басымын өзгөртүү, жүрөк согумун бузуу, дем алуунун кыйынчылыктары кирет.

Бирок, өсүп келе жаткан балдардын оор жумуштарда иштеши бир эле ден-соолукка зыян келтирбестен, алардын интеллектуалдык өөрчүшүнө дагы жолтоо болот.  Эрте иштеп баштап, алардын мектепте окуганга дагы шарты болбой калат.

14 жашар  Лиза ата-энесиз калгандан кийин 8 жашынан бери иштеп, мектепте окуган эмес. Окуганга умтулса дагы, күнүмдүк оокатын камсыз кылууга аргасыз болгон.  Башында “Дордойдо” контейнерлерди жууп жүрдүм, андан кийин сатуучуларга жардам берип, пайыздарды ала баштагам. 8 жашаар кыз 8,30 дан баштап 3кө чейин иштеген. Бир контейнерди жууп колуна 20 сом алчу. Ал эми азыр болсо, иштеп жаткан балдарды көрүп, көзүнө жаш толот: “Мынтип жашаса болбойт”,- дейт,- “ата- энелери аларды тарбиялап, билим бериш керек, балдар иштебеш керек. Азыркы учурда Лиза Бишкектеги жетимдер үчүн  реабилитация борборунда жашайт. Мындай борборлор колу келишинче жетимдерге кесиптик билим беришет.

Ал эми ата-энелер тирүү туруп, балдарын бөтөлкөлөрдү чогулттуруп, оокат кылышат. Мындай ата-энелер үчүн өздөрү иштегенден көрө, балдарын жумушка саылп койгону оңой көрүнөт.

Балдардын билим алгандын ордуна оор жумуштарда иштеши алардын эле көйгөйү эмес, жалпы мамлекеттик көйгөй. Балдардын эң начар шарттардагы эмгегин жоюу маселесин койгон мамлекеттик программа 2008-2011 жылы кабыл алынган. Азыр анын жыйынтыктары көрүнбөй турганын айтып кетсек болот. Эми бул көййгөйдү чечүүнү 2016 жылга чейин жылдырышты. Азыркы убакытка чейин ” балдар жумушунун эң начар формаларынын тизмеси” түзүлө эле экен. Ар бир баланын көйгөйүн чече берсек болот, бирок, жалпы маселени мындай жол менен чечилбейт.

Айыл чарбасындагы балдардын эмгегин жоюудагы ийигликтүү кампания тууралуу окуп калдым. Анын негизги максаты майда фермердик уюмдарга микрокредиттерди берүү менен, аларды чоңураак уюмдарга бириктирип, керектүү билим берип ишин баштоо. Бул жерде алар тууралуу кененирээк окуй аласыздар.

P.S. Эмгек кодекси боюнча, 14-16 жаштагы балдардын эң көп иштеген убактысы  жумасына 24 саат, ал эми 16-18 жашка чейин 36 саат түзүшү керек. 14-16 жаштагы окуган балдар күнүнө 2,5 саат болсо, 16-18 жаштагылар 3,5 саат иштеши керек.

Мигранттардан эптеп эле акча тапсак деген ой-чабыт
Written by Рысбек Арунов, Friday, 8 Jul, 2011 – 17:00 | No Comment

Кыргызстанда миграциянын абалы өтө татаал жана түшүнүксүз. Өкмөт башкаларды кабыл алмак турсун, өзүнүн жарандарына жыргатаарлык жардам бере албай келет. Статистикалык комитеттин расмий статистикасына таянсам, 1991-2010 жылга чейин 1млн.534 миң адам өлкөнү таштап кеткен, а келгендери 258 493 адамды түзөт. Кеткендер менен келгендердин айрымасы өтө чөң. Себептерин 5 этапка бөлүп кароого болот:

  1. 1990-1993 жыл. Ош окуясынын кесепети, Кыргызстандын көз карандуу болушу, кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилиши.Ошо жылдары өлкөдөн 401 514 адам чыгып кеткен. Алардын 14 984-кыргыз, орустар-214 203, немистер-55 353, өзбектер-31 137 ж.б. түзүшкөн.
  2. 1994-1998 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кичине басаңдаган. 171 292 адамды түзгөн.
  3. 1999-2001 жыл. Бул аралыкта миграциялык агым кайра көтөрүлгөн. Себеби, биздин территорияны кээ бир террористтик күчтөр басып алууга аракет жасашкан, Аксы окуясы да болгон. 77 338 адам өлкөнү таштап кеткен.
  4. 2002-2005 жыл. Саясий куугунтук күчөп, социалдык жана экономикалык абал төмөндөп, бийлик менен оппозициянын тирешүүсу күчөп, 2005 жылдын 24 мартындагы бийлик алмашууга алып келген. Ал жылдары өлкөдөн 107 277 адам чыгып кеткен. Кыргыздар-2182, орустар-20 351, украиндер-2445, өзбектер-998 түзгөн.
  5. 2006-2010 жыл. Бийлик бир үй-бүлөнүн колунда болуп, саясий куугунтук башталып, сөз эркиндиги муунтулуп, адамдар жоголуп, көбү жакырданып, бүт нерсенин баары кымбаттап, 2010 жылдын 7 апрелиндеги төңкөрүшкө жана Ош окуясына алып келген. Ушу себептерден улам 218 229 адам жер которуп кетишкен. Алардын 2006 жылы кыргыздар-10 674, орустар-13 360. 2007 жылы кыргыздар-27 437, орустар-13 143. 2008 жылы кыргыздар-15 292, орустар-15 470. 2009 жылы кыргыздар-14 552, орустар-9 971. 2010 жылы кыргыздар-21 347, орустар-12 697 түзгөн.

Ушу акыркы 4 жылдын ичиндеги убакытты карасак, кыргыздар көп кете башташкан башка улуттарга караганда. Мунун баары жогоруда айтылган себептерден жана жумушсуздуктун аябай күч алышынан, куугунтуктоодон, жакырчылыктан улам эле. Кеткендердин көбү 18 жаштан 40 жашка чейинки адамдар, алардын көпчүлүгү эркектер экен. Башкача айтканда калктын эң активдүү катмары. Көбүнүн үй-бүлөсү бул жакта калып, далай үй-бүлөөлөр бузулду. Жашы жете элек балдар жумушка тартылып, айылдарда жалаң кары-картаңдар басымдуулук кылып жатат. Кеткен адамдардын ордун кошуна мамлекеттин жарандары ээлеп, алардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.

Өкмөт “тышкы миграция” жана “миграция” жөнүндөгү мыйзамды кабыл алганы менен биздин жарандардын укуктары чет өлкөдө корголбой келет. Аларга кол салуулар, алдагандар, органдарын саткандар, айлыктарын бербеген ж.б.ушу сыяктуу көрүнүштөр көбөйүп жатат. Биздин жарандар тилди, кабыл алуучу мамлекеттин мыйзамдарын билбегендиктин көп кыйынчылыктарды жаратууда. Көбүн алдап, документтерин алып алышып, аларды кул кылып сатканы канча. Айтор проблема өтө көп.

Бүгүнкү күндө кыргыз барбаган жер жок. Көбү Орусия менен Казакстанда, калгандары Туркия, Араб өлкөлөрүндө, Корея ж.б.мамлекеттерде иштешет. Официалдуу маалыматка таянсам, Орусияда 800 миңден ашуун, ал эми официалдуу эмес маалыматтарга ылайык 1 млн.ашык кыргыз бар. Алардын 2010 жылы 96011 миңи жумушка уруксат алышса, 17 137 адам патент алып, соода-сатык менен алек. Мыйзамдуу түрдө 113 143 адам эмгектенет. 260 миңге жакынын жарандыгы бар.[1]Казакстанда 270 миңдей, официалдуу эмес маалыматка ылайык 400 миңден ашат.

Мигранттардын которгон акчасына кыргызстан жашап жатат. 2010 жылы 1,36 млрд.$ которушкан.[2] Ал эми тажиктер 2,67 млрд.$ которушкан.[3] Бүгүнкү Кыргызстандын бюджетин 30% миграттар которгон каражаттар түзөт.

Миграция боюнча Орусия менен да, Казакстан менен да эки тараптуу мыйзамдар, макулдашуулар бар. Анын баары бүгүнкү күндө күчүндө. Визасыз кирүү, 10 күн каттоосуз жүрүү, жеңилдетилген формада Орусиянын жарандыгын алуу ж.б.

Кээ бир мамлекеттер миграция менен күрөшүү үчүн жыл да бир жолудан мигранттар үчүн мунапыс жарыяласа, кээ бири пенсия, пособия, айлык маяналарын көтөрүү менен бирге жумуш орундарын түзүп, жарандарын өз өлкөсүндө калтырууга аракет жасап жатышат. А биздики эптеп ушуларды кетирсек, кийин көп акча которушса деген саясат жүргүзүп келишет. Read the full story »

Таза сууну үнөмдөп колдонгонду бил!
Written by Рысбек Арунов, Tuesday, 5 Jul, 2011 – 10:34 | No Comment

Суу – бул өмүрдүн булагы деп бекер айтылбаса керек. Суусуз эч нерсени элестетүү мүмкүн эмес бул жашоодо. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө болуп жаткан көп конфликт, согуштун баары жер байлыктары же башкача айтканда ресурстар үчүн болуп жатса, келечекте сөзсүз суу үчүн далай кызыл-кыргын согуштар болот. Азыр акырындык менен башталып жатат, мисалы суунун айынан кээ бир Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында мамиле акырындап курчуп келе жатат.

Азыркы учурда дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер бар, таза сууга жетпеген. Биздин өлкөдө суунун запастары абдан жетиштүү. Бирок ошону да туура пайдалана албай жатабыз. Канчасы ысырап болуп, бекер эле агып жатат.

Сууга байбыз деп төш какканыбыз менен кээ бир райондордо, ал гана эмес борборубуз Бишкекте таза суу менен камсыз болбогон жерлер өтө көп. Анын себептери:

  1. биринчиден, суу агып өтүүчү түтүктөр (водопровод) жана канализациялар канчалаган жылдан бери алмаштырылбагандыктан, ошол түтүктөр чирип, канчасы иштен чыгып жатат. Аларды алмаштырганга канча каражат керек, андай каражаттар табылса да, чоңдордун чөнтөгүнөн ашпайт.
  2. Экинчиден, Кыргызстанда ички миграция күч алып, алыскы райондордон шаарга көчүп келишип, шаарда эл көбөйүп, суу жетишсиз болуп жатат. (Шаарды суу менен камсыз кылуу 500 миң адамга эле ченелген экен, азыр шаарда 2 млн. ашык адам жашайт).
  3. Үчүнчүдөн, автоунаалар көбөйүп, авто жуугуч жайлар да күндөн-күнгө саны өсүп жатат. Анын баары иче турган таза сууну колдонушуп, суунун басымы жайында такыр түшүп калат. Мындан тышкары, алар сууну 2-3 жолудан колдонуунун ордуна, бир колдонот, акчасын өтө аз төлөшөт. Көзөмөлдөгөн эч ким жок.
  4. Төртүнчүдөн, көпчүлүп жер үйлөрдө бакчалары (огород) болгондуктан, алар да иче турган суу менен сугарышат. Себеби, сугат суулары шаарга кеч келгендиктен жана арыктардын толуп, тазаланбашынан аргасыздан сугарууга муктаж. Мындай жер үйлөргө эчак эле эсептегич аппаратарын коюш керек эле, бирок аны кылган эч ким жок.

Бүгүн шаар бийлиги комиссия түзүп, каалаган жер үйүнө барып, текшерсе, баары таза суу менен сугарат, аларды кармаганга мэриянын алы жетпейби? Ар бир үйгө айып салып, бул системаны оңдоп, таза суу үчүн күрөшсө болотта!?

Жогоруда айтылган себептердин айынан, өзгөчө жай мезгилинде суу аябай тартыш болуп калат. Саат күндүзгү 3 кечки 11ге чейин суунун басымы азайып, чыкпай калат. Ушунун баарын шаар бийлиги чечсе болот да, бирок канча мэр келди, биринин да алы жеткен жок.

Ал эми бүгүнкү биз ичип жаткан таза суунун сапаты көп канаатандыраарлык эмес. Сууну күн сайын текшергендерине көзүм жетпейт, бирок бир айда бир текшеришсе керек. Кээде сууну ушунча хлорлоп салышат, ичүүгө мүмкүн эмес. Суу түтүктөрүнүн чиригендигин ар кандай ремонттордон кийин байкоого болот. Мындай учурда суунун оңү саргыч тартып, бир жыт пайда болот. Бишкектин тегерегинде 300дөн ашык суу сактачы жайлар бар экен, алардын көбү оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Жылда эл аралык уюмдар канча каражат бөлүшөт, биздикилер бирдеме кылымыш этет, бирок көзгө көрүнөөрлүк жыйынтык чыкпайт. Былтыркы жылдын планында шаар боюнча 289 км суу түтүкчөлөрүн алмаштырыш керек экен, анын жыйынтыгын эч жерден таба алган жокмун. Канчалаган жаңы конуштар пайда болуп жатат, алар суу ташыгандан тажашпайт, шаар жетекчилери убуда бергенден тажашпайт, айтор суу боюнча проблема өтө эле көп.

Кошумчалай кетчү нерсе, жанагы суу сактачы жайлар өзгөчө кайтарыла турган жерлердин тизмесине кирет. А биздикин карасаң, дарбазасы чынжыр менен байланып, бир кытайдын арзан кулпусун илип коюшкан. Шаарды басып алам деген душман болсо, ошо жерге барып ар кандай ооруну козгоочу вирус же бактерияны таштап койсо, эл 1 жумага жетпей кырылып калат. Муну ойлогон эч ким жок. Кербен жүрө берет, итим үрө берет деген ушу.

Мына азыр суунун баркын эч ким билбейт, кийин суу жок болуп кыйналганда түшүнбөсөк, азыр эч кимдин башы оорубайт. Бакчаларыбызды сугарып, автоунааларыбызды жууп, күнүмдүк жашоо менен ырахат алып жүрө берет экенбиз да кыргыздар!

Сапатсыз жарнамалар кимдин чөнтөгүн толтуруп жатат?
Written by Рысбек Арунов, Thursday, 30 Jun, 2011 – 18:27 | One Comment

Шаардын кайсы гана жерине барба, четинеби же борборунабы, ар бир көчөнүн кесилишинде, жолдордун боюнда жарнама калкандарын (рекламный щит), баннерлерди, плакаттарды көрөсүң. Алардан бөлөк аялдамаларда чапталган ар кандай жарнама барактары, автобус, троллейбустарга түшсөң, кармагычтарында да ар кандай компаниялардын жарнамалары чапталып турат. Мындан тышкары ошол эле коомдук транспорттордун сырткы келбети да тирукмуш. Эгер ушундай жарнамалар автобус, троллейбустарда чапталып турса, буларды тейлеген компаниянын автопаркынын кедейлигин билдирет. Бул транспортту көргөн коноктор, бул эмне көңүл ачуучу автобустарбы деп ойлошот. Ошондой эле электр энергиясы үчүн төлөнүүчү эсеп-дүмүрчөктөрүн карасаң, артында Beeline уюлдук компаниясынын жарнамалары кошо чыгарылган.

Эсеп-дүмүрчөктөрдөгү, автобустун кармагычтарындагы орундар жарнама үчүн бекер берилбеси бештен белгилүү, сөзсүз алар ижара акысын төлөшөт. Мен алардын канча төлөөрүн сураштырганымда, эч жерден так маалымат ала алган жокмун. Бул жерде бир жашыруун сыр бар, башкача айтканда коррупциялык схема. Ал акчалар кимдин чөнтөгүнө түшөт болду экен?

Азыркы убакта Бишкекте 742 жакын жарнама калкандары орнотулуптур. Булардын көбү менчик компанияларга таандык болсо, калгандары жеке адамдардыкы. Мисалы: Континент Плюс, Арт Медиа, Smart Creative House, Адекват. Белый Парус сайтынын 2011 жылдын 23 майында чыккан маалыматына таянсам, шаардагы көп жарнама калкандары экс-мэр Н.Түлеевге таандык экен. Булардан башка майда-чүйдө жарнама орундары канча, алардын так эсеби жок.

Көчөдөгү жарнамаларга жакшылап көңүл бурсаң, көбү туура эмес, ката жазылган. Өзгөчө кыргыз тилиндеги жарнамалар. Эч кимиси мамлекеттик тил жана жарнамалар жөнүндөгү мыйзамдарга баш ийишпейт. Ким кандай жазса, ошондой жазып, чыгара беришет. Президентке караштуу тил комиссиясы бар, алар акча алгандан башка эч нерсе билишпейт окшойт сыягы. Буларды жөнгө салып текшерсе болот эле да, ушундай шалаакы органдардын айынан кыргыз тили өнүкпөй жатат.

Шаардагы бош турган орундарга чалып, мониторинг жүргүзүп көрдүм. Баалары ар кандай, жакшы жерлерде эки тарабы кошулуп 3500$ жетсе, мындайраак жерлерде 8000 сомдон кем эмес экен. Бул бүгүнкү күндө эң бир кирешелүү тармак болуп саналат. Өзгөчө шайлоо учурунда булардын баасы эки-үч эселеп өсөт.

Мындан бир нече ай мурун шаар бийлиги Манас проспектисиндеги мыйзамсыз жана өмүргө коркунучтуу деген жарнама калкандарын ала баштаган. Эмнеге дебейсизби? Анткени кээ бири Президент, Премьер Министр, Спикердин картежине кооптуу болуп саналат имиш. Ошо себептен бузуп жатышыптыр.

Бизде эмне ушу үчөө эле аман-эсен жашашы керекпи, ал эми калгандарын эгер калканчалар кулап, басып калса, буларга баарибирби!? Эгер алар ошончо эле өмүрлөрүнөн коркушса, Ак үй менен Көк үйүнө көчүп барышып, эч жакка чыкпай жашап алышпайбы! Элдин кыжырын келтирип, күндө 3-4 жолудан жолду тостуруп, элдин убактысын албай.

Туризм – Кыргызстан үчүн кирешелүү тармакпы?
Written by adilet, Wednesday, 8 Jun, 2011 – 9:12 | 6 Comments

Туризм – дүйнө элинин экономикасына гана салым кошпостон, социалдык- маданий турмуш деңгээлинин жогорулашына жана достуктун чыңдалышына өбөлгө болуп келүүдө. Эл аралык соода байланышы да, айлана – чөйрөнү, жаратылышты коргоо, биотүрдүүлүктү сактоо, маданий мурастарды баалоо туризмге байланыштуу.

Туризм – бул адамдардын башка бир өлкөгө, бир аймака эс алайын же укмуштуудай нерселерди көрөйүн деп, 24 сааттан жогору болгон убакыт аралыгында саякатка чыккандарды атайбыз. Азыркы заманда туризм көп өлкөлөрдүн бирден бир киреше түшө турган тармака айланган.

Туризм кээ бир мамлекеттердин ички дүң продукциясынын 90 пайызына чейин түзөт жана бул тармакта иштеген адамдардын саны арбын. Мисалы: Макао, Антигуа жана Барбуда, Сейшель жарым аралы, Багам жарым аралы. Бул мамлекеттер жалаң эле туризм менен оокат кылышат десек болот. Дүйнөдө эң киши көп бара турган аймактардын бири – Батыш Европа, Америка Кошмош Штаттары жана Канада, Жапония, Кытай болуп эсептелет. Бул мамлекеттер өзүнүн кооздугу менен гана туристерди өзүнө тартбастан, тарыхы, маданияты жана жогорку деңгээлдеги тейлөөсү менен айырмаланат.

Ал эми Кыргызстандын туризм тармагын карап көрсөк, жылына болжол менен ички дүң продукциясынын 3 – 4  пайызын түзөт. Бул болжол эсеп менен 20 – 30 млрд. сомдун тегереги. Ал эми коншу өлкөлөрдүн туризм тармагын карасак, Казакстанда туризмден түшкөн киреше ички дүң продукциясынын 1 пайызына да жетпейт, ал эми Өзбекистанда 0,2 гана пайызды түзөт. Биздин өлкө үчүн туризм абдан эле маанилүү киреше бере турган тармактардын бири.

Туризмдин тарыхы

Биз азыр билгендей туризм жакында эле пайда болду десек болот. Бирок, туризмдин тамыры илгерки убакытка таандык. Анткени илгери деле элдер дүйнөнү ар кандай себептер менен кыдырышкан (дүйнөнү таануу, жаңы аймактарды ачуу, соода – сатык, дипломатиялык, аскердик, диний ж.б.). Саякатчылар ошол барган жерде кандайдыр бир шарттардын болушуна муктаж болушкан. Мисалы: тамак аш, жаткан жайы жана жергиликтүү калктын жасаган мамилеси.

Эң биринчи туризм ишканасынын индустриясы болуп – таверналар эсептелинген. Илгерки Грецияда Олимпиядалык оюндар өткөрүлүп, спорттук туризм пайда болгон. Чыгыш өлкөлөрүндө соода өнүгүп, элдер каравандар менен саякат кылышкан. Ортоңку кылымдарда диний туризм абдан өнүккөн десек болот. Анткени, христиандар менен мусулмандар ыйык деп саналган жерлерге барышкан. 19 – 20 – кылымдарда өнөр жайдын өнүгүшү менен массалык туризмдин өнүгүшүнө алып келген.

Кыргызстандын туризм тармагы

Азыркы убакта туризм Кыргызстанда жаңы эле өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Кыргызстан – Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, адам суктанаарлык кооз жаратылышы, асман тиреген тоолору, керемет Ысык-Көлү туризм тармагынын келечегине негиз болуп берчүдөй. Туризм келечекте өлкөбүздүн экономикасынын бирден бир кирешелүү тармагына айланышына негиз бар. Бирок, ал үчүн дүйнөлүк стандартка жооп бере турган инфраструктуранын деңгээлин камсыз кылуу зарыл. Эл дагы туризмдин маани-маңызын түшүнүп калды. Жайкы эс алуу мезгилинде ысык-көлдүктөр туристтерди кабыл алуу менен киреше таап, үй бүлөсүн багып жатат. Алар 2-3 айда тапкан акчалары менен бир жыл жашашат.

Биздин өлкөдө туризмдин баардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз бар. Ысык – Көлдө эс алуу туризми калыптанып келатат. Асман тиреген бийик тоолорубуз альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу. Аңчылыкты да уюштуруп, чет өлкөдөн келген туристерди  өзүбүзгө тартсак болот. Экологиялык туризмге да көңүл буруу керек. Кээ бир чет өлкөлүктөр тоолорго чыгып, кооз жерлерде болуп, ат минип, сүт ичип табияттын кереметине суктанганды артык көрүшөт. Бул үчүн тоолорго барчу жолдорду да оңдоо керек. Деги эле Кыргызстандын жолдорун оңдоп, тейлөө тармагын жакшыртуу зарыл.

Туризмдин өнүгүшүнө тоскоол болгон көйгөйлөр

Өлкөбүздөгү бюрократия, коррупция, банк системасынын чабалдыгы, мыйзамдарыбыздын чийкилиги туризмдин өнүгүшүнө абдан бут тосуп жатат. Биздин өлкө Улуу жибек жолунун боюнда жайгашкандыктан, жергебиздин кооз табияты дагы чет мамлекеттик атуулдардын келишине өбөлгө түзүүдө. Бир эле Кыргызстанга келбестен, Борбор Азияны көрүүгө дилгир болуп келишет. Өлкөбүздөгү тейлөө тармагынын ылдыйкы деңгээлдиги жана ал азыркы шартка жооп бербегендиги туризмдин өнүгүшүнө тоскоол болуп келет. Дагы кемчиликтердин катарына өлкөбүздүн авиа компаниясынын бечелдиги, жолдорубуздун начардыгы, телефон коммуникация байланыш каражаттарынын учур талабына жооп бербегендигин кошууга болот.

Жапониядагы жер титирөө дүйнөлүк абалга кандай таасир тийгизет?
Written by Асель Шабданова, Wednesday, 16 Mar, 2011 – 6:28 | No Comment

Башка бирөөнүн көйгөйү бизге  түздөн туз таасир бербесе, боор ооругандан башка сезимдерди козгобойт. Бирок, Жапониядагы  1920-жылдан бери болуп көрбөгөндөй кырсык, дүйнөдөгү мамлекеттердин тынчын алды. Башынан баштасам, 11-марттагы Жапониянын түштук-чыгышындагы Рихтер шкаласы боюнча 8.5-9 баллга жеткен жер титирөө ири цунаминин козголтуучусу болду. Азыркы маалда башка мамлекеттердин жана Жапониянын адистери жаратылыш кырсыктары качан токтоорун жана дүйнөлүк экономикага, экологияга кандай таасир тийгизээрин божомолдоп жатышат.

Глобалдык экономиканын жаңылануусуна таасири

Глобалдык экономикадагы маанисин эске алганда, жер титирөөнун айынан экспорттун токтотулушу башка өлкөдөгү компанияларга, аргасыз терс таасир тийгизет.

Бирок, америкалык компания “Commodore Research” башчысы Джеффри Ландсберг белгилеп кеткендей, “дүйнөлүк экономиканын коз карашынан алганда, жер титирөөнүң терс таасири тез арада жок болот”. Ал эми,  “Мудис” компаниясынын экономисти Альфредо Коутиньо: ” Калыбына келүү процесси, жана материалдардагы керектик глобалдык  сооданы өөрчүтүүгө кандайдыр бир дңгээлде түртү болот”.

Экологиялык паника

Фукусима АЭС станциясынын бөлүктөрүнүн жаралышы, жашоого коркунуч түзгөн ( Эл аралык ядердик окуялар шкаласы боюнча) 6 -деңгээлге жетти, ал эми норманы, Киодо маалымат агенттиги билдирген боюнча, миң эсе ашты. Салыштырма үчүн, Чернобыль авариясына 7-деңгээли берилген. Франция жана Германия мамлекеттери атомдук станцияларды иштен чыгарууга митингдерге чыгып жатышат. Азыркы учурда, радиацияны жок кылуу процесси Фукусима-1де жүргүзүлүп жатат.  Акыркы билдирүүлөр боюнча, Фукусима ж.б. АЭСтердин жарылса, баардык планетага оңор эмес терс таасир тийгизет.

Жердин ортоңку огу 17 см ге жылды. Эми жер тезирээк айланып, күн 1.8 микросекундага кыскарды.

Нефть жана темирдин баасынын арзандашы

Нефть импортер катары Жапония дүйнөдө 3-орунду ээлейт.  Ал эми жер титирөө нефтти иштетип чыгаруучу жасалгаларды бузгандан кийин, Жапония нефть сырьесун азыраак сатып ала баштады, жемек баасы да төмөндөдү. 11 мартта Нью-Йорктук биржада жумада биринчи жолу 1 баррель үчүн  100 доллардан төмөң түздү.

Нью-Йорктук товардык биржанын трейдери айтканы боюнча, Жапониядагы катуу жер титирөө нефттин арзандашына алып келет, бирок, бул тез өтчү көрүнүш болот. Себеби, жаратылыш кырсыктарында,  сырьего баа башында төмөндөйт, ал эми мамлекеттин өзүнө келээринен баштап. кайра көтөрүлө баштайт, себеби сурам жогорулайт.

Read the full story »

Кыргызстан качан байыйт?
Written by Нурила Батыралиева, Wednesday, 2 Feb, 2011 – 12:33 | No Comment

Кыргызстандын эгемендигине мына быйыл буюрса 20 жыл толот. Бул жыл кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени ата-бабалар кылымдар бою эңсеп келген эгемендик майрамынын тегерек датасы. Кыргызстандын көптөгөн маанилүү маселелеринин түп-тамырында бир канча факторлор жатат. Бирок ошол факторлордун жанында эң маанилүү болгон өлкөнүн экономикалык абалы ролу өтө чоң. Кыргызстандын экономикасы учурда кандай абалда жана мамлекетибиздин бул жааттагы саясаты кандай болуп келген, ошондой эле элибиздин жакшы турмуш куруп кетишине азыркы экономикабыз шарт түзүп бере алабы деген суроолор ар бирибизди ойлонтпой койбосо керек?

Бул суроолорго жооп табыш үчүн учурдагы маселелерге көп кырдуу карашыбыз керек, анткени мамлекетибиздин экономикасына төмөнкүдөй түрдүү факторлор таасирин тийгизип турат: элдин аң-сезими, мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгү, түзүлүшү жана тутунган идеологиясы, үрп-адаттары, салт-санаасы, тарыхы ж.б. Кыргызстанда 70 жыл коммунизмдин өкүм сүрүшү, ал доордогу пландоо экономикасы жана Совет доорунун саясаты кыргызстандыктардын жашоосуна таасирин, албетте, тийгизбей койгон жок. Кыргызстандын пландоо экономикасынан базар экономикасына, коммунисттик идеологиядан демократиялык баалуулуктарга бир учурда өтүү муктаждыгы элге чоң кыйынчылыктарды туудурду. Эгемендүүлүктүн баркына дагы эле жете албай жүргөндөйбүз.  Азыркы учурга чейин улуттук көз карандысыз экономика кура албай келе жатабыз.
Экономика – бир мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн пайдубалы. Экономикабыздын акыбалы начар болгондуктан, биз башка мамлекеттерге жана ар түрдүү күчтөрдүн таасири астында калып эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу алдында турабыз. Алгач барар багытыбызды так белгилеп албасак, эртең эле мамлекетибизди кайра реформалоого туура келет.

Бардык саясатчылар мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү керектигин айтышат. Экономиканы өнүктүрүү деген эмне? Эгер жөнөкөй тил менен айтсак, элдин жашоо деңгээлинин жогорулашы – бул экономиканын өсүшү болуп эсептелет. Эл бай болсо, мамлекет дагы бай болот. Демек, мамлекет элди байытууга аракет жасап, бул жаатта элдин акча табуусуна шарт түзүп бериши абзел. Кыргызстандык саясатчылардын дээрлик көпчүлүгү эскиче ойлонуп, эски методдор менен иштеп келе жатышат. Көпчүлүгүнүн мамлекетти өнүктүрүү жаатында көрөгөчтүгү, стратегиялары жана программалары жок. Азыркы учурда колдонгон программаларын коңшулаш мамлекеттерден көчүрүп алгандыгы жөнүндө көп сын пикирлер айтылып келет.

Кыргызстандын акча табуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолдору:
Биринчиден, Кыргызстан кайсыл тармактарда мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин аныктап алуубуз зарыл. Адистердин изилдѳѳсүндѳ, булар – адамдык ресурстар, кооз табигат жана кен байлыктар. 21 кылымдын экономикасы маалымат технологияларына таянат. Маалыматка жетүү, аны туура колдонуу жана сата билүү бир гана билим аркылуу болот. Бул доордо экономикага кен байлыктардан дагы көп киреше алып келе турган ресурс – бул адам ресурстары болуп калды.. Эгер университеттерге талап көп, сунуш аз болсо, анда базар экономикасы бул маселени дагы жөнгө салып коёт, анткени менчик университеттер көп ачыла баштайт. Жакшы иштеп кете алган мамлекеттик университеттерге илимий изилдөөнү замандын талабына ылайык жүргүзүү үчүн чоң каражаттарды өкмөт бөлүп бериши керек. Өнүккөн мамлекеттердин университеттеринин илимий борборлорунда 21-кылымдын экономикасын түптөй турган ачылыштарды жасап, өлкөнү өнүктүргөнгө эн чоң салымын салышат.
Эгер билим берүү тармагын өнүктүрүп алсак, башка мамлекеттерден келген студенттер дагы акча төлөп окушмак. Англияга, Сингапурга окшогон мамлекеттерде тыштан келип окуган студенттер мамлекеттин казынасына чоң пайда алып келишет. Атаандаш билим берүү системасын куруп алсак, Африка жана Азиядан көп студенттер бизге умтулмак, анткени биздин меймандос элибиз, жагымдуу климатыбыз жана арзан жашоо стандарттарыбыз коңшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу ыңгайлуу.
Кооз табигатыбыз болуп туруп, туризмди өнүктүрө албай келе жатабыз. Бул тармакта эң чоң маселелерден төмөнкүлөрү көзгө көрүнбөй койбойт: саясий стабилдүүлүктүн жоктугу; инфраструктуранын начардыгы; заманбап талапка ылайык сервистин жоктугу; аба каттамдардын аздыгы жана кымбаттыгы; дүйнөгө табигый кооздуктарыбызды даңазалаган жарнактарды чыгара албагандыгыбыз ж.б. Айтылып өткөн себептердин көбү саясий эрк жана атаандаштыкты түзүүнү гана талап кылат.
Кен байлыктарыбыз көп болгону анык, бирок ал кен байлыктарды чыгарып, иштетип сатуу өтө чоң кыйынчылыктарга турат жана көптөгөн каражаттарды талап кылат эмеспи. Кыргызстандын азырынча өзүнүн мүмкүнчүлүгү жок. Өзүбүз чыгара албагандан кийин тышкы инвесторлорду бул тармактан качырбай аларга шарт түзүп беришибиз керек. Мамлекеттик кирешелердин 50 пайыздан көбүн Кумтөр компаниясы берип келет. Эгер бул тармакка тышкы инвестор келбегенде биздин кен байлыктар дагы эле жердин алдында элге кызмат кылбай жата бермек.
Мамлекеттин кирешеси салыктар аркылуу келерин билебиз. Ишкерлер көп салык төлөш үчүн, көп акча табуулары зарыл. Демек, мамлекет ишкерлердин жүгүн жеңилдетип, аларды колдоп өстүрүп туруусу керек. Ишкерлер чоңойгон сайын, салыктар менен бирге жумуш орундары дагы көбөйөт. Ааламдашуу процесстери жүрүп жаткан кезде мамлекет өзүнүн гана ичинде эмес, керек болсо башка өлкөлөрдө дагы өзүнүн ишкерлерине акча табуулары үчүн шарттарды түзүп бериши тийиш.

Жыйынтыктоо
Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүү боюнча так саясат болбогондугу ачык-айкын көрүнүп турат. Ал Биздин ушуга чейин иштеп чыккан экономикалык стратегияларыбызда декларативдүү айтылганы менен, эң приоритеттүү тармактарга басым жасалганы көрүнбөй турат. Мамлекеттик органдар жана ишканалар эффективдүү иштей албаганы менен бирге, инвестиция алынып келе турган мейкиндик жана ишкерлердин өнүгүп-өсүшүнө шарт түзө албады. Башкача айтканда, чет өлкөлөрдөн алган карыздардын эсебинен жашап келе жатабыз.
Мындай шарттарда экономикабызга көңүл бурбасак, мамлекеттүүлүктү сактап калуубуз күмөн. Мамлекетибиздин коопсуздугу экономика менен түздөн-түз байланышта, себеби күч структураларыбызды жакшы каржылаш үчүн, мыкты экономикабыз болушу зарыл. Кайсыл тармакты гана алып карабайлы, бүт тармактар келип каражатка такалат. Өткөн эки ыңкылап дагы элдин материалдык жагдайынын начарлап кеткенинен улам келип чыкты десек болот. Элибиздин аң-сезими базар экономикасына даяр болуп калды, бирок мамлекеттик органдар жана ишканалар бийликтин саясий эрктүүлүгү жоктугунан базар экономикасынын талабына ылайык иштебей келе жатат. Максаттар так коюлуп,  толугу менен ал максаттардын орундалышы үчүн иштеши зарыл.

Read the full story »

Кыргызстандагы Салыктардан Боштондук Күнү
Written by Мирсулжан Намазалиев, Friday, 26 Nov, 2010 – 10:12 | No Comment

Өкмѳт ѳзүнүн ишин салык тѳлѳѳчүлѳрдүн эсебинен жүргүзүп келет. Өкмѳттүн ишин толук камсыздандыруу үчүн салык тѳлѳѳчүлѳр бир жылда канча күн иштеши керек? Бүт салыктарды тѳлѳп берүү үчүн жарандар канча күн иштешти? Ушул суроолорго быйыл биринчи жолу Кыргызстанда Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту тарабынан жарыяланган «Салыктардан Боштондук Күнү» жооп берет.

2009-жылы Кыргызстандыктардын кирешеси 150,3 млрд. сомду түздү. Жарандар менен мекемелердин салык тѳлѳмдѳрү 33,7 млрд.сомду түзгөн. 2009-жылдын 138-күнү (18 май) Салыктардан Боштондук Күн деп аныкталды. Башкача айтканда, эмгекке жарамдуу кыргызстандыктар өкмөт үчүн бир жылдын 138 күнүн (38%) иштешет. Read the full story »