Articles tagged with: CAFMI
Ар бир жаш улан укук коргоо органдарында иштегиси келет, себеби ал жерде иштөө – бул чоң сыймык, айлана-чөйрөңдө кадыр-баркка ээ болосун, мындан тышкары эффективдүү аткарылган жумуш үчүн айлык акынын үстүнө кошулган сыйлык акы да аласың. ИИМге калк тарабынан болгон ишеним 70% ашык. Автоунаалардын ээлери эшиктерин ачык калтыргандан коркушпайт. Түн ичинде шаардын көчөлөрүндө сейилдөө – коопсуз. Көчөлөрдө видеокамералары орнотулган күзөт унаалары менен кетип бара жаткан, дайым жылмайган ИИМдин кызматкерлери – чоң бир ишенимди жаратышат.
Бул баяндама сиздин кулагыңызга жат угулуп атабы? Мындай нерселер мүмкүн эмес дейсизби? Оюмча, мүмкүн. Жогоруда айтылып өткөн фактынын баары окурманга жакканы, мунун өзү Ички Иштер Министрлигиндеги (ИИМ) абалды өзгөртүү муктаждыгын көрсөтүп турат. Мунун баардыгын өз орду менен түшүндүрүп берүү үчүн жөнөкөй 6 суроого жооп берсек.
Анда эмесе, биринчи суроо “Эмнеге?”. Кандайдыр бир нерсе жасаардан мурун, жасала турган иштин көйгөйүн аныктап алсак туура болчудай. Мисалы, эмнеге айдоочу өзүнүн унаасынын дөңгөлөгүн алмаштырат? Себеби алдыда кыш жакындап келе жатат, ал эми дөңгөлөктүн шиналарынын эскилиги жетип калды. “Эски” шиналар менен унааны айдап жүрүш – бул жашоого өтө кооптуу, анткени ар кандай күтүүсүз жол кырсыктарына алып келиши мүмкүн. Эмне үчүн ИИМди реформалашыбыз керек? Бүгүнкү күндө укук коргоо системасы кандай абалда экенин, баардыгыбыз беш колдой билебиз. Реформаларга эксперттик топтор, бул министрликте иштеген кызматкерлердин кай бирөөлөрү да кызыкдар, анткени алар бул системанын ички көйгөйлөрүн жакшы билишет. Мунун чындыгын коопсуздук боюнча эксперт, Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Равшан Абдукаримов ырастап келет. Бир гана эксперттер эмес, жада калса карапайым калк да милициянын көйгөйлөрүнөн беш колундай санап берет. Эл аралык Республикалык Институт тарабынан өткөрүлгөн акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгына көз салсак, Кыргызстандын жарандары коррупцияга белчесинен баткан түзүмдөрдүн бири – ИИМ деп эсептешкен. Калктын 95% милицияны паракор катары баалашат экен. Жарандык коомдун ой-пикирин чагылдырган, ИИМди реформалоо боюнча альтернативдик концепция төмөнкүнү билдирет: “жарандар погон тагынган адамдардан коркушат, милицияга болгон калктын ишеними өтө төмөн, ал эми ички иштер органдарында болгон коррупция жөнүндө бир гана жалкоо гана айтпайт”. Мына, өзүңөр айткылачы эми, биздин “унаалардагы” шиналарды алмаштыруу зарылбы? Талашсыз!
Коомчулуктун кароосуна өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору сунушталды. Жаңы долбоор өкмөттүн ишин оптималдаштырабы же кезектеги пайдасыз өзгөртүү катары кала береби?
Жаңы долбоордо министрлик статусундагы 5 мекеме алынып салынды:
- Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги
- Табигый ресурстар министрлиги
- Социалдык коргоо министрлиги
- Мамлекеттик мүлк министрлиги
- Суу чарбачылыгы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети
Алынып салынган министрликтердин милдеттери башка мекемелерге өткөрүлдү. Натыйжада 20 министрликтен 15 министрлик калат. Алынып салынган министрликтер эффективдүү иштебегендигин жана алардын министрлик статусу акталбаганын буга чейинки тажрыйбалар далилдеди.
Алынып салынган министрликтердин кызматкерлери жана бул министрликтерге тиешеси бар мекемеуюмдар бул долбоорго каршы чыгып жатышат. Белгилей кетсек, 5 министрликтин милдеттерин башка мекемелерге өткөрүп берүү жоюлган мекемелердин милдеттерин аткарууга таасирин тийгизбейт.
Эффективдүү эмес министрликтерди жоюп салуу жана өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу аракети колдоого алаарлык иш. Бирок эффективдүү эмес мекемелердин тизмеси дагы деле ачык, сунушталган өкмөттүн түзүмү көлөмдүү бойдон калып жатат. Бул оптималдаштыруу процессинин башталышы экенинен үмүт бар.
Маданият министрлигине туризм тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттерин өткөрүп берүү бир катар суроолорду пайда кылат. Экономика тармагын маданият менен алектенген мекемеге өткөрүп берүүнүн эмнеги кереги бар? Маданият министрлигин агенттикке которуш керек, анткени анын министрлик статусу өтө бийик жана өзүн актаган эмес. Жаңы түзүмдө Жаштар министрлиги калды. Ал эми анын түзүлүшү өз убагында популисттик кадам болгон.
Жаңы түзүм профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясын камсыз кылат деген божомол бар. 6 мекеменин инспекциялык жана көзөмөл милдеттери Мамлекеттик техникалык инспекциясында бириктирилген. Тамак-аш жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында башка мекемелердин инспекциялык милдеттери бириктирилет. Профилдик мекемелерде милдеттердин консолидациясы – жакшы тенденция, бирок бул мекемелерге милдеттерди өткөрүү менен коррупциялык агымдар көбөйүшү мүмкүн деген коркунучтар бар.
Экономиканын өнүгүшүнүн жоопкерчилигин персонификациялоо менен премьер-министр башында туруп, аны бүткүл өкмөткө өткөрүп бериши керек. Мүмкүн, 4 вице-премьер-министрдин болушу саясий максат менен керек болгондур.
Грузиядагы полиция реформалары тууралуу эң алгачкы кыргыз тилиндеги видеопрограмма. Ал Азаттык+ жана Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту (CAFMI) тарабынан тартылып, жана АКШ элчилигинин алдындагы демократиялык комиссия тарабынан каржыланган. Пикириңерди дал ушул жерге жаза берсеңер болот:
Акыркы маалда жеке менчикти сактоо, улутташтыруу жана рейддик операциялар сыяктуу көптөгөн көйгөйлөр биринен бири ашып, өлкөбүздү каптай баштады. Андыктан, бул макалада Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту кантип жеке менчикти сактоо керек экендиги тууралуу өз пикирин билдирет.
Жеке менчикке ээ болуу, колдонуу жана аны күндөн күнгө арттыруу базар экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп саналат, себеби азыркы жашоодо инновациялар жана инвестициялар жеке менчиксиз мүмкүн болмок эмес. Жеке менчик анын ээсинин тегерегинде өзгөчө эркиндик мейкиндигин жаратат. Ал мамлекет кийлигишпөөдөн пайда болгон эркиндик. Андан тышкары бир жеке менчикке ээ болгон киши менен экинчисинин ортосундагы мамилелердин чектерин аныктап турат. Ошентип жеке менчик адамдын коомдук активдүүлүгүнүн бардык түрүнүн шарты болуп калат. Менчик системасында мыйзамдын өкүмдүгү да чоң ролду ойнойт. Мыйзам менчикке болгон укуктардын коопсуздугун камсыз кылат, коммерциялык чечимдерди кабыл алууда жеке жана юридикалык тараптарда ишенимди жаратат жана узак мөөнөттүү пландаштырууга жана кирешелердин коопсуздугуна кепилдик түзөт.
Көйгөйлөр
Азыркы учурда жеке менчикке болгон укук Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын укуктук колдоосуна ээ болгон. Бирок ошол эле убакта жеке менчик институту ушул күндөргө чейин көпчүлүктүн урматына жана колдоосуна ээ боло албагандыгы үчүн өнүкпөй келет. Буга көптөгөн эл аралык иликтөөлөр күбө болуп келет. Мисалы Кыргызстан IPRIдын көрсөткүчү боюнча 125 орундан 97-орунда турат. Heritage Foundation аттуу уюмдун тыянагы боюнча жеке менчикке болгон укукту коргоодо Кыргызстан 100 упайдан 25 гана упай алган. Азыркы учурда Кыргызстанда жеке менчик жааты эбегейсиз кыйынчылыктарга дуушар болуп турган кези. Биздин оюбузча жеке менчик институнун өнүгүүсүнө тоскол болуп жаткан негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр:
- Жеке менчиктен себепсиз айырылып калуу мүмкүнчүлүгү;
- Интеллектуалдык менчикке болгон укуктун бузулушу;
- Көз карандысыз сот бийлигинин жоктугу.
1. Менчиктен себепсиз айрылып калуу мүмкүнчүлүгү
2010-жылдын 27-июнунда референдумда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынган. Мурдагы Конституциядай эле, жаңы Конституцияда да менчикке болгон кол тийбестик жөнүндөгү жобо орун алган. Жободо эч ким мүлкүнөн себепсиз ажырап кала албайт жана мүлккө болгон укуктан ажыратуу соттун гана чечими менен ишке ашырылат деп жазылган. Ошол эле учурда жаңы Конституцияда мүлктөн ажыратуунун төмөндөгү жоболору айтылган:
- Улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, калктын саламаттыгын сактоо жана башка жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо максатында, мыйзам тарабынан каралган учурларда соттун чечимисиз мүлкүнөн ажыратуу. Мындай учурда айтылган иш аракеттин мыйзамдуулугу сот тарабынан сөзсүз түрдө каралышы шарт;
- Мүлктүн баасын жана тартып алуудагы болгон башка чыгымдарды төлөп берүүнү алдын ала адилетүү камсыз кылып, соттун чечими менен мыйзамда каралган коомдук зарылчылыктар үчүн мүлктү алып коюу;
- Мүлктүн баасын жана башка чыгымдарды төлөп берүү тууралуу мыйзамдын негизинде ишке ашырылган жарандардын же юридикалык тараптардын мүлкү болуп саналган мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү (улутташтыруу).
Алгач жогоруда айтылган жоболордун али чийки экендигин белгилей кетели. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун, адеп-ахлагын, башка жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында деген шылтоо менен соттун чечими чыкпай туруп мүлктү алып коюу өтө эле аша чапкан негиз. Ушул эле негизге таянып мүлктү компенсация төлөп бербей эле алып коюуга да жол ачылат. Ушундай учурлар мыйзамда кандайча чечилээри түшүнүксүз: бул иш атайын мыйзамдарда каралгандай мүлктү тартып алуунун жалпы эрежелери менен жүргүзүлөбү же ушундай ар бир объект боюнча өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен ишке ашабы? Мүлктү тартып алуунун мыйзамдуулугун сот кандайча тартипте териштире турган процедурасы да анча айкын эмес: мындай териштирүү алдын ала болуш керекпи же улантылып иштеп туруш керекпи, ушундай иштер кайсы процессуалдык нормалардын негизинде жүрүшү керек жана натыйжада кандай соттук актылар чыгарылышы керек.
Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү боюнча биринчи сурактын жыйынтыктарын ушул документте жарыялайт. Бул сурак 2010 жылдын декабрь айында өткөрүлгөн жана алдыӊкы компаниялардын экономикалык адистеринин, директорлорунун ой-пикирлеринде негизделген. Ал катышуучулардын берген бааларын расмий статистика менен салыштырат жана алардын негизги айырмаларын көрсөтөт.
Сурактын негизги максаттары:
- Кыргызстандын экономикалык абалын базардын катышуучулары тарабынан берилген баалар жана күтүүлөр аркылуу аныктоо
- Ушул бааларга жана күтүүлөргө таасирин тийгизген факторлорун талдоо
Бул сурак экономиканын ар бир тармагын көрсөтпөйт. Биздин максатыбыз алдыӊкы компаниялардын экономикалык адистерин суроо менен жалпы экономикалык абалды аныктаган көрсөткүчтөрүн таап чыгуу.
CAFMIнин сурагы менен расмий статистиканын негизги үч айырмалары:
- Биринчиден, CAFMIнин сурагында катышуучулар өздөрүнүн жалпы маалыматтарын беришет. Кыргызстандын расмий институттары ишмердик тармактарынан маалымат жыйнап, статистикалык жолдор менен жалпылайт.
- Экинчиден, CAFMIнин сурагы экономиканын катышуучуларынын базар процесстерине берилген бааларына көз каранды.
- Үчүнчүдөн, бизнес ишмердигин пландаштырууда кереги тийүүчү көрсөткүчтөрдү CAFMI тандап алган.
Акырында, CAFMIнин сурагынын жыйынтыктары өзгөчө, актуалдуу жана ачык. Ушул айырмалар менен сурактын жыйынтыктары ишмердикке, массалык маалымат каражаттарына жана калган кызыкдар адамдарга чоӊ практикалык жардамы тийет деп ишенебиз.
Сурактын жыйынтыктары
I. Тенденциялар
| № | 2010ж Тенденциялары | Көпчүлүк катышуучулардын баа берүүсү |
| 1. | Ишмердик активдүүлүгү | ↓ |
| 2. | Экономиканы жана ишмердикти тескөөнүн (регуляция) деӊгээли | Өзгөрүү жок → |
| 3. | Элдин сатып алуу шыктуулугу | ↓ |
| 4. | Экономикага ишенүү деӊгээли | ↓ |
| 5. | Бир жумуш орунга болгон атаандаштыктын саны | ↑ |
Жаңы 2011 жылды кайсы бир деңгээлде реформалардын жылы деп айтып башташты. Андыктан, Борбор Азиядагы Эркин Базар Институту өзүнүн 11 тармак боюнча реформалоо идеяларын жазып чыгып, азыркы учурда кеңири калкка жайылтуу иш аракеттерин жасап жатат. Алардын арасындагы негизги тармактардын бири болуп сөз эркиндигин коргоо маселеси көтөрүлүп чыкты. Бул сунуштарды жазууда мага Медиа Полиси Институтунун директору Бегаим Усенова жардам берди. Анда эмесе, ММКларды реформалоо кандай болуусу абзел экендигин билгиңиз келсе, төмөнкү макаланы сөзсүз окуңуз!
МАКСАТЫ:
Сөз эркиндиги – бул цензурасыз жана чектөөсүз сүйлөөнүн белгиси. Ой-пикирлерди эркин алмашуу адамдын эң баалуу укугу. Эркин массалык маалымат каражаттарын (ММК) жана Интернетти өнүктүрүү Кыргызстанда саясий системалардын ийкемдүү болуусуна жана адамдын өзүн өзү өнүктүрүүсүнө чоң салым кошот.
КӨЙГӨЙ:
Кыргызстанда демократиялык өлкө куруу үмүтү ишеничти актабай, тетиричинче эркин басма сөздү чектөө менен авторитардык бийликти чыңдоого алып келди. 2010- жылдын апрель айында бийлик алмашып, Убактылуу Өкмөт эркин басма сөздүн жалпыга таандык принциптерин өнүктүрүүгө ынтызар экендигин билдирди.
Өлкөбүздө сергек стимулдардын жоктугунан көптөгөн көйгөйлөр көз карандысыз медиа чөйрөсүнө бут тосууда[1]. Алардын ичинен биринчи кезектегилерин атай турган болсок:
- Каттоодон өтүү, радиожыштык жана лицензия берүүдө уруксат документтерин алуудагы административдик тоскоолдуктар. Электрондук массалык маалымат каражаттары үчүн лицензия алуу радиожыштык спектрларын колдонуу үчүн сөзсүз түрдөгү шарт. Ар бир иш чарага өз-өзүнчө лицензия берилет. Андан сырткары, ММКнын ээси радиожыштык спектрин чыгаруу, жыштык таратуучу аппараттарды колдонуу укугу, радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы жабдууларды ташып киргизүүгө да бир топ уруксаттарды алуусу зарыл. Жыштыктарды берүү иши да ачык-айкын эмес. Андан сырткары, канча жыштык бар экендиги, жыштык алууну каалоочулардын статусу жана аны канча мөөнөттө бере турган убактысы жөнүндө да толук маалымат жок. Лицензияны токтотуп же кайра алып коюу механизмдери да кооптондурат. “ММК жөнүндөгү” мыйзамда дагы деле, бардык коммерциялык эмес мекемелерден ММКны түзүүгө бир гана коомдук бирикмелерге укук берилген да, мындай укуктан фонд, башка коммерциялык эмес мекемелер куру жалак калган. Мыйзам ошондой эле башка өлкөнүн жаранына ММК негиздөөгө тыюу салат.
- ТВ жана радионун ишин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасыз аракеттери. 2008-жылы телекөрсөтүү жана радиоберүүлөр тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Анын 8-беренеси айрыкча телерадиоберүүлөргө коркунуч жаратат. Ал беренеде төмөнкүдөй шарттар коюлган: ар бир компания өз берүүлөрүнүн толук убактысынын жарымынан көбү мамлекеттик кыргыз тилинде болуусу шарт, өз продукциясы 50%дан аз болбошу керек, жана 60% дан кем эмеси улуттук аудиовидео продукт же Кыргыз Республикасынын авторуна жана аткаруучусуна таандык музыкалык чыгармалар болушу керектигин белгилеген. Компаниялар азыркы өнүгүү баскычында мамлекеттик бул тоскоолдукту аркалай алышпайт.
- Соттошуу учурларында журналисттерди коргоо жана жетиштүү коопсуздук кейпилдигинин жоктугу. Кыргызстандын мыйзамында ушактоо жана “кадыр-баркын мазактоо”, б.а. диффамация кылмыш болуп саналат (Жаңы Конституциядан диффамация жокко чыгарылган). Журналисттерге каршы козголгон ушундай кылмыш иштеринде сотто жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү аябай аз. Журналисттер ошондой эле белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылып калуу коркунучун эске алып, тилин тарта сүйлөөгө же абайлап жазып, өзүн өзү чектөөгө аргасыз.
- Эркин интернетке болгон чабуулдар. 2000-жылдан баштап, интернетти мамлекеттик жөндөп турууга бир нече аракеттер жасалган. 2000-ж. жана 2008-ж. өкмөт жана парламент интернетти ММКга теңөөгө аракет жасашкан. Ал гана эмес, байланыш операторлорунун тармагына оперативдик- иликтөө иш чараларынын системасына (СОРМ) киргизүү жана кыргызстандыктардын башка өлкөлөрдүн веб-ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүктөрүн чектөө демилгеси козголгон. Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кысымы менен бул пункттар мыйзам долбоорунда кайра каралган. Бул Кыргызстанда эркин басма сөз жаатындагы чоң жеңиш болгон, бирок бул жеңиш түбөлүк эмес. Анткени саясатка аралашкан ар түрдүү саясатчылар каалаган убакта мыйзамды өзгөртүүгө демилгечи болуп чыгып, интернет колдонуучулардын укуктары тебеленип калышы мүмкүн.
- Бюджеттен каржыланган ММКлардын көз карандылыгы. Коомдук телерадиокорпорациясын (КТРК) жана ЭлТРди реформалоо өзөктүү маселе, себеби коомдук телеге айлантуу аракетине карабай, алар дагы деле мамлекеттен ири өлчөмдө каржыланат жана дагы деле бийлик өкүлдөрүнө көз каранды. ЭлТР «Коомдук телекөрсөтүү» болуп саналганы менен анын Байкоочулар кеңеши жана Башкы директору КРнын Президентинин буйругу менен дайындалат. Каржылоо мамлекеттик бюджеттен ишке ашып жаткан соң, жогорку саясий көз карандылык сакталууда. Мамлекеттик жана муниципалдык администрациялар негиздеген «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу», “Эркин Тоо” басма үйлөрү (редакциялары) жана областык, шаардык, райондук гезит редакциялары бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик жана муниципалдык каржылоодо келатат, ал эми ошол гезиттер бюджеттик мекемелердин, ал турмак мектеп жана бала бакча кызматкерлерине зордуктап сатуу менен ишке ашууда.
- “Пирамида” жана “5-канал” телекөрсөтүүлөрүн улутташтырылыгы, жана жеке менчикке берүүдөгү ачык-айкындыктын жоктугу. Ага карабай, бүгүнкү күнгө чейин аларды улутташтыруунун жана андан кийин менчик колго берүүнүн юридикалык негиздери белгисиз.



Акыркы пикирлер